Суперстан: Жүрөктөн чыккaн ырлaр. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары

#1121 Пользователь офлайн   s.jenta   28 Июнь 2012 - 13:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 11 Июнь 12
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 01:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ырлар дүйнөсү СЖ

Кун шооласын чачкан менен, Калтырай ушуп турам мен. Сыздаса анан журогум, Сабырды унутат окшойт мунозум. Каяша айтпас жан элем, Куйутто куйуп келем мен. Кудай ай, курусун ошол кунум, Куураган жапжаш гулум. Кучум болсо, албайт белем очумду, Жолдон тосо мен токтотуп кочунду. Ак сакалын орттоп салгым бар менин, Айгырындын артынан жууп изин. Каран калган кандай жан элен, Коп жашап, ак сакалын болгон менен. Бир тамчы акыл берсе кубанмакмын, Мен учун улуу эмес, куу баштайсын. Окуму бар сага дагы жазылган, Озундон кач, эгер чындап качалсан. Корооно тушуп турсун чагылган, Душмандарын кулуп турсун чогулган. Жаратканым, кечир мени турам каргап, Айлам канча, бул жашоодо жок болсо, калыстык чындап. Асылым, бир боорум жатса жер кучактап, Кимдир бироо жашап келет жыргап. Жамынган жапжаш гулум боз топурак, Армандамын, чексиз боздоп, сыздап. Кокурокто алаар кегим сакталуу, Коп жаша, айгырына окунгон чал ак сакалдуу. Коп жаша... СЖ
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1122 Пользователь офлайн   s.jenta   29 Июнь 2012 - 00:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 11 Июнь 12
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 01:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ырлар дүйнөсү СЖ

Окундум, оксуп ыйладым,

Жашоонун корбой жыргалын.

Арманда кеттин сыздатып,

Ал жакта кандай, алтыным?

Гул эмес белен жайнаган,


Сырдашым, кандай айланан?

Шагы сынган дарактай,
Шалдырайм сенсиз былтыркы жалбырактай.
Ар бир созун кулку эле,
Колундун коору куйчу эле.
Аркы дуйно кандай экен бир боорум?
Эми кантип ырларымды кооздоймун? СЖ

Билдирүүнү түзөткөн: s.jenta: 29 Июнь 2012 - 01:28

Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1123 Пользователь офлайн   s.jenta   29 Июнь 2012 - 01:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 11 Июнь 12
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 01:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ырлар дүйнөсү СЖ

Кундор отот кунарсыз,
Жургон жерим баары сыз.
Арманга толгон журогу,
Ааламда барбы мендей кыз?

Азапка жаштык малынган,
Кайгыга улам чалынган.
Калыстык издеп кунуго,
Камыккан мендей барбы кыз?

Козумун жашы кургабай,
Кыялым очту, куурады ай.
Коргоочу барбы дуйнодо,
Бир жанды бугун куурайдай. СЖ
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1124 Пользователь офлайн   s.jenta   29 Июнь 2012 - 02:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 11 Июнь 12
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 01:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ырлар дүйнөсү СЖ

Эжеме
Байкатпай келип бир кырсык,
Бар омурду аёосуз кетти кыркып.
Жакыным элен баарынан,
Кулкунду кором ууртунан эми баландын.

Эжелеп оскон уулун ай,
Ботодой боздойт апалай.
Жанында кантип тура алам,
Жалгызын, кантет сенсиз ай.

Журогум турат тилинип,
Коз жашка уулун киринип,
Арман ай, алсам ээ кайра тирилтип,
Жалгызынды боздотпойт элем минтип...

Жаш элен, жаш деп неге аябады,
Жалгыз деп уулуна неге карабады?
Калдымбы десе жапжалгыз,
Жанында чыдап адам туралгыс.

Аттин арман, жапжаш элен,
жаш элен. СЖ
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1125 Пользователь офлайн   s.jenta   29 Июнь 2012 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 11 Июнь 12
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 01:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ырлар дүйнөсү СЖ

Кайгыдан которо албай башымды,
Аёосуз того бердим коз жашымды.
Мелтиреп жерди тиктей сумсаям,
Эми мен эркин куштай учалбайм.

Арман дуйно, коз жаштан куралганбы?
Айланасы кайгы менен курчалганбы?
Асманым буркок, капкарангы,
Сагынгандай жан дуйном аруу жазды. СЖ
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1126 Пользователь офлайн   Jan_duino   02 Июль 2012 - 20:03

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 25 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 10 Май 2014 18:11
  • Жынысы:Аялзаты

Жазылбады далай ырдын саптары,
Жабыркаган журок тартып азапты.
Жаны гана булут жарган айга окшоп,
Чыгып жатам, келип мага карачы.

Келалбайсын, билем туям, сеземин,
Суусун жутпай, колумдагы кесенин.
Журсон керек дагы аркамдан коз салып,
Ээрин тиштеп, окунучтуу экенин.
(©С.Т.Т.)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1127 Пользователь офлайн   Romantic   02 Июль 2012 - 20:03

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Чакырымдар чарчысын аралап,
Чарчагансыйм дүйнө сагалап.
Чекит койбой чексиздик,
Чечим күтөт эл алгалап.


Мүнөз оордук кылып далаалат,
Мүдүрүлгөн жолдомун талаалап.
Мүнөтүн билбей жалгандын,
Мүмкүнчүлүк ооруйт жаралап.


Изденип үмүт муңкайып,
Ишеним кетсе, кимде айып?
Илхомум жандос тагдырлаш,
Ибадат күтөт кол жайып...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1128 Пользователь офлайн   s.jenta   02 Июль 2012 - 21:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 11 Июнь 12
  • Соңку аракети: 21 Янв 2016 01:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ырлар дүйнөсү СЖ

Кулку беле корку нур жуздун,
А менин очуп барат болгон кулкум.
Кымбатым болсон дегем озумдун,
Кусалыкты журогумо неге уйдун?

Кайра кел деп, жуздон суйуп узатпай,
Адатынбы, журогумду муздатмай?
Кылгырып карегимден жаш тамат,
Кылчак карап, откон кундор саматат.

Журоктун музун эми ээрите аламбы,
Журогумо мен таяныч табамбы?
Омур бою оксук менен журомбу?
Же мен дагы журогумду суйунтомбу? СЖ
Не всегда говори, что знаешь, но, всегда знай, что говоришь...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1129 Пользователь офлайн   Romantic   04 Июль 2012 - 02:39

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Куюп койчу жарым чүйчөк бактыңан,
Куурап калган жандүйнөм карыган.
Кусалыктын көлүндө көп малындым,
Кургап турган көкүрөккө дарыңан.


Сыйпап койчу бир сыдырым бактыңан,
Соолуп калган саламатым шагынан.
Сагынычтын булагынан суу ичип,
Суусап турган сезимдерге жашынан.


Берип койчу жарым кесим бактыңан,
Бечел калган карааным запкыдан.
Бүлдүрүлүп бүтүндүгүм арманда,
Бүгүнүм болсо да, сураганым жаңыдан.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1130 Пользователь офлайн   Romantic   04 Июль 2012 - 03:02

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Арбын жылдар агып кайтпай кайыктай,
Ак жоолугун булгалатпай айыптай.
Адаштырып мезгилдердин жаңысы,
Аска зоосуз соолуп турган булактай.


Күтүү азабы күмүш сырга кулактай,
Күгүм тартып үмүт өчпөй таң атпай.
Кайрылуунун сапарына карабай,
Калып кеттим жалгыздыктан айыкпай.


Жер аралап кен Ааламга эч батпай,
Жерип карап, өзүмө бир жай таппай.
Жемеленип жериме салам айтпадым,
Жетим калган жалгыз бир улактай.


Караандатпай, жакындатпай, жолотпой,
Кайрат кабып, нечен жанды тоготпой.
Көңүл таппай назарыңар сынды го,
Катып калган сезимдерди ойготпой.


Тил эмизип тилек ойлор ишке ашпай,
Тике карап акыйкатты бетке айтпай.
Тирүүлүктүн шамын майлап өчүрбөй,
Тизгин кагып жашайбызбы эч жазбай!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1131 Пользователь офлайн   Romantic   04 Июль 2012 - 03:22

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Абактан кат!

Алтыным, мени кечиргин,
Айып жок жерден кесилдим.
Андайга колум барбасын,
Айтпасам деле сен билдиң.


Жалооруп кыйбай карадың,
Жакшыле колдон кармадың.
"Жанашпай эле койчу" - деп,
Жамандык сезгенсип айтканың.


