Суперстан: Бузукулар үйүрү... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бузукулар үйүрү... же сойкулуктун арты...

#61 Пользователь офлайн   Takeshbek   03 Июнь 2012 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

buirusa jakynky arada jany 4ygarmalarga kubo bolosuzdar.
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   miniusha   08 Июнь 2012 - 15:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 893
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:no comment...

Такешбек не болду жаны окуяларын жок го, не илхом келбей жатабы же озун эс алып жатасынбы? Куттурдун го жаман.Сүрөт
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Takeshbek   08 Июнь 2012 - 19:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

miniusha (08 Июнь 2012 - 15:17) жазган:

Такешбек не болду жаны окуяларын жок го, не илхом келбей жатабы же озун эс алып жатасынбы? Куттурдун го жаман.Сүрөт


Мен азыр практика деп чуркап жургон учурум таккыр бошобой жатамда. Эми келдим бир нерсе болоор эми жакын арада )))
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Gul90   01 Сентябрь 2012 - 14:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 625
  • Катталган: 14 Апрель 12
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 11:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:бактылуулук планетасы

ай такешбек болбойсунбу эми куз да келди мен бул темага киргенимди унутуп кайра окуп баратыптырмын да эстей койдум создорун бол эми куттурбой
Алга жана алга!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Elit   04 Сентябрь 2012 - 10:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 256
  • Катталган: 18 Июль 10
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 16:14
  • Жынысы:Аялзаты

Takeshbek (03 Июнь 2012 - 15:53) жазган:

buirusa jakynky arada jany 4ygarmalarga kubo bolosuzdar.

Буюрса деп биз да чыгармаларынды саргая кутуп атабыз. :эреже:



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Begim8678   18 Сентябрь 2012 - 14:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 16 Июнь 12
  • Соңку аракети: 15 Май 2018 11:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сахалин

[quote name='Takeshbek' date='01 Май 2012 - 06:38' timestamp='1335807480' post='689493' ]
Эшикти кыз ачты. саамга аптыга туштум. Алдымда турмушта сейрек кездешчү чүрөк турат.Коюу, үрөң чачын бир өрүм кылып артына таштап койгон. Бийиктаза маңдайына калем кашы ого бетер көрк берип турат. Жоодураган кой көздөрүндөадаттан тыш сулуулук жашырынат. Бирок андан да башка кандайдыр кусалыктынүлүшү көз кычыктарынан көрүнө калат. Анысы бет түзүлүшүн бузбастан, кайраого бетер ажарын ачып тургансыйт. “Суулуу болгуң, келсе, азап тарт депфранцуздар береинен айтышпаган чыгаар ал сыңары кыздын жалпы көрүнүшүндөкандайдыр бир тымызын баш баккан муң бар эле. Телегейи тегиз адамдын биринчидушманы. Ал башкалардын ич тардыгын жаратат, жек көрүүнүн уругун себет. Кыздынтелегейи тегиз эле. Ошонусуна карабастан анда өзүм жакшы түшүнбөгөн бир жетишпегендиктурду. Сулуу жузу эмнегедир сүрөт сымал кыймылсыз, тоң көрүндү. Өзүм -художникмин. Бирок азыр сүрөт тартуу менен жан бага албайсың. Элдин курсагытойбой атса, кайдагы бир искусство менен эмне жумуштары бар. Сулуулукка кызыгууда кең-кесири турмуштан келип чыгат көрүнөт. Бул жагы мыйзам ченемдүү дечи,антсе да искусствону жаратуучулар - жазуучулар, акындар, бедизчи мененсүрөтчүлөр ишсиз калдык. Кандай арга, канчалык генийликти жүрөккө сактап сыймыктаныпжүргөнүм менен курсакты да багышым керек. Мен кистилерим менен мольбертимдикүнүмдүк жыйыштырып салып, касапчылыкка өтүп кеткем. Күлкүң келет - касапчылыканан сүрөтчү. Булар бири бирине салыштырып Караганда эки уюлдагы кесиптер эле.Сөздүнчындыгын айтканда, учурдагы кесибим мага күндөлүк нанымды таап берип жаткан.Бул үйгө келишим да ошол кесибиме байланыштуу. Белек кайдандыр топоздун этинарзан баада таап берем деп убада берген. Акчасын да алдын ала алып койгон. Мейли,топоздорду кайдан тапса андан тапсын, маа десе уурдап келсин, мага иши кылыпколума эт тийгени эсеп. Ал эми бойдоктугума карабастан мага акча ар убактажетишпейт эле. Алибетте, кечил эмесмин, демек, кыз-кыркын келгенде уяндыкты дакөрсөтө койбойм. Ошондуктан акчамды көпчүлүгүн кайда коротоорлугум белгилууэмеспи.

Ушинтип бет алдымда турмуштан сейрек кездешуучу турду.Мен сүрөтчү катары анын мүчөсүнө да баа берип койдум. Эч кынтыгы жок келишкенмүчө. Халатынын бир аз ачыла берген жакасынан жайык төшүнүн чети көрүнөт. Боюортодон бир аз жогору, чытыраган соорусу терисине тар келгенсип, аялды насилин огобетер көркүнө чыгарат. Чың жана түз балтырлар ишенимдуу. Дароо эле көз алдымачоң суунун жээги элестеди. Бул кызды дырдай жылаңач сүрөткө тартып жатам. Күрөңсаамайын жумшак жел леп-леп сылап өтөт. Көздөрүн күн нурун жүлжүйтө берип, магачымыр сандарын тосот. Мен жанталашып тартып жатам. Кыздын мүчөсүндөгү ар биркыймылды, урунттуу жерлерин көз жаздымыман кетиргим келбейт. Жанымдан кандайдырбир мыңкылдаган туюк үн угулгансыды. Кыялдын сересинен жерге түшүп, акылымакеле калдым. Кыз мага таң калгансып кой көздөрүн бакырайтып карап туруптур.Кыязы, менин ойго бата түшкөнүмө анчалык түшүнө бербей жаткан шекилдүү. Ананжайдары күлүп жиберди. Мага бүркөк күн ачыла түшкөндөй эле туюлду. Күрүчтөй текшитиштери бермет сымал жаркырай түштү

-Белектин квартирасы ушулбу?

Кыз баш ийкеди, бирок үн чыгарып сүйлөгөн жок. Менидагы эле ар тарабыман сынай карап турат.

- Өзү үйдөбү?

Кайта да ийкеди башын. Жиним мурдумдун учуна жыйыла түштү.Аны өзүнүн сулуулугун билип, андан улам текебер тарткан кыздай сезип кеттим.

- Кирүүгө уруксатпы, анда жумушум бар эле...

Кыз четке чыгаберди. Астанага шыбоодон улам былчылдап чыккан бут кийимимди чечтим да,жагымсыз жыттан өзүм уялып, конок бөлмөсүнө өттүм. Бөлмөгө диван, стол,орундуктар коюлуптур. Орто жердеги столдун үстүнө кооз графиндеги роза гүлдөрүбөлмөгө көрк берип турат. Кыязы, кыз гүлдөрдү жакшы көрсө керек. Анысында жаңылыкжок, кыз аттуунун баары эле гүлдү көрсө жантыгынан жата калышат эмеспи. Белекдиванга кыйшая тартып телевизор көрүп олтуруптур, мени көрдүда ордунан козголду.

