Суперстан: Кыргыз ак калпагынын азыркы абалы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыз ак калпагынын азыркы абалы

#21 Пользователь офлайн   Барс   10 Июль 2012 - 16:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения azamat1992kg (22 Май 2012 - 12:07) жазган:

Сүрөт


Кыргыздын бальзамына кайсы улуттун кийимин кийгизип койсо жакшы болот эле, сенин оюңча?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   azamat1992kg   11 Июль 2012 - 11:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 724
  • Катталган: 24 Май 11
  • Соңку аракети: 20 Фев 2018 15:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Барс (10 Июль 2012 - 16:50) жазган:

Кыргыздын бальзамына кайсы улуттун кийимин кийгизип койсо жакшы болот эле, сенин оюңча?


Кийим кийгизбей эле жөн гана бальзамдын өзүн эле сатышса жакшы болмок. Кыргыздын улуттук кийимин бальзам жана ушундай сыяктуу нерселерге кийгизип, өзүбүздүн улуттук кийимибизди кордобой эле коюшса жакшы болот эле да. Мен негизи бул жакта кийим эмес, баш кийимди, тагыраак айтканда ак калпакты кийгизип койгонуна жинип келип атат.

Билдирүүнү түзөткөн: azamat1992kg: 11 Июль 2012 - 11:01

Ак ийилет, бирок сынбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   kyrgyz-kyzy   11 Июль 2012 - 16:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 03 Июль 12
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 09:36
  • Жынысы:Аялзаты

Ак калпактын мааниси чон кундун ысыгынан, суугунан коргойт. Бирок мени окундургон жери кечиресинер жигиттер жанагы шалбыраган шымдар менен кийип алганы жакпайт. Анан дагы чачтарын остуруп. Негизи калпактын жарашыгы абдан жакшы ар бир кыргыздын жигиттерине жарашат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Барс   12 Июль 2012 - 00:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения azamat1992kg (11 Июль 2012 - 11:00) жазган:

Кийим кийгизбей эле жөн гана бальзамдын өзүн эле сатышса жакшы болмок. Кыргыздын улуттук кийимин бальзам жана ушундай сыяктуу нерселерге кийгизип, өзүбүздүн улуттук кийимибизди кордобой эле коюшса жакшы болот эле да. Мен негизи бул жакта кийим эмес, баш кийимди, тагыраак айтканда ак калпакты кийгизип койгонуна жинип келип атат.


Бальзамды мас кылуучу ичкилик катары санап кейип жатканың түшүнүктүү. Бирок, аны даарылык касиетин да эсепке алганыбыз оң!
Ак калпак го азыр азбы, көппү кыргыздын башына көрк берип кийиле баштады... Ал эми калган кийимдерибизди качан азыркы учурга ылайыктуу, ыңгайлуу чыгарып, аны кие баштайбыз? Мисалы, кыргыз кышында калпак кийип жүрсө, башына доо кеткен экен дейсиң! Эмне үчүн кыргыздын тебетейин сөз кылбайбыз? Же кыргызда ак калпактан башка баш кийим жокпу? Чепкен, кемсел, тон, шым ж.б. кийимдерибиз туурасында да сөз кылуу керекпи дейм да!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Aziku007   12 Июль 2012 - 21:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Авг 2018 21:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Барс (12 Июль 2012 - 00:02) жазган:

Ак калпак го азыр азбы, көппү кыргыздын башына көрк берип кийиле баштады... Ал эми калган кийимдерибизди качан азыркы учурга ылайыктуу, ыңгайлуу чыгарып, аны кие баштайбыз? Мисалы, кыргыз кышында калпак кийип жүрсө, башына доо кеткен экен дейсиң! Эмне үчүн кыргыздын тебетейин сөз кылбайбыз? Же кыргызда ак калпактан башка баш кийим жокпу? Чепкен, кемсел, тон, шым ж.б. кийимдерибиз туурасында да сөз кылуу керекпи дейм да!!!


Бул жакта ак калпак тууралуу тема болгондон кийин, ак калпак жөнүндө талкууга алынган да. Сиз анда теманын атын кыргыздын улуттук кийиминин азыркы абалы деп оңдоп коюңуз да эгер автор каршы болбосо. :)
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Atabaevtalantbek   13 Июль 2012 - 11:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 000
  • Катталган: 15 Июнь 12
  • Соңку аракети: 30 Мар 2017 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ак калпак кооз болуп тигилгени менен сапатын жоготууда.
Мисалга алсак аталарыбыз калпакты 5 жылдап уйдо, тойдо иши кылса басып кийгенин жакшы билебиз. Азыркы калпактар аран 2 жылга чыдашы мумкун. Ошондо да аяп кийгенде...
Кыргыздын уулу,
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Барс   13 Июль 2012 - 14:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Просмотр сообщения Aziku007 (12 Июль 2012 - 21:48) жазган:

Бул жакта ак калпак тууралуу тема болгондон кийин, ак калпак жөнүндө талкууга алынган да. Сиз анда теманын атын кыргыздын улуттук кийиминин азыркы абалы деп оңдоп коюңуз да эгер автор каршы болбосо. :)


А кокуй, мен түшүнбөй калган турбаймынбы? ??Сүрөт
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Mondur   05 Октябрь 2012 - 17:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 244
  • Катталган: 19 Январь 12
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 12:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Бүгүн көчөдө келе жатып ушул балдарга көзүм түшүп калды. Көңүлүмдү бурганы эле калпак болду. Мектептен келе жатышыптыр. Сүрөткө түшөсүңөрбү десем, "акча бересизби?" дейт)))
Ушул балдарга аябай суктанып карадым, кандай сонун жарашат... Бойтойгондор десе..

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 05-10-12-17-5)))).jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Mondur: 05 Октябрь 2012 - 18:03

Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   06 Октябрь 2012 - 19:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Калпактын мурдагы вариантында, алдындагы жырыгы жок болчу ,Акаев бир майрамда алды жырылган калпак кийип ошондон кийин алды жырык калпактар чыгарылып кетти деп калпакты изилдеген бир окумуштуу соз кылып жатканын уктум эле!
Жакынкы жылдардан бери калпактын кадыр ,баркы,баасы да осту.50-60 сомдук калпактарды азыр табыш кыйын.Бир окундуро турган жери азыр калпакты чыныгы кийизден эмес,(арзан да тиккенге да оной )сапатсыз синтофон аралашкан материалдардан тигип жатканы,ошон учун алар бир кийгенден чыкпайт!
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   06 Октябрь 2012 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Калпак жонундо издеп жатып козум бул нерсеге чалдыгып калды.




Кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим. Калпатагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Эми, ошол маанини аныктап, аны кайра элге бергенге аракет кылып көрөлү.

Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы - от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийимэкендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.Ырас, калпактын мазмунуна сиңирилген бул маанини мындай учкай ой менен чектеп коюуга болбойт жана ал өзүнчө терең чечмелөөнү талап кылган көрүнүш.

Эми, калпактын түсү туюндуруп турган мааниге өтөлү. Кыргыздар уул баласы балагатка жеткенге чейин, ага кыюусу 'жашыл калпак' кийгизишкен. Мында болсо, бала жаңыдан жаздын илебине багынган табияттын символун алып турат, б.а., мындай калпакты кийип турган кыргыз баласы жаңыдан жетилип келе жаткандыгын кишиге жашыл кыюусу аркылуу туюндуруп бере алган. Качан бала балагат жашына келгенде, анын ордун кыюусу кызыл менен бастырылган калпак алмаштырган. Бир караганда, анча маанилүү көрүнбөгөнү менен, чынында, ал кыргыз арасында көп нерсени туюндуруп турган. Аны чечмелей келсек, кыргыз баласына бел куда же бешик куда болуп койбосо, мына ушул балагат жашына келген мезгилден тартып өзүнө жар издөө мүмкүнчүлүгү берилген. Өз айылында кыюусу кызыл калпак кийип жүрүү анча маанилүү болбосо да, башка айылга барганда, ал айылдын адамдарына, өзгөчө кыз качырып, жеңкетай жегиси келип турган жеңелерге ал көп нерсени түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, максаты бир жаштардын өз ара пикир алышуусуна кеңири шарт жараткан. Элестетип көрүңүз, айылына кызыл кыюуланган калпак кийген эки мырзанын келиши (күйөө жана күйөө жолдош) жүк бурчунда отурган кыздарды эмес, биринчи алардын жеңелерин толкундатып, алардын сынынан өткөндө гана жеңелер эки жаштын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүп беришкен. Байкап карасаңыз, мындай калпак кийип башка айылга келген мырзалар бир гана жеңелердин эле эмес, ал айылдагы бардык элдин сынынан өтүп, ошондой эле айыл ичиндеги уша-кайың менен кеңири талкууга алынууга аргасыз болгон. Тактап айтканда, кызыл кыюулуу калпак аркылуу айыл эли толугу менен күйөө баланы тандап алуу укугуна ээ болушкан. Ал эми ал мырза үйлөнгөндөн кийин, кыз тарап «күйөө баштык» даярдап келип, ошол баштыктын ичине сала келишип, ага кара кыюулуу 'ак калпак' кийгизишкен. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, б.а., анын турмушу ак-карасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн сырттан башкаларга сездирип турган. Алган аялы каза болуп калбаса жана коомдогу абал өзгөрбөсө, мына ушул калпакты ал өмүрүнүн аягына чейин кийип өткөн. Эгер, кокусунан алган аялы каза болуп калса, анын жылдыгы өтүп, кайын журту макулдугун берген соң (эгер балдары жаш болсо), ал ошол калпакты кийип, өзүнө экинчи жубай издеген. Ал эми, балдары чоңоюп эр жетип калган болсо, алар аталарына өздөрү айтып, атасын үйлөнтүүгө тийиш болгон. Мындай жесир калган адамды туюндуруп турган калпактын төрт талаасы гана кара менен бастырылган же кара кийизден жасалган.

Азыркы шартта калпактардын мындай мааниси көпчүлүк элдин эсинде сакталып калбагандыктан, аялынын бар же жок экендигине карабастан жөн гана жараштырып кийип жүрүшөт.Адамда социалдык турмуш дайыма эле бир калыпта боло бербейт эмеспи. Эгер, ал адамдын өз айылынын алдында же өз уруусунун ичинде кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда туугандары, уруулаштары ал кишиге эч кандай башка түсү болбогон аппак калпак кийгизишкен. Ошол калпагынын актыгына карап аны төрдү көздөй өткөрүп жиберишкен. Анткени, мындай калпак менен көп учурда уруу же урук арасындагы, бир ата менен экинчи атанын ортосундагы олуттуу маселелер чечилип келген. Экинчиден, мындай калпакты акка моюн сунган, калыстыгынан жазбаган адамдарга да кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ал эми уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турган. Алардын эл алдында даражасын көтөрө билген, азыр биз «Бакай калпак» деп атаган калпакты, балким, формасы башкача болсо да, бийиктиги алыстан көрүнгөн, төбөсү шуңшуюп турган, бастырылбаган калпакты кийишкен. Ар бир манаптын, же бийлик ээсинин канчалык даражасы бар экендигин калпактын кыюусуна сайылган оюу менен, дал ошол оюулардын арасына кыстарыла кеткен асыл таштар, мончоктор айкындап көрсөткөн. Кыргыздар даражасын эле эмес, байлыгын да салыштырышкан, ага терең маани берип, баалап турушкан. Ырас, ал калпактарда кантип чагылып берилгени тууралуу маалымат жетишсиз, балким, дагы изилдеп кийинчерээк тактап берерибиз.


Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Djalliwood   15 Октябрь 2012 - 01:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 63
  • Катталган: 29 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 10 Дек 2015 08:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Djalliwood

Кудайга шугур ак калпагыбыздын абалы жакшы азыркы учурда...себеби жашы да карысы да жада калса бакчадагы мойтойгон бобоктордон коруп жатам калпак кийип жургонун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   nazgul8076   09 Ноябрь 2012 - 11:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Кана эми ошол улуу ак калпакты эркектерибиз башынан түшүрбөй кийишсе. Бирок айыл жерине барсаң, ак калпак кийген аталарыбызды көрүп, көзүң сүйүнөт. Менин атам да калпакты башынан түшүрбөй киет.

Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   mili84   09 Ноябрь 2012 - 12:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 20 Апрель 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2014 10:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:неизвестно

Азыр мурдагыга караганда кийип калышты го,мектептерде жума куну ,бакчадан баштап, жолдошум да берчи калпагымды деп калат айылга бара жатканда, ии деп ичимен суйунуп калам, кун сайын кийип калат деп ишенем!
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   tabyshmak   25 Июнь 2013 - 20:08

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 904
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2023 17:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Суперстан

Эмне учун калпакты белекке берууго болбосун? Болгону ар кандай ырым-жырымдарга таянуу менен эле баш кийимди белекке берууго болбостугун айтып калышат. Анда жоолукчу? Кыз-келиндердин деле башына жоолук салабыз го. Жоолук деле баш кийим да.

5-март эн сонун майрам болуп калды. Ар дайым болбосо да ошол куну мырзалардын башына ак калпак кийуусу патриоттук сезимди кучотот.


Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Kg.lady   26 Июнь 2013 - 07:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения tabyshmak (25 Июнь 2013 - 20:08) жазган:

Эмне учун калпакты белекке берууго болбосун? Болгону ар кандай ырым-жырымдарга таянуу менен эле баш кийимди белекке берууго болбостугун айтып калышат. Анда жоолукчу? Кыз-келиндердин деле башына жоолук салабыз го. Жоолук деле баш кийим да.

5-март эн сонун майрам болуп калды. Ар дайым болбосо да ошол куну мырзалардын башына ак калпак кийуусу патриоттук сезимди кучотот.

Албетте белекке берууго болот,бирок башка улутка эмес.Анткени биздин улуттук баш кийимди алар кайдан барктасын... .алып барып туруп мончого кийип алатда,же кочугуно коюп отуруп алат........Ошондуктан башка улутка белекке бермек турсун чекесин карматкым келбейт......Мисалы озбектер чаар топусун белекке берсин,мен ийне,топчу, кайчы деген кунумдук керектелуучу буйумдарды салып,жип откозуп туруп терезеге асып коймокмун,эн ынгайлуу буюм деп :crazy-girl: Эми бул тамаша ирээтинде мисалда,алар бербей калсын баш кийимин....... ..

Эмне учун калпактын мандайы ача болуп калганы жонундо уламыш айтып берген эле таятам.......
Тээ илгери ислам дини жалпы Азияга жайыла баштаганда. Кыргыздар оз каалоосу менен динди кабыл алышат.....Озбектер болсо баш тартып караманча каршы болушат экен,аларды зордоп исламды кабыл алуусун мажбурлап,керек болсо куч колдонуп журуп кабыл алдырышат... ..Ошондо оз каалосу менен откон кыргыздардын баш кийиминин мандайын тилип белги кылышат экенда, озбектердин чапанынын арткы этегин тен экиге болот экен .......Эми бул жон гана уламышта,мынданда башка варианттары деле барго........Балким билгендер жаза кетээр.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   patma.mahmud-kyzy   26 Июнь 2013 - 11:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 814
  • Катталган: 06 Февраль 13
  • Соңку аракети: 15 Янв 2022 12:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Ак калпак боюнча жакшы маалыматтар бар экен, бирок Айылдык кыз эже айткандай кылып эч бир кыргыз жараны кийбейтко калкпакты, негизи ар дайым барктап кийип журушсо соонун жарашмак. Баса менин иним аябай калпак кийгенди жактырат, калпак кийген жигитти корсо ошол жездем болсун деп кулдурот. Ошентип сунот тоюнда кийип тушкон камерага , соонун жарашкан десениз. Эх.... адамдар озгорбой калайлык, колда бар алтындын баркын билбегендей, ак калпактын дагы баркын билбей, кийишпейт. Мен ошого окуномун. кийсе не болот, уялышабы, ким кийип журот ак калпакты баштан тушурбой, ойлойм эч ким суйуп кийбесе керек деп. Неге не себеп деген ойлор жаралып жооп таппай отура беремин эх.........

Билдирүүнү түзөткөн: patma.mahmud-kyzy: 26 Июнь 2013 - 11:38

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Nursaikal   26 Июнь 2013 - 13:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 693
  • Катталган: 29 Июль 11
  • Соңку аракети: 07 Окт 2019 10:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Бир нерсе айтайын десем, тилекке каршы, кыргыздын ак калпагынын абалы-мырзаларга тиешелуу экен, себеп, калпакты дайыма баалап, аны ыйык тутуу мырзалардын колунда, анткени, калпак мырзалардын баш кийими...
Ар бир пенде адашуучу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   bakai.96.kg   06 Июль 2013 - 18:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 778
  • Катталган: 01 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 07 Апр 2015 17:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Исфана

Азыркы Кыргыздын ак калпагы, кепка болуп калган
Это не я плохой, это вы, играя на публику, сильно правильных строите из себя!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   chik.chiko   28 Июль 2013 - 13:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 03:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек, Москва.

Просмотр сообщения bakai.96.kg (06 Июль 2013 - 18:41) жазган:

Азыркы Кыргыздын ак калпагы, кепка болуп калган


Мен ушуга кубанам кепка еле емес шляпа, топу кылып да чыгарып жататышатго. Калпак кийбеген ата, ага,инилер ушуларды кийишсе да кыргыз екени байкалып нурдантып турат.Еми кышка кийгенге ынгайлаштырып тумак (шапке) чыгарса мен узбой киймекмин. Кыргызстаным алга...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   teltaeb   31 Июль 2013 - 11:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 253
  • Катталган: 21 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 17 Мар 2020 19:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Токтогул шаары

Мага калпак кийген жагат. Кээде атайын мектепке калпак кийип алсам шылдындап, мазактай беришет. Бир эки насаат айтымыш болуп унчукпай отуп кеткенге аргасыз болосун. Кээбир аксакал дегендерибиз деле ак калпакты бастыра киет. Бирок карап турсан калпагы бир нече убакыттан бери жуула электигине кубо болосун. Анысы аз келгенсип калпагын чечип, отургучка коюп, устуно отуруп алгандарга бир жинин келетда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 02:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: