КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ
БЕШИНЧИ ГЛАВА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ
84-берене.
1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер,
мамлекеттик комитеттер,
администрациялык ведомстволор,
аткаруу бийлигинин дагы башка органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.
2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
3. Өкмөттүн ишине Премьер-министр жетекчилик кылат. Өкмөт Премьер-министрден,
вице-премьер-
министрлерден,
министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.
Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.
Биринчи бөлүм
Өкмөт
85-берене.
1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүн алган саясий партиянын депутаттары Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып, 5 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтөт.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер аны көрсөткөн күндөн тартып, 10 жумушчу күндүн ичинде сунуш кылынган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш. Сунуш кылынган Өкмөттүн түзүмү жана курамы менен Жогорку Кеңеш макул болбогон учурда Президент Өкмөттү түзөт жана Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону жарыялайт.
Президент тарабынан түзүлгөн Өкмөт Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын парламенттик көпчүлүгү тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте иштейт.
2. Эгерде шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албай калган учурда, Президент фракциялардын бирине 5 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүү жолу менен Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүсүн сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер аны көрсөткөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде алар сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш.
3. Эгерде ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн фракция тарабынан көрсөтүлгөн Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкердин сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына, Жогорку Кеңештен макулдук алынбаса, Президент экинчи фракцияга парламенттик көпчүлүктү түзүү жолу менен 5 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер аны көрсөткөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш.
4. Эгерде ушул берененин 3- пунктунда көрсөтүлгөн фракция тарабынан көрсөтүлгөн Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкердин сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештен макулдук алынбаса, Президент үчүнчү фракцияга парламенттик көпчүлүктү түзүү жолу менен 5 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер аны көрсөткөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш.
5. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлбөсө же Премьер-министрдин кызмат ордуна сунуш кылынган талапкерге жана Өкмөттүн курамына Жогорку Кеңештин макулдугу алынбаса, Президент Өкмөттү түзөт жана Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Президент тарабынан түзүлгөн Өкмөт, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын парламенттик көпчүлүгү тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте иштейт.
6. Президент тарабынан Премьер-министр жана Өкмөттүн мүчөлөрү дайындалбаган учурда, 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берилген күндөн тартып Премьер-министр жана Өкмөттүн мүчөлөрү дайындалды деп эсептелинет.
86-берене.
1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында жооптуу болот жана отчет берип турат.
2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке отчет берип турат.
3. Жогорку Кенеш Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санын үчтөн биринин демилгеси боюнча Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.
4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти кезектеги шайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.
6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.
7. Эгерде Жогорку Кеңеш үч айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда Президент Өкмөттү отставкага жиберет.
87-берене.
1. Премьер-министр жылына бир жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени кое алат. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартылган учурда Президент 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.
2. Өкмөт отставкага кеткен учурда Президенттин тапшырмасы боюнча Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштөөсүн улантат.
88-берене.
1. Премьер-министр,
Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан кетүү жөнүндө сураныч кылууга акылуу, ал Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.
2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.
3. Өкмөт түзүлгөнгө жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери дайындалганга чейин Премьер-министр,
Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин жана башка органдарынын жетекчилери өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат.
4. Өкмөт отставкага кеткен учурда жаңы Өкмөт ушул Конституциянын 85-беренесинде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Президентке Премьр-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди киргизүү мөөнөтүн эсептөө Президент тарабынан Премьр-министрдин же Өкмөттүн отставкасы кабыл алынган күндөн башталат.
5. Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же болбосо кызмат ордунан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизет.
89-берене.
1. Өкмөт:
1) Конституциянын жана мыйзамдардын;
мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылат;
2) мыйзамдуулукту,
жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
3) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
4) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуштайт жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет;
5) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
6) экономикалык,
социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;
8) мамлекеттин эгемендигин,
аймактык бүтүндүгүн,
конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн,
улуттук жана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
9) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
10) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;
11) Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
2. Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
90-берене.
1. Конституциянын жана мыйзамдардын,
Президенттин,
Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылышын камсыз кылат.
2. Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3. Өкмөт министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун жана министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин түзүмүнө кирбеген аткаруу бийлигинин,
башка органдарынын,
ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялык органдардын ишине жетекчилик кылат.
4. Министрликтер,
мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор,
аткаруу бийлигинин башка органдары өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын камсыз кылат
5. Өкмөт министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун,
аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин,
ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын отчетторун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.
КРнын премьер - министри болууга ким татыктуу?
#41 15 July 2012 - 09:31
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#43 17 August 2012 - 20:55
#44 17 August 2012 - 20:59

Супер-Инфо
super.kg
видео









