Akirki kundoru bash ooru da
Компьютердин жана уюлдук телефондун зыяны Билгендер ой бөлүшө кеткиле
#61 08 June 2012 - 01:30
Kompyuterge, internetke degele virtualduu duynogo baylanip kalganday sezilip atat. Oto ele kop ziyan keltire bashtadi .
Akirki kundoru bash ooru da
Akirki kundoru bash ooru da
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной,
имею наглость быть счастливой!
!!
#62 11 June 2012 - 01:37
У интернеттин зыянын билсем да бул ооруга чалдыкканыма коп болду кундо бирнече саат отурбасам курсагым тойбойт канткенде кутулам белгисиз озум да алсызмын.....
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#63 27 June 2013 - 15:45
Көздү телефондун,
компьютердин нурунан кантип сактаса болот?.нурдан жабыркаган көздү кантип дарыласа болот? Билген кеңешиңерди айта кеткиле
#64 27 June 2013 - 15:56
Компто олтурат окшойсуз кобуроок, козду кайдигер карабай аз олтуруу керек, 1) Заварканы кайнатып чамасын марлиге салып жатаарда козго басыш керек кунуго кечинде, анан коздун каректерин онго-солго, устуго атыга карап конугулорду жазаш керек,
"""Мына ушинтип эгемендуу Кыргызстаным гулдосун"""
#65 27 June 2013 - 18:54
"Көздү телефондун,
компьютердин нурунан кантип сактаса болот?" темасы менен бириктирилди.
Ibragim06,маңызы окшош темаңыз үчүн 2 күн БАН!

#66 28 June 2013 - 08:45
Эң негизгиси баардык нерсени чеги менен колдонсок,зыяны аз болот деген эле ой да.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#67 28 June 2013 - 21:19
козго зыян аябай мен 1-2 саат отурганда эле мээм ооруп козум талып чыгат
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#69 07 July 2013 - 23:40
Менин ишим компьютерге байланыштуу болгондуктан комптун адамга тийген залалдарын билгим келди. Рак пайда кылат деп уккам, ошол чынбы? Кантип коргонсо болот? Пайдалуу кеңешиңер менен бөлүшө кетсеңер.
Интернет бул ооруда, зыянынан да пайдасы коп. бирок адам ден-соолугуна зыян экенин билсем деле интернеттен башым чыкпайт клавиатурны кчакап алып отура берем.
КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#70 09 July 2013 - 00:28
Зыян экенин билип туруп кайра эле жабыша беребиз
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#71 24 January 2014 - 17:45
Заман талабына ылайык элдин басымдуу бөлүгү компьютерде отуруп иштешет. Компьютердин канчалык зыяны бар экени бардыгына маалым болсо да ансыз иш алып баруу мүмкүн эмес. Компьютердин айынан пайда болгон оорулардын бири бул - «түнөл»
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#72 24 January 2014 - 17:46
Түнөл оорусу кандай оору?
Түнөл-узак убакыттын аралыгында пайда болуучу колдун оорусу. Компьютердин чычканчасын (мышка) ар дайым оӊ кол менен кармап отурабыз. Ошондуктан, көпчүлүк учурда бул илдет менен оӊ колдун билеги жабыркайт. Оорунун эӊ негизги себептеринин бири-билектин ортосундагы нерв системасынын ооруга чалдыгышы. Бул илдет алакан сөөгүнө туура эмес таасирлерди тийгизүүнүн негизинде пайда болот. Туура эмес таасирлерге: компьютерде колду эс алдырбай иштөө, оор жумуштарды ылгабай жасоо жана башка адаттар кирет.

