Salamatsızbı Omurbek Çirkeşoviç.Men sizdi kiçinekeyimden beri urmattaym sıylaym.Sizdin koz karaşınız kaçan bizdin mamleket da onugot Singapur Gruziya sıyaktuu alar da ubagında bizdin abalıbızda bolçu bizde da barbı mamleketti oor abaldan alıp çıga turgan azamat.Biz uşunçalık çarçadık başka mamlekette uy bulobuzdon alıs iştegenden negizi bir umut barbı bizdin olko da onugot biz da oz ceribizde curobuz degen ce bolboso takır umut kılbay ele koyuş kerekpi?
Өмүрбек Текебаев Суперстанда 1-октябрь, дүйшөмбү күнү саат 11:00дөн 13:00гө чейин
#62 01 October 2012 - 11:54
Cаламатсызбы Омурбек Чиркешович!
Сизге ийгилик калоо менен бирге суроомду да берип отсом.
"Ата Мекен" партиясынын 20 жылдан ашуун олкобуз учун жасаган зор эмгегин эч ким тана албайт, бирок акыркы мезгилде партияныздын кадыр-баркы жоголуп баратат. "Ата Мекен" партиясына да реформа керек деп ойлойм, анткени Сиздин тегерегиниздеги адамдар, партия мучолору, Сиздин команданызда ишеничтуу, кучтуу, акылдашып иш алып барган, бугунку саясатты Сизчелик терен тушунгон адамдар жокко эсе. Сиз мага кошуласызбы?

Сөзсүз түрдө партияда өзгөрүүлөр жана жаңылануулар булушу керек. Биздин партиянын ички турмушунда бул процесс тынымсыз жүрүп жатат. Коомдук пикирдин, ички партиялык дискуссиянын, атаандаштыктын негизинде партиянын өздүк курамы, жетекчилигинин курамы өзгөрүп турат. Бизде партиядан чыгарылган, четтетилген учурлар дагы жок эмес.
#63 01 October 2012 - 11:56
Саламатсызбы?
Омурбек чиркешович!
менин иним кичине кезинде мылтык м.н ойноп атып.озун озу бетине атып алган,ошондуктан жаак сооктору.мурду жок.Операция жазала берип бетинин баары тырык.мурду жоктугунан уктаганда аябай кыйналат.кочого чыккандан арданат.мурун жаак салдырыш учун.Германияга алып барышыбыз керек экен.ал жака алып барганга бизде шарт жок.азыраак пенсия алат ал эч нерсеге жетпейт.Атам омур бою окмоттун койчусу болгон киши эле азыр жок.Апам болсо баатыр эне азыр пенсияда.сизден сураарым эч кандай жардам бере албайсызбы?
Мени менен байланышыңыз, өзүңүз менен сүйлөшөлү. Колдон келген жардамымды берүүгө аракет кылам.
#64 01 October 2012 - 12:15
Бул - актануубу?
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#65 01 October 2012 - 12:19
Саламатсызбы!
Омурбек Чиркешович.
Атым Жыргал сизге суроом. Сиз крим-чоойрону,
корупцианы тазалайбыз дединиз эле. Ошонун канчасы ишке ашты? СИЗГЕ ИЙГИЛИК!
#66 01 October 2012 - 12:32
Өмүрбек Текебаев мырза, сизди тажрыйбалуу жана принципиалдуу саясатчы катары сыйлайм.
Сизге бир суроом бар, Ата Мекен партиясынын мүчөлөрүн социалисттер дейн десен, көпчүлүк мүчөлөрү либералдык көз карашта (Жоомарт Оторбаев, Ш. Айтматова, Ж. Сапарбаев ж.б.). Эмне үчүн Ата Мекен партиясы социалисттик деп аталат? Ушуну түшүндүрүп берсениз.

Биз социалисттербиз, биздин тутунган идеологиябыз да ошо. Бирок "мүчөлөрдүн баары эле кыпкызыл социалист" дегенден биз алыс болушубуз керек. Бир агымдын ичинде да анын ар кандай фанаттары болот. Биздин партияда либералдык оомасы бар мүчөлөрүбүз бар, бул адаттагы эле көрүнүш. Жоомарт Сапарбаев турган турпаты менен социалист. Чет элде тарбия алып, иштеп келген Ширин Айтматова менен Жоомарт Оторбаевде, албетте, Батыштын либералдык көз караштары бар. Бирок бул биздин социалисттик идеологиянын аркасындагы айырмачылыктар.
#67 01 October 2012 - 12:33
Саламатсызбы!
Менин суроом!
1)Сиздин сунушунуз орундалдыбы, качандыр бир айтыныз эле депутаттарга мамлекеттин эсебинен унаа берилбесин деп?
Менин суроом!
1)Сиздин сунушунуз орундалдыбы, качандыр бир айтыныз эле депутаттарга мамлекеттин эсебинен унаа берилбесин деп?
Тилекке каршы, ал сунуш өткөн жок. Бирок биз ага багынып берген жокпуз. Азыркы депутаттарга да "мейли эми, бул чакырылышта болбосо да, силерден кийинки келген депутаттарды бутап, эч нерсе калтырбай чектеп кетели" деген сунушту айтып отурабыз. Бул Конституцияда аныктала турчу чоң нерсе эмес. Ар бир депутаттын жардамчысын, машинасына чейин мыйзамга жазып отурсак, ал мыйзам болбой калат. Бирок бир жолун таап, муну депутаттар келгенге чейин чечип коюш керек эле. Келип алышкандан кийин көбү алардан ажырагысы келген жок.
#68 01 October 2012 - 12:53
Саламатсызбы Омурбек Чиркешович!
Сиз крим чойрону,корупцианы тазалайбыз дединиз эле. Ошонун канчасы ишке ашты?СИЗГЕ ИЙГИЛИК!
#69 01 October 2012 - 12:52
#70 01 October 2012 - 12:57
Саламатсызбы!
Омурбек Чиркешович.
1)Татыктуу Лидер барбы Кыргызыстанда?
1)Сиз дагы саяасатта канча болосуз?
рахмат!
1)Татыктуу Лидер барбы Кыргызыстанда?
1)Сиз дагы саяасатта канча болосуз?
рахмат!
#71 01 October 2012 - 13:15
Өмүрбек Чиркешович эки саат бою окурмандардын жана сайттын колдонуучуларынын суроолоруна жооп берип кайтты. Форумчулардын суроолоруна жооптор толукталып,
жакынкы аралыкта сайтка жайгаштырылат.
Ал эми түз байланыштын толук жоопторун гезит бетинен окуй аласыздар.
Мезгилден артта калбаңыз!
#72 01 October 2012 - 14:32
Саламатсызбы Омурбек Чиркешович?
Саясаттан тажаган убагынызда эмне менен алек болосуз?
Чет жактагы ВУЗдардан келген вакансия орундарга эмнеге чиновниктердин, байлардын балдары коп кетишет ,эмнеге ушунча орунга вакансия келди деп ачык сыноо жарыяланбайт?
Чет жактагы ВУЗдардан келген вакансия орундарга эмнеге чиновниктердин, байлардын балдары коп кетишет ,эмнеге ушунча орунга вакансия келди деп ачык сыноо жарыяланбайт?
- Жумуштан чарчаган учурларда үй-бүлөм менен эс алам.
- Жумушта болобу, окууга жөнөтүү болобу, коррупциялык система болуп, тааныштарга, туугандарга артыкчылык берилип келген. Биз ушул системаны кулатсак деп аракет кылып жатабыз. Ошо сиз айткандай ачык ваканция жарыяланышы керек.
#73 01 October 2012 - 14:54
Салам алейкум Омурбек ага! Саясат сазына чогуп кетпей журосузбу? Суроолорум мындай:
1). Болот Шер менен Бабанов тил табышты деп айтылып журот. Ал экоондогу эки ок сиз тарапка багытталбай элеби?
2). Чыгармачылыка кандай карайсыз? Бул айдында оз колунуз менен жараткан эмгектериниз барбы?
Алдынан рахмат! Ишинизге ийгилик каалайм!

Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#74 01 October 2012 - 15:14
Саламатсызбы Өмүрбек Чиркешович,
сиздин өзүңүздүн кабыл алуунузга кантип, кайсы күнү барса болот?
салам
#75 01 October 2012 - 15:34
Саламатсызбы Омурбек Чиркешович.
Сиздин иштеринизге ийгилик. Сиздер 2010-жылы баш мыйзамды талкуулап, кайра жазып чыгаарда "тузулгонуно беш жыл же уч жыл боло элек партиялар катыша албайт" деп мыйзамга киргизип койсонор болот беле? Деги эле ушундай маанидеги ойлор талкууланды беле?
Андай ойлор болгон, бирок биз ошондо шайлоо болушунча легитимдүү болушу керек, эл партияларды таанышы керек, нааразы болгондор аз болушу керек деп чечим чыгардык. Ошондуктан эч нерсени өзгөртпөй, болгонун болгондой алып чыгалы деп чечкенбиз. Бүгүн болбосо да, келечекте партияларга тигиндей же мындай деп сөзсүз чек коюлушу керек. Анткени партияга эл тагдырын тапшырып жатат десек да болот. Ишеним артылып жаткан соң ал партия атайын сынак мөөнөтүн өтүшү керек. "Кыйынчылык келсе тарап кетпеген командабы, өзүнүн сөзүнө турабы, арасында кимдер бар?" деп эл сындаш керек. Эл сынынан өткөн учурда гана шайлоого киргизүү зарыл. Маселе туура коюлуп жатат, бирок биз муну азырынча чечкенибиз жок. Анткени жаңы партиялар түзүлүп жатат, катышып көрүшсүн, анан кийинки шайлоолордо ушундай чектөөлөрдү коёбуз. Муну көбү айтышы мүмкүн, “бул демократия эмес, шайлоого каалаган адам катыша алат” деп. Партия - өзүнчө түзүлүш, өзгөчө статус. Ошого ылайык талаптар болушу керек. Эгер сен эл башкарам, жер башкарам десең, өмүрүңдү ошого арнап, өзүңө чектөөлөрдү кабыл алышың керек.
#76 01 October 2012 - 16:06
Ассалоому алейкум, Омурбек Чиркешович ! Менин томонку суроолорума жооп берип, сунуштарымды карап койсонуз ?!
2. Кыргызстанда азыр онугуу жок муну Жанторо мырзада тастыктады. Сизге сунуш ,жигиттик кылып 45-жаштан ашкан азыркы иштеп жаткан баардык чиновниктер (президент,премьерден башкасы) чогу меморандумга кол койуп саясаттан кетсенер жакшы болор эле.Силерди мына онойт, ана онойт - деп кутуп жатып чарчадык.Биз жаштар келип жаны дем жаны куч менен жаны жашоо баштайлы.Силерге таарыныч жок ,колдон келген аракетинерди кылдынар эми эс алгыла.Бизнес кылгыла,элчиликке чыгып ,башка мамлекеттин кандай онукконун байкап келгиле !

Бул жаңылыш ой. Башкаруучу билими, жетиштүү моралдык сапаты, тажрыйбасы бар адамдар болушу керек. Андай адамдар жаш-карысына карабастан, ар кандай курактын арасынан чыгып калышы мүмкүн. Жаш ууруларды, бандиттерди деле көрүп жатабыз. Карыган алдамчы, ак сакал эки жүздүүлөр да бар. Биз издеген курактагы адамдар бардык курактардын ичинен чыгат. Анан "45 жаштан жогору жагынын баары кетсе, биз келсек, башкача болуп кетет" деген ой туура эмес. Биздин каалаганыбыз - Кыргызстанда жаңы саясий маданиятты калыптасак. Эски коомдук мамилелерди кулатып, жаңы коомдук мамилелерди түзсөк деп максат коюп жатабыз. Бул жаңы адамды, жаңы коомду куруу деп аталат. Биз курабыз деген объекттер татаал, көп убакыттарды талап кылган жеке үлгү менен, жеке курмандыкка баруу менен жете турган иштер. Жаңы адам, жаңы коом, жаңы маданият күрөш менен гана болот. Адамдардын жеке үлгүсү менен курула турган нерсе. Сиздин айтканыңызды ушундай кошумча, толуктоолор менен кабыл алат элем...
#77 01 October 2012 - 16:11
Саламатсызбы Өмүрбек Чиркешович,
озунузду патриотмун деп ойлойсузбу?
Патриот киши деген кандай болуш керек?
Патриот киши деген кандай болуш керек?
" Кто советуется,
тот не пожалеет "(С.А.В)
#78 01 October 2012 - 16:14
Саламатсызбы Өмүрбек мырза? менин сурайын дегеним президент болуш кулуңуздан келеби? экинчи : Бабанов менин аялымдан да кедей дегенсиз теледе түз эфирде ал кишини кайсы бир гезит кр.эң бай ы деп жазып чыккан эле бюджети бир жарым милияр доллар делинген анда аялыздын байлыгы канча сиздики чи бир милиярд канча жылдын секундуна барабар .. ушуларга туура жооб берн !
#79 01 October 2012 - 16:25
Саламатсызбы,
Өмүрбек Чиркешович.
Сиздин Кыргызстан үчүн кандай иш-аракет,
эмне жасап жатканыңызды эл жакшы билет, мекенчил, принципиалдуу, сөзгө бекем
инсан катары да тааныйбыз. Анан көч башында жүргөн саясатчы, кыргыз үчүн күйгөн
инсан катары айтсаңыз, Кыргызстандын келечеги барбы? Митинг десе эле эл чочуп,
"дагы эмне болуп кетет?" деген кооптонуу жаралат. Кыргызстанды жаркыраган,
өнүгүп-өскөн, жок дегенде кошуна Казакстандын деңгээлине жеткен өлкө катары качан
көрө алабыз?
Рахмат.

#80 01 October 2012 - 16:30
Дагы бир суроо: Каркыраны кайтарып алууга болобу? Мүмкүнбү ушул?
Эмнеге кыргыздын тың чыкмалары убагында ошону ойлонушкан эмес?
Же бул нерсе мааниге ээ эмеспи?
Эмнеге кыргыздын тың чыкмалары убагында ошону ойлонушкан эмес?
Же бул нерсе мааниге ээ эмеспи?

Супер-Инфо
super.kg
видео