Бисмиллаахир-
рахмаанир- рахиим.
АЛЛА- ТААЛАНЫ КӨҢҮЛГӨ ЖАТ КЫЛУУНУН БАЯНЫ
Абухурайра разыя Алланын айтканынан.
Мен Расул Алладан уктум. Расул айтты, хак субханаху ва Таала периштелерди жаратты. Ошол периштелер дүйнөнү аралап жүрөт. Эгер бир жерде аалымдын шарият жөнүндө мажилис жасап отурганына кезиксе, бир- бирине кабар беришет: "Биз Кудай- Тааланын дос пендесин таптык, келгиле биз буларга дуба кылалык".
Ал периштелер ал пенделерге дуба кылгандан кийин асманга чыгышат. Асманга чыккандан кийин Алла- Тааладан кабар келет: "Эй периштелер,
силер Менин пенделерим эмне иште, кайсы жолдо, эмне менен убараланып жатканын көрдүңүздөр?
" Ошондо ал периштелер айтат: "Я Алла, Сен жакшы билесиң, Сенин пенделериң илим үйрөнүп, Сени көкүрөккө жат кылып отурушат"
. Дагы кабар келди: "Эй периштелер,
алар эмне тилейт?". Периштелер айтат: "Илахи, Сен даанасың, алар Сенден рахмат сурап отурат". Андан кийин дагы кабар келди: "Эй периштелер,
алар бейиштин бир четин көрүптүрбү?
". Периштелер айтар: "Я бир Алла, көргөндөрү жок". Ошондо Алла- Таала айтат: "Эй периштелерим,
эгер пенделерим жаннатты көрсө мындан да артык аракет кылар эле".
Дагы кабар келди: "Эй периштелерим,
Менин пенделерим ал мажилисте эмнеден коркуп жатат?". Бул кабардан кийин периштелер айтар: "О Алла сенин ал пенделериң тозоктон коркуп, ыйлап отурат". Ошондо Алла- Таала айтат: "Алар тозокту көрүптүрбү?
". А периштелер:
"Алар көргөн жок",- деп жооп кайтарар. Алла- Таала айтат: "Эй периштелер,
силер баарыңар күбө болгула, жаннатты ошолорго насип кылдым. Ошол мажилисте отурган пенделердин баарына тозокту арам кылам, Мен алардын баарын жалгадым"
.
Ошондо периштелер айтар: "Оо Алла, алардын арасында күнөө кылгандар бар жана Сенин ыраазылыгың үчүн эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн келгендери да бар". Ошол убакытта Алла- Таала: "Эй периштелер,
эмнеси болсо да ошол мажилиске катышкан жамааттын күнөөлөрүн кечирдим, буга силер күбө болгула, себеби алар жакшы жамаат менен отурушат,"
- деп убада кылат.
Азирети Омор айтыптыр:
Эй киши, алды менен адеп үйрөн, андан кийин илим үйрөн. Адепсиз үйрөнгөн илимиңдин пайдасы жок. Пенденин таат ибадаты жаннатка тартат, адеби болсо хак субханаху ва Таалага тартат. Адеп таат ибадаттан абзел экенин билүү зарыл.
Азирети Омор сөзүн улап мындай дептир:
Беш дубалдуу шаарды алалы:
1- дубалы ылайдан,
2- дубалы кирпичтен,
3- дубалы темирден,
4- дубалы күмүштөн,
5- дубалы алтындан.
Анын биринчи дубалын сактай алган кишинин душманы экинчи дубалга жакындай албайт. Өтө албайт. Эгер ал кенебестик кылып, биринчини талкалатып койсо, анда душман калганын да талкалайт.
Ошол сыяктуу имандын да беш дубалы бар:
1- икрар дубалы,
2- тастык дубалы,
3- парыз дубалы,
4- важип дубалы,
5- сүннөт дубалы.
Ар бир мусулман адепти өзү менен сактаса шайтан наалаты ал пендени азгыруудан үмүтүн үзөт. Эгер адепсиз болсо, анда шайтан наалаты: Парыз, икрар, ибадатты баарын бузамын деп үмүт кылат. Ар пенде илим үйрөнсө абалы адептүү болуп, адептикте калыптансын.
Андан кийин Алла- Тааланы жат кылууга киришсин.
Эгер бирөө зикир (Курандын 13- сүрөсү, 28- аятына, 18- сүрөсү, 28- аятына, 33- сүрөсү, 41- аятына ылайык Аллага сыйынуу) айтса, асты менен даарат алып, андан кийин кыбылага карап отурушу туура (мисалы, аттахиятты окуганда отургандай отурат). Зикир айтууда 5 шарт бар:
1- Алланын көрбө дегенинен көзүн сактасын;
2- Алла укпа деген нерселерден кулагын сактасын;
3- Алла сүйлөбө деген нерселерден тилин сактасын;
4- тамагы таза болсун, арам даамдан сак болсун;
5- жамандардын чогулушунан өзүн алыс кармасын.
(Тилин сактамак чоң иш, эгер жаман сөздөн тилин тыйбаса, кылган зикири пайдасыз).
Тамактан сактануу- арам тамак жештен, арам соода жасоодон, арам үй жалдоодон, арам шериктик кылуудан, арам малды үйүно коюудан сактануу. Ушул айтылган иштин бирин аялы, перзенттери,
кулу, күңү кылса да өзү кылган болот.
Эгер жогоркуларды аткарган болсо, анда анын иши адал деп билсе болот. Өзү жамандар менен, пасыктар менен, залимдер менен чогулган жеринде болсо, алардын айтканын айтса, анда шайтан наалаты ал пенденин мойнуна кыл чылбырдан тузак салып жетелеп алганы.
Расул Алланын айтканынан:
Кимдин тили Алла деп, бирок көңүлү Алладан кабарсыз болсо, же арам оокат жеп, Алланы зикир этсе, ал айткан зикири үчүн кыямат күнү нечен жылдар азап берилет.
Эч ким Алла- Тааланы көзү менен көргөн жок. Алланы тапкан жамааттар көңүлү менен табат. Пенделер кыямат күнү көзү менен Алланы көрөт. Ошол үчүн жалаң тили менен эмес, көңүлү менен Алланы таанып билсин.
Бир күнү азирети Дөөт пайгамбар Алла- Таалага мунажат кылып отуруп айтты. Оо Алла, жер жүзүндө падышалардын казынасы бар. Сенин казынаң канча? Ошол убакта Алла азирети Дөөткө айтты: Я Дөөт, Менин казынам бар, ал Арши агладан чоң, күрсүдөн кең, жаннаттан таза, баардык асмандардан жаркыныраак,
Менин ал казынамдын жери магрифат, күнү пенденин дили, дубалы ыклас. Анын төрт эшиги бар: илим, өнөр, сабыр, ыраазылык. Ал казынамдын үйү пенденин көңүлү. Азирети Жебирейилден кабар менен тарбия, Микаилден насип, Шайтан наалатыдан азгыруу. Мага ал казынам ар качан назар кылат. Мен да ал казынама назар кыламын. Менин пендемдин көңүлү ошондой кең, жети кабат асман, жети кат жер күрсүнү, арасы жаамы калкты ошол көңүлгө салса, бир данды бир үйгө салгандай болот. Ошондой болгондуктан адамдар көңүлүн таза сактоо парыз болот. Көңүлдүн тазалыгы туура жүрүү, туура болуу менен, адал тамак менен, жакшылардын көңүл эргиткен сөзү менен болот.
Азирети Али айтканынан:
Эч ким төмөнкүлөрдү ордуна келтирбей, тарикатты (шарият жолунда жүрүүнү) ордуна келтирип өтөй албайт:
1- өзүн эң төмөндөр катарында санап, өзү жердей болууга тырышуу керек, такыр көтөрүлбөй пас болуу керек.
2- магрифат (билим, илим) үрөнүн экмек; мисалы пири эмне ишти буюруса ошол ишти орундоо керек.
3- адебин ашыруу менен эккен эгинин өстүрүү. Мисалы тарихатка кадам койгондон кийин, өзүн тез арада жогорку адептүү кылуу керек. Эгер адепсиздей жүрсө, Алла- Таала тарабынан аксап, жол алып жүрө албас.
4- дили менен ошол эгинди суугаруу.
5- күндүз бул эгинге назар салып урматтоо керек.
6- дини менен ошол эгинди отоо чөптөн тазалоо.
7- урмат таягы менен ал эгинди кайтаруу керек.
8- риазат (шүгүрчүлүк) менен ал эгинин оруу керек.
9- такыбалык тегирмен менен ал эгинди ун кылуу керек.
10- таза сүйкүм элеги менен элеп, ал унду камыр кылып, андан нан бышырып, улук адамдарга берүү керек. Өзүн айбандан төмөн сезмейинче иманы толук болбойт.
Бир күнү Каваже Базирик бир жерге бара жаткан эле. Жолдо бир адам жолукту. Каваже бул адам менден жакшыраак экен деп ойлоду. Андан кийин барып дагы бир жерден күчтүү адал жаныбарды көрдү. Ошондо Каваже айтты, бул да менден жакшыраак экен деп. Бир котур ит жолукту, Каваже айтты, бул да менден жакшы экен деди. Каваже андан да өтүп бара жаткан эле, иттин нажиси (заңы) учурады, ошондо Каваже айтты, ай балким мен мындан жакшыраакмын деп. Ошондо нажис, эй Каваже мен кишиге керек болом, керегине жараймын, сен кимге керек болосун деди. Каваже нажистен бул сөздү угуп, мындан кийин эч бир нерсени төмөн санабады.
Бир күнү азирети Омор Мединада сахабалар менен отурган эле. Ошондо учурда бир киши келип айтты, эй жарандар, мечитте Расул Алланын мурасын аяк асты кылып отурат. Алар дүнүйө үмүттөнүп барды, эч бир дүнүйө көрбөдү, кайта келишти. Ошондо азирети Омор: "Эй жарандар, сиздер эмне иш кылып келдиңиздер?
"- деп сурады. Ошондо алар айтты: "Я Омор, биз да дүнүйө үмүт кылып бардык, эч бир дүнүйө көрбөдүк. Бөлөк бир жамаат аалым мажилисин жасап ошол жерде отурган экен". Ошондо азирети Омор айтты: "Эй жарандар, Расул мурасы ошол болот".
Мухаммед алейхисалам айтат:
Мен каалаган коом мындай. Ким багымдат намазын окугандан кийин ошол окуган жерде күн чыкканча отурса, бул отуруу өтө жакшы. Мисалы : Исмаил пайгамбар 4 баласын капырлардан сатып алып, азат кылганы менен; бир капчык зерди Кудай жолуна бергенден, азирети Каабаны тооп кылгандан да сообу көп. Алла- Таала ал пендеге бир кереметти насип кылат. Ал пенденин ырыскысы мол болот. Ар кандай кесип кылса берекелүү болот. Ал пенде өлгөндө имандуу болуп, көрү жарык болот. Мүңкүр- Наңкир сурагын жеңил өткөзөөр. Амал дептерин оң жагынан алып келет. Сырат көпүрөдөн чагылгандай өтөт, таразага амалын салганда сообу оор болот. Элди эки бөлгөндө ал жаннат жагында болот. Намаз дигер окугандан кийин отурса, ошол сооптор ал адамга пайда болоор. Дагы Расул- Алла айтты: мажилистин алдында ал дубасы ошол амалына кыяматка чейин сообу болот. Эгер ошол мажилистин алдында күнөө кылган болсо, ал дуба ага калканыч болот.
Дубасы бул: Субуханака Аллохумма ва бихамдика. Ашхадуан Лаилаха илла анта вахдака. Ла шарика лака астагфирука ва атубу алайка.
- (2 )
-
- 1
- 2
Жан азыгы. Окуп койгула!
#2 04 July 2012 - 14:23
НИЕТ КЫЛУУНУН БАЯНЫ
Расул алла айтты:
Кыямат күнү Алла бир коомду жаннатка жиберет. Ал коом жаннаттын көчөлөрүн назар салып көрөт. Ошол убакта кабар келет. Ал пенделерди кайтаргыла, аларды тозокко жибергиле аларга жаннаттан насип жок. Ошондо ал жамаат катуу кайгырып ыйлайт. Кыяматта андан ашкан кайгы болбойт. Алар айтар, эй Алла, бизди тозокко жибердиң, тозоку болсок бизди эмне үчүн жаннатка жиберип, көрсөттүң? Жаннаттын түрдүү жайларын көрүп биз арманда болдук. Бизге бул иш өтө оор болду.
Алла- Таала айтар, тозокко түшүп, жаннаттын насип болбогон себеби ушул: силер чоң күнөө кылдыңар, мусулмандардын дүнүйөсүн уруксатсыз алдыңар. Ушак (кайбат) айттыңар, мактандыңар, кайраштыруу болдуңар, арамза болдуңар. Ошол иштерди жакшы көрдүңөр. Бул иштерден уялып коркподуңар. Жоомарттык менен садага бербедиңер. Садага берсеңер арам малдан (дүнүйөдөн) бердиңер. Эгер адал малдан берген болсоңор базарда, көчөдө мактанып бердиңер, зекетти, үшүрдү, назирди, башка чоң садагаларыңарды пасыктарга (кудайсыздарга), жалкоолорго, төлгөчүлөргө, бейнамаздарга бердиңер. Ошондой адамдарга берүүлөрүңөрдү аалым уламаларга, жарым жандарга, мусулмандарга берүүдөн артык деп билдиңер. Ошол кабыл болот деп ойлодуңар. Ошондуктан силердин таат- ибадат, садагаларыңар кабыл эмес. Ошондуктан силердин ал жасаган амалыңар үчүн бир азапка кириптер кылдым. Буга эч ылаажы жок деп аларга азап берет.
Расул Алла айтты, менин үмөттөрүм бутка (идолдорго), отко сыйына турган болобу деп коркомун.
Расул Алла дагы айтты.
Эй жарандар мен текеберликтен коркомун, текебер бирөө кайыр берсе бул кайрымдуу экен деп эл айтсын деген максат менен эл көзүнчө садага берет, напил намаз окуса, эл ичинде жакшы окуп, эл жок жерде чала окуйт, теспе тартпайт, жамаатсыз жалгыз окуйт. напил орозо кармаганда элге жарыя кылат. эл оокат иче турган жыйынга барып, өзү орозомун деп оокат ичпейт. Бир кичине таат- ибадат жазаса мактанып элге жарыя кылат. Кийим кийсе кымбат, мыкты кийим кийет. Такыба экен, бул дүйнөдөн көңүл үзгөн деп айтсын деп, эл менен оокат ичпей, эң күчтүүсүн, эң азын жейт. Такыбалыгыма эл көңүл бурсун дейт, а эл жок жерде оозун кере-кере чайнап көмөлөтө ашап оокат ичет. Көп ичип, көп жеп, көп сүйлөр. Мынча бул иштери үчүн эч кандай сооп жок, кайта азап берилет.
Абухурайра разыя Алла рабаятынан.
Расул Алла айтат, эгерде көңүлүңдө рия (мыктысыныш) турса, анда өзүн көрсөтүү үчүн орозо кармагандарга ачыктан башка алаары жок, түндө намаз окугандарга уйкудан калгандан башка эч нерсе жок, садага берүүчүлөргө акча курутуудан башка табаары жок, куран окуучуларга жакшы аттан башка эчтеме жок.
Расул Алла дагы айтты: Ар бир киши таат- ибадатты риа (менменсинүү) менен кылса, ошол таат мына жогоруда айткандай болот. Бирөө кесесине топурак салып базарга барса, эл бул эмне деп сураса, ал киши бул алтын десе, анда эл көрөлү деп жабылып көрсө, ал топурак экенин көрөт. Базарда топуракка эч нерсе келбейт. Рия менен кылган иш ошондой болот.
Расул Алла жана айтты: Пенде таат- ибадат кылса ыкыласы менен, чын көңүлү менен кылсын. Эл ичинде кылбай, жашырын жерде кылсын. Намаз окуса, орозо кармаса, садага берсе жашырын берсин.
Расул Алла дагы айтты: Менин үмөтүмдүн жакшысы- жакшылыгын жарыялабай жасаганы. Садаганы жашырын берсе эл күмөндө калат, бул садагасын кембагалдарга бербейт экен, сараң экен деп. Ошондуктан садаганы жай (байкатпай) берүү керек. Пайдасыз жерге берген садага такырга үрөн сепкендей болот. Эгер оору болсо өзүн соо адамдай көрсөтсүн. Эгер кедей болсо өзүн элге бардай көрсөтсүн. Эгер таат ибадат жасаса өзү элге пасыктардай көрсөтсүн, элге жашырын карап, элдин айтканын ырастап көрсөтсүн.
