Суперстан: Ата-энелер кубалап жөн отургузбаган отуруштар. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ата-энелер кубалап жөн отургузбаган отуруштар. Ар бир жаштын,окуучунун эстеп күлгөн эскермелери

#21 Пользователь офлайн   aminali   11 Июнь 2012 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Просмотр сообщения Aydashka (19 Апрель 2012 - 09:24) жазган:

Окуучулук мезгилди эстесем бир жылмайып калам.Апам отурушка жиберсе экен деп алдын ала жагалданып оокат кылган күндөрүм,ак эткенден,так этип ошол күндү аябай күтөсүң да,анан ата-энең 2саатка эле жиберип койчу"облом" кылып."2 саттан кечиксең,үйгө келбей эле кой,кайда барсаң анда бар"деп койчу эле.Анан көрүп ал отурушта улам саат карап,чыйпыйың чыгып.Анан 2саат өтпөсүн десен шуулдап өтүп кетээр эле.Ошентип окууну аяктап,выпускной бал да келди.Классташтардын баары мага"сен бир аягына чейин отурганга суран эми,акыркы отурушубуз" дешкен эле.Апамдан сурансам таптакыр болбой койду,баякы эле 3-4саат ашып кетсе.Отурушка барып,4саат өткүндөн кийин кетейин десем кайран балдарыбыз бут кийимимди катып коюп,таң аткыча отургам.Анан таң атып келатканда жүрөктүн лакылдаганын угуп ал,ыйлап атам шолоктоп :cray: "апам-атам өлтүрөт" деп.Ошентип, классташтар таң атпай баары мени артка салып алып,биздин үйгө жөнөдүк актаныш керек эле да эптеп.Үйгө жетип эле мен ээң артына туруп алдым классташтардын, апам чыкса эле баары кыдыракей тизилген,чоочуп "кокууй деги аманчылыкпы, кызым аманбы" деген экен.Ооба апа коркпоңуз,аман эле,кечөө ушундай болуп калды десе,апам күлүп жиберген экен.Анааан артынан ууру мышыктай болуп мен чыгып келатпаймынбы" кечирип койгулчы" деп.

СүрөтСүрөтСүрөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   realliver   05 Июль 2012 - 19:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Менин классташ кыздарымдын ата-энелери такай эле саат 12 ге чейин эле алып кетип калышчу. Анан жалан балдар калып калчыбыз бири-бирибизди тиктешип.
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Elit   06 Июль 2012 - 20:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Мен биринчи жана акыркы жолу бутуруу кечесинде эле отургам.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   saia4ka   06 Июль 2012 - 21:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 10 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Сен 2013 01:32
  • Жынысы:Аялзаты

oo men barbagan otyryw kalgan jok, baardyk ele kyzdar oi meni jiberbeit dep atyp ele ke4inde daiar bolup kalyw4y ele. anan saat 12 bolgondo ii koi oltyrot ketebiz dep 4ygyw4uu. anan baarybyz olsok 4oguu oloorbyz barbaibyz baarybyz dep kalyp kal4ybyz, egerde jiberbei koigon bolso ewiginin aldyna baryp tyryp al4ybyz jiberip koiunuz4yy dep, owentip jyryp byttyk, kairan kez


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   07 Июль 2012 - 02:41

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Отуруштарды уюштуруууп уюштурууп барвай калып кетчумун :капамын:
апам вааще строгая болчу да :макоо:
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   nazgul8076   11 Июль 2012 - 11:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Эх сонун тема экен. Амиали азаматсын. Мындай учурлар далай жолу эле баштан откон го. Эстеп алып улам-улам жазып турам буйруса. Бир куну 8-мартта классташ бадарыбыз кыздара деп, бир балабыздын уйундо отуруш кылып калышты. Майрам экенине карабай, эртеден баштап кечке чейин зымдарды толтуруп кир жуудум. Апама алдын-ала айткан элем да. Анан коробуз, атана кантип айтам деп койду. Эх атам мугалим болгондуктан аябай строгий киши да. Анан падход кылып атам. апам болсо унчукпайт. Анан 2 бала 1 кыз классташтарым кошуналарым эле да. Анан алар суранышып чыгып мага келип калышты. Бир кошуна балабыз жакын тууганыбыз дагы болчу. Анан атам апамы эптеп кондуруп жооп алып берди. Болгондо дагы жанагы тууган балабызга катуу дайындап, 4саатта алып келесин деп. Анан баргандан кийин ана танцага туш, ана тамактанып отур. Балекетинеби, кызуулук менен кечке кир жууган жаным, жанчылып, ордуман тургум келбейт. Падход кылып барам деп, же бир танцасы жок, же бир нормально тамактаныш жок, 4 саатта уйго шелпийип кайтып келгенмин. Анан жанагы тууган балабыз болсо "Чон апа Назгул кандай барса, ордунан турбастан кайра ошол боюнча келди" деп жатпайбы. апам кулоо берип, атан уруша электе уйго тез кир десе, шыпылдап кирип кеткен боюнча, уйкуга кеткенмин. Эх падход кылып отурушка уруксат алуу олллооо кыйын эле да. :crazy-girl:
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   nazgul8076   11 Июль 2012 - 11:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Эх окуучулук алтындай кундорум. 9-класстан баштап балдар кыздар 3 жыл катарынан сумолок откордук. Балдар менен ага чейин ыркыбыз келишпей, уруша эле берчубуз. Ынтымакта бололу деп ниет кылып, сумолок дагы откордук. Каяктан сумолоктун эртеси эле урушуп кетчубуз. Эх бактылуу коз ирмемдер. Эч кимибизде ой деген жок, жаштык курчтук кез. Жылмаю менен эскерем ар дайым. :менин жүрөгүм:
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   nazgul8076   11 Июль 2012 - 11:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 514
  • Катталган: 11 Январь 12
  • Соңку аракети: 19 Июн 2013 12:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары

Раматылык чон энем аябай катуу инсан эле. Отуруш дегенди укканда, атама барып, апама барып барбайт деп эле кесе айтчу. Алар энеми тилинен чыгышпайт эле да. Кээде оллооо баргым келгенде дагы бара албай калчумун. Анан энеми алдамайга отмой. Жалдырамай, тигил тууган балабыз Турсунбай менен барып, кайра ал озу алып келип коет десен дагы ыначу эмес. Кээде жакшы пейили тутуп калганда 2 сааттка жонотчу. Эх эки саатта уйдо болбосон, таягын таянып отуруш болуп аткан уйго келип, айнегин таягы менен такылдатып, алдына куп гана салып алып алып кетчу да. Уят болуп калбайын деп энем келип алаарын билген жаным, ал келгиче жолго чыгам. Отуруш кызый баштаганда, кетип калмай. Анан чындап эле жарым жолдон кездешебиз. Таягын таянып келе жаткан болот. Ыраматылык энеми эне дебей "апа" деп чонойгонбуз. берген тарбиясынын пайдасын азыр коруп жатабыз. :менин жүрөгүм:
Балам бактым-балам базарым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   aminali   30 Июль 2012 - 21:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Просмотр сообщения nazgul8076 (11 Июль 2012 - 07:36) жазган:

Эх сонун тема экен. Амиали азаматсын. Мындай учурлар далай жолу эле баштан откон го. Эстеп алып улам-улам жазып турам буйруса. Бир куну 8-мартта классташ бадарыбыз кыздара деп, бир балабыздын уйундо отуруш кылып калышты. Майрам экенине карабай, эртеден баштап кечке чейин зымдарды толтуруп кир жуудум. Апама алдын-ала айткан элем да. Анан коробуз, атана кантип айтам деп койду. Эх атам мугалим болгондуктан аябай строгий киши да. Анан падход кылып атам. апам болсо унчукпайт. Анан 2 бала 1 кыз классташтарым кошуналарым эле да. Анан алар суранышып чыгып мага келип калышты. Бир кошуна балабыз жакын тууганыбыз дагы болчу. Анан атам апамы эптеп кондуруп жооп алып берди. Болгондо дагы жанагы тууган балабызга катуу дайындап, 4саатта алып келесин деп. Анан баргандан кийин ана танцага туш, ана тамактанып отур. Балекетинеби, кызуулук менен кечке кир жууган жаным, жанчылып, ордуман тургум келбейт. Падход кылып барам деп, же бир танцасы жок, же бир нормально тамактаныш жок, 4 саатта уйго шелпийип кайтып келгенмин. Анан жанагы тууган балабыз болсо "Чон апа Назгул кандай барса, ордунан турбастан кайра ошол боюнча келди" деп жатпайбы. апам кулоо берип, атан уруша электе уйго тез кир десе, шыпылдап кирип кеткен боюнча, уйкуга кеткенмин. Эх падход кылып отурушка уруксат алуу олллооо кыйын эле да. :crazy-girl:

Абдан подход кылдырып туруп анан жибербей койгондочу кайран ата энелерибиз( обломСүрөт),ээсибиз оогуча иштеп алганбыз да жагынып азыр эстесем күлөм мен дагы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Makentay   01 Август 2012 - 02:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 13 Май 12
  • Соңку аракети: 09 Сен 2015 21:11
  • Жынысы:Эркек

эх окуучулук кундор. Кайра келсе армансыз ойномокмун. Бирок АРТКА ЖОЛ ЖОК. Биздин класс ар кайсы айылдан топтолгон окуучулар болчу. Жыйналыш эн чон проблема. Вечеринкага кыздарды жибербейт вот проблема. Мен прямой апасынан сурап алып кетчумун кыздарды озум алып келип коём деп соз берип. Тан атканда кыздарды кайра жеткирчумун бирден. Азыр эстесем , бир кулуп алам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   09 Октябрь 2012 - 11:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Мен да чон энемдин колунда тарбияланып калдым.Жыл сайын мага окуу жылы октябрдын аягында башталчу.Ата апам шаарда болгондуктан мен айылдагы уйубузго баргым келчу эмес,барыбир алып барып таштап келишчу,болбосо мугалимдер арыздана беришчу кызынар окубаса башка мектепке которулсун деп.Мектепте да заочно окуучумун ,бирок жакшы окугандыктан мугалимдер мага унчуга алышчу эмес.Отуруш болоордо мугалимден уруксат алыш керек да мен эжейлерге жагынап ,подход кылып суранчумун ,ушул баланын уйундо отуруш болот 3-4 саат эле отуруп тарайбыз ,ата-энебиз уруксат берди,директорго айтпай эле коюнуз деп,жооп берип калса жыргап калчубуз.Бир жолу 6 класста окуп жургондо , эжейден озум баш болуп суранган элем(класском болчумун) баарына озум жооп берем,чон энем да отура бергиле деди деп(чон энем биз окуган мектепте 40 жыл иштеп пенсияга чыккан , баары сыйлап турушчу).Кеч кирди мен болсо чон энеме эмне шылтоо айтышты билбейм,сураган эмесмин да.Оюма бир нерсе келе тушту,классташ кызымдын апасы уйундо жок экен, барып отуруп турайын апасы келсе эле келем десем маакул болду.Айылыбызда кафе сыяктуу бир жай бар болчу ошол жерде отурдук.бир маалда класс жетекчибиз, чон энем,кошунабыз, дагы бир агай болуп келип калышты эмне дээримди билбейм...Унчукпай чыктым да чон энемдин алдына тушуп дынкылдаган боюнча уйго келдим.Чон энем унчукпады ,мен кечирим сурап колу бутунан ооп жатам акыры кулуп жиберди экинчи кайталанбасын деп.Эртеси куну сабака барбай койдум эле уйдон чакырып кетишти,линейкага чыктык,мурда жалан мактоо укканы чыксам эми уруш угуп жаттым,жер жарылбады мен кирбедим...Дагы эстеген сайын жазам ...
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Kurbanalieva1991   25 Ноябрь 2012 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 09 Апрель 12
  • Соңку аракети: 13 Окт 2021 14:14
  • Жынысы:Аялзаты

Kop dele barbait bol4umun,kyzykpagan ekem)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   kg_girl1991   26 Ноябрь 2012 - 22:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 476
  • Катталган: 29 Март 12
  • Соңку аракети: 17 Май 2013 11:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борборум Бишкек!

11 классты буткучокту вообще барган эмесмин. Отуруш эмне экенин билбей эле бутуп кеттим го мен байкуш. Апамдын мыйзамынан чыга албай.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   janylka   27 Ноябрь 2012 - 23:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 367
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 14:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

мен коп барчу эмесмин, анча мынча барып бирок тополон чыгарып кетип калчумун, ата энем да жонотпойт эле 11класста гана коп баргам, азыр такыр конул жок баргым келбейт
Журоктор ыйманга толсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   aelinaaa   30 Ноябрь 2012 - 18:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Мпнин укам классташ балдарым менен жакын дос,ошон учун укам да мен барган вечеринкаларга барат,атам укам барганы учун мени да ишенип жоното берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Aida.1995   24 Февраль 2013 - 10:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 689
  • Катталган: 11 Август 12
  • Соңку аракети: 03 Май 2014 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Лейлек

Бир да жолу отуруш кылган эмеспис :)
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   aminali   11 Март 2013 - 00:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Просмотр сообщения Aida.1995 (24 Февраль 2013 - 06:17) жазган:

Бир да жолу отуруш кылган эмеспис Сүрөт


Kooooi4u ai sen emne jailoodo jawaisynby?Сүрөт.Aiyldarda, waarlarda bolot oturuwtar je jawyn jete elekpi?Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   kok-jar   11 Март 2013 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 656
  • Катталган: 01 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 22:07
  • Жынысы:Аялзаты

Oilop korsom 9- klassta bir jolu oturuwka bargan ekem atam strogiy bol4u saat 9da uido bolgun dep jibergen.Anan toptolup bargy4ek 8 bolgon,emi tamaktangany otursak 9 boloin dep kalyptyr anan ketem desem jiberbei koiuwkan,akyryn syrtka 4ygyp ka4yp jonogom any bir kl bilip artyman kuuganda ka4yp baratyp bir tufliyim butuman 4ygyp ketken exe.e.e bir tufliy menen uigo 9da jetip barganym e4 esimen ketpeita.a.a.a
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   fanatkg   12 Март 2013 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 698
  • Катталган: 24 Август 12
  • Соңку аракети: 30 Авг 2019 04:39
  • Жынысы:Эркек

Хехехе биз кече вечеринка кылдык...
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   dina   15 Март 2013 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Окуучулук кезде эң жакшы кундөр өтту. Класс жетекчибиздин коюп берген баасы 30 сом болчу ошону көтөрүп алып жөнөчүк эле, ырымы кылып))) Ага же бир нерсе келсечи. Бара турган күнү кошунанын эшигинин алдына чейин шыпырып, болгон жумушту кылып, отура албай ары бери басып жүрмөй, жиберсе экен деп кудайдан тиленип. Кошуна 4 кыз бир класста окучук. Бирөбүз барбай калсак эле ата-энелерибиз "тигинин кызы үйүндө эле отурат сага не бар" деп коюшчу, ошо үчүн биринчи үйдөн жөн эле чыгып кошунанын кызын сурайбыз, алар келип мени сурашат, ошонтип биз барганча кыргызча саат болот, анан 2 саат отурганда папам келип төртөбүздү тең алып кетип калчы. Ар бир кечэге 2 ата-энеден кошулуп барышып башка бөлмөгө отуршат, аларды зерикпесин деп улам бирөбүз барып ырдап же бийлеп же дагы бир нерсе аткарып берчибиз))) Кээде параллель класстын балдар-кыздарын чакырып алчык, ага ата-энелер каршы болушчу кокус көрүп калышса кечебиз трагедия болуп эрте бүтчү)))
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 17:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: