Монолог. Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#1681 25 July 2012 - 15:40
Эх жалгызым. кечээ экообуз кечке кумардан чыгып, суйлошуп отурдук. Сиздин жузунузду, жылмайганынызды тиктеген сайын, журогум уйгу-туйгу болуп атты. Сиз деп соккон журогум, алып учуп, оз кынынан чыгып кетчуудой катуу катуу
согуп жатты. Уурданып жылдызуу коздорунузго тигилем. Айдын жарыгына жузунуз андан да сулуу, андан да келишимдуу болуп турду. Туболукко кол кармашсам дейм сиз менен. Балдарыбызды чогуу тарбиялап, элдин катарындагы бактылуулукту чогуу откорсом деп кыялданам.
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#1682 25 July 2012 - 19:53
Неге?Неге мени мынча кыйнап тел чалып атасын.Унут деген элемго,бирок билем унутуу оной эместигин.Не кылайын сени деп ата энеме каршы чыгалбаймын.
Званок кылба деп озум суранам бирокчу озум кутомун.Унунду уккум келет корбосомда.
Эй Аллахым неге бизди жолуктурдун бир кылбасан.Тагдыр деген ушунчалык ташбоорбу айтчы.Неге суйуу азабын тартуу ушунчалык кыйынбы?Билем жан сен мени суйорунду сенда билген бул денедеги соогуп турган кан журок сени гана суйушуну.
#1683 25 July 2012 - 21:48
Тээ артымды карап, жылмайдым..Кичи нерсени көптөй көрүп шүгүр кылбай наалып да койчу экенмин, кашайып. Шашылбай басып, шашпачу экенмин. Эми болсо умтулуп, келечегиме шашып баратам. Алдымда мени не аңдыса да, ал эмне экенин билем. Ошого жетүүгө, анын изин издеп акмалоого, кези келсе жанашууга шашып баратам. Мен бактылуумун!
!! Эч бир нерсе тийиштик кылалгыс маанайдамын.
Кудайга шүгүр мен БАКТЫЛУУМУ
Н!
Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги - уяты менен адеби.
#1685 26 July 2012 - 11:13
Адам баласы неге мынча куу болобуз? Жадап кеттим баарынан. Ар адамдын алдында куулуп эки башка суйлогон адамдардан жададым. Кыйкырып ыйлагым келип турат. Эххх, баары бир тушундуро албайм!!
!
#1686 26 July 2012 - 11:48
Сиздин барыныз учун мен бактылуумун.
Сиздин оор мунуозунузду суйом. Сиз деп соккон журогум, дайыма сиз деп согуп жашайт жалгызым. Кундон кунго мамилебиз чыналып баратканына суйуном. Кудайым бизге дагы коптогон жакшы кундорду тартууласын,
ылайым. Сиздин бул жашоодо бар экениниз, сиздин мага болгон ишениминиз,
суйуунуз, жылуу создорунуз,
мээриминиз мага кундо куч кубат берет. Ошон учун мен кучтуумун, ошон учун мен бактылуумун.
ЖАЛГЫЗЫМ сизди сагындым. кундо корсом деле, кундо эркелеткен,
жагымдуу создорунузду уксам деле, минут айланбай сизди сагынып кетем. Эх журогумдуун ээси, менин тун суйууум, тунук махабатым, мен сизди кандай болсонуз, ошол боюнча суйом, ЖАЛГЫЗЫМ.
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#1687 26 July 2012 - 15:24
Жакшы туз оюмду айтсам сразу башкача тушунушот.Билбейм неге кантсе да жакшы жашоого аркет кылам мен барибир бактылуу болушум керек.
Ошончо мени карап,андып тургандар ошолор учун да мен Дуйнодогу эн бактылуу кыздардан болушум керек.
Ошончо мени карап,андып тургандар ошолор учун да мен Дуйнодогу эн бактылуу кыздардан болушум керек.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#1688 27 July 2012 - 23:21
myna туун эс алууга камынып.... сен корбогонумо бир жума болду кунум отуп атат.мен сени деп такыр кыйнабадым адамга капа болсом мамилени ото тез узчумун сени да ошондой кылдым.. мынчалык оной деп ойлобогон элем корсо ушунчалык оной экен тобоо мен сени чийип таштоого кудиретим жеттиби тан калып буто албайм озумоо озум аман бол....же мен сени суйбодум беле... же такыр эле суйуу жокбу кызык ээээ
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#1689 28 July 2012 - 16:28
Эх,жиним келип кетип суперге кирдим,даттанайын десем эч ким жок. Блин катышып анан келем дейт. Ии ова деп эле тим болдум,акыры мени укмак беле,решил значит все,бирдеме десем урушабыз,хуже сделаю,и так кутом да андан коро тынч эле кутойун дагы бирдеме деп алып анан кайра жалететпей.
Аман-эсен келсинчи. Башынан калаарын билди да калп эле не сурайт анан билбейм,кенешейин дегем деп коет кенешимди угуп туруп акыры озунукун кылды да. Ии калбаса болбойт деп тушунсом деле жиним келтат,эртен иш кылайын дегем да,бияка ким иштейт эми,уйдо да квартиранттан айырмам жок болуп калды,кечинде барып тамак жасаганым болбосо,балдарым да ооруп жатат,ушу грипптики отту,жайы менен оорушту. дарылары отсун деп вирус ыргытып коюшса керек да,болбосо элдин баары ле грипп, тостошам да кыйнады тундо,жаным десе ушу кызым менин настронением даконул ачаарым.Жинденгенде эстеп койосм эле болду улыбка пайда болот да бетимде.
Жиним келатты ле,кетип калды го,кайра келгенче эстеп турайын ээ.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#1690 29 July 2012 - 11:30
Жалгызым мен дагы сизди катуу сагындым. Эртерээк келсениз экен. Кутуу бул журогумду эзип салды. Сизди сагындым. Мин кайталап атынызды айтсам дагы, туну жатып жылдыздуу кодорунузду,
жагымдуу создорунузду эстеген сайын, кусадан коз жаш агылат. Сагындым, сагындым. Бул сагындым деген созумду сизге ар дайым айтам. Сиз болсо"Сабыр кыл эркем, жакында жолугабыз, мен дагы сени сагынып, кыйналып журом, мен сени чын журогум менен суйом, сен менин акылдуумсун,
жылдыздуумсун,
сулуумсун"
деп эркелетип, коесуз. Ар бир аткан тан, ар бир баткан кун, оюмдан сизди чыгарбайм. Колокомдой жан дуйномдо жашайсыз. Эмне кылып жатты экен деп да кыялданып коем. Телефон чалам, жок дегенде унунузду угуу учун. Каерде журбон аман болунуз жалгызым менин! Мен сизди чекси суйом, жана кутом.
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#1691 29 July 2012 - 12:33
мына дагы бир сени корбогонумо бир жумадан ашты...сени деп коз жаш токподум..бир тамчы коз жаш сени мен озумдон жакшы корот элем го... бир тамчы коз жашка тете суйуунду ачдын беле...мен азыр да ишене албайм сени ушунчалык тез унуттумбу...
тушуно албайм мен ойлогом сенсиз жашай албайм бирок адашкан экем...
уважаю всех кроме себя. Теперь все будет наоборот....
#1692 01 August 2012 - 11:28
Мама сиз бизди таштап кеткениңизге кечээ 2 ай болду.Убакыт тез өтуп жатабы же кечпи?Негедир мамам каза болгонуна канча бир жыл өтүп кеткендей...
..эххх алтындарым менин Атакем менен Апакем.кантип атасыңар?жакшы элесиңерби?
Бизди сагындыңарбы?
