Суперстан: Инсульт! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Неврология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Инсульт!

#1 Пользователь офлайн   zhiza   13 Сентябрь 2012 - 14:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Саламатсыздарбы! Инсульт жонундо ар ким,оз билгендери, уккандары боюнча ой болушуп кетуунуздорду суранам.....

Алдын ала ыраазычылык!

Билдирүүнү түзөткөн: zhiza: 13 Сентябрь 2012 - 14:48

Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   solnyshko   13 Сентябрь 2012 - 16:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

өзүмдүн башымдан өткөнүн айтып берейинчи... .Инсульт болгондо адамдын мээсине кан уюп,отказ кылып калат экен....кома деп деле айтышат...Адам как бы дайыма уктап,эч нерсе билбей жаткандай боло берет,бирок бааааар жокту угуп жатат экен.

Менин мамам инсульттан каза болдуСүрөт.Эртеден кечке кыймылдабай жатчу,бирок реакциясы бар эле,"колунузду бериниз,суу ичиниз,көзүңүздү ачыңыз" десек ошонун баарын кылчу.Инсульт болгон адамга только жакшы нерселерди айтыш керек,жан дүйнөң ооруп,кыйналып баратсаң да,жакшы нерселерди гана айтсан,аларга жашаганга стимул болот....Кечке жата берип денеси чымыр басып ,талып кетет,өпкөсү да кеңир дем алыш керек,ошого тынбай массаж жасап,ары-бери оодарып туруш керек...аябай жакшы уход керек...Биз жакшы карап эле,колубуздан келишинче кылып жатканбыз,бирок врачтар бир убакта эле инсульттан да пневмониядан да күчтүү дарыларды сайып атышып,мамамдын ден соолугу 3 күн дегенде начарлап акыры үзулдү...14 күн жатты реанимацияда, абалы башында жакшы болчу.Жанында мурун инсульт болуп жаткан адамдар мага айтышчу "көз тийбесин,бирок мамандын кыймыл-аракети аябай жакшы,биз 2-3 айлап жатып өзүбүзгө келгенбиз, маман кечээ эле түшту реанимацияга бирок абалы жакшы"деп. ,алардын айткандарын угуп мен сүйүнчүмүн. Бирок врачтардын сабатсыздыгы үчүн мамам жок жерден каза болуп кете берди....эстегендеримди дагы жазамын...

Билдирүүнү түзөткөн: solnyshko: 13 Сентябрь 2012 - 16:18

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   zhiza   13 Сентябрь 2012 - 21:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения solnyshko (13 Сентябрь 2012 - 16:17) жазган:

өзүмдүн башымдан өткөнүн айтып берейинчи... .Инсульт болгондо адамдын мээсине кан уюп,отказ кылып калат экен....кома деп деле айтышат...Адам как бы дайыма уктап,эч нерсе билбей жаткандай боло берет,бирок бааааар жокту угуп жатат экен.

Менин мамам инсульттан каза болдуСүрөт.Эртеден кечке кыймылдабай жатчу,бирок реакциясы бар эле,"колунузду бериниз,суу ичиниз,көзүңүздү ачыңыз" десек ошонун баарын кылчу.Инсульт болгон адамга только жакшы нерселерди айтыш керек,жан дүйнөң ооруп,кыйналып баратсаң да,жакшы нерселерди гана айтсан,аларга жашаганга стимул болот....Кечке жата берип денеси чымыр басып ,талып кетет,өпкөсү да кеңир дем алыш керек,ошого тынбай массаж жасап,ары-бери оодарып туруш керек...аябай жакшы уход керек...Биз жакшы карап эле,колубуздан келишинче кылып жатканбыз,бирок врачтар бир убакта эле инсульттан да пневмониядан да күчтүү дарыларды сайып атышып,мамамдын ден соолугу 3 күн дегенде начарлап акыры үзулдү...14 күн жатты реанимацияда, абалы башында жакшы болчу.Жанында мурун инсульт болуп жаткан адамдар мага айтышчу "көз тийбесин,бирок мамандын кыймыл-аракети аябай жакшы,биз 2-3 айлап жатып өзүбүзгө келгенбиз, маман кечээ эле түшту реанимацияга бирок абалы жакшы"деп. ,алардын айткандарын угуп мен сүйүнчүмүн. Бирок врачтардын сабатсыздыгы үчүн мамам жок жерден каза болуп кете берди....эстегендеримди дагы жазамын...