Расул Алла айтты:3 нерседен кабардар болгула.
1- таат- ибадатты Алла үчүн кылууга ниет кылгыла.
2- чынчыл болгула.
3- залымдарга, пасыктарга, залым падышаларга тийшпегиле.
Расул Алла дагы айтты:
Кыямат күнү болгондо куран окуган карыларды, шейиттерди, аалымдарды, азиздерди, жоомарттарды, ажыларды, абиддерди Алла- Таала алдында алып келет. Ошондо Алла айтат: эй жамаат силер дүйнөдө эмне иш кылдыңар? Ошондо карылар куран окудук деп, шейиттер, биз Сен үчүн каныбызды төктүк, Сен үчүн капырларды кырдык, ажылар, Сен үчүн ажылык кылдык, абиддер, Сен үчүн таат ибадат кылдык, аалымдар, Сен үчүн элге насаат жүргүздүк, жоомарттар, Сен үчүн кайыр садага кылдык деп айтышат. Ошондо Алла- Таала айтар, эй жалганчылар силер Мен үчүн жасаган жоксуңар, элге көрүнүш үчүн кылдыңар. Мыктысыныш үчүн жасаган таат ибадатты Мен кабыл кылбаймын деп, андан кийин Алла- Таала буларды тозокко жиберет.
Бир күнү Расул Алла мечитте отурган эле, бир араб келди. Намаз окуду, рүкү, сажда өтө ордуна келтирип жасады, отурган сахабалар таң калды. Ошондон кийин дагы бир киши келип намаз окуду, рүкү, сажданы өз ордуна келтирбей, колунан келгениндей жасады. Экөө тең көчөгө чыгып кетти. Алар кеткенден кийин сахабалар айтты, я Расул Алла, алдыңкынын намазы кийинкинин намазынан абдан жакшы болду дегенде, Расул айтты, эй жарандарым алдыңкынын намазы кабыл болгон жок, себеби ал рия (элге көрсөтүү үчүн, мыктысыныш үчүн) кылды, кийинкисинин намазы кабыл болду, ал рия (мыктысынуу) кылбады.
Шайык Жунайди Багдади Куддиса сирруху айтты.
Мен ыкласты чач тарачтан үйрөндүм. Мекке шаарында турчу элем. Бир чач тарач бар эле. Ошондо мен айттым, эй чач тарач, Кудай үчүн сен менин чачымды алсаң дегенимде, ал куп болот деп чачымды алды. Чачымды алгандан кийин мен өз ишим менен кеттим. Көңүлүмдө Алла- Таала мага бир нерсе берсе ушул чач тарачка берейин деп ойлодум. Мен Меккенин мечитинде отурган элем, мени бир киши издеп келип, үйүнө эрчитип барып бир кумура алтын берди. Мен аны санасам 150 дилде чыкты. Ошол дилдени чач тарачка алып барып бердим. Ал дилдени албай койду. Айтты, эй бурадар, эгер ак субуханаху ва Таала айтса, эй бейыклас пенде, уялбадыңбы? Чачын МЕНИН ЫРААЗЫЛЫГЫМ үЧүН АЛДЫң да, андан кайтып ал кишиден акым деп дилде алдың десечи деп, ал чач тарач ал дилдени албады. Ага кошумча сен кандай тобо жана мен эмне жооп менен Алланын алдына барабыз деди. Мен ошол чач тарачтан чын ыкласты үйрөндүм.
Шайык Шибили рахматы айтты.
Мен бир сахара жарым аралында жүргөн элем. ошондо бир жигитти көрдүм, үстүнө эски тон, колунда бир аса таяк менен кетип бара жаткан эе, артынан жүрдүм, алдыбыздан бир тоо кез келди. Ал тоо тип-тик экен, менин оюма келди, бул тоонун жолу кайда? Жолсуз өтүүгө мүмкүндүк жок деп. Ошондо алиги жигит тоого жетти. Тоо эки айрылды, ал жигит өтүп кетти. Жигит өтүп кеткенден кийин тоо кайта мурункудай болду. Мен ушул ишке бул көз боёчу го деп айран калдым. Ошондо мага кайыптан кабар келди. Эй, шайык Шибили, сен эмнеге таң калып турасын. Бул жигит Менин буйругумдагы жигит. Анын башка менен иши жок. Ар пенде Менин буйругумда болсо, бардык нерселер анын буйругунда болот.
Мен бул иштен кийин ар качан анык Алла- Тааланын буйругунан башка эч нерсе кылбадым. Ошондон кийин каргыш тийген шайтан мени ар качан душман көрдү. Мен анык билдим шайтан лаанат менин бул жолумду жаратпаганын. Ошондон баштап шайтан лаанатка каршы иш кылдым. Түндө уктабай ибадат жасадым, шарап ичпедим, көп күлбөдүм, мал- дүнүйөнү үстүнө түшүп издеп жыйбадым, жакшы оокат, жакшы кийим, жакшы лазатты тилек кылбадым, аны эңсөө шайтан азгырганы болот.
Шайтан пейили ар качан азгыруу болот. Шайтан лаанат адамды эки жерден азгырат. Бир пенденин жигит кези. Эгер Алла- Таала ибадат кылса шайтан айтар, эй жигит, жигиттик сага эки айланып келбейт. Жигиттикти бош өткөзбө, бул дүйнө беш күндүк, ойно, күл, ич, же, өтүп кеткен убакытка өкүнөсүң, өкүнсөң да ордуна келбейт. Бул дүйнөнүн кызыгын көрүп кал, арманың калбасын, кийин жашың жеткенде намаз окусаң болот дейт. Орозо тутсаң болор, таат ибадат кылсаң болор. Сен уккан жок белең Башир хафи бул жалганда ууру, каракчы эле. Бул дүйнөнүн баардык рахатын көрдү, уурулук кылды, ойноду, күлдү, ичти, жееди, адам өлтүрдү, ошондон кийин көп убакыттан кийин тобо кылды. Ошондон кийин олуя катарына кошулду. Сен бул дүйнөдөн кор болуп кетип баратасың. Жашым элүүгө, алтымышка жетпейт деп коркпо. Сенин алдыңдагы кишилердин жашы 60-70-80-ге жетип жатат. Ошол убактатобо кылсаңар болор деп азгыраар. Бул пенде болсо муну өзүм ойлоп иштедим деп пикир кылат. Шайтандан көрбөйт.
Шайтандын экинчи азгыра турган жери адам оору болсо ооруп жүрүп намаз окуса, эй пенде, өзүң ооруп жатып кыйналып эмне кыласың. Ооруган адамдын баары эле өлө бербейт, айыгып ордуңан тургандан кийин да окуса болот, жаныңды эмнеге кыйнайсың деп азгырат. Ошондогу шайтан лаанатынын тилеги адам жигит кезинде өлсө, же ооруган кезинде өлсө, тобо кылбай өлүп , мойнунда көп күнөө аркалап кетсе экен дээр. Ошондой болсо шайтан наалатынын раманы орундалат, мына ошол эки убакытта пенде шайтвн наалатынын азгырууна кирбесе, өлөр кезде шайтан ал пенденин иманына зын келтире албайт.
Каргыш тийген шайтан айтат, эй Алла, сен адамдарга өзүңдү жат кылып сыйынуу үчүн мечит бердиң. Менин мечитим кайда? Эй шайтан, сенин мечитиң мончо.
Эй Алла, адамдар үчүн мажилис жараттың, мени мажилисим кайда? Ошондо Алла- Таала айтар, эй наалаты малгун сенин мажилисиң базар.
Шайтан дагы айтты, эй кудай, адамдар үчүн окуй турган куран бердиң, менин окуй турганым кайсыда? Ошондо хак субхана ва- Таала айтат, эй малгун, сенин окуй турганың акындардын ыры.
Шайтан наалаты дагы айтты, эй Алла, адамдар үчүн сөз жараттың, менин айтаар сөзүм кайсы? Ошондо хак субхана ва-Таала айтты, .й балит сенин айтаар сөзүң калп менен кесир сөз.
Шайтан наалаты дагы айтар, оо кудай, адамдар үчүн азан жараттың, менин азаным кайда? Ошондо хак субхана ва-Таала айтты, эй шайтан наалаты, сенин азаның сурнай, музыка.
Жана шайтан наалаты айтар, эй кудай, адамдар үчүн пайгамбар жараттың, менин жол көрсөткүчүм кайда? Ошондо Алла айтат, сенин колдоочуларың бардык палчылар жана көзү ачыктар.
Шайтан наалаты айтат, эй Алла, адамдар үчүн китеп жараттың, менин китебим кайда? Ошондо Алла айтар, сенин китебиң адамдардын бетине, колуна ийне менен салган калы менен жазуу.
Жана шайтан наалаты айтты, эй Алла, адамдар үчүн үй жараттың, менин үйүм кайда? Ошондо Алла Таала айтар, шайтан наалаты сенин үйүн ушакчылар.
Шайтан наалаты дагы айтты, эй кудай, адамдар үчүн тамак жараттың, менин тамагым кайда? Ошондо хак субхана ва- Таала айтат, эй шайтан ыплас сенин тамагың. Мени эсинен чыгарган жамааттын тамагы (мындайча айтканда, бисмиллаахир- рахмаанир- рахиим деп ичпеген оокат).
Ошол үчүн эй пенде Алладан кабарсыз болбой ар качан бир Алланы эсиңизге алып жүрүңүздөр. Шайтан наалатынын жолуна түшүп Алланын рахымынан кур калбагыла. Мейлиң кары, мейлиң жаш, мейлиң аял, мейлиң эр, мейлиң кыз, мейлиң молдо, мейлиң наадан, мейлиң жай чарба, мейлиң башчы, баары бир жыгач бешикке түшкөн дене жер төшөккө да түшөт, андан эч бир кутулуу жок. Ошол үчүн бир Алланы ар качан жат кылууңар керек. Тобо, шүгүр, истигфор жасагыла. Бул иштер парыз болот. Бул парыз ар кимдин мойнундагы милдет болот. Бул парызды моюндабаса күнөөкөр болот.
Тобо урматтоонун белгиси. Адам тобо кылса Алла- Тааланы бир деп билип, тободон кийин экинчи күнөөлүү иштен качып, парыз, сүннөт, важип, мустахиб иштерди иштеп, өзү таат ибадатта болуп адептүү болот. Ошондо ал пендени момун пенде дейт. Эгер аалым болсо китеп жазуу керек, эгер караңгы болсо, илим үйрөнүү керек. Эң биринчи адеп, ниет, намаз, даарат, орозо, напил намаз, напил орозо, мына ошолорду таза үйрөнүү керек. Дагы зекет, үшүр, витир, назир, ажы, курман, садага качан, кандай жагдайда, кимге берилип кимге берилбейт, муну да билүү парыз. Дагы айыз- нифасты да ажыратып билүү керек. Аалым адамдан дагы өзүнө зарыл амалдарды сурап билип үйрөнүү парыз. Арам, макирөө иштерден оолак качып аалымдардын мажилисине милдеттүү түрдо барып катышуу керек.
Кожо Абдыхалык Гыждувани Куддиса сирруху кожо Арапка айтты: Эй перзенттерим, азизим, сени өзүмдүн ордума койдум. Мен сага бир канч аосуят айтайын: Ар дайым кудайдын ыраазылыгы үчүн түз жолдо болгун. Жаман жолго чыкпагын, ар дайым такыба болгун, Алланын акысын өзүңө милдет көргүн. Ата- энеңдин кызматында болгун, аларга дуба багыштап жүргүн. Алар сага ыраазы болсо, Алла- Таала сага ыраазы болот. Алланы дайыма көңүлүңдө сактагын, күну- түн куран окуу менен бол. Куран окугандан качпагын. Куран окусаң ыкылас менен оку. Куранды урматта, ариптери менен белгилерин таза окугун. Чала окуп наалатка учураба. Ким куранды ката, чала окуса, куран ага наалат айтат. Куранды чала окусаң андан кийин намаз окусаң ал намазың толук намаз болбойт. Эгер миң жыл таат ибадат жасасаң да куранды ката окусаң, намаздыда ката окуп, ошол жасаган таат ибадатыңдан сага эч бир пайда болбойт. Кайта күнөө табасың. Себеби Куран Алла- Тааланын жанында күбө болот.
Эй Арап, эч убакта илимден кол үзбө. Маселе суроодон уялып же намыс кылба. Ар качан ишиң илим, маселе суроо менен болсун. Эч убакта аалымдардын мажилисинен качпа. Наадан сопулардан кач. Наадан жолдун каракчысы болот. Мусулмандардын жолун бузуучу болот.
Эй Арап, ар качан Расул Алла менен бирге болгондор менен бирге бол. Аллага ишенгин. Расул Алла иштебеген иштен качкын. Ант бузгандар, залымдар, кудайсыздар менен бирге отурбагын. Алардын ызат, урматын, илтипатын албагын. Аз ырыскыга каниет кылгын. Каниетти өзүңө милдет көргүн. Ар дайым Алла жадыңда болсун. Кетирген каталарыңды эсиңе алгын. Адал жегин. Себеби адал жеш бардык жолду ачат. Арам жеп, арам жасоо түгөнгүс машакат болот. Арам жесең кыямат күнү тозокко салып денеңди отко кактаар. Адал же, иманың кубат тапсын. Намазды түндө көп окугун, тозок көрбөйсүн. Орозону көп карма, жаннатты оңой табасың. Намазыңды жамаатсыз эч качан окуба, себеби жамаатсыз намаз окусаң мунапык (эки жүздүү) болосун.
Бийликти талап кылып сураба, аким болууну ким сурап алса, эч качан эркиндикте болбойт. Баарыңар залим падыша, амир, акимдердин кашынан качкыла. Кишинин көңүлүн оорутпа, жамандаса да, мактаса да экөөнө бирдей бол, сылык болгун.
Ошондо Арап сурады: "Нааданды кандайча ажыратабыз? " Статы айтты: "Көрсөң билесин, ал наадан сопу каза намазын, каза орозосун аткарбайт, карызын берип кутулбайт, арамды адал дейт. Соодасын өтө кымбат өткөзүүнү каалайт, жалдоого бергендерине өтө кымбат берип ошону пайдаланууда убал болот деп ойлобойт.
Илим үйрөнүүдөн качат, кембагалды теңсинбейт, аялдар менен аралашат, байларга, улуктарга тмагынан даамдуусун берип, алар келсе алдынан жүгүрүп чыгып кол куушуруп урмат кылат, аларга шарият жолун айтпайт. Жана ошол тобосуздарды жоомарт көңүлү менен урмат кылат. Аалым адамды жек көрүп, андан карышкырдан кой качкандай качат. Жакшы олуя кишинин сөзүн кабыл кылбайт. Өзүн бир элден өйдө керемет адам кылып көрсөтөт" .
Ошондуктан сен эч качан менменсинбе, карапайым бол, элден сураба. Алладан сура, көп күлбө, көп күлсөң, көп сүйлөсөң көңүлүң өлөт. Көңүлүң өлсө Алладан алыс болосун. Кичи пейил бол, текебер болбо, ошондо Алланы табасың. Түндө көп уктаба, намаз менен бол, таң намазынан кийин күн чыкканча отур. Дигер намазынан кийин күн батканча теспе тартып отур, сообу өтө чоң. Таат ибадат жасаганда ыйлап чын көңүлүң менен жаса, аалымдардын мажилисинен качпа, үйүң мечит болсун, кармаганың Куран, эстегениң Эгең болсун.
Абу Умар деген киши бир аалымдын мажилисине барып катышты. Ошондо аалым жамаатка: эй жамаат, мага 1000 теңге өтө керек болуп турат, кимиң бересиң деп үч кайталап сураганда эч бир адам эч нерсе айтпай тарап кетти.
Абу Умар үйүнө келип 1000 теңге алып аалымдын үйүнө барып, мен сизге миң теңге алып келдим, бирок шарт ушул, сиз эч кимге муну айтпаңыз деп убада алып 1000 теңгени берип кетиптир. Аалым ошол күнү кайта мажилис жасап, ошол мажилисте Абу Умар 1000 теңге алып келип берди, деп айтып жарыя кылды.
Абу Умар ордунан туруп аалымдын жакасынан сыга кармап, кайры менин акчамды деп демитти. Аалым үйдөн алып келип берейин деп үйүнө кеткенде, Абу Умар өз үйүнө кайта 1000 теңге алып келип аалымдын үйүнө барып мен сага дагы 1000 теңге алып келдим, ал жарыя кылып алган акча рия (мактаныч үчүн) кылгандай болду, анын мага кайыры болбоду. Сиз жарыя кылдыңыз, эми муну жарыя кылбаңыз деп дагы 1000 теңгени бергенде, аалым кийинки 1000 теңгесин ыраазы болуп албай, мурунку 1000 теңгесин алып ыраазы болуп өз жыйында калды.
Мына ошондуктан бирөөгө жакшылык кылсаң айтпа, милдет кылба, жарыя кылба. Алланын ыраазылыгы үчүн иштедиң, жакшылыгы Алладан кайтат. Кайтпай калбайт. Ошол үчүн мактануудан, текеберликтен сак болгула. Алла ар качан баарыбызды ошодон сактасын.

#3 04 July 2012 - 14:42
Дагы жазып турунуз ал китепти билем коп жакшы нерселер бар аттап отуп кетпей башынан аягына баарын жазасыз деп ишенем
Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эчким аны очуралбайт тарыхтан .
Эчким аны очуралбайт тарыхтан .
#4 04 July 2012 - 15:06
Мен да сизден суранаарым коптон жазып турунузчу. Ал китебинизди интернеттен да тапса болотпу? Алдын ала чон рахмат.
Надо во всём быть 1-ой, всегда иметь 2-ую половинку, никогда не быть 3-им лишним, иметь свой 4 уголка, что бы всё в жизни было на 5, иметь 6-ое чувство и быть на 7-ом небе от счастья!!! Не вижу смысла быть несчастной,
имею наглость быть счастливой!
!!
#5 04 July 2012 - 16:10
ААЛЫМДЫН КАСИЕТИНИН БАЯНЫ
Расул Алла айтты:
Аалымдар менин мурасчыларым, себеби адамдарды туура жолго салып жаман жлдон кайтарат. Ошондой болгондон кийин аалымдарды урматтап аларды сыйлоо важип болот.
Аалымдардын үй- бүлө каражаты калк үстүндө болот. Аалымдардын өзүнө керек заттарын элге айтып, ошол элден алып пайдалануу туура болот. Аалымдар эл үчүн, элдин кажети үчүн падышанын алдына барат. Аалымдын жаманы элден кол үзүп падыша, амирлерге барат, жакшы аалым аларга барбай эл менен болот. Жакшы падыша, акимдер аалымдарга барат, алардан кабар алат.
Аалым адам менен бирге болсоң 4 нерсе пайда болор:
1- диниң жарты болсо, бүтүн болот;
2- текебер болсоң, кичи пейил болосуң;
3- мусулманды душман көрсөң, кайта дос көрөсүң;
4- заалым болсоң, заалымдыктан качасың.
Расул Алла айтты, менин аалым үмөтүмдүн уктап жатканы наадан үмөтүмдүн намаз окуганына тең.
Аалымдын жанында отуруу миң жыл ибадат кылгандан жакшы. Менин аалым үмөтүмдүн жанында ким бир саат отурса ал мени менен отурганы. Менин аалым үмөтүмдүн шарапаты көп. Мени менен бирге отурса кыямат күнүнүн коркунучтуу кыйынчылыгынан аман болор.
Кыямат күнү үч түрлүү жамаатка шапаат укугу берилет:
1- олуяларга,
2- аалымдарга,
3- шейиттерге.
жана кыямат күнү Алла- Тааланын жанында аалымдар гана болот.
Шайык Мансур дүйнөдөн өткөндөн кийин бир жакшы адамдын түшүнө кирет. Ошондо ал түш көргөн киши түшүндө сурайт: эй шайык Мансур Алла- Таала сенин тирүү кезиңде иштеген иштериң үчүн көрдө кандай мамиле жасады? Анда шайык ал кишиге айтты. Мени көргө алып барып койгондон кийин хак субхана ва- Тааладан кабар келди. Эй шайык Мансур, сен Менин алдымда көп- көп күнөө алып келдиң. Мен сенин ошол күнөөңдү кечирип сага жаннат насип кылдым. Себеби элге, бечараларга сен ар качан адилдикти, чындыкты көрсөтүүчү элең. Менин бардыгымды, бирдигимди, шериксиз жалгыз экенимди айтып түшүндүрүп жүрдүң. ошолордун Мени дос тутуп, Мага жакын болушуна себеп болдуң. Мен калысмын, ошондуктан сага тозокту эмес бейишти бердим деди.
Расул Алла айтты, кимде ким менин аалым үмөтүмдүн кабарына зыярат жазаса, ал киши менин кабырыма зыярат жасаган болот. Бирөө бир аалымды урматтаса, мени урматтаган болот. Кимде- ким Аалымды улук тутса анын жайы жаннатта болот. Күмөнсүз Алланын дидарын көрөт.
Эгер менин аалымдарымды кордосо, аны кем тутса, анда мени кордоп кем тутканы. Мени кордоп, кемиткени Алланы кордоп, кем тутканы болот. Ал пендеге менин шапаатым болбос, арм болор, ал пендеге Алла ракым кылбас, Алланын жүзүн көрбөс. Ким менин аалым үмөтүмдүн артында намаз окуса, ал менин артымда намаз окуган болот.
Бул дүйнөнүн бузулбай турушунун себеби төртөө:
1- аалымдын илиминин себебинен;
2- адил падышанын адилдигинин себебинен;
3- жоомарттардын кайырынын себебинен;
4- мусулман пенделердин дубасынын себебинен.
Расул Алла дагы айтты, менин үмөттөрүмдүн жакшысы анык аалым үмөтүм. Эгер наадан киши жаман сөз сүйлөсө, бир күнөө жазаса Алла- Таала бир күнөөсүн кана кечирет. Аалым пенденин 40 жаман сөзүнө чейин кечирет.
Мындай рабаяттар бар. Кыямат күнү болгондо Алла пенделерди суракка алат. Ошондо пенденин күнөөсү сообунан оор болот, мындан кийин ал пендени тозокко жиберет. Андан кийин Алла Жебирейлерге айтат: "Сен бул пендеден сура, жалган дүйнөдө бир аалымдын мажилисинде болуптурбу? Эгер аалымдар менен отурган болсо, мен ал пендени жалгаймын" . Жебирейил ошол убакта ал пендеден: "Эй пенде, сен жалган дүйнөдө бир аалымдын жыйналышында болдуңбу?" деп сураганда, ал пенде, я бурадар Жебирейил, ал дүйнөдө эч бир аалымдардын мажилисинде болуп сүйлөшкөнүм жок дейт. Жебирейил кайтадан, аалым менен жолдо долуктуң беле? деп сурайт. Жолдо до эч бир аалым менен жолуккан жокмун. Жебирейил кайта сурайт. Эй бечара, сен аалымдын мажилисинде болгон адам менен сүйлөшүп, ошону менен бирге отурдуң беле? Анда ал пенде отурган жокмун дейт. Ошондо Алла Жебирейилге: "Эй Жебирейил, бул пенденин атын бир аалымдын атына ылайык келтир" дейт, бирок ал пенденин аты аалымдын атына окшош болбойт. Анан кайта сурак болот, Жебирейил ал пендеден ал дүйнөдө бир аалымды дос туттуңбу?-деп сурайт. Ошондо ал пенде Жебирейилге айтат: Бир аалымды дос туткан бир адамды бир жолу дос туттум эле дейт. Ошондо Алла: "Эй Жебирейил, мен бул пендемди ошол иши үчүн жалгадым. Сен ал пендени колунан жетелеп жаннатка киргиз. Аалымды дос туткан кишини бир жолу дос тутканы үчүн мен ага жаннатты насип кылдым"- дээр экен.
Кааб ибни Жобир айтты.
Пенде Алланын таат- ибадатын калтырбай кылса, линсиздер, пасыктар, бейнамаз менен отуруп, аларды динге тартса, Алла анынжасаган күнөөсүн кечирип, сооп жазат. Кыяматта тирилип турганда аалым жакшы пенделердин катарында турат. Себеби ал пенде жанагыларга шарият айтып, жол көрсөтөр.
Ар ким аалымдар менен бирге отурса ал пенденин дили таза болот, такыбалар менен бирге отурса, анын такыбалыгы артат, залымдар менен отурса, залымдыгы артар. Кимде текеберлик пайда болсо, ага жаннат насип болбос, арам болоор. Текеберлик жакшы эмес. Ар ким пасыктар менен бирге отурса күнөөгө бейимдүүлүгү көбүрөөк болот.
Жаннаттын алдында төрт түрдүү адам жол талашып турат деп Расул Алла айтты:
1- аалым,
2- ажы,
3- жоомарт,
4- шейит.
Ошондо аалым айтат мен мурун киремин, ажы айтат мен мурун киремин, шейит айтат мен мурун киремин, жоомарт айтат мен мурун киремин деп. Ошондо хак субухана Таала: эй Жебирейил, сен буларды доосун чечип иреттеп кел деп жумшайт. Эгер кайсынысы мурун кирүүгө тийиш болсо, ошону киргиз деп амир берет.
Ошондо азирети Жебирейил ажылар менен шейиттерден жаннатка кирүүнүн жолу менен тартибин кимден үйрөндүгүңуздөр? - деп сурайт. Ошол суракка ажылар менен шейиттер: биз бул жагдайды аалымдардан үйрөндүк деп жооп берет. Азирети Жебирейил анда аалымдар сиздерден устаттарыңыз экен, сиздерге устатыңардан мурун кирүүгө жол жок дейт.
Мындан кийин, эй жоомарттар, сиздер жоомарттыкты кимден үйрөндүңүздөр? - деп сурайт. Жоомарттар: "Эй бурадарым Жебирейил, биз жоомарттыкты аалымдардан үйрөндүк" - дегенде, азирети Жебирейил: "Андай болсо аалымдар сиздерге устат, сиздерге устаттан мурун кирүүгө туура болбойт"- дейт. Ошондо жоомарттар: "Эй бурадар Жебирейил, биздин устаттан мурун киргенибиз туура эмес экенин билебиз, бирок биздин аалымдар менен келишимибиз бар, ошол үчүн биз мурун кирүүгө тийишпиз" - дешет. Бул сөздү уккандан кийин азирети Жебирейил сурайт: "Ал кандай келишим?" . Ошондо жоомарттар айтат: Жалган дүйнөдө аалымдар калкка шарият айтып, китеп жазар эле, ошондо аалымдарга биз каражатты аябай, мал, кийим, тамак, керегинин баарын камсыз кылдык. Ошондо ал аалымдар айткан: эй жоомарттар, кыямат күнү Алла- Таала бизди, сизди, жаннатка буюрса, алды менен сиз кириңизде деген убадабыз бар эле дегенде, Жебирейил аалымдардан: эй аалымдар, бул жоомарттар эмне деп турат дейт. Аалымдар: эй бурадарым Жебирейил, бул жоомарттар эч бир катасыз ырас айтып турат. Ошондой экени ырас, биз ушулардын берген жардамынын аркасында илимдүү болдук, буларда жардамын бергенден аяган жок, биз да илим алуу жолунда аянган жокпуз. Ошондо Жебирейил: "Андай болсо аалымдар менен жоомарттар тең кирсин. Андан кийин ажылар кирсин"- деп өкүм кылат.
Аалым деп мындай адамды айтат. Иман маселесин, даарат, намаздын жана арам кайсы, адал кайсы билсе ал кишини аалым дейт. Бир киши кары болсо, кырк парызды билсе, ал аалым эмес, ал пендени момун дейбиз. Аалымдар жер жүзүндөгү илимди окуп билсе, ал окуганына амал кылбай жүрсө ал аалым эмес.
Расул Алла айтты эгер аалымдар болбосо дүйнөнүн калкына кыйын болор эле.
Азирети Осмон айтты, эгер зээндүүлүк болбосо иманга кыйын болор эле.
Азирети Али айтты, эгер жоомарттар болбосо, бей- бечараларга кыйын болор эле.
Мухамед Мустапа айтты, аалымды дос тутуу ыкластан болсо, душман көрүү мунапыктык болот. Чын ниетинде аалымды дос туттум деп көңүл койбосо дос туткан болбойт. Көңүл коюунун мааниси, аалымдарга жаны менен кызмат кылуу керек. Малы менен дени менен кызмат кылуу керек. Бирөө аалым менен досмун десе, аалым ага бир иш тапшырса, же ага бирөөнү жумуш менен жиберсе, ал досмун деген адам ошол ишти аткарбаса, анда ал адамдын досмун дегени калп болот.
Расул Алла айтты: менин үмөтүмдүн бирөөсү таң намазын аалым менен бирге окуса жана ошол аалымдын бир маселе сурап үйрөнсө, ошол пенденин басып барган ар бир кадамына бир жылдык ибадаттын сообун жазат. Ал пенденин ар бир кадамынан жаннатта бир шаар жасайт. Ал пенденин жүргөн жолу кыямат кайымга чейин истигфор айтат.
Кабарда мындай дейт: кыямат күнү болгондо Арши аглага (эң үстүнкү көккө) так коёт. Бир бөлөк элдин түрү 14- тууган айдай болуп, тактын үстүнө отурат. Шарап суусун ичет. Эсеп жооп бербейт. Башка эл жагдайыбыз кандай болот деп абдан коркуп, кайгы- касиретте болот. Ошондо азирети Жебирейил: О Алла, бул такта отурган жамааттар кимдер деп сурайт. Ошондо Алладан кабар келип айтат: Эй Жебирейил, булар ал дүйнөдө менин аалымдарымды мен үчүн дос тутуп, урматтаган, башка иш менен жумушу болбогон. Ошол үчүн бул даражаны тапты. Коркунучтуу күнү булар кайгысыз отурат, аалымды дос тутуунун мааниси ушундай болот. Ыклас менен Алланын жиберген илимин окуп жүрүп ошол жамааттын шапааты бизге акыретте насип болсун деп тилек кылат. Малын ошол аалымдарга каржы үчүн берет. Өздөрү ошолордун кызматында болот. Балдары да ошол аалымдардын кызматында болот. Аалымдар буларга дүйнө кызматын буйруса баш тартпайт. Эгерде калк ушундай дос тутса, ал пенде кыямат күнүнүн бардык кыйын коркунучтуу күндөрүнүн аман болот. Эгер бирөөгө айтса мен аалымды дос тутам деп, бирок ал аалымга дүнүйөсү менен кызмат кылбаса, дини менен кызмат кылбаса алардын досмун дегени жалган.
Аалымдардын дос тутуунун нышааны бул, аалымдар ошол адамга бир иш тапшырса, ал иш мал менен же дени менен болсо, ошону ошол айткандай орундаса, малы көп болсун, аз болсун орундаса дос деп айтат. Ар ким аалымды дос тутуп, анын буту- башына караса деги жакшы.
Бул дүйнөнүн бардык адамдары пирлеринин кылган таат ибадатынан. Ар бир аалымды аалым деп малы, дени, жаны менен моюн сунса, ал адам аалымдын даражасында болсун, же аалымды даражада болбосун, Алла- Таала ошол ыклас кылган пенденин дүйнөдөгү, акыреттеги муратына жеткизет.
Аалымдар пир же устат болгондо, ага шакирт болгон адам ал кишилерди андай- мындай деп айтууга акысы жок. Бирок ал кишилер өздөрүнүн эл ичинде жаман көрсөтүү үчүн, эл бул мындай адам ал ошондой адам деп айтуу үчүн мал жыйып дагы башка иш иштейт. Эл эмне айтса да, жамандаса да, мактаса да мурид, шакирт болгондор эч кайсысын кубаттабай өзүнчө болуу керек. Себеби жамандаган элдин ушагына ээрчип алар да жамандаса, анда алар тез арада ошол аалымды жамандоого жол таап алат.
Бир киши айтыптыр: мен Расул Алланын мечитинде болдум. Мечитте эл эки бөлөк болуп отуруптур. Бирок Аллага зикир айтып отурат, экинчиси маселе айтып отуруптур. Ошондо мен: маселе ар бир жерде табылат, мен зикирги барайын, ал жерде бирөө дуба кылса менин максатым орундалар, ал маселе айткан жерге барсам бир маселе билермин, деп пикир кылдым. ошондон кийин кайттым, ошондо бир азиз айтты, эй адпсиз эмне үчүн аалым мажилисине барбадың? Ошол мажилиске Жебирейил 70 миң периште менен келген эле. Ал жамаатка аралашты. Периштенин канаты тийген пендени хак субханаку ва Таала от тозоктон азат кылат.
Азирети Момун Расулдан: "Я Расул Алла, аалым мажилиси жаназа намазына катар келсе, кайсысына баруу керек?"- деп сурады. Расул Алла айтты, эгер майитти көиө турган болсо жаназадан, аалым мажилисине баруу улук болот. 1000 жаназадан, 1000 ирет тилек кылгандан, 1000 рекет напил намаздан, 1000 капырлар менен согуш жасагандан, 1000 кеч намаз окугандан бир ирет аалым мажилисинде отурган жакшы.
Азирети Мусанын убагында бирөө бар эле, ал киши намаздан кийин дайыма дуба кылар эле. Я Алла менин көрүмдү жарык кыл, сурагымды жеңил кыл, иманым менен ал деп айтар эле. ошондо Азирети Муса айтты: Эй пенде эмне сурайсың? Ал киши айтты: мен Алла- Тааладан акырет тилегин тилеймин, эч бир орундалган белги жок деп. Азирети Муса айтты: эй пенде, сенин ал тилегиң аалым мажилисинен орундалат.
Я Алла, жамы (жалпы) пенделерге аалымдардын илиминен, анын сообунан насип кыла көр. Оомийн.

#6 04 July 2012 - 16:31
БИСМИЛЛААХИР-
РАХМААНИР- РАХИИМДИН КАСИЕТИ.
Расул Алла айтты: Кимде- ким бир жумуш баштаса Бисмиллаахир- рахмаанир- рахиим деп баштабаса ал иштин берекеси болбойт.
Башир Хафиз жигит кезинде дайыма пасык (динсиз) болуп күнөө жасап жүргөн эле. Мунун бир жакын тууганы бар эле, ошол бир күнү түш көрөт, түшүндө бир добуш кулагына келди. Башир Хафиздин күнөөсүн Алла кечирди, жаннаттагы ага насип кылды, жаннаттын ортосунан ага бир жакшы жай берилди деди. Ошодон кийин түш көргөн адам ойгонуп турду. Менин бул түшүм шайтандан болсо керек, мындай түш болбош керек эле деп ойлоду.
Себеби Башир Хафиз бул түшкө ылайык эмес эле. Мунун ортосунда 3 күн өттү, дагы ошол түштү көрдү. Бул түштү көргөндөн кийин Баширди агасы чакыртты. Башир келгенден кийин айтты: эй Башир, сенин Алла- Таалага кандай таат ибадатың бар? Башир айтты: эй ага, менин Аллага эч бир таат ибадатым жок. Ар убакта пасык күнөө иштөөдө жуүрөм. Мен бир күнү шаар жакка бардым, керегимди жасап болгондон кийин жаман кагаздардын арасынан бир кагаз таап алып карасам Бисмиллаахир- рахмаанир- рахиим жазылган экен. Мен булганган жерин тазаладым. Тазалап болгондон кийин өптүм. Эки теңгеге атыр алып, ал кагазга сээп, сандыкка салдым. Ошондо агасы айтты: Эй Башир Хафиз, ошол кагазга жазылган Бисмиллаахир- рахмаанир- рахиимдин каситеи үчүн Алла- Таала сенин күнөөңдү кечип жалгады. Мен үч күн болду түш көрдүм, түшүмдө Башир Хафиздин күнөөсүн кечтим, ага жаннатты насип кылдым деген бир добушту уктум.
Агасынын бул сөздү уккандан кийин Башир Хафиз ыйлап айтты, мен кандай адаммын, бир жолу ошол кагазга жасаган изатым үчүн Алла мага ошончо урмат берсе, мен күндүз- түнү күнөө жасап, Алланы унутуп жүргөн, эмне деген азгынмын деп эси ооп талып түштү. Эсине келгенде, ордунан туруп колундагы кызматчыларын азат кылып, бардык малын садага кылып таратып жиберет. Өзү бутуна кепич кийбей жалаң аяк Алла- Таалага таат ибадат жасап жүрдү. Алла насип кылып олуялардын катарына жетти.
Я Алла, баарыбызды туура жолго салып, топук бергейсин. Оомийн, иа рабил аламийин.

#7 04 July 2012 - 17:19
ЖАН БЕРҮҮНҮН БАЯНЫ.
Расул Алла айтты:
Адам жан берерде денесинин бөлүктөрү бир- бирине коштошушуп, араздашып айтышат. Жакшы калгыла, бул күнү бири- бирибизден ажырап, кара топуракка кошула турган күн келди.
Расул Алла айтты: Эй үмөттөрүм билгиле, жан берүүнүн машакаты өтө кыйын, кылыч менен 300 ирет чапкандан да оор. Кимде- ким өлүмдү көп- көп ойлосо күнөө жасабайт, ошол пендеге 3 нерсе пайда болот:
1- өзүн тободон алыс кармабайт;
2- ар нерсеге каниет кылат;
3- таат ибадаты жакшы болот.
Расул Алла дагы айтты: Өлүмдү ойлобой унуткан адам үч ишке дуушар болот:
1- тобо кылбайт;
2- аз ырыскыга ыраазы болбойт;
3- таат ибадаты жок, жалкоо болор.
Мындай рабаят бар: бир күнү капырлар азирети Иса пайгамбарга келип айтышты: "Эй Иса, сен өлүктү тирилтесиң, Нухтун баласы Самды тирилтчи" . Анын өлгөнүнө өтө көп убакыт болон. Ошондо Иса пайгамбар: "Алла- Таала кааласа тирилтет" , - деди. Мындан кийин Иса менен ал топ Самдын мүрзөсүнө келди. Иса 2 рекет намаз окуду. Артынан дуба кылып, эй Нухтун уулу Сам, тургун дегенде Алла- Тааланын амири менен көр жарылып, Сам көрдөн чыкты. Сакалы, чачы агарып кеткен. Иса: "Эй Сам, сиздин сакал- чачыңыз эмне үчүн агарды?"- дегенде, Сам айтты:"Мен жаткан жеримден: "Эй Сам, тур"- деген добуштан кийин кыямат күн болгон экен деп, ошол кыяматтын коркунучтуу күнүнөн коркуп сакал-чачым агарып кетти". Ошондо Иса : "Эй Сам, сиз бул пани (жалган) дүйнөдөн өткөнүңүзгө канча жыл болду?"- дегенде, Сам : "Оо Иса, мен бул пани дүйнөдөн өткөнүмө 400 жыл болду",- деп жооп берди.
Шайык Балк айтты: эл төрт нерсени тили менен айтаар, иштээр, бирок ага көңүл койбой өзүнүн оюндагысын кылар.
1- биз кудайдын пендесибиз дейт, пендечилик кылбайт;
2- Алланын берген ырыскысын жейбиз дейт, бирок берген ырыскыга каниет кылбайт;
3- акыретти бул дүйнөдөн жакшы көрөбүз дейт, бирок дүнүйө жыйнайт;
4- өлүм ак, бир өлүм бар дейт, бирок ал дүнүйөнүн камын жасабайт.
Вахаб ибн Мунаббах айтты. Бани Исраилде бир киши бар эле: өзү даана, такыба дааратчан киши эле. Ар качан баласын токтобой өлөр эле. Бир күнү дагы бир балалуу болду. Баласын атайлап бир адамга дайындап, ошого бактырды. Арадан көп убакыт өттү, бала өсүп чоңойду. Бир күнү баламды алып кел деп баласын алдырды. Көрдү, бала жакшы болуп өсүптүр.
Ал киши баласын ээрчитип базарга барды. Булар базарга барганда бир жамаат эл жыйылып бир майитти көтөрүп бараткан эле. Муну көргөн бала атасынан бул эмне?- деп сурады. Атасы бул майит деди. Майит деген эмне?- деп бала жана сурады.
Майит деген, ажал жетип, күнү бүткөнү, сени менен мени да ушундай жаныбызды алып өлгөндөн кийин тактайдын үстүнө коюп жууп, апарып жерге көмүп таштайт, деди. Бала, көмгөндөн кийин эмне болот, деп сурады. Көмгөндөн кийин абалы көрдө сурайт, андан кийин курт жееп, топуракка айланат. Жакшы адам- жаннатка барат, жаман адам болсо- тозокко барат, деген атасынын сөзүн уккан бала: Жаннат деген эмне? Тозок деген эмне?- деп сурады.
Жаннат деген өтө керемет, жанга ыракат жакшы жай, тозок деген өтө коркунучтуу, адамды өтө оор азапка сала турган жай дегенде, бала коркуп талып жыгылат. Бир топтон кийин эсине келгенде бала ордунан туруп, тоого барып, Алла- Таалага таат ибадат жасап, жакшы адамдар катарына кошулду.
Бизге да ошону насип кыл, Алла.

#8 04 July 2012 - 18:25
АЗАПТОО МЕНЕН ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖАГДАЙЫ
Эй, адам баласы, Алладан, көрүмдү тар кылбай кең кылып көр азабынан куткаргын деп сурагын.
Расул Алла айтты:
Пенде өлөр убакта, ал адам жакшы болсо рахмат периштеси келет, жүзү күндөй. Ал жан таслимде жаткан пенденин маңдайына келип, көз айрыбай карап отурат. Андан кийин жан ала турган Малайка (периште) маут келет. Ал периште келип, эй жан, денеден чык, деп амир кылганда, жан денеден чыгат. Жанды жан алуучу периште колуна алгандан кийин, отурган Рахмат периште жанды ал периштеден алып, колундугы жаннаттан алып келген шайыга ороп алып асманга көтөрүлөт. Жолдо сап- сап периштелер: эй, бул кимдин жаны, эй бул кандай момундун жаны деп сурап асман эшиктерин ачып өткөзөт. 7 кат көккө жеткенде Алладан: Эй периште, бул жандын атын илийинге жаз деп кабар келет. Ал жанды илийинге жазгандан кийин, жанды алып барып денине киргиз деп амир кылат. Жанды денге алып келип киргизгенден кийин, Мүңкүр- Наңкир деген эки периште келип сурак алат. Эй, пенде рабың ким? Пайгамбарың ким? Диниң кайсы? Ошондо ал пенде: "Рабым Алла, пайгамбарым Мухаммед салаллоху алейхи вассалам, диним ислам", - деп жооп берет. Ошол убакта Алладан кабар келет. Бул пенде ырас айтат. Эми буга жаннаттан жай бергиле, бир эшик ачып, жана көрүн кең, жарык кылгыла дейт. Периштелер бул буйрукту ошол замат аткарат.
Экинчи бир пенде жан береб алдында тозок периштеси оттон кийим келип, түр- түсү ушундай коркунучтуу, ошол адамга келип көз айрыбай карап турат. Андан кийин Малайка маут келип эй Балит жан, чык денеден деп амир кылат. Жан коркуп денеден чыкпай тырышып турат. Ошондо жан ала турган периште зор күч менен тартканда дененин бардык тамыры жыртылып дал- дал болуп, пенденин ушундай жаман коркунучтуу добушу чыгат. Жан алуучу периште жанды алгандан кийин азап периштеси алып, оттон болгон матага ороп жетинчи кат көккө алып чыгып, кайта көргө алып келип денеге киргизет. Мүңкүр- Наңкир келип сурак алат. Эй ыпылас пенде, рабың ким? Пайгамбарың ким? Диниң кайсы?- дегенде, ал пенде ушундай коркунучтуу добуш менен ой- бойлоп чыңырат. Билбеймин деп кыйкырат. Андан кийин Алладан амир келет. Эй, тозок периштелери, көрүн тар жана караңгы кылып, өзүн тозокко салгыла. Кыямат күнүнө чейин уруп, от чокмор менен азап берип, жанына жылан- чаянды кошкула дегенден кийин, ошол айтканындай иштешет, көрүн тар, караңгы кылып, жанына жылан- чаянды толтуруп, азап периштелери от чокмор менен уруп азап берип турат.
Расул Алла айтты:
Ар ким көр азабынан кутулгусу келсе 4 иш иштесин:
1- беш убак намазын жамаат менен окусун;
2- малынан зекет берсин;
3- куран окусун;
4- денесин, кийимин нажистен таза кармасын.
Жер күнүгө 5 ирет добуш чыгарып айтат: Эй адам баласы, бул күндө сен менин үстүмдө жүрөсүн. Акыры менин ичиме келесиң. Сен бул күндө менин үстүмдө тамак жейсиң, сени менин койнумда жылан- чаян жейт. Менин үстүмдө рахат менен жүрсөң, менин койнумда кайгы менен жатасың. Эй, адам менин үстүмдө күнөө кылып жүрсөң, менин койнумда катуу азап тартасың.
Бир рабаятта мындай дейт. Азирети Иса келе жатып бир шаарга кез болду. Шаарда эч бир адам жок. Ошондо Иса: эй шаар, бул сиздерде жашай турган адамдар кайда?- деп сурады. Шаар, эч адам жок, баары кырылды деп жооп айтты. Иса эмне себептен кырылды деп сурады. Ошондо шаар айтты, бул шаардын калкы аалымдарга ырыскы берип турар эле, жана ошону биз силерге ырыскы берип турабыз- деп милдет кылар эле. А аалымдар: "эй наадандар, бул сөздү койгула, бизге ар качан ырыскыны Алла- Таала берет" дешсе, алар андан бетер: "Алла - Таала эмес, биз беребиз"- деп эрегишип, балаага учурап, кырылып калды деп жооп берет.
Жолдо бир майитке кездешет. Иса: эй майит, сүйлө, деди. Майит айтты: эмнени сүйлөймүн.Ошондо Иса: Бул азапка эмне үчүн кириптер болдуң?- дегенде, майит айтты: мен жалган дүйнөдө жүк ташычым эле. Бир күнү бирөөнүн чөбүн ташып, ошол чөптөн бир чөп алып, эсинен ыраазычылык албай, тишимди чукугам. Ажал жетип өлүп кеттим. Ошол үчүн 40 жылдан бери азабын тартып жатамын.
Эй пенде, бир тал чөптү сурабай алганга 40 жыл азап болсо, бирөөнүн малын, мүлкүн уурдап алганга, же өлтүрүп алганга , коркутуп бир ишиңи иштеймин деп пара алганга, коркутуп затын алганга, бирин экиге бергенге кандай чара боло турганын ойлогула. Ал аябай жаман, катуу иш.
Бир күнү Расул Алла айтты: Мен келе жатып бир бейитке кезиктим. Бейиттен кара түтүн чыгып жаткан экен. мен дуба кылдым, ошол убакта бейиттен бир аял чыкты. Тулку бою от болуп жанып турду. Мен ошол оттун айбатынан сезгенип сажда жасадым. Ошондо Алла- Тааладан кабар келди: я Мухаммед, сен ошол аялдан сура, бул азапка эмне себептен учураган экен. Мен аялдан сен бул азапка эмне үчүн учурадың деп сурадым. Я Расул Алла, мен Бани Исраилдик аял элем, намаз окуп, орозо кармап жүрчү элем. Менин бир мышыгым бар эле. Ал мышык мага зыян жасады, ошондо ошол мышыкты мойнуна жип салып, жыгачка асып койдум да, уруп кыйнап өлтүрдүм. Ошол мышык өлгөндөн кийин, бир аптадан кийин өзүмда жалган дүйнөдөн өттүм. Алла- Таала ошол мышыкты өлтүргөнүм үчүн мени 80 жылдан бери азап менен азаптап балаага дуушар кылды. Ошол бейкүнөө мышыкты өлтүрдүң дейт. Я Расул Алла сен Алланын жакшы досусуң, мени бул азаптан кутулуума бир дуба жазасаң деп сурады. Расул Алла көп- көп ыйлап, дуба жасады. Алла- Таала ошол замат дубасын кабыл кылды да, аялды азап балаадан куткарды.
Я Алла, баарыбызды жакшы ишке жолуктур. Өзүң рахмансың, Оомйин, иа раббил ааламиин.

#9 04 July 2012 - 19:16
Бисмиллаахир-
рахмаанир- рахиим.
АЛЛА- ТААЛАНЫ КӨҢҮЛГӨ ЖАТ КЫЛУУНУН БАЯНЫ
....
....
Дубасы бул: Субуханака Аллохумма ва бихамдика. Ашхадуан Лаилаха илла анта вахдака. Ла шарика лака астагфирука ва атубу алайка .

Макаланын баарын окубадым, бирок, үстүртөн карап келатып ушул сөз көзүмө илешип калды да. Ушуну тактап койсоңуз. "Ва атуубу" дан кийин, эгерде кул тообо келтирип атса "илейка" келиши керек. Рахмат.
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.

#10 04 July 2012 - 20:13
ТОЗОКТУН СЫРЫ ЖӨНҮНДӨ БАЯН.
Азирети Айша айтты, мен Расул Алладан: Я Расул Алла, кыямат күнүндө дос- досту, бал- чака, ата- эне бири- бирин тааныйбы?- деп сурадым. Расул Алла айтты: баары тааныйт, бири- биринен ал- жайын сурашат. Алар үч жерде бирин- бири тааныбайт:
1- тараза башында күнөөм оор болобу же жеңил болобу деп, таразаны карайт;
2- амал дептерин берерде оң жагыман келеби же сол жагымдан келеби деп, ошого алагды болот;
3- чаяндар тозоктун жапа- тырмак кыйкырып, биз Алла- Таалага жана Расул Аллага ишенбеген адамдарды азаптоого издеп чыктык дейт, ошондо коркунучтан бири- бирин тааныбайт.
Абдылда ибн Аббас айтты: Мен Расул Алладан тозоктун жайын сурадым. Тозоктун сыпатын, анын кыйын азабын тил менен айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Бирок мен сага аздап айтайын деп айтты. Срат көпүрөсүн- тозоктун үстүнө тартат. Чыгуу 1000 жылдык, үстү тегиздиги 1000 жылдык, түшүү 1000 жылдык- баары 3000 жылдык.
Тозоктун 7 түрү бар:
1- синде имандан сурайт;
2- синде намаз, орозодон сурайт;
3- сүндө зекет, үшүрдөн сурайт;
4- сүндө ата- эне акысы, коңшу акысынан сурайт. Эгер баарына жооп берсең боштондук аласын, жооп бере албасаң тозокко жиберет.
Я Расулл Алла, ал кезде эл каякта болот? Эл ал кезде Срат (кыяматтын көпүрөсү) үстүндө болот. Алла- Таала жерди мистей кылат, күнгө кубат берет, жер оттой кызыйт. Тозокту жердин үстүнө коёт. Кыямат күнүнүн узундугу, бир күнү бул дүйнөнүн 50 миң жылындай болот. Алла- Таала жерди, асманды жаратып ошондон кийин, Исрапил деген бир периште жаратып, колуна Сур берип, ошол Сурду оозуңа салып тур деп амир кылат.
Расул Алла айтты: Сур деген бир чоң зат, анын тегерегинде жер жүзүндө канча адам болсо анда ошончо адамдын санындай тешиги бар. Алла ошол Сурду эки ирет үйлө дейт.
1- үйлөгөндө жамы калк өлөт.
Андан кийин Алла жааганга: "Жерге жаа",- деп амир берет.
Ошондо жаандын ар тамчысы жумурткадай болуп жаайт. Суу тоодон он төрт кез жогору ашып көтөрүлөт. Ошондон кийин 40 жыл чамасында ал суу топурак менен аралашат. Андан кийин Исрапилге Алланын буйругу берилет. Исрапилди Сурду үйлө дейт. Ошондо Исрапил Сурга үйлөгөндө ар бир көөдөндүн жаны сурдан боштондукка чыгып, жердеги денесине келип кирет. Ар бир адам уйкудан ойгонгондой болуп, кайра жаралып, жылаңач ордунан турат.
Расул Алла айтты: ошондо эң биринчи мени тургузат жана 4 мухарраб периштенин бирине буюруп, мага жаннаттан кийим алдырып кийгизет. Ошондо мен Жебирейилден сураймын, бул кай күн деп. Жебирейил айтат, бул кыямат күнү деп. Кыямат күнү ошондой оор, машактуу болор. Мисалы, 70 ирет жан бергендей. Мындан кийин жамы элдин ортосуна тараза курар. Ал таразанын чоңдугу ушундай- бир башына 7 кат көк, 7 кат жердин бардык адамын салса толбос. Муну көрүп, эл зорлугуна таң калар.
Расул Алла айтты: Ошол кыямат күнү жамы тирүү жанды бешке бөлөт.
1- бөлүк сураксыз тозокко барат (шайтан, ага иликкендер);
2- бөлүк сураксыз жаннатка барат (булар периштелер);
3- бөлүк сурак алышат, булар перилер;
4- бөлүк жок боло тургандар, булар жаныбарлар;
5- бөлүк сурак алышат. Адам перзенттери.
Расул Алла дагы айтты: Кыямат күнү адам баласы 4 нерсе суралмайынча ордунан эч бир козголо албайт.
1- өмүрүңдү сурайт. Эй пенде, өмүрүңдө эмне иштедиң?
2- эй пенде, мен сага адал дүнүйө бердим, ошону кайда жумшадың?
3- эй пенде, мен сага акыл, билим бердим, сен эмне амал жасадың?
4- мен сага дене бердим, ошол денеңи ал дүйнөдө кайсы ишке буюрдуң?
Кааб ибни Акбар айтты: "Азирети Исхак, азирети Ибраимдин баласы. Ошол күндө Ибраим өз уулу Исхакты тааныбай, эй Алла, Исхакты эмне кылсаң кыл, мени оор кылба деп сурайт. Ошол кезде ар бир пайгамбар ар кайсысы өзүнүн жеке башын сурайт. Мына ошондой адамдар ошол абалда болгондо биздин алыбыз не болот? Эгер пенде ошону билсе эч качан Алланы унутпаган болор эле, дайым Алладан коркуп таат ибадат этер эле. Тынбай ыйлап тилек тилер эле".
Расул Алла жана айтты: "Кимде ким чын ниети менен таат ибадат өтөсө, ошол пенде күнөө жасабас, кыяматтын кыл көпүрөсүнөн чагылгандай өтүп жаннатка барат. Эгер тобосуз дүйнөдөн өтсө, анда ал адамды кыл көпүрөсү койсо, буту тайып, токтобой тозокко түшөт".
Расул Алла айтты: "Тозоктун белгиси, тозоку адамга оттон кепич кийгизет. Кепичин кийгенде мээси кайнайт".
Имам Алкыма айтты: "Мен Расул Алладан уктум, кыямат күнү пенденин күнөө менен сообун таразага салып өлчөйт, сообу бир аз жетпеген пенде Алладан: "Я Алла мага уруксат бер, мен ата- энеме, ини- карындашыма, дос, бала- чакама барып сооп сурап апкелейин" ,- дейт. Алла уруксат берет. Ал пенде өзүнүн ата- энеси, тууган- туушканы, бала- чакасына барып, мага бир аз сооп керек болуп турат, кимиң бересиң дегенде, булар биз сени тааныбайбыз, сен кимсиң? Өзүбүздүн жагдайыбыз не болору белгисиз деп, сооп бербей жиберишет. Ал бечара үмүт үзүп, тараза башына келип жер карап турат. Алла- Таала: "Не иштеп келдиң, сооп таптыңбы?" - дейт. Ал бечара: "Я Алла, өзүң ракым этип жалгабасаң, менин эч бир айлам жок, таппай келдим",- деп жооп берет. Ошол убакта Алла: "Эй пенде, сен менин рахман экенимди билесиң ал дүйнөдө неге мени эскерип мага жакын дос болууга аракет жасап амал кылбадың? Үй- ичиңи, бала- чакаңды урматтап, алар менен болдуң?"- дейт. Ошондо пенде бечара эч бир жооп таппай турат. Алла ракым этсе кечтим күнөөңдү, жаннатка бар деп, же болбосо күнөөкөрсүң тозокко бар деп өкүм кылат.
Амир Момун айтты: Мен бир күнү Расул Алланын жанына бардым. Расул ыйлап отурган экен. Мен: я Расыл, сиз неге ыйлап отурасыз деп сурадым. Ия Момун, мен миражга барганда бир ишти көргөн элем, ошол эсиме түшүп ыйлап отурам деди. Мен ал кандай иш деп сурасам Расул айтты, Алла мага миражды насип этти, мен миражга бардым, анда Алланын амири менен мага жаннат, тозокту көрсөт деп Жебирейил периштеге буйруду. Жебирейил мени тозокко апкелди. Анда Алаа Таала жараткан өтө зор бир периште оттон жасаган тактын үстүндө, алдындагы чокмор, оозунан дем ордуна от жалын чыгып отурган экен, мен коркуп аны айбатына таат кыла албай Жебирейилден сурадым. Я бурадарым Жебирейил, бул ким деп, анда Жебирейил айтты: я Мухаммед, бул тозоктун баш периштеси. Мен салам бердим, ал саламды албады. ошондо Жебирейил, эй тозок ээси Малик, бул акырдын пайгамбары Мухаммед деп тааныштырганда салам алып урмат көрсөттү. Мен ал периштеден тозоктун баш- аягы канча де сураганымда ал периште аны мен билбейм, Алла билет деп жооп берди. Мен ага тозокту көрсөт десем, я Мухаммед тозокту көрүүгө сага уруксат жок деген жоопту алып дым болдум. Ошондо Жебирейил келип, эй Малик тозок, бул күнү Мухаммед не айтса аткар деди. Ошондон кийин Малик мага тозокту көрсөттү. Мен анда түрдүү- түрдүү азаптарды көрдүм. Ошол көргөн тозокто бир жылан бар, анын 30 миң башы бар. Ар башында 30 миң ооз бар. Ар оозунда 1000 халка, ар халкада бир чынжыр бекитилген. Ар чынжырды бир периште кармайт. Мен, я Малик, бул тозокто канча алыстыктагы жерден күйдүрөт деп сурадым. Анда периште, я Мухаммед, бул тозок кяматка чейин миң жылдык жердеги караны ак кылат, акты кара кылат деп жооп берди.
Малик жана да айтты: Бул тозок жети бөлүк,
1- жаганнам
2- лази
3- хатмет
4- жахим
5- сагир
6- сакыр
7- хавие
Ошол сөздү уккандан кийин: Я Малик, ар кимиси кимдердин жайы, мекени деп сурадым. Ошондо Малик айтты:
1- мунапыктардын жайы
2- нуктун жайы
3- шайтандан жайы
4- кудайсыздардын жайы
5- текеберлик кылуучулардын жайы
6- яхудийлердин жайы
7- Мухаммед пайгамбардын үмөтүнүн жайы.
Алар күнөө сагира, күнөө кабира жасап тургандар. Тобосуз өлгөндөр.
Расул Алла айтты: О Малик тозоктогу ушул үмөттө-рүмдү көрөйүн дедим эле. Малик көрсөткүсү келбеди. Ошондо Алладан буйрук келди. Эй, Малик досум, Мухаммед эмне айтса кабыл кыл деди. Андан кийин Малик бардык тозокту аралатып көрсөттү. Малик айтты: Эй Мухаммед бул жаханнамда үч миң оттон казык (башкача айтканда тоо) бар, ар казыктын чоңдугу үч миңдик жылдык жол, ар тоодун миң бөлүгү бар. Бир бөлүгүндө жети жүз миң шаар. Ар шаардында оттон жети жүз миң көчө бар. Ар көчөдө жети жүз миң сарай бар оттон. Ар сарайда 700 бөлүк бар оттон. Ар бөлүгүндө 700 миң үй бар оттон. Ар үйдө 700 миң сандык бар оттон. Ар сандыкта 700 миң түрлүү- түрлүү оор азап бар. Ошол азаптын Алла- Таала өзү сактасын, оомийн, я раббил аламин.
1. Расул Алла жана айтты. Бир бөлөк элди көрдүм, жылан- чаян мойнуна оролуп азаптап турат. Мен я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик: я Расул, булар малын зекет, эгининен үшүр бербегендер деди.
2. Дагы бир коомду көрдүм, мойнуна оттон боо салып колу- бутун от аркан менен байлап азап берип жаткан. Андан кийин, я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик булар сүткорлор деп айтты.
3. Дагы бир жамаатты көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп турган. Я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик айтты, булар жалган дүйнөдөушак айтып, зыян кылып, тобосуз дүйнөдөн кайткандар.
4. Дагы бир коом көрдүм, тозоктун ичинде эки оттун ортосунда бутунда оттон кепич, башында оттон тажы, үстүндө оттон кийим. Я Малик, булар ким?- десем. Булар жалган дүйнөдө эки аял алып, экөөбүнө тең карабай, бирин артык, бирин кем көргөндөр.
5. Дагы бир жамаатты тозокто от найза менен уруп азаптап жаткан экен. Бул кандай жамаат?- деп дагы сурадым. Ошондо Малик айтты, булар дүйнөдө күнөө ишти жасап, эл ичинде жасабагандай болуп жүргөн, тобо кылбай өлгөндөр. Эми биз аларга казык кагып, азап берип жатабыз.
6. Дагы бир жамаат көрдүм, тили салактап салбырап турат. Я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик айтты, булар аялын, балдарын себепсиз уруп, себепсиз сөккөндөр.
7. Жана бир аялды көрдүм. Эмчегинен асып коюптур. Мен бул ким?- деп сурадым. Бул күйөөсүнөн уруксатсыз башка бирөөнүн баласын эмизген аял эле деди.
8. Дагы бир аялды көрдүм. Чачынан асып коюптур. Мээси шарактап кайнап турду. Бул ким деп сурадым. Бул күйөөсүнүн көңүлүн оорутуп, беймаани сөз айткан аял эле.
9. Бир аялды көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп турат. Бул жалган дүйнөдө өзүн боёнуп, менменсинип, асыл буюм тагынып, жат адамдарга өзүн көрсөткөн аял деди Малик.
10. Жана бир жамаат аялдарды көрдүм. От аркандар менен буту- колу байланган, жылан- чаян соруп этин жеп, катуу азап берип чыңыртып жатат. Бул эмне болгон аялдар деп сурадым. Булар дааратты туура албагандар деди.
11. Дагы бир аялды көрдүм, оттон жасаган табытка салып коюптур. Бүт денеси күйүп турат бул кандай аял деп сурадым. Бул аял ойноштон бала тууп, ал баланын атасын жашырып, бөлөк бирөөгө телиген аял деди.
12. Бир аялды көрдүм, бутунан асып, башын төмөн каратып от дандырга салып коюптур. Малик айтты: Я Мухаммед бул аял күнөөлүү адамдарга ээрчип бир айылдан экинчи айылга барган аял деди.
13. Жана бир аялды көрдүм, ит сүрөтүнө болур турду. Ал аялдын от ичинен өтүп оозунан чыгып турат. Малик айтты: Бул ойноштон бала боюнча бүтүп, аны түшүрүп, же тууп анан өлтүргөн аял деди.
14. Жана бир аялды көрдүм, тилин аркасынан чыгарып койгон, от болуп жанып туру. Малик айтты: Булар дүйнөдө калп ант ичкендер деди.
Муну угуп азирети Айша, Фатима ыйлашты: О Расул, адамдар бул иштен кандайча кутулат"- деп. Раслу айтты, мен бул ишти баян кылдым, сиздер өзүңүздөр шайтан азгырып иштесеңиздер, тобо кылып, экинчи иштебеңиздер. Өкүнүңүздөр, тобо кылыңыздар. Алла- Таалага ушул иштерден сактап, тобобузду кабыл кылып, өзү рахым этсин,
оомийн, я раббил аламиин.

#11 05 July 2012 - 01:16
Chon iraazichilik sizge! dildi achik koydunuz!
Эн кызыгы, олдум деп мин кайталасан да жашай бересин!
#12 05 July 2012 - 10:57
ЖАННАТТЫН ЖАГДАЙЫНЫН БАЯНЫ
Абухурайра рабаят кылып айтты, мен Расул Алладан сурадым.
Я Расул, Алла- Таала жаннатты эмнеден, кандайча жаратты?- деп. Ошондо Расул айтты. Эй Абухурайра, Алла жаннатты берметтен жаратты.
Жана сурадым, жаннаттын дубалын эмнеден сокту?- деп. Ошондо Расул айтты, жаннаттын бир кирпичин алтын, бир кирпичин күмүштөн жаратты. Ылайы менен саманын жыпардан жаратты. Топурагын загырандан, кумун мерветтен, жакуттан жаратты. Сууларын сүттөн, шербеттен шарап тахруиден жаратты жана ал жаннатта дайыма тирүүлүк болуп, өлүм жок болот. Рахатчылык болор, кыйынчылыгы жок. Шаттык болор, кайгы жок болор. Ар качан жигит болуп турат, карылык жок болот. Жаннатта уйку жок, уйку өлүмдүн эгизи болот.
Жаннаттын дарактары бар, дүйнөнүн кушу учуп жүрсө, бир четинен бир четине чыга албайт. Ал дарак ким калп айтпаса, кишиге азар бербесе, тобосуз Аллага ишенбегендерге назар салбаса, ал пендеге насип болот. Андайларга назар салса, артынан тобо кылсын. Эгер жаннатты бул дүйнөгө созсо, бул дүйнөнүн бардыгы жарык болор эле. Эгер бир жаннаттын кишиси оозунун суун бул жердин бардык сууна кошсо, ошол суулар балга айланар эле.
Жаннаттагылардын биринин жүзү айдай болот, экинчисинин жүзү жылдыздай болот жана баарынын түсү бирдей болот. Аларда тууп- түшүү жок, даарат сындыруу жок, баары бирдей болот. Бойлору алтымыш гез, ак жүздүү, көздөрү сурмалуу, кара муруттуу, жашыл тондуу, денесинде чач, каш, кирпик, сакалдан башка жүн болбойт жана алардын көркү саат сайын артык болуп турат.
Булар үчүн каалаган убакта жаннатта дасторкон даяр болуп жайылып турат. Эт жегиси келсе учуп жүргөн жаннаттын түрдүү куштары келип сүйлөшүп айтар, сиз жаннаттагылар биздин этибизди жегиле, биз жаннаттын жакшы жеринен от оттоп, суу ичтик дейт. Ошондо жаннаттагылар ал куштун этин жеп, бата кылгандан кийин ал куштар кайрадан тирилип учуп кетет. Ал жаннаты эркек менен аял башына таажы кийет. Таажы 70 түрдүү шоола чачып жалтырап турар жана ал жаннаттагыларга даам жегенде, сухбат кылганда 100 эсе кубат берет. Адамдын денесинде пайда болгон урук тер менен бирге эрип чыгып кетет. Ал жерде дайыма көлөкө жана салкын болот. Ысык күн болбойт.
Расул айтты. Кимде- ким ошо жайга ээ болом десе күнөө иштебей ар качан таат- ибадатта болуп Алла- Таалага жакын болсун. Ошондо ошол көлөкө рахат көлөкөсү болот. Жана ар кайсынысы жемиш жегиси келсе, кайсы жемишке колун созсо, ошол чыгач ийилип жемишин ошол арада колуна алып келет. Ал жаннаты адам ал жемиштен тойгончо жеп болгондон кийин ал жыгач өз ордуна барат.
Мухаммед айтты, Алла- Таала сен менин жаннаттагы пенделеримдин ордун көр дегенден кийин мен жаннатка бардым, Көрдүм да, Алла- Таала кудурети менен ушунча сонун иш жасаганы кандай керемет деп таң калдым.
Ошондой айран болуп турганда көзүмө бир кенизек (кызматчы кыз) көрүндү. Көчөдөн башын чыгарып турган экен. Бул күнгө чейин мындайды көргөн жок элем, дүйнөдө ошондой сулуу кенизек болот экен деп таң калдым. Ал кенизек мени көрүп ызат урмат көрсөттү. Ошол кенизектин ажайып сулуулугуна таң болуп, сажда кылдым, ээ Алла, ушундай абдан сулуу кенизек жаратыпсыз дедим. Ошондо ал кенизек мага кайрылып: Эй Мухаммед сен Алланы билесиңби?- деди. Мен бали билемин дедим. Билсең Алла мени ким үчүн жаратты? Мени Алла өзү тыйган күнөө иштерин иштебей, иште деген парыз иштерин иштеген таза момун, Аллага жакын момундар үчүн жаратты.
Расул Алла жана айтты. Жаннатта үр кыздар бар, эгер алардын бири бул дүйнөгө келсе дүйнөнүн нуру менен жарык кылар эле. Эгер алардын оозунан суу бул дүйнөнүн сууларына тамса, ал суу балга айланар эле. Алардын бешенесинде: биз жалган дүйнөдө чын дили менен таат ибадат кылган, Аллага жакын болгон баланча дегенге тийиштүүбүз деген жазуу болот.
Расул Алла айтты. Ким жаннатта болгусу келсе беш нерсени аткарсын:
1- күнөө кылбасын;
2- Алланын берген ырыскысына ыраазы болсун;
3- Алланын таат ибадатына каршы болбосун;
4- аалымдар, аалымды ызат, урмат кылгандар менен дайым бирге болсун (ошолордун берекеттери менен жакшы болор);
5- жакшы тилек дубаларын көп- көп жасасын. Алладан кайыр рахмат талап кылсын.
Кабарда мындай дейт. Бир күнү Аташ аттуу капыр кишинин жолу Ибраимдин жолуна туш болуп, Аташ Ибраимден тамак сурады. Ошондо Ибраим: "Эй Аташ, сен динге кир, мусулман бол, мен сага тамак берем",- деп айтты. Ошондо Аташ: "Эй Ибраим, мен сенен иман сураган жокмун, тамак сурадым", - деди. Ошол кезде Алладан кабар келди, эй Ибраим, мен 18 миң ааламдын жаратуучу ээсимин, мен Аташты 70 жылдан бери эч нерсе айтпай ырыскы берип турам. Ал сен бир тамак сураганына дининен кайт дедиң. Сен анын көңүлүн оорутуп калтырдың. Бул кабарды уккандан кийин Ибраим ал капырды артынан жүгүрүп жетип айтты: "Эй Аташ, сен кайт, менин үйүмө бар, сага мен тамак берейин". Ошондо ал капыр: "Эй Ибраим, алды менен тамагыңды бербей, эми кандайча бере турган болдуң?"- деди. Анда Ибраим: "Эй капыр, сен үчүн менин кудайым кабар берди",- дегенде, ал капыр: "Эй Ибраим, мага иман үйрөт",- деди. Ибраим иман үйрөттү, ал капыр иман айтып мусулман болду.
Бир ибадат жасабай жүргөн бир киши өлөр алдында бала- чакасына осуят айтты, эй перзеттерим мен өлсөм денемди өрттөп, күлүмдү эки бөлүп жарымын дарыяга агызып, жарымын шамалга учуруп жибергиле деди. Ал киши көп узабай каза болду, балдары айткан осуятын аткарды. Ошондо Алла- Таала аны тирилтип жооп алды. Эй, сен эмне мындай өтүндүң деп сураганда ал, я Алла, мен сенден коркконуман ошол ишти иштедим деди. Ошондо Алла айтты, сен менден коркуп ошол ишти иштесең, Мен сени күнөөңдү кечирип, жаннатты насип кылдым. Кимде- ким Менден корксо Мен кечирим беремин деди.
Абдылда ибн Мубарак капырлар менен согушка барып согушта бир капырды кармап алып, өлтүрөйүн дегенде, ал капыр: я Абдылда мага мүмкүндүк бер, мен намаз окуюн дейт. Абдылда уруксат берет. Ал капыр намазын узакка окуйт, ага Абдылда чыдабай кылычын сууруп, чабайын дегенде, эй Абдылда, убадага тур деген асмандан үн келет. Муну угуп Абдылда кылычын артка тартты. Муну көргөн капыр: Эй Абдылда кылычыңды эмнеге чаппай тарттың?- деп сурады. Эй капыр, мен сени чабайын дегенде мага Алладан кабар келип, убадаңа тур деди. Ошондуктан кылычымды чаппай тартып алдым деди. Ошондо ал капыр: Эй Абдылда, сенин Аллаң өтө калыс экен, мага иман үйрөт деди. Абдылда "Ла иллаха иллаАллоху, Мухаммадур расулуллах" деп айт деди. Ал айтып мусулман болуп, кийин таат- ибадатты көп жасап, олуяларга катарына кошулду.
Дагы бир рабаятта, бир араккор күнөө жасап жүргөн бир киши эле. Бир күнү үйүнө келип кулуна 4 теңге берип нан алып кел деп жумшайт. Ал кул базарга келе жатып жолдо шайык Мансурдун мажилисине туш болуп ошол мажилиске отуруп калат. Ошол кезде бир дербиш келип:"Эй жамаат, менин 4 теңге карызым бар эле, ошону төлөөгө мага 4 теңге бериңиздер" ,- деп сурады. ошондо Мансур: "О жамаат, бар болсо бергиле", - деп айтты. Ошондо кул колундагы 4 теңгени дербишке берди. Эми нан алууга колунда каржысы калган жок. Ал Мансурга болгон жайын айтып, сиз түрдүү- түрдүү дуба жасасаңыз экен:
1- мага Алла 4 теңге берсин;
2- менин кожомо топук берсин;
3- мага азаттык берсин;
4- ушул отурган жамаатка Алла рахмат кылсын деди.
Шайык Мансур дуба кылды. Кул базарга кетти, жолдо бир март жолугуп 4 теңге берди. Кул 4 теңгеге базардан нан алып, үйгө келгенде кожосу эмнеге кечиктиң деп сураганда, бул болгон ишти түгөл айтты. Кулдан бул ишти уккан кожосу кулга азаттык берип, өзү арак- шарапты таштап, тобо жасап таат ибадатка кирди.
Бир күнү Каваже жаткан эле, кайыптан бир добуш келди. Эй Каваже сен кулуңду азат кылдың, малыңды садагага бердиң, сен ошондой иштерди иштеп жатканда мен сенин бардык күнөөңдү кечирип, сага жаннатты насип кылдым жана шайык Мансурдун мажилисинде отурган жамааттын баарын жалгадым деди.
Салман парсы айтканынан.
Расул Алла айтты, бир күнү Жебирейил келип: Эй Мухаммед, Алла- Таала бир дарыянын арасынан бир адам жаратты. Ага 500 жыл өмүр берди. Ошол жерге бир тоо жаратты, ошол тоодон бир булак чыгарды. Ошол булактын жанынан бир түп анар өстүрдү. Ал адам булактан даарат алып, анардан түшүм алып ошол жерге таат ибадат жасады. Тоодун атрабаты төрт жагы 500 парсан жер. Ал пенде Алла- Тааладан ошондой тилек тиледи. Я Алла менин жанымды саждада ал жана ошол саждам да кыямат күнүнө чейин бузулбасын, денемди курт жебесин, бүтүн болсун деп тилек тиледи. Алла анын тилегин берди.
Расул Алла, ал ырас, мен Лавхул- Махфузда көрдүм деп айтты. Кыямат күнү Алла ал пендени алып келип сен тозокко кир деди. ошондо ал, я Алла, мага тозокту берип кир дедиң, менин 500 жыл жасаган таат ибадатым кайда, деп сурады. Алла- Таала ошондо бул пендеден жооп алгыла деди. ошол замат аны жоопко алып, таат ибадатын өлчөгөндө көзү жок ийне менен бирдей болот. Мындан кийин Алла бул пендени тозокко жибергиле деди, муну укканда ал пенде, я Алла, мен ката иш иштеген экем, кечире көр деп, ыйлап жалынат. Ошондон кийин Алла кечирет.

#13 05 July 2012 - 12:45
ТОБОНУН КАСИЕТТЕРИ
Анас ибн Малик айтты. Мен Расулдан сурадым, я Расул Алла, кайсы тобо анык тобо болот.
Расул Алла айтты, ээ Малик, чын тобо, ошол тобо кылгандан кийин экинчи ал адам кайта ошондой күнөөнү жасабай өзүн сактайт. Расул Алла жана айтты, бир киши күнөө кылса, ошондон кийин эки рекет шүгүр келтирүү намазын окуп, садаг берсе, Алла- Таала күнөөсүн кечүүсү мүмкүн.
расул Алла айтты, ар бир адамда эки периште бар Караман оң жакта, Катабин сол жакта. Караман эгер пенде бир сооп иш иштесе ошол убакта ошол пенденин амал дептерине жазат. Эгер пенде күнөө иш жасаса, Катабин, бул пенде күнөө иш иштеди, жазайынбы?- деп мурайт. Ошондо Караман, токто бир сааттай күт, бул тобо жасап истигфор окуп жөнгө келет деп,- жаздырбайт. Ал пенде тобо кылып, истигфор окуп, ыйлап Алладан күнөөсүн кечире көр деп сураса, анда Катабин ао күнөөсүн жазбай коёт. Ал пенде тобо кылбаса, истигфор окубаса анда бир күнөөсүнө бир күнөө жазылат. Алланын алдында күнөө кылган адамдын денесинин ар бир мүчөсү күнөө жасады деп күбөлүк берет.
Тобо истигфордун пайдасы бул. Алла- Таалага күнөө жасаган адам, тобо кылып, истигфор окуса күнөө жаза турган периште унуттурат. Унуткан периште ал күнөөнү амал дептерине жазбай коёт. Алланы алдында сурак кезинде бут, кол, көз, ооз, дагы башка мүчөлөрү бул күнөө кылды деп күбөлүк бере албайт, себеби Алла аларга аны унуттуруп коёт. Мына тобо кылуунун касиети.
Расул айтты. Пенде тобо кылса, бир ажалдан кутулган адам сүйүнгөндөй, Алла сүйүнүп турат.
Тобо кылсаң, Алла тобону кабыл кылат. Жан чыгууга келгенде тобо жасасаң, Күн батыштан чыкканда тобо жасасаң, бул эки жагдайда тобо кабыл болбойт.
Күндүн батыш жагында Алла жараткан бир эшик бар. Ал эшиктин кеңдиги 70 жылдык жол, ошол тобонун эшиги ар дайым ачык болот. Бул эшик Күн батыштан чыкканда жабылат.
Расул Алла айтты, ким капыр болсо, капырлыктан кайтып тобо кылуу лаазым болот. Мусулман болсо, күнөө жазаса, жасаган күнөөсүнө тобо жасоо важип болот. Пенденин жаны күнөөдөн соо болсо да, дени соо эмес күнөөлүү болот. Мисалы, жакшы кийим кийсе, жакшы оокат ичип, элден илгери болуп бай болсом деп дүнүйө малды көп жыйнап, көңүлүн элден жогору кармап, текебер болсо, мына бул дене күнөөсү. Жана бул иштердин баары адамдын көңүлүн өзгөртүүчү болуп саналат. Көңүлү өзгөрсө ал адам жолдон чыгып, Алладан алыстайт. Ошондуктан ага да тобо жасоо важип болот. Мына ушундан сак болгон адам дайым Алланы жат кылып, өзүн күнөөдөн сактайт. Күнүнө 70 ирет истигфор айтсаң да, тобо кылбасаң күнөөдөн таза болбойсуң. Күнөө жасагандан кийин бир жакшы таат ибадат жасасаң ошол күнөөнү тазалоо мүмкүн.
Бани Исраилде бир киши дайыма күнөө иштеп, 99 адам өлтүрүп, өзү менин бул ишим ката экен деп ойлоно, мен бул иштен кайтсам, тобо кылсам, кандай болот деп айылдын молдосуна келди. Эй молдо, мен 99 адам өлтүрдүм, эми мен тобо кылсам болобу деп сурады. ошондо молдо жок, сага тобо жок дейт. Мага тобо жок болсо мына деп, ошол молдону уруп өлтүрүп, өлтүргөн адамдын санын 100гө жеткизет. Бул эми ошол айылдагы аалымга келип, эй аалым, мен 100 адам өлтүрдүм, мага тобо барбы дейт. Ошондо аалым, сага тобо бар, сен элиңден көчүп баланча жайга бар, ошол элдин адамы акылдуу, мусулман. Ошол элге барып тобо жасасаң болот деди. Ал пенде айткан элге көчүп кетти да, жете албай жолдо өлдү. Бул өлгөндө жаннат периштеси менен тозок периштелери келип, мен аламын, мен аламын деп талашып калышты. Ошондо Аллоху- Талаадан, эй периштелер силер чыккан жеринен бара турган жерине чейин аралыкты өлчөгүлө деген кабар келди. Периштелер өлчөштү. Өлчөгөндө чыккан жерден бара турган жерине бир карыш өткөн болот. Ошондо Алла, эй периштелер, бул тобо кылган экен, муну жаннат периштелери алсын деп өкүм кылган экен.
Расул Алла, пенденин тобосун жети нерсе менен билебиз деп айтты:
1- тилин ушак, айыңдан сактап, кишиге жабыр бербей уялып качат;
2- кастык кылуудан, элди душман көрүүдөн качат;
3- залымдарга кошулбайт, алардан качат;
4- ар убак өлүмгө дайын турат, даяр турууну мааниси көп жыйбайт, жыйса ичип- жеш үчүн гана. Кайырды жакшы жасаар. Өткөн күнөөсү үчүн катуу өкүнөө, жашырбай өзүн сөгөөр.
5- Алланын таат ибадатына берилер;
6- тобо кылгандан кийин күнөө жасабас, эгер билбей жасап койсо, я Алла, мен күнөө жасадым кечире көр деп кайта тобо жасаар;
7- тобо кылгандан кийин өзү аалым болбосо, имандан, исламдан, парыздан, важиптен, сүннөттөн, мустахабдан илим талап кылар. Каза намазын, орозосун өтөөр, мойнунданы киши акысын берип кутуулаар. Эгер карызын кайта берейин десе, ал адам жок болуп калган болсо, ошол акчаны, же малды ниет кылып, бир жарым жан кедейге берүү керек.
Расул Алла айтты. Эгер пенде тобону Алла үчүн жазаса, ал пенде эч нерседен кабарсыз пенде. Ал тобону өзүнүн иштеген күнөөсү үчүн жасоо керек.
Расул жана айтты. Күнөөкөр киши жөн эле истигфор окуса, ал күнөөсүн жууган жок. Эгер пенде туура эмес ишти туура эмес деп айтып, күнөөлүү болсо, же ырас нерсени ырас деп, күнөөлүү болсо, ал пенде күнөөлөр бешке чейин жазылбайт. Эгер ал пенде таат ибадат жазаса анда ага сооп жазылат.
1- күнөө бир адам менен Алланын арасында болсо, анда Алла өтө кенен, аны кечирет.
2- киши акысын жесе, уурдап алса же коркутуп алса, же тартып алса, же карыз алса, анан аны бербей кетсе ал күнөөнү Алла эч кечирбейт. Машхарда убал- сооп өлчөгөндө, алдырган пенде карызын доолайт. Ал дүйнөгө алып барган акча, дүйнө жок, ошол үчүн Алла өтө адилеттик менен карыздар адамдын сообу болсо, ошол сообун мына төмөндөгү жол менен алып берет.
Мисалы, бир мыскал күмүштүн алтыдан бир бөлүгү (бир мыскал 4,5 грамм) алса, ошону төлөй албай кетсе ошол үчүн 700 ирет жамаат менен окуган парыз намазынын сообун алып берет.
3- бир адам бир адамды сыртынан сөгүп, элге жамандап, жаман атын чыгарса, ал күнөөнү Алла кечирбейт. Качан ошол жамандаган адам өзү айткан адамдарга барып, эй жамаат, мен баланчаны сиздерге калп, көрө албай жамандадым эле, ал калп эле деп аларга айтып, анан кийин жамандаган адамдын өзүнө келип, сиз мени кечириңиз, мен сизди жамандадым эле- деп чынын айтып кечирим сурап алса, андан кийин тобо кылса, ошондо күнөө кечиримдүү болот.
Намаз, орозо каза кылып окумайынча, тобо менен өтүлбөйт. Тобо качан чын көңүлү менен жасаса өтө жакшы тобо болот. Чын көңүлү менен тобо жасабаса шайтан азгырат. тобосуз адамды Алла- Таала шайтанга кошуп экөөн тозокко салат. Ошол үчүн чын ниет менен ыйлап тобо кылууга ашык.
Пазыл ибн Аббас кат жазып төгөрөктүн төрт бурчуна кабар жиберет. Ал кагазга кимде- ким 30 жылдан бери кандай мал уурдатса ошону менден келип алсын дейт. Бул кабардан кийин адамдар жан- жактан агылып келип Пазыл ибн Аббастан казынасынан өз малдарын кунун алып кетип жатты. Акыры бир күнү бир жөөт Эбиннен келип мен сизден 100 дилде доолап келдим дегенде, казынага кирип санап ал деп жиберди. Ал адам казынага келсе казына каңгырап бош туру.
Эч нерсе жок. Мындан кийин ал адам мен акыретте алам деп кете берет. Пазыл ибн Аббас барып этегинен кармап жалынып ыйлап, сиз менин жагдайымы көрүп турасыз, эми кудайдын ыраазылыгы үчүн кечиңиз деп сурайт. Ошол кезде ал жөөттүн Тооратта көргөн бир сөзү эсине түштү, анда эгер бирөө чын көңүл менен тобо кылган болсо, тобосу кабыл болгон болсо, колуна таш же топурак алып ошого алтын бол десе, алтын болот деген экен. Ошол жерде ал жөөт Пазылга бир таш берип, ошо таш алтын болсун деп айт дейт. Пазыл ташты алып алтын бол деди, таш бир сомдук алтын болду. Муну көргөн жөөт мунун чын тобо кылганын билип, Пазылдан келме иман үйрөнүп, айтып мусулман болуп таат ибадат жасап, Аллага жакын олуялар катарына жетти. Пазылга 100 теңгесин кечти.
Пенде абалы илим үйрөнүп, андан кийин таат ибадат жасап, орозо кармап намазды окуп, дүнүйө- малынан зекет, үшүр, садага берип, ошондон кийин тобо кылуу керек. Бул мустахаб. Эгер жогорудагы иштин бирин да иштебесе, анда ал Алланы алдаган болот. ошон үчүн тобосу кабыл болбойт. Ким Алланы алдаса, ал пендени Алла кыямат күнү шерменде кылат. Бирөө тобо кылса, күнөө жасап тобосун бузса, кайта чын көңүлү менен тобо кылса жана ал пенде ошол тобо менен өлсө кыямат күнү ал жаман болбос, иши жеңил болор.
Бир күнү Омор Расу Алланын жанына келип көп ыйлады. Расул Алла: эй Омор, мынча эмнеге ыйлайсыз дегенде Омор: О Расул Алла, эшиктин артында бир жигит ыйлап отурат. Ошону жагдайына мен да ыйлап отурам- деп айтты.
Мухаммед киши жиберип ал жигитти алдына чакыртып алды. Жигит келди. Жигит келгенден кийин Алланын пайгамбары: сен кимсиң, эмне үчүн ыйлайсың деп сурады. Ошондо жигит айтты, мен көркоомун. Көркоо болгонум, бир күнү ансарылар бир өлгөн кызды өтө кымбат асыл заттар менен кооздоп алып келип мүрзөгө койду. Мен түндө барып мүрзөнү ачып ал кыздын үстүндөгү асыл заттарын түгөл алып карасам, кыз өтө сулуу экен, ошол жерде мен шайтан, ал кызга ойноштук жасадым. Андан кийин туруп кетейин дегенимде кыз: эй жигит, сен Алладан коркпой, уялбай мага көр ичинде тийишип, кордодуң, бул ишиңди мен кыяматта аламын деди. Ошондон кандай, кайсы жол менен кутулам деп ыйлап отурам деди.
Муну уккандан кийин Мухаммед ал жигиттин бетин оромолу менен бир уруп, сен бул жерден тез чыгып кет, антпесе сенин кесириң менен баарыбыз күйүп кетебиз деп шаардан чыгарып жиберди.
Ал бечара жигит өкүрүп ыйлап, жапайы талаага каңгып, өз башын өзү токмоктоп уруп, наала болуп 40 күн ыйлап жүрдү. Бир күнү Жебирейил келип: я Расул, Алла- Таала сага салам айтты жана ал жигиттин тилегин кабыл кылып күнөөсүн кечирди деди.
Расул Алла ошол жерде бир адамды жигитке жиберди. Ал адам бир чабанга барып жолугуп, ошол жерде бир кайгырган жигитти көрдүңбү деп сураганда чабан айтты: Ушул жерде бир жигит бар добушу менен ыйлап, ал ман ал аман деп жүргөн, кичине чыда, келип калар.
Ошол убакта ыйлап жигит келет. Ал киши жигитке Расул Алланын чакырганын айтты. Экөө пайгамбарга келди. Расул Алла жигитке Алла күнөөсүн кечиргенин айтты. Муну уккан жигит ошол жерде жыгылып, өлүп кетти. Денесин жууп, кепиндеп, көмүүгө алып жөнөштү. Расул Алла табыттын артынан эки бутунун учу менен басып келе жатты. Жамаат, я Расул Алла, бутуңузду эмнеге толук баспай келесиз деп?- сурады. ошондо Расул, көктөн жаназага келип түшкөн периштелердин көптүгүнүн бут коёрго жер жок деп айтты.
Илгери күнөө жасаган пенденин жасаган күнөөсүн, ал пенде мындай күнөө жасады деп маңдайына жазып коё турган жана анын кейпин өзгөртө турган. Кийин бул токтоду. Акыр пайгамбарынын урматы үчүн, үмөтүнө жеңил, оңой жасады. Негизи бир күндө жүз ирет тобо кылуу керек, истигфор окуу керек.
Илгери бир сулуу аял бар эле. Ал аял дайыма бай адамдардан акча алып, өзүнө эркектерди кабыл кылып жүрдү. Бир күнү бир мусулман көчө менен кетип бара жатып, ошол аялды көрүп, анын сулуулугуна ашык болуп калды. Үйүнө келип таң атканча аялды ойлоп уктай албады. Акыры эрте туруп, жанына көп акча салып, ошол аялдын үйүнө барды. Аял аны өтө жакшы кабыл алып, кучактап алып келип, нардын үстүнө отургузду. Келген адам дайындаган акчасын аялга берди. Аял акча алгандан кийин, сиз эми өз каалоңузга жетиңиз дегенде, ал киши ойлоп, я Алла, мени кечир, мени шайтан азгырган экен, жок тобо кылдым, мен бул ишти жасабаймын деп ордунан турду. Эй жигит, сиз мага акча бердиңиз, эч болбогондо бир жолу жыргап алыңыз дегенде, ал жигит, акча сизге адал болсун, мен бул ишти жасагандан Алладан коркуп, уяламын, мен кетейин деп, үйүнө кетти.
Жигит кеткенден кийин аял көпкө ойлонду. Капырай, бир ирет акча төлөп, ойноштук кылгандан ошончо коркту. Мен бул ишти 30 жылдан бери иштеп келем. Менин күнөөм эмне болот. Кой бул шумдук жаман экен деп иштеп жүргөн ишинен баш тартып, таштап тобо кылды. Бир күнү жанагы аял тиги жигитти издеп үйүнө келди. Ошол убакта жигит каза болуп кеткен. Эл анын каза болгонун айтты. Аял каттуу кайгыда болду. Бул ишти уккандан кийин ошол элдин падышасы аялга келип, мага турмушка чык деген сөздү салды. Аял, эгер мени алгың келсе падышалыктан түш, малыңды садагага бер деди, падыша ага келишпей кетти. Аял элден өлгөн жигиттин жакшы сыйлашкан бир жолдошун таап ошого турмушка чыгат. Кийин 7 уул төрөдү, жетөө тең илимдүү болду.
Мадрас айтты: бир еврей бар эле 60 жыл Алла- Таалага жакшы ибадат, таат жасаган эле. Бир күнү бир сахарага чыкты. Ошол жерде бир жакшы жерди көрүп, аттигинай бул жерде суу болсо Бани Исраилге өтө жакшы жер боло турган экен деди. Ошондо кайвптан бир добуш келип: эй Мардос, мага таат ибадат жасаганда максатың жерге ээ болуу экен, эми таат жасап жер бер деп талап кылсаң, бербеймин деди. Муну уккандан кийин, катуу коркуп, мен өтө жаман ката кылган экенмин деп ыйлап жүрдү.
Ошол күн айт күн экен, бир топ элге жолукту. Эл мардос экенин билип, Алхамдуллила сен жакшы адамсың деп тамак алып келишти, бирок Мардос жебей койду. Ал, бир күнөө жасадым эле. Алла ошол күнөөмдү кечпесе тамак ичпегеним туура деди. Чогулгандар ал кандай иш деп сурады.
Мардос айтты, мен Лахта тоосуна барган элем, ошол жерден бир жакшы жер көрдүм. Ушул жерде суу болсо Бани Исраилге жакшы жер болор эле дедим эле, ошол үчүн Алла мени күнөөлү кылды, деди. Ошондо жыйналган жамаат, ой ал жеңил, аны баарыбыз жабылып жарымын көтөрөбүз, эй Мардос, сен тамак жей бер дешти. Ошондо кайыптан дагы бир добуш келип: Эй Мардос, булардын арасынан чыгып кет. Аларга мен жеңил күнөөнү көрсөтөйүн, буларга бир балаа жиберейин деди. Мардос ал жерден чыгып кетти. Алла- Таала ошол жыйналган жамааттын бутун жогору, башын төмөн тарттырды.
Ар бир киши, ой ошол да күнөөбү, ой ал жеңил деп мазак кылса, кыямат күнү башын төмөн каратып, тозокко жиберет.

#14 05 July 2012 - 16:27
Ураматту автор сизден АЛЛА ыраазы болсун!!
!
Кылган эмгегиниз учун чоон рахмат! Абдан маанилуу тема!
Дагы кутобуз

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#15 09 July 2012 - 16:30
ТЫЮУ САЛГАН ИШТЕР.
АЛЛАНЫН АМИРИНИН БАЯНЫ.
Расул Алла айтты: Ар ким Алланын амирин орундаса, ал пенде Мухаммед пайгамбардын жардамчысы болот.
Аалымдар Алланын амирин аткарбаганынан, падыша залым, амирлер кошоматчы болуп, калктын арасын кымбатчылык ээлеп, кан төгүлүп, дуба жасаса дубасы кабыл болбойт.
Амир Момун айтты, бир заман болот. Ошол кезде калк 10 бөлүккө бөлүнөт. Анын 9 бөлүгү арак ичип, араккор, ууру болот, динсиз, бетбак, залым болуп, эч бир күнөөдөн качпайт. Калган бир бөлүгү Алланын амиринде болот. Алар Алланын амирин жакшы иштерин билет, билбесе угуп үйрөнөт.
Расул Алла айтты. Кыямат кайымда доңуз сүрөтүндө бир эл болот; булар ким деп сураганда, Алла: булар тиги дүйнөдө Амири Мааруфту (шарият жолун) калкка түшүндүрүп айтпай, өздөрү да күнөөдөн кайтпай, элди күнөөдөн тоспогон күнөөкөрлөр, Алланын берген байлыгынан зекет бербеген мусулмандардын көрүнүшү деди.
Расул Алла айтты: ким Амири Мааруф жасаса анда ал адамда 5 түрдүү касиет болуу керек:
1- ал аалым болуу керек. Аалым болбосо Амири Мааруф кыла албайт.
2- Аллага ар качан ыраазы болуу керек.
3- элге Амири Мааруф түшүндүргөн кезде, таза түшүндүрүп, ашыкпай байкамдуу болуу зарыл.
4- чыдамдуу болуп, калк эмне сөз айтса да чыдап туруу керек.
5- Амири Мааруф айтып турганда, кудай жаңылдыра көрбө деп, өзү коркунучта болуу керек.
Адина шаарында бир дарак бар эле. Ошол даракка шайтан келип адамдарды азгыруу үчүн орноду. Ошол даракка кимде- ким жакын келсе үн чыгарып: эй адамдар силер мага таат ибадат жасагыла, мен силерди акырет азабынан куткарайын деп сүйлөп турду. Мен силердин кудайыңармын деди.
Муну уккан эл түгөл макул болуп даракка келип сажда жасай баштайт. Бул аз эле убакытта бүткүл алыс- алыс жерлерге тарады.
Шайтан жана айтты: мен силерге өтө чоң ракым кылдым, эмне тилек, максаттарың болсо ушул жерге келип сажда жасап сурагыла. Эл жыйылып, ал даракты алтын, күмүш менен кооздоп таштады.
Ошол жерде бир акылдуу чын мусулман бар эле. Ал бир күнү, кой, эл адашты, мен ал даракты кесип таштайын, эл Алла- Тааладан адашпай кайта жакшы жолго түшсүн деп, колуна балта алып ошол даракты карай жөнөдү. Муну шайтан билип алдынан чыгып, сиз кайда барасыз дегенде, ал киши мен бул даракты кесейин деп келе жатам деди. Ошол даракты кескендиги муратың эмне дегенде, ал адам, калкты туура жолго салып сооп тапсам дедим эле деди. Ошондо шайтан, сен сооп издесең мен сенин төшөгүңө күндө бир баштык алтын коёюн, сен ошону карыптарга садага кылып берип сооп тап деп айтат. Ал киши муну угуп үйүнө келди. Ал күнү жатты, эртесинде турду, бир капчык алтынды алып сандыгына салды. Эртеси жатып, кайта туруп караса алтын жок. Ал ордунан туруп, колуна балтасын алып, ачууланып ошол даракты кесүүгө кайта жөнөдү. Алдынан шайтан чыгып: эй кара жолтой, кайт артыңа, антпесең таш менен бир уруп жок кыламын деди. Мен шайтанмын, бул даракты кудай деп силерге сажда жасатып, элди азгырып жатканымда, сен кече бул даракты кесүүгө келдиң. Ал кезде Алла- Таала көктөгү периштелерге Менин бул пендем Мен үчүн бир иш иштөөгө бара жатат. Силер жерге барып аны ар бир балаадан сактагыла деп, сага көктөн аскер кылып периштелерди түшүрүп, сен ошолордун ортосунда болуп, мен эч бир айла жасай албай сени алтын менен алдап, акмак кылып азгырдым. Бүгүн сен алтындын ачуусу менен келдиң, жаныңда периште жок,- деди. Ал адам ошондо баарын түшүнүп, айласыз үйүнө кайтты.
Алла үчүн бир ишти иштесең аягына чейин аткар, бир ишти иштегиң келсе алтын, күмүш, акчага алданба. Өз камың үчүн, жан сактоо үчүн болгон иш болсо ал башка.
Алланын амирин калкка түшүндүргөндө өтө кичи пейил болуп, элдин бетине карап түшүндүрүү керек.
Бир күнү Катым шаардын сыртына чыгып жүргөн эле, ошол жерде жыйылып арак ичип отургандарды көрдү. Алар да Катымды көрүп, эгер Катым келсе кармап алып арак берейли, ичпесе колун- бутун байлап оозуна куялык дешти. Катым муну угуп, кой мен буларга Амир Мааруф айтайын деп, абдан мас болуп отурган топко келди. Алар Катымга арак куюп колуна берип, бол тез ич, деп шаштырды.
Ошондо Катым силер ашыкпагыла мен арак жөнүндө аз маселе айтайын, ошондон кийин ичсе болор деди. Сиздер ар качан билиңиздер Азирейил өтө айбаттуу периште. Ал келип, ушул арак ичкендиктин себебинен, жаныңды, бутуңдун учунан баштап оозуңдан тартып кыйнап алат. Экинчи, ата- эне, аял- бала, үй- жай, малыңдан бөлүп алып кетет. Үчүнчү, жерди казып сени ошол жакка салып үстүңдөн топурак менен бастырып көмүп кетет, көрүң тар, караңгы болот. Ал аз болгонсуп Мүңкүр- Наңкир деген эки периште келип, раббың ким, пайгамбарың ким, диниң эмне деп каттуу сурак алат.
Кыямат күнү амал дептериң оң жактан келеби, сол жактан келеби муну билбейсиңер? Таразада амалдарыңызды өлчөгөндө сообуң оор болобу, же күнөөңдөн жеңил болобу? Махшарда Алла: имандуулар бир бөлөк, имансыздар бир бөлөк чык дегенде, кайсы жагына чыгасыңар. Мына ушул жагдайды эсиңиздерге алыңыздар. Бул дүйнөдө 1 кесе шарап ичкен күнөөңө кыяматта 1000 кесе оттуу заар ичкизет деди.
Бул сөздү уккандан кийин ошол жамаат баары катуу ойлонуп, арактан качып, туура жолго түшүп, жакшы адамдардын катарына өттү.
Хасан Басринин шакирттери, муриддери бир күнү жыйналып келип: эй Хасан Басри, бизге бир Амири Мааруф кылсаңыз деди. Хасан Басри, жакшы болот эртең келгиле деди. Эртеси алар жыйылып келгенде Хасан Басри тактанын үстүнө чыгып отуруп муриддирине карап, мен оболу сиздерге бир сурак коёюн деп айтты. Муриддери, шакирттери макул болду. Ошондо Хасан Масри: Эгинди эгип, бышканда эмне кылат?- деп сурады. Алар: эгинди бышканда оруп жыйып басып, данын алып орого салып коёт, деп айтышты. Хасан Басри шакирттерине жаңы эгинди ороого салганын көрдүңөрбү? - деди. Алар көрдүк деди. Ошондо Хасан Басри муриддерине: силер жашыңар толук жетилген, акыл токтотуп, жаман- жакшысын ажыраткан, мисалы, бышкан эгиндин даны сыяктуусуңар. Эми сиздер не иш жакшы, не иш жаман аны билесиздер. Алла иштеген ишиңерге карайт деди. Анан шакирттерине да, силер да өзүңөргө- өзүңөр жаңы келген, мисалы: жаш эгин сыяктуусуңар. Силерди да Алла иштериңе карайт дегенде, баары башын жерге салып ойлонуп отуруп калышты. Бир маалда эсине келип карашса, Хасан Басри кетип калыптыр. Мындан кийин баары үй- бүлөрүнө кайтып, өздөрү Амири Мааруфту элге жайылтышты.
Абылкасым мечитте отурган эле, бир киши келип намаз окуду, руку, сажданы жакшы жасаган жок. Андан кийин Абылкасым ал кишини үйүнө өз алып келип, кулуна курма, бадам майын жана ширинин, бал алып кел деди. Кулу алып келди. Ошондо Абылкасым ал кишиге жеңиз, белиңиз жакшы болот деди. Ал киши менин белип оорубайт дегенде, анда Абылкасым, белиң оорубаса намазды эмнеге туура окубайсың деди. Ал киши ошондон баштап намазды макирөө окубай, туура окуду.

#16 09 July 2012 - 17:07
АТА- ЭНЕ, БАЛА ЖӨНҮНДӨГҮ МАСЕЛЕ.
Абу Исак айтты, мен Расул Алладан ата- энеге бала кандай кызмат кылса жакшы болот деп сурадым. Ошондо Расул Алла айтты. Эгер ата- энең тирүү болсо, аларды адал тамак менен, адал кийим менен камсыз кылгын. Көңүлүн таап, тилин алып, тик туруп кызмат кыл. Эгер өлгөн болсо аларга арнап садага бер, куран окут. Ошондо Алла сага ыраазы, аларга рахмат кылат. Сенин таат ибадатыңды кабыл кылат. Ата- энең ыраазы болбосо жүз жыл таат ибадат жасасаң да кабыл болбойт.
Бир күнү Расул Аллага бирөө келип: Я Расул Алла, атам көптөн бери оору, ордунан тура албайт. Өзүм тамактандырам, дааратканага көтөрүп барам. Даарат алдырам. Мен ал кишинин акысынан кутулдумбу? - деп сурады. Расул Алла ага: "Бали миң бөлүктүн бир бөлүгүнөн гана кутулдуң. Бирок көп сооп таапсың". - деди.
Рабаятта мындай дейт. Расулдун убагында Алкама аттуу бир такыба жакшы адам бар эле. Ошол бир күнү ооруду. Оорусу абдан ашынып, өлөр чагы жетти. Ошондо апасы Расулга кабар берди. Расул Алла бул кабарды уккандан кийин, Салман менен Билалга, экөөң барып Алкаманы көрүп, жагдайын билгиле деди. Ал экөө келип келме тайиба менен келме шахадатты айт деди. Алкама айтайын деди эле келмеге тили келбеди. Бул жагдайды пайгамбарга айтып келишти. Расул Алла Алкаманын апасын мага жибергиле деди. Чакыргандан кийин ал аял келди.
Расул Алла: "Эй энеке, сиз Алкамага ыраазысызбы? "- деди. Анда ал аял: "Мен эч качан ыраазы болбойм, себеби мени аялы катуу урушканда, ал ошого эч нерсе айтпай ыраазы болуп карап турду. Ошол үчүн мен ыраазы эмесмин", - деди. Расул Алла: "Сиз эми ыраазылык бериңиз, Алкаманын тили келмеге келсин",- деди. (Мына көрдүңүздөрбү, кимде кимдин ата- энеси ыраазы болбосо тили келмеге келбейт). Бирок ал аял ыраазылык бербеймин деди. Ошондо Расул Алла сакабаларга, анда отун жыйып жагып ошол отко Алкаманы ыргытып жибергиле деп буйруду. Ошол кезде ал аял: "Я Расул Алла, менин балам отко күйгөндө мен кандайча чыдап карап турар экенмин", - дегенде, Расул: "Тозок оту бул оттон жүз эсе, балким миң эсе кубаттуу, бул балаң ошол отко күйгөндө айлабыз кандай болот",- деди. Ошондо апасы түшүнүп, ыраазылыгын берди. Пайгамбар Алкамага Билалды жиберди. Билал келип келме шахадатты айткызды. Алкама келмени айтып, ыйман менен жан таслим кылды.
Азирети Оморго бир киши баласын эрчитип келип: "Я Омор, менин балам мага бала болуудан калды",- деди. Омор: "Сен эмнеге кудайдан коркпойсуң, эмнеге уялбайсың?" - дегенде, бала: "Баланын ат- энеде акысы барбы?"- деди. Ошондо Омор: "Бар, ата жакшы жерден үйлөнүү керек, жаман жерден үйлөнсө баланын жүзү төмөн болот. Балага жакшы ат коюу керек, окутуу керек, үйлөндүрүү керек",- деди эле, бала, ошолордун менде бирөөсү да жок деп айтты. Мен куранды да билбеймин деди. Муну уккан Омор ал кишиге, сен эмне деген залымсың, бул балага да залымдык кылгансың деп чыгарып жиберди.
Бир киши пайгамбарга келип: "Я Расул Алла, мен апамды 70 жолу ажылыкка көтөрүп бардым. Эми акысынан кутулдумбу? "- деди. Ошондо Расул: "Сен бир күн түндө турп соороткон акысынан кутулупсуң" ,- деп айтты.
Расул Алла: "Дүйнөдө эч бир ата- эне акысынан бала кутула албайт. Ата- эне ыраазы болуп өлсө, ал баласы артында садага берип, куран окуп, жакшы амал иштеп жүрсө, ошол балага кыяматта оор азап ата- энеси үчүн болбос эле", - деди.

#17 09 July 2012 - 17:19
МЭЭРИМДҮҮЛҮКТҮН КАСИЕТИ.
Бир күнү Расулдун алдына бир киши келип, я Расул Алла, мен эмне иштесем жаннатта боломун деди. Ошондо Расул: Алланын бир деп бил, таат ибадат жаса, Аллага иман келтир, күнөө жасоодон кач, ошондо жаннатты табасың деп айтты.
Бир күнү Расулга бир киши келип: Я Расул, мен ар качан тууган- туушканыма жакшылык жасап, пайда кылсам, алар мага дайыма жамандык кылат дегенде, Расул Алла, ким жамандык кылса да сен жакшылык кыл, дүйнөдө, акыретте жакшы болосуң деди.
Үч касиет болсо ал адам жаннаты болот:
1- жамандык жасаган адамга жакшылык кылган киши;
2- бирөө иренжитсе ошого ыраазы болгон адам;
3- бирөө тамак берсе, ошого тамак берген адам.
Расул айтты. Кыяматта үч түрдүү адам эң жогорку асмандын көлөкөсүндө болот:
1- тууган- туушкандарына урмат жасап, ызат көрсөткөн киши;
2- аялы күйөөсүн ыраазы кылса, күйөөсү өлгөндөн кийин эч кимге күйөөгө чыкпай отурган аял;
3- уулуна кызмат кылып, жетимдерге, мусапырларга каралашып, туугандарын урматтаган адам.
Мына бул адамдарга Алла 10 түрдүү жакшылык жасайт.
1- Алла ыраазы болот.
2- периштелер кубанып турат.
3- тууган- туушкандары кубанычта болор.
4- ар бир калк кубанып турар.
5- шайтан капа болор.
6- өмүрү узун болор.
7- жаннатта болор.
8- тозоктон алыс болор.
9- таат ибадат жакшы болор.
10- сурагы жеңил болор.
(уландысы бар).

#18 10 July 2012 - 19:36
Автор жакшы тема ачыптырсыз,
менде да ушул китеп бар.Аябай сонун китеп,акырына чейин кочурууго(эч жерин озгортпостон)аракет кылыныз.Себеби алыста жургон форумчуларыбызда бул китепти сатып алуу мумкунчулугу жок.Кимге керек болсо албетте кунт коюп окуйт.Сизден Аллах ыраазы болсун омийин!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#19 28 April 2013 - 01:05
Уландысын кутобуз.
Время, проведенное с женщиной, нельзя считать потерянным.
#20 16 September 2013 - 14:15
Арак ичкендердин жагдайы
Ибн Аббас айтканынан
Расул (С.А.В) айтты, кимде- ким арак ичсе ал пендеден иман качат. Тобо кылмайынча иманы келбейт. Олуп кетсе имансыз олот.
Абдылда ибн Заит айтты:
Мен Расул Алланын мечитине бара жаткан элем, жолдо бир аял жолугуп: эй Заит, сен сооп издесен бул уйдо бир оору адам жатат, ошого иман айтыныз деди. Мен аялга ээрчип кирдим, ал оору адамга келме айт десем, ал сенин айткан келменден олгончо безермин деди. Ошондон кийин жан таслим кылды. Имансыз кетти. А жыйылган кишилер бул ким, эмне иштеген киши деп сурашты. Билгендер бул араккор эле дешти. Расул Алла айтты, шарап ичкендер бутпарас сыяктуу болот.
Расул Алла жана айтты.
Бани Израилда бир киши бар эле. Ал озуно тоодо оночо таат ибадат жасай турган орун жасап алып, келген элден болунуп ошондо таат ибадат жасап журду. Бир куну керегин алууга шаарга тушту. Кочодо муну бир аял коруп, ашык болуп калды. Ал аял бир кемпирге алтын берип, эгер бул кишини менин короомо эрчитип келип киргизсен дагы алтын беремин деди. Ал кемпир макул болуп, ошол эркектин алдына барып ыйлап, мен бир мусапыр элем, уйумо кирип бир дуба окуп кет деп, аялдын уйуно алып келди. Ал кезде аял бир бут (идол), бир бала, арак дайындап отурган эле. Ал эркек уйго киргенден кийин кемпир эшиктин сыртынан катуу жаап бекитип кетип калды.
Ошондо аял сен качам деп убара болбо. Мени менен менин моокум канганча ойноштук жаса, же бул баланы олтур, же бул бутка табын же бул аракты ич деди. Эгер булардын бироон иштебесен мен мына уйумо кирип мени зордоп, кордоду деп кыйкырам, анан кийин эл сени кармап алып таш баран кылып олтурот, дегенде ал киши ойлонду. Бутка табынсам динден чыгам, баланы олтуруу, ойноштук кылуу жакшы иш эмес, андан коро ушул аракты ичейин деп аракты ичти.
Мас болгондон кийин бутка табынып, баланы олтуруп, аял менен ойноштук жасады. Эсине келгенде аялдын жанынан турду. Мына ошондо арак баарынын башчысы экенин билди.
Расул Алла кетип бара жатса бир корустондон чынырган добуш угулат. Пайгамбар жакын келип: эй майит, сен эмне учун азап тартып жатасын деди. Ошондо аял: Мен бир араккордун кызматчысы элем, бир куну ал арак ичип олтуруп, мага бир жолу нан бышырууну буюруду. Мен 20 нан бышырган элем, ошол учун мени 20 жылга азапка салды,- деп жооп берди.
Куранда Наба суросундо шарапкор адамдарды Алла- Таала ушул дуйнодо арак ичип жургон куноосу учун суусун ордуна кайнаган суу ичкизет. Буткул ичеги- боору жыдыйт. Артынан 7 тозоктон кысылып аккан кандуу ирин сары сууду ичкизип, азап берери ачык айтылган.
Араккордун от тозогу 75 мин жылдан кийин: Я Алла мени бул пенден араккордон куткаргын, жытына чыдай албадым,- деп арыз айтат. Ошондо Алланын амири менен от тозогунан алып, анын астындагы чыныруу шайе деген жерге кудукка таштайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео