Суперстан: Кыргызча билбеген кыргыздарды эмне кылуу керек? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргызча билбеген кыргыздарды эмне кылуу керек? Кыргыз болуп эне тилин билбегендер!

#21 Пользователь офлайн   Чилистен   17 Ноябрь 2007 - 13:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 710
  • Катталган: 21 Август 07
  • Соңку аракети: 19 Апр 2010 13:04
  • Жынысы:Эркек

Цитата

Кыргыз болуп эне тилин билбегендер, Кыргызча суйлогондон уялышат.


Кыргыз тилин уйронуудон баш тарткан кыргыздардын кобу, озгочо улуу муундагы телевидениенин бетин ээлеп алгандар жалгыз гана орус тилин билген макоолор деп айтам, кечирип коюнуздар. Эгер адам эки же андан ашык тилди билсе, коомдо алар учун тил проблемасы чыкпайт. Ал эми кыргыз тили деп сайрап жатканыбыздын себеби алар учун жуйосуздой сезилиши мумкун. Бирок, бизди кандай болгондо да куноолобошу керек. Анткени, биз КЫРГЫЗСТАН аттуу олкодо жашап келебиз, бул жердин уюткусун кыргыз эли жана кыргыз тили тузушу керек.
+++ Жакында болот!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   миранда   19 Август 2008 - 11:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 12 Январь 08
  • Соңку аракети: 10 Мар 2009 10:30

<H2 style="MARGIN: 0cm 0cm 0pt"> УЛУТ БОЛСОМ – </H2> <H3 style="MARGIN: 0cm 0cm 0pt"> ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН </H3>







Эй жарандар,

Эрендер,

Бектер жана берендер,

Эл баштаган кеменгер,

Мейли бакыр,

Мейли баатыр… -

«МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!



Зоок үчүн келгеним жок бужерге.

Соболум бар

Айта турган силерге.

Бир АТАЖУРТ,

Бир АСАБА,

Бир АЖО бар бир элде.



Анан муну билип ал,

Кулагың а сырга кылып илип ал: -

Ар адамдын

Ар башкача дини бар,

Ар башкача дили бар,

Бирок билгин,

Бирден гана тили бар,

Билгин,

Муну билип ал!



Эй эрендер!

Эскертерим силерге:

Чындап кызмат кылам десе ким элге,

Сүйсү н тилин

Сүйгөн жарын сүйгөндө й,

Күйсү н тилге

Перзентине күйгөндө й.



Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,

Кекиликтер койсун мени кечирип.

Эне тилин билбей туруп,

Эне тилге күйбөй туруп,

Эли-журтун

Сүйөмү н деш чекилик.



Ысыгың а алар күйүп,

Суугуң а тоңалбайт,

Эне тилин түшүнбө гөн

Кур кыйкырып күпүлдө гөн,

Эч убакта Ата Журттун

Анык уулу болалбайт!



Бул чындыкты

Тилин танган

Тилазарлар,

Динин танган

Диназарлар угушсун.

Мейли алардын куйкалары

Курумшудай курушсун.

Ар улуттун улуттугун аныктаар,

Тил деген бул –

МЕТРИКАСЫ улуттун!





Анан муну билип ал,

Адам түгүл,

Айбандын да тили бар.

Жана да бир кызык кеп,

Айтканыма далил болоор бышык кеп:

«Ав-ав! » десе күчүк деп,

«Мый-оо» десе,

Түшү нөбүз мышык деп.

Койдо «Ма-а» бар,

Уйда «Мө-ө» бар атүгүл.

Тилибизди биз билбесек,

Кандай болот катыгүн! ?



Суур деле таштай элек аңкушун,

А сен, кыргыз, байкушум…

Өз тилиңди жерисең,

Айтчы анда

Ким болосуң деги сен?!



Маңкурттарды көрүп туруп,

Маңкурттукка кыялбайм.

КЫРГЫЗ десе сыймыктанам,

КЫРГЫЗ десе уялбайм.

Кыргыз тилин билбегенди

КЫРГЫЗ десе ынанбайм!



Көң үлүмдө жай таптырбас бушман бар,

Бул шумдукту

Укпаган бар,

Уккан бар:

Өз тилине өзү каршы чыккан бар,

Өзө к өрттөп,

Өздө н чыккан душман бар.



Кыргыз туруп

Кыргыз боло албаган,

Кийиз жүрөк

«Киргиздерге» таң калам.

Эне тили гүлдөп жаткан,

Эне тилде сүйлөп жаткан,

Коңшулардан арданам.



Тилибизге кесир кылсак,

Тирү ү туруп жетим кылсак,

Чоң өкүнү ч бар мында.

Жууса кетпес күнөө болор

Соңку келчү урпактардын алдында.







Эл ичинде эселек бар,

Эсер бар,

Ыймансыз бар,

Жана ырыс кесер бар.

Жакшы билбей эне тилин

«ЖАРДЫ» - деп,

Жанын жеген безер бар,

Ушундай бир кесел бар.



Эй кыргызым,

Ким деп айтам,

Кыргыз тилин

Жарды деген балаңды?

Жарды эмес кыргыз тили,

Так өзүнү н жан дүйнөсү караңгы.



Дегеле ошол

Кыргызмын деп,

Кыргыз үчүн

Кызмат кылчу адамбы?!

Жок, калайык,

Өздө н чыккан сасыткылар,

Саткындар дейм аларды.

Толубайың сындаган тил,

Арстанбек ырдаган тил,

Манас бабаң сүйлөгө н тил,

Жыйырма эки кылым бою

Кыргызды алга сүйрөгө н тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Жээренчебиз сайраган тил,

Жеңи жок ыр кайраган тил,

Карачачың канбаган тил,

Жаныбектей аксымдарды

Жарга такап жайлаган тил,

Тагай бийден тараган тил,

Кара мүртөз кан-бектерди

Кадамактай кадаган тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Өнбө с доону өндүргө н тил,

Өжө рдү эпке көндүргө н тил,

Жаш жүрөктү ийиткен тил,

Таш жүрөктү жибиткен тил

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Кылым менен оожалган тил,

Кыргындардан соо калган тил,

Байрон, Бальзак, Шекспирди,

Бал татытып оодарган тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Пушкин, Тютчев, Есенинди,

Толстойду, Карамзинди,

Кыргыздарча сүйлөткө н тил,

Кызгалдактай гүлдөткө н тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Кеп атасын барктаган тил,

Кесер башты сактаган тил,

Эрди кундан куткарткан тил,

Эгешкенди жумшарткан тил,

Кан төгүү нү токтоткон тил,

Касташкандар достошкон тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Санап-санап кетем эргип,

Сан ойлорго жетем эргип,

Ушул тилди жарды тил деш –

Ары жагы келесоолук,

Бери жагы текеберлик!







Тирү үчүлү к сезилбесе,

Турмуш өлдү деп билем,

Түндө жаркып көрүнбө сө,

Жылдыз өлдү деп билем,

Кыргыз тили сүйлөнбө сө,

Кыргыз өлдү деп билем!



Улутуң дун уулу болуп,

Улайм десең учугун,

Өзгө лөрдөн калып калбай,

Өссү н десең тукумум,

Эне тилге толук бойдон

Берү ү керек укугун.



Басмырланып башка тилге,

Жыйындарда сүйлөнбө сө,

Аймагында жашаган эл

Аздап-аздап үйрөнбө сө,

Көчө тилдин деңгээлинен

Көтө рүлбөйт тилибиз,

Тил өспөсө ,

Кантип өсөт дилибиз,

Энөө Кыке,

Анан муну билиңиз:

Токтом токуп салуу менен,

Буйрук кабыл алуу менен,

Өспө йт тилиң, калың журт,

Кан-жанымдан

Кайнап чыккан зарымды ук?!



Атың кыргыз,

Затың башка,

Өзү ң кыргыз,

Сөзүң башка,

Диниң кыргыз

Тилиң башка

Болуп калсын дебесең –

Жыйындарда,

Курултайда,

Чогулушта,

Жолугушта,

Ажоң баштап,

Кожоң коштоп,

Өз тилиңде сүйлөбө йсүң неге сен?!



Кылым сүргөн кыргыз тили,

Кызгалдактай гүлдөсү н,

Жайып тамыр-бутактарын

Жаш арчадай бүрдөсү н,
Ишкананы кенен ээлеп,


Иш кагазда сайрасын,

Көчө лөрдө эркин басып,

Көрнө ктөрдө жайнасын.



