Библияга (Християндарга) суроом бар
#321 16 Июль 2012 - 20:47
Бир келип кетчи мен жакка.
#322 17 Июль 2012 - 20:24
#323 17 Июль 2012 - 20:26
#324 17 Июль 2012 - 21:53
Дебиге
(Апарман түс менен сиздин сөздөрүңүз, кара түс менен менен сөздөрүм жазылды)
Үй менен машина биригип калгыдай, анан кайра өз өзүнчө болуп калгыдай эмне, алар Кудай бекен?

Ооба, үй менен машина Кудай эмес, бирок алар бирикпегендей эле Кудай менен Машаяк да бирикпейт.
сиз аны түшүнүш үчүн дагы бир аз чоңоюшуңуз керек го анда

Анан дагы чоң адамдардын баары эле акыйкатты түшүнө беришпейт.

Библия четке какпай эле турат. Ата дегенде Атаны, Уулду, Ыйык Рухту Анын ичинде түшүнүш керек. Кудай Уул болгонунда Атага баш ийүүнүн үлгүсүн көрсөткөн, ошондуктан баш иет.
Библия четке какпай эмес эле, үч кудайлуулукту четке кагат. "Эң улуу осуятты" эстеңизчи? Ал жерде мынтип айтылып жатпайбы:
"Кулак сал, Ысрайыл: Силердин Кудай-Теңириңер - бир Кудай" (Мусанын 5-китеби 6:4)
Мындай стихтер Библияда толуп жатат. Библияда Кудайды бирөө деп ачык-айкын айтып жатса да, бул акыйкаттарды көрүп туруп "көрбөй" жаткан көздөрүңүз менин кичинекей экенимди кайдан көрүп алды экен, Деби

Же Кудай адамдарды куткаруу үчүн адам кейипин кийип келүүдөн башка жол таппай калыптырбы?
А адам кейипин кийип жерде жүргөн кезинде асмандагы планеталарды, жер бетиндеги кубулуштарды ж.б. нерселерди ким жаратып, ким башкарып, ким ырыскы берип ж.б. жаткан???
Сиз жандан, денеден, рухтан турарыңызды билесизби? Сиздин рухуңуз да Мусаб, денеңиз да Мусаб, жаныңыз да Мусаб. Кайсынысын сиз "иш аракеттүү күчүм" деп айтасыз?
Сиз менин жанымы, рухуму жана денеми мисал келтирипсиз. Жан кыргызча болсо, рух арапча, орусчасын деле "душа"ңыз деп кошуп койсоңуз болмок экен.
Анын үстүнө мен: рухум денемин "оң жагында" деген жокмун да. Ал эми Инжилдеги стихде "... Кудайдын ОҢ ЖАГЫНДАГЫ Ыйсаны көрдү..." деп жазылып турбайбы (Элчилер 7:55).
Сизди канааттандырыш үчүн мен карап туруп, көрбөшүм керек. Ошондуктан эч качан сизди канааттандырбаймын. Менден аны күтпөй эле коюңуз. Сиз бул жерге буйдалып туруп жатканыңыздын себеби, жаныңыз чындыкка чаңкап жатат. Сиз андан көрө жаныңызды канааттандырууну ойлоңуз.
Сиз карап туруп көрбөй жатсаңыз анан мен кантип сиздин жообуңузга канааттанайын?
Мени канаатандырасызбы, жокпу ал өзүңүздүн ишиңиз.
Бул жерде мен эмес сиз буйдалып жатпайсызбы, канаатандыра албай!
Менин жаным чындыкка чөмүлүп жатат. Менин жаным Кудайдын эң акыркы осуяты болгон Куранды окуу менен акыйкат менен чындыкка чөмүлүп жатат.
Өзүмө каалаган жакшылыктарды сизге да каалайм. Анткени, мен басып өткөн жолдун жарымында жүрөсүз....
Ислам дини - суудай гана таптаза,
Мухаммад - жашоодогу таза аба.
Таза суу, таза аба керек болсо,
"Ислам" - деп, Мухаммеддей жаша анда!
Билдирүүнү түзөткөн: musab: 17 Июль 2012 - 22:03
#325 17 Июль 2012 - 23:19
Менин сөздөрүм апарман түс менен, сиздики кара менен берилди
"Ооба, үй менен машина Кудай эмес, бирок алар бирикпегендей эле Кудай менен Машаяк да бирикпейт"
Кудай менен машинаны салыштырган жоругуңуз жолдо эле калсын

"Анан дагы чоң адамдардын баары эле акыйкатты түшүнө беришпейт" .
Мунуңузга кошулам деңизчи

Досум чалып калды, калган комментарийимди кийинирээк жазайын.
#326 18 Июль 2012 - 01:00
"Же Кудай адамдарды куткаруу үчүн адам кейипин кийип келүүдөн башка жол таппай калыптырбы? "
Анын мүмкүнчүлүгү чектелген эмес, бирок так ушул жолду басуу үчүн Ал суверендүү. Бул жол жарабайт дегидей биз кимбиз?
А адам кейипин кийип жерде жүргөн кезинде асмандагы планеталарды, жер бетиндеги кубулуштарды ж.б. нерселерди ким жаратып, ким башкарып, ким ырыскы берип ж.б. жаткан???

"Сиз менин жанымы, рухуму жана денеми мисал келтирипсиз. Жан кыргызча болсо, рух арапча, орусчасын деле "душа"ңыз деп кошуп койсоңуз болмок экен".
Орусчасы керек болуп жатабы?

Анын үстүнө мен: рухум денемин "оң жагында" деген жокмун да. Ал эми Инжилдеги стихде "... Кудайдын ОҢ ЖАГЫНДАГЫ Ыйсаны көрдү..." деп жазылып турбайбы (Элчилер 7:55).
Сиз рухуңуз оң жагыңызда турганда, денеңиз менен сол жагында тура албайсыз, анткени сиз адамсыз. "Балакай" дедиртесиз анан ушинтип өзүңүз.
Бул жерде мен эмес сиз буйдалып жатпайсызбы, канаатандыра албай!
Канааттандырбайм десе "канааттандыра албай" дейсиз да, догурунбасаңыз

Өзүмө каалаган жакшылыктарды сизге да каалайм. Анткени, мен басып өткөн жолдун жарымында жүрөсүз...

Мухаммад Кудайдын бардык башка пенделериндей эле көз жумса, кандайча таза аба болот, кыйла жол басып койгон замандаш?
Сиздин жообуңуз мага анчейин керек эмес, сиздики түшүнүктүү эле болду. Бул суроолорго жоопту өзүңүзгө бериңиз, өзүңүзгө керек.
А менин жазгандарым ар дайым чындыктын окурмандарына.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 18 Июль 2012 - 01:03
#327 18 Июль 2012 - 01:07
#328 18 Июль 2012 - 08:46
Антип чычалаштын кажети жок. Акыйкат ушундай, көзгө сайгандай ачуу!
Дагы бир суроо: Сиз Ыйсаны Кудай деп жатасыз. Инжилди кылдат иликтеп окусаңыз Ыйса уктаган (Марк 4:38; Матфей 8:24), чарчаган, суусаган (Жакан 4:6), ачка калган (Марк 11:12), ыйлаган (Жакан 11:35), ичип-жеген (Марк 2:16). Эмне кудай уктайбы? чарчайбы? суусайбы? ачка калабы? ыйлайбы?... Анда анын эмнеси кудуреттүү Кудай!
Дагы бир суроо: Сиз Библияны ыйык рухтун жетеги менен жазылган деп ишенесиз, ар бир сөзүнүн Кудайдан экенин кабыл этесиз, ошондойбу? Анда Библия мынтип айтат: "...Ал (Ыйса) Кудай алдында, эл алдында иши менен да, сөзү менен да күчтүү пайгамбар болчу" (Лука 24:19).
Бул жерде Ыйсаны пайгамбар деп жатат го?
Мен да бир кездерде кудум сизге окшоп айтчу элем.
Бирок, Ыйсанын ким экенин жана Кудайды тааныгандан кийин ал "оорудан" кутулдум. Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун!
#329 18 Июль 2012 - 12:06
musab (18 Июль 2012 - 08:46) жазган:

Дагы бир форумчу иллюзияда өтө тереңдеп кетти

кайтсаңар сүйлөшүп каларбыз. Азырынча дагы бир форумчуну игнор кыла турайын.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 18 Июль 2012 - 12:07
#330 18 Июль 2012 - 13:29

#331 18 Июль 2012 - 14:48
Муса пайгамбар Кудай-Теңириң сенин элиңден, сенин бир туугандарыңдын ичинен мендей пайгамбар чыгарат. Ошону уккула.
Бул жерде Ыйса Машайак тууралуу алдын ала айтылган жүздөгөн пайгамбарчылыктардын бири жазылган.
Бул аятты кээ бир “ишмерлер” чочулабай-этпей, оозду толтура эле, Библияда Мухаммед тууралуу жазылган, мына деп жүрүшөт.
Айта келишсе Мухаммеддин Мусага эмнеси окшошсо, менин атамдыкы(алыс барып эмне) деле окшошуп кетет экен.
1.Ата энелери бар, атамдын деле ата-энеси болгон
2.Үй-бүлөлөрү бар, атамдын деле үй-бүлөсү болгон
3.Карыганча жашашкан, менин атам деле карыганча жашады ж.б.
Ал эми Муса пайгамбар менен Ыйса Машайактын ортосундагы окшоштуктар бардык адамдардыкына эле окшой бербейт:
1.Ымыркай кезинде эле Мусага Мисирдин фараону тарабынан өлүм коркунучу туулган. Ирод да Наристе Ыйсаны өлтүргүсү келген.
Мисир жеринде эврей эли көбөйүп кеткенинен улам, фараон геноцид жарыялаган. Жаңы төрөлгөн эврей баласы уул болсо, өлтүрүп салууну буйрук кылган. Ыйса төрөлгөндө мурда айтылган пайгамбарчылык аткарылып, Падыша төрөлгөнүн уккан Ирод, тактысы коркунучка дуушар болуп, бул сырдуу атаандашын ымыркай кезинде эле көзүн тазалоону чечип, ал курактуу балдардын баарын кырдырган. Адамзат тарыхында ымыркай кезинен катуу куугунтукка кабылган эки ымыркай Муса менен Ыйса гана болгон.
2.Мусанын балалыгы бөтөн жер – Мисирде өткөн. Ыйса тууралуу деле ушуну айтууга болот. Ымыркайдын өмүрүнө коркунуч туулганда алар Мисир жерине качып барышкан.
3.Муса да кереметтерди көрсөткөн, Ыйса да кереметтерди көрсөткөн.
4.Муса Ысрайыл элин Мисирдеги кулчулуктан бошоткон, ал эми Ыйса бүткүл адам баласын күнөөнүн жана өлүмдүн туткунунан бошоткон.
5.Муса 40 күн орозо кармаган, Ыйса да 40 күн орозо кармаган.
#332 18 Июль 2012 - 14:54
Ийри түзөлбөйт, жок нерсени бар деп эсептөөгө болбойт.
#333 30 Июль 2012 - 08:29
#334 30 Июль 2012 - 09:41
#335 30 Июль 2012 - 09:45
#336 30 Июль 2012 - 09:49
#337 30 Июль 2012 - 10:22
#338 22 Август 2012 - 21:05
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 22 Август 2012 - 21:05
#339 24 Август 2012 - 18:23
#340 25 Август 2012 - 00:14
Debi (18 Июль 2012 - 14:48) жазган:
Муса пайгамбар Кудай-Теңириң сенин элиңден, сенин бир туугандарыңдын ичинен мендей пайгамбар чыгарат. Ошону уккула.
Бул жерде Ыйса Машайак тууралуу алдын ала айтылган жүздөгөн пайгамбарчылыктардын бири жазылган.
Бул аятты кээ бир “ишмерлер” чочулабай-этпей, оозду толтура эле, Библияда Мухаммед тууралуу жазылган, мына деп жүрүшөт.
Айта келишсе Мухаммеддин Мусага эмнеси окшошсо, менин атамдыкы(алыс барып эмне) деле окшошуп кетет экен.
1.Ата энелери бар, атамдын деле ата-энеси болгон
2.Үй-бүлөлөрү бар, атамдын деле үй-бүлөсү болгон
3.Карыганча жашашкан, менин атам деле карыганча жашады ж.б.
Ал эми Муса пайгамбар менен Ыйса Машайактын ортосундагы окшоштуктар бардык адамдардыкына эле окшой бербейт:
1.Ымыркай кезинде эле Мусага Мисирдин фараону тарабынан өлүм коркунучу туулган. Ирод да Наристе Ыйсаны өлтүргүсү келген.
Мисир жеринде эврей эли көбөйүп кеткенинен улам, фараон геноцид жарыялаган. Жаңы төрөлгөн эврей баласы уул болсо, өлтүрүп салууну буйрук кылган. Ыйса төрөлгөндө мурда айтылган пайгамбарчылык аткарылып, Падыша төрөлгөнүн уккан Ирод, тактысы коркунучка дуушар болуп, бул сырдуу атаандашын ымыркай кезинде эле көзүн тазалоону чечип, ал курактуу балдардын баарын кырдырган. Адамзат тарыхында ымыркай кезинен катуу куугунтукка кабылган эки ымыркай Муса менен Ыйса гана болгон.
2.Мусанын балалыгы бөтөн жер – Мисирде өткөн. Ыйса тууралуу деле ушуну айтууга болот. Ымыркайдын өмүрүнө коркунуч туулганда алар Мисир жерине качып барышкан.
3.Муса да кереметтерди көрсөткөн, Ыйса да кереметтерди көрсөткөн.
4.Муса Ысрайыл элин Мисирдеги кулчулуктан бошоткон, ал эми Ыйса бүткүл адам баласын күнөөнүн жана өлүмдүн туткунунан бошоткон.
5.Муса 40 күн орозо кармаган, Ыйса да 40 күн орозо кармаган.
Сиз Библиядан айткан саптарда пайгамбар жонотуу жонундо соз болуп жатат. А сиздер Исаны Кудай деп билесиздер. Эмне сиздер Кудай менен пайгамбардын айырмасын билбейсиздерби? Эгер Иса менен Муса окшош болсо анда эмнеге Мусаны да Кудай деп албайсынар?