Сөздөн мурун...
Мектепте жактырган сабактарымдын бири география болчу. Австралиянын бөтөлкө сыяктуу дарактары, Сахара чөлү, түндүк жана түштүк уюлдарынын эбегейсиз муз жайлоосу... Анан да жеркезерлердин чыгармаларын көп окудум. Чиркин, экспедициянын бир мүчөсү сезип өзүмдү, далай жунгли токойлорун,
шаркыратмалардан ашып, коркунучтуу түндөрдү өткөрдүм. Кезектеги теманы ачып жатып, балким кимдир бирөөгө жол көрсөтүүчү
болуп калабы дедим. Баардык эле маалыматты интернеттен таба албайсың да! Себептердин бири – көргөн-уккан-
билгенимди гезит бетине батыра албагандыгым кошумча шылтоо болуп калды...)))
Ошол анда, Чыңгыз хандын мекенине болгон сапарга куш келипсиз!
Фото-сүрөттөрдүн автордугу: Абылай Саралаев менен мага таандык.
Чыңгыз хандын мекенине (Монголия) саякат Монголдор чындап эле САСЫК болушабы?
#2 22 July 2012 - 03:47
Аян түш беле?
Тааныштарым түш көрдүм десе эле таң кала берем, баарынан да кызыктуусу, алар жөн эле бир түш менен тынып калбай, сериалдап көрүшөт. Мындан артта калганмынбы, же уйкум аюунукубу, кыскасы андай “кинолор” мага кирбейт. Кээде аябай кызыгып кетем. “Эмне мен тазмынбы” деп, арданам дагы... Ар нерсенин башын ойлонуп жатам, дээрлик дайыма уйкунун алдында кезектеги корей дорамасын көрөм, бирок баары бир түшүмдө анын жугундусу да жок. Кээде тымызын сүйүнүп да алам. Аны бирөөгө жорутуп, башымды оорутпайм.
Бирок жакында эле үзүл-кесил түш көргөм. Балким мээнин системасы менде башкачараак чыгар, мага кыймылдаган түштөр өтө чанда кирет. Мына ошондуктан бул жолу да жөн эле сүрөт кирди. Өтө чоң боз үй. Тоодой десем калп айтпас чыгармын. Анын алдында оозумду ачып катып калган бойдон мен турам. Балким кыймылдуу түш болгондо кантип ал жерге барып калганымды, же тегеректеги адамдардан “бул кайдан келип калган” деп сурай коёт белем... Кыскасы, эсим оогон бойдон турам, аңкайганча. ..
Эмнегедир эрте менен муну деле эстебедим. Эки-үч күн өтпөй, жетекчилик шашылыш чакырып, “паспортуң жайындабы, Монголияга барасың” деди.
Жумуш ордума бардым да, биринчи кадамым дароо эле Вики эжеме кайрылып, ал тууралуу маалыматты окуп чыгуу болду. Албетте, буга чейин Чыңгыз хан, төрт түлүк малды кенен жайлаган, талаа менен жайытка бай өлкөдөн аз-маз кабарым бар болчу.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 22 July 2012 - 03:49
07.07.12
00:00 Чемоданды чала-була жыйыштырып, жолго чыгар алдында демимди басып отурдум. Аңгыча такси кызматынан чалып калышты. Жүгүмдү көтөрүнүп алып, ылдыйга түштүм. Аэропортко заматта жетип калып, чогуу кетүүчү журналисттерди күтө баштадым. Саамга жетпей, алар да келип, өз ара таанышып алган соң, Монголия тууралуу узун жомок баштадык. Викиден караган маалыматтан кыйраткан эч нерсе мээмде калбаптыр, же түнү мээмдин иштөөсү токтоп калабы, бир гана аларга Гоби чөлү жөнүндө кабарым менен бөлүшө алдым.
Бул аралыкта учуу убактысы жакындай берди. Биз менен кошо кетчү жүргүнчүлөрдүн саны араң 14кө жетти. Биз “самолётто туурабыздан- узунубуздан жатып кетебиз го” деп күлө баштадык. Ага чейин деле «Бишкек-Улан- Батор аба каттамы ачылат» деген жаңылыкты укканымда өзүмчө ачууланып алганымды айтпагыла. Бир сыйра өкмөттү ашата сөгүп, “тапкан экен кайсы өлкөгө рейс ачканды, андан көрө башкасын кыйратып алышпайбы” деген элем...)))

#4 22 July 2012 - 03:54
04:00 Учактын салонуна кадам таштап киргенибизде жайнаган жүргүнчүлөр бар экенине айран таң калдык. Көрсө, каттам Стамбул-Бишкек-
Улан-Батордун ортосунда ачылып, бизге чейин Монголияны көргүсү келген туристтер учакты Түркияда эле толтуруп бүтүшүптүр.
Жайыбызды эптеп таап, уйкудан куржалак калган жаным, учак көтөрүлгүчө эле көзүм илинип кетиптир. Организмдин өзүнүн ойгонуучу сааты болот эмеспи, ошондуктан эки саат өтпөй көзүм ачылды. Биздин алдыңкы отургучта кичинекей кыз апасын жүдөтүп, ортодо мени да көрүп калып, колундагы бүт оюнчуктарын мен жакка ыргыта баштады. Ага улам алып берип жатып, экөөбүз достошо кеттик. Кыздын гиперактивдүүлүгү, оюнкарактыгы, шайырдыгы, жок дегенде эки жашта болсо керек деген ойго жетеледи. Бирок апасы менен сүйлөшө келгенде болгону тогуз айлык экенин билдим. Кичинекей монгол кыз – Аану менен ойноп жатып, Улан-Баторго да жетип келдик.

#5 22 July 2012 - 03:57
10:00
(Монголия) Төрт сааттын ичинде Улан-Батордобуз
. Кыргызстан менен болгон убакыт айырмасы эки саат экен. Экс-президент Роза Отунбаеванын делегациясы менен келгенибиз үчүн Монголия президентинин кеңешчиси менен басма сөз катчысы тосуп алышты. Чала орусча, таза англисче сүйлөгөн президенттин басма сөз катчысы Батзая журналисттер тобуна жоопкер болуучу Ганбаатарды тааныштырды.
Биз аны кыргызча жөн эле Камбар, Камбар-Ата деп алдык. Кийин билдик, Ганбаатар Тышкы иштер министрлигинин жаңы алынган кызматкери,
Монголиянын аз сандуу орус тилди жакшы сүйлөгөндөрүнүн бири, МГИМОнун бүтүрүүчүсү экен.
Аэропорттун ичинде эле Роза Отунбаеванын Монголияга келишине карата чакан маалымат жыйын өткөрүлдү. Андан ары биз “Улан-Баатар” (кыргызча “Кызыл баатыр”) мейманканасына жөнөдүк.
Аэропорттун ичинде эле Роза Отунбаеванын Монголияга келишине карата чакан маалымат жыйын өткөрүлдү. Андан ары биз “Улан-Баатар” (кыргызча “Кызыл баатыр”) мейманканасына жөнөдүк.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 22 July 2012 - 03:59
12:00
Түшкү тамак. Биринчи жолу монгол тамагынан ооз тийүү ырыскысы туш келгендиктен,
менюдан эң жөнөкөй шорпону тандап алдым. Чоң карапа кеседе келди, шорпом. Ичинде кесмеси менен суусунан эти көп. Бирок, чынында өтө даамдуу тамак болуптур. Ашпозчуга +5! Делегациянын башка мүчөлөрү табитине жараша тамак тандашты. Бизге кеңеш бергендердин алдыртканы боюнча, босо (кадимки биздин манты) менен чебуреки (монголчосу эстен чыгыптыр) дагы жакты.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#7 22 July 2012 - 04:02
14:00
Жаратылыш музейи. Сыртынан эски советтик имарат болуп көрүнгөнү менен чыныгы кызыктын баары ичинде экен. Күнүмдүк лексиконумда “динозавр” деген сөздү көп колдонгондугум жана кезинде палеонтологияга кызыккан жаным “ажыдаарлардын дүйнөсү” мени багындыра алды. Убакыттын тардыгына байланыштуу дароо эле экинчи кабатка чыгып, Монголиянын маданий мурасына айланган байлыгына көз жүгүртө баштадык. “Парк Юрского периода” тасмасында эле ушунчалык көп динозаврдын түрүн көрбөсөм, өмүрүмдө биринчи жолу алардын тобуна жандуу күбө болушум. Кичинеси, чоңу, мүйүздүүсү,
жөн эле эт жегичи, канаттуусу,
куйруктуусу,
баш айланат. Таштай катып калган жумурткалары.
Мамонт. Көзүм чачырап жатты. Кантип биздин күнгө чейин сакталып калгандыгы чоң табышмак. Кабинеттен кабинетке баш багып отуруп, кандайча укмуштай чоң тарбозаврдын алдында турганымды билбей калыптырмын.
Узундугу 14 метр, бийиктиги да кыйла! “Ночь в музее” деген кино бар эмеспи, дал ошонун копиясы!

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#8 22 July 2012 - 04:10
16:00
Музейден ары шаарды кыдырууга өттүк. Ортодо акча алмаштырып,
жүз долларга 130 миң тургик алып, байып эле калдык...))) Кайсы акчасын караба, Чыңгыз хандын сүрөтү.
Бизди шаардын башкы аянтына алып барышты. Кенен, төрт бурчтуу аянт. Туш тарабын түрдүү бийик имараттар курчаган. Бир жагында Өкмөттүн үйү. Анда премьер, спикер менен президент чогуу турушат. Үйдүн алдында Чыңгыз хан менен анын эки уулунун эстеликтери орун алыптыр.

Бизди шаардын башкы аянтына алып барышты. Кенен, төрт бурчтуу аянт. Туш тарабын түрдүү бийик имараттар курчаган. Бир жагында Өкмөттүн үйү. Анда премьер, спикер менен президент чогуу турушат. Үйдүн алдында Чыңгыз хан менен анын эки уулунун эстеликтери орун алыптыр.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#11 22 July 2012 - 04:17
17:00
Гандан монастыры. Кире беришинде жемин сунуштаган сатуучулар орун алып, туристтер көгүчкөндөрдү багуу менен алек. Монастырдын босогосунда бизди бир кечил тосуп алып, гид болуп берди. Кезинде Монголияда буддизмге каршы кампания болгонун, кечилдер менен ламалар репрессияга да тушукканын айтып берип жатты. Айтмакчы, алар үчүн университет да бар экен, кечилдер кадимкидей диплом алып чыгышат экен.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#13 22 July 2012 - 04:21
19:00
Кечки тамак. Бул сапар бизди туристтер, чет өлкөлүктөр көп кирген тамактануучу жайга алып барышты. Менюдан америкалык ашканадан башканы көрбөдүк. Монголияда канадалыктар,
европалыктар толтура, ошондуктан кардардын суроо-талабына да ылайыкталышыптыр.
Коштоп жүрүүчүлөр менен өз ара баарлашып, электр энергиясынын баасы өтө эле кымбат экенин билдик. Эки бөлмөлүү үйдө жашаган Батзая жарык үчүн 40 доллар төлөрүн айтты. Газ да "потолок"
, бензиндин баасы 1 доллардын тегереги. Үй сатып алуу акыркы жылдардын ичинде асманга тээп кеткенин, шаардын борборунда батир алуу, офистин ижарасы жогорулап кеткенин айтып жатышты. Ушуну менен биринчи күнүбүз аягына чыгып, эртели-кеч чуркап жүргөн жаныбыз мейманканага барарыбыз менен суладык.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#14 22 July 2012 - 04:53
Уландысын күтүп жатырым...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#15 22 July 2012 - 08:47
Озум баргандай болуп кеттим го 
уландысы...
уландысы...
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#16 22 July 2012 - 10:04
Сонун экскурсия кылдык го.
Адальс теманы да кандай аташты жакшы билет, интрига кылып, мен да эмне деген тема деп кире калсам, анан чын эле монголдор ошондой бекен ыя?
```
#17 22 July 2012 - 18:50
Ооба, чындап эле окуп отуруп бардык нерсе кадимкидей коз алдыма тартылды... "Кайсы акчасын караба, Чыңгыз хандын сүрөтү" дегенин жакты. Уландысын мен дагы чыдамсыздык менен кутом...
«
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»
#18 22 July 2012 - 22:51
Күтө тургула бачым, баарын илем... Сырларды терең жаям!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#19 23 July 2012 - 05:46
08.07.12
08:00 Мейманканада эрте мененки тамакты жеп, Ганбаатарды ээрчип алып, Тышкы иштер министрлигинин имаратына келдик. Текшерүүдөн өтүп, Лидер аялдардын форуму башталуучу залга бардык. Иш-чараны Монголиянын өкмөт башчысы ачып, андан кийинки сөздү Роза Отунбаевага беришти. Анын «мен президент болгонумда, Баш прокурор, Улуттук банк менен Жогорку соттун жетекчилик кызматтарына аялдарды алып келдим» деген учуру айрыкча эсимде калыптыр.

#20 23 July 2012 - 05:49
11:00
“Eagle
TV
”де Роза Отунбаеванын маеги. Үч кабаттын ичинде чоң медиа холдинг жайгашып, биринчисинде телевидение,
экинчисинде маалыматтык агенттик, үчүнчүсүндө гезит жайгашыптыр.
Интервью өтчү студияга диктофондорубузду таштап, медиа холдинг менен таанышууга өттүк. Айтмакчы, “Eagle ТV” Монголиядагы эң биринчи көз карандысыз ММК. Анын негиздөөсүндө азыркы президенттин да салымы бар, бутуна туруп кетишине Америка чоң жардам берген (кыстырма: Монголиянын мамлекет башчысы учурунда журналист болуп иштеп, аскердик багыттагы материалдарды чагылдырып турган). Жогоруда айтып жаткан президенттин басма сөз катчысы Батзая да ушул телеканалда кезинде алып баруучу болгонун айтып берди. Атүгүл CNN’дин аттуу-баштуу журналисттери келип, монгол кесиптештерине кантип иш алып баруу керектигине чейин үйрөтүп кетишкен экен.
Албетте, тарыхын билүү кызыктуу, бирок Батзаядан суранып, гезиттин редакциясына чыгып келүүнү сунуштадым. “Ардын эрх” деп аталган басылмада 20-25тей кызматкер иштейт. Күн сайын чыккан гезиттин нускасы 10-15 миңдин тегереги. Барактап да көрдүм, ак-кара полосаларынан турган басылма негизинен саясий материалдардан турат экен. Бир чоң кабинетке баш багып калып, бир бөлмөнүн ичиндеги орундуктарды эсептеп чыктым, 20дан ашты. Баш редактору, техникалык редакторлору, бөлүм башчылар, журналисттер баары бир кабинетте. Бир гана баш редактордун үстөлү жогору жакта орун алып, айнек менен туш-тарабын тосуп алыптыр. Журналисттердин орду болсо кенедей ноутбук батпаса, өтө чакан. Билбейм мага мунун баары кумурсканын уясындай эле көрүндү. Балким чындап эле ушундай тыгыз жайгашуу иштин эффективдүүлүгүнө жардам береттир.
Маалымат үчүн: Монголиянын калкы 2,8 миллиондун тегереги. Анын 1,7 миллиону эле борбордо турушат. Демек, 600 миллиондой эл Монголиянын кенен жайыттарынан ээн-эркин отурукташып, илгеркидей көчмөндүгүн улантышат. Мамлекет ичинде 40тай телеканал бар, астапыралла дедиңизби? Дагы 100дөй гезити да кошумча. Дээрлик баары кайсы бир аткаминердин бучкагында турат.

Супер-Инфо
super.kg
видео