Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып, же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Аллах силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. (Бакара сүрөсү 185-аят).
Ошондой эле: Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буйрулду . Бул орозо силердин такыба болууңар үчүн . (Бакара сүрөсү 183-аят).
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 24 Июль 2012 - 16:32