Барс аба, ушул сиз атап кеткен чет элдин создоруну качандыр бир кезде Кыргызча которушубуз керек го акыры. Омур бою башка тилде аталган шаарда жашап отпойбуз да. Ушуну убактысын кутпой азыртан которуп алсак кантет? Ошончо эле которуучу аттар коп болуп жатса жалпы которуп салайлы да.
Мен ушуга так көзүм жетти: Эч качан бирөөлөрдүн, же кандайдыр топтордун, а тургай бир мамлекеттин адамдары биригип койгон жердин аты, шаарды мындай кой, бир эле дөңдүн, сайдын аты да түбөлүк турбайт. Ал эми эл өзү эле эч кандай бирөөлөрдүн кийлигүүшүүсүз, эч кандай токтом, чечимсиз эле, ал кыргызчабы, же башка тилдеби атап алганы түбөлүктүү болот. Мисалы, "Калмаккырчын" деген жерди бир топ токтомдор менен бекитип, Ала-Тоодой эт тартып, Ала-Көлдөй чык тартып, жалпы эл макул болуп, атын " КЫРГЫЗ -ЖЕҢИШ" койгон менен кайра эле бир мезгилде "Калмаккырчын" болуп кайра аталышына 100 пайыз ишеним бар. Болбосо, Ленинградды эле мисалга ал. Ленин өлбөйт деди эле, кайра Питер болду калды, чынбы? Кээлер мекенчилденишип, Бишкектин атын "Манас" койгон менен Фрунзе сыяктуу эле бир кезде, кайра Бишкек болуп калат...Ушуга ишен!

Супер-Инфо
super.kg
видео















