"Жолдошуң Кыдыр болсун" деп айтуу "Сени Кыдыр колдосун"
деген мааниге шайкеш келип Ислам дининин негизи болгон биркудайлуулук (монотеизм) ишеними (акыйда) же орусча айтканда Единобожие принцибине карама-каршы келгендиктен мындан ары "Жолдошуң Кыдыр болсун" деп айтуудан алыс болууга чакырат элем. Анткени, ширк деген ошол биркудайлуулук принцибин кедерги болуучу жана Аллахтын ырайымысыз жана пенденин тообасысыз эч бир кечирилбөөчү эң оор күнөө болгондуктан сизди жана элдин баарын хадисте келгендей "Ширк - бул караңгы түндөгү кара таштын үстүндөгү бараткан кара кумурскадай"
байкоосуз, бирок, жазасы оор күнөө экенин эскертүү менен бирге мындан колдун келишинче качууга жана такыр эле жолобоого үндөйм.
Менимче жолдошун Кыдыр болсун деген сөз, сени Кыдыр колдосун дегенди билдирбейт. Жолдош болгон башка, колдогон башка да. Бул сөз көбүнчө сапарга чыккан адамга карата айтылат. Демек бул сөз сапардагы жолдошуң же шеригиң Кыдыр болсун дегенди түшүндүрөт.
Бул сөз кайдан келип чыккан болушу мумүн? Албетте Муса пайгамбар менен Хызырдын (алейхимас салаам) Кураанда айтылган икаясынан калган болушу керек. Алар экөө чогуу сапарга чыгышып Муса пайгамбар Хызырдан көп нерселерди үйрөнгөндүгү айтылат ко.
Демек кыргыздар жолдошуң Кыдыр болсун деген сөздү Муса пайгамбарга Кыдыр кандай жолдош болуп, анын натыйжасында ал пайдалуу нерселерди үйрөнгөндөй сенин сапарың да ошондой пайдалуу болсун деген маани колдонушкан болушу мүмкүн. Б.а. жолдошуң Кыдыр болсун дегени, сапарыңыда Кыдыр жолдош болгондой эле көп пайдага ээ бол дегени болсо керек.
Анын үстүнө кээ бир Ислам аалымдары Хызырдын тирүү экендиги жөнүндө айтышат. Эгер андай болгон болсо аны түз эле түшунсөк да болот. Айтоор жолдошуң Кыдыр болсун деген сөздөн эч кандай ширкти көрбөй турам. Бул жерде Кыдырдан эч ким эч нерсе сурап жаткан жок да. Мен бул сөздү Аллах сага Кыдырды жолдош (шерик) кылып берсин деген сөз деп гана түшүнөм.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