Сайып басаарын билбедим,
Сен айтканды эсиме илбедим.
Соо жерден кетип соттолуп,
"Сезкенгир! " өзүмдү тилдедим.


Алтыным, эмнесин эми айтайын,
Абалым оор экенин байкадың.
Армандап сызга жатаарым,
Алыскы он жыл болду сапарым.


Күтпөгөн жерден муну окуп,
Күйбөгөн жериң күл болот.
Кыйнадым таштап силерди,
Кызым экөөңдүн күнүң не болот?


Ойлобой муну мурунтан,
Оңбогур болдум го буулуккан.
Опол тооңор мен болбой,
Он жылга кеттим турмуштан.

Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 04 Июль 2012 - 03:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1132 Пользователь офлайн   Romantic   06 Июль 2012 - 18:27

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Калтар көз

Калтар көз жалжал карашың,
Каректеп кайдан табаарым.
Кыйнадың ойноп агаңды,
Кымбатым барктап алаарым.


Жаркырап жанган жылдызым,
Жактырам сени тымызын.
Жамалың көрбөй жакындан,
Жалтанып сүрдөйт жансырым.


Тазарып сен деп жүрөмүн,
Табышмак шыңгыр күлгөнуң.
Тузагыңа түштүм карындаш,
Туйлаткан тунук мөлмөлүм.


Керилип бассаң айдайым,
Керемет бөлөп кыялым.
Күтүүдөн күдөр үзбөстөн,
Кезиккен күнүм майрамым...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1133 Пользователь офлайн   Jan_duino   08 Июль 2012 - 09:28

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 25 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 10 Май 2014 18:11
  • Жынысы:Аялзаты

Сапар алыс, айла жок сагынсам да
Жан дуйном кусалыкка багынтсам да.
Кандай жансын, кайрып мага келе албаган.
Улам чалып, улам сага жалынсам да...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1134 Пользователь офлайн   urmatto   09 Июль 2012 - 10:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 09 Июнь 11
  • Соңку аракети: 19 Янв 2021 00:38
  • Жынысы:Эркек

Азыркы менин ушул абалымды,
айттырбай коздорумдон сезесинби?
Алсырап каруум кетип турган кезде,
Кубаттап жөлөк болуп бересинби?

Аттиң ай кайдан чыктын капысынан,
Омурум бир адырды ашкан кезде,
Өрт жанган көздөрумдөн жалын өчуп,
Жаштыгым менден алыс качкан кезде.




Не бойтесь того, что ваша жизнь должна окончиться, бойтесь того, что она так и не начнется.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1135 Пользователь офлайн   urmatto   10 Июль 2012 - 00:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 258
  • Катталган: 09 Июнь 11
  • Соңку аракети: 19 Янв 2021 00:38
  • Жынысы:Эркек

Бул өмурдө көптөр болду жолдошум,
Бирде байып,бирде чонток бошоду,
Аксаганда адашканда чанбаган,
Бар болгула менин алтын досторум
Не бойтесь того, что ваша жизнь должна окончиться, бойтесь того, что она так и не начнется.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1136 Пользователь офлайн   Romantic   10 Июль 2012 - 08:48

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Ник Вуйчичке

Турмуштун татаал тамашасын,
Туулганда сездиң алганын.
Тубаса майып сен болуп,
Туздуусун көрдүң жалгандын.


Жараткандын сыноосу болуп,
Жазбаптыр сага мүчөнү толук.
Жүрөгүң кең толо ишенимге,
Жашайсың алсызга үлгү болуп.


Эркиңдин күчтүүсүнө баа койдум,
Элди үгүттөп аракеттеп ойготтуң.
Акыл эс, аң сезимди кош козгоп,
Адамдардын далайын ойлонттуң.


Сени көргөн кубаттанып күч алат,
Зулум кылбай, өзүнө өзү кайтат.
Болгонуна ыраазы болуп шүгүрлөп,
Жашоо баркын сезип, билип айтат.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1137 Пользователь офлайн   Romantic   12 Июль 2012 - 01:54

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Көлөкө

Тажатты калп каткырык,тайкы көз жаш,
Тажадым тайгак жолдун тагдырынан.
Мезгилдер өз билгенин кылды,курдаш,
Мен азыр алыс калгам бардыгынан.


Жоо сайган жомок кыял барат соолуп,
Жоокердин чаңы да жок келбетимде.
Көөнөргөн кагаз менен кагаз болуп,
Көлөкөм басып калган жер бетинде.


Оболоп ооздугу жок ойлор гана,
Оюнчук кылыч бийлейт колумдагы.
Калдайган калагы жок кайык болуп,
Канатым көк сагынып учпай калган.


Кайтаармын кайсы бир мейкиниме,
Кайрадан көксөп келип өткөнүмдү.
Дүпүлдөп жүрөк сүйгөн селки менен,
Дүйнөмду жарып чыккан көктөмүмдү.


Жашоомдун жаркын доору талаш болуп,
Жалгыздап келүүдөмүн жол бетинде.
Көөнөргөн кагаз менен кагаз болуп,
Көлөкөм басып калган жер бетинде...



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1138 Пользователь офлайн   maksatkyz   12 Июль 2012 - 13:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 275
  • Катталган: 09 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Апр 2017 12:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Атакемди, «ата» дебей, сагындым,
Айыбы жок, тагдырга мен багындым.
Ачык асман астында жүрсөм дагы,
Жан дүйнөдө туӊгуюкту жай кылдым…

Аскар-тоом, асманым кулап калды,
Кайра аны тургузууга айла барбы.
Дүйнө, өмүр, жашоо деген ушу белеӊ,
Арманы жок жашатасыӊ кандай жанды…

Күндө кечте, башым тийип, жатаарымда,
Суранчы элем Жараткандан, айтаарымда,
Жакшы ой, жакшы тилек, максаттарым,
Тилегеним кабыл болбой кайтты мында...

Эх, адамзат ойлорунун түбү тереӊ,
Айтчы, ата, бейиш жолу кенен бекен?
Кайрадан жүз көрүшчү сааттар бар,
Токтосо эгер өмүрүм, Аллам берген…

Билдирүүнү түзөткөн: maksatkyz: 12 Июль 2012 - 14:02

« Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1139 Пользователь офлайн   Romantic   13 Июль 2012 - 15:23

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Сөң Kөл сыры

Таң үрүлдө кыроо басып аппакай,
Тазасын айт абасынын дем сактай.
Таштан ташка бышып суусу булактын,
Табитиңди кандырат ичкен соң суусатпай.


Сарымсактап, көмөч нан жеп ышкындап,
Сайгак түшсө, бодо кубалап чуулдап.
Сүт тартышып каймактаган далайга,
Сүзмө катырып, кымыз ичип бышылдап.


Торду салып балык күндө үйүрдөй,
Тосо турган мейман андан үзүлбөй.
Түн кучагы асман толо шам жагып,
Түгөй издеп суугу келет күтүлбөй.


Тамшандырып жайыт жайлоо тоолору,
Топтолушуп үйүр жылкы, бодо, койлору.
Тиктеттирбей көз уялтып көлдөгү күн нуру,
Тартып койгон чебер сүрөтчүнүн ойлору.


Түтүн буулап чабандардын чатыры,
Түндүгү көк карап боз үй кыры.
Түгөнбөс ыр баяным сен жөнүндө,
Түшүмдө да күү салып Сөң Көл сыры.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1140 Пользователь офлайн   NUKEKG.86   14 Июль 2012 - 23:22

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 7
  • Катталган: 03 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Мар 2013 12:30
  • Жынысы:Эркек

мен суйгон эн жакын кан досум ал дегенде куйуп жанып от болчум/тагдырым татаал жолдон тайгаланып/ тируу туруп мен ал учун жок болдум

Угуп тургун айтып берем окурман,ал менин досум дагы кошунам/бирге басып бала кездин доорун сурдук/мектепте да чон окууда мени менен окуган

Унутулбайт анын баары эсимде,жайдын ысык саратандуу кезинде/кан досум капысынан келип калды/терге тушуп иштеп жаткан кезимде

Нуке деп эркелетип атымды,бери кел деп жакыныраак чакырды/Суйлоштукда жолго тушуп кете бердик/билбейм мени кайсыл шайтан азгырды

Бири бирибизге соз бербей талашабыз,тим эле шайтандап баратабыз/Талаа бутуп айылдагы кайрылыштан/ Тагдырым ошол жерден жанылышкан

Андан бери сыздадымда ыйладым,олумдон да жаман болду ата-энеме кылганым/бакыт болуп ата энемдин кашында/дайыма неге жанып турбадым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (114 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 01:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: