Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#281 Пользователь офлайн   ANELKA   06 Июль 2012 - 09:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

Просмотр сообщения Debi (06 Июль 2012 - 05:34) жазган:

Ушинтип көз көрүнөө экиленесиңер. Бул жерде ким коркуп атат? Шайтан. "эки миздүү кылычтан курч" Кудайдын сөздөрү жазылганда, адамдар окуп, жүрөктөрүнө адилеттиктин уругу себилип калат деп калчылдап, акты эч качан кара кыла албаса да, тырбалаңдап тырмышып жатат. Тырмыша берсин, ал жеңилген душман, барар жери тозоктун оту. Аны менен кошо көп адамдар кетип калбаса экен деген эле далалат.
Мүмкүн эмес деп жазылып турабы? Мындай бурмалоочуларга жооп жазуудан жыйынтык чыкпасы айдан ачык. Алтындай убактымды коротконум акылсыздык болор. Кай бир суроолор эмне үчүн жоопсуз каларына көрсөтмө болуп бергениң үчүн ыраазычылык. Каадалуу суроо жазгансып сүйлөйсүң.

Sensiregen sozdorunon iy Debikemdin. Men da owo sizdi oilop, tuboluk tozokton orun alyp kalbasyn dep Yiyk Kuran, jalgyz Allahtyn sozdorun jazyp olturamda. A4uulanbanyz, 4yndyk uwundai katuu,a4uu bolot. Altyndai ubaktysynan go Debikemdin. :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#282 Пользователь офлайн   ANELKA   06 Июль 2012 - 09:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

"Maryam uulu Masix (Isa) el4i gana. Andan murun da el4iler otkon. Anyn enesi - 4yn4yl. Ekoosu ten tamak jew4u.(bawka4a aitkanda, periwte emes je Kudai emes, el syiaktuu ele). Kara4y. Alarga belgileribizdi kanday4a bayan kyldyk. Alar dagy (akyikattan) kayakka buruluwat?" (Maida,75)
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#283 Пользователь офлайн   Debi   06 Июль 2012 - 21:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт:
Уулум! Эгерде менин сөздөрүмдү кабыл алсаң, менин акыл-насааттарымды сактасаң, кулагыңды акылмандыкка төшөсөң, жүрөгүңдү ой жүгүртүүгө бурсаң, билимди чакырсаң, акылга кайрылсаң, аны күмүш менен кенчти издегендей издесең, Теңирден коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндөгү билимге жетесиң. Анткени акылмандыкты Теңир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат. Ал адил адамдар үчүн куткарылуу сактайт. Ал – түз жүргөндөрдүн калканычы. Ал акыйкаттыктын жолдорун сактайт, Ал Өз ыйыктарынын жолун коргойт. Ошондо сен жакшылыкка алып бара турган жолдорду: чындыкты, адилеттикти, чынчылдыкты түшүнөсүң .
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#284 Пользователь офлайн   ANELKA   08 Июль 2012 - 23:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

"Айткын, Аллах жалгыз."
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#285 Пользователь офлайн   Debi   09 Июль 2012 - 09:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт:
Даракты да, жемишин да жакшы деп эсептегиле. Же даракты да, жемишин да жаман деп эсептегиле. Анткени дарак жемишинен билинет. Жылан тукумдары! Жаман болуп туруп, жакшы сөздү кантип сүйлөмөк элеңер? Жүрөк эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат. Жакшы адам жакшы казынасынан жакшылык алып чыгат. Жаман адам жаман казынасынан жамандык алып чыгат. Силерге айтып коёюн, адамдар ар бир куру сөзү үчүн сот күнү жооп беришет. Анткени өз сөзүң менен акталасың, өз сөзүң менен айыпталасың.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#286 Пользователь офлайн   ANELKA   09 Июль 2012 - 10:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

Баардык мактоолор, жалгыз Аллах Таалага таандык. Биз аны данктап-данаазалап, Ага тообо кылып, Андан жардам сурайбыз, жана нафсибиздин жамандыгынан Анын коргоосуна калкаланабыз. Аллах кимди туура жолго баштаса, аны эч ким адаштыра албайт. Ошондой эле Аллах кимди адаштырса аны эч ким туура жолго сала албайт. Мен Куболук келтирем: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок, жана куболук келтирем, Мухаммед Анын Кулу жана Элчиси. :)
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#287 Пользователь офлайн   Debi   09 Июль 2012 - 15:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт:
Ыйса аларга дагы башка үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: бир адам өз талаасына жакшы үрөн септи. Эл уйкуда жатканда, анын душманы келип, буудай арасына кара сойлоктун уругун сээп кетти. Буудай баш алып калганда, кара сойлоктор да өсүп чыкты. Ошондо үй ээсинин кулдары келип: “Кожоюн, сен талааңа жакшы үрөн сеппедиң беле? Бул кара сойлоктор кайдан пайда болду?” – деп сурашты. “Муну душман кылды”, – деп жооп берди үй ээси. Кулдары: “Эгерде кааласаң, биз барып, аларды жулуп таштайбыз”, – дешти. Бирок үй ээси: “Жок. Кара сойлокторду жулам деп, буудайды кошо жулуп аласыңар. Тим койгула, орок маалына чейин экөө чогуу өсө берсин. Орок маалы келгенде, мен орокчуларга: "Адегенде кара сойлокторду оргула да, боо-боо кылып байлап, өрттөп жибергиле. Буудайды болсо менин кампама жыйнагыла" , – деп айтам”, – деди».

...шакирттери жанына келип: «Талаадагы кара сойлоктор жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин маанисин бизге түшүндүрүп берчи», – дешти. Ыйса мындай деп жооп берди: «Жакшы үрөн сепкен адам – бул Адам Уулу. Талаа болсо – дүйнө. Жакшы үрөн – Асман Падышачылыгынын уулдары, кара сойлоктор – шайтандын уулдары. Кара сойлокторду сепкен душман – бул шайтан. Орок маалы – дүйнөнүн акыры, орокчулар болсо – периштелер. Кара сойлоктор орулуп, өрттөлгөндөй эле, бул дүйнөнүн акырында да ушундай болот. Адам Уулу Өз периштелерин жиберет. Алар күнөөгө түрткөн бардык нерсени жана мыйзамсыздык кылгандарды Анын Падышачылыгынан алып, жалындап күйүп турган отко ыргытат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот. Ошондо адил адамдар өздөрүнүн Атасынын Падышачылыгында күн сыяктуу жаркырашат. Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#288 Пользователь офлайн   Debi   09 Июль 2012 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Жалган пайгамбарлардан сак болгула! Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар – жырткыч карышкырлар. Аларды жемиштеринен билип аласыңар. Тикенектен жүзүм, уйгактан анжыр жыйнабайт да! Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет. Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш бербейт. Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат. Демек, аларды жемиштеринен билип аласыңар. Мени “Теңир! Теңир!” дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун аткаргандар гана кирет. Ошол күнү көп адамдар Мага: “Теңир! Теңир! Биз Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен жиндерди куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?” – дешет. Ошондо Мен аларга: “Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”, – деп айтамын. Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош. Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Бирок үй кулаган жок, анткени ал үй таштын үстүнө курулган эле. Ал эми ким Менин ушул сөздөрүмдү укса, бирок аткарбаса, ал үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга окшош. Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Ошондо үй кулап, чоң кыйроого учурады». Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, эл Анын окутуусуна таң калды. Анткени Ал мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#289 Пользователь офлайн   musab   10 Июль 2012 - 01:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 03 Июль 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2015 06:47

Просмотр сообщения Debi (09 Июль 2012 - 15:52) жазган:

Библиянын дал ушул стихтери азыркы християндардын секталарына таандык. Анткени, алар Ыйсанын атын жамынып алышып адамдарды акыйкаттан адаштырып жатышат. Ким кандай жемиш берип жаткандыгы Кудайга да, элге да маалым. Ойлоп көргүлөчү, Ыйсаны кимдер "Теңир! " дешет. Албетте, машайыкчылар. Анткени, мусулмандар Ыйсаны "Теңир" дешпейт, Пайгамбар дешет. Акырет күнүндө Ыйса пайгамбардын аларга бере турган жообу да Библияда жазылып турбайбы: Ошондо Мен аларга: “Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”, – деп айтамын. Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош.

Урматтуу християн ишенимдерине берилип, Исламдын акыйкатын көрө албай жүргөн туугандар!

Куткарылуунун жападан жалгыз жолу - тообо келтирип Ислам динине өтүү!

Анткени Кудай Куранда: "Кимде-ким Исламдан башканы дин катары тутунса, анын дини кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыянга учуроочулардан болот." (Куран 3:85) - деп айтып жатат.

Билдирүүнү түзөткөн: musab: 10 Июль 2012 - 01:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#290 Пользователь офлайн   Nur Abdulaziz   10 Июль 2012 - 08:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 928
  • Катталган: 21 Март 08
  • Соңку аракети: 25 Апр 2020 04:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ассаляму алейкум!

Ар бир инсан чыныгы турпаты Ислам дининде туулат...анан гана тагдырына жараша анын ата-энеси бироосун христиан,экинчиси иудей,учунчусун отпарас кылат эмеспи.Жараткан Куранда белгилегендей бул жердеги христиан динине берилгендерди оз динине тартам дегендерге бир эскертуу берип жатат.Чындыгында аларды туура динге тартасынбы же тартпайсынбы, алар акыйкатты сезишпейт.Адашуусу андан да артат.Фатиха суросундо булар жонундо адашкандар деп келет.Жараткан бизди булардан кыла корбо,булардын жолуна тушуудон сакта,деп ар бир намаз окуган мусулман кунуно 32 жолу тилейт.Библияга(инжилге) суроом бар деген озу кызык...???Эч ким эски конституция менен жашабайт,кудум ошондой Инжилдин окуму буткон,анткени аны инсан пенделери оз напсисине жараша бурмалап жиберишкен. Баары эле жалган деп айтуу кыйын....бироонун ыйык китебине кызыгуудан мурда,оз Кураныбызды окуп,тушунолу. Андан сон гана,ыйманын жетик.толук болсо инжилге от....болбосо кооз китеп,коох барагына азгырылып,жалганды чын кабыл алуу коркунучу бар.

Эгер алар сени менен талашса: “Өзүмдү жана мени ээрчигендерди Аллага толук тапшырдым ” –деп айткын. Китеп түшүрүлгөндөргө жана наадандарга : “Исламды кабыл аласыңарбы? ” - деп айт. Эгер Исламды кабыл алышса, анда, чындыгында Туура Жолго түшкөн болот. Ал эми кабыл кылбаса, анда... сага (эскертүүнү) жеткирүү гана (буюрулган). Алла – пенделерин Көрүүчү!(Имрандын уй булоосу суросу,20 аят)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#291 Пользователь офлайн   Debi   10 Июль 2012 - 17:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения musab (10 Июль 2012 - 01:09) жазган:

Библиянын дал ушул стихтери азыркы християндардын секталарына таандык. Анткени, алар Ыйсанын атын жамынып алышып адамдарды акыйкаттан адаштырып жатышат. Ким кандай жемиш берип жаткандыгы Кудайга да, элге да маалым. Ойлоп көргүлөчү, Ыйсаны кимдер "Теңир! " дешет. Албетте, машайыкчылар. Анткени, мусулмандар Ыйсаны "Теңир" дешпейт, Пайгамбар дешет. Акырет күнүндө Ыйса пайгамбардын аларга бере турган жообу да Библияда жазылып турбайбы: Ошондо Мен аларга: “Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”, – деп айтамын. Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош.

Урматтуу християн ишенимдерине берилип, Исламдын акыйкатын көрө албай жүргөн туугандар!

Куткарылуунун жападан жалгыз жолу - тообо келтирип Ислам динине өтүү!

Анткени Кудай Куранда: "Кимде-ким Исламдан башканы дин катары тутунса, анын дини кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыянга учуроочулардан болот." (Куран 3:85) - деп айтып жатат.

Мени “Теңир! Теңир!” дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун аткаргандар гана кирет.
“Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”
Бул сөздөрдү чечмелөөнүн деле кажети жок эле, өзү эле айтып турат баарын. Сиз өзүңүздүн каалооңузга тууралап алганыңыздан улам, чечмелөө зарылчылыгы туулуп турат. Бул жерде "Мени пайгамбар дебей Теңир дедиңер" деген түшүнүк такыр жок. Кеп, "Кудай, Кудай" демиш болуп коюп, Кудайдын каалоосун эмес, өздөрүнүн каалоосун: "мыйзамсыз иштерди" кылып жүргөн адамдар жөнүндө жүрүп жатат. Бир сөзүн үзүп ала коюп, аны дагы Библиянын сөзү менен ырастамакчы болуп, будалактап турасыз. Бурмалоо мына ушундайча жүрөт. Бурмалоонун айкын мисалын көрсөтүпсүз. Эми окурман көргөн көзүнө ишенсе, эмне бурмаланган, эмне таза экенин аныктап алар. Бул кылганыңыз үчүн адегенде тобо келтирип туруп анан Кудайды оозансаңыз, исламдын да машайакчылыктын да акыйкатын тааныганга жүрөгүңүздү кыңайтып болсо да ачкан болор элеңиз. Ийгилик сизге! Так ошол исламдын акыйкатын таануу сиздерге өтө керек. :)
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#292 Пользователь офлайн   Debi   10 Июль 2012 - 17:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Nur Abdulaziz (10 Июль 2012 - 08:55) жазган:

Ассаляму алейкум!

Ар бир инсан чыныгы турпаты Ислам дининде туулат...анан гана тагдырына жараша анын ата-энеси бироосун христиан,экинчиси иудей,учунчусун отпарас кылат эмеспи.Жараткан Куранда белгилегендей бул жердеги христиан динине берилгендерди оз динине тартам дегендерге бир эскертуу берип жатат.Чындыгында аларды туура динге тартасынбы же тартпайсынбы, алар акыйкатты сезишпейт.Адашуусу андан да артат.Фатиха суросундо булар жонундо адашкандар деп келет.Жараткан бизди булардан кыла корбо,булардын жолуна тушуудон сакта,деп ар бир намаз окуган мусулман кунуно 32 жолу тилейт.Библияга(инжилге) суроом бар деген озу кызык...???Эч ким эски конституция менен жашабайт,кудум ошондой Инжилдин окуму буткон,анткени аны инсан пенделери оз напсисине жараша бурмалап жиберишкен. Баары эле жалган деп айтуу кыйын....бироонун ыйык китебине кызыгуудан мурда,оз Кураныбызды окуп,тушунолу. Андан сон гана,ыйманын жетик.толук болсо инжилге от....болбосо кооз китеп,коох барагына азгырылып,жалганды чын кабыл алуу коркунучу бар.

Эгер алар сени менен талашса: “Өзүмдү жана мени ээрчигендерди Аллага толук тапшырдым ” –деп айткын. Китеп түшүрүлгөндөргө жана наадандарга : “Исламды кабыл аласыңарбы? ” - деп айт. Эгер Исламды кабыл алышса, анда, чындыгында Туура Жолго түшкөн болот. Ал эми кабыл кылбаса, анда... сага (эскертүүнү) жеткирүү гана (буюрулган). Алла – пенделерин Көрүүчү!(Имрандын уй булоосу суросу,20 аят)

Бир туруп, Тоорат, Забур, Инжил Кудайдын келгендигине ишенесиңер. Кудай Өз Сөзүн бурмалата койбостугун да ушул жерден кимдир бирөөлөр жазып өткөн. Анан эле кайра бурмаланды дейсиңер. Логика кайда? Кудай муну кабыл албай койдуң, буга кирбей койдуң дебейт. Кудай эмненин негизинде соттой турганы, эмненин негизинде актай тургандыгы Библияда жазылган. Бардыгы адамдын кылган иштерине жараша болот. Библиянын негизинде дагы да айтам, адам кандай жолдо баратканы, канчалык чындыкка негизделгени, дарак жемишинен билингендей эле, анын жасаган иштеринен, айткан сөздөрүнөн (канчалык негиздүү, канчалык негизсиз) билинет. Куранды бирөөлөрдүн алдын ала калыптоосу менен эмес, айдагы менен да эмес, өз алдынча, Кудай алдында чынчылдык менен окуу мага Кудайдын Ыйса аркылуу көрсөткөн жолунда бекемделүүгө абдан жакшы көмөк болду. Сизге да ийгилик!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#293 Пользователь офлайн   Debi   10 Июль 2012 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт:
«Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес, – дейт Теңир. Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик. Анткени жамгыр менен кар асмандан түшөт, асманга кайтпайт, жерди сугарат, аны өндүргөнгө жана өстүргөнгө жөндөмдүү кылат, ошондо ал үрөн сепкен адамга үрөн, жей турган адамга нан берет. Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат».
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#294 Пользователь офлайн   musab   11 Июль 2012 - 00:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 03 Июль 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2015 06:47

Мени “Теңир! Теңир!” дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун аткаргандар гана кирет.
“Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”
Бул сөздөрдү чечмелөөнүн деле кажети жок эле, өзү эле айтып турат баарын. Сиз өзүңүздүн каалооңузга тууралап алганыңыздан улам, чечмелөө зарылчылыгы туулуп турат. Бул жерде "Мени пайгамбар дебей Теңир дедиңер" деген түшүнүк такыр жок. Кеп, "Кудай, Кудай" демиш болуп коюп, Кудайдын каалоосун эмес, өздөрүнүн каалоосун: "мыйзамсыз иштерди" кылып жүргөн адамдар жөнүндө жүрүп жатат. Бир сөзүн үзүп ала коюп, аны дагы Библиянын сөзү менен ырастамакчы болуп, будалактап турасыз. Бурмалоо мына ушундайча жүрөт. Бурмалоонун айкын мисалын көрсөтүпсүз. Эми окурман көргөн көзүнө ишенсе, эмне бурмаланган, эмне таза экенин аныктап алар. Бул кылганыңыз үчүн адегенде тобо келтирип туруп анан Кудайды оозансаңыз, исламдын да машайакчылыктын да акыйкатын тааныганга жүрөгүңүздү кыңайтып болсо да ачкан болор элеңиз. Ийгилик сизге! Так ошол исламдын акыйкатын таануу сиздерге өтө керек. Сүрөт
[/quote]

Андай болсо, менин сизге суроом бар: Библияда: "Анткени Кудай бирөө, Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы да бирөө. Ал - адам Машайак Ыйса" (Тимофейге биринчи кат 2:5) деп, Кудайдын бирөө экенин, Ыйсанын арачы жана АДАМ экенин ачык-айкын таамай айтып жатса да эмнеге Аны Кудай кылып алдыңар?

Ыйсаны Кудай деп даана, таамай айткан стихтер барбы?

Сиздин ишенимиңиз боюнча Ыйса Кудай болсо, анда "Кудай" адамдан төрөлөбү? Матфей инжилинин 1-бабында Ыйсанын санжырасы жазылып турат. Эгер буга ишенсеңиз "Кудай" Жакып менен Мариямдын уулу болуп калабы?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#295 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   11 Июль 2012 - 01:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ислам дини келгенде Библиядагы чыныгы ыйман келтиргендер Ислам динин е кирген!! !жана чыдамсыздык менен кутушкон Ислам дининин келишин!! !!!!
 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#296 Пользователь офлайн   ANELKA   11 Июль 2012 - 02:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 253
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 27 Авг 2018 21:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Аравия!

Кечээ куну соткадан козумду албай олтургам, жанымдагы араб досум таныркап эмнеле соткадан козунду албай калдын эмне бар экен ал жерде дейт? Айттым, суроо жооп бар, бир машаякчы инсан менен суйлошуу болуп жатат дедим. Баарын айтып буткон сон, досум айтып калды, андай болсо ошол машаякчы Исаны тенир деп аткан инсанга суроомду айт дейт. Иса алейхи салам, биз сымал адам анан ал уктайт, жейт, жана нажасат жерге да кирет(туалетке) жана башка толгон адам баласы аткарган иштер бар. Эми айтсын, Кудай деген ушундай болобу? Эгер Кудай жесе, ичсе жана уктаса туалетке кирсе, кантип ал Тенир болот? Анан калса жамандыктардан алыс, уктабаган жебеген ичпеген баарын билуучу, козомолго алып туруучу жада калса аны уйкусуроо да албайт деген Кудайдын сыпаттары кайда калды? Эгер аны Кудай десек, демек Кудай биз сымал адам болуп калабы? Куранда айтылат, ал жебейт ичпейт, уктабайт, торолгонда эмес, торобойт дагы. Ага тендеш эч бир зат жок, жана эч ким ага окшобойт деген аяттар бар. Сиздин жообунузга кызыккан досумдун суроолоруна жооп берип отсонуз..? Созунузду философиялык же озунсуз коп создор эмес, женил жана кыска мааниде тушундуруп берсениз?
Сулуудан коркпойм, уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#297 Пользователь офлайн   Kg_boy3239   11 Июль 2012 - 11:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 14 Май 12
  • Соңку аракети: 10 Май 2021 04:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения ANELKA (11 Июль 2012 - 02:56) жазган:

Кечээ куну соткадан козумду албай олтургам, жанымдагы араб досум таныркап эмнеле соткадан козунду албай калдын эмне бар экен ал жерде дейт? Айттым, суроо жооп бар, бир машаякчы инсан менен суйлошуу болуп жатат дедим. Баарын айтып буткон сон, досум айтып калды, андай болсо ошол машаякчы Исаны тенир деп аткан инсанга суроомду айт дейт. Иса алейхи салам, биз сымал адам анан ал уктайт, жейт, жана нажасат жерге да кирет(туалетке) жана башка толгон адам баласы аткарган иштер бар. Эми айтсын, Кудай деген ушундай болобу? Эгер Кудай жесе, ичсе жана уктаса туалетке кирсе, кантип ал Тенир болот? Анан калса жамандыктардан алыс, уктабаган жебеген ичпеген баарын билуучу, козомолго алып туруучу жада калса аны уйкусуроо да албайт деген Кудайдын сыпаттары кайда калды? Эгер аны Кудай десек, демек Кудай биз сымал адам болуп калабы? Куранда айтылат, ал жебейт ичпейт, уктабайт, торолгонда эмес, торобойт дагы. Ага тендеш эч бир зат жок, жана эч ким ага окшобойт деген аяттар бар. Сиздин жообунузга кызыккан досумдун суроолоруна жооп берип отсонуз..? Созунузду философиялык же озунсуз коп создор эмес, женил жана кыска мааниде тушундуруп берсениз?

Соз эмес бекен

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1232466429_frontal_2.jpg
  • Прикрепленное изображение: PNG_2_~11.jpg

 Жараткан Аллахка чексиз Мактоолор болсун!!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#298 Пользователь офлайн   Debi   11 Июль 2012 - 12:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Цитата

Андай болсо, менин сизге суроом бар: Библияда: "Анткени Кудай бирөө, Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы да бирөө. Ал - адам Машайак Ыйса" (Тимофейге биринчи кат 2:5) деп, Кудайдын бирөө экенин, Ыйсанын арачы жана АДАМ экенин ачык-айкын таамай айтып жатса да эмнеге Аны Кудай кылып алдыңар?

Ыйсаны Кудай деп даана, таамай айткан стихтер барбы?

Сиздин ишенимиңиз боюнча Ыйса Кудай болсо, анда "Кудай" адамдан төрөлөбү? Матфей инжилинин 1-бабында Ыйсанын санжырасы жазылып турат. Эгер буга ишенсеңиз "Кудай" Жакып менен Мариямдын уулу болуп калабы?

Кудай Кудай болуп туруп, биздей күнөөкөрлөрдү өлүмгө кыйбай, Өзү биздей адам кейпин кийгенин түшүнө алсаңар гана.

Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.

Бул аятта УЛУУ СЫР тууралуу айтылып жатат. Ал СЫР Адам болуп адамдардын арасында жашаган, Пайгамбар болуп элге Кудайдын эркин үйрөткөн, бул адамдын акылына сыйбас улуу чындыкты Руху менен Аны таза жүрөк менен издегендерге ачып берген Кудай Өзү экендиги болчу. Сырды дыкат изилдеп, ачыш керек. Сыр деген ошол үчүн сыр болот.

Анын Кудай экендигин айтып турган аяттардан:

"Мен жана Атам бирбиз" (Жкн.10:30).

Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди. Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай? Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат. Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле(Жкн. 14).

Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.Кол. 1:17.

Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.
...Сөз адам болуп, биз менен жашап турду... (Жкн,1).

Булар мурда эле жазылды эле, кайра көчүрүп келип коюп жатам, сиздер үчүн :)

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 11 Июль 2012 - 12:39

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#299 Пользователь офлайн   Debi   11 Июль 2012 - 12:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения ANELKA (11 Июль 2012 - 02:56) жазган:

Кечээ куну соткадан козумду албай олтургам, жанымдагы араб досум таныркап эмнеле соткадан козунду албай калдын эмне бар экен ал жерде дейт? Айттым, суроо жооп бар, бир машаякчы инсан менен суйлошуу болуп жатат дедим. Баарын айтып буткон сон, досум айтып калды, андай болсо ошол машаякчы Исаны тенир деп аткан инсанга суроомду айт дейт. Иса алейхи салам, биз сымал адам анан ал уктайт, жейт, жана нажасат жерге да кирет(туалетке) жана башка толгон адам баласы аткарган иштер бар. Эми айтсын, Кудай деген ушундай болобу? Эгер Кудай жесе, ичсе жана уктаса туалетке кирсе, кантип ал Тенир болот? Анан калса жамандыктардан алыс, уктабаган жебеген ичпеген баарын билуучу, козомолго алып туруучу жада калса аны уйкусуроо да албайт деген Кудайдын сыпаттары кайда калды? Эгер аны Кудай десек, демек Кудай биз сымал адам болуп калабы? Куранда айтылат, ал жебейт ичпейт, уктабайт, торолгонда эмес, торобойт дагы. Ага тендеш эч бир зат жок, жана эч ким ага окшобойт деген аяттар бар. Сиздин жообунузга кызыккан досумдун суроолоруна жооп берип отсонуз..? Созунузду философиялык же озунсуз коп создор эмес, женил жана кыска мааниде тушундуруп берсениз?

Жоошуп калгансыңбы ;). Оңолот деген ушул, ушинтип менин жазгандарымды көп-көп окуп турсаң, пайдасы тиет. Жооп бергенге канча сөз керек болсо, ошончо сөз менен гана жазып жүрөм, ошентип жаза берем. "озунсуз" дегениң, "орунсуз" дегениң го ээ. Бул айтканың туура эмес. Мындайды куру чабуул деп коёт. Анан философия деген эмне өзү? Ушу тууралуу ойлонуп көрүп, жооп берип көрчү, анан менин кайсы сөзүмдү философиялык деп жатканыңды түшүнгөнгө аракет кылайын. :). Досуңа кызыкдар болгондугу үчүн алдын ала ыраазычылыгымды билдирем. Жообун бир аздан кийин жазам.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#300 Пользователь офлайн   kaitpas   11 Июль 2012 - 17:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Урматтуу Деби бул теманын лидери экенинизди билем.Мен сиз тутунган динди жана андагы жазылгандарды туура эмес дебеймин.Бирок бул жерде озунузду сылык создор мен,ар бир суроого китебиниздеги адамды озуно тарта турган мисалдар келтирип даават кылганыныз жакпады.Айтасыз жакпаса окуба деп,бирок башкалардын оюн уурдап жолдон азгырбашынызды суранып кетем.Мумкун мен ката айткандырмын бирок биздин мамлекетте ислам динини гана тутунуп келген жана тутунуп келет.Акыркы кездерде сиздей агитаторлордун айынан оз динин алмаштыргандар кобойуудо.Ким кайсы динге ишенуу ар кимдин оз эрки,бирок бир жакшы жургон мусулман пенделерин шайтандай азгырбаганыныз он.Же ислам дининде жаман бол,кудайга ишенбе дегенди уктунуз беле??Антип Библия мындай дейт,андай дейт деп,озунуздун уникалдуу билдируулорунузду жазбай эле койсонуз деп суранат элем.Бул жердеги форумчулардын 95%ти мусулман экенине ишенем,ал эми сиздейлер жана башка диндеги замандаштар 5%тти гана тузот.Андыктан популярдуу болбой тим эле журсонуз,бирок кайсыл жерде,кайсы поптон сабак алсаныз да жакшы алыпсыз ишендик.Мен мусулманмын андыктан менин огородума таш ыргыткандарды суйбойм.
Акырында бир суроо узата кетейин,неге крестяниндер аракты(спитти)баары ичет,даже папалары да эмне ошондой арам нерсе дининерде тыюу салынбаганбы? ? Анан арам саналган чочконун этичи?
Катуу айтсам кечирим сурайм!
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 22:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: