Учкул сөздөр, асыл ойлор менен бөлүшөбүз... Бул жакка өзүбүздүн сөздөрүбүздү ылгап анан жазмай замандаштар.
#781 08 Июнь 2012 - 23:39
Бироого соз айтсан, же жашаткыдай, же олтургудой кылып айт.Бирок,эч качан жаралуу бойдон калтырба....
#782 09 Июнь 2012 - 04:49
Заман тулку болсо, сен да тулку бол дешет.

Заман хамелион болсо, сен озун менен озун бол.
Тируулукко терс жулунбай, тиричилик агымына умтул.

#783 09 Июнь 2012 - 19:16
Талантты карызга бербейт эч ким колго,
Талант бул жараткандан алган олжо.
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 09 Июнь 2012 - 19:17
#784 10 Июнь 2012 - 00:32
#785 13 Июнь 2012 - 01:48
Хадис.
#786 13 Июнь 2012 - 09:05
Таттуунан да ачуусу болот
#787 13 Июнь 2012 - 09:23
Эгерде адам көп күлө берсе, айрыкча болбогон нерселерге деле, демек бул адамдын өтө чоң кайгысы бар.
Эгерде адам көп уктаса, демек ал жалгыз.
Эгерде адам тез жана аз сүйлөсө, демек чоң сырды бекитип жүрөт.
Эгерде адам ыйлай албаса, демек ал алсыз.
Эгерде адам ашыкча көп тамак жесе, ал бир нерседен кабатыр.
Эгерде адам майда нерсеге деле ыйлай берсе, ал назик көңүлдүү.
Эгерде кимдир бирөө колу бош эмес экенине карабай, сенин абалыңды сурап турса, демек чындап сени сүйгөн адам дал ошол!

Жеңиш - менин тагдырым.
#788 14 Июнь 2012 - 10:14
adalsvards (13 Июнь 2012 - 09:23) жазган:
Эгерде адам көп уктаса, демек ал жалгыз.
Бул сапты мени карап жазгандай экен.... Суткасына 10дон 18 саатка чейин уктайт деген бул жакшы эмес го...
Суйуу – бул «тошок» режимин талап кылчу оору.
Суйуу туболук… Бирок оноктоштор (партнерлор) гана алмашып турат…
Бир коргондон суйуу экинчи ботолкодон кийин гана келет…
Суйуу оту катуу жанат, эгер аны акча менен куулосо.
Омур – бул откон кундор эмес, эсте калган кундор…
Омур – бул 100% олум менен буткон оору.
Омурду ото эле журокко кабыл албагыла, ал убактылуу кубулуш.
Жашоого арызданба, бул да болбой калышы мумкун эле.
Олумдон качып кутулуш учун омурдон да жан кечсе болот.
Омур – олумго болгон кезек. Жиндилер гана кезексиз жулунат…
Жашоо – бул кыймыл. Айрыкча суйуу учурунда...
Эркек адамдын проблемалары аял анын акчасына чечингенде башталбайт. Проблемалар аял эркектин акчасына кийине баштаганда башталат.
Бутерброд мыйзамына ишенуу менен томонкудой жыйынтык чыгарса болот: бутербродду эки жагынан май менен суйкосо ал абада калкып калат.
Жакшы адамдар учун алып жиберели. Азайып баратабыз.
Кезек – бул эл бири-бирин жоготуп жиберуудон корко турган жер.
Win95 самолет сынары: журок айланат, бирок чыгып кетуу мумкун эмес.
Арак ичкенде олчомду билиш абзел, болбосо аз ичип коюу.

#789 14 Июнь 2012 - 11:08
Аялзат жалпы эреже сыяктуу: эреже, аял сынары, копчулук учурда озгочолукко ээ.
Аялзат алсыздыгы менен кучтуу.
Аялзатты суйлотуш учун миндеген жол бар, бирок анын унун басыш учун бироо да жок.
Кимде ким жакшы менен жамандын, омур менен олумдун, ал тугул бардык нерсенин манызын билген болсо да, аны аялзаттын журуш-турушу тан калдырат.
Аялзаттыкы бут дене бою – журок, ал тургай башы да.
Саясатка аралашкан аялдар ителгиге айланган тооктор.
Жашын жашырбаган аял ото жаш жана ал жогото турган эч нерсе жок, же ото картан жана ал издей турган эч нерсе жок.
Аялзат эч качан ал учун жасалган нерсени байкабайт, бирок ал учун жасалбаган нерсени дароо байкайт.
Биз озубуздун баабызды жакшы билебиз. Ал дайыма биздин кызмат акыбыздан ойдороок.
Сиз менин созумду болуп жатканда, менин суйлогонум учун кечирип коюнуз.
Тамеки адамдын омурун 2 саатка кыскартат, бир ботолко арак - 3 саатка, ал эми жумуш куну болсо омурду 8 саатка кыскартат.
Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 14 Июнь 2012 - 11:09
#790 14 Июнь 2012 - 13:49
#791 15 Июнь 2012 - 00:09
#792 15 Июнь 2012 - 01:06
***
Жашоодо дөөдүрлөр болгонуна да шүгүр. Аларды көрбөсөк, биз да дөөдүрөп жүрмөкпүз.
***
Досту эмес, касыңды кечириш оңой.
#793 15 Июнь 2012 - 01:07
***
Бакытты издеген адам тамтаңдаган маска окшош: үйү бар экенин билет. Таппайт. Издей берет, издей берет.
***
Медицинанын кудурети эмнеде? Жараткан өзү оорууну айыктырганча эптеп-септеп кармап турушта.
***
Гомер менен Гесиоддун убагында китеп аттууң аз болгондой эле, биздин заман жакшы китепке таңсык.
***
Жеке кызыкчылык сүйүүдөн өткөн сокур.
#794 15 Июнь 2012 - 06:34
Талант бул жараткандан алган олжо...... (Жусуп Баласагын)
Билдирүүнү түзөткөн: nuradyl88: 15 Июнь 2012 - 06:35
#795 15 Июнь 2012 - 06:52
***************
"Омур бизден отуп кетсе, эл эмгектен эскерсин..." (Аалы болуш керек адашпасам)
***************
Бардык жаныбарлардын ичинене адам гана куло алат........ (Аристотель)
***************
Таш менен бодонону чапсан да бодоно олот,
Бодоно менен ташты чапсан да бодоно олот.
.***********
Суйушкон Айгыр менен Байталга - чоп да башкача жыттанат! ....
Билдирүүнү түзөткөн: nuradyl88: 15 Июнь 2012 - 06:53
#796 15 Июнь 2012 - 07:21
Бир айдын маанисин тушунгун келсе,ара торогон келин менен ангемелеш...
Бир жуманын кадырын,командировкада жургондо билесин...
Бир сааттын канчалык экендигин суйушкондордон, куткондордон сура...
Бир минут эмне экенин сезгин келсе,поездге кеч калган жургунчудон сура....
Бир секунддун кадырын билем десен,аварияга кабылган айдоочунун ордуна, озунду коюп кор.....
Бир милли секунд эмне экенин,олимпиадага катышып,рекорд коюп аткан спринтер гана билет....
#797 18 Июнь 2012 - 05:21
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
#798 18 Июнь 2012 - 17:51
#799 18 Июнь 2012 - 19:55
***
Дин же сүйүү болбогон жерде аял намысы тебеленет.
***
Оргу-баргы мүнөздүүлөрдү жакшы көрөм. Себеби алардын аккөңүл, акылдуу экенинен шектенбейм. Арампөштөр менен акмактар гана дайыма тымпыйып, зыңгырап жүрүшөт.
#800 18 Июнь 2012 - 19:56
***
Химиядан башканы түшүнбөгөн адис химияны деле кыйратып түшүнөрүнө көзүм жетпейт.
***
Качан болсо убактым аз деп жүргөндөр адатта эчнерсе кылбагандар.
***
Өтө көп окуган адамдар чоң ачылыштарды чанда бир жаратат.