Кызыл койнокчон келин Болгон окуя
#1 03 October 2012 - 10:22
Бул болумдогу ар бир баракчаны ачып карап чыктым, бул чыгарма жок экен. Ошон учун жазып коюуну чечтим. Туура эмес кылсам кечирим сурайм
#2 03 October 2012 - 10:34
Кызыл көйнөкчөн келин болуп көзгө көрүнгөн арбакпы, албарстыбы же кандайдыр бир сыйкырдуу күчпү, айтор, белгисиз укмуш жөнүндө Көл айланасында,
өзгөчө түштүк жээгинин Тоң районунун аймагында көп айтып жүрүшөт. Өзгөчө, түнкүсүн жол жүргөн шопурлар эстегенде, өңдөрү бозоро түшүп кеп кылышат. Ар түрлүү айтылган легендалар тууралуу укканыма көп болсо да, чогултуп, тизмектеп жазууну ойлогон эмесмин. Бир жолу Аблес аттуу досум менен аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, сөздөн-сөз чыгып, ал "Кызыл көйнөкчөн келин" тууралуу билгендерин айтып келип, өзү да көргөнүн, жеке өзү эле эмес, машинасынын ичинде келаткан (Жигулинин) бешөө тең көргөнүн айтып берди. Ошондо машинанын ичинде келаткандардан досумдан бөлөк дагы экөө отурган эле, алар тигинин сөзүн ырасташып, баары даана көрүшкөнүн айтышты. Ал түгүл алардын аркасынан келаткан жүк машина айдаган тааныш (чогуу иштешет) шопур жигит да көрүптүр. Досумдун айтканы боюнча: "Жолго кеч чыкканбыз. Түн ортосу оой Бөкөнбаевден өттүк. Бишкекке келатканбыз.
Артта отургандар бүт уктап калышкан. Машинаны өзүм айдап алгам. Жанымда отурган жолдош балам мени "уктап кетпесин"
деп алаксытып, ар нерсени божурап сүйлөп, анда-санда кыңылдап ырдап коюп келаткан болчу. Бир нече айыл өткөндөн кийин жолдун бурулушундагы калың мүрзөлөргө машинанын жарыгы түшкөндө, мүрзөлөрдүн үстү мененби же аралаппы, кызыл көйнөк кийген, узун кара чачы жайылып кеткен келин жүгүрүп келатыптыр.
Менин денем муздай түшүп, ичимден келме келтирип жибердим да, жанымдагыны карадым. Анын да көздөрү алайып кетиптир. Үнү дирилдей "Түн ортосунан оогондо, бул келин ээн талаадагы мүрзөлөрдүн арасында эмне кылып жүрөт?" деди. Мен "Билбейм"
дедим. Ал арттагыларды:
"Эй, карагылачы,
бир аял адашып, мүрзөлөрдүн арасында жүрөт" - деп ойготуп жиберди. Мен болсо тиги келинден көзүмдү албадым. Эч кандай адашкан аял эмес экенин даана түшүндүм. Анткени, анын жүгүрүп баратканы же учуп баратканы белгисиз эле. Бардыгы ойгонуп, карап калышты. Тигил келин машинага "токтогула"
дегенсип кол булгалай, жол боюн карай жүгүрдү. Мен ойлогонду баары ойлосо керек, артта отурган улуурагыбыз:
"Токтобо Аблес, баарыңар ичиңерден келме келтиргиле!
" - деп жиберди. Ансыз да эки анжы болуп, акыл-эсимден ажырап турган жаным машинанын газын басып, ылдамдыкты жогорулаттым.
Машина мүрзөлөрдүн тушунан өтө бергенде келин да жол боюна жетип калган эле. Баарыбыз ичибизден күбүрөп келме келтирип бараттык. Жанынан "зуу" деп өтө бергенде дапдаана көрдүм. Узун бойлуусунан келген, денеси тал чыбыктай ийилген, жайылган кара чачы тизеге түшкөн, ак жуумал келин экен. Айдын толуп турган кези болчу. Келин машина менен тең жарыша, бери дегенде 200 метрче жүгүрдү. 100-110 километрлик ылдамдыкта бараттым. Эч кимдин келин тарапты караганга дарманы жетпеди. Мен гана күзгүдөн көрүп бараттым. Анан эле түптүз жолдо артыбыздан жандай жүгүрүп келатып, жок болуп кетти. Ошол калыбыбызда Балыкчы шаарынан өтүп, капчыгайга киргиче үн деп сөз айта албай, дымып келдик. Андан кийин деле сөздөрүбүз жугушпай койду. Жумшак машинага термелип, уйкусу келген немелердин андан кийин уктаганын көрөйүн. Бишкекке жеткиче чакчайып келишти. Келип, үйгө түшөөрүбүз менен арбак, Кудайга арнап, куран окуп жибердик. Түлөө өткөзүп, элдин батасын алдык.
Баарыбыздын ооздорубузга учук чыгып, ооруксунуп калган элек, түлөө өткөзгөндөн кийин жеңилдеп жакшы болуп кеттик.

#3 03 October 2012 - 10:41
Ал кызыл көйнөкчөн келин чындап эле бар экен эле..Тээ ээн талаада бир кызды зордуктап коюшуп,денесин кичинеле жер чукуп көмүп салышкан экен.А негизи адам өлгөндөн кийин,жаназа окулуп,акка ороп,как положено жерге берилбегенден кийин,арбагы тынчыбайт да.Ошого ар кимдин көзүнө көрүнүп,"
мени жакшына кылып көмүп койгула" деп,арбак кыжалаат болуп көрүнөт дешет....Ошол чын болсо керек...
Только злые люди, зла боятся!
#4 03 October 2012 - 10:47
Балыкчыдан, коноктон чыккам. Кечки саат тогуздардан өтүп калган болчу. Өзүм машина айдап жүрсөм да кызуумун. Кажы-Сайга чейин "наша территория"
деп койчубуз. МАИ аттуунун баары тааныш. Өмүрү тозушчу эмес. Чечекейим чеч боло, магнитафондогу ырлардын күүсүнө термелип келатам. Чындыгын айтайын "жолдон жалгыз-жарым келин-кыз жол тосуп калса, деп үмүттөнүп, аялдамаларды карайм. Өзүм жалгызмын. Жол тоскондор жок. Экиден-үчтөн же эркектер. Ошентип келатсам тилекти Кудай берип, Кара-Шаар айылынан жалгыз кыз тосуп калды. "Шып" эле токтодум. Аркасына отурсам дегендей кылды эле, "Алдына отур", - деп жаңсай, астыңкы эшикти ачтым. Кыйылгансып туруп отурду. Караколго баратыптыр.
Кичине жүрбөй эле тааныштык. Анча-мынча тамаша айтсам жообу түзүк. Зирпилдеп, жанына жолотпой секиргенден эмес экен. Машинанын ылдамдыгын которумуш болуп, балтырына бир-эки жолу колумду да тийгизип койдум. "Коюңузчу"
деп секиримиш болгону менен чындап эмес, кылыктанып жатканын туйдум. Эки-үч вульгарный,
ойноштор тууралуу анекдоттордон айттым эле шаңкылдап күлүп калды. Ылайыктап келип, жолдун четкерээк, калың бак жакка айдадым.
"Каякка?" - деди тигил чоочуп. "Чоочуба" , бардачокто бир бөтөлкө коньяк бар эле. Таанышкандыгыбыз үчүн элүүдөн ооз тийип коелу", - деп шыпылдадым.

#5 03 October 2012 - 11:02
"Кереги жок, коюңузчу"
, - деди. Ага боломбу. Калың бактын көлөкөсүнө кирип токтодум. Ай сүттөй жарык болуп турган, машинанын ички жарыгын күйгүзүп, коньякты алып чыгып шыпылдай ачып, экөөбүзгө куюп, "алып жиберчи" деп суранганга өттүм. Кылыктанып ууртап жатып, алып жиберди. Өзүм да тартып ийип, "Эми эмнесине ишти чоем, түз чабуулга өтөйүн" дедим да, өзүмө имере тартып өпкүлөп кирдим. "Кызык экенсиз" демиш болгону менен каршылык кылбады. "Сен деле көптүн бири турбайсыңбы.
Эптеп кылыктанымыш болуп, менин машинам менен бекер Караколго жеткиң келип турат го. Аны иш бүткөндө көрөлүк",
- деп ойлодум, ичимден. Бир колум менен машинанын тигил отурган орунтугун жаткырып, кызды чалкасынан жыгып, "ички кийимин чечейин" деп жамбашын сыйпалап жатып, кандайча экенин билбейм, машинанын терезесинен сыртты караптырмын.
Карасам, машинадан 5-6 кадам арыраак айдын жарыгы түшкөн жерде, узун кара чачтары жайылган, кызыл көйнөкчөн келин бизди карап туруптур.
Эмнегедир денем "дүр" дей түштү. Ордумдан тура калдым. Мунумду тигил да байкап калды. "Эмне болду?" деди чоочуй. "Келин жүрөт" дедим. Кайра карасам баягы келин жок. Мен эмне болуп жатам, же мас болуп калдымбы? "Ээн талаада кайдагы келин" деп ойлодум, ичимден. "Кайдан көрдүң?" деп берки чачы-башын оңдоп, элтеңдеп эки жакты карап жаткан. Аңгыча "Тигине кызыл көйнөкчөн неме экен" деди, машинанын арт жагын көрсөтүп. Бул жолу ал көрүп, мен көрө албадым. Тигини жоошутуш үчүн: "Ушул тегеректеги чабандардын аялы го" деп койдум да. "Кой, бул жер болбой калды, кайра жолго чыгалычы" , - деп машинамды от алдырып, жарыгын күйгүзсөм, баягы келин так алдыбызда 10-15 кадам жерде туруптур. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Беркиден да үн чыкпай калды. Көздөрү бакырайган, маралдай керилген сулуу келин экен. Жөн эле көзүнөн от күйүп тургандай туюлду. Узун чачы жайылып, жука кызыл көйнөгү желге желбирейт.