сагынсаңар керек...биз дагы сагындык силерди...аябай каттуу..Кечээ балаңар ыйлап,өзү менен кошо бизди да ыйлатты,жөн эле боздоп кетти.."Бир чоң үй алып,баардыгыбыз эжемдер,жездемдер,
балдары болуп чогуу, эч жакка кетпей бир жашайлычы"
дейт..бир жагынан анын айтканын угуп күлгүм келди.баары бир кичинекей да ээ,эжемдердин жашоосу өзунчө да күйөөсү ,бала-чакасы менен,байкушум аны түшүнбөйт да.Биз канчалык аны эркелетип,көзүн карап,силердин жоктугуңарды билдирбейин десек дагы окшошпойт экен...Силерчелик боло албайт экенбиз.Мен аябай жалгызсырайм мен,иним менен синдим дагы мага окшоп жалгызсырашса керек.А эжемдерчи,алар жалгызсырабайт,
ыйлап-сыкташат,
бирок алардын үй-бүлөөсү бар,балдарына,
күйөөсүнө алаксышат.Ыйлап жатып ,балдарынын бир күлгөнүн,кылыгын көрүп,ошол замат кайгысын унутуп калышса керек.
өзүм жалгыз ,бир туугандарымдан алыс жүргөндө мага анча билинбейт,баарыбыз чогуу топтолуп,бир болуп калганыбызда, аларды карап аяйм,анан дагы силердин жоктугуңар аябай билинет.Чогуу олтуруп алып ыйлайбыз,тэээ кездеги бактылуу болгон күндөрүбүзду эстейбиз...ал күндөрду кайтаргыбыз келет...бирок колубуздан эч нерсе келбейт,бир гана силерге арнап куран окуп,жыт чыгарып,силерди эскерип гана силерге жардам бере алабыз.Андан башка нерсеге күчүбүз жетпейт Атаке Апаке...Бизди кечиргиле,бизден ыраазы болгула..

Только злые люди, зла боятся!
#1693 01 August 2012 - 16:51
монологго коптон бери жазбай калдым, бирок бугун жазгым келди, анан элее кепти эмнеден баштаарымды билбей калдым, адам кызыктай эле жандык эээ, бир туруп куштан бешбетер жээпженил болуп ар тарапка учкусу келип ээн эркин болуп калса бир туруп элее кара жутуп алгансып оорлошуп калат... ааа таптым неге кайгыга батып калдым десем себепчис жаан турбайбы, тырс тырс деп черткилеп терезени аймалайт табигаттын кубулуш ай, ошол жаан да бир демкени айткысы келип жаткан чыгаар, жаандын шылтоосу менен бугумду чыгарып алайын деп терезеге барайын десем адам жык, деги эле бошотоюн деген ойлору жок го адамдардын.
.. саратандын куйкалаган абасынан жадашкан окшойт адамдар, анын устуно орозо да кармап жатышкан болсо мендей чыдамы кетип калган гоо адамдардын.
..
ээээ эмнеси болсо да тынчылык аманчылык эле болсун, бир доскем айткандай "бар эле бололу да!"... эмнени айтышым керек эле озу сага монолог? анан кийин эскертип койчу, ушу улгайган сайын унутчаак болуп баратам дааа...

Баркымды билгендердин эсиндемин...
#1694 01 August 2012 - 22:20
эмнеден баштаарымды,
эмне деп жазышымды билбей турам... Жада калса оюмду бир жерге жыя албай турам... бир болсо айныдымго мен байкуш. Депресснякдан чыга албай жургонумо жарым жылдын жузу болду. Ушунун баардыгына сен куноолусун,
ооба сен, сен. Эгер ошол куну сени менен таанышбаганда баардыгы башкача болоор беле? Сен мени ташбоор, мерез журокго айландырдын.
Апапак сезимимди булгадын, каалашынча пайдаландын.
Мен баардыгына чыдап келгем жана чыдайм. Бирок, сен ойлоп жатасын " мени суйот, эч жака кете албайт, айтканымдай болот" деп. Жоооок, жанылышасын,
мен дагы сени тепсейм, каалашымча пайдаланам.
Акырындык менен оч алам. баардыгын убакыт корсотот...
#1695 02 August 2012 - 14:57
Маанайга кар жаап кетти... анын устуно ооруп турам... иштер коп... убакыт аз...каражатым жетпей жатат...козкарандысыздыгым дагы... пландарым коп...неге алсыздык кылып жатам? же чечкинсиздикпи бул? эмнени ордун алмаштырып,
эмнени озгортуп,эмнеден баш тартсам? деги эле эмнеден баштасам? Чарчабайын.
.. ансыз да эс алам да... маанайды чогорбойун.
..мындайдын далайын корбодум беле... жана женип чыккам... мейли акжол озумо...
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)
#1697 04 August 2012 - 14:44
Эхххх сагындым сизди. Арманымы ушул жака жазып женилдеп алчуудаймын.
Сагындым, коптон бери карабыныз жок. Такыр байланышуу мумкун эмес болуп жатат. Кабарынызды билдирип, койсонуз жакшы болот эле. Кыжаалаттан олуп кала жаздап жатам. Акыркы жолу байланышканыбызда маанайыныз суз, бир нерседен кыжалатта элениз. Деги тынчылык бекен ээ. Мен сизди сагынып, сагынып кутуп жаттам .
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#1698 04 August 2012 - 17:39
Мен ошол кунду кутуп жатам,тезирек биз жолугушкан кун келсе экен.Аябай сагындым!
Периштелер бул оюумду жеткирер бекен.
Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала.
Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
#1699 06 August 2012 - 12:11
Жалгызым, мен сизди сагындым. Кереметтуу,
касиетти кучтуу, жылдыздуу коздорунузду сагындым. Сагындым деп айтсам, мен дагы эркем дейсиз. Жолдун алыстыгы, жан дуйномду кыйнап салды. Эртерээк жолунуз ачылып келсениз экен, жалгызым.
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#1700 06 August 2012 - 23:09
Тажаганда,
тойгондо, баарынан кечкиң келгенде...
Чыныгы жашоону көргүм келбей калганда, андагы адамдын баарынын бетине түкүрүп туруп басып кетким келгенде, ушул темадан тынчтык, дааба, түнөк тапкам. Мени түшүнгөн адамдарды жолуктурдум, айрымдары менен достоштум. Бирок барган сайын бул дүйнөдөн алыстап баргандаймын. "Сени капа кылган адамга жылмая караган күнү сен чоңоёсуң" дешет экен акылдуулар. Мен чын айтам, жылмая карап калганымды жакында билдим.
Өткөндө жолуктум, сүйлөштүм, узак жолго карабай барып келдим. Сезимдер нөл, урушпадым, тилдебедим, сөгүнбөдүм. Өзүмдү медитацияда отурган кечилге окшоштурдум. Анан кубандым "адам болгону калыпсың" деп... Мени мүңкүрөтүп койгон адамга жүрөгүм өз нугунда, демим өз ыргагында, ыйламсырабай, акмактай мамиле жасабай нормалдуу сүйлөп отурдум. Мындай темпте уланып отурса, ишенимим артат, сырлар азаят, дартым карттанат, аны сыйрууга себеп да жок болот. Демек жинди немече монологго да кирбей калам...)))
Кантип суурулдум деп отурам азыр. Же ушунчалык таш боор болуп калдымбы? Же көз карандысыздыкка жеттимби?
Балким, чындап эле мени алдыда жашоонун жаңы жолу күтүп тургандыр. Мен баарына даярмын. Бир гана артка кайткым келбейт. Дал, сен айткандай "талкаладым мен баарын, тескерисинче сен жаратуучу бол" дегендей жасайм. Бул сенин сөзүңдү аткарууга болгон далалытым деп эсептебе, болгону бул сенин оозуңдан акыркы учурда уккан акыл кеп болду. Неге сени буга чейин тыңшабадым экен? Урушуп жатып, кыйкырып жатып, ыйлап жатып, сенин түрүңдөн алыс болом деп жатып эле, көп нерсени байкабай калчу окшойм. Эми угам. Бирок баары бир өз билгенимдей жасайм. Мен мага эмне керек экенин эми түшүнүп жеттим.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.

Супер-Инфо
super.kg
видео