Суперстан: Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.

#241 Пользователь офлайн   Evelet   20 Июль 2012 - 23:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Просмотр сообщения Таллас (20 Июль 2012 - 06:18) жазган:

Бул жерден каалаган шаар, айылга жараша намаз убактыларын (ооз ачуу жана ооз бекитүү убактылары менен кошо) таап алсаң болот.

Мен телефонума кочуруп алдым озумдун олкомду табып. Мага аябай жакты. Аж азан да айтат экен намаз убактылары болгондо.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#242 Пользователь офлайн   Таллас   20 Июль 2012 - 23:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Evelet (20 Июль 2012 - 23:15) жазган:

Мен телефонума кочуруп алдым озумдун олкомду табып. Мага аябай жакты. Аж азан да айтат экен намаз убактылары болгондо.


Аябай ыңгайлуу программа. Анын мобилдик жана компьютерге ылайыкташтырылган версиялары бар. Муну менин тааныштарымдын көпчүлүгү колдонушат.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 20 Июль 2012 - 23:25

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#243 Пользователь офлайн   Benos   20 Июль 2012 - 23:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 121
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2019 02:55
  • Жынысы:Эркек

Men ech ko4uro albai koidum:/. Aityp koigula4y kantip ko4urdunor?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#244 Пользователь офлайн   nazgul8076   21 Июль 2012 - 00:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Мен дагы жылда кармачуумун. Жаш балам менен 3 жылдан бери кармай элек элем. Буйруса жакшы ниет менен орозону улантып, быйыл кармап жатам. Аллахым туткан оозобузду кабыл кылсын, ылайым... :)
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#245 Пользователь офлайн   Evelet   21 Июль 2012 - 01:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Просмотр сообщения Таллас (20 Июль 2012 - 10:25) жазган:

Аябай ыңгайлуу программа. Анын мобилдик жана компьютерге ылайыкташтырылган версиялары бар. Муну менин тааныштарымдын көпчүлүгү колдонушат.

Ооба аябай ынгайлуу программа экен. Рахмат.

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#246 Пользователь офлайн   Evelet   21 Июль 2012 - 01:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Просмотр сообщения Benos (20 Июль 2012 - 10:48) жазган:

Men ech ko4uro albai koidum:/. Aityp koigula4y kantip ko4urdunor?

Кочуруу аябагандай эле женил экен. Болгону озунуз турган олкону Жана шаарды тандап туруп, сизге кандай версиясы керек ошону белгилеп кочуруп алат экенсиз.
Мен телефонго кочурдум эле Намаз убактары келгенде Азан айтып жатат ))) Дагы компас да бар экен. Эгер кай тарапты карап намаз окушту билбесениз (башка олкодо жургондорго аябагандай ынгайлуу экен).
)
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#247 Пользователь офлайн   mr.maks   21 Июль 2012 - 15:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 09 Июль 12
  • Соңку аракети: 25 Окт 2020 10:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Aikala (23 Декабрь 2011 - 14:10) жазган:

Кармаган эмесмин убакыт сааты келет буюрса кармайм.

А убакыт сааты келгенге чейин олум периштеси келип калсачы? Аллахтын алдында эмне деп жооп бересин? Ошону ойлоп кордунбу?



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#248 Пользователь офлайн   Arstan   21 Июль 2012 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Быйыл орозо кармай алган жокмун.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#249 Пользователь офлайн   Daud   22 Июль 2012 - 01:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Али Рамазан айы буто элек. Ошондуктан быйыл кармай алган жокмун деген туура эмес. Эртенден баштап кармасаныз да болот. Ал эми кармалбай калган кундордун орозосун Рамазан айы буткондон кийин кармап толуктап койсонуз болот. Быйыл кармай албадым деп (откон чак менен айтып) ушул жылы кармабаймын дегендей ниет кылган жакшы эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#250 Пользователь офлайн   Evelet   22 Июль 2012 - 02:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 382
  • Катталган: 13 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 13:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алтын тор

Просмотр сообщения Daud (21 Июль 2012 - 12:10) жазган:

Али Рамазан айы буто элек. Ошондуктан быйыл кармай алган жокмун деген туура эмес. Эртенден баштап кармасаныз да болот. Ал эми кармалбай калган кундордун орозосун Рамазан айы буткондон кийин кармап толуктап койсонуз болот. Быйыл кармай албадым деп (откон чак менен айтып) ушул жылы кармабаймын дегендей ниет кылган жакшы эмес.

+1
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#251 Жолоочу_Kosmopolitka_* 23 Июль 2012 - 00:38

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Орозо кармайм деп ниет кылган адамдын,орозонун биринчи кунундо айызы келип калып кармай албай калат,анан ал нерсе токтогондо гусл кылып,тазаланып орозо кармаса болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#252 Пользователь офлайн   ROZI   23 Июль 2012 - 17:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Орозо – ар бир мусулман эңсеген ай
Кут-берекеге толгон, он эки айдын султаны болгон Орозо айы жакындаган сайын кудайдын кулу экенин жүрөгү менен кабылдап, акылы менен аңдаган ар бир мусулмандын жүрөгү өзгөчө согуп толкунданып жаткандай. Мындан 1428 жыл илгери мусулмандар Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен биргеликте Алланын амирине баш ийип, Мадина шаарына ыйык көч (хижрат) кылышкан эле. Анткени, ошол убакта Меккелик бутпарастардын мусулмандарга кылган зулумдугу өтө күчөп кеткен. Мына ошол ыйык көчтүн экинчи жылында Рамазан айында орозо кармоо парз кылынды. Бул тууралуу Алла Таала кереметтүү Курандын «Бакара» сүрөсүнүн 183-аятында мындай деп буюрат: «Эй ыйман келтиргендер! Орозо силерден мурункуларга парз кылынгандай эле, силерге да парз кылынды. Балким, коргонуп сактанаарсыңар». Орозо бизди бул жалган дүйнөнүн жамандыктарынан, ал эми акыретте болсо, тозок отунан сактаган жана да күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себепкер болуучу динибиздин беш шартынын бири жана өтө чоң мааниге ээ ибадат болуп эсептелет. Ааламдарга ырайым катары жөнөтүлгөн эң акыркы Алланын Элчиси, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын (с.а.в.) жалпы үммөтүнө айткан мындай сүйүнчүсү бар: «Кимде-ким ишенип жана сыйлыгын жалгыз Алла Тааладан күтүп, Рамазан орозосун кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет». Ошондуктан, Аз. Пайгамбардын (с.а.в.) сөзүнө кулак салып, сүйүнчүсүнө көңүл буруп орозо кармаган адам канчалык бактылуу, ал эми Орозо айына күбө болуп, бирок, бул куттуу айдан кабарсыз жашаган адам канчалык бактысыз адам. Атеизм таңуулаган жетимиш жылдан ашык СССР доорун башынан өткөргөн элибиз Кыргыз Республикасы деп аталып эгемендүүлүгүн алган күндөн баштап өзүнүн улуттук жана диний майрамдарын белгилей баштады. Анткени, коомчулуктун кубанычтуу күндөрү болуп саналган майрамдар ошол эле учурда социалдык арка-жөлөк болууну бекемдеген, инсандарды бирдей баалуулуктар менен принциптердин тегерегинде бириктирген, б.а. жалпы коомдун жана жеке улуттук калыптануусунда өзгөчө роль ойногон күндөр экендиги талашсыз. Жылсанакта кызыл дата катары көрсөтүлүп, мамлекетибиздин 80 пайыздан ашыгын түзгөн мусулман эли майрамдап келе жаткан эки чоң майрам бар. Булар Орозо айт жана Курман айт. Совет доорунда орозо кармоого тыюу салып келгенин улуулардан көп эле укканбыз. Ал эми диний майрамдар белгиленмек бери турсун, мусулман элибиз бата кылгандан уялып жашаган, б.а. өзүнүн салт-санаасын, диний ырым-жырымдарын аткара албай коркуп жашашкан бир мезгил болгон экен ал доор. Ал эми бүгүнкү демократия доорунда ар бир адам каалаган динин карманууга укуктуу жана бул ар бир демократиялык өлкөнүн башмыйзамы болгон конституциясында бекитилген. Илгертен Ислам динин карманып, анын баалуулуктарын урпактарына татыктуу түрдө өткөрүп өмүр сүрүп келген ата-бабалар орозо тууралуу, б.а. анын пайдасы, сообу жана пазилети тууралуу аят жана хадистердин негизинде өздөрүнүн уңгулуу нуска кептерин айтып калтырышкан. Мисалы: «Отуз күндүк орозо, ой тазартаар жол ошо» - деп орозонун адам баласынын дилин тазартып, акыл-эсин сепгек кылуучу касиетин кашкайта айтып өтүшкөн. Албетте, алар орозонун кадырына жеткендиктен, ушундай уйкаш кылып келечек муунга насаат катары айтып кетишсе керек. Аят, хадис жана ата-бабалардын насаат сөзүнө кулак салып, алардын акыйкат манисин аңдоо менен гана азыркы жаштар туура жолду табат деп ишенемин. Карыларга катарлаш эле жылдан жылга орозо кармаган жаштарыбыздын саны көбөйүп баратканы кубантат. Жашоонун маңызы Алла Тааланы таануу, ага ыйман келтирүү жана жалгыз ага сыйынып жашоо – деп үйрөткөн динибизде Орозо айы ыйык жана кут берекелүү ай болуп эсептелет. Анткени, бул ай жаркырап Ислам күнү чыккан ай, адамзатты караңгылыктан жарыкка алып чыккан ыйык Курани Карим түшүрүлө баштаган ай, миң айдан дагы кайыр-сооптуу Кадыр түн катылган ай экендиги шексиз. Жаман ой, жаман адаттарды жууп кетирген, жакшы ой, жакшы кулк-мүнөздү жараткан Рамазан айы адам баласын руханий жактан тирбиялаган куттуу жана берекелүү айт мына ошол себептүү бул айды он эки айдын төрөсү, мырзасы деп атайбыз. Орозо кармаган адам Алла Таала кулу үчүн ар бир секунд жаратып жаткан өмүр байлыгынын, ырыскынын кадырына жетет, эң сонун адеп-ахлакка ээ болуп периштелик даражага жогорулайт, башкаларга мээримдүү, камкор, сабырдуу жана чыдамкай боло баштайт. Саламаттыгын чыңдап, ден-соолугунун камын ойлоону үйрөнөт. Мына ушул сыяктуу көзгө көрүнө турган жана руханий жактан дагы жетилүүчү орозонун жеке инсандык пайдасы көп болгондой эле, орозонун коомдук калыптанууда дагы өтө чоң пайдасы бар.





маалымат http://muslim.kg сайтынан алынды














АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#253 Пользователь офлайн   ROZI   23 Июль 2012 - 17:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 457
  • Катталган: 12 Февраль 09
  • Соңку аракети: 24 Авг 2021 23:58
  • Жынысы:Белгисиз

Урматту акимдер сиздерден сураныч, бул билдируумду очурбосонуздор жакшы болоор эле. Анткени маалыматты далили менен жазганым туура болоор. Томондогу маалымат www.fakt.kg сайтынан алынды.

Чубак ажы Жалилов берген маек:

Орозо кармоодон эмнелерди тапса болот жана эрежелери:

Айлардын эң ыйыгы катары эсептелген рамазан айы да кирип келди. Бул ай өзүнүн берекелүүлүгү менен башка айлардан айырмаланып турат. Рамазан айы тууралуу хадистерде: “Рамазандын келишине кубанып, кетишине өкүнгөн адам чыныгы мусулман. Бул айда бейиш эшиктери ачылып, асмандан күндүр-түндүр береке жаап турат. Ооз ачарда кылынган дуба-тилектер сөзсүз кабыл болот” деп айтылат. Орозо айы тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын муфтийи Чубак ажы Жалилов кеп салды.




-Орозо кармагысы келген адам эмнеден баштоосу керек?

-Шариатта балакатка жеткен, акыл-эси толук, кылган иштерине жооп бере ала турган курактагы адамга шариаттын парздары парз, арамдары арам, адалдары адал болуп, кылган иштерине карата күнөө жана сооп жазылып баштайт. Бул курак эркектерде 12-15 жаш, кыздардыкы 10-15 жаш аралыгы эсептелет. Ушул мезгилден баштап ар бир пенде ислам амалдарын аткарууга милдеттүү. Анын ичинде орозо кармоо парзы кирет. Орозо кармагысы келген адам эң биринчи кезекте “орозо кармаймын” деген ниетин бекемдөөдөн башташы абзел. Ниетин бекемдеп, сооптуу ишти жасоого камданса - Алла Таала дагы ал пендесинин түйшүктөрүн жеңилдетет. Эч себепсиз эле орозо тутпай койсо - бул күнөө.

-Рамазан айынын эрежесиндеги адам өзүн кандай алып жүрүшү шарт?

-Орозо сырткы жана ички орозо деп экиге бөлүнөт. Тамактан, ичимдиктен, аялга жакын болуудан таң аткандан баштап күн батканга чейин тыйылуу эрежелери сырткы орозого кирет. Ал эми кулакты, тилди, көздү жана жүрөктү жаман, арам нерселерден тыйуу - ички орозо болуп эсептелет. Жаман жана жалган сөздөрдү айтуу, урушуу, ушакташуу – орозону бузбаган менен ибадатынын маңызын бузуп, сообун азайтат. Эгерде ооз бек учурда сизди кимдир бирөө урушуп, жаман сөздөр менен тилдей турган болсо “Мен орозо тутуп жаткан адаммын” деп айтуу керек. Эгер аны менен чатакташууга барсаңыз, сиз эртеден-кечке ачка жүргөндөн башка пайда таппай каласыз.

-Орозо туткандар кандай азыктар менен тамактанганы оң?

-Бардык тамактарды ооз ачкандан кийин жей берсе болот, чектөө жок. Бирок ооз ачаар учурунда жашылча-жемиш, кайнатылбаган суу же сүт менен ооз ачуу сунушталат. Эң жакшысы бул курма менен ифтар кылуу. Бир күн кечке ачка жүргөн ашказаныбызды суу же жашылчалар менен жазып туруп, бираз убактан кийин тамактануу – ооруп калуу коркунучун алдын алат.

-Исламдын бирден-бир өзгөчөлүгү болгон орозонун пайдасы жөнүндө айтсаңыз?

-Орозо мусулман пендени сабырдуулукка, чыдамдуу болууга тарбиялайт. Анткени, бул айда мусулман пенде напси каалап, сүйүп турган тамак-аш, суусундук ж.б. нерселерден өзүн токтотот. Кечке чейин ачкачылык азабын тартканда, тамак-ашка муктаж болгон кедей-кембагалдардын ахыбалын түшүнүп, аларга жардам берүүнү ойлонот. Бул жагынан алганда адамды боорукерликке да тарбиялайт. Эң башкысы Алла Тааланын өкүмүнө моюн сунгандыгы үчүн сооп-сыйлыктарга ээ болот. Экинчиден ден-соолугуна дагы жакшы пайдасын тийгизет. Орозо учурунда кан азык-зат издеп организмдеги калдыктарды, радикалдык- концерогендик элементтерди ж.б. зыяндуу нерселерди ээритет. Ошондуктан медицинада деле бир нече күн орозо кармоо сунушталат. Бирок медициналык диета менен орозонун айырмасы чоң.

-Орозо кармоо кимдерге сунушталбайт?

-Орозо кармабаган адамдардын 6 категориясы бар. Алар: жолго чыккан мусаапыр, оорукчан, этек кири (айызы) келген аял, төрөттөн кийинки кандан (нифас) тазалана элек аял, орозого күчү жетпеген карыя, эмчек эмизген жана боюнда бар аял.
Ооруп калган адамга орозо тутуу кыйын болсо, айыкканга чейин оозун ачат. Калтырган күндөрүн карыз ирээтинде кийинчерээк тутат. Өнөкөт ооруга чалдыккан адам орозо кармай албаса – ар бир күнүнө бирден орозо туткан кишинин оозун ачырат же ага тете болгон акча суммасын садага (фидья) берет. Баардык күндөрдү топтоп Орозонун аягында бир садага берип койсо да болот. Эгерде орозо тутуу ымыркай-наристе үчүн кандайдыр зыяны боло турган болсо орозо кармалбайт.

-“Кадыр түн тосуу, курмандык чалуу” деген көрүнүштөрдүн мааниси канчалык?

-“Ким орозо адамга ооз ачырса – анын орозосундай сооп алат”. Ооз ачыруу дегенибиз – суу ууртатып коюу же мүмкүнчүлүгү келсе кардын тойгузуу. Мухаммед пайгамбар: "Ким Рамазандын Кадыр түнүн ишенимде жана үмүттө ибадат менен өткөрсө, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет" деп айткан. Орозо учурунда кылынган ибадатка сооп 70 эселенип берилет. Ар бир адамдын сөзсүз түрдө (эң аз дегенде эле) күндүзү бир, түндөсү бир дуба-тилеги кабыл болуп турат. Рамазан айындагы соопту пенде билгенде 12 ай тең Рамазандай болсо экен деп тилеп калышмак. Кадыр түнү тагдыр жазылат, периштелер түшөт, дубалар кабыл болот, бул түнкү ибадат 1000 айдан да жакшыраак. Бул деген 83 жыл, а балким адамдын бүт өмүрү деген сөз!

-Ысык аптапта орозо кармаган адамга сууга түшкөнгө болобу?

-Ооба, эгер адам кулак-мурундан суу кирбестигине кепилдик бере алса, болот. Эгер суунун адамдын ичине кирип кетүү коркунучу болсо, сууга (көлгө, бассейнге, душка, ваннага) түшүүдөн баш тартуу керек.

-Ажы, диний жүрүм-турум дубалар менен коштолот эмеспи, күнүмдүк турмушта пайдалана турган кандай дубалар бар жана алардын жардамы кандай?

-Дуба - бул ибадаттын маңызы делет хадисте. Дуба аркылуу биз Жараткандын алдында муктаж экенибизди белгилеп, ага жардамга кайрылып, жакшылыгынан үмүт кылып, күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурайбыз, “истигфор” айтабыз. Күнүмдүк дубалар бул турмуш-тиричилик убагында Аллахты эстеп айтылган сөздөр. Мисалы дасторкон алдында “О, Аллахым! Бул ырыскыңды бизге берекелүү кыл жана мындан да жакшысын татууга мүмкүнчүлүк бер” деп айтылат. Үйгө кирээрде “Аллахтын ысымы менен кирдик Аллахтын ысымы менен чыктык жана Раббибизге тобокел кылдык!” деп айтылат. Хадисте айтылып келгендей бул сөздөр болгондо терс күчтөр үйдүн ичине кире албайт. Андыктан күнүмдүк дубаларды кайталап жүрүү пендени ар кандай жамандыктан сактайт.

Темирбек Матаевдин материалынан.

Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 23 Июль 2012 - 17:16

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#254 Пользователь офлайн   Daud   23 Июль 2012 - 18:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ооба, болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#255 Пользователь офлайн   nuradyl88   23 Июль 2012 - 19:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 800
  • Катталган: 20 Ноябрь 11
  • Соңку аракети: 26 Апр 2014 01:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ЖалалАбад -Бишкек арасы......

Орозого тиешелуу бир аз кыстырма иле кетейин кап этпесенер... .


Рамазандын башкы 10 куну рахмат - Аллахтын жактыруусу, алкоосу; ортосунда 10 кун магфират - Аллахтын кечирими; aягында 10 куну -Аллахтын куткаруусу - Тозок отунан куткаруусу экен. Бул чыныгы кубаныч!
Дагы бир хадисте: Орозо туткан адамда эки кубаныч бар, 1. Ооз ачканда; 2. Tозоктон кутулуп бейишке киргенде.

*************************************************************************************************************
Райян - деп аталган бейиштин эшигинен орозо кармагандар гана киргизилет (хадис)....
*************************************************************************************************************

Орозо туткан адамдын ачка болгондогу оозунан чыккан жытты Аллах бардык жыпар жыттардан да жагымдуу кылыптыр...
***************************************************************************************************************


Абу Убайда(р.а.)риваят кылат. Мен Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын мындай деп айтканын уктум: "Орозо, адам учун калкан болот, аны сындырганга чейин".
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#256 Пользователь офлайн   Jeka   23 Июль 2012 - 19:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения bostars (20 Июль 2012 - 20:44) жазган:

Орозо- чектөө эмес....

Бул жерде айтылат "В Коране нет проповеди аскетизма (аскетизм – это ограничение во всем). Напротив, Мухаммад неодобрительно говорит о христианском монашестве" (монашество - движение, проповедущее отречение от всех благ).
Ал эми Орозо маалында адам өзүн "кара жип ак жиптен айрымалана баштаганча" тамак-аштан, жыныстык мамилелерден, сөгүнүп-сагынгандан ж.б. көп нерселерден чектейт.

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 23 Июль 2012 - 19:48

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#257 Пользователь офлайн   Daud   24 Июль 2012 - 12:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Jeka (23 Июль 2012 - 19:36) жазган:

Бул жерде айтылат "В Коране нет проповеди аскетизма (аскетизм – это ограничение во всем). Напротив, Мухаммад неодобрительно говорит о христианском монашестве" (монашество - движение, проповедущее отречение от всех благ).
Ал эми Орозо маалында адам өзүн "кара жип ак жиптен айрымалана баштаганча" тамак-аштан, жыныстык мамилелерден, сөгүнүп-сагынгандан ж.б. көп нерселерден чектейт.

Сиз койгон ссылкадагы маалыматтын баары эле туура эмес. Же көпчулүгү туура эмес десем да болот. Ал эми тыюу салуу жөнундө айта турган болсок. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) бул дүйнөнүн кызыкчылыктарын таптакыр таштап салууга тыюу салган. Мисалы өмүр боюу үйлөнбөй өтүү же өмүр боюу орозо кармоо же өмур боюу түндөрү уктабастан намаз окуу ж.б.у.с. иштерге тыюу салган.

Цитата

Аль- Бухари и другие передают, что группа сподвижников пришла к женам Пророка (Мир ему) и спросила их о том, как поклоняется Пророк (Мир ему). Выслушав женщин, они сочли это малым (т. е. им показалось, что он поклоняется меньше них). Они удивились: "Тогда кто мы, если Посланник Аллаха (Мир ему) - тот, у кого прощены прошлые и будущие грехи?" Один из них заявил: "Что касается меня, то я пощусь, не разговляясь! " Другой сказал: "А я простаиваю всю ночь в молитвах без сна!". Третий сказал: "А я отказался от женщин, приняв обет безбрачия! ". Когда Пророк (Мир ему) узнал об этом, то он разъяснил им их заблуждения, сказав: "Я - тот среди вас, кто знает и боится Аллаха более всех, но я совершаю пост и разговенье, выстаиваю ночной намаз и сплю, а также нахожусь в браке. А кто отвергает мою сунну, тот не со мной".


Ал эми Рамазан айында орозо кармоо алардын катарына кошулбайт. Бул бир жылда бир ай гана болот. 

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 24 Июль 2012 - 12:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#258 Пользователь офлайн   Begimkyz   24 Июль 2012 - 12:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 13 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Οω- Μοsκβα

Менин ден соолугуманбы эч тушунбойм. Эки жыл жакшы ниет менен орозо кармадым,бирок акырына чыга албадым. Он кун откондон кийин ысытмам чыгып жатып калам, былтыры метродо эле ээсимен танып калганмын. Быйыл апам карматпай койду, сага болбойт деп. Буюрса, кармайм.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#259 Пользователь офлайн   Jeka   24 Июль 2012 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Daud (24 Июль 2012 - 12:35) жазган:

Сиз койгон ссылкадагы маалыматтын баары эле туура эмес...

Туура эмес экенин кантип далилдейсиз?
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#260 Пользователь офлайн   Daud   24 Июль 2012 - 16:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Jeka (24 Июль 2012 - 13:27) жазган:

Туура эмес экенин кантип далилдейсиз?

Цитата

В Коране нет проповеди аскетизма.


Эң биринчи аскетизм деген сөз эмнени түшундүрөөрүн билип алуубуз керек: Аскетизм дегендин мааниси боюнча мынтип айтышат: Аскетизм - (греч.-упражняться): нравственный принцип , утверждающий превосходство человеческого духа над плотью и требующий ограничения чувственных наслаждений или отказа от земных радостей во имя высших духовных идеалов.




Эгер аскетизмди жогорудагыдай түшүнгөн болсок, анда Кураанда аскетизмге чакырган маанидеги аяттар бар деп айтсак болот. Мисалы: " Билгиле: Чындыгында (бул) дүйнө – ойун, азгырык, (убактылуу) кооздук жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү , бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө) өсүмдүктөрүкаапырларды таң калтырган жамгыр сыйактуу. Ал кези келгенде кургап, сапсары болгонун көрөсүң , андан кийин кайра топуракка айланат. Акыретте катуу азап (бузукулар үчүн), ал эми Алланын кечирими жанаыраазылыгы – (момундар үчү н). (Бул) дүйнө жашоосу – алдамчы ырахат" . (Хадид сүрөсү 20-аят).


Ошондой эле: " Бул дүйнөнү акыреттен жакшы көргөндөр жана башкалардыАлланын жолунан тосуп, адаштыргандар, алар узак адашууда (они пребывают в глубоком заблуждении)" . (Ибрахим сурөсү 3-аят). Ж.б. аяттарда аскетизмге чакыруу бар экенин көрүугө болот.

Цитата

Напротив, Мухаммаднеодобрительно говорит о христианском монашестве. Тем не менее после смертипророка сформировалось два самостоятельных аскетических направления - зухд итасаввуф (суфизм).


Зухд менен тасаввуф эки башка нерсе эмес. Зухд дегени аскетизм деген эле сөз. Ал эми тасаввуф бул ошол зухд (аскетизм) менен алектенүү дегенди билдирет.

Цитата

Их первыми наставниками в этом делебыли монахи-христиане Сирии и Египта.


А мына бул сөздөр болсо жалган жалаа. Мусулман адам християн адамга барып ага шакирт түшүп андан бир нерсе үйрөнүүсү мүмкүн эмес.

Болгону Исламдагы аскетизм менен башка диндеги аскетизмди адаштырбоо керек. Исламда, жогоруда айтып өткөндөй эле аскетизмде чектен чыгып кетүүгө тыюу салынат.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 24 Июль 2012 - 16:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (71 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июн 2025 00:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: