Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#481 Пользователь офлайн   Debi   01 Октябрь 2012 - 18:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Так ошол күнү эки шакирт Иерусалимден болжол менен алтымыш стадий алыстыкта жайгашкан Эмаус деген бир айылга жөнөдү. Алар жолдо ушул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда, Ыйса жакын келип, аларга кошулду. Бирок алардын көздөрү жабылып калгандыктан, Аны таанышкан жок. Ыйса алардан: «Силер эмне жөнүндө сүйлөшүп келе жатасыңар, эмнеге капалуусуңар? » – деп сурады. Алардын бири Клеопа Ага: «Ушул күндөрү Иерусалимде болуп өткөн окуяны жалгыз эле сен билбейт окшойсуң», – деди. Ыйса алардан: «Кайсы окуяны?» – деп сурады. Алар Ага мындай деп жооп беришти: «Назареттик Ыйсаны эмне кылышканын билбейсиңби? Ал Кудай алдында, эл алдында иши менен да, сөзү менен да күчтүү пайгамбар болчу. Биздин башкы ыйык кызмат кылуучуларыбыз, башкаруучуларыбыз Аны өлүм жазасына тартыш үчүн кармап берип, айкаш жыгачка кадатып салышты. Бул окуянын болгонуна үч күн болду. Биз болсо: “Ал Ысрайыл элин куткарат”, – деп үмүттөнүп жүргөнбүз. Бирок арабызда жүргөн кээ бир аялдар бизди аябай таң калтырышты. Алар таң заардан мүрзөгө барып, Анын сөөгүн таппай калышыптыр. Кайтып келишкенде, Анын тирүү экендигин айткан периштелерди көрүшкөндүгүн айтышты. Биздин арабыздан кээ бирөөлөр мүрзөгө барышса, аялдардын айтканындай болуп чыгыптыр. Бирок алар Ыйсанын Өзүн көрүшпөптүр». Ошондо Ыйса аларга: «Пайгамбарлардын айткандарына оңой менен ишенбеген акылсыздар! Өзүнүн даңкына ээ болордон мурун, Машайак ушундай азаптарды башынан өткөрүшү керек эмес беле?» – деди. Анан аларга «Тоорат», «Пайгамбарлар» жана «Жазмалар» китептеринде Өзү тууралуу айтылгандардын баарын түшүндүрүп берди. Алар өздөрү бара жаткан айылга жакын келип калышканда, Ыйса аларга андан ары жолун улантчудай түр көрсөттү. Бирок алар: «Биз менен кал, күн да батайын деп калды», – деп, Аны калууга аргасыз кылышты. Ыйса алар менен бирге айылга кирди. Алар менен чогуу дасторконго отурганда, Ал колуна нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга сындырып берди. Ошондо алардын көздөрү ачылып, Аны тааный коюшту. Бирок Ыйса аларга көрүнбөй калды. Алар бири-бирине: «Ал жолдо бизге сүйлөп келе жатканда, бизге Ыйык Жазууну түшүндүрүп берип жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле?» – дешти да, ошол замат орундарынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти. Ал жерден алар чогулган он бир элчиге жана алардын жанындагыларга жолугушту. Алар: «Теңир чын эле тирилиптир, Ал Шымонго көрүнүптүр», – деп сүйлөшүп жатышкан эле. Бул эки шакирт болсо аларга жолдо болгон окуяны, Аны нан сындырып жатканда гана таанышкандыгын айтып беришти. Алар ушул жөнүндө сүйлөшүп жатышканда, Ыйса Өзү алардын ортосуна туруп калды да, аларга: «Силерге тынчтык!» – деди. Катуу коркуп кеткен алар: «Элес көрүп жатабыз го», – деп ойлошту. Бирок Ыйса аларга: «Эмне коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар? Менин колдорумду, буттарымды карагылачы: Бул Мен, Өзүммүн. Мага колуңарды тийгизип көргүлө, элестин денеси да, сөөгү да болбойт, бирок өзүңөр көрүп тургандай, Менде бар», – деп, аларга колу-бутун көрсөттү. Алар бир чети кубанып, бир чети таң калып, көргөн көздөрүнө ишене албай турушканда, Ыйса алардан: «Бул жерде силердин жей турган бир нерсеңер барбы?» – деп сурады. Ошондо алар Ага бир кесим куурулган балык беришти. Ыйса аны алып, шакирттеринин көзүнчө жеди. Андан кийин Ыйса аларга мындай деди: «Силер менен бирге жүргөнүмдө, Мен силерге “Тоорат”, “Пайгамбарлар” жана “Забур” китептеринде Мен тууралуу жазылгандардын бардыгы орундалышы керек деп айтпадым беле». Ошондон кийин Ыйык Жазууну түшүнүшү үчүн, Ыйса алардын акылын ачты. Анан аларга мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Машайак азап чегип өлүп, үчүнчү күнү тирилиши керек. Иерусалимдин элинен баштап, бардык элдерге күнөөлөрү кечирилиши үчүн тобо кылуу Анын ысымынан жарыяланышы керек”, – деп жазылган.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#482 Пользователь офлайн   Debi   01 Октябрь 2012 - 18:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Ал эми Куранды түшүнүш үчүн, сиз анын кыргызчага, орус тилинен, кайдагы бир киргиздин которгонун эмес анын оригинал, арап тилиндегисин окушуңуз керек. Плюс, арапчаны 100% билишиниз керек, плюс бир гана Курандын өзүн эмес, анын миңдеген түшүндүрмөлөрүн окуп чыгышыңыз керек. Ошондо дагы сиз Куранды 100% түшүнө албайсыз. Ал жөн гана китеп эмес! Ал Куран! Аллахтын сөзү! Ал жерде "Иса минтип айтты" деп жазылган эмес. "Эй Мухаммед! Айткын" деп жазылган. Куран - адамдардын акыр заманга чейинки (6 - кылымдагы гана эмес) китеби, жашоо "справочниги" . Куран китеби Мухаммед(САВ) пайгамбарга айтылгандан бери бир дагы үтүр, точкасы өзгөргөн эмес!"

Жазгандарыңызга көз жүгүртүп баратып, ушуларга токтолдум, аргасыздан жылмайдым. Өз сөзүңүзгө өзүңүз каршы чыкпасаңыз, анда сиз мага куран үйрөтмөкчү болгон нерсени далилдегенге аракет кылбай эле койсоңуз болот экен. Өзү толук билбеген нерсени башкага үйрөтүү акылсыздык да. (Арабча канча пайыз билет болдуңуз экен)Кайдагы бир киргиз деп, бейтааныш бирөө үчүн күнөөгө батып жатасыз. Мына ушундай сөз болбошу үчүн, муфтиятта презентациясы болгон куранды окуганмын. Анан сиз жазгандарды мен окубай деле калдым. Эч кандай последовательность жок. азыркы жазганыңыз мурдагыңызга каршы келе берсе деле мейли, иши кылып бирдеме деп калыш керек. Мындай маек үчүн мен убакты бекерге сарптабайм.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 01 Октябрь 2012 - 18:31

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#483 Пользователь офлайн   Debi   01 Октябрь 2012 - 18:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библияда Ыйса мындай дейт: Менден шектенбеген адам бактылуу
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#484 Пользователь офлайн   Debi   01 Октябрь 2012 - 18:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Өзүн акылман санаган бул дүйнө Кудайды кудайлык акылмандуулук боюнча тааныбай койгондуктан, Кудай ишенгендерди акылга сыйбаган сөз аркылуу куткарып алууну туура тапты. Анткени жүйүттөр керемет-жышаанды талап кылышат, эллиндер акылмандыкты издешет, биз болсо айкаш жыгачка кадалган Машайак жөнүндө жарыялайбыз. Жүйүттөр үчүн бул – азгырык, ал эми эллиндер үчүн акылсыздык. Чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, эллин болобу, Машайак – бул Кудайдын күчү жана Кудайдын акылмандыгы.

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 01 Октябрь 2012 - 18:39

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#485 Пользователь офлайн   esenbekkd   01 Октябрь 2012 - 21:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 128
  • Катталган: 10 Май 11
  • Соңку аракети: 24 Июл 2016 02:26

Просмотр сообщения Debi (01 Октябрь 2012 - 18:29) жазган:

Жазгандарыңызга көз жүгүртүп баратып, ушуларга токтолдум, аргасыздан жылмайдым. Өз сөзүңүзгө өзүңүз каршы чыкпасаңыз, анда сиз мага куран үйрөтмөкчү болгон нерсени далилдегенге аракет кылбай эле койсоңуз болот экен. Өзү толук билбеген нерсени башкага үйрөтүү акылсыздык да. (Арабча канча пайыз билет болдуңуз экен)Кайдагы бир киргиз деп, бейтааныш бирөө үчүн күнөөгө батып жатасыз. Мына ушундай сөз болбошу үчүн, муфтиятта презентациясы болгон куранды окуганмын. Анан сиз жазгандарды мен окубай деле калдым. Эч кандай последовательность жок. азыркы жазганыңыз мурдагыңызга каршы келе берсе деле мейли, иши кылып бирдеме деп калыш керек. Мындай маек үчүн мен убакты бекерге сарптабайм.


Текеберчилик кылгандыгыңызды көзгө сайып көрсөткөндө айтчу сөзүңүз мындан башка кандай болмок эле... Хе хе...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#486 Пользователь офлайн   esenbekkd   01 Октябрь 2012 - 21:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 128
  • Катталган: 10 Май 11
  • Соңку аракети: 24 Июл 2016 02:26

Просмотр сообщения Debi (01 Октябрь 2012 - 18:39) жазган:

Библия мындай дейт: Өзүн акылман санаган бул дүйнө Кудайды кудайлык акылмандуулук боюнча тааныбай койгондуктан, Кудай ишенгендерди акылга сыйбаган сөз аркылуу куткарып алууну туура тапты. Анткени жүйүттөр керемет-жышаанды талап кылышат, эллиндер акылмандыкты издешет, биз болсо айкаш жыгачка кадалган Машайак жөнүндө жарыялайбыз. Жүйүттөр үчүн бул – азгырык, ал эми эллиндер үчүн акылсыздык. Чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, эллин болобу, Машайак – бул Кудайдын күчү жана Кудайдын акылмандыгы.


Ошондуктан өзүңүздү акылман санабаңыз... :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#487 Пользователь офлайн   Nakutai   01 Октябрь 2012 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 118
  • Катталган: 24 Февраль 12
  • Соңку аракети: 10 Июл 2017 14:01
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения esenbekkd (01 Октябрь 2012 - 21:21) жазган:

Ошондуктан өзүңүздү акылман санабаңыз... :)



Сеники чын меники чын деген соз, шайтандын созу экенин эки тарап бирдей туйбайт го...Сүрөт

силер талашып тартышканча ... Сүрөт

кичине чыдап тургулачы...

Билдирүүнү түзөткөн: Nakutai: 01 Октябрь 2012 - 23:15

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#488 Пользователь офлайн   sestra   01 Октябрь 2012 - 23:41

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Деби, келиниз, "библия мындай дейт" дегенди коюп (анткени анын эч нерсесине тушунбодум) озунуздун динигиз жонундо айтып беринизчи:
эмнеге чакырат? (Ислам монотеизмге чакырат)
эмнеге уйротот? ( Ислам адамды жакшы болууга уйротот)
бул динди эмне учун тутасынар? (мусулман АЛЛАХ ыраазылыгы учун исламды тутат)
бабтизмда эмнелерге ишенесинер? ( биз АЛЛАХтын жалгыздыгына, АНЫН торолуп жана эч кимди торобогонуно, АЛ жиберген пайгамбарларга, китаптерине (в том числе и библия), периштелерине, Кыямат кунуно, бейиш менен тозоко)


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#489 Пользователь офлайн   Debi   02 Октябрь 2012 - 00:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"(анткени анын эч нерсесине тушунбодум)"

Бул менин көйгөйүм эмес. Каалаганыңызды коюп, каалаганыңызды кыла бериңиз да. Бул жерде элди тескеп-жаскаганга акысы барлар бар. Мен да эмнени кылышты, эмнени коюшту, ошолордун көзөмөлүндө кылып жатам деп ойлойм. Сизге жетишердик эле сөздөр айтылган. Долулугуңуз менен үйүңүздөгүлөр эсептешип алышсын.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#490 Пользователь офлайн   Debi   02 Октябрь 2012 - 00:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Текеберчилик кылгандыгыңызды көзгө сайып көрсөткөндө айтчу сөзүңүз мындан башка кандай болмок эле... Хе хе..."

Ошондо сиз, айлаңыз кеткенде "көзгө сайдым" деген иллюзияга (болбосо, сөзүңүз чындыкка караандап да койбоду) берилип алып, медитация кылып жатасызбы? Чылага жатып алып, өзүңүздү көл үстүндөгү ак кууга теңебесеңиз эле болду :D

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 02 Октябрь 2012 - 00:37

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#491 Пользователь офлайн   Debi   02 Октябрь 2012 - 00:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Бир түнү Теңир Пабылга көрүнүш аркылуу мындай деди: "Коркпо, айта бер, унчукпай калба, анткени Мен сени мененмин, сага эч ким жамандык кылбайт. Анткени бул шаарда Менин көп адамдарым бар".
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#492 Пользователь офлайн   Debi   02 Октябрь 2012 - 00:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Себеби силер Ыйса Машайак аркылуу бардыгына: сөзгө жана билимге байыдыңар. Анткени Машайактын күбөлөндүрүүсү силерде бекем орун алды. Теңирибиз Ыйса Машайактын келишин күтүп жаткан силер рухий жөндөмдүүлүктөрдүн эч биринен кем эмессиңер. Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү кемчиликсиз болушуңар үчүн, Ал силерди акырына чейин бекемдейт.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#493 Пользователь офлайн   Jeka   02 Октябрь 2012 - 09:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ушундай нерселерге убакыт коротуштун эмне кереги бар, кайдагы жомокторду айтып!
Азыркы учурда Библиянын дегенинен көрө ата-эненин, туугандардын, балдарыңдын дегени артык эмеспи...

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 02 Октябрь 2012 - 09:15

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#494 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   02 Октябрь 2012 - 09:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Деби!Менин суроолорума так жооп бербесен да,дагы суроо берейин!
Ишемби ,жекшемби кундору тушку саат 12:00 бабтистердин сыйынуу убакыты,жасаган даамдуу тамагынарды бирдемелеринерди которунуп алып жоноп каласынар,силерге ал жактан акча да беришет, силер угут жургузгонунор учун.Эч жерде иштебеген бир эки адамды билем, кийингендери кымбат баалуу ,акчаны кайдан аылшат,силерди кимдер каржылайт?Алып жаткан акчанар азгырганбы силерди же...

Билдирүүнү түзөткөн: ayildik_kiz: 02 Октябрь 2012 - 09:34

Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#495 Пользователь офлайн   Debi   02 Октябрь 2012 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"Debi мусулман уй булосундо торолгонсузбу ,бул суроомо жооп ала албадым".

"Мен кыргыздын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Алар мусулман болгонбу, болбогонбу бир Кудай билет. Ар бир сөздү өз мааниси менен колдонгонду туура көрөм. "Мусулман" деген сөздүн мааниси "Кудайга баш ийген" дегенди билдирет. Менин ата-энем мен төрөлгөн кезде Кудайга канчалык баш ийген кишилер болгонун биле албайм. Атам кийинчерээк Кудайга баш ийип калды (мусулман болуп), Ыйсага ишенип. Ыйсага ишенип, мен да дайыма мусулман болгонго (дайыма Кудайга баш ийгенге) аракет кылып келем.

"Мени да бир нече жыл мурун , бул динге угуттошкон. .. "

Кайсы динди айтып жатасыз? мен бул жерде дин тууралуу сөз кылган жокмун.

"Силер церковька барып сыйынасынар, биринчи бул динге отуп жатканда кан ичирет экен, ушул чынбы,эгер чын болсо ал эмненин каны?"

Шумдугуң куру! "Эмненин каны" де :D . Ыйсага ишенгендер тууралуу айтып жатсаңыз, анда бул сандырак!

Илгери бир гезиттен окугам, бир сатанисттин күбөлүгүн. Элес-булас эсте калыптыр, кан тууралуу ошол жактан окусам керек эле. Абдан чоң адашып жатасыз".

Айылдык кыз, бул жоопту көрбөй жатсаң, көйгөйдү өзүңдөн изде, курулай бет тырмабай. Каадалуу сурооңор болсо кыя өтпөйт элем. Суроо эмес эле асылмай да силердики, Кудайга ишенгениңер кайсы экенин эле билбейм, ушинтип билип-билбей эле бирөөгө асылганыңар асылган. Кудайдан өтө алыссыңар, болбосо кичине арыдан бери эле болот элеңер. Мобу акыркы жазгандарыңды мен, орус туугандар айткандай, если называть вещи своими именами, дөөрүмө же жөөлүмө деп эле атайм.

Жок дегиң барбы? Анда угуп тур. Сен мени тааныбайсың, мен эмне иш кылам билбейсиң, акча алганымды же бергенимди эч качан эч жерден көргөн эмессиң. Мындай ойлоп көрсөң, сен айтып жаткан адамдар кимдер экенин мен кайдан билем? Андан беш бетер алардын кийинген койгонун кайдан билем? Элдин кийиминин баасын ойлонуп, акчасын аңдыган уят иш экенин билбейсиңби, же башка кыларга ишиң жокпу? Эми мээни али керектен чыгара элек болсоң, дөөрүп, жөөлүгөнүңдү кой.

Ушул тургандын баары эле бир кишиби деген да ой кетет кээде. Ушул өңдүү мага асылып жазгандардын баарына тиешелүү. Куру тапандарга жооп берейин деп катталган эмесмин бул жерге.


Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 02 Октябрь 2012 - 13:39

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#496 Пользователь офлайн   Debi   02 Октябрь 2012 - 13:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Тазалар үчүн бардыгы таза. Ал эми таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган. Алар Кудайды билебиз деп ырасташат, бирок кара ниет, баш ийбес, жакшы иштерди кылууга жөндөмсүз болушкандыктан, кылган иштери менен Аны танышат.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#497 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   02 Октябрь 2012 - 23:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Debi мени сандырактатып таштаптырсын го,мен укканымды тастыктагым келген силер деп жазганыма чычалап кеттинби? А менин мээм кээ бир оз динин алмаштыргандарга салыштырмалуу, Кудайга мин мертебе шугур жакшы иштейт ,ордунда эле !Анан да орустар кыргызча суйлоп калганын билбептирмин(доорумо ,жоолумо деп)
Сен менен айтышкым келбейт, сен оз жолунда мен оз жолумда,дегендей калганын озун ой жугуртууно жараша чечмелеп алаарсын?! Чындап жазганда сага окшогондорго баш оорутуп тенелгим келбейт,аман эле болгула!! !
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#498 Пользователь офлайн   Narynbek   03 Октябрь 2012 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 286
  • Катталган: 21 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 06 Мар 2021 19:48
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:пгт Шамалды-Сай

Мен бир баланы билет элем.Ал дагы христиан динине өтүп кеткен экен.Ата-энеси ошол баланы кечип жиберген экен.Сендей балам жок деп.Москвада иштеп жүрчү.церковько каттап.Акчага сатылган да булар.Мусулман болуп намаз окубасак да динибизди саткан эмеспиз.Кудай ыйман берсе намаз окуп,теспе тартып да калаарбыз.дин менен тилди,улутту саткандардан Кудай сактасын.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#499 Пользователь офлайн   Debi   03 Октябрь 2012 - 10:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Narynbek (03 Октябрь 2012 - 00:38) жазган:

Мен бир баланы билет элем.Ал дагы христиан динине өтүп кеткен экен.Ата-энеси ошол баланы кечип жиберген экен.Сендей балам жок деп.Москвада иштеп жүрчү.церковько каттап.Акчага сатылган да булар.Мусулман болуп намаз окубасак да динибизди саткан эмеспиз.Кудай ыйман берсе намаз окуп,теспе тартып да калаарбыз.дин менен тилди,улутту саткандардан Кудай сактасын.

Эмнени билип коюптурсуңар, тайыздыктан мындай тереңдиктер көрүнбөйт да: сатылбай эле, мен тандаган жолду дүнүйөмдүн баарын берип сатып алмакмын, сатылса. Бирок ал сатылбайт. Бирок бүтүн дүйнөнүн байлыгын да кошсо тең келбеген кенчти Кудай мага ырайымы менен бекер эле берди. Бул үчүн Ага ыраазычылыгымды айтып бүтпөй келем:

Дүйнө толо Сен жараткан керемет!
Кандай аалым бүтөр эле изилдеп?!
Табышмактуу зор табият сыйкыры
Кудуретиң зор экенин билдирет.

Күн чаалыкпай, бир да тыным жасабай,
Кулап кетпей карыбады сапары.
Караңгылык каяккадыр жок болуп,
Кандай болот ар күн таңдын атары?

Асманынан Теңир жерге жиберип,
Кандай укмуш кар себелеп жатканы,
Миллиард, түмөн бүртүктүн ар бирине
Ажайып кооз жылдызчаны тартканы!

Адегенде төшөп жашыл шиберди,
Анан Теңир гүлдүн түрүн жиберди.
Кара жерден кантип чыгат мынча түс?
Таң каламын карап сулуу килемди.

Анан жамгыр... чиркин, анын добушу...
Ал добушка эч ким нота таба элек!
Жамгырдан соң күн нурлары чачылса,
Мына ошондо ажайып бир керемет!

Күздө күбүйт бактар сары жалбырак.
Жашыл эле жазда анын кийгени.
Айраң калам, кандай болот, табышмак,
Сары түскө баарын боёп ийгени?

Суук түшүп калган кезде дарактар,
Жалбыраксыз калганына бейкапар.
Жазда жаңы жалбырактар жаралат,
Ошон үчүн жаайт кышта аппак кар.

Жаратуучум, дүйнөң толо керемет!
Эң көп болсо чаңдай болор сезгеним.
Эгедерим, Сенде чексиз даремет
Түбөлүккө Сага таазим этемин!

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 03 Октябрь 2012 - 10:22

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#500 Пользователь офлайн   Debi   03 Октябрь 2012 - 10:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения ayildik_kiz (02 Октябрь 2012 - 23:36) жазган:

Debi мени сандырактатып таштаптырсын го,мен укканымды тастыктагым келген силер деп жазганыма чычалап кеттинби? А менин мээм кээ бир оз динин алмаштыргандарга салыштырмалуу, Кудайга мин мертебе шугур жакшы иштейт ,ордунда эле !Анан да орустар кыргызча суйлоп калганын билбептирмин(доорумо ,жоолумо деп)
Сен менен айтышкым келбейт, сен оз жолунда мен оз жолумда,дегендей калганын озун ой жугуртууно жараша чечмелеп алаарсын?! Чындап жазганда сага окшогондорго баш оорутуп тенелгим келбейт,аман эле болгула!! !

))) ордундагы мээң "вещи своими именами называть" деген орусча сөздөрдү "дөөрүмө, жөөлүмө" деген сөздөргө алмаштырып койдубу ))). Мээң ылайым ордунда эле болсун, анан ошону туура иштетсең күлкү болбой. Болбосо өзүң кирип алып, анан "баш ооруткум" келбейт эле деп доомат койгонуңду мээң кичине чала калчап коюптур ))). Албетте, аман болушуңа мен да чын жүрөктөн тилектешмин ))).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 25 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 25, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 16:30

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: