Historic'тин чөнтөк дептери Окуп койгула)))
#22 12 Август 2012 - 03:42
Барс (11 Август 2012 - 16:23) жазган:
Сенин мурунку жазган ырларыңдан эле, шыгыңдын бар экенине көзүм жетти эле. Чыдабай мактап да жиберген болчумун. Азыркы ырларыңды окуп жатып, дагы да жылуу сезим каптап турганын жашыра албаймын... Бирок, 5-6 ыр менен сени классиктерге кошуп койгонго да, чабалдардын короосуна айдап киргенге да батынуу кыйын. Ошентесе да бир-эки кеңеш:
1. Бул кеңештерди сенден акындык жактан мыкты экендигимден айтпай жатканымды түшүнүү менен, жолумдун улуу экенин гана эсепке алып, көңүлүңө туура келгениндерин алсаң деген өтүнүч...
2. Эгерде бул ырлар мурда өздүк чөнтөк дептериңде гана болсо, супердин сайтына жарыялоо менен жаамы журтка шардана кылып жаткан соң, катасыз жазганга аракет кылсаң. Тыныш белгилерин ордуна коюп, биригип калган сөздөрдү өз алдынча бөлүп жазып дегендей... Акындан ката кетсе, башкалардан нени күтүүгө болот!!!
3. Анан көп эмгектенсең сонун болот эле. Качан илхам келет деп күтүп отурбай...
Калганын кийин аман болсок айтып жатаарбыз. Сага чоң ийгилик! Атыңды чоң акындардын катарынан уга турган күн да жакын деп чоң үмүт менен абаң Барс.
1. Бул кеңештерди сенден акындык жактан мыкты экендигимден айтпай жатканымды түшүнүү менен, жолумдун улуу экенин гана эсепке алып, көңүлүңө туура келгениндерин алсаң деген өтүнүч...
2. Эгерде бул ырлар мурда өздүк чөнтөк дептериңде гана болсо, супердин сайтына жарыялоо менен жаамы журтка шардана кылып жаткан соң, катасыз жазганга аракет кылсаң. Тыныш белгилерин ордуна коюп, биригип калган сөздөрдү өз алдынча бөлүп жазып дегендей... Акындан ката кетсе, башкалардан нени күтүүгө болот!!!
3. Анан көп эмгектенсең сонун болот эле. Качан илхам келет деп күтүп отурбай...
Калганын кийин аман болсок айтып жатаарбыз. Сага чоң ийгилик! Атыңды чоң акындардын катарынан уга турган күн да жакын деп чоң үмүт менен абаң Барс.
Ырахмат ава! Калоо-тилегиңиз, айткан кеңештериңиз үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Бардык кеңештериңизди эсиме түйүп алдым. Мындан кийин ошол кемчиликтеримди жойгонго аракет кылайын. Сиз айткандай ой-толгоолорумду бат-баттан кагаз бетине түшүруп, аны сайтка жарыялап турууга сөз беремин. Дагы бир жолу чоң ыраазычылыгым менен Historic.
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 12 Август 2012 - 10:52
#23 12 Август 2012 - 03:56
Он сегиз миң ааламды бир жараткан,
Ошол түгөл ааламга дин жараткан.
Аллах-Таалам адамды, макулукту,
Атымды айтып жалбар!- деп үн жараткан.
Күндү көрүп турсун деп күн жараткан,
Айга көңүл бөлсүн деп түн жараткан.
Күн-түн дебей кыйналат акыретте,
Шектенүүлөр болсо эгер ким тараптан.
Каапыр болбой саждага башын ийип,
Күнөө кылбай сакадай акыл кирип.
Ойлоп жүргөн бир гана акыретти,
Ошол адам баарынан асыл, бийик.
Ошол түгөл ааламга дин жараткан.
Аллах-Таалам адамды, макулукту,
Атымды айтып жалбар!- деп үн жараткан.
Күндү көрүп турсун деп күн жараткан,
Айга көңүл бөлсүн деп түн жараткан.
Күн-түн дебей кыйналат акыретте,
Шектенүүлөр болсо эгер ким тараптан.
Каапыр болбой саждага башын ийип,
Күнөө кылбай сакадай акыл кирип.
Ойлоп жүргөн бир гана акыретти,
Ошол адам баарынан асыл, бийик.
#24 13 Август 2012 - 11:36
Калемиңиз курчуй берсин!!
! Ийгилик сизге!!!
Бири кем арман дүйнө...
#25 13 Август 2012 - 12:18
Жагымдуу чыгармалар!
+555! 

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#26 13 Август 2012 - 19:15
kyrgyz eli talanttarga bai el ekeninin dagy bir dalili...talanttynyz tawkyndai bersin.iygilik sizge!!!
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#28 15 Август 2012 - 11:34
Мен киммин, мен бир акын жаман сары
Колунда койкоңдогон калам сабы
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны
Б.Сарногоев.
Мен киммин, мен бир адам акын сөрөй
Мээмде сөздөрүм аз, башым кедей
Жүрөккө жакыныраак бир ыр жазсам
Жыргаймын ырларыма башым жөлөй
Ташкындуу талант жок деп кайгырбадым
Таасындуу сөз издөөдөн айрылбадым
Турмушта мен өзүмдү таптап келем
Таш жарган ырын окуп Байдылданын
Ыр менин бүткүл байлык, алтындарым
Ырдан эч көңүлүмдү калтырбадым
Ырсайып каткырмакмын, кубанмакмы
н
Ырындай бир ыр жазсам Айтмырзанын (1)
Ыр үчүн душман менен келишмекмин
Ыр менен жүрөктөрүн эритмекми
н
Танканы талкан кылып жармак элем
Таланты менде болсо Жеңишбектин
(1) Айтмырза Абылкасымов - форумда БАРС-деген ысым менен белгилүү биздин акын агайыбыз.
Колунда койкоңдогон калам сабы
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны
Б.Сарногоев.
Мен киммин, мен бир адам акын сөрөй
Мээмде сөздөрүм аз, башым кедей
Жүрөккө жакыныраак бир ыр жазсам
Жыргаймын ырларыма башым жөлөй
Ташкындуу талант жок деп кайгырбадым
Таасындуу сөз издөөдөн айрылбадым
Турмушта мен өзүмдү таптап келем
Таш жарган ырын окуп Байдылданын
Ыр менин бүткүл байлык, алтындарым
Ырдан эч көңүлүмдү калтырбадым
Ырсайып каткырмакмын, кубанмакмы
н
Ырындай бир ыр жазсам Айтмырзанын (1)
Ыр үчүн душман менен келишмекмин
Ыр менен жүрөктөрүн эритмекми
н
Танканы талкан кылып жармак элем
Таланты менде болсо Жеңишбектин
(1) Айтмырза Абылкасымов - форумда БАРС-деген ысым менен белгилүү биздин акын агайыбыз.
Билдирүүнү түзөткөн: historic: 15 Август 2012 - 12:41
#29 16 Август 2012 - 13:50
historic (15 Август 2012 - 11:34) жазган:
Мен киммин, мен бир акын жаман сары
Колунда койкоңдогон калам сабы
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны
Б.Сарногоев.
Мен киммин, мен бир адам акын сөрөй
Мээмде сөздөрүм аз, башым кедей
Жүрөккө жакыныраак бир ыр жазсам
Жыргаймын ырларыма башым жөлөй
Ташкындуу талант жок деп кайгырбадым
Таасындуу сөз издөөдөн айрылбадым
Турмушта мен өзүмдү таптап келем
Таш жарган ырын окуп Байдылданын
Ыр менин бүткүл байлык, алтындарым
Ырдан эч көңүлүмдү калтырбадым
Ырсайып каткырмакмын, кубанмакмы
н
Ырындай бир ыр жазсам Айтмырзанын (1)
Ыр үчүн душман менен келишмекмин
Ыр менен жүрөктөрүн эритмекми
н
Танканы талкан кылып жармак элем
Таланты менде болсо Жеңишбектин
(1) Айтмырза Абылкасымов - форумда БАРС-деген ысым менен белгилүү биздин акын агайыбыз.
Колунда койкоңдогон калам сабы
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны
Б.Сарногоев.
Мен киммин, мен бир адам акын сөрөй
Мээмде сөздөрүм аз, башым кедей
Жүрөккө жакыныраак бир ыр жазсам
Жыргаймын ырларыма башым жөлөй
Ташкындуу талант жок деп кайгырбадым
Таасындуу сөз издөөдөн айрылбадым
Турмушта мен өзүмдү таптап келем
Таш жарган ырын окуп Байдылданын
Ыр менин бүткүл байлык, алтындарым
Ырдан эч көңүлүмдү калтырбадым
Ырсайып каткырмакмын, кубанмакмы
н
Ырындай бир ыр жазсам Айтмырзанын (1)
Ыр үчүн душман менен келишмекмин
Ыр менен жүрөктөрүн эритмекми
н
Танканы талкан кылып жармак элем
Таланты менде болсо Жеңишбектин
(1) Айтмырза Абылкасымов - форумда БАРС-деген ысым менен белгилүү биздин акын агайыбыз.
Ырахмат!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#30 17 Август 2012 - 23:28
Балли мырза! Торт сап билбеген кыргыз кыргызбы.

Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#31 18 Сентябрь 2012 - 00:33
Жакшылар
Эң жакшы уул -
Балакатка жетпеген.
Эң жакшы Көл- биз билбеген, сүзбөгөн.
Жашоодогу эң жакшына күн ошол
Али жашап, кайгысына тушпөгөн.
Эң жакшы сөз, мен айтайын дегеним
Ошол сөздөр - сага айтып бутпөгөн.
Түрк акыны Назым Хикметтин ырынан которулду.
Эң жакшы уул -
Балакатка жетпеген.
Эң жакшы Көл- биз билбеген, сүзбөгөн.
Жашоодогу эң жакшына күн ошол
Али жашап, кайгысына тушпөгөн.
Эң жакшы сөз, мен айтайын дегеним
Ошол сөздөр - сага айтып бутпөгөн.
Түрк акыны Назым Хикметтин ырынан которулду.
#32 20 Сентябрь 2012 - 02:29
О бул жакта жургон го акындар.
Кабар алып форумдан.
Жургон элем бей капар.
Хисториктин дептерин.
Коруп калдым капыстан.
Конул болуп баш бгып.
Окууп чыктым ырларын.
Конулду коюп шашылбай.
Калемин курчуп таанылган.
Кыргызга акын боло бер.
Дуйно таанып жер таанып.
Акындык обон созо бер.
Таанытып кыргыз улуутун.
Акындык унду созо бер.
Булбулуу болуп кыргыздын.
Ааламга обон созо бер.
Кабар алып форумдан.
Жургон элем бей капар.
Хисториктин дептерин.
Коруп калдым капыстан.
Конул болуп баш бгып.
Окууп чыктым ырларын.
Конулду коюп шашылбай.
Калемин курчуп таанылган.
Кыргызга акын боло бер.
Дуйно таанып жер таанып.
Акындык обон созо бер.
Таанытып кыргыз улуутун.
Акындык унду созо бер.
Булбулуу болуп кыргыздын.
Ааламга обон созо бер.
#33 26 Сентябрь 2012 - 14:54
Ырларың кыска-нуска экен! Келечекте ар бир сабың алтындын баасына тете, тереңдиги жана маани камтыгандыгы боюнча алдыга озуп чыгарсың деп үмүт кылам. Ийгилик!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#34 26 Сентябрь 2012 - 22:19
+
ийгилик! Калемин курчуй берсин!

КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#36 27 Сентябрь 2012 - 18:26
Оо!Иним талантын ташкындай берсин,орундуу суйлогонунон ,чон кишилердей ой жугурто алат экен десем ,кептин баары бул жакта турбайбы!
?Азаматсын!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#38 24 Октябрь 2012 - 20:44
Сүйүү эмне?
Сүйүү деген бул эмне?
Сүйүү деген булбулбу же шактагы?
Ал эмине күн-түн сайрап бактабы?
Сүйүү деген балким болуп журбосун
Сүйүнүшкөн жүрөктөрдүн аптабы
Балким анын азабы бар, балы бар
Балким анын кечи да бар таңы бар
Кайгырткан да, кубанткан да адамды
Билбейм деги сүйүү кандай жаныбар
Биле албадым качан мага келээрин
Биле албадым неге келген себебин
Качан келсен тосуп алам сүйүү деп
Капаланбай шайыр жашап келемин
Бир жагынан келбесе да сүйүнөм
Кутулмакмын ал сүйүүнүн жүгүнөн
Турмушумду жашай берем улантып
Түпкү атам өлгөн эмес сүйүүдөн
!
Сүйүү деген бул эмне?
Сүйүү деген булбулбу же шактагы?
Ал эмине күн-түн сайрап бактабы?
Сүйүү деген балким болуп журбосун
Сүйүнүшкөн жүрөктөрдүн аптабы
Балким анын азабы бар, балы бар
Балким анын кечи да бар таңы бар
Кайгырткан да, кубанткан да адамды
Билбейм деги сүйүү кандай жаныбар
Биле албадым качан мага келээрин
Биле албадым неге келген себебин
Качан келсен тосуп алам сүйүү деп
Капаланбай шайыр жашап келемин
Бир жагынан келбесе да сүйүнөм
Кутулмакмын ал сүйүүнүн жүгүнөн
Турмушумду жашай берем улантып
Түпкү атам өлгөн эмес сүйүүдөн
#39 24 Октябрь 2012 - 20:51
Андан бери алда канча кун өттү
Ак суйуудон айыктырдым жүрөктү
Бугун мына ошол кезди эстесем
Бир кезде мен сүйгөндөймүн сүрөттү
Оорутчусун жүрөгүмдү, какчусун
Ошондо да өзүң гана жакчусун
Тагдыр ошол таарынбагын ширин кыз
Таап алгам сенден дагы таттуусун
Ак суйуудон айыктырдым жүрөктү
Бугун мына ошол кезди эстесем
Бир кезде мен сүйгөндөймүн сүрөттү
Оорутчусун жүрөгүмдү, какчусун
Ошондо да өзүң гана жакчусун
Тагдыр ошол таарынбагын ширин кыз
Таап алгам сенден дагы таттуусун

#40 24 Октябрь 2012 - 20:56
Мекен!
Карт тарыхты басып келген нечен мин
Кагылайын кайрат берген мекеним
Ак кар чалган Ала-Тоондун учтарын
Ак калпакчан атам сындуу сеземин
Түгөнсөң да түтөп жолду уладың
Айтпасам да Аалам билет бу жагын
Кен коюндуу адыр, талаа-түзүңдү
Кен пейилдуу апакемдей туямын
Кураманы журт кылуу батынган
Тарыхыбыз калган Манас баатырдан
Кезегинде айбатынан айбыгып
Кылкылдаган кытай чепке жашынган
Көз арткандар бир соз айтам сизге мен
Кыргызды эч ким багынта албайт куч менен
Ал анткени ынтымакты туу туткан
Айкөл элбиз бабам Манас түптөгөн
Карт тарыхты басып келген нечен мин
Кагылайын кайрат берген мекеним
Бир өзүңдө бүткүл кайгым жоголуп
Жер жүзү эмес бейиш сымал сеземин
Карт тарыхты басып келген нечен мин
Кагылайын кайрат берген мекеним
Ак кар чалган Ала-Тоондун учтарын
Ак калпакчан атам сындуу сеземин
Түгөнсөң да түтөп жолду уладың
Айтпасам да Аалам билет бу жагын
Кен коюндуу адыр, талаа-түзүңдү
Кен пейилдуу апакемдей туямын
Кураманы журт кылуу батынган
Тарыхыбыз калган Манас баатырдан
Кезегинде айбатынан айбыгып
Кылкылдаган кытай чепке жашынган
Көз арткандар бир соз айтам сизге мен
Кыргызды эч ким багынта албайт куч менен
Ал анткени ынтымакты туу туткан
Айкөл элбиз бабам Манас түптөгөн
Карт тарыхты басып келген нечен мин
Кагылайын кайрат берген мекеним
Бир өзүңдө бүткүл кайгым жоголуп
Жер жүзү эмес бейиш сымал сеземин