Чыңгыз хандын мекенине (Монголия) саякат Монголдор чындап эле САСЫК болушабы?
#102 25 July 2012 - 05:48
Монголчо шакарап, негизги ингредиент эт!..)))
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#104 25 July 2012 - 05:51
Ии,
баса. Монгол чайын да беришти. Чоң чыныда сүт кошулган чайды сунушту. Ууртасам, ляяяяяяяк, туз кошуп салышыптыр.
Сүтү да майлуубу, өзүнчө эле суюк буламык. Жакпады! -2!
Анан боз үйгө ат чабышка катышкан жаш балдарды ээрчитип келишти. Биринчи киргени го улуураак экен, экинчиси, бултуська десе, араң төрткө чыгыптыр. Колуна белегин карматышты, сүйүнгөн бойдон тышка ойногону кетти.

Анан боз үйгө ат чабышка катышкан жаш балдарды ээрчитип келишти. Биринчи киргени го улуураак экен, экинчиси, бултуська десе, араң төрткө чыгыптыр. Колуна белегин карматышты, сүйүнгөн бойдон тышка ойногону кетти.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#105 25 July 2012 - 05:51
Биздин делегацияга ат чабыштан Япониянын элчиси кошулуп алган экен. Үстөлдөгү арактар менен кымызды көрдүңүзбү,
ошондон бир сеп эткенден кийин эле заңгырап ырдап кирбедиби, бул жапонубуз. Кыйлага чейин ырдады, эмне тууралуу экенин бир кудай, анан бир өзү билет!

Ал деген Любэнин "Ты неси меня река-а-а, За крутыыые берегааа" деген ыры болчу ))
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#106 25 July 2012 - 05:52
Анын артынан барсам, достору менен белектин ичин ачып, конфеттерди жеп жатышыптыр.
Жакыныраак барып, сүрөткө тартып алдым.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#107 25 July 2012 - 05:54
Биз отурган боз үйдүн жанындагы мини боз үй. Жаш балдардыкы окшойт.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#108 25 July 2012 - 05:55
Аттарды болсо ушинтип байлап коюшат экен. Көптүгүнөн казык кагууга зеригишет өңдүү.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#109 25 July 2012 - 05:55
Ал эми монголдордун аты пониден бир топ эле чоң болсо керек эле. Менин да ошондой атым бар эле, ээх. Аябай күчтүү болот. Убагында ошол аттары менен дүйнөнү каратышкан да моңголдоруң.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#110 25 July 2012 - 05:56
Бизди коноктогон үй-бүлө. Айтмакчы, чоң уулу МГИМОдо окуйт экен. Негизи эле колунда бар монголдор баласынын тиешелүү билим алуусу үчүн акчасын аяшпаганын көп жерден угуп жүрдүк.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#111 25 July 2012 - 05:58
20:00
Мейманканага келе жатып, бир дүкөнгө токтодук. Шоппингдин акыркы штрихтерин тартып дегендей, совет кинолорундагыдай ажиотажга түштүк. Анткени анын жабылуусуна бир саат гана калган. Өткөөлдөн өткөөлгө чуркайбыз, жанталашып эки колубуз, эки көзүбүз өз-өзүнчө ролдорду аткарууга киришти. Мен да карбаластап,
эки колума эки монгол арагын кармап алгам. Коштоочуга барам, кайсынысы жакшы деп сурап?! Ага ал да жакпайт, бул да жакпайт. Бир маалда алтын күкүмдөр кошулган аракка токтолдук. Шагыратып 9 бөтөлкө алып чыктык. Коштоочубуз күлүп коёт “силер мусулмансыңар го” деп...)))
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#112 25 July 2012 - 05:59
21:00
Кечки тамакка бардык. “Эльвира, стоп” дедим өзүмө. Бир чайнек көк чай алдырып, ошону шорулдатып иче баштадым. Эртең Кыргызстанга,
адаптация башталышы керек.
Сыртта олтурганбыз, “баң-баң-баң” деген үндөр бизди чочутту. Чыксак, Наадам майрамына арналган салтанаттуу фейерверк экен. Жарым сааттай атылды го!
Номерге кеч кайттык. Чемодан жыйыштырууга кудурет жетпей куладык.
Сыртта олтурганбыз, “баң-баң-баң” деген үндөр бизди чочутту. Чыксак, Наадам майрамына арналган салтанаттуу фейерверк экен. Жарым сааттай атылды го!
Номерге кеч кайттык. Чемодан жыйыштырууга кудурет жетпей куладык.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#113 25 July 2012 - 06:00
12.07.12
08:00 Кайтуу. Белек-бечкектерди чемоданга толтуруп, жылуу элестерди кошуп алып, ылдыйга түштүк. Ганбаатардын кебетеси келишкен, байкуштун, биз менен кошо чуркап жүрө берип...(((
Аэропортко. Коноктоп да бүттүк. Чек арачыларга чейин узатып келишти биздин коштоочулар. Жогоруда айткан монгол журналист кыз да бар арасында. Баарынан да Ганбаатар менен коштошо албай кыйналдык. Бекем кучакташып, рахматыбызды айтып бүтө албай...(((
Алты күн эмне кылып жүрдүк билбейм, акыркы мүнөттөрдө жанталашып фейсбук баракчаларыбыздын даректери менен бөлүшүп жаттык. Колубузду булгалап: “Ганбаатар, сөзсүз Ысык-Көлгө кел” деген бойдон учакты көздөй бет алдык.

#114 25 July 2012 - 06:02
14:00
Биз Кыргызстандабыз!
“Манас” аэропортундагы чек арачы паспортума мөөр коюп жатып: “Кандай экен анан Монголия? Бизден да жаман турушат бекен?”,- деп калды. “Жок, байке” деп кыска гана жооп берүүгө шайым жетти. Бишкек шаарын көздөй келе жатып, жолдун тегиздигине кубанып бүтө албайбыз. Ылайым өмүрүңөр узун болсун, биздин жолчулар!
Кийинкисинде “Мага эмне жакты?”, “Монголдор чындап сасыкпы?”, “Монголия Кыргызстанга үлгү боло алабы?” деген суроолорго кыскача жооп калтырам.
Кийинкисинде “Мага эмне жакты?”, “Монголдор чындап сасыкпы?”, “Монголия Кыргызстанга үлгү боло алабы?” деген суроолорго кыскача жооп калтырам.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#115 25 July 2012 - 06:14
Ал эми монголдордун аты пониден бир топ эле чоң болсо керек эле. Менин да ошондой атым бар эле, ээх. Аябай күчтүү болот. Убагында ошол аттары менен дүйнөнү каратышкан да моңголдоруң.
Байкасаң, аны "пони" деп жазгам...))) Жеке мага өтө кичинекей көрүнүштү, кыргыздын аттары деле чоң эмес дечи, эми элестетип алган кишиге айла жок да!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#117 25 July 2012 - 08:51
Эринбей бардыгын окуп чыктым. Абдан кызыктуу баян-экскурсия болду, мен учун. 500 долларды камдап алып, азыр эле Монголияны коздой сапар тарткым келип кетти.
Уландысын кутобуз, adalsvards!
#119 25 July 2012 - 10:15
Ыр кезеги эми монголго келди. Кымыздын кесесин көңтөрдү да, жапонду артка калтырып, коңур үнү менен чакан чыгармачылыгын тартуулап кирди. Обонун “жайлоооо-ооодо” дегенге окшоштурдум.
..)))
Жакшы... Бул жолкусу озунчо эле комедия сериал болуптур го, тан атпай маанайды которуп, adalsvards ка рахмат.
«
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»
#120 25 July 2012 - 10:38
Сага да рахмат!
Эринбей бардыгын окуп чыктым. Абдан кызыктуу баян-экскурсия болду, мен учун. 500 долларды камдап алып, азыр эле Монголияны коздой сапар тарткым келип кетти.
Уландысын кутобуз, adalsvards!
Хехе, рахмат! Мени да ээрчитип алчы, гид болуп берем...)))
Дааааааааа маага да абдан жакты но кыргызстанга жетпейт!!
!
Албетте! Кыргызстан деген биздин бейиш.
[/size]
Жакшы... Бул жолкусу озунчо эле комедия сериал болуптур го, тан атпай маанайды которуп, adalsvards ка рахмат.
Таааак, комментарийлеримди баштасам, корунуп тургандай, тээ Чынгыз хандын "цивилизациясын"
дале сакташат окшойт ээ, Премьер-министринин да, даже конок уйунун да отурган жерлери жапыз-жапыз,
дагы жакшы такыр эле жерге отургузуп койбоптур...
))) Эми, ортодогу нанга келсек, кооз корунот экен, бирок коп жерди ээлегени менен мунусунун да бир мааниси бар чыгаар, ал кандай экен жана желет бекен деги анысы, же жон эле коргозмо бекен? (анткени муну узуп жемек тургай, тийип койгондон коркот го киши, оптом кулатып аламбы деп...
). Жана акыркысы, Роза айым озу обон созуп койсо болмок экен, менимче жакшы ырдаса керек...
Жакшы... Бул жолкусу озунчо эле комедия сериал болуптур го, тан атпай маанайды которуп, adalsvards ка рахмат.
Сизге комедия, бизге трагедия))) Нанды сууруп чыкпадык. Бирок куруттарынан жедик. Роза Отунбаевага келсек, ким билсин...))) Биз ырдагандан кийин "кой, тим эле коёлу" деп калгандыр да!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.

Супер-Инфо
super.kg
видео