-А Мелис, кел-кел, баатыр акеси, Мадина, чай коёсалчы.

-Жо, мен бат эле, - дедим учурашьш жатып, - баягы ишбоюн келдим эле...

-Олтур-олтур, орустар айткандай бутта чындык жокэмеспи. –Чайыңды кайната бер, Мадина.

Тасмалга келип олтурдук. Мадина чай куюп берип жатат.Анда-санда мени көз кыйыгы менен карап коёт да, мен карап калсам чоктой кызаратүшөт. Анысынан эркектер менен көп мамиле кылбагандыгын баамдайм. Жүрөгүмадаттан тыш түрсүлдөп кагат. Мурда башымдан өтпөгөн бир жагымдуу нерсе келипчыкчуудай тынч ала албайм, адаттан тыш сүрдөп да жатам. Мындай экенин өзтажрыйбамдан жакшы билем. Эмнегедир жакшылык

менен жамандыктын келээрин терим аркылуу күн мурунтансезип турам. Мадина муздаткычтан бир шише алып чыгып алдыбызга койду. Кыз дагыэле үндөбөйт. Белек эле жаман короонун текесиндей бапылдап жатат. Ичимдиктенэки ирет алып жибергенден кийин анын бабырлыгы ого бетер күчөдү. Дегеле бизге сөзберер эмес. Мадина ууртунан назик жылмайып коёт, бирок дагы эле ооз ача элек.

- Сулуу кыз бекен, - деп жатты Белек, - жалгызкарындашым. Мындай эстүү кыз бул жер үстүндө чанда. Бардыгы колунан келет.Үй-оокатты жөн эле мизилдете кармайт. Азыр он тогузда.

Бирок...

Мадинанын көздөрү бир башкача жалдырай түштү. Кыязы, агасынмындан ары сүйлөбө дегиси келип жатат көрүнөт. Мен да таң, кала түштүм.Белектин чоң эле кызды кем акылдан бетер кыял-жоругун жиликтеп жатышы мага өөнучурады. Жо, бул жерде бир нерсе бар. Кулак түрүп жатам. Белек кайдыгер колун шилтепкойду.

- Капа болбо, Мадина, эртедир-кечтир Мелис чындыкты би­летда. Мындайча алганда Мадина беш жашынан тартып сүйлөбөй калды. Анда үйүбүзшаардык котелныйдын жанында боло турган. Мадина өзө теңдүү балдар мененкотелныйга чукул дөңдө чана тээп жүрөт. Күтүлбөгөн жерден буу казан жарылыпкетет. Кырсык от жаккычтын өлүмү жана Мадинанын ооруканага жеткирилиши мененаяктады. Карындашым тирүү калды, бирок кандай аракеттерди жасасак да сүйлөтөалбадык.

Оозум ачылып эле калыптыр. Айыптуудай кызара түшкөнкыздын жүзүнөн карегимди албастан тура бериптирмин. Жүрөгүм бир башкача зыркырапчыкты. Кыздын жанагы мен көмүскө туйган керти, көрсө ушул тура. Дегележаратылышым - алсыздарды аяганым күч. Мунжуну көрдүм дегиче көзүмө жашым толотүшөт. Ушул учурда чырактай жанган кызды аяп турдум, ал үчүн колумдан келгенжакшьшыгымды жасагым келип турду.

- Кантет, - деп ого бетер чүнчүттү Белек, - жыгылыптүшпө. Биздин Мадина сага окшогон далай жигиттердин эсин оодарган. Андан көрөбойдоксуң, үйлөнүп ал. Ооба, ошент. Сага татыктуу жар боло албаса, мурдумдутуура кесип берейин.

Тамтандаган аракеч, эми кудай урбадыбы. Көзүнө жашыкеле калган Мадина ордунан атып туруп, коңшу бөлмөгө кирип кетти. Кулагымданбери ысып чыктым. Ал күнү Белек менен сооданы бышыктап алып жолума түштүм.

Бир үйдүн жарты эти калды эле, аны соодаламыш болом.Эси дартым эле Мадинада. Анын жаштыгын, сулуулугун аяп турам, ар дайым бир үйдөжалгыз калып эч ким менен сүйлөшө албаган тагдырын аяйм. Акыры чыдай албадым,эттин калганын таразалап туруп шеригиме өткөрдүм да, үйдү карай жөнөдүм. Баса,Мадина гүлдү жакшы көрчү эмес беле, жолдон бир букет гүл сатып алдым да, үйгөкелдим. Чоң күзгүнүн алдына туруп алып өзүмдү иретке келтирип жатам:сакал- мурутумду таза кырындым, кара галстукту ак көйнөккө тагынып, уюлгуганчачтарымды тарап койдум эле касапчыдан студентке окшой түштүм. Эмне учунбаратам? өзүм да жакшы түшүнбөйм. Иши кылып Мадинаны көргүм келип турат. Каргышалгырдыкы, ошондо бурулуп, көптөгөн ойношторумдун бирине кетип калсам, анданкийинки кырсыктарга жол берилбей калат беле. Бирок тагдырга арга кыла албайсың,ал мени дегдеңдете белгисиз кумарды карай сүйрөп баратты.

Эшикти ача берген Мадина саамга дел боло түштү. Экикөзү колумдагы гүлдө эмес, менде эле. Башка кийим кийинип, жуунуртарангандыктан, кыязы, ал көргөндөн кыйла жашара тушкөн сыяктанам, кыздынкөздөрүнөн кубанычтын учкундарын байкадым өзүм да бул кездешүүгө толкунданыптурам. Мындан да жүрөгүм менен туйбаган кандайдыр бир таттуу сезим көз жаштегеретип жиберди. Мадинаны кучактай калууга аз калып барып, эсиме келе калдымда, колумдагы гүлдү суна койдум чектен тыш кубанычта жадырап-жайнап кабыл алды.Анан колумдан аяр кармап бөлмөгө жетелеп кирди. Белек жок экен. Маңдай-тескей олтурабыз. Эмнегедир карегимди андан алалaap эмесмин. Анын да көздөрү, жаштыкты эңсөөдөн чыгаар. Бир башкачажашылданып турат. Сүйлөөнүн мында кажети деле жок. Баары тең түшүнүктүү болучу.

- Журу, киного барып келели, Мадина, - деген сунушумдуайттым көптөн кийин. Оозума ошол сөз келиптир. Иши кылып анын көңүлүн көтөрүп,бактылуу кылуу жагы келген максатымдын башкысы экендигине эми түшүндүм. Мадинасекелек кыздан бетер чексиз сүйүнүп кетти. Балким, аны ушунча болуп бир дагыжигит менчилеп киного чакырган эместир, же менин аны толук кандуу аял катарысанап жаткандыгым жага түшкөндүр, айтор, Мадина кубанычтуу кыска үн чыгарды датөркү бөлмөгө кирип кетти. Күтүп олтурам, өзүмө өзүм таң калып да олтурам.Чырмалыша баштаган мамилебиздин аягы эмне менен аяктаарын дегеле ойлогонум жок.Акыры Мадина бөлмөдөн чыкты. Оозумду ачып эле карап калыптырмын. Гүлдүү малакөйнөкчөн периште бет алдымда турду. Жөн эле буралат, мойну койкоюп, көркөмбашы сыймыктуу чалкалайт. Ал мени секелек кызча колдон алды да сыртты карайсүйрөп жөнөдү. Көчөдө баратабыз. Ал мени эски таанышындай колтуктап алган. Эмианын сулуу жүзү баштагы кыймылсыз жансыздыгын жоготуп, бир башкача ажарланып,бакытка бөлөнүп баратты. Фильм да экөөбүзгө ылайык сүйүү жөнүндө экен. Мадинаолтурганда эле ийиниме көркөм башын жөлөп койгон, ошол боюнча кино бүтөрбүткүчө козголгон жок. Кээде менин манжаларымды кысып-кысып коёт, андан баштаайланткан жеңил атырдын жыты келет. Кинодон кийин үйүнө дейре узатып бардым. Алжүрү дегендей колумдан аста жетеледи. Аны ээрчигендин ордуна белинен имеретарттым да оозунан узакка сордум. Кыңкыстап онтологон үн угулду. Таштай катуукош алмасы төшүмө тиреле түштү да башымды айландырып жиберди. Ушинтип бир аз турсакэле мен чыдай алаар эмесмин, кыздын абийирине кол сала турганмын. Ал эмикучагымда эч кандай коргоосуз, турмуш жагынан алып Караганда наристе кыз турду.Ошондуктан мындан көбүрөөккө барыш менин бетсиздигимди көрсөтмөк. Андан обочожыла бердим да: «Пока», - деп коюп чуркап жөнөдүм. Жүрөгүм бир башкачалакылдайт. Кыз өпкөн жагынан наристе болбосом да бүгүнкү алган таасирим өзгөчөкөрүндү. Кандайдыр бир мен башында билип туйбаган аруу сезим жалын сымал жүрөгүмдүкаптап баратат. Кылчая берип карасам, Мадина дагы эле артымдан көзүн албайтуруптур. Кол булгаладым, ал дагы колун жансады. Кетип баратам, баштакезикпеген кубанычты сезип баратам.

Андан кийинки экөөбүздүн мамилебиз мага түш сыяктуу.Мадинаны көргүм эле келип турат, бирок жумуштан колум бошобойт. Кан жыттангансалондун ичи менин күндөлүк азабыма айланган. Кажылдаган көпчүлүк, колдонсуурулган алып сатарлар базардын демейдеги жашоосун түзүп турат. Ошол уу-дуу тур­муш эле. Кубаныч, кайгыны, жүзү каралыкменен сүйүүнү, шылуундук жана адамкерчиликти өзүнө камтыган турмуш болучу.Кантсе да мен интеллигент катары башкаларга Караганда айлана чөйрөмдү акылгасалып түшүнчүмүн. Ошол уу-дуу менен байкабай калыптырмын, карай салсаммаңдайымда Мадина турат. Жазгы гүлдөй жайнап, бул ар кошкондон түзүлгөн оройкөпчөлүккө сыйышаар эмес. Мен кан жуккан халат жамынган кейпимен, майланышканколдорумдан анын алдында чүнчүй түштүм. Мадина жайдары жылмайып, эки манжасынкөрсөттү. Дароо эле тушундум да арыдан бери чүйгүн жеринен чаап, эки килограммэтти тартып бере салдым.

- Акчасынын кереги жок, Мадина, - дедим шаштым кетип,-мен өзүм деле эт алпарып берейин деп жаттым эле...

Ал көркөм башын чайкап койду да алдыма акча таштады. өзуколун булгалап коюп, сыртты карай жөнөдү. Акчаны алып санасам, арасында кагазжүрөт. Алып окудум. «Мелис, кечинде сени күтөм. Байкем үйдө жок болот, Мадина»,- деген жазуу бар экен.

Атаганат, ошондо барбай койгонумда андан кийинкитүйшүктөр келип чыкпайт беле, ким билсин. Айтор, менин эркектик ышкым аны карайжетелеп туруп алды. Анымда жаңылык деле жок, менин ордумда кайсыл эркекболбосун ошону жасамак. Салондогу кечке кыйналганымды Мадинанын жаркын жүзүнкарап олтуруп тараткандыгым күнөөгө деле жатмак эмес. Жумуштан эрте чыгып тазажуундум. Ошондо да кандын жыты кетпейт, каргыш алгыр. Арга канча, атырдан басасебинип, ал жагымсыз жытты баскан болдум. Кийимимди которуп кийинген соң,көчөгө чыктым. Камоктордун биринен шампан, жакшы винодон сатып алып, таксикармадым. Мадина мени демейкисиндей эле жадырап-жайнап тосуп алды. Шампанданкылт эткизип олтурабыз. Тамак да даамдуу жасалыптыр. Иши кылып бөлмөдөгү бардыккөрүнүштөн аялдын камкор колу сезилип турду. Мадина магнитофонду ишке киргизди.Музыканын жагымдуу ыргагы бөлмөлөргө тарай түштү. Туруп барып кыздын белинеколумду койдум. Булчуңдуу чың дене алаканымды ысытып жибергенсиди. Тангонун жайыргагында бийлеп жатабыз. Мадина төмөнтөн жогору карай көзүмө тигилет. Кудайай, көздөрү бир башкача жалдырайт. Жөн эле: «Менин үмүтүмдү үзбө, Мелис, биржаманчылык кыла көрбө!» - дегенсийт. Жүрөгүм өзүнөн өзү кысылып чыкты. Эңкейдимда аста эрдинен сордум. Мадина жүзүн төмөн жашыра берип, ыйлап жиберди. Чачынанжыттагылап жатам, жалыныш туу сөздөрдү шыбырап да жатам. Ансайын Мадина эс-учунжоготуп баратат. Анан түзөлө калды да колумдан учкай алып, мени уктоочубөлмөсүн карай жетеледи. Сулуу көздөрүндө кандайдыр бир чечкиндүүлүк менентобокелге салгандык бар. Аргасыз аны ээрчий бастым. Экөөбүз тең эстен таныптурабыз. Жо, жаштыктын акылы жетпеген кумары бизди эстен ажыратып таштадыкөрүнөт, Мадина халатын чечип туурага ыргытып жиберди. Ич көйнөгү жок экен.Ууздай аппак сандары, тирсийген кош мамагы мага учурдун арты кийинин туураойлонуштурууга мүмкүдүк бербеди. Анын алкымынан аймалап жалынып жибердим дадиван-кроватка басып жыгылдым. Андан аркысы мага түш сыяктуу. Катуу бир онтопалган Мадина эриндерин кырча тиштенди. Мен башта болуп көрбөгөн ырахаттынкөлүнө чөгүп кеттим. Мадина мурда төшөк-кумарын башынан өткөрүп көргөн эмесдечи, антсе да аялдык жаратылышы эркектин махабатын эч кынтыксыз кабыл алды.Алдымда жаштыгы чытыраган чың дене балык тай туйлап жатты. Оо анан ал онтолойчиренип, мен кынкыстап жибердим. Эч нерсеге тендешсиз сезим эстен тандыражүлүнүмдү аралап барып тынчып калды. Шалдырай тартып чалкабыздан түшүп жатыпкалдык. Мадина кайрадан ыйлап кирди, мен аны кыйбастан узун чачынан өтөназиктик менен сылагылай бердим. Мында жубатуунун кереги жок эле, ал күйүткөбатып, балалыгы менен акыркы ирет кош айтышып жаткан. Кыйладан соң турду менида орой түртө ордумдан козгоп, кан болгон шейшепти башкасы менен алмаштырды. Биз кайрадан камырдай жуурулу лаззат кумарына кирип кеттик.

Оо жараткан, ошондон тартып менин азабым да, жыргалымбашталды. Мадина мени бир мүнөт да көрбөй тура алчу эмес.Мен ага жакшы элежумуштан кийин келеримди түшүндүрөм, бирок кайра эле өз билгенин жасайт. Магажакын келе албайт, кыязы өзүнүн дудуктугу менен мени башкалардын алдында уяткылуудан чочулайт көрүнөт, бирок салондун муздак дубалына жөнлөнгөн тейде мени алыстанкараганы караган. Кандайдыр делбе сыяктуу. Кээде Мадинага алаксый түшүпдөңгөчтөгү этти да жаза чаап алам. Шеригим мени жаман көзү менен акшыя карапкоёт.

- Кечээ катыра ичкен экенсиң ээ, эргулум.

- Ии, ооба, - дейм агакаршылык көрсөтпөй, - уйкум келип турат.

Бара-бара Мадинанын ал жоругу мени тажата баштады өзүмда билбейм, аны жакшы көргөнсүп эле турам, бирок ошондой болсо да ортобузда бирбелгисиз тоскоолдук бардай туюлат. Мен аны менен элкин эмес элем, кандайдыройноштук жасап жаткансып кымырынып-кысынганым күч. Анан жүрүп олтуруп түшүндүм.Менин ага карата мамилем чыныгы махабат эмес эле көрсө кыздын мажестигин, башкалардан кемдигин аяптырмын. Акмак жаным ошонумду махабат катары көрүптүрмүн. Эми минтип жүрөгүмө шек туулуп олтурат. Эмне кылышым керек? Ал мени бучкактапбир карыш да ээн-элкин бастыра турган түрү жок. Демек, анын мага берилипкалгандыгы айдан ачык. Анткен сайын дилимде өзүм да жакшы түшүнбөгөн жипкирүүбүчүр ала баштагандыгын аргам кете туюп, андан кача баштадым. Эптеп эле биршылтоолорду таап жылт коюуну көздөйм. Аныкына барганды дээрлик токтоттум. Ал датүшүндү го, эмнегедир кийинки күндөрү мени баштагыдай акмалабай калды. Бироканын мага көрүнбөй бир буйткадан көз салып тургандыгын кандайдыр терим аркылуусезем. Уятымдан бетим чымырайт, аны аягандыктан жүрөгүм кысылат, өзүмдү өзүмашата сөгөм. Бирок арга канча, жүрөгүң тартылбаган нерсеге бара албайт экенсиң.

Ошол күнү Жийде экөөбүз кафелердин биринде олтурдук.Ал менин эски ойнош кызым. Жийде эмнегедир шаардан көрүнбөй калган. Корееайылда жүрүп жакында эле келиптир. Кантсе да денебиз тийишип калган эмеспи, аныжолуккан боюнча таштап кете албадым, кафеге кирип тамак ичип чыгууга чакырдым.Алибетте, Жийде сулуу кыз, бирок сойкулугу да ошончо. Анысынан ал кымырыныпкысынбайт. Кыскасы, накта учурдун ургаачысы, уят-сыйыт дегенди чөнтөгүнө салыпалган. Аркы-беркини сурашып олтурдук. Алган бир шише винобуз да аяктап калды.

- Кечинде кел, - деди Жийде, - баягы эле үйдөмүн.Элеттин ээндигинде журуп эркекти да сагынып калдым көрүнөт.

Мен «макул» дегендей башымды ийкедим. Анан айнектенсырт жакты карап алып, далым дүрүлдөй түштү. Сырттан бизди Мадина караптургандай сезилип кетти мага.өңүм да өзгөрүлө түшсө керек, Жийде чочулайсурады.

- Сага эмне болду?

- Эч нерсе, турдукпу анда...

- Кечинде келесинби?

-Уг-гу...

Жийде жашаган үй мага башынан белгилүү. Алибетте, анынсойкулутун жакшы билсем да өзүмө тааныш аялдык кылыгын сагынганым күч эле.Адаттагыдай эле чөнтөгүмдө бир шише арак. Күүгүм коюуланып баратат. Буттарымдакүздүн эрте түшкөн жалбырактары шуудурайт. Жанымдан бирин-экин жеңил маши­нашуулдап өтө берет. Мен үчүн ушул бойдокчулук жашоо жагып турган. Башкатүйшүктөрдөн алыс чөнтөгүмдөгү бир шишенин дүүлүктүргөн кубатын алдын аласезип, анан да Жийденин теңдешсиз ысык кучагын, кыңкыстаган башкача үнүнэлестеп, жай өмүрдүн кучагында көп катары күн кечирүүнүн өзү канчалык жагымдуу.Обу жок интеллигенттердей ышкы отун изденбей, санаадан алыс, чыгармачылыктынтуйшугунөн тышкары жандүйнөнү тынчытып өмүр кечирүүнүн өзү, менин нормалдууадамдарга жакындай баштагандыгымдын күбөсү. Айтам да, пайдасыз генийликтинкимге кереги бар эле. Анын ой жетсе да кол жетпеген азабы менден алыс. Мендемейдеги эле кече таптаган пенделердин биримин. Ал эми канчалык ойлонсоң дажашоо анда да ашып түшпөсүн башымдан кечирип жатам. Ушунун өзү менин руханий жактанчирий баштагандыгымдын күбөсү экендигин деле түшүнүп турам, -бирок жандүйнөмдөгү ойлонууга карата жалкоолук баардыгынан күчтүү болучу. Мен жөн ганакемчилик, ийгиликтери менен жашаган катардагы пенде болгум келет. Баягыделбетаптанып генийликти пир туткан кезим эми түштөгүдөй элес-булас келе калыпжок болот.

Жакындаганымда Жийденин үйүнөн кирип-чыгып жатканадамдарга көзүм түштү. Бир нерседен чочулай калдым да дарбазанын алдынатоктодум. Кишилер өз алдынча кужулдашып жатышат. Ангыча милициянын машинасыныначуу сиренасы угулду. Ого бетер тынчым кете түштү.

- Айтыңызчы, эмне болуп жатат? - деп сурадым андатурган бирөөнөн.

Ал мени ормоё карап койду, анан мендеги чочулоонутуйду белем, кайдыгер колун шилтеди.

- Ээ, ушунда бир кыз жашай турган. Көптөн бери көрүнбөйкалып, жакында эле келгендей болгон. Ошол кызды кимдир бирөө мойнуна жип оропмуунтуп таштаптыр. Жаш эле бечара, су­луу да болчу...

Башка чапкандай кайра тарттым. Байкуш Жийде, аны сойкулуктунакыры ушуга алып келмек. Кызганыч кимди гана эмнеге түртпөйт. Анан ар кимгекуйругун шыйпандата берсе душманы чыкпайбы. Жүрөгүм тызылдагансып баратат.Жашоонун күнүмдүк экендигине ызам келет. Анан ашканалардын бирине кайрылдым да,чөнтөгүмдөгү аракты бут ичтим. Ачкарын ичкендиктенби, эс-акылымды жоготупсалыптырмын. Кетип бараткандай эле болгом, анан ойгонсом, төбөмдө жылдыздаржыбырайт. Айланам тыптынч. Эмнегедир үстүмө атыр жыттанган аялдын күзгүпальтосу жабылган. Башым кандайдыр бир жумшак, жылуу нерседе жаткансыйт. Жакшылапбоолголосом, кимдир бирөөнүн тизесине башымды коюп жатам.

- Сен кимсиң? - деп сурадым араң эле сүйлөп. - Менкаердемин?

Жооп ала албадым. Белгисиз адам үндөбөстөн колумдантартып өйдө тургузду. Агарып келаткан таңдын шооласынан аны тааный койдум.

- Сенсинби! - кыйкырып жибердим. - Бул жерге каяктанке­лип калдың?!

Мадина баягы эле үндөбөгөн калыбында шымыма жуккан чөп-чарды тазалап жатты. Эмнегедир ыйлагым келип кетти. Көрсө таң аткыча башымдытизесине коюп олтура берген турбайбы, анан да күздүн аз эмес суугунда күрмөсүнмага жаап коюп, өзү көйнөкчөн... Калтырап үшүп... Оо каргыш алгыр махабат!Ошондо да дилим тоңдугунан жазбады, жадаса Мадинаны кучактап өөп койгонго дажарабадым.

Дегеле эркектерге арга жок экен. Алардын туруксуздугу, жел тамандыгы башынан ашат. Ал жагыбызды өзүбүз байкоос ала бербейбиз. Ар бираялдын үстүнөн болгон жеңишибиз бизге сыймык катары көрүнөт. Ал эми алданганжүрөктөрдүн канап, жанына жай бербей ооруп жаткандыктары менен жумушубуз жок.Жийде бат эле эсимден чыгып кетти. Анан университетте окутан Лариса деген кыздытаап алдым. Алибетте, ага үйлөнөйүн деген оюмда жок, аз да болсо жашчылыктындооранын талаптагыдай сүрүп алуу башкы максатым. Заматта эле кыздын башынайлантып таштадым. Экөөбүз бир нече ирет кафелерде олтурдук, кино-театрларга бардык.Ошол кечте да киного экөөбүзгө белет алып койгом. Жатаканасын, кайсыл секциядатурарлыгын жакшы билем. Болжошкон убакта келип, вахтёр аялдан киргизип коюусунөтүндүм.

- Кимге барасың? - деп сурады ал. -Ларисага,214- секция.

- Эмне, уга элексинби?

- Дагы эмнеси чыга калды? - чочуп кеттим мен.

- Азыр эле сенин алдында кимдир бирөө аны таш мененбаш­ка чаап салыптыр. Ооруканага алып кетишти абалы оор дейт.

Дел боло туштум. Катар-катар келген бул кырсыктакандайдыр бир байланыш бар эле. Ошол кырсык эмнеликтен мен сүйлөшкөн кыздан элеарылбайт? Анан күтүүсүз жерден түшүнө койдум. Жийденин өлүмүнө да, Ларисанынжаракат алышына да себепчи мен элем. Оо Мадина, ушуга кантип бардың! Чуркап баратам,айла кеткендиктен ээгим ээгиме тийбей шакылдайт. Жо, бул акмакчылыкты токтотуш керек!Мадинанын баягы эле кусага баткан суз жузу алдымдан каршы алды. Олтурганым жок,аны үрөйүм уча карап, адаттан тыш айкырып жибердим.

- Эмне учун минтесиң, Мадина! Киши өлтүрүүгө кантип ко­лун,барды!

Ал козголуп койбоду, ого бетер уурту тартылып, көздөрүжал- жылдай түштү, арытан кагаз, калем алып чыгып, бир нерселерди жазды да, магасунду. «Сенсиз өмүрүм жок, Мелис! Мен тирүү турганда сени эч бир аялгабербейм! » деген жазууну окудум. Ба­шымды эки колдоп мыкчыдым да, сыртты карайатып жөнөдүм эмне кылыш керек? Ички иштер бөлүмүнө кайрылсамбы? Бирокдудуктарга сурак да, сот да жок дешкендерин угуп жүрөм. Анын үстүнө Мадинаныалдаган өзүмдө да күнөө аз эмес. Жо, бирден бир арга - шаардан башка жаккакетишим керек. Ооба, ошентишим керек!

Көп өтпөй Токмок базарынын касапканасынан орун алдым.Иштеп жүрөм. Казактардын базарынан мал алам да кайра союп сатам. Киреше жакшыэле түшөт. Кээде акчамды сойкуларга тойлотуп жиберем. Анда деле кабыгым-кашымдебейм. Бирок мени баягы эле жалгыздык, баягы эле бир беткей көңүлсүз өтүпжаткан өмүр кыжалат кышат. Бир курдай зериккенден эстеп коюп олтурат элем, өтүпбараткан Белекти байкап калдым. Арты кийинин деле ойлогонум жок, ал көзүмө бирбоорумдай жакын көрүнүп кетти.

-Белек! Беке-чакырдым.

Ал бурула калып мени тааныды да, эмнегедир жыландыкөргөндөй кетенчиктей түштү. Анан бир нерсени ойлоно калгандай жаныма басыпкелди.

- Кандайсың Беке?

Колумду сундум. Ал байкамаксанга салып койду. Чөнтөктөрүнантарып бирдеңке издеп жатат. Акыры блокнотунун арасынан бир тилим кагазды алыпчыкты да мага сунду.

- Мадинанын акыркы сөзү, - деди ал буулуга унчугуп, -сени каргыш ал сын!

Көзүнүн жашын сыга берген Белек бурулуп басып кетти.Мен эч нерсеге түшүнгөнүм жок, жанымдагылар да мени шектене карап калышты.

- Белек, Белек! - деп артынан кыйкырдым. - Коё турсаң,түшүндүрсөң!

Бирок ал кайрылган жок, базардагы көпчүлүккө аралашаберип көрүнбөй калды колумдагы кагаздан төмөндөгүлөрдү окудум: «Сенден үмүтүмүзүлгөндө менин өмүрүм бүтөт, Мелис!»

Кандайдыр бир суук илеп денемди чыйрыктырып жиберди.Кийин уктум, Мадина жүрүп бараткан тепловоздун алдына боюн таштап өмүрүнаяктаптыр.

Урматтуу, бузулган кыз-келиндердин образын ачып берип жаткан жазуучу Такешбек чыгармаларынызды бир дем менен окуп жатып, мага бир ой келди. Сиз сулуу айымдардан коркуп, аларга болгон ишеничиниз жоголгондой туюлду. Жашоонузда сулуу айымдардан конул калган жок беле? Ал эми жазуу манераларынызга келсек, стилиниз бар экени мени суйундурот. Мелистин образын жакшы ачып бериптирсиз. Келиндердин образдарын да мындан да кененирээк ачсаныз, чыгармаларыныздын мазмундуулу артмакчы. Негизинен бузулган айымдар жонундо жазып жатып, эркектердин кулк-мунозун, ойлорун жакшы ачып бергениз мага абдан жакты. Аракетиниз куч экен. Калеминиз курчуй берсин. Келечекте кыргыздын мыкты жазууларынын катарынан орун аларынызга ишенем. Ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Aziku007   13 Октябрь 2012 - 03:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Авг 2018 21:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ушул Такешбекти тааныйт окшойм деп божомолдоп атам.Бир жерден,кошуна айылдан болсок дегеним да...
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Shirin_kyz   13 Октябрь 2012 - 18:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 142
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2017 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош...убактылуу саякаттоодо!

Kural (27 Май 2012 - 09:07) жазган:

Эми кайра кузундо уланта баштайм буйуруса деп Такешбек)))


күз келди гооо..... ТАКЕШБЕК ..... күтүп жатабыз....... ...
Nefse karşı en büyük cihad namazdır.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Argymak007   18 Октябрь 2012 - 04:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

О качан коргом бул бузуку. дагы да буто элек турбайбы. Байкуш апторлорго эмне мынча кыйын болду экен? Кайсыл сайттан алып окудун эле? Айт калганын улап салайын мен эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   janylka   28 Октябрь 2012 - 01:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 367
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 14:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

бузукулар бузулуп калган окшойт, автор ремонт...
Журоктор ыйманга толсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Takeshbek   02 Ноябрь 2012 - 08:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

салам туугандар мен журом буйруса аз кундо корушобуз ушул жерден)))
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Begim8678   02 Ноябрь 2012 - 16:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 16 Июнь 12
  • Соңку аракети: 15 Май 2018 11:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сахалин

Салам! Чамданыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   burana   05 Ноябрь 2012 - 19:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 279
  • Катталган: 25 Май 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 21:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Такешбек куз эмес кыш болоюн деп калды жазсан боло :эреже:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   historic   11 Ноябрь 2012 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Шашылбай тургула, теринер жалтырак болот:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   11 Ноябрь 2012 - 17:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Такеш шашпай журосунбу?Жазып кой да элдерди куттурбой, болбосо баарынын териси жалтырап калат Хисторик айткандай... ..Сүрөт
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   burana   29 Ноябрь 2012 - 20:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 279
  • Катталган: 25 Май 11
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 21:34
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Таке келдинби?эми жазда бул жакка.жаман куттурдун го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Takeshbek   01 Декабрь 2012 - 17:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Понидельник куну чыгат буюруса. Кечиктиргеним учун кечирим сурайм. Ошон учун, 2 чыгарма катар мн чыгат )
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   sonka89.   01 Декабрь 2012 - 18:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 972
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Авг 2019 02:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Марс

Оо жакшы кутобуз!! !
Я тебя не нравлюсь,ЗАСТРЕЛИСЬ я не исправлюсь! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Takeshbek   02 Декабрь 2012 - 22:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Даярсынарбы? Анда баштайлы... Шаардын чон кочолорундогу жымындаган оттору козго кандай жагымдуу корунот, бирок мелтиреп, ун созсуз жымындаган шаар оттору... Эх иши кылса арман...
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Takeshbek   03 Декабрь 2012 - 15:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Азыр ордумдан турам да, аларды көздөй жөнөйм. Саат кечки жетиден өтүп калды, ал эми сегиздерден кечикпей ошол жерде болушум керек. Жүрөгүм эмнегедир чыдатпай сыздап жатат. Дене жаракаттарыман эмес, адамдык насилимдин кор тарткандыгынан сыздайт. Кандай кылышым керек? Барбасам дагы түмөндөгөн балээни башыма үйүп алам. Ал эми жашым он тогузда. Жашагым келет. Жарыкчылык мен үчүн али кызыкчылыктын сересинде.
...Турмуш мага жалан таза жагынан көрүнөт. Бүгүндөн эртенкиси сонун, жүрөгүм алып учуп, кандайдыр адаттан тыш махабатты эңсейм да турам. Анын башымдан өткөрө элек таттуу даамын көксөгөнүм күч. Алибетте, ушул жашка келгиче жигиттер менен өбүштүм дечи, антсе аным алаңгазаар жаштыгымдан келип чыккан азгырык экендигине жакшы түшүнөм. Айыл деген айыл, анда колго токтомдуу жигиттери саналуу гана. Ошондуктан айылдагы бирден бир жигит катары саналган Тилек менен өбүшкөнүмдү тана албайм. Бирок өбүшүү гана, андан ары тереңдеп баруудан экөөбүз тең коркконбуз. Мен үзүлүп түшүп турсамда ал эмнегедир чоочулаган. Тилек ошондо бир аз чечкиндүүлүк көрсөткөндө, ага кыздык белгимди алдырып коймокмун, андан өкүнүчта жаратмак эмесмин. Анткени, мендеги эркекти энсөө кумары эң чегине жетип, эркимден күчтүүлүк кылып жаткан. Тула боюм калтырап, жыныстык энсөөмдөн улам сымаптай көлкүп бараткам. Жигиттин ысык кучагы эртең эмне болоорумду унуткарып таштаган. Тилекке каршы мен ойлогондой келип чыкпады. Тактап айтканда биз өбүшкөндөн башка аракетке өтпөдүк. Ага өкүнөөрүмдү же кубанаарымды билбей келем. Эми....
Баардыгы эмнден башталды эле? Шаарга келгениме эки жумадан ашып калган. Жумуш кайда, мен эмес бакыйган адистер жумуш жок бош жүрүшөт. Баардыгы өз арабаларын тарткан менен убара. Бири базарда соода кылса, экинчиси тышында бирдемесин жая салып, соода- сатык кылымыш этишет. Анан кантсин...
Көчөдө соода- сатыкка тиешеси жок кыз келиндерда толтура. Топтошуп турушат, өткөн кеткендерге үмүт менен карашат. Ооздорунда фильтирлүү тамаеки. А аларга дагы бир мүнөздүү нерсе баары тең текши кыйкырта сыланкороз кийинишкен. Ооздорун өтө эле ачык боешуп, кирпиктери балжырата тушталган. Алардын көз караштарынан уятсыздык менен ыймансыздык шыркырайт. Орой, эркек мүнөздүүлүктөрү аялдык насилдерине кескин жарашып турат. Аларда кандайдыр бир тобокелчиликке салган жаалдуу эрк бар. Былыктыктын сазын жактыргандай сагызды балчылдата чайнашат. Алардын басымдуулугу кызуу. Баарынын тең мүчөлөрү аял катаары келишимдүү, өңдөрү сулуу. Ошондой болсо да аларда өздөрүнөн нары турткон кандайдыр бир жипкирууда бар эле.
-“Кечки көпөлөктөр”, - деп түшүндүрдү мага Назгул,- алардын катарына кошулуудан кудай сактасын.
Түшүнгөнүм жок. Айылдан жакында келген кыз шаардык турмуштун эмнесине түшүнмөк эле.
-Кандай-кандай?
-“кечки көпөлөктөр”- өзүн саткан сойкулар,- деп кайрадан түшүндүрдү Назгул, - алар чөнтөктүү эркектерди, же айылдан келген ачык ооздордун гана таварлары. Ал эми бизнесмен менен рэкеттердин эрмеги башкалар... Мындайча айтканда сага окшогон свежий кыздар.
Назгул кошунам эле мени менен жашташ же бир- эки жашка улуу. Бир жерде иштегенин деле байкаган жокмун, антсе да анын капчыгынан дамамаат акча үксү болчу эмес. Өзүда таза кийинип, бою-башына тыкан жүрө турган. Мага анын өөн учураган жагы, Назгул тамеки чекчүү жана кээде оозунан спирттик ичимдик буркурап турганын сезип калчуумун.Башкасын алып караганда ал жакшы кыз эле: кичипейил, сөздү оорду менен сүйлөгөн, өңүда татынакай, “менин жарым болсочу” дегендей эле.
Алгач жеңеме кошулуп соода- сатыкка барып жүрдүм, көп өтпөй андан деле чекем жылыбасына көзүм жетти. Анан шаардык турмуш мени чоочулата баштады. Чоочубаганда кантем, озум далысы кере кулач, таза кандуу жылкыныкындай келишкен кыз болсом, анан ашка жук, башка жук дегендей далдактап эле бош жүрсөм... Айылдан жок дегенде тоокторго жем чачат элем, кечкисин бададан келген уйду тосуп алып, байлаган соң саамакмын. Айтор ал жерде мага алаксый турган жумуш табылмак бирок шаардын көбүрүп жабырган турмушу мени оңой- олтоң кое берчүүдой эмес.
Эртең менен сегиздерде Назгул экообуз көчөгө чыгабыз. Көздөгөн бир беткей максатыбыз деле жок. Базар кыдырабыз, албасакта кийимдердин баасын сурап коебуз. Ал эми жол киреге, же тамак ичсек акчаны дамаамат Назгул төлөйт. Уялып да кетем. Назгул акчаны кайдан табат? Иштебесе же соода- сатык кылбаса? Андан сурап көрөйүн дейм бирок наадандык кылып коюдан тартынам. Эмне кереги бар бирөөнүн өздүк жашоосуна кийлигишип, ансыз деле Назгулдун мага деген адмгерчилиги толтура.
-Сени бир жерге ээрчитип барайын макулсунбу? -деп калды Назгул, - балким мындан ары жошооно жардамы тийер.
-Ал эмне деген жер?
-Бара көрөсүңда. Шаардын бай жигиттери менен таанышасын. Ичебиз, бийлейбиз дегендей, анан уйго жүрө беребиз....
Журогумо кандайдыр чоочулоо баш бага калса да ошол тааныш эмес белгисиздик мени кызыктырып алды. Шаардын жарды турмушун өзүм аралашып жүрөм дечи, алардын аки-чүкүсү мага беш колумдай маалым. Ал эми бизнесмендердин жашоосун көрсөм, турмуштун бир башка жагы менен кабардар болоормун. Алардан чоочулап бекер, бай немелер жогорку маданиятту, ыйманды сактаган инсандардан чыгаар? Ошондой болсо да өзүм да толук түшүнбөгөн кандайдыр бир коркунучту терим аркылуу сезип тургансыдым. Кызыгууда ушунчалы, бирок чочулоом да жок эмес...
- Коркунучтуу жагы жок эмеспи?
- Кайдагы коркунучту айтасын барабызда келебиз.
Кечигип түшүндүм. Дегеле турмуш ошондой көрүнөт, бир нерсени качан болсо кечигип акылына сиңирет окшойсун. Ошондо бир аз эле сабырдуулук көрсөткөнүмдө, кийин азап тозогум жок эле.
Назгул экөөбүз дубтан жасалган калын эшиктин алдында турдук. Уй эки кабат, сыртына шуба капталган. Арт жагында короодон дөбөттүн зоңк- зоңк үргөнү угулат. Назгул баскандан кийин чырылдаган дабыштан эшик ачылдыда ичкериден буту-колдору устудан кем эмес бир заңги көрүндү. Анын көздөрү сулуу болгону менен моңгүдөй муздак эле. Музоо кирпиктерин тирмийтип, оозундагы сагызды балчаңдата чайнап, экөөбүзгө карады. Анан Назгулду тааныды көрүнөт, аттыкындай жагымсыз тиштерин көргөзүп жагымсыз ыржайды.
- Салам Виктор…
- Салам детка. Жаныңдагы бийкеч сени мененби?
- Ооба, Жоранын чакыруусу боюнча…
