Менин биринчи мугалимим-менин жашоо сызыгымдагы негизги чекит деп айтсам тук да жанылышпаган болоор элем.
Арандан зорго Апакемдин эркелетуу, алдоо сыяктуу аракети менен уйкудан ойгонуп, апакем менен эжелеримди кыйнап бышындап жатып, тамак жебей уйкумду бузушканына таарынып, жада калса кофтамды кийууго колумду да которбой шалкылдап туруп берип, козумдогу он талаа жашым менен эжемдин жетегинде мектепке жоночумун, эси жок эрке экенмин да корсо..Класска киргизип эжем которуп отургучка отургузуп коюп, мугалимибиз менен бир нерселерди аста кобурашып чыгып анан, озунун сабагына кетчу.
Ошондой тентектигим,
эркелигим менен, кыялымды таба албаган мугалим болсо, балким...билбейм кандай болмокмун...
Бир куну эжекейим устолунун устунон аябай соонун, кооз куурчакты колуна алып бир жерлерин баскылады эле, анысы "мама-мама"
деп жатты, ал учурда андай куурчак жаныдан дукондорубуздон корунуп, баардыгы эле аны ала алчу эмес, айтор мен учун ал жанылык эле. Доскага бир нерселерди жазган эжекейим куурчакты корунуктуу жерге койду да, жазгандарын кайталатып айттырып, сон ар бирибизди тургузуп окута баштады. Арабызда бою кичине Жумакан деген классташым жакшы, алгачкылардан болуп шарылдатып окуп салгандыгы учун баягы куурчак анын партасынан орун алды. Мен чынында тамгаларды муундап шар окуй албагандыгым учун, мага кезек келгенге чейин озголорду угуп туруп жаттап алдым да, (эсимде ал создор кам-па, лам-па ...деген создор эле), кезегим келгенде досканы карап туруп эле жаттаганымды айтып салдым, окубадым. Жыйынтыгында кооз куурчак менин партамдан орун алды. Ошол кун- балким менин окууга болгон дилгирленуумдун ачкычы чыгаар, айтор мен башка нерсе учун эмес, кооз куурчакты каалашымча уйпалап ойнобосом дагы, жон гана анын партамдын устундо туруусун каалаганым учун "окучумун"
. Ошентип ар сабакта жакшы окугандар куурчак жана таттуу менен сыйланаар элек.
Эжекейимдин ысымы Турдукан эле(фамилиясы эсимде жок), Таластан деп атамдар айтканын кулагым чалганы бар эле.
Баарыбызга бирдей тустогу дептер сатып алып, ачтырып..корсо баланы суйгон, оз кесибинин мыктысы экен эле да асылым. Бир жолу журнал толтурганы менин ручкамды алды да, ордуна сырты бир укмуш башкача ручка берген эле. Ошондогу кубанганым.
.кубанычымда чек жок эле. Бир майрамда кайдан жайдан таап, кыздардын баарына окшош когуш тустогу, сары гулдору бар койнок кийгизген эле.
Кийин ал эжекейибиз бизди окутпай калды, ар эки- уч айда класс жетекчибиз алмашып, колдон-колго отуп калдык, себеби ал эжекейим Таласка бара жатып автокырсыкка учураган экен, биздин айылдан биротоло кочуп кетиптир (бул туралуу кийин билдим, азыр аман бекен деги.. андан кабарсызмын.
.).
Уйунун алдында бийик узундугу 2,5 метрден жогору арча дарагы бар эле, кичине кезимде ал арча дарагын айылда осо бербеген озгочо дарак катары, тан калып карасам, азыр ал арча дарагын карап эжекейимди эстейм. Ал жашыл дарак омур карытып, дале турат, негедир айылга бараарым менен ошол даракты издейм..Коп "жашачу"
ал арчанын омурун эжекейиме тилээр элем, ылайым аман-эсен болунуз, (башын бир жагына аста кыйшайтып сулуу кадам таштайт эле,) ылайым ошол сулуу кадамдарыныз жакшылыктарга гана шашып, арыштап жургон болсо экен, менин эн алгачкы тарбиячым, азыркы жашоомдун маанилуулугунун себепчиси, боео сезимдеримди жетектеп, келечегимдеги ырыстуу жолдуу коргозгон-БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ!
Менин биринчи мугалимим! Ал кандай адам эле?
#61 05 June 2012 - 20:52
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#62 05 June 2012 - 22:03
Жакшы тема экен.Менин биринчи мугалимим Дамира эже.Дагы эле башталгыч класстарды окутуп журот.Абдан сонун мугалим.
#65 23 November 2012 - 20:13
Менин биринчи мугалимин Карена Генрховна Чобонян деген армиян улутундагы эжей болчу. Аябай жакшы эле. Биз дайым эрте барып эжейди жолунан утурлап алчуубуз. Азыр ал Ошто, Ошко барган сайын жолугуп турам.
#66 24 November 2012 - 02:31
Менин биринчи мугалим Сайкал эжей болчу,озу да Сайкалдай керилген татынакай эжей болчу.
#67 24 November 2012 - 02:47
Евгений Анатольевич-
биринчи мугалимим болчу
/>
Сүйүп сени жаркыным. Күйүп сага алтыным. Айтсам дагы арзыбайт. Бир сөз эмес алты миң.
#68 24 November 2012 - 17:19
Менин биринчи мугалимим Арынова Мукарам эжеке болгон.Эч урушуп урганын эстей албайм.Бир досум айтат аябай урушчаак эжеке деп.Мен андай ойлобойм.2-классты дээрлик окууган эмесмин оорума байланыштуу.
Ошондой болсо да 3-классымда мектеп башталгыч класстар арасынан жылдын мыкты окуучусу наамын алгам.Бул ошол эжекемдин эмгеги менен болгон деп ойлойм.Анан Карабаева Даана деген эжеке да башталгыч класста окуп жургондо сабак берген жана биздин бутуручу классыбызда биздин класс жетекчибиз болгон.Ал эжекени ото сыйлайм.Башка класстагылар биздин эжекеден аябай коркчу.Аа биз менен ото тыгыз мамледе эле.Билбейм апамдай жакшы корот элем эжекемди.Мен ушул эки эжекемди аябай жакшы кором.Анын окуучусу болгонума кубанам.
Бактылуумун!
!!
#69 27 November 2012 - 06:38
"Айылга барганда ушул агай менен бир отуруп жакшы-ы сүйлөшүш керек эле" деп ойлоп жүргөн элем..
"Ушу балдарды биз окутабыз, фундаментин биз куябыз, бирок, алар ийгиликке жетишсе ата-энеси ыраазычылыгын башка мектептин мугалимдерине билдирет.. Бирок, кээ бир ата-эне бизге эле келет балдарын окутканыбызга ырахматын айтып. Ошого ыраазы болуп каласың: "Мээнет кайткан экен", - деп", - деп айтып калар эле. Анткени, мектебибиз 9-жылдык болучу.
"Мен силерге азыр эки зат тууралуу айтып берем. Аны өмүр бою унутпайсыңар. Жадакалса кемшейген кемпир, алжыган чал болгондо да унутпайсыңар. Бул суутек менен кычкылтек. Жана булардан суу куралат", - деп формуласын жазып химиядан мастер-класс өтүүчү.
Мен райондук олимпиададан химия сабагынан биринчиликти алганда өзү кудуңдап келип мени куттуктаган. Бирок, мен ал кезде башка мектепке которулуп кеткен элем. Мен ал кезде башка мектептин атынан барып 1-орунду алсам дагы, ал өзүнүн кесиптештерине: "Бул - менин окуучум!" , - деп сыймыктана мактанган болушу керек. Ошол убакта айта албаган рахматымды айтайын деп жүргөм.. Айылга бир барсам деп.
Мурунку мектепте завучтук кызматынан башка мектепке директор болуп которулуп кеткен. Азыр ойлосом, лидердик сапаты бар эле агайымдын.
Бекен агай, ошол агай бу жалган дүйнөдөн кечээ жакында өтүп кетиптир.. Угуп алып нес болдум. Албетте, ар кимибиз өтөбүз дегилечи, бирок, мен ага ыраазычылыгымды билдире албаганыма ыза болуп турам.. Кабыр азабын жеңилдеткен болсун Жараткан.
...Экинчи ата-энелерибиздей болгон агай-эжейлерге ыраазычылык билдирүүнү унутпайлы, эртеңге калтырбайлы. Биздин жылуу сөзүбүз аларды кандай асманга алып көтөрүп кетээрин мен эң жакшы түшүнөм..

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#70 28 November 2012 - 01:36
Менин биринчи мугалимим Бумайрам эжекем. Ал менин жашоодогу фундаментимди тузду. Математиканы кызыктырып окуткан, азыркы жашоомдо да эсептен, тактыктан кыйналбайм.
Мен биринчи мугалимиме чексиз ыраазымын.
#71 28 November 2012 - 01:49
Менин биринчи мугалимим Мусабекова Кундуз! Эжекем мага коп нерселерди уйротту ар дайым сен женишин керек,азаматсын,
биринчи болушун керек, деп кулагыма куюп журуп,акыры классымда лидер болдум!Алкышымды коргон жерден айтып келем.
Мектепте жогорку класста окуп жургондо, башталгыч класстарга сабак отчумун(эжекем айылчылап же бир жумуштары чыгып калганда),азыр эжекеме тамашалап калам мен ошондо сиздин карыздан кутулгам деп!
Мектепте жогорку класста окуп жургондо, башталгыч класстарга сабак отчумун(эжекем айылчылап же бир жумуштары чыгып калганда),азыр эжекеме тамашалап калам мен ошондо сиздин карыздан кутулгам деп!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#72 28 November 2012 - 08:10
Менин биринчи мугалимим Айгуль Кутугалиевна болчу. Сагындым ошол эжекени..
futureDoctor
#73 28 November 2012 - 11:20
Менин биринчи мугалимим Калыс Шералиева деген эжекебиз болчу. Бирок 1-классты гана окутуп,калганын башка мугалим отту. Иши кылып 4-класска чейин даалай мугалимдин колунан отконбуз. Бирок,1- барибир биринчида. Азыркыга чейин жакшы катышып журобуз жана тойлорго чакырып турабыз.11-кл.
ты бутуп жатканыбызда кабинетибизге чакырып,кадимкидей 1-кл.болуп отурганбыз,
коздон жаш алып эстеп. Анан эжекебиз бизге сюрприз кылып, 1-кл.та жазган алиппе дептерибизди берген. 11ди бутсо оздоруно корсотом деп сактап жургон экен. Аябай эле кудундап суйунуп 5 терибизди санап дегендей, ошо азырда сакталуу турат уйдо,белгилуу инсан болуп кетсем музейиме коюлат деп (арзууга айып жок дебейинби)..
.Анан универде бир агайыбыз сенин биринчи мугалимине ырахмат десе,тан калып неге десем кол жазман сулуу экен дейт. Ошондо эжекемдин эмгегин бааладым,жаман жазсак сызгыч менен уруп ушул даражага жеткиргенин.
.РАХМАТ сизге менин биринчи мугалимим!
!!
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#74 08 April 2013 - 11:38
Menin birinchi mugalimim 1-klasstagy Elmira degen ejeke bolchu,al ejekebiz meerimduu,baardygybyzga tushundurup sabak otchuu,al ejekeni ushunchalyk jakshy korchuumun.0sh0l ejeke m,n birge tushk0n sur0tum bar( men bashym tort burchtuk kylyp tushk0n
) fotoalb0mdan korup kalsam bir jylmaiyp alam. 2-klasstan kiyin bizge sabak berbei kaldy(boiunda bar bolchuu da)dalai ejeker almashyp sabak ottu bizge,baribir osh0l ejekemdi sagyna bergem
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#75 08 April 2013 - 11:40
Менин биринчи мугалимим узбечка болгон,Махпуба Махматалиевна деген,орус класста окуганмын.
#76 08 April 2013 - 13:12
Эжейимдин аты Бурулсун болчу,жакшы тарбия берген,жакшы да окутчу.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#80 09 April 2013 - 17:30
Менин биринчи мугалимим Мамбетбаева Бурмаш эже болчу. Эжекемди аябай сагындым,1-курста окуп жургондо уйуно барып учурашып келдим эле. Ошондон бери коро элекмин.

Супер-Инфо
super.kg
видео