melek (08 Май 2009 - 18:18) жазган:
Кош бойлуулук учурда чачты кырктырууга болбойт. Антпесе баланын өмүрү кыска болуп калат.
Чындыгында: Медицинанын айтуусунда чач кыркуунун аялдын жана баланын ден-соолугуна эч кандай тиешеси жок. Кош бойлуулук учурунда иштелип чыккан гормондор чачтын өсүүсүнө жана сапатына оң таасирин тийгизет. Ошон үчүн чач катуу, коюу, сыйдам болуп калат. Тогуз ай бою чачыңызды кырктырбай жүргөнүңүз жүдөтүп, тескерисинче маанайыңызды түшүрүшү мүмкүн. Ал эми жарашыктуу чач жасалга сиздин маанайыңызды көтөрөт. Бул болсо түйүлдүгүңүзгө оң таасирин тийгизет.
Бала күтүп жаткан учурда түймө түйүүгө, бир нерсе тигүүгө болбойт. Болбосо баланын киндиги моюнуна оролуп калат.