Канчалык жүрөк өйүткөн санаага берилип: "Мейличи,
жашай берсинчи, көздөн далдаа балдарымды алып көчүп кетип бейпил жашоого өтөйүнчү"
, деп ойлогону менен Кубанды эстегенде анын Анипа менен катар басып бейкапар күлүп сүйлөп баратканы, бирде Наргизаны көк майсан чөптөй уйпалап жатканы көз алдына элестеп кыжына кетет. Ошол кезде телефон чыр этип, Кубан: "Кечинде келем", деп эскертти. "Бугүн сөзсүз Кубан менен ачык суйлөшөйун:
"Мен айылга көчконү жатам, ата-энем чакырып жатат", - деп айтайын, эгер дагы мени менен урушуп баягыдай кыйкырса анда жайлап салайын да, эркин жашайын",
деген ойдо ордунан турду да: "Бүгүн Жаныштын башы менен да сүйлөшүп алайынчы, же бир аялдарга кошулуп эки жакка баспасам, же суйлөшпөсөм,
жапайы болуп баратам",
деди да, подвалга түшүп коробканы алып кайра үстүгө чыгып, подвалды бекитип, анан коробканы ачып башты колуна алган учурда дарбазанын коңгуроосу басылды. Шашып калган Зулфия башты орой салды да, веранданын бурчуна койо коюп сыртка чыга калды.
Дарбазаны ача койгондо Кубан турган эле. Зулфия дарбазаны ачып машина киргенден кийин эшикти бекитип Кубандын жанына барды эле, ал түшө калып эле:
- Кандай алтыным, иштер, баары жайындабы, денсоолук жакшыбы?
- Баары жакшы, бир гана сен жоксуң, - деп эркелей кетти Зулфия.
Ээрчишип үйгө киришкенден кийин Кубан төш чөнтөгүнөн үч-төрт боо жашыл акчаларды алды да:
- Бул сенин эмгегиң, доллар менен, кана нааразычылык жокпу?
- Эч кандай нааразы эмесмин, - Зулфия акчаны анын колунан алды да, ары суурмага коюп койду. Кубан Зулфиянын ушунусун жактырчу. Анткени ал дайыма Кубан берген акчаларды эсептеп да койчу эмес, же аз деп капа болчу эмес.
Экөө көпкө дасторкон четинде сүйлөшүп олтуруп, Зулфия өз оюндагысын айтууну туура көрбөдү: "Кой, деги мен эмнени баштаганы турам, жашай берсинчи. Анипаны болсо жоготтум, дагы кыйшың этсе анан көрөөрмүн"
, деп өзүн-өзү тынчтандырып жатты. Аз-аздан ичип олтуруп, экөө тең кызып калды. Зулфия негедир кызып баратса да, Кубандын дагы эмне кылаарын сынамакчы: "Көрөйүн,
мени мас болуп калды деп ойлосо, дагы Наргизага жоноп жүрбөсүн"
, деп ойлонгондо соолуккандай боло түштү. Ошол кезде Зулфиянын олтурган калыбы моло таштан айрымасы жоктой, бирде жаш, алсыз кызды коркутуп зордуктап жаткан Кубанды, бирде көз жашын төгүп боздоп жаткан Наргиза көз алдына келе өңү өзгөрүлүп, бүткөн бою калчылдап кетти: "Муну созсүз жок кылышым керек, тирүү калбасын, кечиктирүүгө болбойт!"
- деген Зулфия ордунан туруп калганда сыртка чыккан Кубан кирип келди да:
- Жаным, жүр эртерээк жаталычы, мен бир-эки сааттан кийин кетем, - деди аны кучактап диванга жетелей.
- Азыр...
Маскачан аял Куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо
#102 09 Август 2012 - 23:51
- Зулфия акырын анын жүзүнө карабай бетин жууп, өзүнө келүүгө аракет кылып, Кубандын колунан бошонуп сыртка чыкты да, бетин сууга чайып кайра кирип сүлгүгө аарчынып, анан Кубандын жанына жатты. Экөө көпкө жулмалашып,
бири-биринен канааттангандай болгондо гана сулк жатып калышты.
Бираздан кийин Кубан оодарыла Зулфияны кучактай жатты да, ар кайсыны сүйлөп жатты. Зулфия болсо адам өлтүрүүгө машыккандай эч нерсе дебей күлүп кана коюп жата берди. Ал турганы баратып Зулфияны эки бетинен өптү да:
- Мен эми кетейин, чалап болсо берчи, ичим ысып чыкты, ичкендики го, - деп кийинип сыртка чыгып машинасына олтуруп от алдырып жатканда Зулфия колуна уу коргошун кошулган чалапты алып келип карматты. Кубан эч кандай шек албай кере жутуп алды да, машинаны айдап чыгып кетти.
Зулфия дарбазанын жанында Кубан кеткен жакты көпкө карап турду да, түнкү муздак абада чыйрыгып үйгө кирди. Ал түнү бою уктай албай чыкты. Таң аппак атканда ордунан туруп эсине Жаныштын верандада турган баш сөөгү түшө калып барды да, аны коробкадан алып, эшикти ичинен илип алып көпкө тиктеп турду:
- Мына көрдүңбү, байкушум, сен мени ушул кылмыштардын баарына түртүп коюп эч нерседен капарсыз жатасың, мен болсо кандай гана азаптамын, канкор болуп да бүттүм. Эгер дадил берген болсом, Кубан да сен барган жерге кетти, кокус өлбөй калса ал мени өлтүрөт. Анда экөөбүз табышабызбы, ким билет?
Баш сөөктү колуна алып бооруна кысып көпкө ыйлап, үнүн чыгарбай көз жашын төгүп олтурду да, балдары ойгонуп көрүп койбосун деп селт эте чоочуп кетип, аны кайра ороп туруп ордуна койду да, коробканы алып подвалы бар бөлмөгө кирип ордуна коюп бекитти. Анан жуунуп алып, Наргизалардын бөлмөсүнө баш бакты. Наргиза эбак эле ойгонуп алыптыр, ал эми Зарылбек болсо быш-быш этип уктап жатат.
Кайрадан өз бөлмөсүнө кирген Зулфия өзүнөн өзү чоочулап: "Эмне болду? Өлдүбү, же..? Эми ал өлсө эми мени менен сырдашаар эч ким жок, ким менин көңүлүмдү көтөрөт, ким мени анда-чанда болсо да эркелетип, башка дайынсыз эле бирөөдөн кызганат?" - деп ар кайсыны ойлоно берди.
Эки-үч күн үйдөн чыкпай, ооруган болуп төшөктө жатты. Денсоолугу таза эле киши кечке жата бергени азап экен, санаанын чеги болмок беле? Улам жаңы ой-санаа басып, соо жаны оору боло жаздады. Эч кандай кабар болбогон соң айылга барып келүүнү ойлоду да, ата-энесине толтура дүнүйө сатып алып эки баласын ээрчитип айылга жөнөдү. Алар барган күнү ата-энеси кубанып тосуп алып, кой союп коноктоп, коңшу-колоңун кошо чакырып, кызынын ушундай бай жашаарына сыймыктанып чечекейи чеч болуп жатышты. Зулфия ата-энесине эки машинанын акчасын берди. Көпкө жүрүп анан шаарга жөнөдү. Кетээринде ата-энеси бир койду союп этин салып, карын май, бир чанач сүзмө берип узатты.

#103 10 Август 2012 - 00:38
Зулфия үйүнө келгенден эки күндөн кийин Наргиза менен Зарылбекти үйгө таштап, өзү кайдадыр бир жакка кетти. Зулфия кеткенден кийин Наргиза үйлөрдү шыпырып жатып төрдөгү килемдин алды чаң болуп калганын көрүп аны сыртка күбүп-жайганы баарын чыгарып жатып эң төркү үйдүн төр жагындагы полдун алдынан бир нерсе чыгып турганын көрүп тарта койсо подвалдын оозу көтөрүлө түштү. Наргиза таң кала тактайды көтөрүп жибергенде анын ары жагында ылдый түшчү тепкич бар экенин көрдү. Анын кызыгуусу артып, тепкич менен түшө баштады. Ичи караңгы жана ным жыттанып турган. Наргиза корккондун ордуна кызыга баштады. Бара-бара ылдый түшкөн сайын көзү үйүр алып, жарык боло түшкөндөй эки жагын карады эле, столчонун үстүндө текче, анын үстүндө коробка турганын көрдү. Наргиза аны алып көргүсү келди. Анткени ал: "Бул аял эч жерде иштебейт деле, бирок акчасы көп, балким ушул подвалдын ичинде алтын же толгон байлыгы болгондур"
, деп ойлоп алды да, коробканы алып жерге коюп, анын жеңилдигинен:
"эч нерсе деле жок окшойт", деп аны ачып, ичинде акка оролгон нерсени алып ача койду да, баш сөөктү көрүп бакырып жиберди! Канчалык корккону менен ал Зулфиядан да коркконунан коробканы ордуна койо сала шаша-буша тепкич менен өйдө чыкты. Энтиге чыгып, подвалдын оозун бүткөн бою калчылдай бекитип атканда Зулфия үйгө кирип келди да, дароо эмне болгонун билди, бирок үн дебеди. Наргиза: "Эмне деп айтам эми, мени да өлтүрүп койобу?" - деп ойлоп ийди да:
- Үйдү шыпырып жатсам килемдин алды чаң экен, аны эшикке жайып кагайын деп алып чыккам, кайра келсем бул жерде бир чүпүрөк кыпчылып туруптур, мен аны ала койсом эле ачылып кетти... - деп мууну титиреп, өңү купкуу болуп атып зорго айтты да, ыйлап жиберди. Ошол кезде сыртта жүргөн Зарылбек да үйгө кирди:
- Апо-ов, куйсагым ачты..
- Азыр, садагам, азыр. Эч коркпо, кызым, эмнеден корктуң? Өңүң жаман болуп, катуу корккон түрүң бар, - деп Наргизаны кучактап чекесинен сүйдү да: - биз бул тамды сатып алганда эле ал подвал бар болчу, ошол бойдон мен кирип да көргөн эмесмин...
Наргиза аны балалык байоо көз карашы менен карады да:
- Апа, апке, ал жакка мен кызыгып кирип көрсөм бир коробкада кишинин баш сөөгү бар экен, - деди.
- Койчу?! - Зулфия билмексен чоочуп койду. - ошондон корктуңбу?
- Ооба, аябай коркуп кеттим, мен анда алтын бар болсо керек деп ойлогом...
- Коркпо, кызым, мындан кийин ал жакка түшпөй жүр, макулбу? Эгер анда алтын бар болсо эмне кылат элең? - Зулфия Наргизаны күлүмсүрөп сынай карады.
- Билбейм, аны ойлогон деле жокмун, бирок алтын бар го деп эле ача койдум.
- Эчтеке эмес, андан коркпо, кызым, экинчи түшпө ал жакка, ал тургай подвалды көргөнүм менен мен түшүп көрө элекмин.
- Жүрөгүм түшүп калбадыбы. - Наргиза Зулфиянын ачууланбай жумшак айтканына көңүлү ордуна келе жумушун жасап кетти.
Зулфия болсо ойлуу отуруп калды. Мисирейип, Наргизанын ар бир кадамынан көз айрыбай: "Бул мага душман болбос бекен, "адам арыгын сактасаң башың кандайт" дечү эле, өзүм багып чоңойткон бала өзүмө жоо болбосо болду!" - деп терең ойдун кучагында калды.

#104 10 Август 2012 - 00:50
Он-онбеш күндөй убакыт өтсө да Кубандын өлүү-тирүүсүнөн кабар алалбай дыкат болуп жүрдү. Наргизаны болсо байкап көрүүнү чечти. "Кокус душмандыгы билинип баратса колумда турбайбы, кайда качмак эле", деп ойлонуп, көңүлү жайлана түшөт.
Көпкө үйдөн чыкпай калды. Дарбазанын коңгуроосу чыр этсе эле жүрөгү "болк" этип: "Кубанды өлтүргөнүм билинип калып, милиция келдиби?" - деп коркуп кетет.
Наргизанын ар бир кыймылын, ар бир кадамын, өзүнө жасаган мамилесинин өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн байкап турат. "Кылт этсе эле..." - деп ойлоп алып, ал оюнан кайра өзү чоочуп: "Кудай ай, эмне эле муну аңдып калдым, бала неме көрсө көрүп койгондур, андан эмне болмок эле, арам ою деле жок го? Мен чындап эле канкор болуп кеттим", деп өзүнөн өзү жийиркенип алат. Кылган кылмыштары көз алдына келе калганда өзүн өзү жектеп, кайра сооротуп: "Эмне, мен аларды бейкүнөө өлтүрдүмбү, ар кимисинин өзүнчө күнөөсү бар, эгер мен аларды өлтүрбөсөм, алар дагы көп күнөөлөрдү жасамак.. А Анипа болсо Закини эмдигиче талашып, мага тынчтык бермек эмес, эми Заки менин гана уулум, эч ким талаша албайт!"

#105 10 Август 2012 - 01:50
Зарылбектин күндөн күнгө чоңойуп, болгондо да Жаныштын эле өзү болуп келе жатканына ичи элжиреп, жалынып-жалбарганы менен сыртынан анча эркелетпейт.
Ал да ошого көнгөн. Наргиза менен ойноп, анын жанына жатып көнгөн. Зулфия: "Мен мересмин, ташбоормун,
кишинин каны адамды мерес кылып койот окшойт", деп ойлонуп, диванга кыйшайып жаткан калыбында уктап кеткен экен, Зарылбектин үйгө жүгүрүп кирген дабышынан ойгонуп кетти.
- Апа-аа, апо-ов, эжем мага шоколад-морожный алып берди-ии, - деп келип Зулфияны кучактап калды эле, анын артынан кирген Наргиза дагы кучактап эки бетинен алмак-чалмак өөп, жанына олтуруп калганда Наргизанын бойго жетип калганын сезе анын алдында өзүн күнөөлүү сезгендей азыр Кубан колуна тийсе аны дагы да бырчылап жибергиси келип: "Ш-шүм-шүк, ажалың жеткен экен да, менин мас болуп калганымдан пайдаланганын карачы", деп ойлонуп сумсая калганда Наргиза:
- Сизге эмне болду, апаке? Капа болуп кабак бүркөбөңүзчү, сизге дайым күлүп жүргөн гана жарашат, - деп кучактап өөп ийди.
- Жок, садага, капа болбой турган жөнүм барбы, өмүр бою сенин алдыңда күнөөлүү экеним жалганбы?
- Апке, антип айта көрбөңүз, сизге кезикпегенде менин абалым кандай болот эле ким билет, ал үчүн сиз күнөөлүү эмессиз!
- Мен өзүмдү антип алдай албайм. Мейли, кызым, силер өз бөлмөңөргө баргыла! Эки-үч күндө айылга барып жайлоого чыгып келебиз, силер жайлоодо күзгө чейин болосуңар.
- Сиз ыйлап жатасыз эмне, мен сиз ыйласаңыз айылга барбайм, - Зарылбек апасын кучактап калды.
- Жарыгым менин, ыйлабайм, эч ыйлабайм, силерди көрүп кубанганымдан ыйлап жибербедимби, - Зулфия Зарылбекти өөп, бооруна кысып жыттап алды да: - Мен эч качан ыйлабайм, ээ? - деп көздөрүндөгү жашын колу менен сүртө күлүмсүрөдү.
- Сиз биз менен бирге жайлоодо болосузбу? - Наргиза сөзгө аралашты.
- Мен бир жумадай туруп, анан келе берем, жумуш бар.
- Ыйлабайсыз ээ, апа? - Зарылбек Зулфиянын көзүнүн жашын бытыйган колу менен аарчып койду.
- Садагаларым менин, ырыстарым, эч качан мындан кийин ыйлабайм, күчүгүм десе, кечирип койчу менин ыйлаганымды? - Зулфия Зарылбекти эркелетип өпкүлөп, анан: - бара койгула, уктай койгула, берекелерим, - деди жылмая.
- Жакшы жатыңыз, - Наргиза менен Зарылбек жетелеше үйгө кирип кетти.

#106 10 Август 2012 - 02:13
Аларды ээрчий карап турган Зулфия: "Окшошкон садагаларым,
өзүм төрөсөм деле ушулардай болмок да, өздөнбү же жаттанбы, Кудай көргөзгөндү көрөрмүн, өз баласынан кордук көргөндөрдү деле көрүп-угуп жүрбөйүнбү,
эмнеси болсо да ыймандуу болсо экен. Наргизам болсо бойго жетип калыптыр, кечээги эле сербейген кичинекей кыз бүгүн суйсалган селкиге айланып калганын кара, мен дале жаш деп ойлоп жүрсө..." Кайрадан анын көз алдына Кубан келип: "Ш-шүмш-шүк дес-се", шыбырап жибергенин өзү да байкабай калды.
Ошол кезде дарбазанын коңгуроосу "чырр" этти. Зулфия жүрөгү "зырп" эте ордунан туруп барып: "Кудай ай, Кубанды өлтүргөнүм билинип калбаса экен", деген ойдо ачпай туруп:
- Бул ким? - деди.
- Мен, Эрнисмин.
- Аа-а, - Зулфия эшикти ачып жибергенде маңдайында күлүмсүрөп Эрнис туруптур.
- Беймаал убак кайдан?
- Атайын тапшырма менен эле келип калдым.
- Жакшы-жакшы, бирок мен азыр ооруп жатам, айылга барып бир-эки жума эс алып келсемби деп жаттым эле.
- Анда кандай кылсак? - ал Зулфияны карап калды, - баса, сиз уктуңузбу, Кубан акени эки жума мурун бирөөлөр уу берип өлтүрүптүр.
- Койчу, качан?! - Зулфия билмексенге салып сурап койду, бирок сыр бербей турганы менен чоочуп: "Бул шүмшүк билип туруп сынап жатып жүрбөсүн?" - деп күдүк ой ойлонуп жиберди. - Анын уу ичкенин ким билиптир, кайдан табылыптыр?
- Өзүнүн машинасынан табылыптыр, эч кандай шектүү нерсе жок го.
- Ким өлтүргөнүн иликтеп жатышабы?
- Анын кимдер, кандай адамдар менен жүргөнүн ким билмек эле, издегенде кайдан издейт? - Эрнис чыйт түкүрө сөзүн баштаганы келатып, кайра: - Эмесе эже, сиз менен качан байланышсам болот? - деди.
- Эки жумадан кийин.
- Жарайт, анда мен кеттим.
- Жакшы бар.

#107 10 Август 2012 - 02:25
Ушу кыз жакшы да коп-коптон жазат

Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#108 10 Август 2012 - 02:29
Эрнис Зулфия менен сүйлөшүп жатып эки көзү үйдүн эшигинде болду. Анткени ал Наргизаны көрүп жактырып калган болчу. Эми сыртка чыга калса бир көрөөрмүн деп ойлогон ою ордунан чыкпай, кетип жатат. Жолдо кетип жатып дагы Наргизанын элесин көз алдына келтире: "Келбети келишкен экен, ичи кандай болду экен? Өңү жылтырактын ичи калтырак дечү эле", деп ойлонуп баратты. "Балким, Зоя эже кызын мага ыраа көрбөстүр, анткени мен ал үчүн чоң кылмышкермин да. Төрөбөгөнүнөн күйөөсү таштап кеткен дешпеди беле? Бул кайдагы кызы, багып алган го?" Ал үйүнө кандай жеткенин билбей калды.
Зулфия Эрнис кеткенден кийин чындап эле уйкусу качып кыйналып, же оору эмес, же соо эмес кыжаалат менен таң атырды. "Бираз жакшы болгондон кийин барайын", деп айылдан да калып, төшөккө жатып калды.
Зулфиянын сансыз ойго малынып санаадан ооруганы өзүнө белгилүү дечи. Бирок өзүн өзү канчалык алаксытайын десе да болбоду. "Эрнис да Наргизага көзүн артып калды, аны үйгө жолотпош керек!" - деген ойго келип, ордунан туруп баратып: "Олдо-оо курган жаным ай, деги алдымда дагы кандай азап күтүп жатты экен?!" - деп армандуу термелип алды. А чынында анын алдында чындап эле дагы бир азаптуу күндөр күтүп жаткан эле...
Ошол түнү ал уктап жатып бир жаман түш көрдү. Түшүндө ал Жаныш экөө жапжаш бойдон экен, ээн, гүл жайнаган талаада кубалашып ойноп жүрүшүптүр. Бир кезде Зулфия кадимки абалына келип эле, какыраган боз топурактуу талаада качып баратып артын карайт да: "Эй, сен эбак эле өлбөдүң беле, ал тургай сенин баш сөөгүң менин үйүмдө эмеспи", деп эле качып жөнөйт. Кайда качпасын, Жаныш алдынан чыгат, бирок сүйлөбөйт. Анан эле чуркап жүрүп күйүгүп калат да, артын караса Жаныш көрүнбөйт. Ошондо олтура калайын дегенде кайрадан Жаныштын карааны көрүнө калып, качууга умтула берип, жүрөгү лакылдап ойгонуп кетет. Көзүн ачканда кара терге түшүп, жүрөгү лакылдап кабынан чыгып кетчүдөй болуп калыптыр. "Капырай, өлгөн киши түшкө кирсе жаман болот дечү эле, кан куткарбайт деген чын белем, менин да кезегим келип калдыбы?" - деп ойлонуп, ордунан туруп сыртка чыкты эле, таң заардагы таза аба анын эмелеки коркунучун, жаман оюн алда кайда алып кетип көңүлү сергий түштү да, муздак сууга жууна баштады. Кыялданып, алдыдан көп нерсени күтүп, өзүнчө жылмайып алды да, үйгө кирип подвалга түштү. Коробка мурункудай эле ордунда турган экен, баягы Наргиза көргөн бойдон Зулфия кире элек болчу. Оролгон мата саргайган экен, коробкадан кичине чыгып турат. "Коркконунан чала ороп салып таштаган экен", деп ойлоду Зулфия. Коробканы ордунан жылдырбай эле баш сөөктү колуна алды да: "Байкушум, мен сага керек болуп калдымбы? Анипаны жаш, сулуу деп албадың беле, ал жаныңа барган жокпу? Заман өзгөрүлүп баратат, бир гана сен экөөбүз өзгөргөн жокпуз, сен куу башсың, мен болсо канкор аялмын, билип-угуп жатасыңбы, мен канкормун! !!"

#111 10 Август 2012 - 11:50
Ал кыйкырып жиберди. Ушул тушта ойгонуп үйгө кирип келген Наргиза подвалдын оозу ачылып, килем түрүлүп турганын көрүп жаңы эле туруп калган. Зулфиянын үнүн угуп селт эте түштү да, артына кетенчиктеп барып бөлмөдөн качып чыгып, эч нерсе билбегендей болуп ордуна барып жатып калды. Бирок өзүнон өзу коркуп атты. Өткөндө көргөн кишинин башсөөгү, эми минтип Зулфиянын аякка түшүп алып: "Мен канкормун!
!!" - деп кыйкырганы ага табышмак болуп туруп алды. Демейде подвалга киргенде Зулфия эшикти ичинен илип сактанып турчу эле, бүгүн негедир бекитпей кирип кеткенин чыгып келатып билди да, Наргиза менен Зарылбектин бөлмөсүнө баш бакса алар уктап жатышыптыр.
Көңүлү жайлана түшкөн Зулфия эшикти бекитип, анан подвалдын оозун бекем жаап коюп кайра сыртка чыгып чай койду да, Наргизанын бөлмөсүнө кирди:
- Тургула, секеттерим, тургула, тан атты. Тура койгула.
Зулфиянын мээримдүү жалынып-жалбарып суйлөгөнүнөн Наргиза ага жоголгон ишеничинен жанып: "Мүмкүн башка бир себеби бардыр, мени эмнеге олтүрмок эле, киши жегич болсо ушунча жылдан бери жеп тынмак", деп ойлонуп ойгоо жаткан Наргиза жаңы гана ойгонгондой кериле туруп келди да, Зулфияны кучактап ооп коюп, сыртка чыкты. Чукурана ойгонгон Зарылбек:
- Апо-ов, айылга качан барабыз? - деп сурады.
- Уулум, мен ооруп жатам, бираз күндөн кийин силерди жеткирип келем.
- Ийи да, - бала эмеспи, Зулфия аны кийинтип жатканда муюгансып калды апасынын сөзүнө.
Ойлонуп олтуруп анын башына: "Үй же дача сатып алып бул жерден биротоло кетсемби, бул үйдү болсо квартирага берип койом", деген ой келди. Эртемененки тамагын ичип буткөндөн кийин ал машинасын айдап үйдөн чыгып кетти. Зулфиянын эшиги башка үйлөрдөй болуп ачылып турбайт. Ар дайым киши жашабагандай болуп бек тураар эле. Зулфия үй же дача болсо сатып алуу үчүн рекламаны карап көрүү үчүн "Вечерний Бишкек" гезитин алып карап олтуруп: "Дача сатылат" дегенди окуп адрес боюнча телефон менен байланышып көрдү эле, алар кабыл алды. Адрес боюнча алардын үйүнө барды да, дачанын баасын сүйлөшүп сатып ала турган болду.
Арадан бир жумадай убакыт өткөндө Зулфия өзу жалгыз машина менен кетип жатып: "Бүгүн Жаныш менен коштошуп, акыркы жолу колума алып сүйлөшүп алайын да, биротоло подвалдын оозун ичи-жигин билгизбей бекитип салайын", деп ойлонуп, жол боюндагы "Элегант" кафесине кирип, бир аз пиво ичкиси келди да, пиво менен шашлык заказ кылды. Пиво ичип олтурганда жанына бир жигит келди да:
- Эжекеси, уруксат бекен? - деди жылмайып.
- Бош орун керек болсо олтура бериңиз! - деди Зулфия мисирейип. Тигил жигит олтураары менен анын заказы келди. Экөө эки жерде үнсүз олтуруп пиво ичишип, бир-бирин көз кыйыгынан карап коюп жатышты. Көптөн кийин жигит Зулфияга карап:
- Эжеке, таанышып албайлыбы, мүмкүн болсо? - деди эле, көңүлсүз олтурган Зулфия аны таң кала карап турп, анан:
- Таанышса таанышып алалы, менин атып Зоя, - деди
- Толик.

Бири кем арман дүйнө...
#112 10 Август 2012 - 11:56
- Жакшы экен, сүйлө иничек, эмне сөз?
- Мм, сиз кайда иштейсиз, кайда жашайсыз?
- Аа-аа, мен базарда эле соода кылам, Чүйдөн болом.
- Эгер каршы болбосоңуз бираз көңүл ачпайлыбы?
- Бүгүн өзгөчө көңүлүм чөгүп олтурам, андай көңүл ачууга табитим тартпай турат...
- Макул, өзүңүз билиңиз анда, менин да бүгүн өзгөчө көңүлүм чөгүп, сизге окшогон сулуу эжекелерим менен көңүл ачсамбы деген элем.
- Кечирип кой, иничек, мен бүгүн эмес. - Зулфия ордунан туруп кетти. Толик пиво ичип олтуруп көз кыйыгы менен Зулфиянын кетип жатканын карап турду. Ал машинага олтуруп айдап кеткенде: "Оңой катын эмес окшойт", деп ойлоп калды.
Ошол күнү ал үйүнө келди да, Наргиза менен Зарылбектин жанында олтуруп:
- Жакында жаңы үйгө көчүп кетебиз, эң сонун үй экен, дача, тим эле бейиштегидей, суунун бою, бак-дарактардын ичи, ызы-чуусу көп шаар ичинен жададым... - деп ойлуу олтуруп калды.
- Ой сонун болгон тура, бул үйдү эмне кылабыз анан? - Наргиза чындап кубанычы койнуна батпай турду.
- Бул үйгө жөн гана квартирант киргизип койобуз.
Үчөө мамыр-жумур болуп тамактангандан кийин өз бөлмөлөрүнө кирип кетти. Зулфия болсо подвалга түшүп коробканы көтөрүп алып чыкты да, башсөөктү колуна алып али түшпөй шалдырап калган тиштерин колу менен сылап анын арасындагы маңдайындагы алтын тишин кармалап:
- Аа-а байкушум десе, бул тиштериң алда качан түшүп жок болмок, жерге көмүлгөндө. Карачы кадимкиңдей жүргөнүн. Эми сен ушул жертөлөдө биротоло каласың, бул биздин эң акыркы жолугушуубуз. Коштошобуз, өзүң менен жолугуп сүйлөшкөндөй болуп калчу элем, мен үчүн сен бүгүн өлдүң, кош бол, бул сен сатып алган үй эмеспи, сен ушул үйдө калышың керек! - дегенде колундагы баш жан киргендей колунан тоголонуп жерге түшүп кетти. Зулфиянын жүрөгү оозуна тыгыла түштү да, бирок өзүн токтоо кармап: "Кана, тирилип кадимкидей болуп чыга келсең кана?" - деп башсөөктү жерден алайын дегенде ал дагы тоголонуп жылып кетти.
- Ха-ха-ха, ой тоб-боо, мен адам өлтүргөндө коркпой эле сен мага сыр көрсөтүп жатканда коркмок белем, андан көрө мени менен коштошуу сен үчүн кыйын болуп жаткан го, ээ? - деп акырын эңкейди да, башсөөктү жерден алды. - Сени жоготуу, сенден ажыроо мен үчүн да кыйын болгон, сен ошону түшүн, - колундагы башсөөктү бооруна кысып туруп, анан: - Эгерде сен бейкүнөө болсоң кудайдан коркоор элем, сен күнөөлүүсүң, абдан күнөөлүүсүң, анткени сен менин үмүтүмдү, жүрөгүмдү алдагансың, жашоодогу өмүр гүлүмдү соолуткансың! !! - деди да, үнүнүн бардыгынча өкүрүп-өксүп ыйлап, бугу чыкканча боздоп жатты. Анын үнү жандүйнөсүнүн боздоп, кышкы аяздагы булут баскан күндөй түнөрүп тургандай буулукканы жертөлөдөн чыккан жок. - Кош бол, менин жашоом, махаббатым, сен менин өмүр гүлүмдүн чынары элең, чынарым кыйрады, чырпыгым өсүп жатканына кудайга тоббо-оо! - Колундагы башсөөктү саргайып эскирип калган матага ороп, анан абайлап коробкага салды да: - Ардагым ай!!! Ардагым элең, экөөбүздү жараткан бир кошту, бир ажыратты, мени кечире гөр, кагылайын, эми мен сени көрбөйм... Мен сени менен коштошуп жатам, мени кечире гөр!!!
Коробканы текчеге койду да, тепкич менен өйдө көтөрүлүп баратып артына жалт этип бир карап, жогору чыккандан кийин подвалдын оозун бекитип, мыктап, анан сырткы үйгө чыкты да, диванга кыңкая кетти. Зулфия ошол бойдон кыңкайып жатып уктап калган эле, Зарылбек апалап кирип келгенде чоочуп ойгонуп кетти. Уул-кызы менен бирге олтуруп тамактангандан кийин өз-өз бөлмөлөрүнө уктоого кирди.
Зулфия ошондон тарта жездей саргарып ооруган жандай төшөктө жатып калды. Көзү илинип кетсе эле Жаныш түшүнө кирет да, чоочуп кетет.

#113 10 Август 2012 - 12:38
Акыры үйүнө квартирант издеп, эптеп бул үйдөн кетүүгө ашыкты. Квартирант чыгышы кыйын болду. Квартирант чыкпай көпкө кармалып калышты. Зулфия же оору эмес, же соо эмес болуп жүргөндө дарбазанын коңгуроосу чырр этти. Зулфия сыртка чыгууга көңүлү чаппай:
- Наргиза, ким экен карачы! - деди. Жүгүрүп барып эшикти ачкан Наргиза босогодо Эрнистин турганын көрө үндөбөй туруп калды.
- Ким экен ал, ээ Наргиза, ал ким? - Зулфия ичкериден үн катты.
- Эрнис байке экен, - деген Наргиза артка карай жүгүрдү. Анын артынан жай басып жөнөгөн Эрнис Зулфиянын жанына жетти.
- Кандай, Зоя эже, денсоолугуңуз дуруспу?
- Оңоло албай жатам, дарыланып жатам, - Зулфия андан ары сөзүн улантпады.
- Зоя эже, сиз аялдык кылып жатасыз, артка кайтуу жок экенин билесиз да?! - Эрнис Зулфияны кытмыр жылмая карады.
- Билем, өлүп сөөгүм кара жерге жашынмайынча кайтпас жолдомун. Бирок, Эрнис, муну менен мени коркута албайсың, ансыз да башым канжыгада экенин билем!
- Кечиресиз, мен сизди коркутканым жок, бирок эсиңизге салып жатам.
- Андай болсо мени жайыма койчу, Эрнис, мен кыйналып жатам.
- Зоя эже, бираз сейилдеп келели.
- Көңүл ачууга же сейилдөөгө такыр убактым жок.
- Сүйлөшчү сөздөр бар, эже, сизден суранам?!
- Жарайт, бир саат убакыт жетеби?
- Жетет! Менин машинама эле олтура койуңуз, жеткирип койом.
Эрнис Зулфияны машинасына олтургузуп, Чүй көчөсүнө чыгып зуулдаган бойдон түнкү Бишкектин кооз көчөлөрүнүн биринде баратты. Эрнис бир кезде машинасын жайлата Зулфияны жылмая карады да:
- Зоя эже, сизге кайсы кафе же ресторан жагат, көңүлүңүздөгүнү айтыңыз? - деди.
Зулфия үнсүз гана мостойо Эрнисти караганда ал:
- Катуу ойго чөгүп кеттиңиз, мүмкүн болсо кайда бараарыбызды айтып койсоңуз? - деп аны карады, - эмнеге ойлонуп калдыңыз?
- Аа-аа, - деген Зулфия Эрнисти карап: "Бул эмнени ойлоп жатат? Кандай ойлосо ошондой ойлосун, ансыз да эмне болоорумду ким билет, көргөн түштөрүм жаман, уйкум тынч эмес", деп ойлоп ийди да: - эч нерсени ойлогон жокмун... - деп сөзгө такала калды... - Өзүң эле билчи, азыр мага баары бир! - деди суз гана.
- Андай дебеңиз, эже, - Эрнис Чүй көчөсүнүн жээгинде жайгашкан "Жаркынайым" кафесинин жанына токтоду.
- Жүрүңүз, - деп Зулфия олтурган эшикти ачып, колун сунду.

#114 10 Август 2012 - 13:15
Ээрчише басып кафеге киришкенде аерде жалаң жаштар олтурган экен. Тээ четтеги бош турган олтургучка жайланышты.
Эрнис көпкө Зулфияны карап отурду да, тамак-аш менен кошо келген коньяктан эки стаканга куюп, бирин өз алдына коюп, бирин Зулфиянын колуна берип жадырай күлүп:
- Кел, эжеке, сиздин денсоолугуңуз үчүн, айжаркын жамалыңыздын ар дайым карыбай, жапжаш бойдон жүрө бериши үчүн ичели! - деди.
- Рахмат!
Алып жиберишти.
Экөө үнсүз тамактанып жатышты. Анда-санда гана кашык менен чынынын үнү чыгып, "шырп-шырп" эткен тамак ичилген дабыш угулуп жатты. Арадан жарым сааттай убакыт өткөндө Эрнис Зулфияны күлүмсүрөй карады да:
- Зоя эже, мен сизди жактырып калдым, жок-жок, сиз кабыл албайсыз, билем дечи, бирок жүрөк каалоосу да..
- Мм, Эрнис, бул маселе боюнча мен сени менен сүйлөшө албайм, мен азыр эч кимге керек эмесмин, азыр ооруп жатам, сен экөөбүздүн арабыз кант менен туздун кошулмасындай, эч качан бириге албайбыз!
- Эже, сиз менден улуу болгонуңуз менен жапжаш болуп турбайсызбы, мен азыр жанымда он сегиздердеги селки олтургандай жүрөгүм оолугуп олтурам! - Эрнис аста гана Зулфиянын колун сылай кармап, өөп койгондо анын денеси ток ургандай "зырп" этип алды. Анткени Кубандан кийин башка эркек колун кармабай, эркек аттуудан өзүн оолактата баштаган.
Ошол күнү экөө мейманканадан орун алып, бир-бирине ырахат тартуулап, түнү менен махабат көлүндө чабак уруп, бейиш багында сайран кургандай көңүлдөрү куунак болуп, өмүр алар үчүн кылымга токтоп калгансып өздөрүн бактылуу сезип турушту. Зулфия эртеси таң заарында келип Наргизага билгизбей жатып калды.
Арадан эки жума өтсө да үйүнө кирчү квартирант табылбай жатты. Зулфия чыдамы кете алардын берген телефонуна чалды, трубканы кичинекей кыз алды:
- Ало-о, бул ким?
- Бул мен, үйүмдү квартирага берейин деген элем, апаңды чакырып койчу.
- Азыр!..
- Алоо, бул ким экен?
- Бул мен, Зоя, үйгө квартирага кирем дебедиңер беле?
- Аа-аа, ооба-ооба, эртең сөзсүз барабыз!
- Анда күтөм.
- Макул.

#116 10 Август 2012 - 13:51
Алар келгенче Зулфия Наргиза менен Зарылбекти машинага салып алып дачага бираз буюмдарын ала барышып, кечке ал жакта болушту. Кечинде үйгө кайтып келе беришти.
Күткөн клиент дагы деле келбей жатты. Зулфия уйкусу келсе да уктагандан качып аны-муну жасап жүрө берет. Анткени уктагандан коркот, уктаса эле Жаныш, эбак өлгөн чоң энеси, агасы түшүнө кирип, жүрөгү лакылдап чоочуп ойгонот да, кара терге түшүп кыйналат.
Кийинки кездерде ал үчүн жашоонун эч бир кызыгы жоктой бул өмүрдөн тажап ээн талаа, эрме чөлгө жападан жалгыз учкан куш болуп жер кезип кеткиси келет, же адам үнү угулгус бийик зоокалардын арасына барып, эч нерседен бейкапар оттогон кайберенге айланып алгысы келет, кээде балапанын коргологон алсыз боз чымчыкка айланып, бийиктикке учуп, баардык азапты унутуп салгысы келет.
Күндөр өтүп жатты. Аз-аздан машинасы менен барганда алып барып жатып, бир топ буюмдарын ташып да койду. Зулфия клиент келбесе да дачага беш-он күн барып орун которуп жашап тургусу келди. Наргизаларды алып ал дачага барып бир жумадай жүрүп калды. Ал арада ал кичине эс алгансып, уйкусу тынчтанып көңүлү көтөрүлө түштү. "Кокус үйгө квартирант табылып калса биротоло бул жакта болоюн" деген ойдо "Эрниске дача жөнүндө билгизбейин" деп купуя ойлонду да, үйүн көздөй жөнөдү. Алар үйүнө келип дарбазаны ача бергенде жерде жаткан кагазды көрүп ала коюп окуп кирди. Ал Эрнистин колу болчу: "Зоя эже, келсем жок экенсиз, эки жолу келдим, сөзсүз жолугуңуз, баягы кафеден күтөм?!"
- Апа, үйгө квартирант келиптирби? - Наргиза сурап калды. Анткени ал: "Тез эле үйгө квартирант киргизип коюп дачага кетип калсак экен", деп ойлоп жаткан. Ага дача абдан жагып калган эле.
- Жок, кызым, башка жумуш, силер олтуруп тургула, мен тез эле..., - деген Зулфия машинага олтуруп жүрүп кетти. Ал келгенде Эрнис күтүп турган экен.
- Зоя эже, кандайсыз, денсоолук дуруспу, жакшы болуп калдыңызбы? - Эрнис жаркылдай утурлап басты.
- Жакшы-жакшы, өзүң.. Мен шашылышмын, айтаар сөздөн, тойс, ток этээр жерден башта.
- Аа-аа, мм.. Макул анда, сиз эртең бир жигит таап келесиз, анткени сөзсүз керек!
- Жарайт, башка сөз жокпу?
- Башка-а, эми ошондо жолугабыз, - деди да, Эрнис машинасына олтуруп жөнөп кетти.
Зулфия анын кеткен жагын бираз карап туруп анан машинасын айдап үйүнө келе берген...

#117 10 Август 2012 - 15:24
Чалкасынан жатып алып баятан бери өткөндөрүн ойлонуп жаткан Зулфия ички бөлмөдө эч нерсе сезбей уктап жаткан Кумарды эстеп: "Жок-жок, мен муну ага бербейм, башка күнөөлөрүм да жетишет!"
- деген ойдо Эрнистин келээр жолун сак сактап карап турду. Көп күттүрбөй эле Эрнис келди. Зулфия ана баятан камдап койгон жообун айта салды:
- Эрнис, мени кечирип кой, ысытмам түшпөй... дагы бираз өзүмө келбесем болбойт.
- Зоя эже, сөздү бултаңдатпай иштебейсизби, болбосо...
- Эмне "болбосо" ? - Зулфия Эрнисти тикирейе карап туруп калды.
- Бул иште артка кайтуу же калп айтып бултаңдоо жок экенин билип туруп артка тартып жатпайсызбы ишти, анын үстүнө... - Эрнис эки жагын карап "Эч ким жокпу?" дегендей Зулфияны суроолуу карады эле ал:
- Эч ким жок, камтама болбой айта бер! - деди.
- Анын үстүнө жаш, денсоолугу чың эркектер абдан кымбат болуп жатат.
- Кымбат болгондо?... - Зулфия аны сынай карап кызыга кулак түрдү.
- Доллар менен беш жүз миң турат экен. Америкалыктар келип күтүп жатышат.
- Бул сенин алаар маянаң тура, ээ?
- Ооба, шефтин менин кызматыма берээри.
- Анда меники канча болот, сен да менин алчу суммамы айтып койо аласыңбы?
- Аа-аа, мен... аны көрө жатабыз да, сиз адегенде аткара бериңиз!
- Кыз-зык, сен алчу суммаңды билип жүгүрүп жүрөсүң, а мен эч нерсе билбейм, анан ишти аткара берем, ээ?
- Зоя эже, эми-и, сиз капа болбой тура турсаңыз болот да.
- Макул, Эрнис, мен өзүмө келейин, анан ишти бүтүрөм, азыр ооруп турам.
- Анда качан кабар алайын?
- Телефон чалып көрсөң, өзүм айтам.
Эрнисти кетирип коюп үйгө кирген Зулфия ички бөлмөнү карап, Кумардын дале уктап жатканын көрдү да, өзүнүн бөлмөсүнө чыгып уктоого кыңкайып жата калды.
Эртең менен Кумар ойгонуп эле көзүн ачып, башка бир үйдө жатканын көрүп чоочуп тура калды да, кечээ эмне болгонун эстөөгө тырышты. Анан кечээ бул үйгө келгенин эстеди. "Эмнеге жатып калдым, бүткөн боюм ооруп да калыптыр, деги мага эмне болгон, эмне бул жерде калып калдым экен?"

#118 10 Август 2012 - 15:44
Түркүн суроолоруна жооп таппай ордунан туруп сыртка чыкты. Оозгу бөлмөдө диванда жаткан "Зоя эжесин" көрдү да, кечээ болбой вино ичиргенин эстеп: "Вино ичкенден кийин кызып калсам керек, болбосо..."
- деди да, эшиктин алдында турган машинаны көрүп: "Бул аябай бай аял экен, а кечээги кемпир апасы тура, ал эми акыр-чикирди жей турган же малы жок экен, эмнеге аларды алып келди?" - деген ойдо короонун ичин кыдырып жүрүп чочкокананы көрдү. "Мурда бакса керек, азыр жок экен", деп туалетти көздөй баратып тачкасын көрдү: "Абдан бекем, киши көрбөй турган жерге бекиткен экен", деп койду оюнда.
Кумар туалеттен чыгып тачкасын түртүп: "Эгер дарбаза ачык болсо чыгып кетейин", деген ойдо кетип баратканда Зулфия үйдөн чыга калды.
- Кумар, кайда жөнөдүң?
- Зоя эже, кетишим керек, кечирип коюңуз, кечээ вино ичкенге кызып калып кете албай калыптырмын? !...
- Эч нерсе эмес, чай ичип анан чыгасың, жуунуп, тамактанып ал!
- Жок-жок, эже, базардан эле...
- Эмне, кечээги акыңды алып кет, апам сен уктап жатканда келип таштап кеткен.
Кумар макул боло колжуугучка жуунду да, үйгө кирип сүлгүгө аарчынып жатканда Наргиза стол үстүнө тамак-аштарын коюп жаткан эле. Кумар кызды көрө үстү-башынан тартына төргө өтүп олтуруп калды. Кумар тамактанып бүткөндөн кийин Зулфия дарбазадан чыгарып жатып, ага жүз сом акча берди.
- Зоя эже, мынча көп акчаны эмнеге берип жатасыз, жок албайм, менин акым мунун төрттөн же бештен бир бөлүгү эле да?... - деп акчаны алуудан тартынып турду.
- Ал, алагой, менин апам "крутой" , бул жолу ал сага дагы аз берип жатат, андан көрө келип-кетип тур, сени өз инимдей көрөйүн, келип тур, ээ?
- Макул, Зоя эже, келип турам, - деген Кумар жүз сомду алды да, коштошуп чыгып кетти.
- Өх! - деп алды Зулфия, "бир күнөө жасалбай калды, мындан ары эч жаман жолго барбайм, эптеп үйгө квартирант киргизип койсом, буларга дайынымды билгизбей койот элем", деп ойлоп кетти.

#120 10 Август 2012 - 16:29
Эрнис Зулфияга кекенип жатты: "Мени менен эсептешкиси келет, Кубандын айткандарын аткарып койчу эле, мени менен иштешкиси келбей жаткан го", деп өзүнчө жини келип: "Сени.., сага эле көрсөтпөсөмбү?
!" - деген ойдо телефон чалды эле, үйдө Зулфия жок экен, кайра-кайра чырылдап жаткан телефондун трубкасын Наргиза алды:
- Ало, ало-о, бул ким?
- Аа-аа, чоң кыз, Зоя эже жокпу?
- Жок, апам жок!
- Чоң кыз, бир мүнөткө мүмкүнбү?
- Мен сизди билбейт экенмин.
- Билесиң. Эрнис байкеңи билбей калдыңбы?
- Аа-аа, айта бериңиз!
- Атың ким эле, чоң кыз, айтып койчу?
- Наргиза.
- Наргиза, укчу мени, жаман көрбөй сөзүмдү угуп койчу, мен сени көргөндөн бери...
- Коюңузчу, сиз андай дебеңиз, атамдай болуп туруп ушуну кантип айтып жатасыз?
- - Эмне-эмне-е? Мени "атамдай болуп" дейсиңби? Эч кандай атаңдай эмесмин, мен али отузга чыга элекмин, чоң кыз!
- Баары бир менден улуусуз.
- Аны көрө жатаарбыз... - дегенче эле Зулфия кирип келгенде Наргиза трубканы койо койду да:
- Эрнис байке телефон чалды, аа-аа... тиги-ии... - андан нары сүйлө албай туруп калганда Зулфия:
- Трубканы койбой койо турсаң болмок экен, мен сүйлөшпөйт белем, макул анда, ал эмне дейт?
- Сизди сурады эле, сиздин жок экениңизди айттым.
- Анан?
- Эч нерсе деген жок.
- Анда өз ишиңди жасай бер, мен... - Зулфия өз бөлмөсүнө кирип кетти.