
Тема боюнча:
Өйдө жакта Таллас брат айтватпайбы, "мал ээсин тартпаса арам өлөт" деп, анысы карындай менин иттеримдин баары мага окшоп, акылдуу келишет...

Элге окшоп пародистый ит бакпасак да, жакшы иттер эле

ШарикАпапакай болгон дөбөт болчу. Күндө эртең менен кошунанын тоок канасынан бир жумуртканы тиштеп келип, биздин үйдүн кире беришиндеги тепкичке коюп койчу экен. Мамам менен папам эртең менен турганда, "кайсы жинди тоок муздак цементке тууп атат?" деп ойлоп жүрүшүптүр. Ошентип, шарик бизди 2 жыл жумуртка менен баккан экен. Анан эң кызыгы шаригибиз үйгө конок келсе, спокойно кийрип ийчү да, коноктор кетээринде эшикке узунунан жатып алчу...Байкушумду кийин Барскоондун ит атарлары атып салышыптыр

Тарзан менен Акжолтой деген эки итибиз бар болчу, Акжолтой кара, Тарзан ак дөбөт эле. Экөө эч качан жалгыз жүрчү эмес, өлгөндө да чоогу Барскоондун цианидине ууланып өлүшкөн.
Тарзан младший деген итибизди мамам бирөөлөрдүкүнөн жаңы туулган кезинде сатып келген. Кыштын күнү болгондуктан көзү ачыла элек кенедей күчүккө кичинекей баладай кылып бөтөлкө менен сүт берип жазга чейин үйгө баккам. байкушума кошуна аял даары берип өлтүрүп койгон. Байкем экөөбүз Тарзан өлгондө талаага чыгып алып, кучакташып алып ыйлаганбыз

Марго күчүк кезинде өзү эле келип алган биздин үйгө. Ургаачы болчу. Түнкүсүн агытып коюп, күндүз байлап койчубуз. Эртең менен байлаар маалда, аркабыздан ээрчип барып, алдынкы эки бутуна чөгөлөп отуруп, моюнун тосуп берчү. Жакшы багылгандыктан өлө семирип, аж майы жылтырап терисине чыга баштаган кезде милицияда иштеген бир байке местный зектерге "дарить этип" коюптур

Лохматик бул дагы өзү келген. Биз жумуштан келгенде, дайыма эки бутуна туруп салам берчү. Мамам бир жакка кетсе, кыңкылдай берчү. Биз көчүп атканда 2 күн тамак ичпей, үнүн чыгарбай, биз менен саламдашпай койгон...таарынса керек да...
Ошо бойдон итибиз жоооооооок. ..