Бакчалардан байыр алып,

Окуу жайда окулсун,

Тоолуктардын өз тилинде,

Токтомдору токулсун,

Телеграф, телефондор

Сүйлө п турсун кыргызча,

Ата Журттун эне тили

Аралашсын турмушка.

Желбиреген желегиндей,

Жетсин колу жылдызга!







Бул чындыкты өз да,

Жат да угушсун,

ЭНЕ ТИЛИМ –

ЭНЕМ,

ЭЛИМ,

УЮТКУМ.



Тунук болсом, -

Тилим менен тунукмун,

Улук болсом, -

Тилим менен улукмун,

УЛУТ БОЛСОМ, -

ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!

Анткени тил –

Ар улуттун улуттугун аныктаар,

ПАСПОРТУ да,

МАНДАТЫ да,

МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН!

Эсенгул Ибраев

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   saykalim   05 Сентябрь 2008 - 16:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 280
  • Катталган: 26 Март 08
  • Соңку аракети: 02 Мар 2009 10:16

Ар бир адам оз жерин ,элин,тилин, улутун коздун карегиндей сакташы жана сыйлашы керек.А тил билбегендер учун учт,орусча суйлогондон уялбай ,озунун тилинен уялат бекен,тилди уйротуш и уйронуш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   simon   05 Сентябрь 2008 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 300
  • Катталган: 10 Апрель 08
  • Соңку аракети: 24 Сен 2012 04:57
  • Жынысы:Эркек

Цитата

<H2 style="MARGIN: 0cm 0cm 0pt"> УЛУТ БОЛСОМ – </H2> <H3 style="MARGIN: 0cm 0cm 0pt"> ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН </H3>



[/color]



Эй жарандар,

Эрендер,

Бектер жана берендер,

Эл баштаган кеменгер,

Мейли бакыр,

Мейли баатыр… -

«МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!



Зоок үчүн келгеним жок бужерге.

Соболум бар

Айта турган силерге.

Бир АТАЖУРТ,

Бир АСАБА,

Бир АЖО бар бир элде.



Анан муну билип ал,

Кулагың а сырга кылып илип ал: -

Ар адамдын

Ар башкача дини бар,

Ар башкача дили бар,

Бирок билгин,

Бирден гана тили бар,

Билгин,

Муну билип ал!



Эй эрендер!

Эскертерим силерге:

Чындап кызмат кылам десе ким элге,

Сүйсү н тилин

Сүйгө н жарын сүйгөндө й,

Күйсү н тилге

Перзентине күйгөндө й.



Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,

Кекиликтер койсун мени кечирип.

Эне тилин билбей туруп,

Эне тилге күйбөй туруп,

Эли-журтун

Сүйө мүн деш чекилик.



Ысыгың а алар күйүп,

Суугуң а тоңалбайт,

Эне тилин түшүнбө гөн

Кур кыйкырып күпүлдө гөн,

Эч убакта Ата Журттун

Анык уулу болалбайт!



Бул чындыкты

Тилин танган

Тилазарлар,

Динин танган

Диназарлар угушсун.

Мейли алардын куйкалары

Курумшудай курушсун.

Ар улуттун улуттугун аныктаар,

Тил деген бул –

МЕТРИКАСЫ улуттун!





Анан муну билип ал,

Адам түгүл,

Айбандын да тили бар.

Жана да бир кызык кеп,

Айтканыма далил болоор бышык кеп:

«Ав-ав! » десе күчүк деп,

«Мый-оо» десе,

Түшү нөбүз мышык деп.

Койдо «Ма-а» бар,

Уйда «Мө-ө» бар атүгүл.

Тилибизди биз билбесек,

Кандай болот катыгүн! ?



Суур деле таштай элек аңкушун,

А сен, кыргыз, байкушум…

Өз тилиңди жерисең,

Айтчы анда

Ким болосуң деги сен?!



Маңкурттарды көрүп туруп,

Маңкурттукка кыялбайм.

КЫРГЫЗ десе сыймыктанам,

КЫРГЫЗ десе уялбайм.

Кыргыз тилин билбегенди

КЫРГЫЗ десе ынанбайм!



Көң үлүмдө жай таптырбас бушман бар,

Бул шумдукту

Укпаган бар,

Уккан бар:

Өз тилине өзү каршы чыккан бар,

Өзө к өрттөп,

Өздө н чыккан душман бар.



Кыргыз туруп

Кыргыз боло албаган,

Кийиз жүрөк

«Киргиздерге» таң калам.

Эне тили гүлдөп жаткан,

Эне тилде сүйлөп жаткан,

Коңшулардан арданам.



Тилибизге кесир кылсак,

Тирү ү туруп жетим кылсак,

Чоң өкүнү ч бар мында.

Жууса кетпес күнөө болор

Соңку келчү урпактардын алдында.







Эл ичинде эселек бар,

Эсер бар,

Ыймансыз бар,

Жана ырыс кесер бар.

Жакшы билбей эне тилин

«ЖАРДЫ» - деп,

Жанын жеген безер бар,

Ушундай бир кесел бар.



Эй кыргызым,

Ким деп айтам,

Кыргыз тилин

Жарды деген балаңды?

Жарды эмес кыргыз тили,

Так өзүнү н жан дүйнөсү караңгы.



Дегеле ошол

Кыргызмын деп,

Кыргыз үчүн

Кызмат кылчу адамбы?!

Жок, калайык,

Өздө н чыккан сасыткылар,

Саткындар дейм аларды.

Толубайың сындаган тил,

Арстанбек ырдаган тил,

Манас бабаң сүйлөгө н тил,

Жыйырма эки кылым бою

Кыргызды алга сүйрөгө н тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Жээренчебиз сайраган тил,

Жеңи жок ыр кайраган тил,

Карачачың канбаган тил,

Жаныбектей аксымдарды

Жарга такап жайлаган тил,

Тагай бийден тараган тил,

Кара мүртөз кан-бектерди

Кадамактай кадаган тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Өнбө с доону өндүргө н тил,

Өжө рдү эпке көндүргө н тил,

Жаш жүрөктү ийиткен тил,

Таш жүрөктү жибиткен тил

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Кылым менен оожалган тил,

Кыргындардан соо калган тил,

Байрон, Бальзак, Шекспирди,

Бал татытып оодарган тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Пушкин, Тютчев, Есенинди,

Толстойду, Карамзинди,

Кыргыздарча сүйлөткө н тил,

Кызгалдактай гүлдөткө н тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Кеп атасын барктаган тил,

Кесер башты сактаган тил,

Эрди кундан куткарткан тил,

Эгешкенди жумшарткан тил,

Кан төгүү нү токтоткон тил,

Касташкандар достошкон тил,

ЖАРДЫ ТИЛБИ, КАЛАЙЫК!?



Санап-санап кетем эргип,

Сан ойлорго жетем эргип,

Ушул тилди жарды тил деш –

Ары жагы келесоолук,

Бери жагы текеберлик!







Тирү үчүлү к сезилбесе,

Турмуш өлдү деп билем,

Түндө жаркып көрүнбө сө,

Жылдыз өлдү деп билем,

Кыргыз тили сүйлөнбө сө,

Кыргыз өлдү деп билем!



Улутуң дун уулу болуп,

Улайм десең учугун,

Өзгө лөрдөн калып калбай,

Өссү н десең тукумум,

Эне тилге толук бойдон

Берү ү керек укугун.



Басмырланып башка тилге,

Жыйындарда сүйлөнбө сө,

Аймагында жашаган эл

Аздап-аздап үйрөнбө сө,

Көчө тилдин деңгээлинен

Көтө рүлбөйт тилибиз,

Тил өспөсө ,

Кантип өсөт дилибиз,

Энөө Кыке,

Анан муну билиңиз:

Токтом токуп салуу менен,

Буйрук кабыл алуу менен,

Өспө йт тилиң, калың журт,

Кан-жанымдан

Кайнап чыккан зарымды ук?!



Атың кыргыз,

Затың башка,

Өзү ң кыргыз,

Сөзү ң башка,

Диниң кыргыз

Тилиң башка

Болуп калсын дебесең –

Жыйындарда,

Курултайда,

Чогулушта,

Жолугушта,

Ажоң баштап,

Кожоң коштоп,

Өз тилиңде сүйлөбө йсүң неге сен?!



Кылым сүргөн кыргыз тили,

Кызгалдактай гүлдөсү н,

Жайып тамыр-бутактарын

Жаш арчадай бүрдөсү н,
Ишкананы кенен ээлеп,


Иш кагазда сайрасын,

Көчө лөрдө эркин басып,

Көрнө ктөрдө жайнасын.



Бакчалардан байыр алып,

Окуу жайда окулсун,

Тоолуктардын өз тилинде,

Токтомдору токулсун,

Телеграф, телефондор

Сүйлө п турсун кыргызча,

Ата Журттун эне тили

Аралашсын турмушка.

Желбиреген желегиндей,

Жетсин колу жылдызга!







Бул чындыкты өз да,

Жат да угушсун,

ЭНЕ ТИЛИМ –

ЭНЕМ,

ЭЛИМ,

УЮТКУМ.



Тунук болсом, -

Тилим менен тунукмун,

Улук болсом, -

Тилим менен улукмун,

УЛУТ БОЛСОМ, -

ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН!

Анткени тил –

Ар улуттун улуттугун аныктаар,

ПАСПОРТУ да,

МАНДАТЫ да,

МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН!

Эсенгул Ибраев

[color="#8b0000" ]Azamatsyn MIRANDA!!! :) okup oturup ayabay tolkundandym.Eger bolso dagy jazsan...?Negizi biz kyrgyzdar bashka tildi tez uyronobuz,ozdoshturo
buz.Tigi sarttardy karasan tilin omuru satpayt.Misaly bir aiylda 5000 kyrgyzdyn arasynda 1 sart jashasa omuru otkoncho sartcha suyloyt,kerek bolso aylanasyndagylardy sartcha suylogongo uyrotup koyot! Oylon ZAMANDASH biz kayda baratabyz....

Ой жеткен жерге кол жетет.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Атасынын баласы   08 Сентябрь 2008 - 09:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 472
  • Катталган: 25 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Июн 2021 09:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кээ бир адамдарга кыргызча суйлосон эле колхоз дей баштайт. Айылдан келген жапайы адам катары корушот. Чын-чынында тескерисинче. Кээ бир орус улутундагы адамдарды карагылачы, кыргызча тим эле так суйлойт. Ошол орусча жокпузбу? Биздин "а" дегенде "ужас", "кошмар" дегенден баштайбыз (озгочо кыздар, таарынбагыла)...
Хорошо когда собака - друг,
Но очень плохо когда друг - собака!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   bomba   19 Сентябрь 2008 - 13:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 19 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 07 Фев 2018 11:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Osh

Иконки сообщения 

менин ойумча, аларда куноо жок деп аяган болбойт го. кантип эле кыргыз болуп туруп туш жоруганга жарабаса уят-уят-уят. Тил эксперттеринин маалыматтарына таяна турган болсок жакынкы аралыкта жоголуучу тилдердин тизмегине биз да киргенбиз. Бирок казак тили бизден алдын кетет экен. ДЕМЕК..... :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   bomba   19 Сентябрь 2008 - 13:58

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 19 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 07 Фев 2018 11:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Osh

Азаматсын Миранда, Бул ырды окуп журокто катып калган ойлор жибигендигин байкадым. белес радиосунан мен кыргызмын деген саптарды укканда да ушундай болгон элем :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   LIFE   19 Сентябрь 2008 - 14:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Кыргыздар кыргызча билбесе эле жүрөгү м канай берет. Орустар билбесе жиним келет. Эмне кыргыздар гана милдеттү үбү орусча жана кыргызча сүйлөө гө? Жок, канчалык көп тил билүү адамдын акыл-эсинин жогору экендигин билдирет. Буйруса, орустар да кыргызча сүйлөп калгысы бардыр Кыргызстанда.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Maika   20 Сентябрь 2008 - 05:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 824
  • Катталган: 23 Август 08
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

Кыргыздардын арасында кыргызча суйлосон уят болосун.Мисалы, бул нерсеге кечээ эле туш болдум кыргызча суйлоп койсом тоготушпай? Бул эмне биздеги карангылыкпы же...
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   SHAITANKA   20 Сентябрь 2008 - 14:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 716
  • Катталган: 22 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 05 Дек 2008 13:59
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Шаарда осуп, кыргыз тилин билбей калган "киргиздердики" дагы кечиримдуу. Айылдан кечээ келип алып, билген тилин чанып, орусча суйлоп калгандарды кантсек болот???
CУДЬБА НИКОГДА НЕ ЗАКРЫВАЕТ ПЕРЕД ЧЕЛОВЕКОМ ОДНУ ДВЕРЬ, ПРЕДВАРИТЕЛЬНО НЕ ОТКРЫВ ДРУГУЮ.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   ernie   10 Октябрь 2008 - 08:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 27 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Дек 2020 17:16
  • Жынысы:Эркек

Cалам. Билбейм эми оздору кыргыз анан кыргызча билишпейт уят эле го, ал эмес кээ бир орустар кыргызча билишет. Мен эки уч орусту билем таптак суйлошот. Эмне кылмак элек айла жок да алар шаарда оссо, жалан эле орусча суйлоп оссо анан билбейм айылга алып барып эле кетирбей байлап койбосок! Айла жок уйронмок да кыргыздардын арасында журуп. Мындан башка жол жок го дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Prince   10 Октябрь 2008 - 09:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 383
  • Катталган: 10 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 17 Июл 2021 20:08
  • Жынысы:Эркек

Жакшы тема экен мага аябай жакты, жана баарына сабак боло турган экен.

Баарыбыз эмнеге тилибиздин унутулуп кетип атканына, оз тилибиз турса башка тилди туу тутканыбызга окунуп атыптырбыз. Бул жагыбыз жакшы бирок, ишжузуно келгенде же коомдо орусчалап кетебиз. Буну тана албайбыз, кашкайып турган чындык! Мисалы алып карайлы СУПЕРге Ruslann деген ник менен бир казак тууганыбыз катталды. Баарынар коруп атасынар казакча кылып аттын кашкасындай кылып эле бир кыргызча аралаштырбай жазып атат, биз ага казакча жооп берип атабыз, ушунун озу эле мисал да туугандар! Макул башка элдин жарандары куттуу кыргыз элине кызыгышат экен эмнеге тилибизди сыйлабайт? Элибизде соз бар "эгер жегенди кааласан иштегенди бил" - деген. Андыктан биздин арабызга кошулат экен биздин шартыбызга кошулуш керек! (Кечирип кой Ruslann,сени мисал кылып атканыма) Ал эмес форумдун эрежелеринде да айтылган бардык нерселер кыргыз тилинде жургузулот деп. Бирок эрежени эшектин чомундай да корбой атабыз го?! Кааласак орусча, англисче, казакча жазып калддык эч ким карабай калды. Биз озгочолонуп турушубуз керек эле го? Биздин башкалардан айырмабыз кыргыз тилинде баарлашканыбыз, кыргыз тилин туу тутканыбыз.
Макул башка тилди билишсин "тил билген дил билет" "тил байлык" бирок озубуздун тилибизди сатбашыбыз керек. Эмне же озубуздун ички сезимибизди, оюбузду тушундуруш учун кыргызча соз тугонуп калдыбы? Жок! Андай эмес кыргыз тили кооноргус тил кыргыз элине 2200 жыл болсо ошондон бери тилин жоготбой эле сактап келишкен, акындар куну тундоп ырларын турмоктотуп жазып келишкен, манасчысы буркан-шаркан тущуп "Манасын" айтышкан, ырчысы ырын кубулжуткан, ушунун баары эле кыргызча болуп келген. Эмне эми эле соз тугонуп калыптырбы? Кобунон сурасан эле орусчалап киришет. кыргызчасын айт десен кыргызча тушундуро албайм деп киришет, же кыргыз тилин жарды деп кыргыз тилине коет куноону. Жок андай эмес, ошол адамдын озу жан дуйносу жарды, ата-энеси ага тилге мекенге суйуу деген нерсени берген эмес. Балада жетишээрлик ан сезим жок!

Бизде тушунук бар эгерде орусча же башка тилде суйлоп калсак куру керенде (блатной) болуп калабыз деген. Эгерде кочодо отуп кетип атсан кыргыз болуп туруп орусча суйлошот же келип орусча суйлоп саатты сурашат. Орусча эптеп суйлошсо кана ошону да кээ бири балжыратып туура эмес суйлошот, куйбогон жерин кул болуп кетет. Уялбайбы, андан коро кыргызча эле суйлосо эмне бири-бирибизди жеп алабызбы, же башка тилде суйло деп урушабызбы?

Ушундай экен да!...

Айта берсен тугонбогон арман коп,
Тубу курсун, чындыгы жок дуйно бок!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Nur Abdulaziz   10 Октябрь 2008 - 15:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 21 Март 08
  • Соңку аракети: 25 Апр 2020 04:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

bizde ozyncho ele bashkacha psixologiya-egerde bir kyz menen taanyshyp jatyp,je ishke ornoshoyun desen jana owondo KYRGYZCHA syiloson-sen "DEREVNYA" je alardyn tilinde "myrkynbay" !Oruscha syiloson "svoy chel"!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   ABU   11 Октябрь 2008 - 09:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 26 Март 08
  • Соңку аракети: 25 Июл 2020 00:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

"Эне тилим-эне сутум"- дегенде эле кеп жатпайбы эне тил кандай маанилуу экени.
niko
сен айткан нерселер мен да кошулам.Бирок азыр кичине болсо дагы кыргыз тили онугуп келетат.Кыргызча билбегендерди соз айтып, акыл айтып уйрото албайбыз бир гана иштерибиз менен уйрото алабыз.Орнок адам болуп!

Цитата

Адамга мин айткыча бир корсот
-дегендей
" Кто советуется, тот не пожалеет "(С.А.В)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   чон тапан   11 Октябрь 2008 - 12:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 04 Июнь 08
  • Соңку аракети: 09 Окт 2015 11:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:бишкек

Цитата

Кыргыз болуп эне тилин билбегендер, Кыргызча суйлогондон уялышат.



Андайаларды Россияга жонотуш керек, Кыргызстандын паспорту менен. Ошондо оз элинин, тууган тилинин баркын билишет. Мындай адамдар менен жыргатып, олкобуздун келечегин кура албайбыз. Мен кыргыз болгон сон, ошол элдин намысын коргошум керек да. Азыркы Россияны корсон, тим эле ичин куйот. Ушунчалык мекенчилдер. Бизге эмне жетишпейт билбейм. Мамлекетибиз, жерибиз деги эле баардыгы бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   romantik   26 Октябрь 2008 - 16:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 71
  • Катталган: 16 Июль 08
  • Соңку аракети: 04 Фев 2022 23:41
  • Жынысы:Эркек

Molodes Miranda urun jakshu jazuluptur
ene tilin bilbegen elin suiup jarutpait degen chun da
Сабырдын туйу сары алтын!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Абайла   27 Октябрь 2008 - 11:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 14 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Июн 2013 18:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:no where

Иконки сообщения 

Мен кыргызмын, бирок кыргызча ката жазганыма анан кээ бир создорду билбегениме карабастан.  
Без свободы - гаснет дух; без духа - вырождается и гибнет свобода. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Adikus   07 Ноябрь 2008 - 20:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 07 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2008 15:00

Цитата

Мындай адамдар менен жыргатып, олкобуздун келечегин кура албайбыз.



Кыргыз тилин кыйрата билип деле казынананын жарымын чонтокко салып качкан акмактар бар. Кыргызчаны билбеген кыргыздарга акырындан кыргыз тилин уйротуш керек. Бала бакчадан баштап кичинеден кыргыз тилин синдирип башташ керек. Россияга кетириш керек денег туура эмес. Ансыз деле орус тилин билбеген кыргыздар Россияда кыйналып журушот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   салтанат   03 Декабрь 2008 - 14:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 03 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 13 Апр 2010 14:43

кандайсынар КЫРГЫЗ туугандар. чын эле prince жазып кеткендей эле болуп жатат. КЫРГЫЗ казак тууган деп коюшат го бирок негедир Руслан казакча жазса биз ага озубуздун тилибизде жазбай анын тилинде жооп берип жатабыз. бул 1 аны сыйлагандык бирок биз БИРИНЧИДЕН озубуздун тилибизди озубузду сыйлашыбыз керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   alisherhan   03 Декабрь 2008 - 14:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 25
  • Катталган: 25 Март 07
  • Соңку аракети: 30 Дек 2019 12:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:KG

Иконки сообщения 

Эми КИРГИЗдре бизде жетишеерлик. . ошолор озулору аракет кылбайт да!
Атындан кагылайын КЫРГЫЗ элим!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 01:34

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: