Жаздын жарымын жашап койсок да, кыйратып күндүн көзүн жакшылап көрбөдү к. Эртең менен күн жылмайып чыккансыйт, бирок түштөн кийин эле булут каптап, кечке маал суук шамал менен коштогон жамгыр төгөт.
Мына ушундай эле күндөрдү н биринде, аркырап соккон шамал жана чакалап жамгыр өткөн мезгилде алыскы айылдан келген автобус шаардагы бекетине токтойт. Ичинен «ичикий» деп түшкөн жүргүнчү лөр менен картаң абышка акырын автобустан чыгат. Карарган асманды карап, ак калпагын оңдоно абышка базарды көздөй жөнөдү . Күбүрө нө «жамгырдын куйганын кара» деп, кол чатыр сатылуучу жай издей баштады. Көктөн издегени жерден табылып, «кашайган чал картайыпсың , алдыңда турганды көрбөй» дей, кол чатыр саткан кызга жакындады.
- Айланайын кызым, бул кол чатырларың канча сомдон деги?
Абышканын суроосун аңдабай уккан кыз алгач чалдын кебетесине бир карады. Анан көңү лү жок:
- Сизге кандайы керек эле, түрдү үсү бар да, ата?-деп жооп берди.
- Ии, ошондой дечи, бир кезде кол чатырдын бир эле түрү болор эле, көрсөтө бер, айланайын, мен деле көптөн бери базар кыдырган адам эмесмин,-деди абышка.
Ансыз да соодасы жок отурган кыз жүздөгө н кол чатырдын ичинен таягы менен түрткү лөп, түшүндү рө баштады:
- Мына бул жаш балдардыкы, бул сизге болбойт. Бул аялдардыкы, бул да жарашпайт. Мына, мына булар туура келет. Бул кытайдыкы – эң арзаны. А, ата, сизге канча сомдугу керек?
- Ии, кызым, пенсия аз болсо, арзаныраагы эле керек, эми бул кол чатырыңды деле дайыма эле пайдаланбайбыз. Анан арзан десе, таптакыр эртең тамтыгы чыгып кала турганын бербе, илгеркидей сапаттуусун бер!
- Аа, анда сизге «российский » берейинби? Бирок, мунун баасы кымбат да!
- Илгери арзан эле!
- Ата, ал мезгил өттү-кетти. Түркияныкы бар? Мунун деле сапаты жакшы, бирок баасы орто.
- Алардыкын албапмын , ошон учун мага таанышын эле көрсөт.
- Ата, ал десем болбойсуз, бул десем болбойсуз, сиз албайт окшойсуз?
- Кызым сен мага жакшысын , бирок баасы өтө кымбат эмесин көрсөтпө йсүңбү ?
- Андай кол чатыр жок менде! Ары жылыңыз, ата.
Кыздын корс сүйлөгө нүнө ачууланган абышка базардан күүлө нө кантип чыкканын билбей калды. Чиркин, жамгыр дале төгүп жатыптыр. Ичинен какыс-кокус сөздөрдү сүйлөп алган аксакал башы оогон жакка басып бара жатты. Он мүнөттү н ичинде ич кийимине чейин суу болгон абышка аялдамага жетип келгенде, анда турган океандын ар жагынан келгенби, же бер жагынан келгенби, иши кылып, бир чет өлкөлү к, өзүнү н чо-оң кол чатырына абышканы жамгырдан жашырып алмак болду. Абышка анын жоругун туура түшүнсө да, «кереги жок» деп, жамгырдын алдына туруп берди.
- Атаң көрү, таш жаап жатыптырбы, тим эле чатырын тосот. Эч нерсе болбойт. Бул күндөр да өтөт ! Биз дагы бир күн өз пулубузга сеникиндей кол чатыр сатып алып, жамгыр эмес, таш жааса, тосо турган бекем жана сапаттуусун алган күн келер…
Абышка сөзүн аяктабай жатып, жамгыр тып басыла,
көптөн күткөн күн жылмая көрүндү …

Супер-Инфо
super.kg
видео

















