Суперстан: Маскачан аял - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Маскачан аял Куйоосун олтуруп, анын баш соогу менен суйлошкон аял жонундо

#121 Пользователь офлайн   aizadochka   10 Август 2012 - 16:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 13 Апрель 12
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2013 23:13
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

аййй аз эле экен, эртеден бери андып отурам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 16:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Акыры күткөн күн келип, квартирант табылды. Зулфия эки-үч күндүн ичинде үй ичин бошотмок болду. Квартирант бир бөлмөсүнө көчүп кирип алгандан кийин Зулфия үй ичин машинага жүктөп алып кетти. Дачага көчүп келгенден кийин ал бир топ жеңилдегендей болуп өзүн сергилең сезе бак аралап басып, түркүн куштардын үнүн угуп, шар аккан суунун боюнда абдан эс ала түштү. Бир жумадай убакыт өткөндөн кийин Зулфия Наргиза менен Зарылбекти жанына алып базарга барышты да, тамак-аш алып кайра келишти. Зулфия машинасын сатууну ойлоду: "Бул бойдон жүрсөм сөзсүз таап алышат", деген ойдо болуп, машина базарга барып өзүнүн машинасын сатууга койду эле, көп өтпөй эле кардар келип Зулфия менен баалашып кирди. Зулфия дароо эле кардардын айтканына макул болду, анткени анын оюндагы баа ошол болчу. "Үстүнө бир аз акча кошсом эле "Джип" машинасын алып алсам болот экен", деп ойлонуп, базар бүткөнчө сатылчу машиналарды кыдырып жүрүп бир "мерседес 500дү" жактырып, ээсине жолукту. "Мерседестин" ээси Зулфиянын үстү-башын карап ары-бери басып туруп:
- Эжекеси, эгер сатып ала турган болсоң келишебиз, кеңешебиз, мен айткан баадан бир сом ылдый түшпөйм, алсаң ошол! - деди.
- Жарайт, машинаңызды айдап көрсөм болобу?
- Болот, эмнеге болбосун.
Зулфия "мерседеске" олтуруп ордунан жылдырып, жыйырма метрдей айдап кайра буруп келди да:
- Сүйлөшкөн боюнча мен макулмун! - деди да, машинанын ичине олтуруп акчасын санап берди. - Оформлениесин качан?
- Азыр бүтүрөбүз, кеттик. - Зулфия машинаны өзү айдап, тигил анын жанына олтурду да, жүрүп кетишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 17:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Ошол күнү машинанын бардык каттоо кагаздарын бүтүрүп, анан түш оой дачага келди. Эки-үч күн дагы эс алып, анан үйдөн чыгып салонго кирип чачынын прическасын өзгөртүп, бойотуп койду эле, таптакыр өзгөрүп калды. "Эми Эрнис мени таанып алсын", деп өзүнчө мыйыгынан жылмайып алды. Дачага келгенден кийин балдарын алды да, ошол эле күнү айылга жөнөдү. Көп санаадан кутулуунун амалы менен айылга келип ата-энесинин урмат-сыйына бөлөнүп эки жумадай жүрүп калышты да, ата-энесин ээрчитип жаңы алган дачага келишти. Алар дачаны көрүп абдан кубанып жатышты. Бир жумадай жүрүштү да, Наргиза менен Зарылбекти алып айылга кетишти. Зулфия өзүнүн иштерин бүтүргөндөн кийин бармай болду.
Эрнис бул арада Зулфиянын үйүнө үч-төрт жолу келди, телефон чалды, бирок дарегин биле албады. Акыркы жолку келгенинде ал квартиранттарынан сураштырып эптеп дарегин билүүгө тырышып жатты:
- Кайда көчөөрүн айткан жок беле?
- Жок, айткан эмес, биз да сураган жокпуз.
- Айылга кетпеди бекен?
- Билбейбиз.
- Мм да-а, анда эми келсе дарегин билип калыңыздарчы.
- Макул.
Эрнис машинада бара жатып: "Бул шуркуя эмнеге бул иштен баш тартып жатат? Же өз күнөөлөрүн ушинтип жуугусу келип ошенттиби, атайын качтыбы? Балким Наргиза менин телефондон сүйлөшкөнүмдү айтып койсо ошон үчүн качып жаткандыр?" - деп ойлонуп кетип баратып: "Сөзсүз табыш керек!" - деп алды да, Зулфиянын ата-энеси турган айылга барууну туура көрдү. Дал ошол күнү Наргиза айылга келип жол боюнда кыздар менен сүйлөшүп турган.
Эрнис бат эле айылга келип калды. Ал Кубандан Зулфиянын ата-энесинин дайынын, ал тургай аты-жөнүн да уккан болчу. Айылга келээри менен эле четинен сурап көрүүнү чечти да: "Жок-жок, жөн гана байкап кетейин, менин келгенимди Зоя эже билбегендей болуш керек!" - деп алды. Көчө бойлоп кетип жатып жол боюнда топтошуп турган кыздарды көрүп көңүл бура карады да, алардын арасында турган Наргизаны көзү чалды. Бирдемелерди күлүп сүйлөп жаткан кыздар Эрнистин машинасын көргөн менен Наргиза элес албады.
Эрнис көчөнүн орто ченине барып токтоду да, арыда турган бир жигитти өзүнө чакырып:
- Ой дос, ушул айылдык болосуңбу? - деп сурады.
- Ооба, эмне болду? - Ал бери басты.
- Коркчу эч нерсе жок, тээтигил кызды тааныйсыңбы?
- Кайсы?
- Тээтигичи.
- Аа-аа, ал конок кыз экен, бул жерде жүргөнүнө аз эле болду.
- Анда ошол кызды мага чакырып берсең мен сага акысын төлөйм, ичиң оорубагандай болот.
- Качан?
- Бираз караңгы кирсин, өзүнө айтпайсың, мен тээтигил магазиндин артында турам, сразу айткан акчаңды аласың, макулбу?
- Жарайт! - деген жигит кыздар турган жакка билмексен боло басып баратып Наргизаны көз кыйыгы менен карап койду да: "Жигиттер көз артчу кыз тура, менин эмнем кетип жатты эле, өзүмө тыйын керек болуп турганда жакшы болду", деп ойлоп кеч киришин күттү. Убакыт кечтеп калган, бир сааттай убакыт өтүп иңир кирип көз байланганда ал жигит кыздардын жанына барды да, алар менен бираз тамашалашып туруп калды. Эрнис бул тушта машинасынын номерин чыгарып беките салды да, Наргизаны ээрчитип келсе эле машинага тыгып салууну ойлонуп жатты: "Айылда кыздарды ошентип эле ала качып кетет эмеспи?!" - деп өзүн сооротуп жатты. Бир кезде баягыл жигит Наргизаны эмне деп айтканы белгисиз, Эрнисти көздөй ээрчитип келе жатканын көрдү да, көзүнө көзайнек тагынып рулга олтура калды. Караңгы болгондуктан Наргизага машинанын өңү да таанылбай турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   gulas   10 Август 2012 - 17:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 165
  • Катталган: 27 Июль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Кызыгына келип калыптыр го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 18:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

- Эмнеге чакырып жатат болду экен? - деп машинага эңкейди эле Эрнис ага карап:
- Чоң кыз, апаң ала кел деген, ошон үчүн... - дегенде:
- Сиз ким болосуз, таенемдерге айтып инимди ала кетиш керек, - деди эле Эрнис:
- Машинага олтурсаңыз, айтып берейин, апаңыз кечээ күнү авария болуп... - дегенде эле Наргиза машинага түшүп:
- Байке, эмне болуп авария болуптур, деги өзү жакшы элеби? - деп чыйпылыктай кетти. Эрнис ага билгизбей төш чөнтөгүнөн акча алып чыгып тигил балага берди да, машинаны ордунан жылдырды.
- Байке, үйдөгүлөргө айтып койбосом издеп калышат, анын үстүнө апамды да айтпасам болбойт го? - деп безилдеп жиберди Наргиза.
Эрнис үндөбөй машинаны катуулап айдап жөнөдү да:
- Шашылыш керек, кокус бирдеме болсо кантесиң, адегенде жашаган үйүңөргө барып керектүүлөрүн аласың, анан мен жеткирем, - дегенде Наргиза үндөбөй калды.
Ал: "Эгер чын эле абалы оор болсо эмне болот, а кокус чын эле өлүп калсачы, анда мен эмне кылам? Жок-жок, анын бетин ары кылсын, аман-эсен айыгып кетсе экен", деп сарсанаага түшүп келе берди. Дачага келгенде Наргиза:
- Мен түшүп үйгө кирип чыга калайын, сиз күтө турасызбы? - деди шоопурга карап.
- Аа-а, эмне керек экенин азыр ооруканага барып анан билебиз, олтура бер! - деп машинаны буруп зыпылдата айдап жөнөдү да, күзгүдөн Наргизаны карап койду. Ал кабагы бүркөө, кабатырлангандай ойлуу бара жаткан. Эрнис машинаны өзүнүн үйүн көздөй айдап дарбазага жеткенде токтоду да, түшүп дарбазанын кулпун ачып жатканда Наргиза машинадан башын чыгарып:
- Байке, биз кайда келдик, бул оорукана эмес го? - деди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 18:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

- Азыр-р, - Эрнис эшигин ачып кайра келип машинасын айдап ичкери киргизгенде Наргиза алаңдап коркуп кетти. - Апаң ушул үйдө, аны ооруканага алып барбай бул жакка алып келгем, ошон үчүн ага жолугуп, макул болсо алып бара койобуз, - деп күзгүдөн Наргизаны карап жылмайып алды: "Бул алсыз куш эмне кыла алмак эле, эң жакшысы машинага өзү түшүп бергени болду", деп ойлоп машинасын гаражга киргизип туруп, дарбазаны бекитти да, Наргизага карап:
- Чоң кыз, түш, түшө гой, кирип апаңа жолугалы, - деп анан өзү алдыга түшүп үйдүн каалгасын ачып кирди эле, Наргиза анын артынан баратып: "Бул эмне деген киши деги, апам жеңил эле болсо керек, анда эмнеге мени чоочун үйгө чакырды, а кокус өлүп калган болсочу, анда эмне үчүн мени биерге алып келди, деги эмне болуп кетти?" - деп чоочун кишинин артынан үйгө кирип келди. Заңгыраган үйдүн ортосунда эки жагын элеңдей карап туруп калганда ар жактагы бир бөлмөдөн:
- Кире бер, чоң кыз, эч коркпо, мен мындамын! - деп үн салды.
Наргиза кирип келип эки жагын карап апасын издеп жатты, ары карап турган чоочун кишиге карап туруп:
- Байке, апамды көргөзүңүзчү? ! - деп жалооруй сүйлөдү.
- Апаңды абдан жакшы көрсөң керек, ээ? - деп бери караганда Наргиза аны таанып дел болгондой туруп калды да:
- Сиз... Сиз мени эмнеге бул жерге алып келдиңиз?
- Эмнеге дейсиңби, Наргиза? Сен менден чоочулабай жүрчү, мен сени абдан жакшы көрөм, ал тургай сүйүп да калдым десем жаңылышпайм! - Эмеле керсейип жаткан Эрнис чынында кыз алдында бечарага айланып калды. - Сени алдап алып келбесем сен келбейсиң да, Зоя эже мага сени бербейт!
- А мен баары бир макул болбосомчу, мен али сүйүү дегенди билбейм!
- Сүйүүнү билбегениң жакшы, экөөбүз сүйүү романын ушинтип баштайбыз. Сенин биринчи сүйүүң жана биринчи эркегиң болсом арманым жок!
- Жок-жок, анте көрбөңүз, суранам сизден, мени өз жайыма коюңузчу! - Наргиза ыйлап жиберди.
Эрнис Наргизанын жанына келип эки колун анын эки ийинине коюп туруп көзүнө тике карады да:
- Ардагым, сен мени чанбачы, эгер сен мага чын көңүлүң менен макул болсоң өмүр бою айтканың менен болом да, не десең аткарам, кийимден, тамактан кейитпей багам. Хандын, бектин аялындай жашайсың, - деп көзүнүн жашын колу менен сүртүп колтуктай басып креслого олтургузду да, өзү анын маңдай тарабына барып олтурду. - Наргиза, угуп жатасыңбы мени?
- Угуп жатам, бирок мен баары бир макул эмесмин, мени жайыма койбосоңуз өлүп да болсо сизден кутулам!
- Ох-хо, абдан көк турбайсыңбы, мен канчалык сага өзүмдү пас көрсөтүп сүйүүнүн күчү менен жалбарсам да болбойт экенсиң да?
- Ооба, эч качан мага сиздин сүйүүңүздүн кереги жок!
Эрнис ордунан туруп ары-бери басып жүрдү: "Эмне кылсам, "бөрү баласы ит болбойт" дегендей бул мага болчу түрү көрүнбөйт" . Ал Наргизаны карады: "Бир түнөгөндөн кийин кайда бармак эле, кыз атынан жаңылгандан кийин аргасыз баш ийет да", деп ойлонуп кайра олтуруп калды. Наргиза болсо катуу-катуу басып эшиктерге барып чыгып кетүүгө аракеттенди эле, алар бек экен. Терезелерге да барып көрдү, айнекти сындырган менен темиртоскучтан өтө албасын билди да, өйдө көтөрүлчү тепкичти көрүп көтөрүлө баштады. Экинчи кабаттан секирип кетүүгө даярданып келген эле, баардык терезелери темиртоскуч экенин көрүп, аргасы кетип ар бир бөлмөлөрдү кыдырып көрдү да: "Ашканасы биринчи кабатта болсо керек" деп ойлоп ылдый түштү да, ашкананы издей баштады. Ырасын айтканда Эрнис бул үйдө жашачу эмес, жаңы сатып алган бойдон болчу. Аялы эки баласы менен кетип калган. "Кокус үйлөнүп калсам бул үйгө жашайм" деп ойлогон Эрнис Наргизаны чын көңүлүнөн жактырып калган болчу.
Баардык бөлмөлөрдү кыдырып эч нерсе таппаган соң Наргиза үнсүз олтуруп калды.
- Наргиза, мен сенден дагы бир жолу сурайм, сүйүүмө сүйүү менен жооп берсең мен сени төбөмө көтөрүп багып алам, эгер...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 19:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

- Жооп бере албасамчы?! - Наргиза ызалуу көздөрүнө келе калган жашын куюлта заарлуу үн катты.
- Анда-аа, өз убалың өзүңө, мага эмес тагдырыңа таарын!
- Өз ишим!
- Болуптур! - Эрнис ордунан туруп сыртка чыгып кетти да, көптөн кийин тамак-аш көтөрүп кирди. Аларын стол үстүнө алып келип койду да, колбасаны туурап тарелкага салып, алма менен жүзүмдөрдү жууп келип:
- Кел эми, болбосоң кой, курсагыңды тойгуз.
- Жок, эч нерсе ичким келбейт.
- Кой антпе, кел эми тамактанып алып бираз эс алалы, таң атып кете электе.
- Өзүңүз тамактана бериңиз! - Наргиза ары карап диванга олтуруп алды.
Эрнис үндөбөй өзү кенен олтуруп тамактанды да, ошол эле олтурган жерге кыйшайып уктап кетти. Наргиза дагы ыйлап жаткан бойдон уйкуга кирди.
Эртеси Эрнис ордунан туруп, Наргизаны ойготпой чыгып кетти.
Зулфия үйдө олтурганда эле иниси кирип келди:
- Эже, кечээ күнү кыздар менен ойноп жолдо турган Наргизаны заматта таппай калдык, бир кара машина турган деп көргөндөр айтты, - дегенде Зулфия эмне дээрин билбей бир топко делдейе туруп калды да:
- Ал машинага түшкөн-түшпөгөнүн ким билет, же көргөндөр бар бекен?
- Жок, бирок бейтааныш машина жол боюнда күүгүмгө чейин турган экен.
- Жолго чыгарбай эле койсоңор болмок экен, Закини жакшы карагыла, мен Наргизаны издөө салайын, - Зулфия кийинип сыртка чыкты да, машинасын айдап жүрүп кетти. Иниси өз машинасы менен айылга жөнөдү. Канчалык издеген менен Наргизанын дайыны чыкпады. Каражатын аябай баардык жакка кулактандыруу берди, жадагалса телерадиодон айтылып жатты. Бирок Наргиза кумга сиңип кеткендей дайынсыз жоголду. Зулфия айылга барып суу-суунун жээгин каратып, издебеген жерлери калбады, баары бир дайыны чыккан жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 20:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Зарылбекти алып дачага келген Зулфия абдан ыйлады, кейиди, эч пайда жок экенин билгенден кийин ойлоно баштады: "Кара машина Эрнис болуп жүрбөсүн.. Болушу мүмкүн, эгер ал болсо анда Наргизаны атайы алып кетти, демек мага өчөшкөнү. Эмне кылсам: ага өзүм эптеп байланышсам бекен?" - деп ойлонуп олтуруп башы катты. Кайда бараарын, кайдан, кантип издээрин билбей кыйналып үйдөн чыкпай үч-төрт күн жүрүп калды. Бир күнү ал ойлонгондон башы ооруп диванда жатса дарбазанын коңгуроосу чыр этти. Зулфия ордунан кандай турганын сезбей калды: "Оо кудай, Наргиза келип калган жокпу, ылайым эле келип калса экен", деп атып чыкса Эрнис туруптур. Зулфия үн чыгарбай ордунда катты.
- Кандай, Зоя эже, эмне дайыныңыз чыкпай кетти?
- Аа-а, жөн эле, кокусунан бул дачанын сатыла тургандыгын угуп сатып алып көчүп келе бергем, анан сага байланыша албай жаттым... Ырас болбодубу келгениң, - Зулфия үйгө баштап кирди. Эки жакты карап суктана таңдайын такылдаткан Эрнис үйгө кирип баратып:
- Укмуш, хан сарайы деле мындан ашык болбосо керек, жашооңуз ханышадай болгон соң албетте кылмыштуу дүйнөдөн баш тартасыз да, да, даа-аа.
- Эрнис, мени түшүнчү, мен кантип эле сени алдайын же телефонуңду таштабапсың, анан байланыша албай эле... Андан көрө мени укчу, Эрнис, эки жумадан бери башыма иш түшүп түн уйкумдан, күндүз тынчтыктан кетип азаптамын... - Зулфия көздөрүнө жаш ала үнү каргылданып кетти.
- Ал кандай иш, эзели солк этип койбогон Зоя эжемдин көзүнө жаш алганы мени кооптонтуп жатат? - Эрнис Зулфиянын маңдайына келип, эки колу менен эки ийинден алды да, креслого олтургузду. - Айтыңызчы деги, ал кандай иш?
- Наргизаны жоготуп алдым, айылдан алып кетиптир, кимдер алып кетти, кайда, эмнеге - билбейм, издебеген жерим калбады.
- Кыз-зык, кимдер алып кетиши керек, чын эле эмнеге? - Эрнис калп эле ойлонумуш болуп ары-бери басты. - Издеш керек, изин суутпай издей бериш керек, табылып калгысы бардыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Эрнис муну айтып жатып, ичинен: "Кадимкидей иштебесең, ар кайсыны шылтоо кылсаң балаңды да жоготом, мага башка бала менен сеникинин айрымасы кайсы?", деп ойлонуп ары баратып кытмыр жылмайып алды да, кайра бери басып келип:
- Зоя эже, капа болбоңуз, табылат, ан үчүн талбай издеш керек, үмүтүңүздү үзбөңүз!
- Кантип үмүт үзөйүн, эшик чыр этсе эле кызым келип калдыбы деп чыгам, жок...
- Келип калаар... Эже, мындай бир абдан жүйөөлүү иш, сиз дагы бир кичинекей бала табыңыз, акысы абдан кымбатка турат, кызыңызды издегенге акча керек, акчаң болсо бардык нерсени жасоого болот эмеспи.
- Азырынча акча деле бар, жетмек, бирок бул иштен өлүп башым көргө кирмейин баш тарта албайм, мен даярмын, качан келип алып кетесиң?
- Даяр болгондо өзүңүз звонить этсеңиз эле келе калам, - Эрнис алакандай кагазга телефон номерин жазып калтырды да, чыгып кетти. Анын артынан карап турган Зулфия: "Каапыр, ушунун колунан келбеди бекен, жок дегенде машинанын атын, номерин көргөн киши болгондо не?" - деп анын кеткен жагын ойлуу карап, көпкө тура берди.
Эрнис болсо кетип жатып эмеле короодон көргөн "мерседести" ойлоп: "Шуркуя десе, бул баарын алмаштырып эптеп кутулгусу келген экен, жан далбас кылып жатканын кара, эми сага Наргизанын караанын да көрсөтпөйм! " - деп кетип жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Elit   10 Август 2012 - 21:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Кызыктын баары эми башталды го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 21:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Наргиза үч күнгө чейин наар алган жок, Эрнистин асты-үстүнө түшүп ар түрдүү тамак-аштарды алып келип астына койгонуна көңүл да бурбады. Өзүн өлтүрүүгө эч нерсе таппады. Үчүнчү күн өткөндөн кийин оозу кургап, ичи курулдап суу ичкиси келди, суу ичип алып кайрадан стол үстүндөгү дүйүм тамактарды көрүп шилекейин жутуп эки жагын каранып алды да, столго жакындады.
"Тамактанып эле алайынчы, баары бир өлө албайт экенмин, андан көрө мына бул эки кабат заңгыраган үйдө өзүмдү эркин сезип жашай берейин. Эрнис мени баары бир койо бербейт. Эмне, жаман деле күйөө болчудай эмес, байкуш жалдырап эле жатпайбы...?" Наргиза ушуга окшогон ойлорго берилип, столго жакындады, анан сыртты карады, эч кандай дабыш жок.. "Кайдагы дабыш болмок эле, Эрнис келсе дарбаза ачылат да", деп столго олтурду да, адегенде колбаса менен нандан жей баштады. Бираз ар кайсыдан жегенден кийин өзөгү үзө тартканы билинбей тойо жегендей олтуруп калды. Анткени төртүнчү күн ачка боюнча азыр наар алып жатпайбы. "Өзөгүмө түшүп кетпесин" деп ойлоп, кайра күлкүсү келди: "Бир нече саат мурун эле өлүмдү каалап жатпадым беле, эми өзөгүмө түшүп кетүүдөн коркуп жатам", деп жылмайып алды. Өзөгүнө бирдеме баргандан кийин эриккенин билди да, тигил бурчта турган телевизорду сайды: "Кеч кирейин деп калды, жакшы передача болсо көрүп олтура берейин..." Телевизордо акыркы кабарлар болуп жатыптыр. Наргиза аны карап олтурганы менен ою башкага кетти: "Азыр Эрнис келсе менин минтип олтурганымды көрсө сүйүнүп кетип, анан мени төшөккө алып барса?..." Көзүн жумуп жиберди: "Кыз эмес экенимди билсе эмне дейт болду экен? Ошого кантип жооп берем, же апамдын ойношу Кубан зордуктаган дейимби? Жок-жок, антпей калайын, андан көрө келсе ага чын сырымды айтып, кыз эмес экенимди ачык түшүндүрөйүн" , деп олтурганда эле өзүнүн аты-фамилиясы кулагына шак дей түшүп, телевизорду карай койсо сүрөтү турат. Жоголгондор тууралуу кулактандыруу экен. Ыйлап жиберди, кантип билдирет? Аргасыз көзүн жашылданта олтуруп калды. Дароо кабагы бүркөлө түштү: "Эми болбой калды, менин кыз эмес экенимди Эрнис билгенден кийин койо берсе да, баары бир үйгө барбайм, ар убак ошонун ойноштору мени минтип балалыгымдан ажыратып, камап олтурат.. Мен сени мындан ары көргүм келбейт!"
Наргиза заматта көңүлү кирдеп, телевизорду өчүрүп салды да, диванга жатып алды. Азыр бирдеме ичкенге шалдырап уйкусу келип турган. Ал жаткан жеринде уктап кеткен экен, эшиктер шарактап ачылганда чоочуп ойгонуп тура калды.
- Наргиза, кандай, зерикпедиңби?
- ?..
- Мен сага со-онун алтын сөйкө, шакеги, цепочкасы менен алып келдим, карачы?
- Мага андайдын кереги деле жок, тим койуңуз!
- Жок, алтыным, андай болбойт, мен сага атайы алып келгенден кийин кантип сага такпайм. - Эрнис Наргизага жакындап келип калганда Наргиза кыйкырып жиберди:
- Токто-оо! - Эрнис чоочуп кетип токтоп калды. - Сиз мени билбейсиз, мен тоголок жетим кызмын, мени ошол аял багып алып адам катары жашай баштаганмын, ошол аялга жолуктурган жаратканга ыраазы болуп жүргөн элем... Бирок сиз угуп койуңуз, көрүнгөн жерде үйсүз, кардым тойбой жүргөн кезде мен кордолуп калгам, сизге ошондой кордолгон кыздын эмне кеги бар эле, мени жайыма коюңуз, суранам, койо бериңиз?!
Эрнис бир топко шалдайып туруп калды: "Чын эле мага кордолгон кыздын кереги эмне, колумда акча турганда кыздарды четинен таап албайынбы? Жок-жок, муну чын дилим менен жактырып калбадым беле, эмне экен, ансыз деле далай эле кыздардын убалына калгам, жүрөгүм менен жактырган кыз мага жүрөгүн, дилин арнаса болду да!" - деген ойго келген Эрнис Наргизага карай жарк эте күлдү да:
- Эмнеси бар экен, сен мага чын жүрөгүң менен берилсең, дилиңди, жүрөгүңдү арнасаң болду, Наргиза, - деп Наргизага жетип кучактап калды. Наргиза үн дебеди, болгону Зулфиянын ойношунан кордолгонун айтпаганына ичинен кубанды. Кантсе да ал сырды өлгөнчө ичине сактоого өзүнө ант берди, анткени ал жамандык кылган жок, өз баласындай гана кийимдин жакшысын, тамактын чүйгүнүн, таттуусун берип бакпадыбы жети-сегиз жыл. Эрнистин кучагында туруп ушуларды ойлогон Наргиза ыйлап жатты.
- Өз энемдей камкор болчу, ал эмне болуп жатты болду экен?
- Эч ойлонбо, Наргиза, баары жакшы болот, сен мага көңүлүң менен, жүрөгүң, дилиң менен берилген жар болсоң мен сени эч нерседен өксүтпөйм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 22:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Наргиза үн дебеди, жөн гана соолуктап ыйлап жатты, ошол күнү алар бир бүтүнгө, бир-бирин толуктаган үйбүлө деген чакан бөлүккө айланып, жашоонун сырдуу да, чырдуу да табышмактуу дүйнөсүнө биригип аттанышты. Эрнис Наргизаны жан дили менен сүйгөндүктөн анын көп кыйнабай көнүп бергенине абдан кубанды, ал үчүн баарына бел байлоого даяр экендигин далилдегиси келип, ар убак чарк айланып айтканын аткарууга далбастап жатты. Наргиза болсо тагдырдын ушунчалык оомалуу-төкмөлүү экенине аргасыз баш ийип берди. Эрнис Наргиза өзүнө бериле мамиле кылып, үй жумуштарын жасап калганда бүт эмеректерди, үйгө керектүү буюмдарды алып келип толтуруп салды. Эки кабат үйдү толтуруп салгандан кийин бир күнү орто жашаган аялды алып келип үй жумушчу кылып берди. Ошентип Наргиза ханышадай жашоого өтүп, ар бир күнү жашоосунда болуп өтүп жаткан өзгөрүүлөрдү ойлоп, Зулфияны эстеп өзүнчө кыйнала берчү болду. Кызматчы аял абдан жакшы аял эле. Ал Наргизанын көп ойлонуп кээде ыйлап алганын көрүп ага акыл-насаатын айтып, көңүлүн көтөрүүгө аракеттенип турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   operaledi   10 Август 2012 - 23:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Арадан билинбей жыл өтүп кетти. Наргиза бул кезде кошбойлуу болуп калган. Эрнис ого бетер асты-үстүнө түшүп, көзүнүн агы менен тең айланып турат. Анын көбүнчө түн катып келгенине Наргиза таң калат, бирок суроого оозу барбайт. Ал келгенде көбүнчө алтын буюмдарды көп алып келет да, аны Наргизага көрсөтүп:
- Жаным, мына булардын өзүңө жаккандарын тандачы, эгер баарын жактырсаң, бүт ал! - деп ага жалбара өпкүлөп кирет.
Чынында Наргиза алтынга кызыкчу эмес, ушул бир жылдын ичинде Эрнистин алып келип берген алтын буюмдарын тагынып эле жүргөн. Азыр өзү зорго эле он сегизде эмеспи. Колдорунда болсо көздөрү каухар алтын шакектер толтура.
- Болдучу, мунун баарын эмне кылмак элем, ой-оой, кыйналып кеттим, жетет, көп кереги жок, калганын сатып жибер, - Наргиза эркелей кетет.
- Алтыным, жаным, кыйналбай жүрчү, жакында ата-энемдин төрүнө алып барам.
- Өзүң бил.
- Сөзсүз алып барам, алар көрсүн менин аялым кандай сулуу экенин, анан да менин кандай табышкер экенимди билишсин!
Наргиза ичинен: "Же көчөгө чыкпасам, бул жансыз буюмдарды мен тагынып жүргөнүм менен мунун мага кандай кызыгы бар, өлүү дүйнөнүн ичинде калдым, шарактап курбуларыма кошулуп ары-бери баспасам булардын эмне кереги бар?" - деп көпчүлүк убакта өзүнчө чөгүп кете турган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   operaledi   11 Август 2012 - 01:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Зулфия болсо Наргизадан такыр эле түңүлүп калган. Эрнистин тапшырмасын аткаруу үчүн эки жакка баруу керек, ал эми Зарылбекти жалгыз таштай албайт, акыры ал аны айылга жеткирүүнү ойлонуп чечти. Ал айылга уулун жеткирип коюп кайра кетип жатып жол боюнда бети-башы карала-торала болуп ойноп жаткан баланы көрдү да, машинасын токтотуп аны чакырды эле, ал кубангандай чуркап келип машинага түшкөндө, Зулфия эки жакты карап туруп машинасын айдап жүрүп кетти. Убакыт кеч болуп калган, ал айылдын четине барып машинасын токтотту да, жанындагы напитокту алып ага уйку дарыдан кошуп туруп эч нерседен бейкапар олтурган балага берди эле, ал ичип, анан Зулфиянын колуна карматкан печеньесин кармап олтурду. Зулфия машинасын артка буруп айдап жөнөдү да, айылга кирип келди. "Эч ким көрбөдү бекен, кокус көрсө эмдигиче тополоң түшүп жаткандыр" , деп ойлоп, машинаны жай айдап жүрүп отурду: "Эгер билип калса тамашалап койдум деп өз колдоруна тапшырайын, билбей калса..." Артын караса алиги бала борсоюп уктап калган экен, колундагы печенье жанына түшүп калыптыр. Зулфия эки жагын карап көпкө токтоп турду. Көчөдө жүргөн бир да адам же аял көрүнбөйт. "Кокус билинип калса ата-энеме жаман болоор, жок-жок, билинбей калса экен, эгер азыр бирөө жолугуп сураса "билбейм" деп, анан сүйүнчү сурап койойун", деп да ойлоду. Жол боюнда жарым сааттай турса да эч бир жан жоктой жымжырт. Көп өтпөй "Эмне болсо ошол болсун", деген Зулфия машинаны айдап чоң жолго чыкты да, шаарды көздөй зуу койду.
Зулфия шаарга жетип дачага келип калган кезде айыл чуру-чуу түшүп, чоң ата-энелер небересин издеп жүрүштү. Анын машинага түшкөнүн эч жан көргөн да, билген да эмес экен, түндү түрө издеп жүрүп ар кимиси ар кандай божомол айтып жатышты. "Азыткы азгырып кеткен жокпу, алыс бара албайт эле, кайда кетти?" - дешип чуулдап жатышты. Баары бир ары-бери чуркагандан натыйжа чыкпай шаардагы уул-келинине кабарлашты, алар таң атпай келишип, эч айла таппаган соң, кулактандыруу берип издөө салып жатышты. Бул учурда Зулфия баланы Эрниске берди да, андан акча күтүп калды. Эки-үч күндөн кийин Эрнис келди да:
- Зоя эже, бул сиздин эмгегиңиз, бирок тигил баланы алып кетчү клиенттер кечигип, анын үстүнө жол тосулуп издөө катуу жүрүп жатат, бир аз изин суутуп анан алып жөнөбөсөк болбойт, анткени аны Алматынын аэропортуна жеткириш керек! - деди да, колундагы белинен буулган жашыл акчадан үчөөнү сунду. Зулфия үн дебеди, жөн гана Эрнистин кетип калышын каалады, ал оюнда анын артынан жөнөгүсү келип турган, анткени эптеп анын үйүн көрүп алса: "Аерден Наргизаны табаар бекемин?" - деп ойлогон эле. - Зоя эже, бул ишибиздин ийгилиги үчүн бираз чайлашпайлыбы?
- Эч нерсеге көңүлүм жок, дагы бир күнү... - Зулфия көңүлсүз экенин билдирди.
- Макул анда, мен барайын...
- Жакшы бар! - Зулфия Эрнистин артынан чыгууга бел байлаганы менен: "Мүмкүн ал билип калсачы, же аерде Наргиза жок болсочу?" - деп анын артынан баргысы келбеди. Ал кетээри менен санаага түшүп диванга кыңкайды, тамак ичкиси келбеди.
Эртеси айылга келип уулу Зарылбекти алып кетүүгө жөнөгөндө жолдо жүрөкзаада болуп келе жатты. "Азыр мен барганда "мына ушул машина алып кеткен" деп таанып калса канттим?" - деп убайым жеп айылга кирип келди. Бирок ал күткөндөй эч ким аны анткен жок, тескерисинче ал келгенде ата-энеси ага бул жердеги укмуш окуяны айтып берип таң калып жатышты:
- Капырай десең, күндө эле ойноп жүргөн бала заматта жок, же өлүүсү, же тирүүсү жок жоголду... - деп апасы таң калганын жашырбай тамшанып жатты. Аны уккан Зулфия үн-сөз жок, ал жерден эптеп кетүүгө аракеттенип Зарылбекти кийинтип алып жолго чыкты. Келээр келгенче ар ойду ойлоп келе берди. "Оо кудай, ошол ата-эненин көз жашы мени оңдурабы? Акыры бир күнү убалы жетет го!" - деп келе жатып шаарга кирип келип, Кызыл-Аскерге жеткенде жол боюнда токтоп турган Эрнистин машинасын көрдү. Дароо машинасын токтотуп койуп күтүп калды. Тээ көптөн кийин гана Эрнис эки-үч киши менен кафеден чыкты да, эки жакты карабай эле машинага олтуруп жөнөдү. Зулфия чымын-куюн болуп жүрүп жаткан машиналардын арасына кирди да, Эрнистин артынан кууп жөнөдү. Акыры ал шаардын четиндеги айылга бурулуп кеткенде Зулфия токтоп калды. Анткени анын артына түшсө дароо аны таанып калмак. Ал узап кеткенче карап туруп, анан жолго түшүп Эрнис кеткен тарапка машинасын айдап жөнөдү. Көп өтпөй эле айылдын четирээк жагында эки кабат үйдүн жанында Эрнистин машинасынын турганын көрдү да, машинаны далдоого токтотуп күтүп турду. Зарылбек болсо бышылдап арткы орундукта уктап жатат. Көз айрыбай карап турган Зулфия: "Мүмкүн мунун үйү деле эмес чыгаар, жанында экөө жүргөндөй болбоду беле, ошолордун бириники болуп жүрбөсүн?" - деген менен акырына чейин күтүүнү ойлоду. Бир топтон кийин Эрнис өзү чыгып машинасын дарбазадан киргизип кетти. Ошондо гана ал Эрнистин үйү экенин билип, кекенип алды. "Сени шашпа, акыры таптымбы, сары изиңе чөп салбасам элеби?" - деди да, машинасын артка буруп айдап үйүн көздөй жөнөдү. Ал эртең Эрнистин үйүнө кантип барууну пландаштырып жатты. Адегенде эртең үйгө бир жумушчу жалдоону ойлоду.
Эртең менен жай ойгонгон Зулфия түндө көргөн түшүн ойлоп, көпкө бушайман болуп олтурду. Анын түшүнө Анипа кирип: "Эже, сиз Жанышка көйнөк тигип бербесеңиз болбойт, жүрүңүз!" - деп колунан тартып жатыптыр. Зулфия болсо андан качып: "Сенчи, сен өзүң тигип бербейсиңби, менин азыр колум бошобойт! ", деп жанталаша андан качып жатыптыр. "Ой тоббо-оо, чын эле кан куткарбайт деген чынбы?" - деп көл-шал болуп тердеп жүрөгү кабынан чыга лакылдап кыйнала берди. Анан ордунан туруп сыртка чыкты да, суу боюна барып эмелеки түшүн сууга айтып кайра келип жуунуп сергип калды. Эртең мененки тамагын ичип бүткөндөн кийин Зарылбекти жанына салып алып Ош базарына барды да: "Беш жашар баланы бакканга нянка керек", деп жарыя берип, бир топ күтүп калды. Жарыядан улам алты-жети кыз-келин анан бир улгайган аял келди. Зулфия улгайган аялды мындайраак ээрчитип чыгып:
- Бала-чакаңыз барбы? - деп сурады.
- Жок, айланайын, балам жок, эптеп жан баксам болду эле...
- Кайдан болосуз?
- Кайдан экенимди сурабай эле кой, кызым, балам жок, иним бар эле, ал да өлүп калган, келиним батырбай...
- Анда жүрүңүз. - Зулфия аны ээрчитип келип машинага салды да, жөнөп кетти. Зарылбек ал нянкага көнгөнчө Зулфия эч жакка чыкпады, анткени ал аялдан да күмөн санап жүрдү. Ал аялдын аты Бүбү экен. Чынында карапайым, жоош момун болуп чыкты.
Бир жумадай убакыт өтүп Бүбү ал үйгө көнүп, эки-жагын билип калганда Зулфия ага:
- Эже, сиз сыртка деле чыкпайсыз да, сыртыңардан бекитип кетейин, - деди.
- Эшикке эмне бар, кагылайын, короонун эле ичинде болобуз уулум экөөбүз.
- Анда мен жумуштап кеттим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Narynbek   11 Август 2012 - 01:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Чооң рахмат сага!СүрөтСүрөтСүрөт
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   operaledi   11 Август 2012 - 02:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Зулфия машинасын айдап чыгып кетти. Болжолдуу жерге келгенде Зулфия машинасын стоянкага коюп бекитип койду да, маршруткага отуруп жөнөдү. Эрнистин үйүнөн бир топ алыстан түштү да, ээн жол менен бара жатып ээн турган үйгө кире калып, масканы кийе салып, башына жоолук салынып, бутуна ала келген эски көлөчтү кийди да, Эрнистин үйүн көздөй басып баратты. Дарбазага жетип коңгуроону басты эле, анын кызматчысы эшик ачты. Зулфия аны карап:
- Кызым, өзүм кайырчымын, анан төлгө да ачам... - деп айтты. Ичинен: "Кереги жок деп кирип кетпесе экен", деп ойлоп коркуп атты.
- Ким экен? - Ушул учурда Наргиза үйдөн үн катты. Тааныш үндү уккан Зулфия өзүн кармай албай: "Наргиза, кагылайын кызым!" - деп кыйкырып ийе жаздады да, зорго өзүн кармап турду. "Шүмшүк, мунун да ажалы жеткен белем?" - деп кекенип калды.
- Кайырчымын дейт. Анан төлгө ачат экен! - кызматчы ичке карай жооп берди. Аңгыча Наргиза жетип келди да, Зулфияны үйгө ээрчитип кирди:
- Эне, төлгө саласызбы?
- Ооба, кагылайын. - Зулфиянын колдорундагы алтындарды көрүп: "Алтынга азгырылган экен го, мен бул үчүн кандай азап чектим", деп ачууланып алды. - Эмне, төлгө салдырат белең?
- Ийи-ии, ооба, төлгө салдырат элем... Сиз мени түшүнүңүзчү, мен бул жерде зордук менен жашап калдым, айлам жок мына эми төрөөр күнүм да жакындап калды. Сиз мага менин апам жөнүндө салып берсеңиз?
- Апаңдын атын, кайда жашаарын айт, салып берейин.
- Зулфия, иним да бар эле, алар мени ойлоп жатышабы, мен барсам кабыл алабы, салып бериңизчи.
Зулфия мурунтан даярдап алган төлгө ташын ала коюп тартып кирди...
- Кызым, апаң аябай кабатыр болуп ойлонуп жүрүптүр, ал сени ар убак күтүп жол карайт экен, бирок күйөөңдү таштай албай жаткансың го, ээ?
- Жок, андай деле эмес, бирок эч нерседен кемитпей, каалаганымды аткарып, оюм менен болуп жаткан эмеге кээде боорум ооруп кетет, болбосо...
- Карачы, апаң сени чыдамсыздык менен күтүп жатыптыр, бул жерге сен кандайча келип калдың?
- Мени алдап, "апаң авария болду, өлүм алдында жатат, сени гана келсин деди", деп алдап алып келген, эгер Эрнисти тааныганда келмек эмесмин, ал караңгыда таанылбай калбадыбы, анын үстүнө апамдын авария болгонун угуп чыдай албадым, келсем эч кандай андай иш болбоптур, мени колго түшүрүү ыкмасы ошол болуптур.
- Мындан ары жашап кетээр оюң барбы, же...?
- Билбейм, апама жиберип, анан кадимкидей эле барып келип каалагандай жүрсөм болмок, бул жер мага түрмөдөй сезилип, кээде тажап да кетип жатам...
- Мм.. Анда апаңдын адресин бер, мен ага сенин кабарыңды жеткирейин.
- Мен ал жактын адресин так билбейм, кандай аталаарын да билбейм, өзүбүздүн машина менен барып келчүбүз, жолун да эстей албай койдум.
- Анда кыйын экен, мен кетейин, кызым, - Зулфия ордунан туруп үйдүн ичин айланта карап, анан сыртты карай жөнөдү. Наргиза ага акырын келип эки жүз сом карматып жатып:
- Жакшы барыңыз, - деп кала берди.
Зулфия акырын артын карап, ээн тарапты көздөп барып, жанагы ээн үйдүн ичине кирип кайрадан маска менен кийимин чечти да, чачы-башын оңдоп жолго чыгып маршруткага түштү...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   operaledi   11 Август 2012 - 02:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Үйүнө келгенден кийин да Зулфия өзүн колго алалбай эмне кылаар айласын таппай кыйнала берди: "Же ушул эле бойдон экөөнү тең өз жайына коюп койсомбу, билмексен болуп жүрө берейин. Наргизада күнөө деле жок тура. Андан кичине эле шек алсам анда, анда экөөнү тең... Жок-жок, жашай берсин, балалуу да болгону калыптыр, кыянаттык кылбайын, жок дегенде Наргизанын мага деген таза ою үчүн экөөнү тынч койойун..." Зулфия ушул ойго токтоп өзүнчө эс ала түштү. "Эмнелерди кылбадым, байкуш Жанышты айтсаң, менин колумдан өлөөрүн ойлоду беле? Жок, түк оюна да келген эмес... Кубанчы, Анипачы.. Мен аларды өлтүргөндө корккон эмес элем го, эми ар бир кадам сайын коко берчү болдум. Эмнеге, мүмкүн менин да кезегим келип калса керек?" Зулфияны басса-турса ушуга окшогон санаа тынчын алып, кайрадан кыйнала баштады.
Ошол арада ага Эрнис келди да:
- Зоя эже, баягы баланы түндөп аэропортко жеткириш керек, ага сиз гана жарайсыз, сөзсүз бүгүн алып барыш керек, ал жерде клиент күтүп турат.
- Өзүмдүн машинам мененби?
- Жок, башка машина болот.
- Жарайт, кай жерден күтөсүң?
- Казакстандын чек арасынан.
- Болуптур, бара бер! - Зулфия жуунуп-таранып ошол күнү кечке көңүлү ачык жүрдү. Түш ооп калганда Бүбүгө:
- Эже, тооктун этинен куурдак жасай коюңуз, бир жакшы олтуруп тамактаналы, - деди да, өзү кыңылдап ырдап Зарылбекти жетелеп суу боюна барып кайра бак аралап келе жатып: "Быйыл кырк тогузга келиптирмин, мүчөлүү жылым тура", деп анан бактын ичине кирип арасында жаңыдан түйүлгөн алмалардын кызарып бышып келе жатканын көрүп: "Биринчи мөмөсүнөн ооз тийейинчи" , деп алмадан эки-үчтү үзүп, бирди өзү жеп, бирин Зарылбекке берди да, үчүнчүсүн Бүбүгө алып келип:
- Эже, карачы мобул алманы, эң биринчи мөмөсү, биринчи түйүшү экен, - деп ага сунду.
- Ийи, абдан жакшы алма болот буйруса, даамы да жакшы тура! - Бүбү алманы тиштеп көрүп Зулфияга карап мактап жеп жатты.
Арыдан-бери тооктун этинен куурдакты бышыра салган Бүбү стол үстүнө булоолонто салып келип, анан чайды да куюп сунуп өзү ары кетип жатканда Зулфия:
- Эже, кел отур, чогуу эле тамактаналы, мындан ары бөлүнбөй биз менен чогуу олтуруп жүрүңүз, - дегенде Бүбүнүн сүйүнүчтөн көзүнө жаш келе түштү да, байкатпаганга аракеттенип тамак куюп келип олтуруп калды. Чынында Бүбү иниси өлгөндөн кийин аябай кордук көрүп, же элдей соода кылалбай, ачка-ток жүргөн кезде Зулфияга жолуккан болчу. Ал Зулфиянын сөзүнө эрээркеп кетти. Кээде: "Ушундай бир эле кызым болсочу", деп өкүнүп алып, кайра: "Ушул аялга туш болуп калганыма Кудайга шүгүр", деп жаратканга жалынып ала турган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   operaledi   11 Август 2012 - 02:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Мен кеттим:коңурук:
Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Nelia   11 Август 2012 - 06:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 222
  • Катталган: 21 Апрель 12
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2015 15:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары,азырынча Владивостоктомун.

Качан келесин кайра кутом го сени тез кел ээ.Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Elit   11 Август 2012 - 08:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Зоя олуп калып Зарылбекти Бубу багып калат окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 01:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: