Чыңгыз хандын мекенине (Монголия) саякат Монголдор чындап эле САСЫК болушабы?
#41 24 July 2012 - 05:58
Аэропорту кадимкидей боз үй. Ал жерден документтик текшерүүдөн өткөндөн кийин күтүп турган машиналарга түшүп, Ою-Толгой жез кенин чыгаруучу жайга зымылдаган бойдон жөнөдүк.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#42 24 July 2012 - 06:00
07:00
Гоби – элес кылганымдай сары кумдуу болуп чыккан жок. Майда шагылдуу десем жаңылышпасам керек. Туруктуу жашоочулары – төрт миңдей монгол көчмөндөр, кенде иштеген 14 миңге чукул кызматкерлер,
төөлөр, скорпиондор,
жыландар, менимче болду, башка эч ким жок! Жымжырттык!
Албетте, тегиздиктин мейкиндиги курчайт, анан ак булуттуу асман... Билбейм, Бишкекте көктү анча деле карабаймынбы,
бирок Монголияда асман жакын сезилди. Илген сүрөттөрдөн деле байкасаңыз.
Андыктан тарткан фотолорумдун ичинен көбүнчө булуттар башкы каарманга айланып кетиптир.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#43 24 July 2012 - 06:04
08:00
Ою-Толгой. Кыргызчага “бирюза дөңү” деп которулат. Негизинен жездин ири кени, бирок андан тышкары бирюза сыяктуу баалуу таштар да чыгат. Бизге чакан маалымат берүү үчүн залга алып киришти. Менин көзүмө дароо урунганы эле “Супер” деген аталыштагы таза суунун бөтөлкөлөрү болду...))) Жанымдагы монголдорго айтып коём, мен иштеген редакциянын аты да “Супер” болот деп. Ичиндеги суусунун даамы албетте, биздикине жетпеди!

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#44 24 July 2012 - 06:06
Андан ары боз үйлөрдөн турган, баса белгилейин,
люкс мейманкананы көрүп чыктык. Эшигинен түз киргенде эки орундуу керебет, анын оң жагынан баштап, шкаф, суурмалар, муздаткыч, иш үстөлү, телевизор, микротолкундуу меш, интернет, кондиционер жайгашкан. Дагы эмне жетишпей жатат билесиздерби?
Кичинекей эшик аркылуу боз үйгө жанаша бөлмөгө киргенде, душ менен туалет да бар. Мына сага, каалашыңча жаша!

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#45 24 July 2012 - 06:08
10:00
Кенди иштеткен компания өз иштери менен тааныштырууга өттү. Чынында өтө чоң аймакты ээлептир, иш баштала элек жатып, 7 миллиард доллардан ашуун каражат сарпталыптыр.
Жакын арада аэропорт менен жол да куруларын айтышты.
Баарынан кызыгы коштоп жүрүүчүлөрдүн бири, ал да Монголиянын ТИМинин кызматкери кытайлар тууралуу айтып баштаганы болду. “Булар керек болсо, картошкадан жасалган шорпого иштегенге да ыраазы” деп калды. Кенде 3 миңдей Кытайдын жарандары иштейт, бирок компаниянын өкүлү чочулоо менен “курулуш жумуштары бүтөрү менен алардын баары өз мекенине кетишет” деп кошумчалады. Себеби мындай экен, негизи бизде деле ошондой. Кытайлар эмгегин арзан баалоого макул, балким монголдор сыяктуу сөзсүз эт кошулган тамак деле сурашпастыр. Бирок! Монголдор буга нааразы, өлкөдө жумуш орундары эптеп табылып жатса, аны эмне үчүн адам табылбай калгансып, кытайга бериши керек экен деп ызы-чуу кылышат.

#46 24 July 2012 - 06:09
13:00
Гоби менен коштошуу. Компания өз продуктусун белекке тартуулады.
Жезден жасалган кесе карматты ар бирибизге. Бизге анын пайдалуу экендигин, ашказанга көп жардам берерин түшүндүрүп беришти. Дээрлик ар бир монгол үй-бүлөдө жезден жасалган идиш-аяктар жетиштүү. Анан шуудураган көк шарфты мойнубузга илип койду. Монголдор муну эң сыйлуу конокторго берерин айтышты, биздин ак калпактын варианты, кыскасы...

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#47 24 July 2012 - 06:11
Бул аралыкта биз менен келген монгол журналист кыз менен таанышып калдым. Башында жакшы эле англисче сүйлөшүп жатканбыз, ал Роза Отунбаевадан кеңири маек алмак экен, анын биография сүртүмдөрүнөн баяндап бердим. Анан Кыргызстандагы соңку коррупциялык иштерди, журналисттердин канчалык эркин экендигин айтып берүүгө келгенде эле чайналып калсам болобу...))) Сөз таппай тантый баштаганымда,
капысынан эле ал кыз, ысымы Оюнцыцыг “түркчө билбейсиңби”
деп калды. “Оо, кудай жалгагыр, бая эле айтпайт белең” деп ага күлүп, кенен-кесири түркчө түшүндүрүп берип, жыргап калбадымбы.
.. Уят болбой, абалдан оңой кутулуп дегендей. Көрсө, Монголияда да түрк лицейлери ачылган экен эбак. Роза Отунбаева бир маалда “экөөң кайсы тилде эле кобурашып жатасыңар”
деп калды, кийин билдим, жөн журналист эмес экен, “сенин баягы монгол курбуң укмуштай суроолорду жаадырбадыбы” деди экс-президент интервьюсунан кийин.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#48 24 July 2012 - 06:16
16:00
Монголияга келгенден бери бирден-бир максатым – Чыңгыз хандын эстелигин көрүп кетүү болчу. Гобиден чаалыгып келгенибизге карабай, бүтүндөй Евразия континентин титиретип кармап турган императордун статуясына жөнөдүк.
Ушул жерден кичине арызданып кетүүгө уруксат бергилечи?.. ))) Улан-Батордо соо көчө жок! Түз жолдор байкуш монголдун түшүнө да кирбей калган. “Курулуп жаткан бир бийик имаратты садага чаап, көчөлөрдүн тешигин бүтөп алышпайбы” деп сүйлөнсөк, Ганбаатар “өкмөт атайын чечим кабыл алган, качан гана курулуштар бүткөндө, жолдун ремонту башталат” деп жооп берди. Антпесе, кайра эле оор жүк ташыган унаалар жолдорду талкалап салышат деп, чочулап жатышыптыр.
“Ии, мейли, жакшы идея экен” дегениң менен Чыңгызханга жеткиче башым кеминде он жолу тийди окшойт машинанын шыбына. Улам ойдуңга түшүп чыкканда, артта отуруп алган жаным, улам эле топтой секирем...)))
Жеңил контузияга да кайыл болуп, бир саат өтпөй, жолдун боюнан гигант Чыңгызхандын эстелиги көрүндү. Вуууууууах! Ваааааааау! Көздөрү чакчайган, кирпиги ирмелбей калган быйтыкчага айланды дей бергиле мени...

#50 24 July 2012 - 06:19
Унаадан түштүк, кадам сайын жакындай бердик Темучинге. Тепкичтин саны бүтпөй койду деги. Качан гана постаменттин жанына келгенде бийиктиги 50 метрге жеткен эстелик бизди багындырды.
Айтмакчы, бул дүйнөдөгү эң чоң атчан статуя деп катталган. Буга чейин монголдордун эстелик менен ооруганы жакпай жатса, жыйынтыгы мени Монголияны сыйлоого жетеледи. Ганбаатарга “Улуу Чыңгызхандын урпагы” деп кайрылып калбадыкпы.
..)))
Маалымат үчүн: Дүйнөлүк тарыхта Чыңгыз хандын империясы эң ири болуп жазылган. Ага Жер планетасынын жалпы аянтынын 22 пайызы, 100 миллиондон ашуун киши баш ийип турган. Чыңгыз хан бийлеп турган XIII кылымда жер жүзүндө 300 миллиондой гана адам жашачу. Империя батышынан азыркы Польшадан чыгыштагы Кореяга чейин, түндүгүндө Сибирден тартып Вьетнамга чейин созулган. Албетте мындай жалгыз эрдиктин кожоюну Чыңгыз хандын ысымы тарыхта бараандуу инсандардын бирине айлануусуна жол ачкан.

#51 24 July 2012 - 06:22
18:00
Эстеликтин оозуна келип, 7 миң тугрикке (250 сомдой) билет сатып алып кирдик. Ал эки кабаттан туруп, ичинде галерея, сувенир сатуучу дүкөндөрү, музей, ресторандар жайгашыптыр.
Монголдордун улуттук кийимин кийип, сүрөткө да түшсө болот.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#53 24 July 2012 - 06:28
Жер төлөсүндө музей орун алган. Чоң-чоң алтын сөйкөлөр, кылыч-найза-
бычактар, жоокердин зооту, баарынан да биринчи бомбалар жакты. Тоголок идиштин ичине май куюп, оозуна от тамызып, ыргытышчу экен.
Экинчи кабатка чыгып, кууш коридор аркылуу дагы бир кабатка көтөрүлүп, Чыңгызханды жакындан, тагыраагы маңдайынан да көрдүк. Каштары бириккен өзүнчө эле, темирден жасалганын, жандуу эмес экенин билсең да, коркутат адамды. Энем болгондо “кейпиң менен жерге кир, түрү суук” демек... Тарых менен адабиятты жатка билген ал киши Чыңгызханды анчейин сүйбөйт, жок, жек көрөт. Бешиктеги ымыркайдан бери кылычы менен матырып кетсе, албетте, “кан ичкич” дей турганы бештен белгилүү.

#54 24 July 2012 - 06:29
20:00
Император менен сылык-сыпаа коштошуп, Тэрэлж деген улуттук паркка чыктык. Жолду катар кымыз менен курут саткан монголдор. Парктын көрүнүшү Суусамырдан бир грамм айырмасы жок. Аймагы эле чоң болбосо... Жетер жерибизге келип, жаратылыш койнунда кечки тамакты алдырттык. Ганбаатар биз менен канча күн болсо, канча жолу тамак буйрутма бердирсе, дайыма эле жазбай “мага цуйван” деп калат. Мен да жеп көрөйүнчү дедим, чоң табакта алып келишти. Коюу кесме менен эт. Өтө көп эт. Бирок даамдуулугун айт, пай-пай! Вилка араң аман калды го...)))

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#55 24 July 2012 - 06:34
Тэрэлж чаалыкканыбызды заматта жок кылды. Эрте менен Гобиге барып келгенибизди деле унутуп калдык.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#56 24 July 2012 - 06:36
11.07.12
09:00 Happy Naadam! Көчмөндөр күнүңүз кут болсун! Бизде майрамдан көп нерсе жок, атүгүл үч революция күнү бар. “Көчмөндөр күнүн кыргыздар деле майрамдаса болчудай” деп бара жаттым жарманкени аралап... Ар монголду улуттук кийимде көргөн сайын көзүм күйөт. Башын бийик көтөрүп, өз кийими менен көчөлөрдө майрамдап жүрүшөт. Монголиядагы түрдүү элчиликтердин кызматкерлери да монголчо кийинип алышыптыр.

#60 24 July 2012 - 06:42
Сугум артып, ар бирин күзөтүп отурганда, бизди стадионго алып кирип кетишти. Ал жерде Наадам майрамынын ачылышы болуп, атчандар чоң сахнага дүркүрөп чыгышты. Туусун желбиретип,
элдин кол чабуусу менен өз жайына орнотушту.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.

Супер-Инфо
super.kg
видео