Чоон рахмат!Менин жездем жакында эле инсульт болду,кудаага шугур,азыр калыбына келип жатат.Он тарап колу,буту жакшы иштебей калды эле, суйлогонундо дагы бузулуу бар.Бир ай ооруканада жатып чыкты,азыр басып журот.Менин билейин дегеним,инсульт дагы кайталанышы мумкунбу?Кайталанбоосу учун,кантип алдын алса болот?
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   nelli   14 Сентябрь 2012 - 02:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 863
  • Катталган: 22 Май 12
  • Соңку аракети: 21 Окт 2020 22:20
  • Жынысы:Аялзаты

инсульт кайталанышы толук мумкун.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   solnyshko   14 Сентябрь 2012 - 09:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 10 Апр 2025 09:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Просмотр сообщения zhiza (13 Сентябрь 2012 - 21:58) жазган:

Чоон рахмат!Менин жездем жакында эле инсульт болду,кудаага шугур,азыр калыбына келип жатат.Он тарап колу,буту жакшы иштебей калды эле, суйлогонундо дагы бузулуу бар.Бир ай ооруканада жатып чыкты,азыр басып журот.Менин билейин дегеним,инсульт дагы кайталанышы мумкунбу?Кайталанбоосу учун,кантип алдын алса болот?

Адамдар 2-3 жолдон инсульт болушат,биринчиси болгондон кийин сөзсүз кийинкиси да болотт экен.Азыр жезден инсульттан буюурса жакшы болуп кеткенден кийин,негативный нерселерден алыс кармаш керек,жаман, каттуу сүйлөбөй,нервничать эттирбеш керек ,эгер кичине ле бир нерсеге кыжалаат болуп калса,кайра 2чи инсульт алат...
Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   sestra   15 Сентябрь 2012 - 00:38

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

инсульт эмнеден келип чыгат? (не здоровый образ жизни) отогондон болот. тураа эмес тамактануу, аз кыймылдоо - эки гана себеби бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Narynbek   15 Сентябрь 2012 - 01:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Менин да жездем инсульт болгон.Бир 3 жыл мурун.Дарыланып жакшы болуп калды.Бирок көп иччү болуп алды.Кайталанбай эле жакшы эле жүрөт.Эжемди да кыйнап жиберди.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   zhazira   16 Сентябрь 2012 - 15:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Инсульт жүрөк кан тамыр ооруларынын ичинен олуттуусу болуп саналат, көбүнчө адам өмүрүнө коркунуч келтирет. Оорунун тез өнүгүүсү дартты дарылоодо кыйынчылык туудурат. Оорунун негизги белгиси – мээдеги кан айлануунун олуттуу бузулуусу, мында мээнин ткандары жана функциясы жабыркайт. Инсульт деген сөз латын тилинен алынган “оору кармоо” дегенди түшүндүрөт. Бул оору мээнин кан айлануусунун тез бузулуусунан улам ыкчам кармаган оору болуп саналат. Инсультта мээнин ткандары жана кызматы бузулат, көбүнчө аретимия, гипертония, атеросклероз, жүрөк жана кан ооруларынан улам пайда болот. Гипертония оорусу, мээнин кан тамырларынын атеросклерозу инсульттун негизги себеби болуп саналат.

Инсульт мээге кан куюлуучу геморрагиалдык жана мээ тканынын жумшаруусу – мээ инфаркты менен коштолгон аз кандуулуктун таасиринен пайда болгон ишемиялык оорулар болуп бөлүнөт. Көпчүлүк учурларда оорунун белгилеринде инсульт капысынан башталганы менен, ооруну алдын ала билүүчү белгилер байкалат. Мисалы, гипертония оорусунда жана атеросклероздо баш оор тартып ооруйт, баш айланат.

Геморрагиалдык инсульт көбүнчө күндүз кармайт. Геморрагиалдык инсультка гипертония оорусунда мээге кан куюлуу себеп болот. Оор кара жумуш, катуу сүйүнүү же кайгыруу мээге кан куюлуусуна (кан тамырдын жарылуусу, кан тамырдын ичкерүүсү) түздөн-түз таасирин тийгизет. Куюлган кан нерв ткандарын бузат, кээ бир бөлүктөрүн басып, мээни шишитет. Оорунун бул түрүндө бейтап эстен танат, дем алышы кыйындайт, жүрөгү начар иштейт, кусат, кээде карышуу байкалат. Мээнин бузулууларынын кээ бир түрлөрү (кол-буттун шалы, сезгичтиктин жана сүйлөөнүн бузулушу) пайда боло баштайт.

Ишемиялык инсульт сутканын бардык учурларында кармай берет, айрым учурда акырындап башталат, адегенде, колу, анан бир жак бети шал болот, акырында сүйлөй албай калат. Ишемиялык инсульттун негизин мээнин ткандарынын жумшарышы (мээнин инфаркты) түзөт. Ал мээнин кан тамырынын бүтөлүүсүнөн атеросклероз бүртүкчөлөрү тромб болот. Жүрөктүн иштөөсүнүн начарлашы, кан басымынын төмөндөшү, кандын бачым коюулануусу жана мээнин чоң кан тамырларынын атеросклероздон бузулушу ишемиялык инсульттун өсүшүнө түрткү берет. Мээге кан жетпей калганда бейтаптын башы айланат, сүйлөй албай, алы кетет, колу-буту эч нерсени сезбейт, өңү кубарат.

Дарылоо үчүн кыймылдатпай жаткыруу, жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын ишин жөнгө салуу, мээнин шишигине каршы күрөшүү керек. Инсульттун калдыгын айыктырууда дарылоо ж. б. профилактикалык чаралар колдонулат.

  • Кан тамыр терапия курсунан өтүү
  • Мээни жакшырткан дары-дармектерди пайдалануу
  • Кайра калыбына келтирүүчү дарылоо
  • Дене тарбия машыгуулары
  • Психотерапия
  • Физиодарылоо
  • Гимнастика
  • Укалоо
  • Туура тамактануу
  • Тамеки тартуудан баш тартуу
  • Ашыкча салмакка жол бербөө
  • Активдүү кыймыл-аракет
  • Алкоголь ичимдиктерин ичүүдөн баш тартуу
Инсульт дартына чалдыккан адамды кийинки калыбына келтирүү медицинадагы маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Бул кийинки калыбына келтирүү чараларын биринчи айда эле баштоо зарыл же ал ооруканадан эле башталат. Ушуну менен бирге оорулуу адамдын психологиялык маанайына да көп нерсе байланыштуу болот. Келечекке үмүттүү кароо, ооруну жеңерине бекем ишенип, өз алдынча умтулуу башкы факторлордон болуп саналат.

Андан тышкары, бул ооруга чалдыккан бейтап адам жылына 1-2 жолу курорттук-санаториялык дарылоодон өтүшү зарыл.

Фитотерапия жагынан болсо, дарылык касиети бар чөптөрдү пайдалануу бейтапка жакшы таасир берет. Андыктан, окурмандарга бир нече дары чөптөрдөн жасалган дары суюктуктарын ичүүнү сунуш кылышат.

Рецепт:

20 грамм бөрү карагат, 20 грамм жалбыз чөбү, 20 грамм дүлөй чалкан, 30 грамм долононун гүлү жана жалбырагы, 5 грамм ачуу эрмен чөбү, 20 грамм кереч тамыры, аюу чөбү жана тамыры, 20 грамм жылан чөп, 15 грамм эрбасин.

Даярдалышы:

3 литр сууга тамыр менен мөмөнү салып табы аз отко 3-5 мүнөт кайнатып, андан соң кайнатылган суюктукка чөп менен гүлүн таза жууп 30-40 мүнөт демдеп коюу керек. Муздагандан кийин чыпкалап, айнек идишке куюп, муздак караңгы жерге коюу зарыл.

Даярдалган дары чөптү күн сайын 3 маал тамак астында 200 граммдан ичсе болот.

Билдирүүнү түзөткөн: zhazira: 16 Сентябрь 2012 - 15:39

Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   zhiza   16 Сентябрь 2012 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения zhazira (16 Сентябрь 2012 - 15:37) жазган:

Алтындай убактынызды болуп,кенири маалымат берип кеткендигиниз учун терен ыраазычылык билдирем! Сиз жогоруда айтып кеткендей,жездем инсульт болоордо,башы тегеренип,анча- мынча белгилери билинген экен...Эжем экоо тен жаштык кылып,конул бурбай,бир суткадан кийин,уже, бир тарабы иштебей,суйлоо речи бузулганда гана тез жардам чакырышыптыр. ..Врачтар деле,инсультка жеткирбей сактап калуу мумкунчулугу бар экендигин айтышыптыр. ...Кудайдын буйругу экен да,кудаага шугур,азыр кыйла жылыштар бар...
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   zhazira   16 Сентябрь 2012 - 16:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 881
  • Катталган: 31 Май 11
  • Соңку аракети: 30 Июн 2014 19:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гамбург

Просмотр сообщения zhiza (16 Сентябрь 2012 - 15:52) жазган:

Алтындай убактынызды болуп,кенири маалымат берип кеткендигиниз учун терен ыраазычылык билдирем! Сиз жогоруда айтып кеткендей,жездем инсульт болоордо,башы тегеренип,анча- мынча белгилери билинген экен...Эжем экоо тен жаштык кылып,конул бурбай,бир суткадан кийин,уже, бир тарабы иштебей,суйлоо речи бузулганда гана тез жардам чакырышыптыр. ..Врачтар деле,инсультка жеткирбей сактап калуу мумкунчулугу бар экендигин айтышыптыр. ...Кудайдын буйругу экен да,кудаага шугур,азыр кыйла жылыштар бар...

Ар дайым эч нерсе эмес Сүрөт Буйурса баардыгы жакшы болот... Аллах Жездеңизге өз шыпаасын берсин!!!
Бири кем арман дүйнө...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Feijipiao   19 Сентябрь 2014 - 11:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Инсульт - тамеки чегүү, арак ичүү сыяктуу жаман адаттардын кесепети
Инсульт адам өлүмүнө себепкер болгон коркунучтуу оорулар арасында экинчи орунда турганы менен дүйнөдө майыптыкка алып келген жагынан биринчиликти ээлейт. Акыркы күндөрү бул сыркоонун күн санап кучак жайганына эле эмес, жашарып бара жатканына дүйнөнүн дарыгерлери кабатыр болушууда. Дүйнө жүзүн түйшөлткөн инсульттун Кыргызстандагы абалы тууралуу төмөндөгү макаладан таанышсаңыз болот.

Инсульт деген эмне?
Инсульт - мээдеги кан айлануунун кескин бузулушу. Бул бир канча секундда же бир нече саатта гана жарала турган кырдаал. Мындай жагдайда мээдеги белгилүү аймактарга кан толук же тиешелүү деңгээлде жетпей, ал жерлердеги нерв талчалары (клеткалары) өлүп, организм дал ошол өлгөн нерв талчалары башкарган функцияларды жоготот.

Инсульттун белгилери:
Узакка созулган күчтүү баш оору
Маал-маалы менен кускусу келүү
Уйкучулук же күн-түн дебей уйкунун таптакыр жоголушу
Эс-учун жоготуу
Баш айлануу
Жүрөктүн катуу согушу
Терчилдик
Көздүн караңгылашы
Тилдин булдурукташы
Бир капталдын чымырап ооруусу

Инсульттун түрлөрү:
Мээнин инфаркты. Оорунун дээрлик 50-60 жаштан өткөн адамдарда боло турган түрү. Бул жерде артериялык, так айтканда мээнин клеткаларына кан жеткирүүчү кан тамыр жабыркайт же анын ичинде тромб пайда болот. Ошондон улам мээге кан жетпей калат.
Геморрагиялык инсульт. Дарттын бул түрү инсульт алган адамдардын 8-20%ын түзөт. Буга жаш курагы жана жынысы түрдүү адамдар кабылышат. Геморрагиялык инсультта мээнин кайсы бир кан тамыры жарылып, ошонун айынан ал аймакка кан куюлуп кетет.
Кан куюлуу. Бул - кокустуктан же соккудан баш мээ менен анын кабыгынын ортосунда пайда болгон шишиктен улам кан тамырлардын үзүлүп, ал аймакка кандын куюлуп кетиши. Инсульттун эң жаш түрү ушул, себеби "кан куюлуу" 30-60 жаш курактагы адамдарда көп кездешет.

Инсульттан жабыркаган тилди жатыктыруу үчүн!
Тилиңиздин алдына кыргычтан өткөрүлгөн кара түрптү салып отура бересиз. Бир маалда оозуңуз муздак тартып, кыжырыңыз келип чыгат. Ошол итиркейиңиз келген абалда бир аз отуруңуз да, анан түрптү чыгарып салыңыз. Эгер сизде гастрит бар болсо, түрптүн маңызы аралашкан шилекейди жутпастан түкүрүп турууңуз зарыл. Күн сайын жасап турсаңыз, бул ыкма мээдеги кан айланууну жакшыртып, тилдин булдуруктаганын жазат.
Инсульттан жабыркаган бет нервин калыбына келтирүү үчүн!
Инсульттан калтырак басып калган бет нервин айыктырам десеңиз, кыргычтан өткөрүлгөн кара түрптү аласыз. Аны марляга ороп бетиңизге коюп, целлофан менен жаап эластикалык бинт менен таңасыз. Бир аз таасири байкалгандан кийин компрессти жазып саласыз. Бул ыкманы да күн сайын кайталап туруу талапка ылайык.

Инсультту дарылоонун элдик ыкмалары:

Курма (финики). Бул дармек инсульт алган же жабыркаган беттин нерви үчүн пайдалуу. Алгач жаңы жана жакшы бышкан курмаларды аласыз. Данектерин тазалаган соң аларды майдалап туурайсыз же эт туурагычтан өткөрөсүз. Пайда болгон массаны жакшылап аралаштырып, күнүнө 2-3 жолу тамактан кийин жеп туруңуз. Дарылоо мөөнөтү абалыңызга жараша бир айдан бир нече айга чейин созулушу керек.
Жумуртка. Күн сайын эртең менен жана кечинде экиден чийки жумуртканы ичип туруу керек. Бир айга созулуучу бул ыкманы таза жана салкын абалуу жерде жүрүп жасоо талапка ылайык.
Лимон. Бул инсультту жаңы гана алган жана оор абалда жаткан оорулуу үчүн натыйжалуу. Бир килограмм лимонду аласыз, таза жуугандан кийин кабыгы менен кошо эт туурагычтан өткөрөсүз да ага бир килограмм шекерди аралаштырасыз. Пайда болгон аралашманы муздаткычка салып коюп, күн сайын эртең менен оорулууга бир чай кашыктан берип турасыз. Буга сарымсактын кичинекей бөлүмүн кошо жегени да дурус.
Лавр жалбырагы. Бирдей көлөмдөгү лавр жалбырагы менен кызыл карагайдын (сосна) жалбырактарын аласыз да, аябай майда болгучакты талкалайсыз. Анан бир чай кашык карагай жалбырагына алты чай кашык лавр жалбырагын аралаштырып, буга он эки чай кашык каймакмайды кошосуз. Даяр болгон дармекти инсульт алган аймакка күнүнө сүйкөп туруу зарыл.
Апельсин. 2 апельсинди жана 2 лимонду кабыгы менен эт туурагычтан өткөрүп, ага 2 аш кашык бал кошосуз. Бир суткадан соң аралашманы муздаткычка салып коюп, мындан күн сайын 1-2 аш кашыктан 3 жолу жеп туруу керек.
Лавр майы. 30 грамм лавр жалбырагын стаканга салып, ага идиш толбогудай кылып өсүмдүк майын куясыз. Анан муну жылуу жерге 2 ай бою коюп коёсуз. Ушул убакыттан кийин аралашманы борк этип кайнагыча отко коюп, муздаган соң инсульт алган жериңизге сүйкөп турасыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Feijipiao   30 Октябрь 2014 - 13:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Инсульт
Адам баласынын организминин "мотору" болуп жүрөк эсептелет эмеспи. Айлана-чөйрөдө болуп жаткан бардык кыймылдар жүрөгүбүз аркылуу өтөт. Мына ушул муштумдай болгон жүрөк да акыркы учурларда ар кандай ооруларга чалдыгып жарандарга коркунуч туудуруп келет. Алардын бири инсульт. Инсульт тууралуу кененирээк маалыматты №1 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери, медицина илиминин доктору, профессор Бошкоев Жусуп Бейшекадырович айтып бермекчи.

Жүрөк оорулары
- Жүрөк жана кан тамыр оорулары дүйнө жүзүндө жана анын ичинде Кыргызстанда дагы социалдык оору болуп эсептелет. Жүрөк жана кан басым ооруларын убагында даарылабагандыктан инсульт, инфарк оорулары пайда болот. Жүрөккө кан ташыган артериалдык кан тамырдын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлүп, кандын өтпөй калышы ооруну пайда кылат.
Май түйдөкчөлөрү деген эмне? Биздин тамак-аштар витаминдерден, белок, май жана башкалардан турары анык. Эгер биз малдын майын, семиз эттерди, майлуу тамактарды көп колдонсок, анда кандын курамында май да көп болот. Ал майлар (липпиддер) кан менен кошо кан тамырда жылып жүрүп, анан жүрөккө кан ташыган артериянын бир жерине жабышып же токтоп калышы мүмкүн. Ага башка липиддер жабышып, чогула берет да, май түйдөкчөсү (бляшки) пайда болот. Май түйдөкчөсү чоңойгон сайын кан тамыр кысылып, кан аздан өтүп калат. Акырында таптакыр кан өтпөй калат да, кан барбаган бөлүк өлө баштайт. Эгер май түйдөкчөсү турган жер күч келүүдөн улам жарылса, анда ал жерде кан уюу (тромб) күтүлөт. Уюган кан өзүнө кандын курамындагы тромбоциттерди магниттей тартып, ал жер улам чоңоюп, акыры кан тамырды бүтөп калат. Кан жетпей калган жүрөктүн булчуңунун бөлүгүнүн ткандары өлө баштайт.

Ден соолук ар бирибиздин өз колубузда
- Биздин жарандарыбыз жогоруда айтып кеткендей башы оорлошуп, ооруп баштайт да ага маани бербейт. Андан кийин баскан мезгилди демигүү пайда болот, буттары шишип кетет. Аны өпкөдөн болуп жатса керек деп ойлошот. Кан басымы жогорулаган учурда кайдыгерликке салып убагында дарыгерге кайрылбаган соң, акыры барып инсультка алып келет.

Наристелердин тубаса оорулуу болушу
- Наристелердин тубаса жүрөк оорулуу же жүрөгүндө тешик болуп төрөлүүсүнүн себебин айтыш кыйын. Жаңы түйүлдүк пайда болгон учурдан 3 айга дейре адам баласынын органдары пайда болуп, калыптанат. Ал эми 12 жумадан кийин баланын өлчөмү чоңоют. Ошол убакта дары ичсе, ар кандай вирустук, жыныстык оорулар менен ж.б. ооруларга чалдыгып калса тубаса жүрөк оорулуу болушу мүмкүн. Бирок, так айтуу кыйын. Мурунку учурда наристелерге операция кылынчу, азыр медицина илиминин, техниканын өнүгүшү менен операциясыз жасалып жатат. Кытайдан, Чехасловакиядан келген адистер жасап жана биздин дарыгерлерге да үйрөтүп жатышат.

Алгачкы белгилери
- Алгачкы белгилери болуп биринчи эле башы ооруйт. Жүрөктүн согушунун күүсү бузулат. Бул нерсеге көп маани беришпей, ар кандай нерсеге божомолдоп коюшат. Ошол убакта кан басымын өлчөтүү керек. Жарандарыбыздын көбү жогорку өлчөмдөгү кан басым менен жүрө беришет. "Ой, мен 230-190ду сезбейм, жүрө берем" деп. Мени тынчсыдандырбагандан кийин дарылануунун кажети жок деген ойду айтышат. Бул туура эмес, ар бир адам түшүнүшү зарыл. Мына ушундай кайдыгерликтен улам жарандарыбыз майып болуп калышууда.

Инсульт- өлүмгө узатуучу жол
- Дүйнө жүзүндө биздин өлкө жүрөк ооруларынын саны жана өлүмгө дуушар болгондор боюнча биринчи орунда турат. Жүрөк оорулары менен жабыр тарткандардын жашы жылдан-жылга жашарып да баратат. 30-35 жаштагы жарандар да кайрылышууда. Майлуу, туздуу тамак-аштарды жогорку өлчөмдө пайдалануу. Ошону менен катар эле тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин колдонуу жана стресс. Бул ооруга чалдыккан соң өмүрү өткөнчө дарыны пайдалануу зарыл. Дүйнө жүзү боюнча бул дартка чалдыккандардын 60%ти каза болот. Калган 40%нин ичинен 15%ти эмгекке жарамдуу болуп жумушка чыга алат. Калган бөлүгү 1-2 топтогу майып болуп калышат.

Инсульттун түрү
1. Геморрагикалык- бул кан тамыр жарылып кандын мээге куюлуп кетиши.
2. Ишемикалык- Жүрөктүн кандайдыр бир бөлүгү өлөт да, жүрөккө кан туруктуу нормада жетпей калат. Жүрөктүн булчуңунун өлгөн бөлүгү басымга туруштук бере албай, айрылып кетиши мүмкүн. Мында кан жүрөктүн баштыкчасына куюла баштайт. Ушундан улам жүрөктүн иштеши ого бетер начарлайт.
Дарылоо
- Адамда оору белгилери билинер замат шашылыш түрдө "Тез жардам" чакыруу зарыл. Врачтар оорулууну реанимацияга которушат. Оору кармаган алгачкы сааттарда атайын аппараттар менен дары-дармекти колдонуп, кан тамырдагы уюган канды эритип жиберүүгө болот. Уюган кан эрип кетсе, артериядагы кандын жүрүшү калыпка келет. Ушул эле учурда кандын кайрадан уйуй башташынын алдын алып, атайын дарыларды куюшат. Таң калычтуусу - кадимки эле аспириндин колдонулгандыгы. Ал канды суюлтуп, кандын уюшуна бөгөт коёт.
Дарылоодо май түйдөкчөсүнөн улам бүтөлгөн кан тамыр калыбына келе албайт. Андыктан оорунун кайрадан кармашы күтүлөт. Мындайда артериянын бүтөлгөн жерин калыпка келтирүү керек болот. Бул үчүн ангиопластика жасалат. Ангиопластика - кан тамырдын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлгөн жерине тирөөч (стент) коюу. Тирөөч кан тамырды бир калыпта кармап турат.
Эгер ангиопластика жасоого мүмкүнчүлүк болбосо (май түйдөкчөлөрү чоң же алар тамырды узатасынан жаап калса), анда аорта-коронардык шунт коюлат. Бул - кан тамырдын ошол жарабай калган бөлүгүн шунт менен алмаштыруу. Тагыраак айтканда, шунт - артериянын керектен чыккан бөлүгүнүн ордун алмаштырчу жасалма кан тамыр. Ошондой эле канды суюлта турган дарыларды өмүр бою ичүү керек.

Оорунун алдын алуу
o Майлуу тамакты аз, ал эми жашылча-жемиштерди көп колдонуу;
o Малдын майын колдон келсе, колдонбой коюу;
o Кан басым оорусу бар болсо, убагында дарыланып туруу;
o Кант диабети барлар кандагы канттын өлчөмүн көзөмөлдөтүп туруу;
o Семиздер арыктоого аракеттенүүлөрү керек;
o Жок дегенде эки күндө бир 40 мүнөт чуркоо же анын ордун тез басуу менен алмаштыруу;
o Тамекини таштоо керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   sedosh   28 Январь 2017 - 10:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 05 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 05 Мар 2017 21:12

мен 15 кун мурда кан басым которулуп он колум.бутум жакшы иштебей калды. догдурга жатып чыктым азыр басып журом. бирок слабост бар. ушундай болуп инвалид болуп каламбы? кенеш бериниздерчи. жашым 47де
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Неврология
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 15 Июн 2025 20:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: