FIANIT (28 Июнь 2012 - 14:26) жазган:
Ар бир аял өмүрүндө жок дегенде бир жолу күйөөсүнүн өзүн башка бирөө менен алмаштырышына дуушар болушу мүмкүн. Көзгө чөп салуу - жубайлар үчүн эң бир оор сезим. Ага карабай бул нерсе үй-бүлөдө болуп келген, болуп жатат жана боло берет.
Көзгө чөп салуунун себептери
Күтүлбөгөн жерден
Атайын алмаштырайын деген деле ою жок, ыңгайлуу шарттан пайдаланып, эркек аялынын көзүнө кокусунан чөп салып алат. Бул учурда ал аялы тууралуу таптакыр унутуп калат жана кылган ишине эч өкүнбөйт.
Ичимдиктин айынан
Эркектердин ою боюнча, бул эң күнөөсүз вариант. Шылтоосу да даяр: ичишти, бийлешти, өзүнүн эркин башкара албай калды, анан... Эгер мас болбосо эч качан мындай ишке барбастыгын, ал сизди аябай сүйөөрүн айтып ишендирет. Мындай адамды кечирип, мамилени мурункудай улантып кетүүгө болот.
Таарынычтын айынан
Аялы менен урушуп кетип, анан андан өч алууну каалап, аялынын көзүнө чөп салууга барат. Эркек канчалык кекчил болсо, мындай алмаштыруу мүмкүнчүлүгү ошончолук көп болот. Ошондой эле бул алмаштыруу - үй-бүлөнүн бузулушунун эң таасирдүү ыкмасы.
Боло турчу көрүнүш
Алмаштыруунун бул түрүнө эркектер турмуштагы мыйзамченемдүү көрүнүш катары карашат. Атүгүл аялдарына өздөрү муну эркектин жаратылыштагы өзгөчөлүгү экендигин түшүндүрүшүп: "Мунун эмнеси бар экен? Кандай айырмасы бар? Мен баары бир сени сүйөм го" деп гана коюшу мүмкүн.
Эксперимент үчүн алмаштыруу
Мындай экспериментти эркектер же өз аялын башкалар менен салыштыруу үчүн, же өзүнүн башкаларды кандай азгыра алаарын сыноо үчүн жасашат.
Эркектин көзгө чөп салуусуна жол бербөөнүн 5 эрежеси
1. Баарынан мурун эркектер сексуалдык жактан канааттанууга муктаж болушат. Аялдар күйөөлөрүнө сапаттуу жыныстык катнаш керек экендигин түшүнө билүү керек.
2. Эркектерге эс алуу керек. Балык уулоо, футбол, достору менен чогулуп пиво ичүү, ж.б. Айрым аялдар күйөөлөрүн ушундай ырахаттан ажыратууга аракет кылышат. Убак-убагы менен эркектер аялдарынан алысыраак жакка барып эс алып келүүнү каалагандарын эске алып коюулары керек.
3. Эркектер аялдарынын үйдө болобу, көчөдө болобу ар дайым cулуу болушун каалайт. Ушуну эске алган аял күйөөсүнүн көзгө чөп салуусунун алдын алган болот.
4. Эркектер үчүн анын үйү - бекем чеби болууга тийиш. Ал өз үйүнө келгенде жемелөөгө, уруш-талашка, нааразычылыкка кабылууну каалабайт. Жолдошуңуз жумуштан келгенде ар качан кубаныч менен тосуп алыңыз.
5. Аялдар күйөөсү менен сыймыктанып, ушундай сонун күйөөсү бар үчүн өзүнө-өзү суктанаарын дайыма түгөйүнө билдирип турууга тийиш. Анткени эркектер ушул нерсеге муктаж болушат.
Аялдын көзгө чөп салуусуна жол бербөөнүн 5 эрежеси
1. Көпчүлүк аялдар үчүн күйөөсүнүн өзүн коргоосу, колдоосу чоң мааниге ээ. Андыктан эркек аялына ар дайым аны колдоорун, маселелерин өзүнүкүндөй кабыл алаарын жана аны менен сыймыктанаарын билдирип турууга тийиш.
2. Аялдар күйөөлөрү менен көбүрөөк сүйлөшүүнү каалашат. Атайын психологдордун изилдөөсүнө караганда үйлөнгөн соң эркектер аялдары менен сырдашпай, атүгүл тиричиликке байланыштуу гана кыска сүйлөшпөсө, дээрлик сүйлөшпөй калат экен. Мындай учурда аялдар башка жактан маектеш издегенге өтүшөт.
3. Аялдар баары ачык болуп, күйөөсүнө толук бойдон ишенүүнү каалашат. Андыктан анын мурунку, учурдагы жашоосунан жана келечектеги пландарынан кабардар болгулары келет. Кокусунан күйөөсүнүн алдап жатканын сезип калса, бул анын сезимдерин талкалашы мүмкүн.
4. Муктаждыктарын канааттандыруу үчүн аялга акча керек. Аял муну күйөөсүнүн айттырбай түшүнүүсүн каалайт.
5. Эркек үйүндө өзүнө эмне тиешелүү болсо баарын жасап, эркектик, аталык, кыскасы, үй-бүлөлүк милдеттерин аткарууга тийиш.
Көзгө чөп салуудагы белгилер:
1. Дайынсыз жоголуу. Ал дайыма жумуштан соң "достору" менен кармалып калат, сиздин телефон чалганыңызга жооп бербейт да, арадан бир нече убакыт өткөн соң кайра чалат. Жумушуна чалсаңыз качан болсо "чогулушта" болот.
2. Төшөк оюнунун кескин түрдө азайып кетиши. Ал өзүнүн каалоосун башка аял менен канааттандырып келет да, жубайлык милдетин аткарууга күчү калбай калат. Же болбосо эптеп эле милдетинен кутулууга шашат. Бирок айрым эркектер тескерисинче, күтүлбөгөн жерден эле камкор, назик болуп калат. Мындан эркек өзүн күнөөлүү сезип, ошол күнөөсүн жууганга аракет жасап жатат деп түшүнө берсеңиз болот. Шектенүүчү дагы бир нерсе - ал сизге төшөк оюнунун түрдүү ыкмаларын көрсөтө баштайт.
3. Кайдыгерлик. Сиз кайда, ким менен жүрөсүз, жолдошуңузга баары бир болуп калат, анткени, анын башы өзүнүн пландары менен бош эмес. Сиздин бир нерселерди айтып берип жатканыңызга кызыкпайт, өзүнүн ойлорун жана пландарын сиз менен бөлүшпөйт. Мамилеңиздердин мындай кескин өзгөрүп кетүүсүн талкуулоого жасаган аракетиңиз текке кетет, анткени, ал бул тууралуу сиз менен сүйлөшүүдөн баш тартат.
4. Өзүнө кам көрүү. Демейде күзгүгө көп каранбаган жолдошуңуз бир күнү эле улам бир кийимин кийип күзгүнүн алдынан жылбай калат. Анан сиз анын текчесинен жаңы ич кийим көрүп калдыңыз. Адатта эркектер аялдары жаңысын сатып бермейинче өздөрү жаңы ич кийим сатып алышпайт. Ошондой эле тез-тез жуунуп калышат, өзгөчө эшиктен кирээри менен.
5. Чарчоо. Эркектин жумуштан чарчап келиши - адаттагы көрүнүш. Бирок күн сайын эле эмес. Эгер ал дайым эле чарчап келип, сиздин ар бир кыймылыңызга, атүгүл унчукпаганыңызга кыжырдана берсе, демек, күйөөңүздө бир мандем бар.
6. Машинасындагы өзгөрүүлөр. Ал машинасын тез-тез жууп, жаңы аксессуарларды сатып алат. Машинанын алдыңкы орундугу сиз көнгөндөн башкача болуп жылып калат. Ошондой эле күйөөңүздүн чыгымдары кескин өсө баштайт да, муну машинасынын бузулганына шылтайт.
7. Чоочун жыт. Ал чоочун атыр жыттанып келет. Кийимдерине аялдын узун чачы жармашып же помаданын изи калат. Же болбосо денесинде чийилген так калып, аны сизге көрсөтпөө үчүн футболкачан жатат, бирок, мунусун үшүп жатканына шылтоолойт.
Көзүңүзгө чөп салган күйөөңүз кайтып келсе, сиз бир нече эрежелерди сактоого тийишсиз:
Жолдошуңуз сизге кайтып келген соң анын жашооңузда мааниси чоң экендигин, ансыз жашай албастыгыңызды билдирбеңиз. Бул жоругун кайра кайталабаш үчүн сүйүүңүздү билдирип, комплимент айтсаңыз да жаңылышасыз. Болгону ага эстен чыккыс төшөк оюнун тартуулаңыз. Бул байлануунун негизги куралы.
Кандайдыр бир нааразычылыгыңызды такай билдирип туруңуз, сизге жагуу үчүн жолдошуңуз да кыйналсын.
Анча-мынча кызгантып коюңуз. Күнөөнү сизге оодара коюу үчүн жолдошуңуз сиздин да көзгө чөп салууңузду күтүшү мүмкүн. Бирок өчөшүп эч качан бул кадамга барбаңыз.
Мамиленин бузулушуна ал күнөөлүүбү, демек, кайра калыбына келтирүүнү да өзү колго алсын. Бул процесс учурунда сиз өзүңүздү бийик алып жүрүңүз.
Ал эми кайтып келбесечи?
Бугуңузду чыгарып алыңыз. Каалашыңызча өкүрүп-бакырып ыйлаңыз, жаздыкты же бокс грушасын күчүңүздүн жетишинче муштагылаңыз, курбуларыңызга болгон окуяны баштан-аяк айтып бериңиз.
Туугандарыңызга жана тааныштарыңызга абалыңызды нейтралдуу түрдө эле "биз ажырашып кеттик", "биз мындан ары чогуу жашабайбыз" деген сыяктуу сөздөр менен түшүндүрүңүз. Ажырашуу демилгесин ким көтөрдү, ким күнөөлүү, аларды саймедирөөнүн кажети жок.
Жан-дүйнөңүз ушунчалык кыйналып турган учурда да жолдошуңуздун кеткенинин жок дегенде бир жакшы жагын өзүңүздү зордоп болсо да издеп табыңыз. Болбоду дегенде жолдошуңуз мурун тыюу салган нерселерди эми жасай алаарыңызга сүйүнүңүз.

Эркектердин көзүн карап жүрүп өтөт экенбиз да,алмаштырбасын деп байкуш аялзаты.Эркекти да азгырган байкуш аялзаты.Эркек аялдан башка эч кимге барбайт,ошондуктан бири бирибизди түшүнбөгөн байкуш аялзаты.
