Мен Ноокат шаарынанмын.
Алыска турмушка чыкканды андай деле жактъра бербеймин.Бирок кай жерге тушпойун бактылуу болсом болду.
Турмуш курууда жерлигине карайсыңарбы?
#82 18 May 2012 - 13:34
"Ат баспайм деген жерин мин басат"деген кеп бекеринен айтылбаса керек,азыр айта беребиз карабайм,карайм деп,ошол маал келгенде ошол барбайм деген жагыбызга конууго аргасыз болобуз,себеби ортодо суйуу кармап турат,мен да кайсы жака болбосун,барган жеримден бактылуу болсом болду деп келем,мурун жерлигине карачумесмин,
азыр деле карабайм,бирок мен канчалык жерлигине карабайын десем кошуналарым кобунчосу Талас,Нарын,
Чуйлуктор жиниме тийе беришет,ой Оштуктар андай келишет,мындай келишет,тан заардан туруп эшик шыпырышаат деп,кылсак баарыбыз эле озубуз учун кылабыз да анын эмнеси жаман,кайжака турмушка чыксак да кудай бактыбызды кошо берсин
#83 08 June 2012 - 14:22
Албетте, биринчи бактыны тилеш керекдечи, бирок, кыргызда алыш-катыш, аш-той, олум-житим деген бар. Элестеткиле анан жолдун алыстыгын.
#84 09 June 2012 - 19:39
Жок жерлигине карабайм.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#86 11 June 2012 - 13:38
Мен жердигине карабайм,негизгиси мени,ата-энемди сыйлаган,жана тамакты даамдуу жасаса болду.Келбетине да коп маани бербейм,сулуулукту кыздардын журогунон издеп келем.Эмнегедир ушул убакытка чейин издеген кызды таба албадым.Балким,
жок нерсени издеп жаткандырмын.
#87 17 June 2012 - 12:07
Эгер эки-жаш бактылуу болушса жерликтин эч кандай кереги жок. Ансыз деле акча учун башка мамлекетке турмушка чыккан кыздар кобойду,ушулар кызбы деги андайлар уй-було эмне экенин билишпейт акча болсо болду аларга.
#89 17 June 2012 - 13:00
Jerligine karabaym, birok jashay turgan jerdi tandayt ekem. Kaysi jerden bolsoda Bishkekte jashashti kaalaym. Sebebi bardik jakshy korgon dostorum Bishkekte, alis ketkim kelgen jok. Papam Koldon, mamam Talastan , a men kaysi oblastti da biriktiret boldum eken jurom .
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной,
имею наглость быть счастливой!
!!
#90 17 June 2012 - 13:17
Men jerligine kyzykpaim,en negizgisi baktyluu bolsok boldu...buiursa aliiis jerge kelin bolot okwoim...
#91 20 May 2013 - 11:02
Айрымдар үчүн өтө маанилүү экен. Түндүк-түштүк деп каршы чыккандарды жөн гана шылтоо деп түшүнөм. Эгер чыныгы сүйүү болсо жердик деген маселе жаралбайт. Өкүнүчтүү абдан.
#92 20 May 2013 - 14:57
Жеке мага жерлиги кызыктырбайт.
Кызыктырганы бактылуу жашообуз Бишкекте өтсө болду. Себеби жакындарымдын баары Бишкекте турушат. Мен алардан алыстагым келбейт. Ошондуктан тилегим ушул. Бирок турмуш мен ойлогондой болсо, жашоомо чексиз раазымын!
Мен дүйнөгө ибадатка келгемин,
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин,
Бүгүн болсом убактылуу дүйнөдө,
Эртең эле сурак берчүү жердемин.
#93 20 May 2013 - 19:11
мен жерлигине карайм... анан салттарын билип чыгам туура келбей калса кийин кыйын болот
#95 21 May 2013 - 07:16
Мен учун жерлиги мааниге ээ эмес.(энем учун жерлиги биринчи орунда,алыска бергиси келбейт)
#96 21 May 2013 - 09:53
Мен го карыш эле жерден уйлонгонмун,
бирок,кээде(жамандык-
жакшылыкта)жерлиги да роль ойноп калган учурлар болот.Эми, суйуп калсан айла жок,"Алысты жакын кылган кыз"эмеспи.
Балалыгым эми балдарымда!
#97 21 May 2013 - 10:48
Айрымдар үчүн өтө маанилүү экен. Түндүк-түштүк деп каршы чыккандарды жөн гана шылтоо деп түшүнөм. Эгер чыныгы сүйүү болсо жердик деген маселе жаралбайт. Өкүнүчтүү абдан.
Эми ар кандай адамдар болот, анын баарына үн жеткирүү кыйын. Дагы жакшы барган сайын жердигине карабай кол кармашкандар көбөйүп барат, ал эмес, улутуна деле маани бербегендер четинен чыгат эмеспи.
Эң башкысы - ошол эки адамдын табышканы да, туурабы? Өмүрүңдү тапшыра турган, мындан кийинки бүт убактыңды арначу кишини деле издөө оор. Баягы бир чыгармалар бар го, арзышкандар бири-бирине не деген сөздөрдү жаадырышпайт "экөөбүздүн бир мезгилде, бир жерде табыштырган тагдырга ыраазымын" дегендейчи. .. Ким билсин, мисалы, сенин адамың бул кылымда эмес, кийинкисинде төрөлөттүр, же башка өлкөдө...))) Өтө эле татаалдаштырып жибердим окшойт. Кыскасы, кошуна эшиктеги бирөөгө тийсең деле, ким сага кепилдик берет бактылуу жашайсың деп?
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#98 21 May 2013 - 11:15
Азыркыдай техника өнүккөн учурда жердиги көп проблема туудурбаса керек менимче...негизгиси мусулман болсо болду да
(эхх,добуш бере албайткенмин азыр)
(эхх,добуш бере албайткенмин азыр)
Жашоодо эрежелер жок,"жаратылыш"
мыйзамдары гана бар!
#99 21 May 2013 - 12:02
Эгер эки-жаш бактылуу болушса жерликтин эч кандай кереги жок. Ансыз деле акча учун башка мамлекетке турмушка чыккан кыздар кобойду,ушулар кызбы деги андайлар уй-було эмне экенин билишпейт акча болсо болду аларга.
хее анча эмне катуу кеттин? кичине алдын артын карап суйлосон! мен башка мамлекетке, башка улутка чыктым. байлык учун эмес суйуу учун уй було курдук.
#100 21 May 2013 - 14:20
Жердиги проблема эмес. Бирок кээ бир салттар ойлонтот да адамды. Салты башканын тарбиясы да башкача болуп калат имиш...

Супер-Инфо
super.kg
видео























