Суперстан: Гүлнур Сатылганова Суперстанда! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • > Атактуулар Суперстанда
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Гүлнур Сатылганова Суперстанда! Суроолорго жооп берет

#41 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 14:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Myrza_Kaiyr (01 Июнь 2012 - 21:58) жазган:

Саламатсыздар!
Суроом:
1) Намаз окуйсузбу (окууга ниетиниз барбы)?
2) спирт ичимдиктерин, чылымды жашоонузда колдоносузбу?


1. Кудайга жүрөгүм менен ишенем, бирок намаз окубайм.

2. Спирт ичимдигин кээде майрамдарда ичишим мүмкүн, бирок чылым чекпейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Датка кыз   04 Июнь 2012 - 14:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 09 Дек 2014 18:03
  • Жынысы:Аялзаты

менин суроомду ким жеп кетти? :макоо:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   saya4ka   04 Июнь 2012 - 14:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 22 Апрель 11
  • Соңку аракети: 28 Янв 2019 08:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсызбы Гүлнур эже!

1. Эгер сзге Кудай "оңго барсаң - байлык-бийлик, атак-даңк. Солго барсаң - жөн гана аялдык бакыт. Тандаганыңды берем." десе, кайсыл тарапты тандайт элеңиз?

2. Пластикалык операция жасатып көрдүңүз беле?

3. Биринчи сүйүүңүз эсиңиздеби жана анда сиз канча жашта элеңиз?

Рахмат! Ийгилик! :give_rose:


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 14:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Асылжан (04 Июнь 2012 - 11:11) жазган:

Саламатсызбы, Гүлнур эже. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм :give_rose: Байкашымча акыркы күндөрү сизди кайсы жерде көрбөйүн үстүңүздөн кара костюмуңуз түшпөйт, эмнеге? Бардык кийимдин үстүнөн костюм кийген модабы деп ойлоп кеттим...


Көйнөктүн үстүнөн пиджак кийип алган бүгүнкү күндүн модасы. Экинчиден, мен өзүмдү ыңгайлуу сезем. Үчүнчүдөн, пиджак мага жакшы жарашат. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   azamat1992kg   04 Июнь 2012 - 14:52

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсызбы Гүлнура эже!
Менден суроо: Азыр ырчылардын көбү киного тартылып атышат. Сизге киного сунуш түшсө кабыл алат белеңиз? Макул болсоңуз кандай киного жана кандай жанрдагы киного тартылат элеңиз?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 14:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Luntik (04 Июнь 2012 - 11:21) жазган:

Урматтуу Гүлнур Сатылганова саламатсызбы? Сизге суроом. Киного тартылгансызбы жана сунуш түшсө тартылат белеңиз? Кандай каармандын образын жараткыңыз келет? Кайсы атактуу адам менен өзүңүздү бир тасмада көргүңүз келет?


Мындай сунуштар көп эле болот. Бирок мен негедир тасмага тартылууга каалоом жок. Кечээ жакында эле бир тасмага сунуш түшкөнүнөн баш тартууга туура келди. Эгер өзүмдүн  жашыма ылайыктуу, жарашыктуу болсо, балким, макул болмокмун. Ошентсе да мен өзүмдө актрисалык талантым бар деп ойлобойм. Каалаган эле адамдар актер боло алышпайт. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   chynarka   04 Июнь 2012 - 14:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 06 Апрель 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2013 10:55

Саламатсызбы Гулнур эже иштериниз жакшыбы ден-соолуктарыныз жакшыбы сиз кыздарды окутасызбы ырчылык кесипке





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 14:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения snejinka (04 Июнь 2012 - 11:33) жазган:

Саламатсызбы.

сизди ушул убакытка чейин эл аралык бир сынактарга катышып татыктуу орунга ээ болгонунузду уга элекмин (же мумкун укпай калдым) ошондуктан кайсы сынактардан кандай ийгиликтерге жетишкенинизди айтып кетесизби?! !!

озунузго баа берип кетсениз (от 3 до 10 баллов): 1.ички сулуулук! 2. сыркты сулулук! 3. акылдуулук! 4. бактылуумун деген созго

ушул эле жерден дагы бир суроо- сизди коптор озун аябай которгон адам дешет мындай ой эмне себептерден улам чыгат и кучойт. бул жашоодо копту коргом деп айта аласызбы?

орус эстрадасынын кайсы ырчысы менен катташыныз бар, дос катары суйлошуп турган атактуу адамдар барбы? кимиси менен дуэт ырдамак элениз?



Мен өзүмдү сулуумун деп эсептеген эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө "сулуулар сынагына катыш" деген сунуш түшкөндө "мен өзүмдү сулуумун деп эсептебейм" деп катышпай койгом. "Сырты сулуу болуп, ички дүйнөсү ага карама-каршы болсо, баары бир жүзүнө ошол нерсе чыгып кетет" деп коюшат эмеспи. Мен да ичи тарлык кылбаган, боорукер, ушак сүйлөбөгөн, бирөөгө жамандык каалабаган адамдардын ички дүйнөсү сулуу болот деп эсептейм. Менде ошол сапаттар бар.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   zhiza   04 Июнь 2012 - 14:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсызбы Гулнур эже?Сиздин чыгармачылыгынызды баалаган,куйормандарыныздын биримин.Сизге кажыбас кайрат,чыгармачылык ийгиликтер!
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 15:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Fekus (04 Июнь 2012 - 13:24) жазган:

Саламатсызбы. .. Талантыңызга таазим!
Менин суроом төмөндөгүдөй, жашоого кайра жаралсаңыз кандай жашамаксыз? Эгер алтын балык кармап алсаңыз эмнени биринчи орундатууну суранмаксыз?
Рахмат, чыгармачылыгыңызга ийгилик!


Мен азыркы жашоомо деле нааразы эмесмин. Өзүм каалап ырчы болдум,  элимдин сүйүктүү ырчысымын. Дайыма сый-урматтын үстүндө жүрөм. Эгер алтын балык кармап алсам, ата-энемдин ден-соолугун сурап, кайра кайрып берүүсүн өтүнмөкмүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   fanatka19   04 Июнь 2012 - 15:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 28 Май 12
  • Соңку аракети: 18 Янв 2022 16:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:нарын

саламатсызбы гулнур эже сизди ото урматтайм жана сыйлайм.менде бир суроо бир жылдары Бишкектин кочолорундогу реклама иле турган шиттерге сизди туулган кунунуз м.н куттуктаган плакаттар илинген эле .ошону ким илген?мумкун болсо жооп бере аласызбы менин угушум бойунча бир депутат илдирген дешет.бирок мен ишенбей келем
Сүйүүдөн буткөн дарт,өлтүрбөгөнү менен эч качан айыкпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   info   04 Июнь 2012 - 15:08

  • Генерал
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Администраторы
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 14 Август 06
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 23:48
  • Калаасы:Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 402 (Исанов көчөсү менен кесилиште)

 Прикрепленное изображение: DTK_8970.JPG Прикрепленное изображение: DTK_9023.JPG 
Мезгилден артта калбаңыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   fanatka19   04 Июнь 2012 - 15:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 111
  • Катталган: 28 Май 12
  • Соңку аракети: 18 Янв 2022 16:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:нарын

саламатсызбы Гулнур эже мен сизди ото урматтайм.менде бир суроо.бир жылдары Бишкектин кочолорундо, реклама иле турган шиттерде сизди туулган кунунуз м.н куттуктаган плакаттар илинген ошону ким илдирген?мумкун болсо жооп берип койосузбу.менин угушум бойунча бир депутат илдирген дешет иен ага ишенбей келем
Сүйүүдөн буткөн дарт,өлтүрбөгөнү менен эч качан айыкпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 15:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения FALLAH (01 Июнь 2012 - 12:14) жазган:

Саламатсыздар?

Бир эле суроо, бир эле таарынчым бар!!

Тема : Кайсы ырчыны урматтайсынар? Эмне учун?Жазылган күн: 08 Ноябрь 2011 - 16:12 Илгери Илгери (ал убакта Акаев президент болчу) 2001-2002 жылдары Опера Балетте бир концерт болгон. Иши кылып бир нерсеге арналган. Ал жерде Ырчылар, бийчилер, ар кайсы группа (хор) чыкмак. Кызым (ал кезде 4-жашта) Ак-Шоола деген хорго катышчу. Жандап келинчегибиз экообуз журобоуз. Даярдык журуп жатат залда. Аялым Гульнур Сатылганованы абдан жактырчу (ырларын ырдап дегендей). Сахнада атактуу ырчылар журот. Келинчегим кызды жетелей калып Гульнурдун жанына барып кызым менен суротко тушуп коюнузчу деп суранды эле. Эжекебиз ушундай бир алая карап: - Со мной чтоли деп! ары карап туруп алса боло. Биз эмес жанында турган Актан Исабаев жаман болуп кетип :-Давай я сфоткаюсь деп кызымды кучактап суротко тушкон. Копко чейин келинчегим озуно озу ишене албай журду. Ага чейин эле Актанды жакшы корчу элек андан кийин оозубуздан тушурбой мактап калганбыз и мактай беребиз.

http://www.super.kg/ ...=1

 

Андай учур эсимде жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Негизи мен каалагандардын баары менен эле сүрөткө түшүп, автограф аябайм.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   nurkq100   04 Июнь 2012 - 15:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 29 Февраль 12
  • Соңку аракети: 19 Окт 2012 07:27
  • Калаасы:бишкек

Сиз эмне учун бул дуйнодо жашайсыз?
жашоонун манызы эмнеде деп ойлойсуз?Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 15:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения MaRmeLaDka (30 Май 2012 - 13:59) жазган:



Саламатсызбы, Гүлнура эже. Сиздин чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм.
1. Неге көбүнчө муңдуу ырларды ырдайсыз? Сиз ырлардын ийине жеткире аткаргандыктан, муңдуу ырларыңызды уксам эле сиздин көөдөнүңүздө ушундай кайгы-муң бар деп эсептей берем. Ырчылар негизи ичиндеги болуп жаткан букту ырдан чыгарышат го...
2. "Жолукпай калсаң эгер" деген ырдын тарыхы барбы. Дегеним, бирөөгө арнап ырдагансызбы?
3. Стресс болсо керек, андай учурда кантип абалдан чыгасыз?
4. Ырчылык менен жан багып кетүүгө болобу?


4. Эгерде сапаттуу, жогорку деңгээлдеги ырчы болсо, албетте, ырчылык менен жан багууга болот. Ар кандай чакыруулар болот, анын баары бекер эмес. Мына мен ушул күнгө чейин өзүмдү ырчылык менен эле багып келе жатам.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 15:26

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Leanor (26 Май 2012 - 17:07) жазган:

Саламатсызбы? Сиздин талантынызды баалайм жана орто жаштагы ырчылардан ырларыныз,стилиниз менен айырмаланып турасыз жана жанычылдыкка умтулганыныз байкалат.Суроолорум мындай:1)Кызым жок деп окунбойсузбу? ,2)Мумкунчулук болсо,басып откон турмушунуздун кайсы учурун ондомоксуз? ,3)Уйлонуу тоюнуз кандай болгон жана свадебное платье кийгенсизби?


Кызым жоктугуна өкүнөм. Артка кайрыла турган болсом, үй-бүлөөнү биринчи орунга коюп, көп бала тарбиялаганга аракет кылат элем. Себеби аялзаты үчүн эне болуу эң негизги бакыт экен да.

Үйлөнүү тоюм кыргызча эле болгон. Үлпөт көйнөк кийген эмесмин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 15:30

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения saya4ka (04 Июнь 2012 - 14:50) жазган:

Саламатсызбы Гүлнур эже!

1. Эгер сзге Кудай "оңго барсаң - байлык-бийлик, атак-даңк. Солго барсаң - жөн гана аялдык бакыт. Тандаганыңды берем." десе, кайсыл тарапты тандайт элеңиз?

2. Пластикалык операция жасатып көрдүңүз беле?

3. Биринчи сүйүүңүз эсиңиздеби жана анда сиз канча жашта элеңиз?

Рахмат! Ийгилик! :give_rose:



1. Солго бараар элем, жөн гана аялдык бакытты тандамакмын.

2. Пластикалк операция жасатып көргөн эмесмин.


3. Биринчи сүйүү жөнүндө суроолор такыр жакпайт да, анын эмнеси кызык?



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   Zamira   04 Июнь 2012 - 15:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Гулнур Сатылганованын ырлары мага аябай жагат. Бирок сахнада өзүн алып жүрүү этикасын жакшы билбейт! Дегеним жанагы артында коштоп бийлеген жаш кыздарга кошулуп алып тарсалактап бийлегени такккыр Гулнурга жарашпайт! Кичине эсине келсе болот эле. Жөөн эле түз эле туруп эле ырдаса... Сахнага чыгып алып ырын тартуулаганы эмес,кийип келген кийимдерин алды-артын рекламалагысы келгендей,мактангандай сахнадан ары-бери көйнөгүн желбеңдетип, көрүүчүлөргө кайра-кайра далысын салып басып ырдаганы кыжырды кайнатат да! Уят ай! Уят!!! Мен билем,азыр менин бул билдирүүм өчөт! Ошондуктан калп эле көп убара болбой сөзүмдү ушул жерден кыскартып эле коёюн. Не бар,не жок бир суроо узатып коёюн: "Жетпей жүрүп жеткен" деген суроого кандай жооп бере аласыз?


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Гүлнур Сатылганова   04 Июнь 2012 - 15:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жылдыз
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 04 Июнь 12
  • Соңку аракети: 06 Май 2014 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения fanatka19 (04 Июнь 2012 - 15:02) жазган:

саламатсызбы гулнур эже сизди ото урматтайм жана сыйлайм.менде бир суроо бир жылдары Бишкектин кочолорундогу реклама иле турган шиттерге сизди туулган кунунуз м.н куттуктаган плакаттар илинген эле .ошону ким илген?мумкун болсо жооп бере аласызбы менин угушум бойунча бир депутат илдирген дешет.бирок мен ишенбей келем


Андай плакат Бишкекте илинсе мен деле көрөт элем го. Кантип эле көрбөй калмак элем. Андай болгон эмес. Башка бирөө менен алмаштырып алышты го дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Атактуулар Суперстанда
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 19:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: