Азыр мечитте деле дуба окутуп тумар жазап жатышат. Жаман көздөн сактасын деп. Ошол ниетте тумарды колдонот. Көздүн талисманын мусульмандар илип коюшат үйүнө жамандык кирбесин. Тесмени ар дайым жанында алып жүрүшөт.
Эми.. кеп ошол "мусулмандар" тууралуу болсун!..
Эээй.. биз башына топу кийген адамды эле молдо дей беребиз. Башына селде оронгон адамды бейишке түз баруучу, дал мотоцикл менен баруучудай көрөбүз. Селдесинин өлчөмүнө карата мунун илими чексиз болсо керек деген да ойго кетебиз. А кээ бирлерибиз. . аларды мыскылдоо менен да карайбыз.. Андайлар да бар. Беш кол тең эмес. Бирок, ошол селдечендердин да.. "бармагы" , "ортону" бар дегендей.
Ошо болбогон акчага тумар чийип берип жаткандардын бар экенин тана албайм. Алардын илими жок. Болсо да совет доорунда атайы бурмаланган медреселерде илим алган "молдокелер" . Аларды көрүп жалпы мусулмандар деп айтыштан алым бололу.
Теспе жөнүндө болсо, анын эч кандай сверхкасиеттүүфункциялары жок. Аны Аллахтын аты эстеп зикр кылганда гана, эсептен жаңылуучу чалдар гана колдонууга мүмкүн. А жаштардын азыр акылы адашпай туруп.. ошол теспени колуна алып жүргөндөрүн көрүп "бырс" күлгөндөн башка арга калбайт. Анан ошолорду билип-билбей эле, Программер, сен код жаза салганың кызык экен. Биринчиден данныйларды компилировать этип, андан чыккан жыйынтыкты анан тесттен он сыйра өткөзүп анан Приложение жасасаң болмок экен. (Мен университет курсун эстей койдум)
Иним, сен таарынба, бул эмне мага мынча асылып калды деп. Дин - оюнчук эмес! Эртең жооп берчү күн келет. Чала бучук билген нерселерибизи жазабыз деп, Алланын алдынды жооп берээр күн келгенде не дейбиз?.. Экөөбүздүн себебизден башка бирөөлөр азапка туш болуп жатса?..
А мен дин маселесинде келтире турган далилимди колумдан келишимче келтирдим. Эгер дин жагында жакшы илими бар адамдар болсо, менин жазган шилтемелерим боюнча издеп, таап териштирип алса болот. Ошол себептүү шилтемелерди көпчүлүк окурмандарды кызыктырбасын билип турсам деле жазып кеттим.
Ошол.
Баарыңарга Аллахтын сүйүктүү саламы: Ассалааму алейкум уа рахматуЛлахи уа баракаатух (Сиздерге Аллахтын саламы, берекети жана рахматы болсун)!

Супер-Инфо
super.kg
видео






















