Апамдын курбусунун эки баласы бар.
Эженин кыздарынын жогуна байланыштуу конок чакырганда жардамга дайым мени чакырат. Мен да аларга деген жардамымды аябайм. Аябай сыйлайм. Бир куну эже синдисин куйоого узатып, куда тоскону жардамга чакырып калды. Уйуно бардым. Конок тостук дегендей. Анын кичуу баласынын мага кандайдыр бир сезими бар экенин билем. Бирок билсем да билмексенге салып койчумун. Жада калса эже дагы баласынын мени жакшы коргонун билип, баарына айтып эле журчу. Таалай (кичуу баласы) Марлен экообузду чогуу бир жерден корсо эле кызганып кирет. Бир гана нерсе бул Марлендин суйлой албаганы. Марлендин адамгерчиликтуулугу коп кишине озуно тартат. Марлендин мени сыйлаганын, мени оз карындашындай жакшы короорун билсем дагы, ошол эле кезде Марлендин мени жактырып калганын билдим. Ошентип суйуу уч бурчтугуна кабылдым.
Куткон кун да келди. Эки жаштын уйлонуу тою. Уй булобузго чакыруу кагазы келди. Концертте жургонумо байланыштуу кечигип бардым. Оюмда Таалай мени тосуп алат го деп ойлогом. Бирок мен ойлогондой болгон жок. Тойго кирээрим менен Марленди кордум. Байкушум суйлой албаса да бетимден ооп, учурашып, столго чейин отургузуп мени кубантырды. Бирок ошол эле маалда мени "жакшы коргон" Таалай ордунан жылып,ооп да койгонго жарабады. Той оз нугу менен улана берди. Марлен эртеден кечке жанымда, козумду карап отурат. Таалайдан бир да соз уга албадым. Мындайда мен дегенде ичкен ашын жерге койгон Таалайды баары тааный албай койду. Ата энем да тан калды болуш керек. "Жанынан чыкпаган Таалай кантип эле бугун жанында жок" деп. Тойдун корку бий эмеспи. Бийдин да оз убакыты келди. Марлен да бийге тартып баштады. Жай бий башталганда бир нерсе айткысы келет бирок...... суйлой алган жок. Кучактап эле тим болду. Столго келгенде смс менен ар нерсени жазып баштады. Кызык, мурда бири бирибизге эч нерсе айтчу эмеспиз. Б.а. канча жашта экенимди да билбечу. Ошентип жаны таанышкан жаштардай болуп отуруп калдык. Аны коргон Таалайдын кызганычы бутпойт. Кайра Таалайды карасам башка жакты карап жаткансып бурулуп кетет. Айтор, эмне болуп жатканын эч ким тушунбой жатты. Жада калса мен да тушуно албай койдум. Тойдо Марлен тойдун коркун ачып журду окшойт. Бийлеп, баарына шараптан куюп, ар бир столго зерикпей барып, суйлой албаса да бир нерсени тушундурууго аракет кылып, жаш балдар менен ойноп дегендей. баарынын конулун калтырган жок. Таалай болсо отурганы отурган. ордунан жылайын деген ою да жок. Эмнегедир экоону салыштырып. Экоонун асман менен жердей айырмасы бар экенин коруп аябай тан калдым. Муну менен мен эмнени айткым келди? Адамга бир нерсе жетсе бир нерсе жетишпейт экен. Марлен кандай гана ак конул шайыр бала, адамгерчиликтуу, ата энесин жана башкаларды сыйлай билген жигит. Бирок ага бир гана нерсе жетишпейт. А Таалай....... билбейм Таалай жонундо эч нерсе айта албайм. Тойдо копко отура албай койдум. кетип жатканда да Марлен телефонумдун номерин алып смс жазып турам деп убада берди. Коштошкондо копко чейин коё бергиси келбегенин сезсем да кетууго аргасыз болдум. Кетип жатканымды Таалай корсо да карап отура берди. Марлен кучактап козунон жашын аарчып ийди. Мен да ыйлагым келип аран турдум. Мага смс менен "Абайла, Сенин келгенине абдан кубанычтамын" жана башка ушул сыяктуу создорду жазып берди. Мен аны окуп алып, эмне кылаарымды билбей, жон гана рахматымды айтып жолду карай жонодум....
Эмне кылам? Билем бул убактылуу эле сезимдер, бирок........ Ошентсе да Марленди ойлоп, ыйлагым келет. Баар ойлошот мени Таалай менен деп, бирок....... Марлен...... Эч нерсени тушуно албай калдым. Эмне кылсам болот??? Мумкун... баарын унутам? Кантип? Марленди ойлойм. Анын конулун кирдетким келбейт...

Супер-Инфо
super.kg
видео


















