Жарыялаган конкурска кызуу катышайын,
Акындар болсо жазма түрүндө айтышайын.
Күчүмдү сынап билекти түрүп жеңден өйдө,
Ээрге минип атымды чабып жарышайын.
Кудайым буйруп байгеңди эгер утуп алсам,
Балдарың менен кобурап пикир алышайын.
Суперстандагы Фекусь деген мен болом деп,
Кеңсеңе барып кеңири отуруп таанышайын.
_______________________________________________________________________________-
Сыдырып көптү сыгасың сырдын далайын,
Кыдырып дүйнө аралап тоо-таш арасын.
Белиңди таңып, барасың кай жер болбосун,
Аныгын билип, ажыратууга карасын.
Жашоонун муздак желинен катуу шамалдап,
Кокустан ооруп калганга дары табасың.
Бул дегеним не?.... –кеңешиң берип чын дилден,
Көңүл жубатып көөдөндөн орун аласың.
Пенденин тайкы тагдырын узун кеп кылып,
Түз жолго баштап, жаштарды ойго саласың.
Атыңды туу тут, затыңа улуу күч берсин,
Көк тиреп учсун талыкпай узун канатың.
Кайчылаш жолдо кысылсаң “Супер” мага кел,
Калкалап алар кучагын жаят фанатың.
__________________________________________________________________________
Жашылы сенсиң гүлдөгөн жашыл бактардын,
Узуну сенсиң сынбаган жап-жаш шактардын.
Сый урмат кылаар-досторго кошкон адамды,
Сый менен сен да талабын так-так аткаргын.
Көңүлүң ачык жашагын узак жылдарга,
Далайын тозуп, тамшанткан таза ак таңдын.
Эмгегин эми жар салгын жамы-журтуңа.
Түйшүгүңөн очкарик болгон атаңдын.
_______________________________________________________________________-
Кам көрүп дайым сүйгөндөй зайып жарына,
Эмгегин кылды жамаатың баары жабыла.
Жаш-талдын шагын кажыбасын деп кайберен,
Кайтарып кез-кез жолотпой душман жаныңа.
Ийилген терек бутагын жайып тал болду,
Жаштыгың эсте кайрылып бала-чагыңа.
Аскалуу жерден этектей чаңын тебелеп,
Тайсаң да турдуң чаң болгон колуң кагына.
Өжөрлүк менен жүрөктөн таптың баш паанек,
Ыктадың жана көңүлдүн борбор жагына.
Туулган күнүңө багыштап сулуу сөз терип,
Барайын мен да гүл мончок кылып тагына.
Көөдөнүм көңдөй сыяктанат го бир ар күн,
Баш бакпай калсам “суперстан” деген багыңа.
___________________________________________________________________________________
Кааларым сага күч-кубат, бекем ден-соолук,
Жүрө бер дайым калкына күчтүү дем болуп.
Арзуусун угуп, жүрөккө терең сиңирген,
Кучагың кулач, кол жеткис терең, кең болуп.
Түгөнбөй сыяң түбөлүк жуксун кагазга,
Түтөтпөй отко сактаган сени мен болуп.
Журойун дайым даңазалап ыр менен,
Күлкү шаңга, кубанычыңа тең болуп.
Билдирүүнү түзөткөн: Fekus: 29 Май 2012 - 10:45