Арадан айлар отуп,жыл да отту мурдагыдай кубанычтуу кундорубуз артта калгандай сезилет.Эстесем журогум эзилет,сагынам ушинтип ото берсе тез эле картая каламго.Эх балалык эле сонун экен,эч нерсе ойдо жок,ач каласынбы..ток каласынбы ишин жок.Азырчы баскан кадамында акчаны энсейсин,проблемага туш болосун.Чойрондогулор эмне кылса ошону кылып,талашса талашып,баалашса баалашып жашыбыз отуп баратканын унутуп да коёбуз.
Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1602 18 June 2012 - 16:27
Көзүңө тике карап туруп, ишендире калп айтып койгон эмне өнөр? Адамдын сезимдери менен да ушунчалык ойнойбу деги? Ооба, мен жаңылдым. Менин катачылыгым келечегим аңдабай ага жакындаганым.
Бирок, адам болгон соң башка бирөөнүн абалын түшүнүү керек го. Тескерисинче анын алсыздыгы менен колдонуп жатканы туура ишпи эми? Баарына көздү жумуп туруп жасаган кадамым ката болуп калышын каалабайт элем. Мынча алсыз болом деп эч ойлобогом. Өзүм баштаган нерсеге, өзүм чекит коюуу өз колумда, бирок коркуп жатам...Мындай абал менде мурун эч болгон эмес, кыйын экен. Бирөөгө ишенип, ишеничиң акталбай калганы өтө кыйын экен...
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#1603 18 June 2012 - 17:51
Кундор отуп жатат, мезгил менен алышып коюп журобуз. Жаш балача озумду алдай берип уялып деле кеттим озумдон. Кайра туруп неге дейм? Айтор, отуудо кундор. Бир гана озгоргонум адамдарга мурдагыдай ишенбей калганым болуптур, калганы нугунда журуп барат.
#1604 19 June 2012 - 12:51
эхххххххххх Кудай..... бул эмне деп коркутканын?
Атакем алып кеткенин аз келгенсип, эми Апамды алып да кетейин деп атасынбы?сенден суранам ,андайга жол бербе...журогу кармап , больницага алып кетти дегенде, жашагым келбей кетти....кийин Апакемдин унун угуп,"уйдомун кызым,кыжалаат болбо"дегенине кийин озумо келдим....жумуштан чыгып,маршруткада баратып ар нерсени ойлондум, "Кудай"
деп ичимден жалдырап бараттым.....
Апакеме бир нерсе болсо,чыдабайм,
анда аркасынан кетем,озумо кол салам....Кудайга нааразы болом,эч качан озумду да кечирбейм,Апакемден алыс жургонумо...
.....Бирок андай болбой эле койсунчу.....
.....ооо Кудай,ушунчалык биронун омурун алгын келип атса, менин омурумду алчы, Апамдын ордуна мен барайын сенин жанына.....Апам менен бир нерсе болсо, мен чыдабайм.....
чыдабайм.....
бир нерсе болгонун элестетким да келбейт....Атакемдин ордуна Апам жашасын ,Атам корбогон жакшылыктарды,
бактылуу кундорду Апакем корсун.....Атакемди жоготкондон кийин Апамды дагы жоготконго даяр эмесмин....журогум чыдабайт, ансыз деле акыркы кундору, ичиме коп нерсеи салып,журогум сыгылып, аран зоргодон жашап журом........Апама узун омур бер, ден-соолук берчи.....мен ишенем сага Кудай ,кыйналып жургондо ыйлап,жалдырап сенден жардам сураганда, дайыма жардам бересин....жардамынды аябачы суранам сенден...Апакеме эч нерсе болбосунчу.
...омур берчи......эч качан жузунон жылмаюу кетпесин...омуру откончо бактылуу жашасынчы...
...андан башка эч нерсе сурабайм сенден.......
Мынааа, ушул куну Жаратканга жалдыраганым эсимде,уйго баратып,козумдон жашым тынбай,Кудайымдан сурангам,Апакемди алып кете корбо,бизди, апамдын бир туугандарын, энесин ая деп...Ошондо ойлогом,Апакемден айрылсам,жашай албайм,мен дагы кетем,нараазы боломун Жаратканга деп....Бирок, андай эмес экен...мына жашап журом,эч нерсе болгонум жок,нараазы болгондон корком,дагы жакынымдан айрылып калам деп....мындай сыноодон отуп,жакындарындын жоготуп,богондо да дуйногодогу эн ыйык,эч кимге алмашкыс,алтындай болгон ата-эненди,аларды оз колун менен узатып,муздак жерге бергенин карап тургандан коро,жашабай эле койгон жакшы болсо керек,мындай сыноону эрки кучтуу адамдар эле женип отсо керек.Анда мен кандай адамдардын катарына кирем?ыйлайм жер тепкилеп,сыздап кетем,кайгырам, бирок дагы деле чыдап келем..Сабыр кыл деп айтышат баары,сабыр кылгандын да чеги болот,качанга чейин сабыр кылып жашайм?менин жаным темирден эмес го акыры,темир деле бир куну чирип жок болот....ошондо кантем?Мама Папа,балдарынар аябай кыйналып атышат,силерди сагындык,мынчалык экоонор таш боор болбосонор, бизди ушунча багып,чонойтуп, анан эми биздин урмат-сыйыбызды коруп,эми жашоодогу эн алдынкы бактылуу кундорду коро турган мезгилде,жон эле олумго баш ийип кете бердинерби? Папа сиз 57 жашта,мама сиз 53 жашта эленер,ушул жашка тойдунарбы? ушунча аз жашап,болду жашообуз бутту,кете берсек болот деп кеттинерби? дагы канча деген аткарылбаган нерселер бар эле...Аларды ким аткарат эми?кимге ишенип бизди таштап кеттинер?Атасы да Апасы да жок деп элдер айтышын каалабайм! ансыз деле андай создорду угуп,далай жолу ыйладым..Кээ бири чындап кайгырып бизге конул айтса,кээ бири ичтеринен кулушуп ,табалашат экен...Мен мындайды эн жаман коргон душманыма да каалабайм,Ата- Энени жоготуудан отоор,жашоодо мындан оор кайгы,ыза жок болсо керек....
Только злые люди, зла боятся!
#1605 19 June 2012 - 13:34
Taza, tunuk sezim menen sen dep jurdum.. A sen..Senin ushundai adam ekenindi bilgen jokmun. Uwunchalyk "pas" adam ekensin. Shugur suiloshpoi kalganybyzga, BASH KOSHPOI kalganybyzga...
#1606 19 June 2012 - 17:37
Кандай чөйрөгө кабылдым акыркы кездерде... Көрө албастык, өзүмчүл, эки жүздүүлүк, уят-сыйыттын эмне экени алар үчүн орду жоктой...
Мен да алар сыяктуу, ошолордун кебетесин кийип коюушум мүмкүн го? Анда эмне болот?
Анда бир үй-бүлөө кыйрап, бирлери жумушунан статья мн айрылмак... Бирок бул менин "репертуарымда" эмес, анда алардан айырмам эмне менин...
Болгону адамдык касиеттен айрылган алардын адам кейпин карап жийиркенсем, кээде боорум ооруйт...
Же "москвачылык" , "боло берет" деген аңкоолук сезим жан дүйнөсүнө батып кеткенби... Же ыйман-ынсап деген нерсе кээ бир шаарларда, кээ бир өлкөлөрдө тиешеси жокпу...? Кантип эле адамдарда абийир күчү ушунчалык алсыз болсо? Күзгүдөн кантип карайт болду экен мындай адамдар жүзүн?
Жаным жакырчылыка батып турат...

#1607 20 June 2012 - 17:50
ыйлай берип жашым деле калбай калды, сырттан коргон адамдар аны билишпейт- биз кулуп журуп баарын алдайт эмеспизби...
., акыркы кундору коз жашым даяр турчу болду- ыйлаак болуп кеттим. Кудайдан кечке суранганым - ушул адам "тынч" болсо экен, бирок ансайын созго келбей, кайра кыйкырып жинин баарын бизден чыгарчы болду, тынчтык жок
, жанында эмес экениме уккан сайын окуном- ыйлайм, бирок колумдан эч нерсе келбейт, НЕГЕ???? деген суроону берип, тилимди тиштеп кала берем, алдымдан чыккан адамдан жинимди чыгарып-уйго барып унчукпастан-
чарчадым деп жатып алам, кээде озумду алаксытып жумушта отура берем- баары кеткенче, уйго барып эжемдин журогун ооруткум келбейт. оз жашоонду бер баарын ондоп берем десе десе бир соз айтпай макул болот элем- кантип ушундай болуп калдык, неге жашоо ушунча кыйын, мунусу жок жашачу элек го ынтымакта, ыйманда, кулуп, убакыт баарын ордуна коет дейт,а бирок убакыт баарын бузуп аткандай. баарын таштап жанында болсом кичине журогум тынч болот беле - а бирок андай да мумкун эмес. байкуштарым деп тынбай телефонду кармап-баары жакшылеби деген смс жонотуп гана тим болом. бирок кыйналып кеттим, азыр эмнегедир озубузду аябай- Жараткандан "ошол" гана адам онолуп кетсе экен дейм- менин унумду угуп койунузчу суранам. буйруса баары ондолот, биздн да уйубуздо той болот деп ишенем,
ойлорум башыма батпай кетти....же колумдан эч нерсе келбейт....не кылам...
#1608 20 June 2012 - 20:06
Бүгүн ошентип кайтып келдим, чоң апамды акыркы сапарга узатып.
Эхх байкуш чоң апамдын кыйналып 2 жылдан бери төшөктөн туура албай калганын көрүп жүрөк сыгылып кетчү. Канчалаган доктурларды чакырып лечение кылсак да, эч кандай пайда алып келген жок.
Чоң апам аябай катуу оорунун айынан аябай жаман боло баштады.
Башында адамдарды таанып сүйлөп турчу. Бирок кийин эчкимди тааныбай калды. Күндөн күнгө ден соолугу начарлай берди, аябай арыктап да кетти. Аягында такыр тамак дагы, суу ичпей калды. Ошентип акырындап кете берди. Таңкы 5 бул дүйнө менен кош айтышты.
Кош бол чоң апа. Жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун. Жаратканыбыз бейиштин төрүнөн орун берсин.
Мен өзүмдө жашоого да кызыгы кете баштады. Өзүмдү алаксытып эле жүрөм, эчкимге билгизбей.
Баарына тең калп эле баары жакшы деп айтып коюп. Чындыгында андай эмес.
Эч нерсеге көңүл жок болуп жатат.
Форумга кирип, футбол көрүп кичине болсо өзүмдү алаксытып коюп жүрөм .

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#1609 20 June 2012 - 20:55
"Карыганда жашык болуп алдым" деген адальстын созунон кийинки ойлор жаралды. Адамбыз да баары бир, муз деле эрип кетет. Коз жашым онойлук менен келбейт деп кайраттуу адам болуп корунгонум менен катуу жиним келип, чындык кирпиктин алдында катылып калган учурда козумо жаш келип, тамагым буулугуп калат. Же тескерисинче,
катуу кубанганда кой десе болбой коздон суйунучтун жашы куюлат. Кудайга шугур, баары тугол, баары жакшы. Ылайым ыйдан ары кылсын, Кудайым. Дайыма мейли бетти кулкудон бырышса да чыныгы жылмаюудан жазбасам болду. Уйкум келтат, жумуш куну башталгандан бери "тоону"
томкоруп отуруп чарчаган окшойм.
Тынчтык керек, тынччылык керек азыр мага!
#1610 22 June 2012 - 02:04
Тушунбой келем оздук маалыматынды неге жашырасын.сенин конулун оорубасын деп,билсемда билмексенге салып сенин оюна кошулам.а сен мен эч нерсе сезбегендей бейкапарсын.
Тушунуксуз ойлор,мунун баары кандай максатта,эмне учун жазалып жатат,тушунбодум.
..Канткен кундо да,эртен ушул калптарын озун ок болуп тиерин сезсен экен..
#1611 22 June 2012 - 03:40
Jurogum menin seni sagynbaim antkeni sen daiyma janymdasyn .Seni menen suiloshup kalsam erkeletkenindi estesem ozumdu ayabai jenil sezip kalam .Bir gana sen meni jurogumo jakyn adamymsyn suiuudogu belegimsin .Men seni cheksiz suiom sen menen jolugushup kairadan baktyluu kundordu otkorgum kelet .Menin erkem jarygym jurogum menin .Az kaldy jolugushubuzga da janynda erkeleep jurup kalam kairadan buirusa jalgyzym menin.
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#1612 22 June 2012 - 15:15
Бүгүн эски барактарды барактап чыктым. Эх-х, чын эле анда жаш болгон экем... Мурун бул нерсе мен үчүн чоң чечилбеген маселе болуп тим эле кайгырып, ызаланып кетсем, азыр анын баарына жөн гана жылмайып коем. Мындан көп жыл мурун бир адамга сезимимди арнадым эле арнадым, кокуй, ичим күйүп, өрттөнүп барат, кыйналдым, кысталдым, эми аны унута албасам керек деп жазган билдирүүлөрүмдү көрүп башында күлсөм, андан кийин жиним кайнап аягына чейин окубай койдум. Убакыт баарын өз ордуна коюп койду. Азыр мен өзүмө түбөлүктүү,
ишенген жар болчу адамымды тапканыма кубанам.
Ушул кезге чейин чыныгы (жеке жашоодо) бакыт дегенди эми сезип жатам. Кандай кыйынчылык болсо да сени колдоп, сага убайым тарткан адам бар экени, чынында чексиз бакыт экен. Мындан кийин да ушундай темпте кетсек, келечегибизи өзүбүз каалагандай болот, буюрса. Ошол, башка ашыкча сөз айткым келген жок. Болгону жашоомо анализ жүргүзүп, акыркы жан дүйнөмдө болгон жагымдуу кабар менен бөлүшүп кетейин дегем
. Кыскасын айтканда, Айбек Замирбек уулу ырдагандай,
БАКЫТКА ТОЛУП ТУРГАН КЕЗИМ...
#1613 22 June 2012 - 15:40
[quote name='solnyshko'
date='19 Июнь 2012 - 12:51' timestamp='1340088674'
post='728849'
]
Мынааа, ушул куну Жаратканга жалдыраганым эсимде,уйго баратып,козумдон жашым тынбай,Кудайымдан сурангам,Апакемди алып кете корбо,бизди, апамдын бир туугандарын, энесин ая деп...Ошондо ойлогом,Апакемден айрылсам,жашай албайм,мен дагы кетем,нараазы боломун Жаратканга деп....Бирок, андай эмес экен...мына жашап журом,эч нерсе болгонум жок,нараазы болгондон корком,дагы жакынымдан айрылып калам деп....мындай сыноодон отуп,жакындарындын жоготуп,богондо да дуйногодогу эн ыйык,эч кимге алмашкыс,алтындай болгон ата-эненди,аларды оз колун менен узатып,муздак жерге бергенин карап тургандан коро,жашабай эле койгон жакшы болсо керек,мындай сыноону эрки кучтуу адамдар эле женип отсо керек
мен бул билдирууну окуп алып копко ыйладым

Кудайым менин жакындарыман айрый корбо суранам сенден

Алга жана алга!
#1614 23 June 2012 - 00:42
Мен эч качан коргон,билген,
дайыма жакын жургон,мага ишенген,мени сыйлаган мени жакшы коргон,мени чыныгы дос деп билген адамым жонундо олуп кетсем мынтип жазгым келбейт бирок....
Баарына озум,озум куноолумун! Кантип,кандай ойдо,мен ал досума ишендим,биринчи кундон эле,жакшы суйлошуп,кулуп, бири,бири,бизди тушуно калдык.Ошол убакытта ушинтип ошол досумдан ушунчалык катту капа болушумду,андан коро сразу игнор кыл дайымгыдай башкаларды игнор кылгандай деп ошондой эле игнор кылдырган эмес экенмин ошол кызга.
Тоба кылдым кантип ал досума,эгизимдей катту ишендим,оо Кудай айтчы эмнеге бар,чындыкты ал досума ишенип айтсам ал мени вобще,башкача тушунуп алып мени башкаларга, соо эмес деп айтып журот.
Кудай сактаа ал кыз даже мени коро элек,интренетен гана танышканбыз, кантип кайсы башым менен аны менен достоштуум! (Ал кызды да тушуном,себеби ал,акылдуу,тушунуктуу, жана ал дайыма мага туура кенеш берип жургон,рахмат деп ага ыразы болгом.Акыры кундору ал суйлосо да,ага кулак салбай атым,кенеш берсе да ыы рахмат дос,аркет кылам деп анча конул бурбай,атканымабы. Анын созу мага азайды.Мен кем соз болуп,ойлогнумдун да себеби бар эле айтсам деле,озунун айтканын кылдыргысы келди,озунун созун уктургусу келди.Досумду кантсе да жакшы корот болчум,азыр деле кичине жакшы кором.Аны тушуном балким мени мене чындап жакын болгусу келгендир.жок, жок ал мени коро албастык кылды,себеби сен,ото сулуусун,сенин жаныда журуштон уялам деп тамаша катары,айткан создору эми эсиме келди анан ошолору туура чыгып жаткандай.Кайсы куноом учун мени башкага жамандады экен,мени туура эмес тушунуп алып кантип уялбай,башкага туура эмес нерселерди айты менин адресиме,мейлии эчтеке эмеес,Кудай бар ал баарына кубо ким туура,ким туура эмес суйлоп атканын.Мен озумду билем,и досум сен дагы мени ото жакшы билесин ошентсе да кайдагы тамаша создорумду, кайдагы эркетердин, мага болгон тамаша,махабатын угуп,коруп аларды туура эмесс ойлоп мен жонундо мындай ойго келбеген создорду айтасын деп ойлобдум эле!аркамдан, бойдогу болобу.уйлонгону болобу,ажырашканы болобу,патсаны болбоу алар чуркаса эле,алар мени сулуусун деп койсо эле мен аларлыкы болуп калатт бекенминби ишенесинби, озун да билесин ошолордун бири менен да жолугуша элекмин.Алар болгону сага окшогон интерентеги ишенишсиз адамдар!

Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#1615 23 June 2012 - 02:21
Жарыгым,
сени менен караган багытым бир болсун деп,сен жактырган нерселерди жактырдым...
..сен жек көргөн нерселерди жек көрдүм....Билесиңби,
көрсө,мен эми мен эмес,СЕН болуп баштаптырмын.
....Кызык,сен өзүңдү канчалык жакшы көрөт болдуң экен?
Адамга адам кымбат болуш керек....
#1616 23 June 2012 - 03:01
- Мен жок жыргап журушсо керек... Саналуу жана сапаттуу достордун ичинен да досум сенсин. Байкуш досум Кудайдын куттуу кунундо сураганын койбойт; "Качан келесин? Сагындым"
деп,- мына ынак достук... 4 айдан бери мени эле кутуп журот. Же болбосо эбак эле Москвага узака кетет эле да. Ооба, анын кетпей жургону дагы мени копко корбой сагынам деп жатат да. Учуп эле бара калайын дейм досум, бирок аманатка кыянат кыла албайм. Чыдаган жанын эми дагы бир аз чыда! Аз калды буюрса, мен да сени сагындым...
...............
Чынында ден соолукту чындабай эле, тескерисинче болуп калгандай. Кундон кунго кучтон тайып жатканымды эми сезип олтурам. Жакын туткан инсандарды коруп, жуздоруно жылмаюу тартуулап турсам кана. Коркунуч басканын койбоду го чиркин! Жарга такалып деле буттум эле го?! Балким жандуйном суусап кеткендикиби же жалгыздыктанбы? Ким билет эми... Озумду озум алаксытып; "Бул кундор да отот" - деп, олтурам...

#1617 24 June 2012 - 00:31
Мынча таш боор болуп баратасын?Тиричилике ушунча эрете берилип кеткенин мени окунтурот!
Качан сен айткан,кыялданган,
жомоктогудай жашообузга жетебиз?Куткондон тажабайм,жакшы коруудон токтобойм,балким даже сени суйотурмун бирок сен менден коро кобуроок жакын адамдарын менен гана,жашасан,
куну,туну оюн аларда болсо анда мен четке чыгам.Бир тууганды деген да чеги менен,же сен алар менен бир омурго калмакчысынбы,
бир омурго алар сени аркандан журо беришеби?Байкушуум десе качан озунду ойлойсун?Качаан озундун жашоонду баштайсын?
Баары болот Кудай буйруган куну.
Баары болот Кудай буйруган куну.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#1618 25 June 2012 - 00:33
Мен да ыйлайм, мен да корком...
Аптанын башында фейске "ыйлаган кишини көрсөм эле көзүмө өзүнөн өзү жаштар тегеренип кетип жатат" десем, мени жакшы билген эжелердин бири "окшошпойт! " деген билдирүү калтырыптыр. Бүгүн досторумдун бирине "коркуп, түнү менен уктабай чыктым" десем, "койчу, башка айтсам ишенмекмин, сага жок" дебеспи...)))
Анан "истерично" күлкүм келе баштады. Акылымдан азгандай! Мени чындап тааныган адамдарым "ыйлабас, коркпос" деп билишет окшойт. Же ошондой образ түзүп алганмынбы? ..
Буга чейин деле көп жолу үйдө жалгыз калганмын. Бирок бул жолкусу созулуп бара жатат. Биринчи күн үйдө жалгыз калганыма кубандым. Көчөдөн курбум менен тамак жеп, кечинде үйгө келип диванга куладым. Апам мунумду көрсө өлтүрмөк. Шейшеби кана, жаздыгы кана деп?! Эрте менен апамдын ойготконун күтүп жатып, бир маалда жалгыз экенимди эстеп, ордумдан тургуча убакыт да өтүп кетти. Ары-бери шашыла жумушка чуркап жөнөдүм. Экинчи күн дал ушундай темп менен уланды. Үчүнчү күн апам чалды. Биринчи сураганы "курсагың эмне болду" деди. Мен "тамак бышыра элекмин" дедим. Апам "ыы, казан-аякты көтөрө кеткем" деп урушту. Кечинде салыштырмалуу эртерээк келдим, бирок казан менен таанышууга дит барбады. Төртүнчү күн дүкөнгө кирип, анча-мынча чөп-чар алып, оюмда спагетти жасайм деп ойлодум. Келдим. Баштыктагыларды ордуна жайгаштырдым да, муздаткычтагы кезектеги балмуздактын порциясы кечки тамакка айланды да, ысык эч нерсе ичпедим. Бешинчи күн. Иш жумасынын акыркы күнү. Баягы эле аңгыраган үй. Эмнегедир жалгыз экендигим кубаныч тартуулабай деле калды. Жакшы кыз болоюн деп, тамак бышырдым, эптеп казанды таап...))) Түн бир оокумга чейин жаңылыктарды окуп отурдум. Анан жакшы образды улантайын деп, ак шейшепти да төшөдүм...
Дем алуунун биринчи күнү. Кыларга иш жок. Жок, негизи бар. Ашканага барсам, төрт-беш балмуздактын калдыгы катып калган идиш менен беш-алты кружка жатат жуулбай... Баары меники. Жуудум. Калп эле чаңды аарчымыш болдум. Анан корей сериалдарынын коллекциясын сууруп чыгып, түн бир оокумга чейин ошолор менен өттү. Кызыктын баары кечинде башталды. Жалгыздык жанга бата баштадыбы, кайсы бөлмөгө кирсем деле, кызыктай атмосфера. Ээн талаадай ар бири. Чоңдугу чоң деле эмес, бирок мага өтө чоң шаарда жоголуп кеткендей эле маанай жаратып жатты. Коркунуч ушинтип башталабы же? Бөлмө канчалык чоң болсо, ошончолук ал жерден атып чыгып жаттым. Телевизорду күйгүздүм, компту иштеттим, алардын үнү да жардам бербеди. Эмне кылышты билбей калып, ашканага кирдим. Өзүмдү бир гана ушул жерде ыңгайлуу сездим. Муздаткычтын үнү ушунчалык тааныш сезилди. Кичинемде менин бөлмөм дайыма муздаткыч турган жерге жакын болуп калчы. Ал мезгилде советтик, калдырап үнү чыкчу эмес беле? Коркконум калды.
Бүгүн болсо жамгыр жаады. Терезеден жалдырап карап отурдум сыртты. Бук болуп чыктым. Ыйлагым келип жатты, бирок бир тамчы чыкпай койду, чиркин. Былжырап, мени көргөн адам кошо буркурап ийчүдөй ыйлагым келди. Бирок чыкпай койду, жаш... Анан ачуум келе баштады, элдин көзүнчө адамды уялтып суранбаса да көздү айлантканды билесиң да, минтип жалгыз отурганда неге куюлбайт деп...
Мага жалгыз калган жарашпайт экен. Мурун ойлочумун жалгыз жашагандар эң бактылуулар болсо керек деп. Алты баш беш жерде. Жарымы жайлоодо. Мындан кийин жалгыз калтырбагылачы, ыйлайм анда, коркот экем анда...)))

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#1619 25 June 2012 - 01:46
Сени коргум келди. Журогум сени коздой алып учат,а бирок тагдырдын буйругу,окуму башкача. Экообуз каалагандай эмес. Караанынды издейм, бир корууго куштармын. Кээде озумду жемелеп алам, бирок журок кургур баш ийбейт. Жетпей калган суйуу очпос болот окшобойбу. Жолуккан жерде бир топко суйлошобуз,
арман айтышабыз, копко бири-бирибизди кыя албай отура беребиз. Сен менин ырларымда, журогумдо жашайсын,балким омур бою жашап каласын. А мен конумуш тиричилик менен жашап отсом керек. Ай, ким билет, дагы кандай кундор, кандай белеги менен кутуудо. Жакшы эле болсо болду. Мандайга жазганы, андан эч жакка кача албайбыз. Кундор ото берет, а мен сени корууну самайм. Кандай болуп калдын экен? Же баягыдай эле, сен да озун айткандай оюна тушо калганда эстеп, ойлоп журосунбу? Же унутта калдымбы? Мен сени тушумдо коп кором, ансайын эзилем. Сен деген журогумду токтото албадым. Сен айткандай, мен да сени ойлогондо, козумо эч нерсе корунбой, жанымда ким, эмне айтып жатканын укпайм. Ойго терен батып кетип, жанымдагыларды чочутам. Туш корсом, уйкумдан ойгонгум келбейт. Ыр жазсам, сенсиз жазылбайт. Бул эмнеси??? СЖ
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
#1620 25 June 2012 - 07:49
Салам менин жан дуйном.Мына дагы мен.Канча соз бар бирок айта албайм соз таппайм.Сагынычтар.
Кайдадыр алып учуп сагынычтар сапар алат.Бирок коздогон багыты жалгыз кана сен тарап.Унутам дейм унуттум дейм.Бирок дагы кайтар тарабым сен тарап.Кусалыктын кулу болуп оз сагынычыма озум муунуп "Мен сени жек кором " деп ай ааламды жаныртып кыйкыргым келет.Мунун баары сен деп соккон журогумдун,
жалгызым деген шыбырында жанырыктай коштолуп калып кетет.Акылым журогумо журогум акылыма баш ийбей кыяматтын кыл копуросундо тургандай кыйналам.Анан болду мен сага экинчи жазбайм деп сенсиз мыйзам кабыл алам.Бирок менин кача албас азабым да,тугонбос бакытым да жалгыз сенсин.Сени коргондо бир стакан аракка мас болгон алкаштай бир сааттык бактыма магдырайм.Сен деген сезимдерим эч кимге жада калса озумо да баш ийбей мекенине кайткан каркырадай сен тарапка учушат.Кээ куну сен учун чочун жанга айлангым келет.Бирок озумдон озум кантип качып кутулам.Чаташкан ойлор жадатты.
Сени коргон коздорумду кечиргин
Унута албай жургонумду кечиргин
Кечирбесен оз эркин да арманым
Эн башкысы сени суйгон журогумду кечиргин
Ойноок кезде ойго салдын кечирдим
Кубанычым кайгы кылдын кечирдим
Кечирилбес куноо болбойт эмеспи
Сен деп куйгон журогумду кечиргин
Кайрылбастан басып кеттин кечирдим
Сен токтургон коз жашымды кечирдим
Мен озундон суранарым бир гана
Сени суйгон сен деп жургон бир озумду кечиргин.

Супер-Инфо
super.kg
видео