"Шектенүү - бул ыймандын бир бөлүгү" деп бир белгилүү адам айткан экен. Ким экени эсте жок. Ошондуктан,
шек туудурган суроолорду коркпой-үркпөй эле берип, исламды таанып алууга кылган аракетти мен баалайм. Канчалар азыр массалык маалымат каражаты аркылуу караланган исламды "ислам"
деп таанып, аны жек көрүп келет. А чын-чынына келген болсок, болгону илим гана жетишпей жатат. Болгону суроону далили менен жооп бере ала турган адамга берүү керек. Молдо деп эле көрүнгөн селдеченге бере бербей. (Албетте,
кимдир-бирөөлөргө өзүн жарнамалап жаткандай сезилиши ыктымал. Бирок, статистикага таяна турган болсок, бул темада мага караганда Дауд менен Нур АбдулАзиз көп жооп берип жатышат. Ошондуктан,
учурдан пайдаланып алардын эмгегине ыраазычылык билдирүү менен бирге ийгилик каалап кетмекчимин).
Анан алган жоопторго жараша амал кылып, билгенди башка билбегендерге үйрөтүп дегендей ошондой чынжыр менен кете берет эмеспи.
Исламга дооң барбы? Анда, түшүнбөгөн суроолоруңду бул жакка жаз!
#121 31 August 2012 - 20:48
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#122 01 September 2012 - 10:47
Мен бул болумго кирип суроо узатып, ага жооп алган сайын ислам динине болгон кызыгуум артып баратат. Мумкун оюм ишке ашар, же ашпастыр. Бирок убактымдын коптугунон пайдаланып ислам динин изилдегим келип баштады. Суроо узатсам жооп берип турсанар, сураныч.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#123 02 September 2012 - 00:56
Мен бул болумго кирип суроо узатып, ага жооп алган сайын ислам динине болгон кызыгуум артып баратат. Мумкун оюм ишке ашар, же ашпастыр. Бирок убактымдын коптугунон пайдаланып ислам динин изилдегим келип баштады. Суроо узатсам жооп берип турсанар, сураныч.
Кызыгуунуз артканынан биз да кубанычтабыз. Суроолорунуз болсо сурай бериниз. Билгенибизче жооп берууго аракет кылабыз. Билбесек билгендерден жооп табууга аракет кылабыз. Кээ бир суроолорго дароо жооп бере албашыбыз мумкун. Эгер жооп кечиккен болсо Исламда бул суроонун жообу жок экен дебестен форумда бул суроого жооп бере ала турган форумчу жок экен деп тушунунуз.
Анда эмесе изилдоолорунузго ийгилик!
#124 02 September 2012 - 15:03
Кызыгуунуз артканынан биз да кубанычтабыз.
Суроолорунуз болсо сурай бериниз. Билгенибизче жооп берууго аракет кылабыз. Билбесек билгендерден жооп табууга аракет кылабыз. Кээ бир суроолорго дароо жооп бере албашыбыз мумкун. Эгер жооп кечиккен болсо Исламда бул суроонун жообу жок экен дебестен форумда бул суроого жооп бере ала турган форумчу жок экен деп тушунунуз.
Анда эмесе изилдоолорунузго ийгилик!
Анда эмесе изилдоолорунузго ийгилик!
Чоон рахмат!
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#126 23 November 2012 - 13:58
#127 23 November 2012 - 14:07
Бул жерге жазсам туура болобу билбейм, бирок жазып кое берууну туура деп таптым. Мен азыр ден-соолук чындап ооруканада жаткан чагым. Оорукана жанында мечит бар. Дал эле мен жаткан болмонун тушунда жайгашкан. Бугун жума куну болгондуктан элдин баары мечитке жыйылды. Ар турдуу кенештер айтылды. Арасынан гинеколог врачтын айтканы мени ойго салды. Ал мынтет: "Намаз окуган жакшы, суннот деп кийген кийиминер да жакшы. Бирок ушундай узун кийимди кыздарынарга кийгизип анан озунор кийгилечи, болбосо мектеп жашынан баштап жогорку жаштагы кыздарга чейин "кыздык"
белгисин тиктиргени келип мени чарчатты. Биринчи уй-булонорду ыйманга тарбиялап анан ушундай кийгилечи"
- дейт. Муну менен эмнени айткым келет?... Кыргыз улутунда исламдашуу иштери катуу журуп жатканда эркектер гана ыйманга коп берилип аял заты калып бараткандай.
Мумкун мен туура эмес байкагандырмын,
бирок мен кобунчо эркектердин гана ыйман жолуна тушконуно коп кубо болчуу болдум. "Жалпылап которгон жук женил" дегендей келгиле бир ишке кол урсак жалпы аракет кылайлы.
Менин оюмча, бир коомдун ыйманга келиши үчүн биринчи болуп эркектери ыйманга келиши керек. Кыздар эркектердин талабына жооп бергидей болууну каалайт да.
Ошондуктан эркектердин талабы эң биринчи ыйман, анан башкасы болушу керек деп ойлойм. Ошондой эркектер көбөйгөндө аларга татыктуу кыздар да көбөйө берет.
Анан, албетте өзүбүздүн эже, карындаштарыбызды, келинчегибизди, кыздарыбызды ар дайым ыйман жолуна чакырып, аларга ыйман жолунда жөлөк болушубуз керек.
#128 23 November 2012 - 22:37
Салам алейкум менин суроом бар эле билгендер болсо жооп берип койсоңуздар.
Садаканы жолдогу сурамчыларга берсе болобу?
Башка диндеги адамдарга жакшылык кылсаң сообу тийеби? алдын ала рахмат..

#129 24 November 2012 - 12:51
#130 03 December 2012 - 10:18
Өтүп кеткен адамдардын кийимин кийсе болобу?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#132 03 December 2012 - 12:24
Салам алейкум менин суроом бар эле билгендер болсо жооп берип койсоңуздар.
Садаканы жолдогу сурамчыларга берсе болобу?
Башка диндеги адамдарга жакшылык кылсаң сообу тийеби? алдын ала рахмат..
Садаканы жолдогу сурамчыларга берсе болобу?
Башка диндеги адамдарга жакшылык кылсаң сообу тийеби? алдын ала рахмат..
Ва алейкум ассалаам. Садаканы жолдогу тилемчилерге берсениз болот. Бирок садака берууну туугандардан, кошуналардан баштаган жакшы.
Башка диндеги адамдарга кандай жакшылык кылганынызга жараша болот. Эгер ошол жакшылыгыныздын себебинен мусулмандарга зыян жете турган болсо бул куноо болот. Бирок зыян жетпесе жана шариатыбызда ошондой турдо жакшылык кылууга тыюу салынбаган болсо анда соопко ээ болосуз буйруса.
#133 09 December 2012 - 23:13
Азаматсыңар Дауд,Таллас жана НурАбдилализ.
Жоопторуңарды окуп ыраазы болдум. Жөнөкөй, жеткиликтүү,
бизге түшүнүктүү болгон жалпак тилде. Кудай кааласа намаз окуп такыба жолго түшөйүн деген ниеттер бар менде да. Бул темага бат-баттан кирип турсам ал күндөр бат эле келип калаары шексиз.
Кыргызстандагы азыркы исламдашуу процесси жөнүндө эки ооз учкай кеп кыстара кетсем. Менимче азыр бизде ислам деген түшүнүк намаз окуу,анан жанагы сүннөт деп койчу сакал,ыштан- көйнөк кийүү менен эле чектелип жаткандай сезилип жатат мага. Айтаар элем, бизге арабдашуу идеологиясынын кереги жоктур, бизге исламдын адеп-ахлактык нормаларын камтыган идеология керек. Маанилүүсү тышкы формасы,көрүнүшү эмес,анын ички маңызында эмеспи. Ошондуктан жогоруда мен ыраазы болуп атын атап кеткен форумчулардан суранаар элем, ушул теманын алкагында,же башка темадабы,ишигылса давааттын заманбап түрүн уюштурсаңар кандай болоор эле? Абдышүкүр ажы айтып жүргөндөй,жөнөкөй эле турмуштук-тиричилик кырдаалдардагы темаларды мисал келтирип.Ислам кайсы бир көрүнүшкө кандай караарын, кайсы бир көйгөйлөр ислам боюнча кандай чечилеери туурасында жол-жобо көргөзүп дегендей. Антпесек хижаб,сакал, пактардын ыштан-көйнөгүнүн тегерегинде эле айланып жүргөндөйбүз.

#134 11 January 2013 - 21:27

Жылуу сөзүңүзгө ырахмат!
Билген адамдын милдети - билгенин жеткирүү. Колдон келишинче жана илимдин болушунча жооп беримиш болуп турабыз. Ошол жазгандарыбызды окуган адамга Аллах түшүнүп кетүү жөндөмүн берген болсун!
Арабдашуу процесси... мм эгер бул түшүнүк жалпы мааниге ээ болсо, анда ал да убактылуу. Дегеним, "исламдашуу" же "исламга кайтып келүү" процессин "арабдашуу" процесси деп таанып алган адамдын түшүнүгүндө. Неге? Анткени, менин байкашымча, бул сөздү же аркы жээкте тургандар, же бул жээкке өтөйүн / өтпөйүн деп тургандар көбүрөөк колдонушат. Ушул сөздү карманышат. Таянышат. Анан да "Железный аргумент" деп билишет. Айтып кеткенимдей, бул убактылуу.
Менимче, бул "процесстин" катышуучулары көпчүлүк эмес. Болгону бир тайпа. Тактап айтып кете турган болсом, таблиг жамаатынын тарапташтары. Бир гана ошолор жанагындай узун көйнөктү болбой эле кийип жүрүшөт. Бирок, ошол эле убакта башка маданияттын (айталы, батыштын) кийимдерин кийип, "Бисмилла" деп нан сындырып жеп, намаз окуп баштаган жана жүргөн кыргыз мусулмандар да толтура. Галстук тагынгандары деле бар )). Жеке өзүм жөнүндө айта турган болсом, менде же сакал жок, же топу кийип жүрбөйм. Ошондуктан, мен убактылуу жүргөн Индияда мени эч ким "мусулман" деп ойлошпойт. Ал тургай бир жолу бир адам "кийимиңе карасам христианга окшойсуң" деп жылмайткан
Ал эми хиджаб, сакал маселеси... буларды биз каалайбызбы же каалабайбызбы, жаман көрөбүзбү же жакшы көрөбүзбү - баары бир исламдын айрып алгыс атрибутикаларына кирет. Хиджаб кийүү (аялзаты авратын жабуу) - бул милдет (парз), сакал коюу - күчтүү сүннөт.
Мен ойлойм, эң биринчи акыйда (ишеним) маселесин даңгыр жолго салып алгандан кийин "мындай маселелерге эмне эле чалынып басып жүргөм?" - деп таң калаарыңыз турган кеп.
Сиз үчүн кубанычтамын! (намаз окуганга ниет кылганыңызга)
P.S. Илгери бир форумчу да "Намаз окуюн деп жатам. Намаз тууралуу жазып берчи" дегенинен Намаз окуу тууралуу тема ачтым эле. Ошол киши эмне болду экен? Сиздин ушул форумдагы жакындарыңыз эле ))
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#135 11 January 2013 - 22:54
Индияда жүрсөң эсенчиликте жүр Таллас,индустарга бизден салам-дуба деп кой.
.
Менде дагы бир суроолор пайда болуп жатты эле. Биздин "төрткөчөдө" (маалабиздин "центри" ) кичинекей бир мечит бар. (Мурунку жашаган жеримде баптисттердин уюгу бар эле
))Даваатчылар келип турушат,үйүм жакын болгондуктан алар менен көп жолу кездешип сүйлөшүп калам.Аларга туура эмес сөз айтуудан алысмын,бирок чынын айтыш керек,кээ бир даваатчылардын илими анча эмес,эч кандай билимий даярдыгы эле жок чыгып алгандай сезилет мага. Мисалы,мечитке канча кадам бассаң ошончо даана сооп дегендей маалыматтарды(балким бул туура маалыматтыр,
аныгын силерден сурайын дегем) айтышат да. Менин суроом,муфтиятта даваатчылар менен иштегендер барбы? Даваатка чыгуунун шарттары кандай?
Менде дагы бир суроолор пайда болуп жатты эле. Биздин "төрткөчөдө" (маалабиздин "центри" ) кичинекей бир мечит бар. (Мурунку жашаган жеримде баптисттердин уюгу бар эле
#136 11 January 2013 - 23:17
Тактоо киргизип коёюн:
Индияда жашагандардын баарын "индус" деп айта берген болбойт. Ошондой эле "индеец" деп да атоого бовойт. Неге дегенде, "индус" бул индуизди карманган адам же б.а. диний термин. "Мусулман" , "буддист" ж.б. деген сыяктуу. Ооба, моюнга алыш керек, индустар көп. Бирок, бул жакта мусулмандар, ал тургай христиандар да бар. Аларды "индус" деп айтсаң, бери дегенде эле таарынышат.
Улуту ар башка (телугу, тамил, бенгал ж.б.) болгону менен алар "биз - индиялыктардыз" (анг. - indian, ru - индийцы) дешет.
Дааватчылар тууралуу башка тема бар. Ошол жактагы "кудамалар" (40 күнгө дааватка чыккандар) айтып беришттир. Даават кылуу - негизи, өзү парз. Бирок, "3 күн берүү", "40 күнгө чыгып келүү" деген парз эмес. Ал тургай динге кийин кирген жаңылык. Бирок, муну менен "мен дааватчы туугандарга эч кандай каршылыгым жок" дегенди да кошо кетким келет. Коңшу темада жазып кетиптир Нур АбдулАзиз. Ошонун ойлору менин ойлорума үндөшөт.
Ал эми мечитке барган кадамдагы соопту эсептегенди так билбейт экенмин. Ушуга окшош бир кысса окугам. Бир аалым (же сахаба) бир топ адам таш санап отурганын көрүп: "Эмне кылып жатасыңар?" - деп сураса, алар: "Сооп санап жатабыз", - дешкен. Анда тиги сахаба: "Андан көрө күнөөңөрдү санасаңарчы! " - деген экен.
Мечитке барып намаз окуу үйдө жалгыз намаз окугандан сообу 27 эсе артык. Ошону даана билем. Анан да мечитке баруу - бул башка мусулман боордоштор менен амандашып, жүздөшүп, ал-акыбал сурашып, карым-катнашты бекемдөөгө да өбөлгө болот эмеспи?

#137 14 January 2013 - 11:25
Мадинадагы Бану Салама уруусу мечиттен алыс жерде жашашат эле. Анан алар мечитке жакын жерге көчүп келүүнү каалашат. Бул сөз Пайгамбарыбыз алейхи саламга жеткен убакта ал, аларга: «Өз ордуңарда калгыла, силер мечитке карай таштаган ар бир кадам силердин пайдаңарга жазылат" деп айтан (Муслим).
Мечитке карай ташталган кадам үчүн сооп берилет деген сөз хадистер менен бекемделген сөз.
Муфтиятта атайын дааватчылар менен иштөөчү даават бөлүмү бар. Бирок дааватка кандай шарттар же тартиптер менен чыгуу керектигин билбейт экенмин. Тактаганга аракет кылайын буйруса.

#138 15 January 2013 - 16:24
Алауддин Мансурдун кыргызчага которулган курани карим китебин туура эмес которулган деп уккан элем. колумда ошол китеп бар. окуп чыксам болобу? Билгендер жазып коёо аласыздарбы?
#139 25 January 2013 - 21:56
Билгендер "Кадар"
жонундо кененирээк маалымат берип койсонуздар.
Алдын ала рахмат.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#140 25 January 2013 - 22:10
Билгендер "Кадар"
жонундо кененирээк маалымат берип койсонуздар.
Алдын ала рахмат.
"Кадар" деп тагдырды айтыр жатасызбы? Же башка нерсеби?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]

Супер-Инфо
super.kg
видео