Тиги киши четке жыла берди, биз кең- кесири залга кирдик. Чоң люстралардан жарык келип турат. Залдын ичи акыркы модада жасалган, полуна гүлдүү килемдер төшөлгөн, чет элдик мебелдер көздүн жоосун алат. Алгач көзүмө урунганы полго отуруп алып карта ойноп жаткан үч жигит эле. Баарынын тең үстүндө плавкадан башка үйрүп салаар кийимдери жок, жандарына коньяктын бошогон шишелери, ооздорунда тамеки түтөйт. Дагы жакшыраак көз жүгүрткөн соң, далым дүрр- дүрр үркүп чыкты. Алардын ортосунда энеден туума жылңач кыз чалкасынан түшүп жаткан. Кыздын кырчындай жаш экени көрүнүп турат.Анча чоң эмес эмчектери ширесин чыгара тирсиет, жаштык кубаты көрүнүп турган курсагы сүмбөдөй жумуру. Ал колдорун башына ашырып таштап койгон, көздөрү жмулуу, узун кирпиктеринин учтары кайкалап, алдына көлөкө түшүрүп турат. Кыздын денесинен чегине жеткен чың ден соолук аңкыйт, териси электр шамынан мала кызыл тартып көрүнөт. Мени таң калтырып жана коркутуп жибергени үч жигит анын ууздай аппак курсагына карта чаап жатканы эле. Жигиттер жаш ашып кетсе 25-26лардын ичинде. Жаш туруп мезгилсиз курсагы салаңдап бараткан жылчык көз түйрүк эрин бирөө Назгулго ызырынып кое берди.
- Эмне кечиктин сука! Саатты карачы…
Күнөөлүдөй кирпигин түшүрө берген Назгул унчуккан жок. Мындан улам коркунучум ого бетер күч алды. Мындай чөйрөнү өмүрүмдө көрбөсөм анан коркпойунбу. Байлардын маданияты ушул болсо, анда жетишкен экенбиз. Жалбырактай дирт- дирт этип артка кетенчиктедим.
-Кандай жерге алып келгениң Назгул?!
Ал дагы деле унчукпады. Жырткычтардын ортосуна калган илбээсиндей жандалбас уруп, сыртка чыгууну көздөдүм. Бирок, босогого жеткенде эшик ачылып, жанагы заңги жигит көрүндү.
-Каяка детка?
Анын мени кармайм деген колун четке серпип жибердим да сыртка умтулдум.
- Тарт колуңду мага жакындатпа!
Залдагы уч жигит айбандан бетер ыкшып күлүп жатышат. Күлбөй эле үрүп жаткандай туюлду мага.
- Ага жашоону үйрөтүп кой, Виктор,- деди жанагы Түйрүк, - кыязы азоолордон көрүнөт, чалманды таштап кой.
Виктор эми чындап аракетке өттү. Билегимди капшыра кармадыда залдын төрүн карай ыргытып жиберди. Күчтүү экен, камгактай учуп барып, килемдин үстүнө көмкөрөмөн куладым. Артынан күчтүү соку жамбашка тийди, кыязы тебип жиберди көрүнөт, жаным көзүмө көрүнө түштү.
-Чечин!- деди кайра жакакмдан алып, - мунун кыйынын кара, эмне ыргыштайсын! ?
Баарына түшүндүм. Азыр мени өлтүрүп коюшса да алар колго түшпөйт эле. Иши кылып өз максаттарына жетиш үчүн алар баарына бармак. Тыйралаңдагандан майнап чыкпасына көзүм жетти. Чечинип да жатам, четте үндөбй турган Назгулду каргап- шилеп да жатам. Дырдай жылаңач болдум. Уялганымды айтпа, көзүмдүн жашы өзүнөн өзү эле куюлат. Алар мени ары айландырып, бери айландырып, базарга салган байталдай сынап жатышты.
- Жарайт,- деди Түйрүк бала, - мыкты экен коньяктан бергилечи…
Ал коньяка мелт калт толгон бокалды тумшугундун алдына кармады. Жүзүмдү тетири буруп кеттим.
- Виктор!
Жаагымды кимдир бирөө капшыра кармагандыгын туйдум. Түйрүк оозума коньякты куюп жатат. Какап – чакап да коргошундай оор ичимдикти нары карай кулатып да жатым. Аздан соң башымдын тегерене баштаганын туйум. Виктор билегимден алып жетелеп жөнөдү да коңшу бөлмөнүн эшигинен нары карай түртүп жиберди. Анда эки кишиик диван бар эле. Ак шейшеп жабылып, пар жаздыктар коюлган төшөк аялдын жеңил атыры жыттанат. Артыман Туйрук кирип келди. Ал энеден туума жыланач. Жылчык көздөрүн менден албай, жыныстык катнашты эңсеген чектен тыш сугалактыгы муздак каректеринде жашырынат. Жипкирип чыктым. Бирок азыр өмүр бою күтүп жүргөн бурулуш жүзөөгө ашаарында сезип турдум. Туйрук жакындады.
- Кыз элем, байкебай, деп жалынып жибердим ага, - бекерден убалыма каласын…
Ал мени аямак турсун кайра ыкшып күлдү. Жо, Түйрүкто адам катары кимдир бирөөнү аяган назиктик жок эле. Ал убакта канчыкты көздөгөн дөбөттөн айырмасы жок болчу. Ага жалынып да бекер. Аргам канча, соолуктап ыйлап, эркине көнүп бердим, тагдырыма моюн сундум…
Баардык жексурлук андай кийин башталды. Туйрук кыздыгымды алган соң, ошол боюнча мени залга жетелеп келди. Назгулда жылаңач экен. Коньяктан кайрадан ичтим. Мен эми дайыны жок тыйраландабадым. Эмне кереги бар тыйраландаштын, болоору болуп, боесу канды. Кайра коньяктын күчүнө күйүтүмдү жашырып жаткансып албууттана ичип жаттым. Анан группалын секс башталды. Мындайча алганда сезимден тышкаары айбандын үйүрүнөн айырмасыз секс. Жигиттер улам бирибизди алмаштырат, эңекейтет- тоңкойтот. Калп айткан менен болобу, мага жагыпда жатты, жипкирипда жаттым. Балким жашымдан алган тарбиядан бошоно албай жаткандырмын, айтору кысынып- кымырынып, өзүмдү өзүм жемелегеним күч. Ал эми Назгул менен берки кыз күлүккө салган байталдай жайдаңдашат, ахылап- охулап акыштанат. Кыязы көнүп калышса керек, чөгөлөй калып жигиттердикин сорушат. Жүрөгүм жипкирет, бирок бул саам мени кыйнашпады.
- Жөн кой,- деди Тйрук, - кийин- соңу көнөт эмеспи, көнбөгөн ким бар дейсиң. Биздин тамаша түн бир оокумга дейре болду. Анан ар кимибиз ар жерге жатып уктап калыптырбыз. Ойгонсом, стол сааты ондон өтүптүр. Назгул менен берки кыз туруп жүрүшөт. Эркектерда да түйшөлө баштаган.
-Ушунуң уят эмеспи, - дедим Назгулго, - мени эмне күнгө туш кылдың!
Ал нааразылыгымды дегеле тоготуп койгон жок, кайра жаман козу менен карап зирп этти.
- Мунун кыйынын дегеле, сен эмне, бизден артыксыңбы! Лаззаттын жыргалып көрүп жашай бер, Анындын акысын да аласын. Аргасыз колхоз десе!
Шуркуя десе, анан да «кечки көпөлөктөр» деп коет. Жүрөгүм ченемсиз ооруп чыкты. Үн чыгарбай соолуктап ыйладым.
Биз үйдон чыгып кетээрде жигиттер ар бирибизге 1500 сомдон карматышты. Кантмек элем, бок кармагансып жипкирип жатып араң алдым.
- Кечинде мында келесиң,- деди Туйрук мага,- сен мага жагып калдың. Эгерде кылтандасаң таарынба, жердин жети катарына кирип кетсеңда таап алам. Андан соң менден жакшылык күтпө. Балким милицияга кайрылам деп ойлоорсун. Билип кой, детка, аныңдан эч нерсе чыкпайт! Менттендин бары тең биздин досторубуз жана шериктештерибиз. Алардын кээ бири менен кийин ушул жерден таанышасын. Анда бар!
Саат кечки жети жарымды сокту. Кийиндим да көчөгө чыктым. Мойнунан байлаган иттей салмактанып аялдаманы карай бастым. Билип турам, алар үчүн мен күнүмдүк эрмек экендигимди. Анан качан кызыгы тараганда мага түкүрүп салышат, аларга мен таштандыдагы чүпүрөктөн айырмасызмын. Бирок барбай да кое албайм. Менин укугумду коргой турган эч бир күч жоктугуна аргам түгөнөт. Колго түшкөн чымчыктыкындай жүрөгүм түрсүл согуп, кетип баратам. Шаар оттору жымын жымын козун ымдашат. Жашоонун өзү анданда коркунучтуу…
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 15:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: