Бул маалымат менен мен бөлүшпөсөм башка окуп келгендер бөлүшө тургандай түрү жок. ((
Негизи чет өлкөдө окуп жүргөндөр же окуп келгендер өздөрү билген программалар тууралуу программалар менен башкаларды тааныштырып коюшса аябай жакшы болмок эле. Бир эле Орусияны көрүп калгандай эмгек мигранттары ошол жакка эле күнү түшүп жүрүшөт. Айтылып кеткендей, англис тилин билсе горизонт да кеңейип, биздин жарандардын мүмкүнчүлүктөрү да көбөймөк.
Темадан көп оолактабай тизгинди максат кылынган жакка бурайын.
- (2 )
-
- 1
- 2
ITEC программасы (Индия) ITEC программалары тууралуу маалымат
#1 19 August 2012 - 15:25
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 19 August 2012 - 15:28
Жалпыга маалымат болгондой Индия өкмөтү менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтык байланыш бар. (балким, кээ бирлери билишпейт)
Ошол кызматташтыктын негизинде Индия өлкөсү Кыргызстандын жарандарына алар өздөрү каржылоочу бир канча окутуу программаларын сунуштайт. Сунуштап келген, ал программанын алкагында жүздөгөн, балким, миңдеген кыргызстандыктар билим алып келишкен.
Мен ошол программалардын бири болгон ITEC программасы тууралуу маалымат берүүнү чечтим.
ITEC программасы жөнүндө
Бул программа тууралуу кыскача маалымат берип кете турган болсом, төмөндөгүчө:
ITEC (IndianTechnical & Economic Cooperation) программасы 1964-жыл Индия өкмөтү тарабынан түзүлгөн. Джавахарлар Неру ошол убакта Индиянын тышкы иштер министринин кызматын аркалап турганда ушул программанын түзүлүшүнө зор салымын кошкон. Бул программанын алкагында дүйнөнүн 158 өлкөсүнүн (Азия жана Тынч Океан, Африка, Латын Америкасы, Кариб бассейни, Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүнүн) жарандары окуп келе жатышат.
Ал эми эл аралыкмамилелердин жакшырышына салым кошот, (солидарность) ж.б.у.с. сөздөр, албетте, коштолушу керек эле, бирок, андай сөздөр менен форумчулардын башын ачытпай эле коёюн.

#3 19 August 2012 - 15:31
ITEC
программасынын шарттары
Жол кире
Индия тарап бардык катышуучулардын жол киресин (катышуучунун өлкөсүнүн борборунан окуу өтө турган шаарга чейинки жол) өзүнө алат;
Виза
Индияге кетээр алдынд акатышуучулар өздөрүн өлкөсүндөгү Индиянын элчилигине арыз ташташы керек. Анкета толтурулат. Анан да виза бекер. Виза окуу үчүн берилгендиктен аны башка максатка колдонууга уруксат берилбейт.
Окутуу акысы
Окутуу акысын дагы Индия тарап мойнуна алат.
Турак- жай
Индия өкмөтү катышуучулардын жашаган жерин дагы камсыз кылат. Жатакана боло турган болсоошол окуу жайдын ички мыйзамдарына жараша бир орунду же эки орундуу болушу ыктымал. Эгер окуу жайдын жатаканасы жок боло турган болсо, программа катышуучуларга батирдин акысын төлөп берет. Кеңеш: катышуучулар барып окуй турган окуу жайдын жатаканасы барбы же жокпу, бар болгон күндө да жатакананын эрежелери менен web-сайттардан таанышып алса жакшы болот. Эгер мейманканада жашоого туура келсе, ал жактан бир адамдык орун берилет. Катышуучулар номерди иретке келтирүү, кир жуугуч кызматын, ички жана сырткы телефондор, факс төлөмдөрүн төлөйт.
Стипендия
Индия өкмөтү институт аркылуу ар бир ай сайын катышуучуга тамак-аш, жеке коромдор үчүн 25 000 рупий (болжол менен $500) төлөйт.
Китеп- дептер
Китеп, дептер жана башка ушундай сыяктуу канцтоварлар үчүн да өзүнчө 1000 рупий төлөнөт. Индияда китептер арзан эле. Жана тандоо көп. Болгону китеп сата турган жерди табуукерек.
Өлкөнү таанытуу
Катышуучуларга Индияннын маданияты, жашоосу менен тааныштыруу максатында ар кандай туржүрүштөр уюштурулуп турат. Бардык чыгымдар Индия өкмөтүнүн мойнунда.
Медициналык кызмат
Катышуучу бул курсту өтүү үчүн ден соолугу чың абалда келиши керек. Эгер ар кандай форс-мажордук (мм, эме да, кырсык) болуп кете турган болсо, анда медициналык кызматтын да төлөмүн Индия өкмөтү төлөйт.
Кыскасы, бир сөз менен айтканда, "халява"

#4 19 August 2012 - 15:33
ITEC программасына катышуучуларга коюлган талаптар
Негизги шарттар
Негизги шарттар
- Кандидаттарга коюлган негизги талап: жаш курагы 25-45 болуусу жана англис тилинде эркин сүйлөөсү. Индия элчилиги талапкерди программага жөнөтөө ралдында алардын англис тилинен сынак алат (тест жана маек) Бул программаны мурда өткөндөр кайра тапшыра алышпайт.
- Катышуучулар окутуу курсун аяктоолору керек;
- Курска кабыл алынгандан кийин тандалып алынган курсту алмаштырууга болбойт;
- Катышуучулар окутуу жүргүзүлүп жаткан окуу жайдын ички эрежелерине баш ийүүлөрү керек. Ошондой эле жүргүзүлүүчү тест, сынактарга катышуусы шарт
- Ар кандай саясий иштерменен шугулданууга, пайда табуу үчүн иштөөгө, же соода кылууга уруксат жок.
- Катышуучулар өздөрү мененүй-бүлөсүн алып келе албайт.
- Катышуучулар курс бүткөндөн кийин өз өлкөлөрүнө кайтып келүүлөрү шарт.
- Курсту бүтүрбөй таштап кеткендер же сабакка катышпагандар Индия өкмөтү төлөгөн бардык чыгымдарды кайтарып берүүсү керек;
- Катышуучуларга Индиянынар кандай жерлерин, маданиятын көрсөтүү максатында туржүрүштөр уюштурулуптурат. Ушул жүрүштөрдөн сырткары башка туристтик жүрүштөрдү же өзүнчө саякаттапкетүүгө болбойт.
- ITEC каржылоосу катышуучунун жүрүм-турумунун жамандыгына, программанын шарттарынын аткарылбашына, катышуучунун окуй албай калышына карап токтотулуусу дагы мүмкүн;
- Аялзаты боюнда бар убакта программага катышуусу жактырылбайт;
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#5 19 August 2012 - 15:37
Окутуулар төмөндөгү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
Булардын ичинен эң популярдуу болуп маалымат технологиясы жана англис тилин тереңдетип окутуу эсептелинет. Жана көптөгөн өлкөлөрдөн ушул багытты тандашып келишет.
- бухгалтерское дело
- финансовые и аудиторские курсы
- курсы информационных технологий
- телекоммуникационные курсы
- курсы английского языка
- курсы управления
- курсы малого и среднего бизнеса, сельскохозяйственного развития
- специализированные курсы
- технические курсы
- курсы охраны окружающей среды и возобновляемых источников энергии.
Булардын ичинен эң популярдуу болуп маалымат технологиясы жана англис тилин тереңдетип окутуу эсептелинет. Жана көптөгөн өлкөлөрдөн ушул багытты тандашып келишет.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 19 August 2012 - 15:49
Качан жана кантип тапшыруу керек?
Бул программа ар жылы эки агым менен өткөрүлөт: Жазында жана күзүндө. Баса белгилеп кетчү нерсе курстун узактыгы үч ай (бир аз айырмачылыктар болуусу мүмкүн).
Ошондо документтерди Президенттин алдындагы билим берүү жана илим комиссиясына (азыр кандайча аталат билбеймин) алар белгилеген күнгө чейин тапшыруу керек.
Төмөнкү документтер керектелет:
· заявление в адрес Комиссии по делам образования и науки при Президенте Кыргызской Республики (в произвольной форме);
· резюме;
· копия диплома и приложения к нему;
· сертификат об уровне английского языка (официальный / институциональный TOEFL, если имеется);
· эссе (описание цели обучения / исследования);
· рекомендательные письма;
· копии документов о дополнительном образовании;
· копии документов, свидетельствующих о социальной активности, достигнутых успехах;
· копии научных публикаций (если имеются).

#7 19 August 2012 - 15:54
Мен жазган акыркы билдирүүдөгү документтер тизмеги бир жыл мурдагы маалымат. Балким, өзгөрүп кетүүсү ыктымал. Ошондуктан мен бул тууралуу ошол комиссиядан же элчиликтен сурап, тактап алууну сунуштайм.
комиссиянын телефону: 63 85 95
элчиликтин телефондору: 549214, 595756, 541450, 595764 , 217830, 217842
Ак Үйдүн дарегин билесиңер.
Ал эми элчиликтин дареги болсо "Ак-Кеме" (мурунку "Пинара" ) мейманканасына жакын жерде жайгашкан. Ормон хандын эстелиги бар. Ажыбек баатыр көчөсүндө.

комиссиянын телефону: 63 85 95
элчиликтин телефондору: 549214, 595756, 541450, 595764 , 217830, 217842
Ак Үйдүн дарегин билесиңер.
Ал эми элчиликтин дареги болсо "Ак-Кеме" (мурунку "Пинара" ) мейманканасына жакын жерде жайгашкан. Ормон хандын эстелиги бар. Ажыбек баатыр көчөсүндө.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#8 19 August 2012 - 16:05
Тигил комисиия жарыяны "Слово Кыргызстана"
деген гезитке берет. Ошол гезитти окуп туруу керек "качан жарыя чыгат?" - деп. (эч кандай жарнамасы жок эле). Эмнеге ал гезитке берет? Анткени, программанын шарты боюнча мамлекет кызматчылары гана окууга бара алат экен. Бирок, мен практикадан көргөнүмдү далил кылып эч кандай мамлекеттик кызматта иштебегендер деле окууга бара ала тургандарын айтып кетем. Ошондой эле ITEC' тин өздүк сайтында да дал ушундай маалымат берилген: мамкызматчылар дагы, жеке адамдар дагы катыша алат деп. Эгер комиссиянын кызматкерлери же элчиликтин кызматкерлери ошого такай турган болсо ITEC'тин өздүк сайтындагы маалыматы принтерден басып чыгарып барып көрсөткүлө.
Болгону алар көп адамдар менен иштегиси келишпейт. Ошондуктан конкуренттерди азайта беришет, балким, тааныштарга жеңилирээк болсун деп. Кыскасы, көкбеттик режимди жандыруу керек бул жерден.
Негизинен документтер жайдын аягында жана кышында кабыл алынат болушу керек. Жогоруда көрсөтүлгөн телефондорго чалып же түз эле барып сурап алуу керек.
Негизинен документтер жайдын аягында жана кышында кабыл алынат болушу керек. Жогоруда көрсөтүлгөн телефондорго чалып же түз эле барып сурап алуу керек.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#9 19 August 2012 - 16:06
Дагы кошумча маалыматтарды,
кеңештерди жазып кетем. Суроо болсо сурагыла. 
Эгер ушул программага тапшырууга белсенгендер болсо tallas.kg@mail. ru дарегине кайрылсаңар болот Application form (анкета) жана мен ушул жазгандардын англис тилиндеги түпнускасы (документ) келген кат ээлеринин дарегине жөнөтүлөт.
Эскерте кетчү нерсе:
1) Мен форумдун эрежесине ылайык мен купуя катты көрсөтүшүм керек болчу экен, бирок, мен өздүк e-mail дарегимди көрсөттүм. Буга эки себеп бар:
2) Мен бул маалымат үчүн аталган программаны каржылаган тараптан же элчиликтен же ак үй, көк үйдөгү комитеттерден, комиссиялардан, секретариаттардан (тескерисинче алардын ишин көбөйткөнүм үчүн мени каргашы толук мүмкүн: ким эле жактырсын кошумча жумуш "тартуулап" жаткан шүмшүктү?) же жеке саясатчы, коомдук ишмер же жеке инсандардан же форумдун жетекчилигинен эч кандай материалдык пайда көрбөйм жана эч убакта талап кылбайм (!). Ну и тем более, жөнөкөй жана карапайым мага окшогон форумчулардан эч кандай материалдык каражат сурабайм. Ошондуктан бул жарыяны жана менин жеке почтамды көрсөтүүнү кандайдыр бир жарнама деп кабыл алууну туура эмес деп эсептейм;
3) Балким, ушунча себептерди менин жазып отуруума жол ачуунун ордуна купуя каттын өлчөмүн (ошондой эле сүрөт жүктөө лимитин (какшап атып тилим (клавиатурам) тешиле турган болду ) ) көтөрүп коюу жеңил болот беле? Баарына болбосо да активдүү колдонуучуларга?

1.1. Купуя кат салынган куржунум 98% га толуп калган. Анча-мынча кереги жок, маанисиз кат алышууларды өчүргөндөн кийин. Ал эми ким менен эмне темада жазышканым мен үчүн маанилүү. Ошондуктан ал жактын лимитин корото албайм. Анан да толуп кала турган болсо, жөнөкөй колдонуучулар эмес, чоң модурлар дагы кат жөнөтө албай калат экен. Бул далинденген;
1.2. Купуя катты ачып, ага кимден кат келгенин окуп, анан анын дарегин аныктап отурганга да кошумча убакыт кетет. Ошондуктан мен өздүк e-mail дарегимди көрсөтүүнү туура деп таптым;
1.2. Купуя катты ачып, ага кимден кат келгенин окуп, анан анын дарегин аныктап отурганга да кошумча убакыт кетет. Ошондуктан мен өздүк e-mail дарегимди көрсөтүүнү туура деп таптым;
2) Мен бул маалымат үчүн аталган программаны каржылаган тараптан же элчиликтен же ак үй, көк үйдөгү комитеттерден, комиссиялардан, секретариаттардан (тескерисинче алардын ишин көбөйткөнүм үчүн мени каргашы толук мүмкүн: ким эле жактырсын кошумча жумуш "тартуулап" жаткан шүмшүктү?) же жеке саясатчы, коомдук ишмер же жеке инсандардан же форумдун жетекчилигинен эч кандай материалдык пайда көрбөйм жана эч убакта талап кылбайм (!). Ну и тем более, жөнөкөй жана карапайым мага окшогон форумчулардан эч кандай материалдык каражат сурабайм. Ошондуктан бул жарыяны жана менин жеке почтамды көрсөтүүнү кандайдыр бир жарнама деп кабыл алууну туура эмес деп эсептейм;
3) Балким, ушунча себептерди менин жазып отуруума жол ачуунун ордуна купуя каттын өлчөмүн (ошондой эле сүрөт жүктөө лимитин (какшап атып тилим (клавиатурам) тешиле турган болду ) ) көтөрүп коюу жеңил болот беле? Баарына болбосо да активдүү колдонуучуларга?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#10 19 August 2012 - 16:26
Керектуу,
жакшы маалымат экен. Рахмат Таллас мырза!
Билгендер ушундай жакшы маалыматтар менен болушуп турса жакшы болмок. Озубуздун эле Кыргызымдын жаштарына пайда болмок.

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#11 19 August 2012 - 16:35
Керектуу,
жакшы маалымат экен. Рахмат Таллас мырза!
Билгендер ушундай жакшы маалыматтар менен болушуп турса жакшы болмок. Озубуздун эле Кыргызымдын жаштарына пайда болмок.
Билгендер ушундай жакшы маалыматтар менен болушуп турса жакшы болмок. Озубуздун эле Кыргызымдын жаштарына пайда болмок.
Албетте!
Кыргыздар башка тилди үйрөнүүгө шыктуу келет. Жана башка тилди акцентсиз сүйлөп кетүү да оңой. Мен азыр окуп жүргөн жерде англис тилинде эки сөздүн башын бириктире албагандар деле окуп жүрөт. Менин жеке практикамдан айта турган болсом, канчалык тилди окуган менен аны колдонбосоң бат эле унутулат. Англис тилин мектепте жакшы окутту. Бирок, университетте (Политехте) жакшы окутулбагандыктан унутта калып кеткен. Беш ай курска барып кайра жаңылагандан кийин деле унутта калып кетмек. Бул жакка келип күндөн күнгө менин english' им жакшырып баратканын байкап сүйүнүп жатам. Өзүм да таң калып кетем, кантип сүйлөп жатам деп. Сүйлөсөң сүйлөп кете берет экенсиң. Интернетте franklang.ru деген сайт бар. Ошонун кеңешин эми түшүнуп жатам: Башка тилди канчалык жатып-туруп окуганың менен аны колдонбосоң, реалдуу турмушта көп сөздөрдүн котормосун билбей алапайың таппай кол менен жаңсап түшүндүргөн убактар баштан өтүп жатат ))
Анан да үч айда шыгы бар адам сөзсүз түрдө тилди сонун деңгээлде үйрөнүп кете алат деп. Ал эми IT багытына окууга келүүчүлөр болсо бул убакытта толгон-токой нерселерди үйрөнүп кетүүсү толук мүмкүн. Ошондуктан, көздү жумуш керек да: "Индия кайдасың?" - деп түйүнчөктү түйүп жолго аттаныш керек!
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#12 19 August 2012 - 16:38
Төмөндө мен багыттар боюнча кайсыл шаарда эмне деген университет бар экендиги тууралуу маалымат калтырып кетейин.
"№ - Университеттин аты - Университет орун алган шаар" форматында
1. Бухгалтерское дело
"№ - Университеттин аты - Университет орун алган шаар" форматында
1. Бухгалтерское дело
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#13 19 August 2012 - 16:41
2. IT жана English курстары
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#14 19 August 2012 - 16:42
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#15 19 August 2012 - 16:43
4. Курсы охраны окружающей среды и возобновляемых источников энергии.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#16 19 August 2012 - 16:44
5. Курсы малого и среднего бизнеса, сельскохозяйственного развития
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#17 19 August 2012 - 16:45
6. Специализированные курсы
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#18 19 August 2012 - 16:46
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#19 19 August 2012 - 16:51
Мурда бул программага канча орун бөлүнөөрүнөн кабары жок. Бирок, жакында ушул программанын алкагында "Кыргызстанга берилген орун 95 ке чейин көбөйтүлдү"
деген жагымдуу кабарды интернеттен окуп калдым.
Индияга эми форумчулар агып келип бул жактан да жолугушуу уюштурулуп калат чыгар да
Индияга эми форумчулар агып келип бул жактан да жолугушуу уюштурулуп калат чыгар да
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#20 19 August 2012 - 16:54
Атаандаштар өтө көп болбойт болушу керек.
Анткени,
- бул программаны көптөр биле беришпейт;
- элчилик жана комиссия өздөрүнүн башына келген ар кандай чектөөлөрдү коё беришет;
- Индия десе эле артта калган мамлекет көзгө тартылгандыктан көптөр кызыга беришпейт;
Ал эми койгон максатына жеткиси келген адам кандай гана болбосун аракет кылат. Изилдейт. Издейт. Акыры табат. Жаны тынчыйт дегендей. (бирок, адам деген өмүрү өткөнчө тынбайт эмеспи?)
Аракет кылып көрүү керек. Быйыл болбосо эмки жылы. Ал болбосо аркы жылы. Үч ай жөн эле өтүп кетип жатпайбы?! Андан көрө бир нерсе үйрөнүп, дүйнө таанымды кеңейтип, мүмкүнчүлүктү көбөйтүп алуу эмне үчүн болбосун? (Таза болбой калды дегенде башка бир өлкөнүн табияты, маданияты, турмуш-тиричилиги менен таанышып алат эмеспизби?.) Бир жылды англис тилинин грамматикасын үйрөнүүгө, анча-мынча сүйлөм түзүүгө, топик түзүүгө жумшаса да, калганы, дегеним, сүйлөшүү жөндөмдүүлүктөрү башка адамдар менен англис тилинде карым-катнаш кылуу процессинде өзүнөн өзү, автоматтык түрдө жакшырып кетет.
Дагы кайталайм: 25 жаштан 45 жашка чейинкилер катыша алышат. Ошондуктан, "мен эми картайдым, тиги-бу" деген отмазкаларды кабыл ала албайт экенмин

Супер-Инфо
super.kg
видео