Жайдын күнү. Маршруткага чыктым,эл өтө деле көп эмес болчу, акчамды даярдап антип-минткиче эле катуу бараткан маршрутка токтоп калса болобу, кармоочту кармаганга үлгүрбөдүм алдымда плащ кийген орус аял турган, плащынан тартып жанымды сактагам, ал болсо кармоочту бек кармаган боюнча чалкалап плащымды жыртасың, кое бер деп кыйкырат.. маршруткадан түшүп алып өлө күлгөм.
Маршрутка маданияты дегеле коомдук транспортто адам өзүн кандай алып жүрүү керек?
#22 12 Апрель 2012 - 15:25
троллейбустагы окуя. Дээрлик бош орундук жок, туруп бараткандар да жок,эң артында жалгыз мен туруп бараткам, мында да троллейбус катуу бараткан жеринен токтоп калган. Дикилдеп чуркап терезеден башым чыгып кетейин деп, шофердун жанына барып араң токтогом. 

#23 13 Апрель 2012 - 00:06
Ооо маршрутка маданиаты мага жаккан тема да борбордо кандай билбейм мен Ош шаарында айрыкча айылга каттаган унааларда маданиат кучтуу элди болушунча тыгышат водительь жанына да отургузуп алат жанынды кашайтат бирнерсе дейин десен жакпаса тушуп кет дешет айта берсен коп азыр кандай болуп калды бир барып келгенден кийин айтып берем
Айылым алтын бешигим!!!
#24 25 Июнь 2012 - 00:59
Эмне учун копчулук учурда маршруткаларда орус кыздар балдар кобунчосу биздин жашы кыйла чоон эжелербизге келиндерибизге места бошотпойт?мен коп жолу байкадым мындай корунушту ,урушкан учурларым болду!Кыргыздар анчалык эле момун болбой айткыла корсонор тартынбай!
Бир аз патриот нацист бололу!
#25 25 Июнь 2012 - 01:09
Айтып,тушундуруп орун бошоттуруш керек,андан башка нерсеге кажети жок.
#28 25 Июнь 2012 - 02:00
орус кыздар,балдар эле эмес,.. кыргыз жаштарыбыз деле орун бошотпогонун коп эле коргом.... ага эмне демекчисиз?
Жашоо ушундай кызык, кээде кутпогон, ойлобогон окуялар болот)))))
#29 25 Июнь 2012 - 03:05
Al kaysy uluttan bolbosun ata-enesinen algan tarbiyasynan koz karandy. Jeke ele okenderde emes bizdin jashtarda dele mynday korunush kenen taragan. Myndaydy jok kylysh uchun ulutchul emes tarbiyachyl bolgondu uyronushubuz kerek.
#30 25 Июнь 2012 - 04:03
Алар улгайган орустарга деле орун бошотушпайт.
Ал эмес орустар оздору айтышат, баягы эле кыргыздардан отоору жок деп.
Реал чемпиооон!!!
#32 05 Июль 2012 - 23:16
Жургунчулордун 80-90%ы жолкиресин маршыруткага тушкондон кийин ары-бери чайпалып сумкасын чукулап алып беришет. Маршырутка кутуп турган убакта эле жолкиресин даярдап алса озуно да, айдоочуга да жана башка жургунчулорго да ынгайлуу болот.
Маршырутканун ичинде, айрыкча жайкы ысыкта жыттантып, конулду айнытып тамак (гамбургер,самсы ондуу) жеп отургандар кездешет. Булар канчалык ачка болушса да адепти сакташса же жечусун жеп алып анан маршырутка тушушсо.
Анан дагы, жаштар бираз кичипейил болуп улууларга орун беришсе, жигиттер да кыздарды сыйлап койушса.

#33 28 Февраль 2014 - 11:53
Ушул видеону коруп силер менен болушкум келип кетти, аябай сонун экен айдоочу
Баардык маршрутка айдагандар ушундай болсо го...
