Библияга (Християндарга) суроом бар
#481 01 Октябрь 2012 - 18:19
#482 01 Октябрь 2012 - 18:29
Жазгандарыңызга көз жүгүртүп баратып, ушуларга токтолдум, аргасыздан жылмайдым. Өз сөзүңүзгө өзүңүз каршы чыкпасаңыз, анда сиз мага куран үйрөтмөкчү болгон нерсени далилдегенге аракет кылбай эле койсоңуз болот экен. Өзү толук билбеген нерсени башкага үйрөтүү акылсыздык да. (Арабча канча пайыз билет болдуңуз экен)Кайдагы бир киргиз деп, бейтааныш бирөө үчүн күнөөгө батып жатасыз. Мына ушундай сөз болбошу үчүн, муфтиятта презентациясы болгон куранды окуганмын. Анан сиз жазгандарды мен окубай деле калдым. Эч кандай последовательность жок. азыркы жазганыңыз мурдагыңызга каршы келе берсе деле мейли, иши кылып бирдеме деп калыш керек. Мындай маек үчүн мен убакты бекерге сарптабайм.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 01 Октябрь 2012 - 18:31
#483 01 Октябрь 2012 - 18:36
#484 01 Октябрь 2012 - 18:39
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 01 Октябрь 2012 - 18:39
#485 01 Октябрь 2012 - 21:19
Debi (01 Октябрь 2012 - 18:29) жазган:
Текеберчилик кылгандыгыңызды көзгө сайып көрсөткөндө айтчу сөзүңүз мындан башка кандай болмок эле... Хе хе...
#486 01 Октябрь 2012 - 21:21
Debi (01 Октябрь 2012 - 18:39) жазган:
Ошондуктан өзүңүздү акылман санабаңыз...

#487 01 Октябрь 2012 - 23:13
#488 01 Октябрь 2012 - 23:41
эмнеге чакырат? (Ислам монотеизмге чакырат)
эмнеге уйротот? ( Ислам адамды жакшы болууга уйротот)
бул динди эмне учун тутасынар? (мусулман АЛЛАХ ыраазылыгы учун исламды тутат)
бабтизмда эмнелерге ишенесинер? ( биз АЛЛАХтын жалгыздыгына, АНЫН торолуп жана эч кимди торобогонуно, АЛ жиберген пайгамбарларга, китаптерине (в том числе и библия), периштелерине, Кыямат кунуно, бейиш менен тозоко)
#489 02 Октябрь 2012 - 00:31
Бул менин көйгөйүм эмес. Каалаганыңызды коюп, каалаганыңызды кыла бериңиз да. Бул жерде элди тескеп-жаскаганга акысы барлар бар. Мен да эмнени кылышты, эмнени коюшту, ошолордун көзөмөлүндө кылып жатам деп ойлойм. Сизге жетишердик эле сөздөр айтылган. Долулугуңуз менен үйүңүздөгүлөр эсептешип алышсын.
#490 02 Октябрь 2012 - 00:36
Ошондо сиз, айлаңыз кеткенде "көзгө сайдым" деген иллюзияга (болбосо, сөзүңүз чындыкка караандап да койбоду) берилип алып, медитация кылып жатасызбы? Чылага жатып алып, өзүңүздү көл үстүндөгү ак кууга теңебесеңиз эле болду

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 02 Октябрь 2012 - 00:37
#491 02 Октябрь 2012 - 00:46
#492 02 Октябрь 2012 - 00:48
#493 02 Октябрь 2012 - 09:12
Азыркы учурда Библиянын дегенинен көрө ата-эненин, туугандардын, балдарыңдын дегени артык эмеспи...
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 02 Октябрь 2012 - 09:15
#494 02 Октябрь 2012 - 09:34
Ишемби ,жекшемби кундору тушку саат 12:00 бабтистердин сыйынуу убакыты,жасаган даамдуу тамагынарды бирдемелеринерди которунуп алып жоноп каласынар,силерге ал жактан акча да беришет, силер угут жургузгонунор учун.Эч жерде иштебеген бир эки адамды билем, кийингендери кымбат баалуу ,акчаны кайдан аылшат,силерди кимдер каржылайт?Алып жаткан акчанар азгырганбы силерди же...
Билдирүүнү түзөткөн: ayildik_kiz: 02 Октябрь 2012 - 09:34
#495 02 Октябрь 2012 - 13:38
"Мен кыргыздын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Алар мусулман болгонбу, болбогонбу бир Кудай билет. Ар бир сөздү өз мааниси менен колдонгонду туура көрөм. "Мусулман" деген сөздүн мааниси "Кудайга баш ийген" дегенди билдирет. Менин ата-энем мен төрөлгөн кезде Кудайга канчалык баш ийген кишилер болгонун биле албайм. Атам кийинчерээк Кудайга баш ийип калды (мусулман болуп), Ыйсага ишенип. Ыйсага ишенип, мен да дайыма мусулман болгонго (дайыма Кудайга баш ийгенге) аракет кылып келем.
"Мени да бир нече жыл мурун , бул динге угуттошкон. .. "
Кайсы динди айтып жатасыз? мен бул жерде дин тууралуу сөз кылган жокмун.
"Силер церковька барып сыйынасынар, биринчи бул динге отуп жатканда кан ичирет экен, ушул чынбы,эгер чын болсо ал эмненин каны?"
Шумдугуң куру! "Эмненин каны" де

Илгери бир гезиттен окугам, бир сатанисттин күбөлүгүн. Элес-булас эсте калыптыр, кан тууралуу ошол жактан окусам керек эле. Абдан чоң адашып жатасыз".
Айылдык кыз, бул жоопту көрбөй жатсаң, көйгөйдү өзүңдөн изде, курулай бет тырмабай. Каадалуу сурооңор болсо кыя өтпөйт элем. Суроо эмес эле асылмай да силердики, Кудайга ишенгениңер кайсы экенин эле билбейм, ушинтип билип-билбей эле бирөөгө асылганыңар асылган. Кудайдан өтө алыссыңар, болбосо кичине арыдан бери эле болот элеңер. Мобу акыркы жазгандарыңды мен, орус туугандар айткандай, если называть вещи своими именами, дөөрүмө же жөөлүмө деп эле атайм.
Жок дегиң барбы? Анда угуп тур. Сен мени тааныбайсың, мен эмне иш кылам билбейсиң, акча алганымды же бергенимди эч качан эч жерден көргөн эмессиң. Мындай ойлоп көрсөң, сен айтып жаткан адамдар кимдер экенин мен кайдан билем? Андан беш бетер алардын кийинген койгонун кайдан билем? Элдин кийиминин баасын ойлонуп, акчасын аңдыган уят иш экенин билбейсиңби, же башка кыларга ишиң жокпу? Эми мээни али керектен чыгара элек болсоң, дөөрүп, жөөлүгөнүңдү кой.
Ушул тургандын баары эле бир кишиби деген да ой кетет кээде. Ушул өңдүү мага асылып жазгандардын баарына тиешелүү. Куру тапандарга жооп берейин деп катталган эмесмин бул жерге.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 02 Октябрь 2012 - 13:39
#496 02 Октябрь 2012 - 13:44
#497 02 Октябрь 2012 - 23:36
Сен менен айтышкым келбейт, сен оз жолунда мен оз жолумда,дегендей калганын озун ой жугуртууно жараша чечмелеп алаарсын?! Чындап жазганда сага окшогондорго баш оорутуп тенелгим келбейт,аман эле болгула!! !
#498 03 Октябрь 2012 - 00:38
Бир келип кетчи мен жакка.
#499 03 Октябрь 2012 - 10:22
Narynbek (03 Октябрь 2012 - 00:38) жазган:
Эмнени билип коюптурсуңар, тайыздыктан мындай тереңдиктер көрүнбөйт да: сатылбай эле, мен тандаган жолду дүнүйөмдүн баарын берип сатып алмакмын, сатылса. Бирок ал сатылбайт. Бирок бүтүн дүйнөнүн байлыгын да кошсо тең келбеген кенчти Кудай мага ырайымы менен бекер эле берди. Бул үчүн Ага ыраазычылыгымды айтып бүтпөй келем:
Дүйнө толо Сен жараткан керемет!
Кандай аалым бүтөр эле изилдеп?!
Табышмактуу зор табият сыйкыры
Кудуретиң зор экенин билдирет.
Күн чаалыкпай, бир да тыным жасабай,
Кулап кетпей карыбады сапары.
Караңгылык каяккадыр жок болуп,
Кандай болот ар күн таңдын атары?
Асманынан Теңир жерге жиберип,
Кандай укмуш кар себелеп жатканы,
Миллиард, түмөн бүртүктүн ар бирине
Ажайып кооз жылдызчаны тартканы!
Адегенде төшөп жашыл шиберди,
Анан Теңир гүлдүн түрүн жиберди.
Кара жерден кантип чыгат мынча түс?
Таң каламын карап сулуу килемди.
Анан жамгыр... чиркин, анын добушу...
Ал добушка эч ким нота таба элек!
Жамгырдан соң күн нурлары чачылса,
Мына ошондо ажайып бир керемет!
Күздө күбүйт бактар сары жалбырак.
Жашыл эле жазда анын кийгени.
Айраң калам, кандай болот, табышмак,
Сары түскө баарын боёп ийгени?
Суук түшүп калган кезде дарактар,
Жалбыраксыз калганына бейкапар.
Жазда жаңы жалбырактар жаралат,
Ошон үчүн жаайт кышта аппак кар.
Жаратуучум, дүйнөң толо керемет!
Эң көп болсо чаңдай болор сезгеним.
Эгедерим, Сенде чексиз даремет
Түбөлүккө Сага таазим этемин!
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 03 Октябрь 2012 - 10:22
#500 03 Октябрь 2012 - 10:38
ayildik_kiz (02 Октябрь 2012 - 23:36) жазган:
Сен менен айтышкым келбейт, сен оз жолунда мен оз жолумда,дегендей калганын озун ой жугуртууно жараша чечмелеп алаарсын?! Чындап жазганда сага окшогондорго баш оорутуп тенелгим келбейт,аман эле болгула!! !
))) ордундагы мээң "вещи своими именами называть" деген орусча сөздөрдү "дөөрүмө, жөөлүмө" деген сөздөргө алмаштырып койдубу ))). Мээң ылайым ордунда эле болсун, анан ошону туура иштетсең күлкү болбой. Болбосо өзүң кирип алып, анан "баш ооруткум" келбейт эле деп доомат койгонуңду мээң кичине чала калчап коюптур ))). Албетте, аман болушуңа мен да чын жүрөктөн тилектешмин ))).