Буттарын көргөндө, кантип бакырып жиберген жокмун билбейм. Тизеден ылдый түшкөн узун, кызыл көйнөктөн бут эмес эле скелеттин сөөктөрү чыгып туруптур. Муну берки да көрүп, башын менин колтугума катып, "Айда!" деп бакырып жиберди. Шарт артка айдап жолго чыктым да, газды болушунча басып жөнөй бердим. Жолду гана карайм. Эки жагымды карагандан корком. Тигил болсо кичине жүргөндөн кийин өбөктөп алып, орунтуктун астына кусуп кирди. Токтотуп, жардам бергенге дараметим жетпеди. Жанагы каргашалуу жерден бери дегенде 10 чакырымча өткөндөн кийин күзгүдөн артымды карасам, жанагы кызыл көйнөкчөн келин жүгүрүп келатат. Ылдамдык бери дегенде 120-130 болчу. Чоочуп кеткенимден аз жерден авария болуп кала сактап барып оңолдук.
Андан кийин күзгүнү да караган жокмун. Бөкөнбаевде беркинин эжеси турат экен. Туура, үйүнүн эшигинин алдына түшүрдүм. Коркконунан машинадан чыкпай жатып араң чыкты да, үйүнө жүгүргөн бойдон кирип кетти. Мен кеткиче шаштым.
Машинамды эшиктин так алдына токтотуп, үйгө кирип келгенимде, кейпимди көргөн колуктум бакырып жиберди. Астыңкы ээгим кыйшайып, көздөрүм бир башкача айланып, өңүм чүпүрөктөй бозоруп кетиптир. Апам жүгүрүп келгенде, "көзүмө көрүнчү көрүндү" дегенге араң жарап, жыгылып түшүптүрмүн.
Апам иниме машинаны айдатып алып, коңшу айылдагы молдону алдыртыптыр. Капкара улак садага чаап, баабедин өткөзүп, деги кылбаган ырымдары калбаптыр. Үч күн дегенде араң барып эсиме келген экенмин.
Ошондон кийин түн ичинде жол жүргөндөн корком. Жол жүрсөм да машинама толтура киши салып алам. Куран окуганды, келме келтиргенди үйрөндүм. Машинама түшкөн келин-кызга тап койгонду такыр таштадым.
Мына ушул өңдүү окуяларды уккандан кийин гана "Кызыл көйнөкчөн келин" тууралуу новелла жазуу идеясы пайда болду. Көпчүлүк окуялар адабияттык жол менен типтештирилди. Балким, Көл айланасында жашагандардын эсинен чыга электир. Мындан ондогон жылдар илгери мүрзөлөрдүн арасынан белгисиз себептен өлгөн келиндин сөөгү табылганы тууралуу окуя "дүң" деп тараган. Жол бойлоп, ар кимдерге көрүнө калчу арбак жөнүндөгү легенда да ошондон кийин угула баштады.
Окурмандардын бүйрөсүн кызытпайлы, сөз башынан болсун.
Автор

#6 03 October 2012 - 11:11
ухх окуп жатып,көз алдыма элестеп,титиреп чыктым....
Только злые люди, зла боятся!
#7 03 October 2012 - 11:16
Тагдырдын ачуу эсеби
Биринчи бөлүм
Караколдон Бишкекке карай чыккан, жаркыраган жапжаңы 09 "Жигули" , "Бөкөнбаевге" деген бир келин, бир кемпирди салып алды да, "Бишкекке" деп бир келин салды. Биринчи тиги "Бөкөнбаевге" дегендерди салып алып, анан Бишкекке билет таппай, топурап жүргөндөрдүн арасынан ушул келиндин жалгыз экенин баамдап туруп басып барып: "Бишкекке бир орун бар, анча деле кымбат айтпайм, кетесизби?" - десе, тигил кубанып кетип макул болду. Ичинен баары өзү астына ала ойлогондой болгонуна кымыңдай, жайдарыланып жолго чыкты. Бөкөнбаевге түнкү саат ондордо келишти. Ага чейин баары менен таанышып, күлдүрүп сүйлөп бакылдап келе жатты. Тигилер Бөкөнбаевден түшүп калганда, келин тынчсызданып: "Дагы жүргүнчү аласызбы?" - деди эле "Жок. Эми түн ичинде кайдагы жүргүнчүнү издеп жүрөлү. Өзүбүз эле кете береличи. Машинам да жакшы тартпай жатат", - деп койду.
Экөө эмнегедир тигилер түшүп калгандан кийин көп сүйлөшпөй калышты. Түрлүү тамаша сөз айтса, келин оңдуу жооп бербей, сустайып койду. Жайын сураса күйөөсү бар экен. Караколго төркүндөрүнө келип, кайра кетип баратыптыр. Билет жок же арзаныраак машина жок, эки күндөн бери кете албай жүргөн экен.
- Кадыр көңүл жарашса бекер деле жеткирип коебуз - деди эле.
- Жок, сиз мени андайлардан деп ойлобоңуз, мынча машинага түшпөсөм болот эле, түшкөндөн кийин сураган акчаңызды беребиз. Күйөөсү, балдары бар кишимин, жаман оюңузду коюңуз, - деп, кага сүйлөдү.
- Кой эми, тамашаласа урушуп кете сактадыңыз го, - демиш болуп жайгарып койгону менен ичинен "Сендей секиргендердин далайын көргөм. Кайда барарсың. Ээн жерге чыгалычы, кандай гана эркиме көнбөйт экенсиң" - деп койду.
Катар айылдар артта калып, ээн жолго чыккандан кийин бир топ барып, жолдон четкерээк, суу бою жакка бурду. "Сиз каякка?" - деп чоочуп кетти келин.
- Машинанын суусу ысып кетти, тигил суудан куюп алалычы, - деп бейкапар жооп берип койду. Тээ бир топ айдап баргандан кийин машинаны токтотуп, өзү эшикке чыгып капотту ачты, астына суу чачымыш болуп жатып ойлоду; "Эмнесин маалкатам, ачыгын эле айтып, кире бербейминби" . Кайра машинага кирди да, келинге түз эле айтты: "Бир ыраазы кылбасаң болбойт. Баары бир, күчтөсөм да максатыма жетем. Арыздансаңыз күйөөңүздөн айрыласыз. Элге-журтка шерменде болуп, уят болосуз. Мен эмне, акчанын күчүнө салып бат эле кутулам.
- Зордойсузбу? .
- Өз эркиңиз менен болбосоңуз ошентем да.
- Уятыңыз жок экен, кантип айтып жатасыз, - деп келин ыйлап жиберди. Берки, келинди шап кучактап, колун кайрып, өпкүлөп кирди. Келин бар күчү менен каршылык көрсөтүп, тырмалаңдап жатты. Аңгыча, машинанын арткы, бек турган эшиги ачылып, чачтары жайылган, кызыл көйнөкчөн келин кирип отуруп калды. Жөн эле көздөрү бирде кыпкызыл болуп, көгүлжүм тартып, бирде капкара болуп күйүп турат экен. Экөө тиктеше түшүштү. Берки тырмалаңдап жаткан келин бошонуп, машинадан атып чыгып, тизесине түшкөн ак трусысын шашыла өйдө көтөрүп: "Бетиңиз жок адам экенсиз - деп ыйлай, өзү машинанын артын ачып, эки чоң сумкасын сууруп чыгып, ийрелеңдеп көтөргөн бойдон жолду көздөй жөнөдү. Беркинин оозунан сөз чыкпады. Ордунан да кыймылдай албады. Көзүн жумуп жиберип кайра ачса, машинанын ичинде эч ким жок экен. Тигил келин жолго жетип жете электе ошону күтүп тургансып, бир жеңил машина келип токтоду да, түшүп алып "зуу" кете берди. Берки көзүнө көрүнчү көрүнгөнүн же жанагы кеткен келиндин бир балекети бар экенин билбей, жалдырап отурган бойдон, тээ далайда барып эсин жыйып, жолго чыкты.
Чоң жолго чыккандан кийин да бир топко эсине келе албай машинасын кыбыратып, жай айдап бараткан. Бир айылдан өтүп калганда машина өзүнөн-өзү ылдамдай баштады. Спидометрди караса, 130га жетейин деп калыптыр. Бутун газдан алып эмне болгонуна түшүнө бербей алактап кетти. Ушунча ылдамдыкта бараткан машинанын астыңкы эшиги ачылып, жанагы, кызыл көйнөкчөн келин "шып" кирип келип отуруп калды да, жылмая карап колдорун беркиге сунду, көйнөктүн жеңинен аппак сөөк скелеттер чыгып келатты. Жупжука кызыл көйнөктүн ичинде да аппак скелет жүргөнүн көрдү. Болгону, моюнду жапкан көйнөктүн бүйүрмө жакасына чейин гана келиндин жүзү адамдыкындай болуп, тери каптап туруптур. Көздөрү кызарбай карарып, кирпиктери күн нурундай чачырап, жадырай күлгөндө, азуу тиштериндеги алтын көрүнө түштү. Берки, келиндин ким экенин эми тааныды. Колунун аты жогундагы өзүнө тааныш, кызыл чоң ташы бар алтын шакек да жүрөт. "Сен белең. Жок. Жок. Жогол көзүмө көрүнбөй" деп бакырып жиберди. Түптүз жолдо зуулдап бараткан жигули шарт жолдон чыгып, кучак жеткис теректи барып "былч" сүздү. Терезенин быркырандысы туш-тушка учуп, машина консерванын челегиндей болуп эки бүктөлүп калды. Теректи түнөк кылып отурган куштар пырылдай уча качты. Машина урунгандан кийин, жол боюнда кызыл куюн пайда боло түшүп, көз ирмемде жок болду.
Эки бүктөлүп былчыйган машинадан тигини сууруп алып жатышып, МАИнин кызматкерлери али да жаны бар экенин билишкенде, таң калгандарын айтпа. Көрсө, тагдыр ага деген жашоонун кыйноосун али бүтүрө элек окшобойбу.

#8 03 October 2012 - 11:23
Ийгилик!Кызыктуу жана коркунучтуу окшойт.Кутом.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
#9 03 October 2012 - 11:27
Кыпкызыл уюлгуган куюн көз алдында созулуп, үзүлө турган болуп барып кайра биригип, коюулана түшүп, ортосу агыш тартып, жай айлана калып, кайрадан чимирик атып, укмуштуудай ылдамдык менен айланып жатты. Бир учурда кулагына: "Сен өлбөйсүң, өлүшкө али эрте, менден, жаныңды берип коюп оңой кутулайын деген экенсиң. Ач көзүңдү анткорлонбой"
- деген үн угулду. Ачуу добуштан селт этип көзүн ачса, ооруканада жатыптыр, чолоо жери калбай, ак бинт менен таңылган. Буттарын, колдорун, сырайтып илип коюптур. Бөлмөнүн ичинде эч ким жок ээн экен. "Суу" - деди бар күчүн жыйнап. Канчалык күчтөнүп, катуу үн чыгарууга аракеттенсе да эч үн чыкпады. Эриндери гана алсыз кыймылдаганы болбосо. Аңгыча палатага медсестра кирип келди да, беркинин көздөрү ачылып жатканын көрүп, тиктеп туруп калды. "Суу, суу" - деди берки жалдырай. Медсестра кайра сыртка шашыла чыгып кетти. Кичинеден кийин үч ак халатчан болуп кайра киришти. Тигилер ооздору кыбырап, өз ара сүйлөшүшүп жатышты. Бөлмөнүн ичиндеги аппараттарды текшеришип,
бир топко сүйлөшүштү.
Берки бир да сөзүн уккан жок. "Кудай жалгагырлар,
суу берип койгулачы"
деди жалдырай. Тигилер карап да коюшпады. Бири жүрөк тушундагы таңууну чечип, уккучун салып көпкө тыңшады. Анан медсестрадан бөлөгү чыгып кетти. "Суу, суу берчи, өлүп баратам" деди берки. Медсестра шылдыңдагансып күлүңдөй карап турду да, чүпүрөктү сууга малып туруп чекесин, оозунун тегерегин сүртүп-сүртүп коюп, "сага ушул да жетет" дегенсип чыгып кетти. Эриндерине ным чүпүрөк тийгенде тили менен жала-###### алгысы келген менен тили колдоюп оңдуу күрмөлбөдү.
Канткен менен чекесине, ооздорунун тегерегине тийген муздак суудан каниеттене түшсө да, кайра эле суусап чыкты. "Айланайындар,
өлүп баратам, суу бергилечи"
деп кыйкырды, бар күчү менен. Эч ким уккан жок. Чындыгында жанатан бери "сүйлөп жатам" деп ойлогону менен добуш чыгармак түгүл эриндерин да оңдуу кыймылдатууга жараган эмес.
Көп өтпөй жанагы медсестра дагы бир догдур экөө келди да сол колунун каруусуна тамма дары куюшту. Дары денесине тарай баштаганда, кайрадан көз алдына баягы кызыл куюн пайда болду да, жаны кыйналып кирди. Канча жатканын ким билет, бир учурда кулагына баягы үн кайра угулду: "Жаныңды берип кутулам деп ойлобо. Ач көзүңдү. Сен айыгасың. Жарым жан болсоң да жашайсың" деген буйрук берди.
Көзүн ачса, жанындагы орундукта аялы отуруптур. Көп ыйласа керек, көздөрү шишип кеткен. Апасына ыктай кичүү уулу отурат. Жалдырап, атасын тиктейт. Беркинин көзүнүн ачылганын көрүп, тигилер кубанып кетишти. Аялы эңкейип чекесинен сылай кетти. Бир нерселерди сүйлөп жатты, берки уккан жок. "Суу берчи бай болгур" деди. Аялы укпады. Нымдуу чүпүрөк менен кебер####н эриндерин гана сүртүп-сүртүп койду. Ушул ным чүпүрөктү тиштеп, суусун соргусу келди эле кыймылдамак түгүл оозун да ача албады.
Кийин эсине толук келгенде укса, бир жума дегенде барып көзүн ачкан экен. Чындыгында догдурлар "киши болбойт, аракет кылып деле кереги жок", - дегенсишип көңүл бөлбөй калышканда күтүүсүз көзүн ачып, эриндери кыбырап, кадимкидей жан кирип, жүрөгүнүн согушу калыптанып кетиптир. Мындай күтүүсүз өзгөрүүгө догдурлар да таң калып калышыптыр. Авариядан сынган омуртка, жамбаш, бут сөөктөрү бүтпөй, жарым жылдан ашык ооруканада жатты. Дарылаган догдурлар "Ажалың жок экен, жүзгө чыгасың. Он эки жилигиңдин эки-үчү соо болбосо бүт кыйрап, баш сөөгүңдөн жарака кетиптир эле, "өлдү" деп койсок да кайра тирилип кеттиң" деп тамашалап жүрүштү. Өзү болсо өлүмдөн коркуп, жашагысы келсе, да ооруканадан чыгаары менен укмуштуу тагдыр күтүп тургансып, жүрөк заада болуп жүрдү. Ал түгүл ооруканадан такыр эле чыккысы келбеди. Эми үйүңүзгө бара берсеңиз болот дегенден кийин да, башкы врач менен сүйлөшүп, "дагы жакшылап дарылайынчы? " деп эки ай жатты. Баш-аягы бир жыл дегенде барып үйүнө чыкты. Оң ыптасы жакшы иштебей, оң бутун сүйрөп басып, оң колунун манчалары жакшы кыймылдабай калганын догдурлар "нервден" деп коюшту. Кайсыл бир нерв тамырлары жанчылып калгандан болуптур.

#10 03 October 2012 - 11:41
Ооруканада жатканындагы көргөн бир түшү эсинен кетпейт. Бирде түшүндө эмес эле өңүндө болгонсуйт.
"Эми жакшы болуп калдым, мына чыгам ана чыгам" деп турган күндөрү болчу. Таңга жуук ойгонуп кетти. Саатын караса бештен он минут өтүптүр. "Эрте экен" деп кайра үргүлөп баратканда эшик кыйч ачылып, атасы кирип келди. Атасынын дүйнөдөн кайтканына 20 жылдан ашып калган. Ал сакалы жайкалган кызыл жүздүү, дайым күлүп-жайнап жүргөн шайыр киши эле, жүдөп, оролгон ак кепининин ар жери күйүп калыптыр. Босогодо кичине туруп калды да, анан акырын басып келип, баласынын жанындагы орундукка отурду. Жүрөгү лакылдап чыккан берки: "Ата сиз кайдан жүрөсүз?"
- деди.
- Ай, уулум ай, сени кайсыл шайтан жолдон адаштырганда, жаман ишке бардың экен?
- Кандай жаман иш, ата?
- Баягы мүрзөлөрдүн арасына өлтүрүп таштаган келинчи?
Беркинин жүрөгү кысылып, кыйнала баштады.
- Аны сиз кайдан билесиз?
- Билем балам. Билгенимден ушинтип өрттөнүп жүрбөймүнбү. Энең да билет. (Энеси да 15 жылча мурун каза болгон эле). Ал байкуш таптакыр күйүп кетти, сени "коргойм" деп жүрүп. "Жаным аман калды" деп кубанып жатасың. Кубанба балам. Андан көрө Кудай жолуна түшүп, күнөөңдү жууштун жолун изде. Ооруканадан чыккандан кийин сени тозок күтүп турат. Өлүүлөрдүн тозогунан тирүүнүн тозогу кыйын болот. Сага тирүүнүн тозогун даярдашууда. Тилимди ал, күнөөңдү жууштун жолун изде. Ооруканадан чыгаарың менен аракет кыл. Кийин, кеч болуп калат. Аңгыча терезелер шарт ачылып, кызыл куюн пайда боло калды да, атасы куюнга сорулуп, терезеден чыгып кетти. Учуп баратканда да бир нерселерди сүйлөп баратты, бирок анысын уга албады.
...Ойгонсо, чын эле терезе ачылып, желге чайкалып турган экен. Кечинде жакшы эле жаап жатышкан. Чекесинен муздак тер чыгып, температурасы көтөрүлүп калыптыр. Жанында жаткандардын бири ойгонуп кетип: - "Эмне болду, кыйналып жатасыңбы?" - деди эле кыңкыстагандан башка жооп бере албады. Тигил туруп, медсестраны чакырып келди. Медсестра аял температурасы көтөрүлүп кеткенин көрүп коркуп кетти, жүгүрүп чыгып, кезектеги врачты чакырып келди. Врач көрүп чыгып: - "Эмне муздак суу ичтиңизби, же шамалдап калдыңызбы? " - деп көндүм суроолорун берип кирди. Ийне сайып, дары берип жатып, араң калыбына келтиришти.
Мына ушул окуядан кийин ооруканадан чыккандан коркуп жүрдү. Атасы келген түш, басса-турса эсинен чыкпады. Бир жолу ары жакка барып, кайра келгенден кийин жан таттуу болуп калдыбы, атасынын тилин алып, өз күнөөсүн жоюунун жолун издейт. Бирок, таба албады. "Өз жанымды кыйсамбы?" дейт. Жашагысы келди. Жашоонун ушунчалык таттуу экенин чындап сезди. Кеп, ойноп-күлүп эле көңүл ачышта эмес, күндө бир келин-кыз менен болуп, чер жазышта эмес, жөн гана бутуң басып, оозуң сүйлөп, тынч тиричилик кылуунун өзү ырахат экенин сезди.
Жеке баамында жыргалчылыкты күндө бир аял менен болууга өтө байланыштырып жибергенин сезди. Ал түгүл кимдер менен болгонун, жашын, кыз же келин экенинен бери тизмелеп жазган блокноту боло турган. Жакын жолдошторуна көрсөтүп, мактанып: "Көрдүңбү, эки жүздөн ашып калды. 50гө чыккыча 400гө жеткизсем Чынгызхандан ашам. Согушсуз эле катынпоз боюнча Чынгызхандан өтүп кетпесемби" деп каткырып калчу. Айрым достору ага атаандашууга аракет кылса, айрымдары жөн гана уга жүргөн кептери катары ишенип-ишенбей, кол шилтеп коюшчу. Ошондой уу-дуу турмуштун шарданында "өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем" деп жүргөн кезде эмне гана ишштерди жасабады, нелер гана башынан өтпөдү. Далай оор жагдайлардан да "кылт" этип эбин таап, кутулуп кеткенин эрдик катары баалап, өзүн-өзү "жигиттин жигитимин, сууга салса да кургак чыгам" деп жүрдү. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй "Урунарга тоо, урушарга жоо таппай" турган ошондой күндөрдө, кызыл көйнөкчөн келинге жолуккан. Өткөндө атасы келип, түшүндө эскертип кеткен окуя ошол жылдарда болгон. Андан бери арадан "жылт" этип он жети жыл өтүптүр. Баары эсинен чыгып, унут болуп калган.
Эми минтип кайра баарын эстөөгө тагдыр аргасыз кылып отурат.

#11 03 October 2012 - 11:52
Ооруканадан чыгып келгенден кийин кой союп куран окутуп, түлөө өткөрдү. Башын куттуктап эсен-соо ооруканадан чыкканын көргөнү келгендердин опур-топуру эки жумада барып аяктады. Кантсе да ооруканада жүргөндө аз кыймылдаганга көнүп калган денеси конок-кара менен кошо туруп-отуруп жүрүп, кеч киргенде кадимкидей чарчап, "тырп" этпей жыгылып жүрдү.
Август айы аяктап калган кез. Шагын ийген жер-жемиштердин асты бышып, күздүн алгачкы сүртүм бышыкчылык боегу алма түсүнө түшө баштаган. Шаардын тоо жаккы четиндеги чакан айылга салдырган эки кабат үйүнүн экинчи кабатындагы терезеси, бакчаны караган бөлмөдө, терезелерин ачып коюп салкындап жаткан. Гезит-журналдарды бир сыйра эрмектеп карап чыккандан кийин, жөн гана тынч жаткысы келди. Терезе тушундагы чоң түп алмурут быйылкы жылы түшүмдү аябай алган экен жарыктык, шагы ийилип бутагы жерге салбырайт. Ал түгүл эки чоң шагы түбүнөн айрылып да кеткен экен.
- Ата көрү, оокат мага эле керек. Кара, ушуну сындырбай, жөлөтүп коюуга жарашпагандарын, - деди ичинен бала-бакырасына ачууланып.
Көк асманда күздүн үзүм-үзүм ак булуттары каалгып жүрөт. Ак мөңгүлөр күн нуруна кактана магдырашат. Не аптаптын күчүнөнбү, сайраган куштар ысыктан качып, житип кетишсе керек, теребелде тынчтык.
Алмурутка жанаша кеч быша турган кыштык апорт алма бар эле. Али эрте болсо да айрым күнөстүү жердегилеринин бөйрөктөрү кызара баштаган экен. "Күз эрте келет көрүнөт" деди ичинен.
Күтүүсүздөн алмурут багынын үстүнө, буладай ак булут келип конду да, куюн айдагансып удургуй түшүп, созулуп, кызыл түскө айлана баштады.
Беркинин башы жарылып кетчүдөй болуп, чытырап ысып, "бөлмөдөн чыга качсам" деди эле, ордунан козголууга дарманы жетпеди. Болгону бир оодарылууга жарап дивандан полго кулап түштү. Кыйкырайын десе үнү чыкпады.
Кызыл күйнөгү эмнегедир дайыма бир башкача желпилдеп турган баягы келин, терезеден "зып" деп кирип келди. Берки полдо ооналактап, турууга аракеттенгенинен эч нерсе чыккан жок. Бул жолу келин гана сүйлөп жатты. Беркинин тили байланып калгансып үн да дей албады.
- Эх, мен сенин ушул бөлмөңдү жакшы көрчү элем. Эсиңдедир. Кандай гана сагындым.
Эч дабышсыз басып жүрдү. Анан дивандын үстүнө отуруп, беркини тиктеп турду да, чарчагансып жаздыкка кыйшайды. Жаздыкка кыйшаяры менен келиндин сулуу жүзү өзгөрүлүп, кагыраган скелетке айлана түштү. Анан, баягы өзү жакшы билген келин экендигин азуусундагы өзү салдырып берген алтын тиштери гана билгизгенсийт.
Андан аркысы эсинде жок. Эсине келгенде, догдур укол сайып жатыптыр. Аялынын айтымында оозунан ак көбүк куюлуп, тилин чайнап полдо жаткан экен. Өзүнө толук келгенден кийин аялына "башка бөлмөгө барып жаталычы" , - деди. Аялы: "бүгүн кеч болуп кетти, эгер кааласаң жатуучу бөлмөбүздү башка жакка эртең которолу, бүгүнчө ушул жерде эле жаталы. Жыйырма жылга жакын жаткан бөлмөбүз. Тынчсызданбачы" , - деп жооткотуп, болбой койду. Жүрөгү бир нерседен дүпөйүл болуп кыйналып жатып, көзү илинип кеткен экен, кайра чоочуп ойгонуп кетсе, жанында аялы эмес эле кызыл көйнөкчөн келиндин скелети жатыптыр. "Баа" деп бакырып, ордунан учуп туруп, эшикке ат койгонун бир билет. Ошол боюнча кайра эсине "чымкоргондогу" акыл-эсинен айныгандардын ооруканасынан келди.

#12 03 October 2012 - 11:58
мен кыскача эле угуп озум окуй элек элем дагы коп-коп жазылса
Падыша бол, кайырчы бол баарыбир,
Олум учун бирдей сенин катарын.
Олум учун бирдей сенин катарын.
#13 03 October 2012 - 12:10
- Мен каяктамын? - деди жанында жаткандан. Ал беркини бир топко ырсайып карап турду да:
- Сенби. Сени бүгүн бюрого саламын, уктуңбу! - деп ордунан секирип турду да, тиштерин кычыратып, көздөрүн акырайтып, калчылдап карап калды.
- Соо немеби? - деди берки, ичинен. Ордунан турса ак көйнөк, ыштан кийип жүрүптүр. Көкүрөгүндө катар номери да бар экен. Жаткан кроватынын кырына отуруп алып, башын мыжып канча ойлонсо да кайда экенине эс-акылы жетпеди.
Аңгыча ары жактан күрсүйгөн бирөө жүгүрүп келди да:
- Жаным, алтыным кандайсың? - деп катынын жаңы көргөнсүп, өпкүлөп басып жыгылды. Тырмалаңдап канчалык кутулууга аракет кылган менен ныпым алы калбаса керек же тигил күрсүгүй букадай күчтүү немеби, бир паста беркини кыз көргөнсүп баса калып, ак ыштанын чечип ыргытып жиберип, зордуктап кирди.
Кошунасы болсо ордунан атып туруп:
- Мен силерди көрсөтөм. Бүгүн бюродо маселеңер чечилет. Бузулган акмактар. Түрмөнүн түбүндө чирийсиңер, - деп чучуктай чыңырды эле, үнүнүн ачуулугунан беркинин үстүндөгү күрсүгүй да чоочуп кетип, тура калып өз кроватын көздөй "Кечиресиз, кечиресиз" деп бөйпөңдөп жөнөдү.
- Аа-аа жер көчүп келатат, жер көчүп келатат, - деп ар жакта жаткан бирөө ордунан атып туруп, беркинин кроватынын астына кирип кетти да, көп өтпөй кайра башын чыгарып:
- Экөөбүз аман калдык. Кудай де, экөөбүз аман калдык, - деп ыржайып койду.
Өңү же түшүн ажырата албай же эсине толук келе албай, эптеп ордунан туруп, күрсүгүй ыргытып ийген ыштанын алып, жаңы эле кийейин деп жатса, элдин баарын "бюросу" менен коркуткан неме артына жабышып калбаспы.
- Сени партиядан чыгартпайм, коркпо. Өзүм жоопкерчилигин алам, - деп жанталашып шыбырап жүрөт. Жанатан көзүнүн кыйыгы менен карап жаткан күрсүгүй, жөн ыкка көнбөй жулунуп жаткан беркиге кыжыры келип кетти окшойт. Ордунан туруп талтактай басып келип, беркинин мойнун колтукка салып катуу кысканда, "кың" дебей кыймылсыз туруп бергенге аргасыз болду.
Бир бөлмөдө жаткан тогуз адамдын жетөө, эң бурчта жаткан чал менен өзүнчө эле шылкылдап музыка ойногондон башкасы, жайма жай орундарынан туруп келишип, демейдеги ишине киришкендей кезекке тура башташты. Берки алынын барынча:
- Жардамга, эл-журт жардамга... Айланайындар, кое бергиле, мен эркекмин, - деп кыйкыра баштады.
Аңгыча эшик ачылып, колунда узундугу жарым метрче келген, килейген токмогу бар күрсүйгөн, семиз, кара аял кирип келди да:
- Өлүк канаңды... көк мээлер... Кудай булардын мээлерин алып, аңгилигин калтырып койгонун кантейин. Эртеден кечке бири-биринин көчүгүнө жабышкандан башка акыл калтырбаганын кара. Кудайдын кусуруна калган шүмшүктөр, - деп айкыра качырып киргенде, бирлери кроваттын астына, бирлери төшөгүнө оронуп, баары туш тарапка качты.
Берки ордунда кала берди, тушоосундагы ак дамбалга чалынып. Аял жүгүрүп келип аны жонго таягы менен бергенде;
- Менде эмне күнөө. Зордоп жаткан тигилер болсо, - деп чаңырып жаш балача ыйлап жиберди.
Беркини таң кала тиктеген аялдын көзү алая, таягын экинчи жолу, дагы урууга даярдап көтөргөн боюнча тиктеп турду да:
- Акылыңа кирип калгансыңбы? - деди.
Берки шашыла ыштанын көтөрүп. Аялды жалооруй тиктеген калыбында:
- Мен каяктамын? Мени бул жакка ким алып келди? - деген суроолорду биринин артынан бирин берди.
- Кудая тобоо! Сен чын эле эс-акылыңа келип калсаң керек, - дей жакын басып келип, беркинин көздөрүнүн агын барбайган бармактары менен ачып, карегин карап туруп:
- Чын эле көздөрүң оңолуп калыптыр. Жүрү сени врачка көрсөтөйүн, - деп ээрчите жөнөдү.
Килейген калың эшиктен коридорго чыгышты. Чыгаары менен эшикти кайра кулпулап койду. Ар биринде ак халат кийген күзөтчү бар үч эшиктен өтүп баргандан кийин, бир бөлмөчөнүн эшигин ачып, босогодон башбакты:
- Кирүүгө уруксаат бекен?
- Киргиле. Бөлмөдө көз айнек тагынган олбурлуу, бети балжайган ак халатчан адам отуруптур.
- Мойдунович, бул оорулууңуз байкашымча эс-акылына келип калыптыр.
Доктур астындагы кагаздардан башын көтөрүп, көз айнегин оңой, бирде семиз аялды, бирде беркини таң кала карап турду да.
- Сизге муну бул жакка ээрчитип келүүгө ким уруксаат берди? - деп атырыла ордунан тура калды.
Семиз аял бүжүрөп коркуп кетти.
- Мойдунович, байкасам эс-акылына кадимкидей келип, сүйлөп калыптыр, -деди жанагы токмогу менен атырылган каардуу аялдын үнү араң чыгып: -Жолдо катар да эч тартип бузбай ээрчип келди. Өзүңүз деле карап көрсөңүз. Артка кетенчиктеди.
- Мунун айыккан-айыкпаганын ажыратып, анализ бергидей сиз эмне врачсызбы? Бирин-бири өлтүрүп жатса ажыратыңыз. Тазалыгын сактаңыз. Кыскасы өз жумушуңузду билиңиз. Уктуңузбу! ?
- Уктум! Кечирип коюңуз, Мойдунович. Кайра ээрчитип кетейинби?
Доктур орунтугун айлана беркилерге жакын басып келди да, беркини тикирейе тиктеди. Анан жай үнү менен:
- Өзүңүздү кандай сезип турасыз? - деп кайрылды. - Жакшы эле. Жанатан берки сүйлөшүлгөн сөздөрдөн, чөйрөдөн улам өзүнүн кайда экенин болжоп, сезип турса да, жүрөгү ишене бербей:
- Мен кайдамын айтыңызчы? Мени бул жакка ким алып келди? - деген суроолорду узатты. Доктур суроолоруна жооп бербестен: "Бул жакка олтуруңузчу" , - деп орунтук көрсөттү. Берки басып барып догдурга көрүнгөнү жаткан оорулууча жайгаша отурду.
- Мына, эс-акылына келип калыптыр, - деп чыйпылдап жиберди, семиз кара аял.
- Сизден эч ким, эч нерсе сураган жок. Доктур аны акшыя карады. Анан беркинин көздөрүн колу менен ачып, чөнтөгүнөн чоңойткучун алып чыгып, биртопко карады да, суроо берип кирди:
- Атыңыз ким?
- Кутман.
- Фамилияңыз?
- Кадырназаров.
- Кайда иштөөчү элеңиз?
- Жол кырсыгына кабылып бир жылдан бери иштей элекмин.
- Мурдачы?
- Мурда республикалык текшерүү комитетинде иштөөчүмүн. Кызык, мунун баарын менден неге сурап жатасыз? Сиздеги менин мед.карточкамда баары жазылуудур да.
Доктур жанагыдан да жумшак сүйлөп:
- Кечиресиз, бул суроолор биздин ишке керек, - деди да дагы бир топко балдарынын, аялынын атын, жашаган жеринин дарегин, туулган жерин сурады.
Анан берки семиз аялды кетирип жиберип, дагы бир ак халатчан эркек менен орто бойлуу аялды чакырып алып, коңшу бөлмөгө киришип, кичине кеңешип отурушту да, чыгып келишип кайра көзүн ачып, үчөөлөп улам бири карап, отургузуп, тургузуп, оң буту, сол буту кайсы экенин сурашып, тажатып жиберишкенде, берки чыдабай кетип:
- Бай болгурлар мен сопсоо элемин. Үйдөн аялымды чакыртып койгулачы, телефон чалып, келсе сүйлөшөйүн, - деди да номеринен бери айтып берди.
- Тигилер кайра коңшу бөлмөгө кирип кетишип, кичине акылдашып чыгышты да, Кутмандын өзүн коңшу бөлмөгө кийирип, эшигин бек жаап коюп бир жакка телефон чалып, кужулдашып көпкө сүйлөшүшкөндөн кийин бир учурда эшикти ачып:
- Келиңиз аялыңыз менен сүйлөшүңүз, дешти. Берки шашыла демигип барып трубканы ала койду да:
- Кандайсың, Салтанат (аялынын аты Салтанат эле) ден-соолугуң жакшыбы, бала-бакыра кандай? - деп ал-жай сурап кирди.
Аялынын үнү кардыгып, араң эле жооп берип жатты.
- Сага эмне болгон, ооруп турасыңбы? Мени бул ооруканага ким алып келди? Качан жаткыздыңар эле? - деген суроолорду бергенде, аялы такыр эле жооп берүүгө жарабай калды.
Доктурлар да бир нерсени боолголошту окшойт. "Болду. Сүйлөшүү убактыңыз бүттү" дегенде, берки:
- Келип кетчи? - дегенге үлгүрдү. Андан соң доктур өзү ээрчитип алып, жалгыз койкасы бар терезеси тордолгон бөлмөгө алпарды да:
- Тамак ичкиңиз келеби? - деди.
- Ичегим жабышып өлгөнү турам, бир жума тамак ичпеген кишидей болуп, -деди берки жашырбай:
Доктур чыгып кеткенден көп өтпөй, тамак көтөрүп келишти. Баарын шыпкап ичкенден кийин, денеси шалдырай түшүп, койкага кыйшайып жата кетти. Катуу уктап калган экен, бир убакта эшиктин ачылганынан ойгонуп кетсе, баягы семиз, кара аял экен. Болгону колунда токмогу жок. Жүрөгү оозуна тыгылып, калчылдай одеялдын астына бүрүштү.
Тигил жылмая карап, балтаңдай басып келип, кроваттын жанындагы орунтукка отуруп, каадалана чалкалай доктурча беркиге кайрылды:
- Байкушум, сага кудайдын боору ооруду. Эс-акылыңа кайра келдиң. Кана, бери болчу көзүңдү көрүп коеюн. Аябай ыкшыя карады да:
- Мына, кадимкидей жакшы болупсуң. Эми Кудай сактасын де. Эс-акылыңдан кайра айныбашка аракет кыл. Мен он беш жылдан бери ушул жерде иштейм. Болгондо да жанагы сен жаткан, эң ашынгандарды кармаган палатада. Сендей болуп туруп-туруп эле эс-акылына кайра келип, куландан соо болуп кеткендердин, бери дегенде ондон ашыгын өз колум менен узаттым. Анын ичинен экөө гана кайра келди. Калганы ошол боюнча айыгып кетти.
- Мен кайсы ооруканадамын?
- Аа байкушум, сага врачтар эч нерсе айткан жокпу. Алар ошенте беришет. Калп эле сактанышып. Баары Кудайдын буйругунан. Жашырганда эмне, эртели-кеч билесиң да. Сен кадимки "чымкоргондосуң" .
- Чымкоргондо? !
Чоочуганынан ордунан тура калды. Акылынан айныгандардын ооруканасында экенин түшүнгөн, бирок, "Чымкоргон" оюна келбептир.
- Ооба. Анын эмнесине чоочуйсуң. Болгондо да байкушум айыгуудан үмүт үзүлгөн, "ашынгандар" деп бөлүп койгондор менен жатпадыңбы. Тагдырың оор экен. Бир жакшы жери, айнып жүргөн кезиңде көргөн кордугуңдун бирин да билбей калдың да. Туурабы?
- Качантан бери жатам?
- Бир жарым жылча болуп калды.
- Бир жарым жылча? Дагы секирип чоочуду.
Семиз, кара аял экөө тээ түн ортосунан оогуча сүйлөшүп отурушту. Өз кезегин өтөгөнү келгенде, Кутман жөнүндө билгендеринин баарын айтып берди. Аялы келсе эле "Кызыл көйнөкчөн келатат. Шуру келатат" деп бакырып, жолотпойт экен. Бүт аял аттуунун баарынан коркуп, кармагандарды тиштеп-тытып жулунчу экен.
Жанагы жаткан бөлмөсүнүн башчылары "бюро" (дайым эле баарын бюрого салам деп кыйкыра бергендиктен "бюро" деген атка ээ болуптур) менен "К... жинди" (эси-дарты эле ошол болгондуктан, ушундай атка ээ болуптур) дегендер экен, эс-акылдары жок болсо да, айбанаттардыкы сыяктуу бир-бирине баш ийүү бар экен. Тигил экөө калган жетөөнү каалагандай эрмектей беришет экен. Практикант студенттер келгенде, кыз-эркеги дебей, айнектин сыртынан тогузунун кылыктарын карап, боорлору ката күлүшчү экен. Кара катын өзүнүн кезеги келгенде, андай студенттерди жолотпой кубаласа, өнөгү Тамара кайра түрлүү "спектаклди" коюп берүүчү экен.
Ушулардын баарын саймедирей сайраган кара катын кетеринде "Экинчи ооруба, байкушум. Өзүң чоң кызматта иштеген жигиттин гүлү болгон экенсиң. Тагдыр да. Жанагы жерде секретарь, обком, начальник, милиция, койчу, соодагер да отурат. Кудай баарын бир бөлмөгө камап, бир паста айбандан да төмөн кылып койду көрдүңбү? Болбосо, да ар кимиси өзүнчө чиренчү эле" деди.
- Эжеке, жалгыз бөлмөдө жаткандан коркуп жатам, таң аткыча отура турасызбы? - деп жаш балача жалдырап жиберди.
- Атаны байкушум ай-ээ... Мейли, мен азыр тигилер бирин-бири өлтүрүп салбай тынч жатты бекен карап келейин. Баарына уктаткандын даарысын ичирип койгом, ошентсе да караш керек, өзгөчө жанагы шүмшүк "К... жинди" бат эле ойгоно берет, - деп чыгып кетти да, жарым саат өтпөй раскладушканы көтөрүп, кайра келди.
- Дарыдан аябай бердим эле, "тырп" этпей уктап жатышат. Көзүңдү алайтпай сен да укта, - деп коюп, өзү раскладушкага жатаары менен уйкуга кетти.
Кутман болсо улам көзү илинип баратса, кайра чоочуп ойгонуп, тынч уктай албады.
Семиз караны эртең менен эрте бир медсестра келип ойготуп кетти. Кейпи, дайындап койсо керек.
- Кой, мен дежур врач ойгоно электе ордума барайын. Мейли, жакшы кал. Сени эми көп болсо бир жумача кармап, бошотушат, - деп жайдары коштошуп чыгып кетти.
Жумушчу күн баштала электе аялы, балдары, туугандары болушуп үч машина менен жетип келишиптир. Алгач врачтар аялын көрсөтпөй сүрөтүн көрсөтүп, "Бул ким, тааныйсыңбы? " деп жатышып балдар-кыздары, келген туугандары бүт учурашкандан кийин барып араң көрсөтүштү. Аялы, берки учурашканда колдору калчылдап, коркуп турганын жашыра албады.
Экөө тең кучакташып туруп буркурап ыйлап жиберишти.
Доктурлар "Дагы бир жумача калсын, текшерилсин" дегенине Кутман болбой, аялына, туугандарына "Мени алып кете көргүлө, бир мүнөт да калтырбагыла" деп жалдырап жиберди. Ары кетип, бери кетип жатышып туугандары чыгарып баса беришти.
Жол боюндагы теректерди артка таштап, шуулдаган "Волганын" ичинде келатып, "кызыл көйнөкчөн келинге" кайрадан жолугушаарын жүрөгү менен сезди. Бирок, бул жолу коркподу. Кайра, "эртерээк жолугушуум керек" деп эңсеп да келатты.

#14 03 October 2012 - 15:51
Үйгө келишкенден кийин туугандары "түлөө өткөзөлү"
дешти эле, Кутман болбой койду. Жакындары чогулушуп ырым кылышты да, опур-топурсуз тарашты. Анын үстүнө Кутмандын таза айыкканына эч кимиси деле толук ишене элек болчу.
Туугандары тарагандан кийин, Кутман саунаны жактырып, аябай жуунду да, кийим которуп кийинейин десе, ушунчалык шимилип, арыктагандан мурдагы кийген кийимдеринин бири да чак келбей калыптыр, жаш балага кийгизгенсип шөлбүрөп. Тескерисинче улуу баласынын кийимдери чак экен. Эптеп эле "Көңүлү чөкпөсө экен" деп карбаластаган аялы уулуна машинасын айдатып алып, күйөөсүнө жаңы кийим издеп, шаар кыдырып кетти.
Көздөрүн алайтып атасына жакындагандан корккон балдарын көрүп, Кутмандын канчалык зээни кейисе да, сыртынан сыр бербеске аракеттенди.
Өзүнчө калган Кутман экинчи кабаттагы баягы бөлмөгө көтөрүлдү. Эшиктин туткасын кармаган боюнча, жүрөгү даап ача албай кичинеге турду. Ал түгүл чекесинен тер да чыга түштү. Акыры кайратын жыйып, эшикти "шарт" ачып кирип барды.
Бөлмөнүн жасалгасы мурдагыдай эле экен. Болгону, эки кишилик уктоочу мамык дивандын үстүнө жука жабуу жабылып, төшөгү жок турганы, бул бөлмөгө көптөн бери эч ким жата электигин айгинелегенсийт. Бир сыйра айландыра карап, киши бою чоң күзгүгө келгенде, бир топко өз келбетине өзү бир чети таңдана, бир чети сынай, бир чети "акыры ушуну көрмөксүң" деп табалай тиктеп турду. Шөлбүрөгөн костюмдун ичинде арыктаганынан калжайган, башын араң көтөргөн моюну илмийип, скелетке кийим кийгизген####н неме тиктеп турду. Биринчи көргөнгө деги эле шумдук көрүнөт экен. Жаак эттери шимилип, көз чарыларынын чуңкуру ары кирип, териси эле болбосо тирүүлөй скелет. Куудай агарган чачы суюлуп, жүндөй уйпаланып калыптыр.
"Чын эле ушул турган менминби" деди ичинен түтөй күйүп. Анан күзгүнүн үстүнө илинген өзүнүн портретин карады. Анда келбети келишкен, кайраттуу чачын артка карай тараган, чиренген жигит күлүмсүрөй карап турду. Жүрөгү дүкүлдөп ысып чыкты. Басып барып терезени ачып жиберди. Бакчадан жаз илеби менен жердин, жаш чөптүн, гүлдүн жыты урду. Бул жашоо кумарынын жыты эле. Өпкөсү жарылып кете сактады. Сендиректей түшүп келип диванга отура кетти.
Кичинеге башын мыжып отурду да, кайра ордунан туруп келип, күзгүнүн үстүндөгү портретин алып, кийим илгичтин ичине катып салды. Кичине жеңилдене түшкөнсүдү. Кайра күзгүгө келип өзүнө тигилди. Өзүнүн көзүн өзү тиктегиси келди. Ушунча жашап келатып, өмүрүндө өзүнүн көзүн өзү тиктебептир. "Сен деги кимсиң? Кел чындыкты ортого ачалычы" - деп, өз көзүн өзү тиктебептир. Ойлоп көрсө, өз көзүн өзү тиктөөдөн качуучу экен, кызыл көйнөкчөн келинден качкандай качуучу экен.
Бозоруп, оту качкан каректер. "Кечирээк тиктештик. Кеч болуп калды" -деп сүйлөп жатты. Түшүндү. Үнсүз түшүндү. Айтуунун кереги жок эле. Көөдөнүн жарган чындыкты түшүндү. Аңгыча "булак" деп терезеден "кызыл көйнөкчөн" көрүндү да, адатынча эч дабышсыз бөлмөгө кирип келди. Кутман бурулуп караган жок. Эч кыймылсыз, күзгүдөн кызыл көйнөкчөндү тиктеп тура берди. Болгону, баягы адатындай муундары калчылдап, жүрөгү дүкүлдөп чыкпады. Тескерисинче көптөн бери зарыгып күткөнү акыры келгенсип жеңилдене түштү. Каккан казыктай болуп, күзгүдөн тиктеп тура берди.
"Кызыл көйнөкчөн" каалгый басып тигинин катарына, бир кадам арткараак токтоду. Экөө бирин-бири күзгүдөн тиктеп турушту. Кызыл көйнөкчөндүн жеңинен скелет колдору көрүнбөдү. Ал түгүл скелет буттары да көрүнбөдү. Кыпкызыл көйнөгү гана бөлмөдө жел жок болсо да делбиреп турду. Каректери бакырайып, капкара болуп чачырайт. Чачы жайылып, далысын жаап, көйнөк менен кошо делбирейт. Эриндери кымтылып, жүзү сустаят. Баягы тааныш жылмаюу жок.
- Көрдүңбү, мен тирүүнүн скелети болдум. Акыры максатыңа жеттиң. Эми жанымды алганы келсең керек, - деди Кутман. "Кызыл көйнөкчөн" үн да дебеди. Бирок, Кутман "Биз сүйлөшүүчү жер бул жер эмес. Экөөбүз сүйлөшчү жерге кел" дегенди туйду.
- Балким менин жанымды коерсуң, ансыз да тирүүнүн өлүгү болдум, - деди Кутман.
- Мен сага эч нерсе кылган жокмун, сен өзүңдү-өзүң кыйнап жатасың. Болгону мен сенин көзүңө көрүнүү кудуретине ээмин. Сени ажалдан сактадым. Оорудан айыктырдым. Сен адамдык карызыңдан кутулуш үчүн экөөбүз сүйлөшүүчү жерге кел, - дегенди келин күзгүдөн үнсүз тиктеп турса да түшүндү. Көз ирмемде келин жок болуп кетти. Терезеден ийиктей чимирилген кызыл куюндун чыгып баратканын Кутман көрүп калды.
Жатууга келгенде Кутман аялынан төшөктү жанагы бөлмөгө салып берүүсүн өтүндү. Аялынын көздөрү алая түштү да:
- Балким башка бөлмөгө эле жатаарсың, биринчи кабаттан бир бөлмө бошотуп, дайындап койдум эле, - деди.
- Жок, мен айткан бөлмөгө салып бер. Өзүң болсо башка бөлмөгө жата бер. Менин жалгыз жаткым келип жатат, - деди орой.
Аялы үн дебеди. "Жалгыз жаткым келип жатат" дегенине кубанып да кетти.
Күйөөсү суранып жаткан бөлмөгө эч ким жатчу эмес. Анткени, туруп эле терезе өзүнөн өзү ачылып кетип, жаздыктар уйпаланып, киши жаткандай болуп калып, же кандайдыр бир добуштар угула берүүчү.
Аялынын Кутмандын тили менен "каргашалуу бөлмөгө" төшөк салып бергенден башкага аргасы келбеди. "Балдарыңды сагындың го, балдар жаткан бөлмөгө жатсаңчы? дейин десе, балдары атасы менен жатмак түгүл чогуу отуруп тамак ичкенден коркушуп, жолошпойт.

#15 03 October 2012 - 16:09
уландысыыыын жазчыы...саргайып буттум го куто берип...
Только злые люди, зла боятся!
#16 03 October 2012 - 16:20
Мемиреп уктап жаткан Кутман бирөөнүн тиктеп турганын сезип, ойгонуп кетти. Түн ортолоп калса керек. Толгон айдын жарыгы түшүп, бөлмө ичи күүгүм жарык болуп туруптур. Терезенин сыртында "кызыл көйнөкчөн келин" Кутмандан көзүн албай, тикирейип тиктеп турган экен.
Экөө бир топко тиктешти. Келиндин көздөрү күйүп турдубу ким билсин, Кутманга каректеринен бери даана көрүнүп турду. Кутман ордунан туруп терезеге келди да, аны ачып жиберип:
- Кирбейсиңби? - деди.
- Киргим келсе өзүм деле кирмекмин, - дегенди укту.
- Деги менде эмне акың калды? - деп кыжырланды, кайра бурулуп басып келип, диванга башын мыжый отуруп калды. Башы жарылчудай ысып, жүрөгү лакылдап чыкты. Кайдадыр безип чуркап жөнөгүсү келип кетти. Балким, жөнөп да калмак, аңгыча: "Байкушум, эми эс-акылыңдан айрылба. Өзүңдү карма" деген баягы жиндиканадагы семиз, кара катындын айтканы эсине түштү. "Мен эмне болуп баратам?" деди өзүнө-өзү. Башын силкип-силкип алды. Эсине келе түштү. Денеси безгек тийгендей калчылдап жатыптыр. Терезени караса ачык боюнча турат.
- Мен бул жердемин, - дегенинен караса, "кызыл көйнөкчөн" чоң күзгүнүн жанындагы креслодо отуруптур.
- Шуру, Шуружан, - жалдырай карады. Канча жылдан бери ушул атты атаганга жүрөгү чыдабай келатты эле. Канча жылдан бери "өзүн-өзү "Унуттум, эч нерсе болгон эмес" - деп ишендирип келатты эле. Канча жаны кыйналса да, ушул атты атагысы келбеди эле.
Келиндин каректери атты укканда ай жарыгындагы күүгүмдү тилип, жапжашыл болуп жалындай түшүп, кайра кыпкызыл нур болуп Кутманга кадалды. Кутман алка-шалка терге чөмүлүп, ич көйнөгүнүн көкүрөк топчусун үзүп, аба жетишпегенинен көкүрөгүн тытмалап жиберди.
- Шуру, Шуружан, ансыз да мен өлүкмүн, тирүүнүн өлүгүмүн жанымды кыйнабай алчы, - деди булдуруктап.
- Жок! Сен биз сүйлөшчү жерге келмейин өлө да, тынч да жашай албайсың. Атымды атаба. Экинчи атаба, - деди да кызыл куюнга айланып, терезеден шуу чыгып кетти.
Келин чыгып кетээри менен бөлмө ичиндеги абал өзгөрүп, Кутман өзүнө келе түштү. Ордунан туруп барып жарыкты күйгүзүп, ачык терезеден ай нуруна бөлөнүп, бейкапар тынчтыкта мемиреген бакчасын карап турду. Жаздын сыдырып урган жели чыйрыктырып жибергенинен терезелерди жапты да, кайра ордуна барып, чалкасынан жата кетти. Суу ичкиси келип, астыга, ашканага түшүп баратып, аялы эшигин кичине, кыйгач ачып, аны карап турганын байкады. Алгач "Эмне карайсың. Дагы жинди болуп кеттиби деп жатасыңбы?" - деп кыйкыра жаздап барып, кайра унчуккан жок. "Анда эмне күнөө, менин толук айыкканыма али ишене албай жатат да" деп койду ичинен. Чындыгында аялы Кутмандын кимдир бирөө менен кыйкырып сүйлөшүп жатканынан ойгонуп кеткен. Жүгүрүп барып улуу баласын ойготуп, экөө азыр телефондун жанында отурушкан эле. Эгер күчөп, эшикке жүгүрүп качууга кам урса "Тез жардамга" чалалы дешип.
Кутман эч нерсе болбогонсуп ашканадан суу ичип, кайра кыңылдап ырдай басып келип, бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол боюнча дабышы угулбай, дымып калды.
Кутмандын ооруканадан чыгып келгенине экинчи айга айланып, үйүндөгүлөр чын эле айыгып келгенине ишенип калышты. Баягы алгачкы түндөн кийин, түн ичинде бирөөлөр менен бакылдашып сүйлөшкөнүн токтотту. Болгону, мүнөзү гана таптакыр өзгөрүп кетти. Эч ким менен сүйлөшпөйт. Үйгө киши келип жатабы, кетип жатабы иши жок. Балдарын да эркелетпейт. Аялына да ашык сөз айтпайт. Керээлди-кечке бакчадан чыкпайт. Кыбырап жай кыймылдап бактарды бутап, түбүн актап, огородго ар түрлүү жер-жемиш, жашылча отургузуп, аябай эмгекчил болуп кетти. Аялынын "Жаныңды кыйнабай эле койсоңчу" - дегенине үн деп койбостон, өз ишин уланта берет. Үй-бүлөсү, туугандары "А байкуш оорудан кийин ушинтип, жарым эс болуп калган тура" деп калышты.

#17 03 October 2012 - 16:26
Күндөрдүн биринде аялы Салтанатты чакырып алды да:
- Салтан, мен алыс жакка барышым керек. Эртең жөнөсөмбү деп жатам. Жолго керектүүлөрдү даярдап койдум. Кайда? Эмнеге бараарымды сен сураба, мен айтпайын. Мага жолкире бер. Эгер кайрылып келбей калсам, кайыр кош. Балдарымды жакшылап тарбиялап өстүр. Көп эле нерсени айтсам дейм, айта албайм. Көөдөнүмдөн үн чыкпай, муунуп калып жатам, - деп айтып, тунжурап жер тиктеп калды.
- Кукен барбай эле койсоңчу?
- Жок, болбойт Салтан. Мен өз жазамды алдым. Эми силерге зыян боло электе сүйлөшүүчү жерге барышым керек. Барбасам болбойт. Сен эч нерсе сураба. Жол расход гана бер дебедимби. Анан да эч кимге оозуңдан чыгарба. Уктуңбу! Бирөөгө мени кеткени жатат, - деп айтсаң чатак иш болот. Сен оңбой каласың.
Аялынын муундары калчылдап, коркуп кетти. Күйөөсүнүн кандайдыр бир сырлуу күч менен байланышып жүргөнүнө өзү да ишенип калган эле. Ал түгүл өзү бир жолу күйөөсү жаткан бөлмөдөгү күзгүгө көрүнүп жатып, артында "кызыл көйнөкчөн келиндин" турганын көрүп, чоочуганынан:
- Сен ким элең? - деп бакыра артын караса, эч ким жок калган. Чын көрдүбү, же күйөөсү "кызыл көйнөк" деп бакыра бергенинен көзүнө элестеп кеттиби, түшүнө бербей дендароо болуп, экинчи ал бөлмөгө жалгыз кирбей, коркуп калган.
Аялы өзүн кармана албай бышактап, үйгө кирип, тутам акча алып чыкты да күйөөсүнө сунуп:
- Ушул жетеби? - деди.
Кутман акчаны алып шашпай санап, керектешинче чөнтөгүнө салды да, калганын кайрып аялына берди.
- Болду! Көз жашыңды тый. Мени эки жума күт. Эгер келбесем, молдо чакырып жаназа окутуп, өлдү, - деп ырымды жасай бер, - деди да ордунан туруп бакчага кирип кетти.
Муундары калчылдаган аялы ак да, көк да дей албай, ордунда турган боюнча кала берди.
Кутман бул күнү кечинде такыр башкача болуп кетти. Мүнөзү өзгөрүп, баягы ооруга чалдыга элек кезиндей жадырап жайнап, балдарын эркелетип, тамаша айтып, күлүп отурду. Канчадан бери күлкүлөрү угулбай, ал түгүл үндөрүн да катуу чыгарып сүйлөшпөй калган үй-бүлөө бул күнү чечекейлери чеч боло бака-шака түшүштү. Үй ичи томсорбой, шаңга толо түшкөнсүдү. Ушул кечте эч кимисинин жаткысы келбегенсип, уйкусу келбегенсип, деги эле кеч жатышты.
Эртең менен ойгоноору менен Салтанат күйөөсү жаткан баягы бөлмөгө башбакты. Кутмандын кечөөкү айтканы жүрөгүндө турган эле. Бөлмөгө түндө деги эле киши жатпагансып, дивандын үстү зыңкыя жыйналып туруптур. Шашкалактай жүгүрүп ашканага барды. Ал жерде да эч ким жок. Текчедеги идиштерге колу тийгени билинбейт.
Балдары жаткан бөлмөгө баш бакты. Жок. Кыздары жаткан жакты карады. Жок.
Акыры, "кеткен экен" деп эшикке жүгүрдү. Дарбазанын илгичи ачылып калыптыр. Эшик алдындагы орунтукка отура калып, буркурап ыйлап жиберди. Аңгыча кызы чыгып келип:
- Апа, сизге эмне болду? - деди үрөйү уча.
- Атаң жок. Эч жерден таппай койдум.
- Коюңузчу, апа. Атам азыр кадимкидей жакшы болуп калбадыбы. Балким бакчада жүргөндүр.
- Чын эле... Экөө жүгүрө бакча жакка чыгышты, ал жакта да жок экен. Кызы энесин соорото:
- Апа, балким көчөгө чыккандыр же туугандарыныкына кеткендир. Ооруканадан чыккандан бери эч кимисине бара элек эмеспи.
- Балким, - деди апасы ишенкиребей. Кутмандын кечөөкү айтканын кызына билгизген жок. Жашырды. Оозунан чыгаргандан коркту. Өмүрү өткүчө жашырды.
Кызы экөө телефон менен жакыныраак жердеги туугандарына чалып киришти. Эч жерден Кутман жөнүндө кабар угушпады. Ошол бойдон Кутман жоголду, бир жумадан кийин да, эки жумадан кийин да, жылдардын жылдарынан кийин да Кутман үйүнө кайрылбады. Кутман жөнүндөгү кабар эч жерден угулбады.

#18 03 October 2012 - 16:35
Турбайсыңбы?
- деген үндөн Кутман чоочуп ойгонуп кеткенде, күн нурлары тоо башынан жаңы эле чачырай баштаган экен. Үн кимдики экенин жаземдебей тааныды.
- Уктап кала жаздаган турбаймбы, кара баскан жаным, - деп шашкалактай кийине баштады. Ичинен жайдын алгачкы айы келип, күн ысып калганына карабай ак көйнөк, дамбалын кийип алды. Кол сумканын ичине оромол ак матаны салды да, дивандын үстүнө кичине башын жерге салып ойлонуп отуруп калды.
- Кечигесиң, - деген үн угулду.
- Жок, кечикпей калайын.
Эшикти акырын ачып, бутунун учу менен баса үйдөн чыкты. Үйдөгүлөрдүн баары мемиреп уктап жатышса керек. Дымыраган тынчтык.
Бакча жакка кайрылып, сабы анчалык узун эмес кол күрөктү алды да, мурдатан дайындап койгон мешокко салып, күрөктүн баш жагынан бир бууп оозунан бир бууп туруп көтөрүп алды. Эч дабыш чыгарбай, дарбазаны ачып эшке чыкты да;
- Кош болгула! Баарыңар кошкула! - деп күңгүрөнүп алды. Карегинен жаш тегеренип, көзү тумандап барып оңолду.
Көлдүн күңгөйү менен Кара-Колго кетүүчү автобуска отурганда, күн көтөрүлүп калган. Көлгө каттоочу жолду жаңы көргөнсүп, айлананы суктана карап баратты.

#20 03 October 2012 - 17:00
Зымыраган автобус Кутмандын көздөгөн жерине жакындаганда,
жол боюнда кызыл көйнөгү желге желбиреген келин турган экен.
- Бул арада киши деле жашоочу эмес эле кайдагы келин? - деди шофер өзүнчө. Орунтугунан туруп, чыгуучу эшикке жакындаган Кутман:
- Ошол келиндин тушуна токтотуп койсоңуз, - деди.
- Аа, сизди күтүп турган го, - деди шофер жылмая.
- Ооба, - деп Кутман бейкапар баш ийкеп койду.
Автобус жакындаганда, келин калың бактын арасына кирип кетти да, көрүнбөй калды.
- Кызыңыз уялчаак го, автобус токтогон жатса качып кетти, - деди шофер Кутманга бажактап. Чачы купкуу болуп, өзүнүн кейпи абышкадай болгон Кутманды көрүп туруп, шофер тигил кызыл көйнөктү "кызы го" деп болжоду.
Кутман үн дебестен жайлап келип токтоп, эшиги ачылган автобустан түштү да, автобус кайра жүрүп кеткиче жол жээгинде туруп турду. Автобус алыстай түшкөндө барып, бакты аралай басып, беде айдаган талаага чыкты. Жол издеп жүрбөстөн, түптүз беде шалбаасын аралай жөнөдү.
Жолго эки-үч тыныгып, улам чекесинин терин аарчый, чарчап-чаалыгып, дөңсөөлөрдүн ортосундагы эски көрүстөндөргө араң жетти.
Аралай басып орто чениндеги үстү ачык, кенен салынган коргонго келгенде жүрөгү лакылдап, башы ысып чыкты. Чөк түшүп коргондун астына отура калды.
Кулагы чуулдап, кандайдыр бир үндөр угула баштады. Айланасын караса, улам бир көрүстөн ачылып, скелеттер суурулуп чыгып жатат. Бакырайын десе үнү да чыкпай калды. Арбактар аны тытып жешчүдөй болуп, улам жакындап келатышты.
- Шуру. Шуружан сакта! - деп кыйкырып жиберди. Кыпкызыл куюн коргондун ичинен көтөрүлүп чыкканда, айланадагы арбактардын кулакты чуулдаткан добушу токтоп калды. Куюн "кызыл көйнөкчөн келинге" айланып, коргондун кырына көйнөгүн желге желбиретип отурганда, экөө тиктеше түштү.
- Мен сени атымды атаба дебедим беле, - деди келин.
- Кечир. Кечирчи мени, - деп колун бооруна ала жалдырады, Кутман.
Келиндин көздөрү бул жолу баягыдай куйкалап тиктебей, боору ооругансып, азыр карегинен жаш куюлчудай болуп тиктеп турду да, бир кезде "Ай" деп чаңырган боюнча коргондун ичине кулап түштү. Коргондун ичинен шалдыраган сөөктөрдүн дабышы угулду. Кутмандын оюна куран окуу түшө калды. Акыркы эки айда эптеп жаттаган үч кайырма курандын, коркконунан бир кайырмасы да эсинде калбаптыр.
"А уузу биллахи минаш-шайтоонир- ражиим" деп кайта-кайта айтып, аржагы эсине түшпөй койгон соң токтотту да кыргызча эле:
- Айланайын Кудай сактай көр. Айланайын Кудай ишенерим, таянарым өзүңсүң, сактай көр. Айланайын Кудай аз айып, көп күнөөмдү кечире көр, - деп бүк түшүп жер кучактай жыгылды. Бүткүл денеси менен сөөгүнүн чучуктарынан бери сыздап буркурады. Зарынын күчүнөн айлана тымтырс болуп, чегирткелердин да үнү угулбай калды. Бир канча көз ирмемге уктап кетип ойгонгондой болду. Баш көтөрүп айланасын караса, мемиреген тынчтык. Жанагы көзүнө тумандап көрүнгөн арбактар ың-жыңсыз жок. Айланасындагы коргон-мүрзөлөр эч нерсе болбогонсуп, төбөдөн кактаган күн нурунун аптабына бышып, бозоруп турушат. Делдейип бир топко дүлөй тынчтыкка кулак төшөп отурду да, акыры ордунан очорула туруп, коргонду айлана басып, күн чыгыш жагы жемирилип ураган, жапыз кырынан ичине баш бага карады. Караарын карап алып;
- Ай, мен күнөөлүү эмесмин, - деп кыйкыра, кайра артына бурулуп качам деп чалынып кулап түштү. Сүрдүгө жыгылып мурду менен тийип, оозу-мурдунан кан жая берди. Чалынып-чулунуп, туруп жүгүрөм деп кайра жыгылды. Жыгылган боюнча бирөө аны башка урган жаткансып, колдору менен башын калкалай, катып жатып калды.
Тээ өткөн жылдардагы мас жигиттин калың карга, так ушул коргондун түбүндө, так ушул жерде ушинтип томолоно жыгылып, мурдун канатканы, кайра туруп кайра жыгылганы, кардын бурганактатып уйгу-туйгу жаап турганы көзүнө элестеди.

Супер-Инфо
super.kg
видео