#73 24 January 2014 - 17:47
Түнөл оорусуна чалдыкканыӊызды кантип билсеӊиз болот?
Колду ийиндин тушуна чейин алып келип, эки колду бириктирип бир канча убакыт туруп туруӊуз. Эгерде колуӊуз жана манжалардын арасы талый баштаса, түнөл оорусунун башталышы бар деп эсептелинет. Буга кошумча оорунун белгилерин да сунуштайбыз.
- Алдын кетиши, кол сайгылашып ооруусу;
- Тартылуу, жагымсыз сезимдердин пайда болуусу;
- Бардык манжалардын бир убакта ооруп калышы; Эгерде илдет өтүшүп кете элек болсо, аны үй шартында дарылап алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Мындай дарылануунун максаты-жагымсыз адаттардан болушунча тезирээк арылуу жана ооруну басаӊдатуу болуп саналат. Күрөшүү канчалык ылдам жана эрте болсо, ооруну жеӊүү ошончолук ыкчам болоору талашсыз нерсе. Биринчиден компьютерде азыраак отурганга аракет кылыӊыз. Адистер ар кандай жумушту жасоонун алдында колго күч келтирбей, эс алдырып турууну сунушташат. Колдун талып ооруганын азайтуу үчүн, күнүгө эки маал алаканды муздак сууга салып 10-15 мүнөт кармап туруу зарыл. Нерв системаларынын эс алуусун камсыздоого дайыма укалап туруу да кошулат. Эгерде өз алдыӊызча дартты жеӊүү үчүн кылган иш-аракетиӊизден майнап чыкпаса, сөзсүз түрдө тийиштүү дарыгерлерге кайрылыӊыз. Кайдыгерликтен улам илдет өтүшүп кетсе, дарыгерлер хирургия жолу менен дарылоого аргасыз болушаарын эсиӊизге салабыз.

#74 24 January 2014 - 17:49
Илдетке чалдыкпаш үчүн:
- Спорт менен машыгыӊыз;
- Салмагыӊызды нормадан ашык да кем да алып жүрбөӊүз;
- Чылым чегүүдөн баш тартыӊыз;
- Жумуш ордуӊузду жана компьютердин баскычтарын ыӊгайлуу коюп алыӊыз;
- Ар бир эки саат сайын анча оор эмес көнүгүүлөрдү жасап туруӊуз;
- Бардык ишти токтотуп 10 секунд болсо да, тынч
отуруп нерв системаларын эс алдырыӊыз;
- Муштумду түйүп алып колду оӊ жана сол жакка 10 жолу айландырыӊыз;
- Спорт менен машыгыӊыз;
- Салмагыӊызды нормадан ашык да кем да алып жүрбөӊүз;
- Чылым чегүүдөн баш тартыӊыз;
- Жумуш ордуӊузду жана компьютердин баскычтарын ыӊгайлуу коюп алыӊыз;
- Ар бир эки саат сайын анча оор эмес көнүгүүлөрдү жасап туруӊуз;
- Бардык ишти токтотуп 10 секунд болсо да, тынч
отуруп нерв системаларын эс алдырыӊыз;
- Муштумду түйүп алып колду оӊ жана сол жакка 10 жолу айландырыӊыз;
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#75 24 January 2014 - 17:50
Султан Тукешов, дарыгер: «Кол оорусу- чөнтөк телефонду көп колдонгондо да пайда болот»
- Алгач түнөл деген эмне экендигине токтолуп кетейин. Чыканактан баштап, билекке чейин тарамыш келип, колдун манжаларына канал аркылуу өтөт. Ошол тогуз тарамыштын жанында бир чоӊ нерв өтөт. Ошол тарамыштар ар кандай сезгенүүлөрдөн шишип баштап, нерв системасы ооруга чалдыгат. Тарамыштын сезгенүүсү заманбап технологиялардын пайда болушунан, адам турмушу ансыз өтпөй калгандыгына байланыштуу колдор көп иштешинен пайда болот. Колдун тынымсыз иштеши менен тарамыштарда майда кыймылдардын ар дайым болуп туруусу, радиациянын таасири, чөнтөк телефонун колдон түшүрбөй кармоо-тарамыш менен катар өткөн нерв системасынын бузулушуна алып келет. Текшерип көрүүнү кааласаӊыздар, кадимки чөнтөк телефонуӊуздарды бир топ убакытка чейин кармап көрсөӊүздөр, колуӊуздар талып, чымырап баштайт. Бул колдун түнөл оорусун пайда кылуучу белгилер. Алдын ала дарыланбаса, кийин оору күчөгөндө чыдатпай ооруп, таптакыр уктатпай да калат.

#76 24 January 2014 - 17:51
Бизде ушул оору менен көп кайрылышабы?
- Бизде бул оору менен ооругандар бар, бирок көп кайрылышпайт. Оору элдин аӊ-сезимине анчейин таасир бере элек болгондуктан, бизге аз кайрылышат. Франция мамлекетинде кол хирургиясы боюнча атайын институт бар. Ал жакка ар кандай симптомдор менен күнүнө 200дөй адам кайрылат. Бизге алдын ала кайрылгандар аз болгондуктан, качан гана өтүшүп кеткенде гана келишет. Көбүнчө бул оору менен программисттер жабыркашат.
- Бизде бул оору менен ооругандар бар, бирок көп кайрылышпайт. Оору элдин аӊ-сезимине анчейин таасир бере элек болгондуктан, бизге аз кайрылышат. Франция мамлекетинде кол хирургиясы боюнча атайын институт бар. Ал жакка ар кандай симптомдор менен күнүнө 200дөй адам кайрылат. Бизге алдын ала кайрылгандар аз болгондуктан, качан гана өтүшүп кеткенде гана келишет. Көбүнчө бул оору менен программисттер жабыркашат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#77 24 January 2014 - 17:54
- Кантип дарылайсыздар?
- Алгач операциясы жок, ооруну басаӊдатуучу, колдун шишигин таратуучу атайын дарыларды, компьютерде көп отурбоону, чөнтөк телефонду азыраак колдонууну сунуштайбыз. Эгерде дарылоонун таасири менен оору айыкпаса, оору басаӊдабаса сөзсүз түрдө операция жолу менен дарылайбыз. Колдун операциясы башка операцияларга караганда абдан жеӊил жасалат. Ал өтө кылдаттыкты талап кылгандыктан, сөзсүз түрдө микрохирургдар жасашы керек. Каналчанын үстүнөн жаап турган тарамыш бар дебедикпи, ошол тарамыш тынымсыз кыймылдын негизинде өйдө көтөрүлүп, шишип кеткен учурда тарамышты акырын кесип бошотуп коёбуз.

#79 24 January 2014 - 18:00
Тарамыштарды кесип койсоӊуздар кийин кол иштебей же алсыз болуп калбайбы?
- Жок, андай коркунучтар болбойт. Операцияны микрохирургдар жасаганы да ушуга байланыштуу. Нерв клеткаларына таасирин тийгизип албай, өтө кылдаттык менен жасаса, эч кандай коркунуч туулбайт. Эгерде олдоксон жасалып, нерв клеткаларына бычак тийип калса тарамышка доо кетип, нерв иштебей калышы мүмкүн. Бирок дарыгерлер операцияны жоопкерчилик менен жасагандыктан, андай коркунучтарды болтурбоого аракет кылышат.
- Жок, андай коркунучтар болбойт. Операцияны микрохирургдар жасаганы да ушуга байланыштуу. Нерв клеткаларына таасирин тийгизип албай, өтө кылдаттык менен жасаса, эч кандай коркунуч туулбайт. Эгерде олдоксон жасалып, нерв клеткаларына бычак тийип калса тарамышка доо кетип, нерв иштебей калышы мүмкүн. Бирок дарыгерлер операцияны жоопкерчилик менен жасагандыктан, андай коркунучтарды болтурбоого аракет кылышат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#80 24 January 2014 - 18:02
Икая: Ишеним дары
Күндөрдүн биринде карыя дарыгерге кайрылып калат. Ал абдан картайып калгандыктан ар түрдүү оорулар менен ооруй турган. Дарыгер карыяны текшерип болгон соӊ, кичинекей кагазга дарылардын тизмесин жазып берет да, «ушул дарыларды күн сайын бир маал ичип туруӊуз» дейт. Карыя кагазды көтөрүп алып жакшы болуп кетем деген тилеги менен үйүнө кайтат. Убакыт өтүп карыя баягы дарыгерге келип ал жазып берген кагаздын кичинекей бөлүгүн сунуп жатып: «Балам, дарыӊдан дагы жазып берип койчу, ичип атып жакшы болуп калдым. Калбай баратат» дейт. Кагаздын айрындысын карап алып таӊ калган дарыгер: «Аксакал, сиз дарыларды сатып алган жоксузбу»,-деп таӊ калып карайт. Көрсө карыя дары сатып алыш керек экендигин билбей, дарыгер жазып берген кагаздан күнүгө 2 маал айрып ичип жатып оорусунан айыккан экен. Текшерип көргөн дарыгер ишеним менен адам өзүн өзү дарылап алаарына ишенип, карыяны «айыктыӊыз» деп узаткан экен.

Супер-Инфо
super.kg
видео