14:00
Протокол деген балакеттин таасири эми билине баштады. Кыргызбыз да, заматта немистей тактыкка үйрөнүү оор болуп жатты. Мүнөтү мүнөтүнө дал келиши керек, делегация менен кошо чуркап жүрүп отурдук. Түшкү тамакты шаша-буша иче коюп, Монголиянын Улуттук коомдук телеканалына келдик. Алар дагы экс-президентибизден маек алууну пландап коюшуптур. Интервью алынчу зал буга чейинкиге салыштырмалуу жупуну, кадимки биздин УТРКнын кейпи. Коомдук телеканал калктын салыгынын эсебинен жашап келет. Эл коммуналдык төлөмдүн бири сыяктуу эле – көрөбү, жокпу баары бир ай сайын 2 миң тугрик (70 сомдун тегереги) төлөйт.
Чыңгыз хандын мекенине (Монголия) саякат Монголдор чындап эле САСЫК болушабы?
#22 23 July 2012 - 05:53
16:00
Роза Отунбаева президенттин галереясына жөнөп кетти. Журналисттер сылык түрдө искусствону шоппингге сатып жиберди...)))
Теманы окуп жаткандардан кечирим сурайм. Кечеги күндүн ичинен ЦУМга барганыбызды унутуп калыптырмын. Акчаны алмаштыргандан көп өтпөй эле аларды сувенирге коротконбуз. ЦУМдун төртүнчү кабатына чыгып, биздикинен көп айырмалана бербеген сатык текчелерине туш болдук. Ичимден “кудай сакта, “Кыял” менен “Тумар” бул жакка филиалдарын ачып алган эмеспи?” дедим. Дал биздикиндей эле кийизден тигилген баштыктар, үйгө кийчү тапичкелер, ашкана буюмдары, кемселдер... Иштетилген теринин үстүндөгү картиналар, анда биздин эле жылкылар, жайлоолор, боз үйлөр... Эмне аларымды билбей карбаластап калдым саамга. Жакшылап абай салып, Чыңгыз хандын портрети түшүрүлгөн табак, монгол куурчактарын алдым. Аңгыча бизди ылдыйга чакырып калышты, ал жакта Роза Отунбаева кашемирди аралап жүрүптүр. Жанына барсак, “кыздар, жакшы буюмдар экен, бирок баасы ууух” деп калды. Карасак, чындап эле, жөнөкөй кофтасы 100 доллардан кем эмес. Жүнү ушунчалык кымбат болсо, бактылуу эчкилер экен деп койдум...)))
Экинчи күн, т.а. бүгүн шоппингдин уландысы “Монголияда жасалган” дүкөнүндө. Кечээги жерге салыштырмалуу арзаныраак экен. Эх, өтүк менен туфлилердин жанында айланчыктап эле калдым. Бир аз гана одоно эмес, назигирээк формада тигилгенде, көзүмдү жумуп алмакмын. Сапаты мыкты, жасалышы гана колхоздукундай экен да!
Дал бүгүн апамдын туулган күнү болуп калгандыктан, алыста болсом да белек издеп жөнөдүм. Кашемир сатчу бөлүгүнө кирип, апама ылайыктуу буюм карап, кышында жамынып алчу оронгучтан башка вариант таппадым. Бирок чынында кармаган колго өзгөчө жумшак, жылуу. Апамды элестетти.
Андан ары дагы майда-чүйдө алып, баарынан да биздин акчага 300 сомго алган кемерим жакты. Бирөөнү катуураак аны менен чапсам, өлүп деле калчудай...)))

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#23 23 July 2012 - 06:00
17:00 Чоң Будда. Алмаштырган акчабыздын түбүнө жетип, дагы бир сыйлуу жерге жөнөдүк. Шаардын четине чыгып, Чоң Буддага алып келишти. Дагы бир статуя. Негизи эле монголдор “эстеликомания” менен оорушат экен. Кайсы жакта караба монументтер.
Кичинекей, чоң, орто, тикчийип турганы, шалпайып отурганы, аэропорттон келе жатып килейген Будданын буттарын да көргөнбүз, көчөлөрдүн биринде үч иттин ансамблинен турган эстелик комплексине күбө болдук. Керек болсо гимнди ташка чегип, аны да эл көзүнө коюшуптур. Мейли, Будда да кем калбасын деп, аны да көрүп койдук.

Кийин ошонун жанындагы эле дөңгө чыгып, Улан-Батордун панорамасын карадык. Мына ошондо гана ар бир көчөдө кайнаган курулуштардын жалпысы даана көрүнөт экен. Чиркин туш тараптан бийик имараттар тиреп, Монголиянын борбору кыйкырат, тим эле... Бир гана байкаганым, монголдор менталитетинен чала иш кылган калктай сезилди. Жаңы ремонт болгонун көрсөң да ошол жерден аягына чыкпай калган жерин да көрөсүң. Кай жагын караба...

#24 23 July 2012 - 06:02
19:00
Кечки тамак. Дагы бир ресторанды “тазалоого” бардык. Анысына, мунусуна деле буюртма бере беришип, анын ичинен мага койдун башы өзгөчө жакты. Атам укмуш жакшы көрөт ушул тамакты. Ай сайын ашкананы сасытпаса, башы ооруйт го, чиркин. Өмүрү ооз тийбеген жаным монгол коюнун башын жебеске айла калбады. Ушундай кооз жасап келсе деле болот экен, тегерегин түрдүү жашылчалар менен кооздоп коюшуптур. Мага кулагын беришти, анан тамашалашып бир да журналистке тилин беришкен жок. Кичине мээсинен да жедим, бирок жугуштуу болбосун деп, көп жегенден алыс болдум...)))
Сөздөн- сөз чыгып, окшош маанилүү монгол-кыргыз сөздөрүн таптык. Жүрөк, бөйрөк, таңдай жана башкалар. Жалпысынан эки тилдин ортосунда эки миңге жакын окшош сөздөрүбүз бар экен. Салттарыбыз да бирдей экен, алар деле кызды себи менен узатып, калың беришерин айтышты. Бирок... Бирок монголдор экинчи аял албайт экен! Алат дегенде кандай? Ажырашып анан кайра үйлөнүшү мүмкүн, а бирок кыргыздын ашынган айрым эркектерине окшоп, үстү-үстүнө алган жоруктун жоктугун айтышып, бизге “силерде ушундайбы” деп суроо беришти.

#25 23 July 2012 - 06:10
09.07.12
09:00 Ак үйдүн ичинен чыкпаган күн болду. Түшкө чейин Билим берүү министри, коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси менен жолугушуулар болуп өттү. Экөө тең эркек, жардамчылар менен кеңешчилери дагы.
Анан бизге экскурсия сунушташып, биринчи эле парламенттин чоң залына алып барышты. Келген күндөн тарта мекенибиз менен салыштырып отуруп, көп эле жагынан артта калып жатканыбыз өкүндүрүп жаткан. Анан залды көрүп, ааааааххха, биздикинен кичинекей экенине сүйүнүп кетпедимби! J Ганбаатарга айттым, “а биздики силердикинен чоң” деп... Ал камаарабай, “бизде парламенттин жаңы имараты курулуп жатат” деп өчүрүп койду...)))
Дагы бир ашыкчалыгы, президент, премьер менен спикердин орундуктары бир катарда тизилип, алардын отургучтарына баалуу таштар чөгөрүлгөндүгү болду. Арсыз элестетип жибербедимби, бизде кокусунан, кудай сактасын, бирок Ак үйдү дагы бир жолу басып алышса, элдин баары ошол үч отургучту көздөй чуркап бара жатышканын. .. Канча деген адамдар ошол жерде эле кырылып калмак. Ии, анан, баарынын отургучу кадимки стул, биздикиндей чалкасынан чайпалып отурган креслолор эмес.
Депутаттары 1 миң доллардын тегерегинде айлык алышат, унаасындагы бензин да өкмөттүн пулунан. Бирок кызматтык үй берилбейт экен. Барган күнүбүзгө парламенттин жаңы чакырылышындагы депутаттардын мандат алуусу төп келип калып, кебетелеринен чоң-чоң ишкерлер, бай адамдар экени эле көрүнүп турду.

#26 23 July 2012 - 06:13
Ак үйдүн сыймыгы – анын чоң картинасы экен. Анда 990 персонаж чагылдырылып,
баары бир кездеги көчмөн калктын каармандарына айланган. Персонаждын баары бүгүнкү күндөгү атактуу монгол саясатчылары,
спортчулары,
ырчы-чоорчулары дегендей... Кандайдыр бир деңгээлде карикататура да бар, бирок эч ким таарынган эмес, тескерисинче анын ар бири картинада орун тапкандыгы үчүн кадыр-барк деп билишет.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#27 23 July 2012 - 06:15
Чач жасалгалары укмуш бекен? Мага да жакты! 
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#28 23 July 2012 - 06:19
Күрөштү картинада да, стадиондо да көрүүгө жетиштик...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#29 23 July 2012 - 06:22
Баарынан шумдугу ушул моменти болду. Боз үйдүн эки түрүн көрүп, бири дал биздикине окшош. Анан айырмасы эмнеде деп сурасам, биринчи турганын монголдордун боз үйү, кожоюндар жашайт, ал эми экинчиси ашкана, илгери кулдар жашашкан,- дебеспи...((( Ачууланмай жок ээ? Болгонун болгондой жаздым.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#30 23 July 2012 - 06:24
12:00
Түштөнүү да Ак үйдүн ашканасында өттү. 5 миң тугрикке (200 сомдой) ысык тамак менен шире алдык. Нөлдөрү эле көздү чакчайтпаса,
монголдун акчасына да көндүк. Айтмакчы, эң чоң купюрасы – 20 миң, анда дагы Чыңгызхандын алмашкыс портрети!
13:00 Түштөн кийин Монголиянын президенти атайын чет жердик журналисттер үчүн маалымат жыйын берди. Суроонун көпчүлүгү эле монгол-кытай алакасынын тегерегинде жүрүп отурду. Көрсө, бири-бири менен ит-мышык экен дале. Миллиарддан эбак ашкан кытайлар үч миллионго жетпеген монголдорду канчалык тооторун го билбейт экем, бирок монголдор өтө намыстуу эл экен, кантсе да канында Чыңгызхандын гени кайнап турат эмеспи. Кытай дегенде чачтары тик турат тим эле монголдун! Калп өлүмүш болуп, себебин сурасак, “кылымдар бою созулуп келе жаткан душмандык” дегенди сөздү жаттап алышкандай.

#31 23 July 2012 - 06:27
Монгол президенти атайын кыргызстандык журналисттер менен сүрөткө түштү. Сыртынан жөнөкөй көрүндү. Кандайдыр бир бала кыялдык байкалат. Бул бекеринен эмес экен. Кийин Батзаянын кабинетине кирсек, эки дубалда тең президенттин өмүр баянын чагылдырган фото архивге күбө болдук. “Биздин лидер президент болгонго чейин эле 24 жетим балдарды 2-3 жаш курагынан багып алган. Өзүнүн болсо беш баласы бар” деп калды. Азыр алардын кээ бири Европа менен АКШнын ЖОЖдорунда билим алышат. Ммм, жөн жеринен жумшак көңүлдүү көрүнбөйт экен деп койдум.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#32 23 July 2012 - 06:30
15:00 Форумдун жабылуу аземи болуп, ага АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон да катышты. Негедир реалда бул айым өтө эле жүдөп калгандай сезилди. Сары чачтары туш-тарапка дарексиз чачылган, бетинде миллион тырыш... Же буга чейин мен ага ашыкча сыймыктануу менен, кызгылтым көз айнек аркылуу карап келгенимденби?
Бирок маңыздуу сүйлөдү, кантсе да планетадагы миллиондогон карьераны самаган аялзатынын кумири эмеспи!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#33 23 July 2012 - 06:32
16:00
Боршайком. Бул монголдоруң реформаны чындап баштаптыр. Добуш берүү бармак изи аркылуу жүргөндөн кийин иштин бүткөнү да! Адахан Мадумаровуң да каршы чыга албай калат. Билбейм бизден баарын деле күтсө болот, автомат калп айтты деп деле чыгышы ыктымал...)))
Монголияда ат башында калкты биометрдик паспорт (заманбап документ – бармактын изи, көздүн кареги электрондук вариантта камтылат) менен камсыздап чыгышкан. Элдин баары биометрдик паспортту алышы үчүн өкмөт ар бир жаранга ай сайын 21 миң тургик (700 сомдой) бермей болгон. Бул каражат өлкөдөгү кен казып алуучулардын эсебинен түшөт.
Монголияда ат башында калкты биометрдик паспорт (заманбап документ – бармактын изи, көздүн кареги электрондук вариантта камтылат) менен камсыздап чыгышкан. Элдин баары биометрдик паспортту алышы үчүн өкмөт ар бир жаранга ай сайын 21 миң тургик (700 сомдой) бермей болгон. Бул каражат өлкөдөгү кен казып алуучулардын эсебинен түшөт.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#34 23 July 2012 - 06:33
18:00
Президенттин жайкы резиденциясына бардык. Шаардын бир четинде орун алган резиденциясы тоолуу аймакта, бак-шактын арасында экен. Кире беришиндеги чакан корукта эликтер да багыларын белгисинен көрдүк.
20:00 Мейманканада кечки тамакты жеп, акырындык менен ашыкча эттүү оокаттан тажай баштадым. Күнү бою чуркаганыбызга карабай, сейилдөөгө чыгалы дедик. Аянт жаныбызда эле болгондуктан, ал жакка барсак, элдин баары велосипед тээп жүрүшөт. Биз да кем калбайлы деп, кош велосипедди 1500 тугрикке (55 сомдой) алдык. Бул баа аянтты бир жолу айланып чыгуу үчүн. Акыркы жолу качан велосипед айдаганым эсте жок, бирок экинчи “шоопурга” ишенип алып, эң жагымдуу бир сезим тартуулады бул кош велосипед.

#35 23 July 2012 - 06:35
“Банкеттин уланышын” талап кылдыкпы, паб (сыра сатуучу жай) издеп жөнөдүк. Делегациянын ичиндеги бирөө уюлдук телефонун алып чыгып, Гугл байкем аркылуу карта менен жолго чыктык. Кетип эле жатабыз, кетип эле жатабыз, бутта болсо така!..))) Же жетпедик... Бир маалда адашып кеткенибизди түшүнүп, Гуглду бир сыйра ашатып алып, кайра артка жөнөдүк. Анан кайра эле Гуглдун сөздүгүнө кирип, монгол тилинде “бизди “***” пабына чейин 2500 тугрикке жеткизип коё аласызбы” дегенди таап чыгышты. Тил сындырат, бирок бизге токтогон таксист түшүндү. Жеткирди, кубанычыбызда чек жок.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#36 23 July 2012 - 06:36
23:00
Маанай заматта түштү. Эми бош орунга жайгашсак, официант келип, жабылып жатканын айтты. “Бир кружкадан ичип кетебиз” десек да көнбөйт, иттики...))) Коңшу пабга кирдик, алар да сылык түрдө эшикти көрсөтүп койду. Монголияда ушундай мыйзам бар, жарым түндөн баштап баардык кафе, ресторан, пабдар жабылат. Алкоголго каршы күрөш катуу жар салынган.
Даана темселеме заман келип, көктүккө салып, издей бердик. Анан бизди пабдардын бири кабыл алып, айтканыбызды алып келип берип тындырды. Көп өтпөй ал да жыйналыша баштаган соң, акырын мейманкананы көздөй жөнөдүк.
Даана темселеме заман келип, көктүккө салып, издей бердик. Анан бизди пабдардын бири кабыл алып, айтканыбызды алып келип берип тындырды. Көп өтпөй ал да жыйналыша баштаган соң, акырын мейманкананы көздөй жөнөдүк.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#38 23 July 2012 - 11:02
Ушунчалык "подробно"
жазылыптыр,
сериал коруп жаткандай эле болуп атам...
P.S. Сунушум, бул тууралуу видеоматериалдар болсо, ошону "Азаттык +" тан болобу, же озунчо эле документалдуу тасма кылыппы, айтор, телевидение аркылуу да кетирбейсинерби (желательно, КТРКдан). Анткени, мындай жакшы материал тар чойродо эле калып кетпесин дегеним...

«
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»
#39 24 July 2012 - 05:11
Зор саякат болуптур. Мумкунчулук тузулсо мен да барып келмекмин. Мумкунчулукту кутуп олтурбай аракет кылсамбы ыя.
#40 24 July 2012 - 05:56
10.07.12
04:30 Ашып барса, эки сааттык уйкудан кийин Ганбаатар келип ойготту. Эрежени бекем сактаган монгол коштоочу барган сайын көзүбүзгө азезил көрүнө баштап, аны “сен бизди солдат кылып бүтүрмөй болдуң го” деп азил-чыны аралаш тамашалаганга да жетишебиз.
Уйкусураган бойдон кантип аэропортко келип калганыбызды да аңдабадык. Көзүбүздү чала ачып, чала жумган бойдон учакка отурдук. Жок, Кыргызстанга эмес, Гоби чөлүнө сапар алдык. Жолду катар элестетип алгам “кайдан да, жылуу кийинип алдым, чөл деген ысык да!” деп баратам. Балээгеби, бир сааттан кийин учуп жеткен чөл акырын соккон шамалы менен тосуп алды. Улан-Батордун аба-ырайы мээлүүн, Бишкектеги температурадан -10 кылса, туура чыгат го дейм. Анткени биз жүргөн күндөрү +20, +23төн ашпады. Жамгыр жаап кирсе, кадимкидей үшүп чыгасың. Ошентип, Гоби Улан-Батордон да салкыныраак болуп чыкты...

Супер-Инфо
super.kg
видео