Баардык маршрутка айдагандар ушундай болсо го...
#34 04 Март 2014 - 12:57
Кез кезде тушуп калам маршруттук каттамдарга,
чындыгында маданияты ото томон,айдоочулар жургунчулордун жашоосун коркунучка калтырып эрежени сактабай айдаганы аз келгенсип, марш.ички шарттары да эч кандай стандартка дал келбейт,орундуктары эски,тазалык жокко эсе.,анан дагы эки айдоочунун бири бири менен жарышып айдаганычы,
айтор биздин бул койгойлор дагы копко созулат окшойт...
#35 04 Март 2014 - 13:34
Айта берсе соз коп деген болуп улай кетейин. Алгач мэрия айдоочуларга тренинг откоруш керек. Таза,тыкан кийинуусун,
кун сайын жуунушун да эскертуусу керек. Жолоочуга кандай мамиле жасалат, транспорт ичинде тамеки чегилбейт деген сыяктуу. Мен азыр жашаган чет олкодо коомдук транспорттун айдоочулары биздин анча-мынча акимдерден тыкан кийинишет жана телефон менен суйлошууго тыюу салынган. Конуп калган жаным бир жолу суйлошуп баратсам айдоочу бурулуп жон эле карап койду эле, уялып очуро салдым. Ошондуктан маданиятты айдоочулар баштаса, жолоочулар улап кетишмек.
#36 04 Март 2014 - 17:47
LaraKroff (04 Март 2014 - 13:34) жазган:
Айта берсе соз коп деген болуп улай кетейин. Алгач мэрия айдоочуларга тренинг откоруш керек. Таза,тыкан кийинуусун,
кун сайын жуунушун да эскертуусу керек. Жолоочуга кандай мамиле жасалат, транспорт ичинде тамеки чегилбейт деген сыяктуу. Мен азыр жашаган чет олкодо коомдук транспорттун айдоочулары биздин анча-мынча акимдерден тыкан кийинишет жана телефон менен суйлошууго тыюу салынган. Конуп калган жаным бир жолу суйлошуп баратсам айдоочу бурулуп жон эле карап койду эле, уялып очуро салдым. Ошондуктан маданиятты айдоочулар баштаса, жолоочулар улап кетишмек.
Туура айтасыз мен да унутуп кеткен экенмин,бир колунда тамекиси же сот.менен суйлошуп баратканы айтор шумдук элебиз да...
#37 12 Март 2014 - 21:08
Озу эреже боюнча ар кандай маршруттарда ашып барса 5 гана адам туруп кетсе болот.Андан ашыгы жол мыйзамдарына каршы келет.А бизде 10дон ашык адам деле ойдо туруп калат.Ал эми "улууларга орун бошоткула"
деп сайраганыбыз бекер эле экен.Таасир этпейт,откондо эле ушундай окуяга туш болдум.
Мы никогда не будем моложе,
Живи здесь и сейчас.
Живи здесь и сейчас.
#38 10 Июль 2014 - 10:26
Чынында Бишкекте маршруткага тушкон ооло жакпайт да. Эми кирип эшикти жабарында донкулдотуп айдап кетет. Кудай сакта деп жеткенче коркуп барам улкуп жулкуп ичинде адамдар эле эмес мешоктор тургансып. Местага отрбай калсан жетеер жеткенче асылып алып ары - бери чайпалып бутунду тебелетип , журуп отурасын.
#39 10 Июль 2014 - 14:55
bizde Oshto jakwy okwoit men silerdey judoboim go bigrok keede albette bolot kop dele emes
#40 10 Июль 2014 - 15:10
Биз тарапта,маршрутканын ичине атайын суроттор м.н кошо жаштарды карыларды урматтап орун берууго чакырык катары суроттор илинген. Анда "Карыларга,
кош бойлуу айымдарга орун берели,эгер мумкун болбосо мен берейин деп айдоочу" деген сымал жазуулар тушуно турган адамга жон эле таасир этет...