Индияны мен эч кандай деле элестеткен эмесмин келээрден мурда. Анткени, алардын тасмаларын тээ илгери эле көрбөсөм, андан кийинкилерин эч көрө албайт элем. Эми, мен эмне жөнүндө айтып жатканымды түшүндүңөр болушуңар керек. Алардын көп тасмалары залим раджа жана анын сулуу кызы, ал кызды сүйүп калган кембагал каратист жигит жөнүндө, анан сөзсүз түрдө кытайлардан ашып түшкөн мушташуулар белгилүү үндөр менен коштолгон ж.б.у.с. фантастикалык ыкмалар оголе көп колдонгондуктан алардын тасмаларын көптөр жактыра беришпейт болушу керек. Бирок, акыркы мезгилде ал стереотиптен арылышып жакшы маанилүү тасмаларды тартып калышкан деп да окуп калам. Бирок, мен баары бир көрө албайм. )) Анткени, корей жана индия тасмаларына банды олчойто бергем ))
Так, кыздар де.. Андай кыздарды кинодон эле көрүп ал. Бул жакка келсең - таппайсың. Табышың мүмкүн, бирок, аракетиң максималдык деңгээлде болушу керек. Айтмакчы, мен жаңы келгенде көчөдө жалаң эркектердин жүргөнүн көрүп таң калгам. Аялзаты негизи көчөгө деле чыкпайт экен. Ошонусу деле туура го. Балким, ошол сен көргөн сулуулар үйүндө ийик ийип отургандыр.
Университеттен деле учуратканым жок. Бирок, мунусу менен мен баарын эле ындыкара кылып жибергим да келбейт. Жылдыздуулары деле бар. Бирок, сен аларды кинодогу сулуулар менен салыштыра келип асман болбосо да жер менен шыптай айырма табышың толук мүмкүн.
Ал эми сыналгыдагы жарнамалык роликтерде жайнаган эле сулуу кыздар жүрөт. Бирок, дагы бир жолу айтып коёюн, аларды көчөдөн жолуктура албайсың.
Менин кошунамдын кызы иттей татынакай. Күнүнө кеч келет үйүнө. Бир чет өлкөлүк маркадагы машине менен жеткизип келет бир байбача. Балким, ал ошол киного тартылып жаткандардын бирөөсүдүр
Ал эми теманын аталышы тууралуу кийинчерээк кенен-чонон жазып берейин, макулбу?

Макул...макул дагы бир ирет рахмат.

Супер-Инфо
super.kg
видео