жумушум алтыда бутот,баарын окуганга улгурсом экен елки
Кызыл койнокчон келин Болгон окуя
#22 03 October 2012 - 17:30
Биртоп жаткандан кийин өзү менен өзү сүйлөшүп кирди.
- Качып кайда бармакмын? Өзүңдөн-өзүң кача албайт турбайсыңбы.
Алсыздыгыбыз дайым эле чындыкты моюнга ала бербегендигибизде экен. Эч кимдин астында деле эмес. Өзүңдүн астында өзүңдүн күнөөңдү эч күбөсүз, эч кимге угузбай, ичтен шыбырап гана моюнга алгандан качат экенбиз го. Өз күнөөбүздү өзүбүз өз учурунда моюнга алып, Кудай астында чөгөлөп, кечирим сурап турсак гана, аттиң.
Ордунан туруп, жүз аарчысы менен кан аралаш топурак болгон жүзүн аарчыды да, коргондун жанагы ичин караганда коркуп кеткен кырын карай кайра жөнөдү. Бул жолу карабай туруп, ичине ашып түштү. Түшөөрү менен чөгөлөй отура кетти. Бет алдында адамдын апапак сөөктөрүнүн скелети жатты. Кыймылсыз гана созулуп жатты. Көздөрүн жуумп жиберип кайра ачса, алдында апапак денелүү, мүчөсү келишкен кыз созулуп уктап жатат. Тааныш дене. Нечен суктанып карап отуруучу укмуштай сулуу дене. Бир жеринде кемчилдиги жок. Чебер сүрөтчү кыл калем менен келиштире тарткандай. Апапак былкылдаган алкымын көр да, ак алма төшүн көр. Эркектердин бүт кумар ышкысын катып алгансыган киндигин көр да, жумуру, балтырларын көр. Жүзүмдөй бөрсөйүп, алмадай кызарган эрдин көр да, таноолору билинээр билинбес бүлкүлдөгөн кырдач мурдун көр. Кирпиктери нурдай төгүлгөн көзүн көр да, серпим болуп чийилген кашын көр.
Ээй, ороло түшсө мойнуңа, жүлүнүңдү сууручу билегин көр да, сылап койсо жердин титирегенин токтотуп коер манчаларын көр. Көрбөй көзүң көр болгур ай, такыр эле ушул табият берген ыйык сулуулукту көрбөгөндө не.
- Ай Шуружан алтыным, мен куруйун. Мен куруюн. Мени шайтан сайганда... Мени шайтан азгырганда. .. Ай Шуружан, Шуружан... Мен куруюн... Түбөлүк экөөбүз бири-бирибиздики экенибизди мен түшүнбөй, мен түшүнбөй...
Буркурай боздой скелетти кучактап жыгылды. Кучактаган боюнча турбай жатты. Кылым өттү го чиркин. Турган жок. Башын кучактап, баягы өзү салдырып берген алтын тишинен кайта-кайта өпкүлөйт. Өпкүлөгөн сайын өпкүсү келет. Тобоо ай, зардын күчү кыйын белем, жашы тамган жерлер түтөй түшүп жатты го чиркин.
Бугу чыгып, көксөөсү суугуча кучактап жатты. Бир учурда:
- Кечирдим сени, кечирдим... деген үн угулду. - Кечирдим. Бир суранычым бул жолу сөөгүмдү ачык таштап, мени жол бойлотуп жүгүртүп койбой, жай казып, жерге жашырып кет,- деди Шуру.
- Ошон үчүн келбедимби, - деди Кутман чөк түшө отуруп жатып үшкүрүнө. Күрөгүн сууруп чыгып, "жайды кайдан казсам" деп айланасын карай баштады эле;
- Жаткан жеримден каз. Жараткан мага так ушул жерди буюрган экен, башка жакка көчүрүп убара болбо, - деди Шурунун үнү.
Кутман шашпай ордунан туруп, күрмөсүн чечип ары коюп, кол сумкесинин ичиндеги ак матаны алып чыгып ары жайды да, Шурунун сөөктөрүн акырын алып, кандай жатса так ошол калыбында ак матанын үстүнө өз-өз ордуна коюп чыгып, сыртынан аярлап, бапестей ороду. "Алтындын өңү өчпөйт" деген чын экен. Өзүнө тааныш азуусундагы алтын тиши, колунун манчасындагы алтын шакеги ошол калыбында экен. Бир караганга кадимки табыттай болуп калды. Анан барып жанагы сөөк жаткан жерден жай каза баштады. Улам чарчаган сайын кичине көкүрөк басып алып каза берди. Толгон ай чыгып, кайра баткыча казды. Жылдыз тарап, таң сөгүлүп аткыча казды. Күн нурлары жер жамалын жаңы өпкөндө жумушун бүттү. Мыдыр эткен ташы жок жер боз топурактуу экен. Эмнегедир Кутмандын казганы маркумду койчу жайга окшобой эле оозу бир киши сойлоп баткыдай ичи эки киши кенен жаткыдай үңкүргө окшоп калды. Өзү "бүттүм" деп эсептегенден кийин ак матага оролгон Шурунун сөөгүн аярлай алып кирип, төр жагына жаткызды. Андан кийин үңкүрдүн оозунун үсткү жагына казылган топурактын баарын үйүп чыкты. Үңкүрдүн оозу салмакты араң эле көтөргөнсүп турду. "Жумушумдун баары бүттү го" дегенден кийин коргондон ашып түшүп, тээ төмөнүрөөктөгү дөбөдөн айлана бергендеги, тегерек саздын башындагы булак жакка жөнөдү.
Булактын боюна келгенде, күн тоо башынан көтөрүлүп калган. Шашпай, энеден туума болуп чечинип, ак көйнөк дамбалынын чаңын жакшылап күбүп-кагып чыкты да, булактын суусун "муздак экен" деп койбостон чолоо жерин калтырбай жышына жуунду.
Оозунан бери чайкап күрмөсүнүн чөнтөгүнөн кичине күзгүсү менен сакал алгычын алып чыгып, аябай тыкаттап сакалын алды. Баары бүткөндөн кийин кайра кийинди да самынын, сакал алгычын, тиш жуугучун бүт булак боюна калтырып кайра жанагы мүрзөлөргө келип, коргондун ичине кирди. Сырткы күрмөсү менен шымын чечип, кол сумкесин, бут кийимин кошуп салды да коргондун аркы бурчуна алпарып, чалмалар менен корумдап койду. Анан күрөгүн сүйрөй үңкүр-жайга байпакчан, ак-көйнөк, дамбалчан кирди.
- Кутман оюңдан кайт! Мен сени кечирдим дебедимби. Оюңдан кайт, -деген үн чыкты, тереңден.
Кутман үнсүз жөрмөлөп барып Шурунун сөөгүнө жанаша жатты да:
- Мына экөөбүздүн сүйлөшө турган жерибиз ушул жер. Эми экөөбүз бири-бирибизди жоктобойбуз, - деди да, кол күрөгү менен үңкүрчөнүн оозунун үстүн сайып калды. Араң турган үңкүр жайдын оозу "күр" деп кулап, үстүнө үйүлгөн топурактын бир капталы эңшерилип түшүп, сыртынан караганда жаңы эле сөөк жашырылган жайга окшоп калды.
Ичте болсо экөө жанаша жатышты. Оо сүйлөшө турган сөздөрү өтө көп болчу. Көп болчу. Ал бир өзүнчө таржымал. Чиркин ай, бир кездерде экөө тең өмүрлөрүндөгү эң башкы сөздөрдү ушул үйүлгөн топурактын астында жатып сүйлөшөөрүн. Ал укмуш узакка-узакка созулаарын билишкен эмес. Билишсечи...

#23 03 October 2012 - 17:39
2-бөлүм
Үшкүрүнө ордунда отура албай, улам телефонду карайт. Оңбогур, ал да өчөшкөнсүп бопбоз болуп томсоруп үнсүз. Коридорго тамеки чеккени кайта-кайта чыккан сайын, бир кабинетте чогуу отурган орус аялга;
- Валентина Владимировна мен коридордомун. Телефондон мени сураса, үнүңүздү катуурак чыгарсаңыз эле угам, - деп жалооруй карайт.
- Бара бер... кантип чакырбай коеюн, чакырам, - дейт тигил аял да беркиге боор ооруй карап.
Тигил эшикти кыңыр ачып чыгып кетээри менен өзүнчө "Сүйүүң менен да... Кайран жигит күйүп кете турган болду", - деп ичтен күңкүлдөп алат.
Ушинтип, арадан эки айча убакыт өттү. Жигиттин көздөрү алайып, кадимкидей өңдөн азып, шалпайа түштү. Акыркы күндөрү таптакыр эле колуна иш албай калды десе да болот.
Телефон "чыр" - десе шап басып калып ала коет да, күткөн үндөн бөлөктү укканда көңүлү чөгө кээде орой, кээде эптеп эле жооп беримиш болот. Акыры күткөн коңгуроосу да "чыр" деди.
- Саламатсызбы? !
Жигиттин өңү бозоро түшүп, кайра кызара баштады. Ал түгүл кичинеге жооп бере албай үнсүз туруп калды. Үн кайра угулду.
- Саламатсызбы? ! Эмне угулбай жатабы? Бул жолу катуурак сүйлөдү, тигил.
- Саламатчылык!
Арыта көзүнүн кыйыгы менен карап отурган Валентина Владимировна "Шуркуя, акыры телефон чалдың го", - деп жеңилдене үшкүрүп алды.
Ортодо кичинеге тыным болду. Кейпи, жигит өзүнө толук келе албай жатты окшойт.
- Дайның жок болуп кеттиң го?
- Эмнеге... Дайным бар эле...
- Эки айдан ашты го, чалбай калдың...
- ...
Кыз үн дебеди. Улутуна дем алганы угулду.
- Же чалгың келбей калдыбы?
Бул жолу жигит аяр, үнүн пас чыгарып сурады.
- Мен айылда жүрүп келдим.
Жигиттин жаны жай ала түштү.
- Анан айтып койбойсуңбу. "Айылга кетип атам", - деп.
- Чалгам, Сиз жок экенсиз...
- ...
Эми жигит эмне айтаарын билбей калды.
- Жолугалыбы?
- ...
Кыз тыным жасап үнсүз туруп калды.
- Эмне үндөбөй калдың? Жолуккуң келбей атабы?
- Качан жолугалы?
Кыз түз эле суроо койду. Жигит мындайды күтпөсө керек, шашкалактай түштү. Ал түгүл чекеси тердеп кетти.
- Жумуштан кийин. Саат беш жарым алтыларда...
- Азыр бош эмессизби?..
Дагы тыным боло түштү. Жигит кубанганынан ордунан секирип тура сактады.
- Бошосом болот... Сенин шартыңа карасамбы дегем...
- Мен бош элемин...
- Анда жарым сааттан кийин кайсыл жерден жолуксак.
- Баягы жерден эле...
- Болуптур калганын жолукканда сүйлөшөбүз?
Көздөрү оттой жайнап, кубанычы койнуна батпаган жигит ордунан шаша туруп;
- Валентина Владимировна, мен жумуштар менен кеттим. Шефтер сурап калса, өзүңүз бир сонун жооп ойлоп айта салыңыз. Сиз кандай сүйкүмдүү аялсыз Валентина Владимировна. Мен сизге гана ишенем, - деди да учуп-күйүп чыгып кетти.

#24 03 October 2012 - 17:50
- Эх, жаштык-жаштык.
.. кандай таттуусуң а-а. Мейли, учурун кетирбей ойноп алсын, - деди да, чогуу отурган кесиптешинин кубанчына кошо кубанып, Валентина Владимировна кала берди.
Кутмандын шайыр мүнөзү өзгөчө "Сиз кандай сүйкүмдүү аялсыз Валентина Владимировна. Сиз менен жашаган эркек бактылуу" деген комплименти аябай жакчу. Бир кезде өзү да бой десе бою бар, мүчөсү десе мүчөсү бар, чырай десе чырайы бар, келишкен кыз эле. Көчөдө басып баратса, эркектер моюндары кайрылып узата карачу. Көздөрү агып кетүүчү эмес беле. Эмне деген гана комплименттерди, мактоолорду укчу эле. Майрамда жигиттер биринен бири өтүп кымбат белектерди тартуулап, сулуунун жүрөгүнөн орун алууга ашыгышчу эмес беле.
Мезгил деген баарын соруп жеп койду. Салмагы 110 кг. элүүдөн өткөн ак чач аялга азыр ким жылуу сөз айтмак. Ал түгүл терезесинин түбүнөн кетпей "Сага жетпесем өлөм" деп жүрүп баш кошкон күйөөсү да акыркы он жылдан бери "сүйүктүүм" деген сөз айта элек. Көчөдөн болсо автобустун же троллейбустун эшигине батпай, кысылып жатканда укканы "чочко, бордоку уй" - деген сөздөр. Анан Кутманга ыраазы болбогондо кимге ыраазы болмок. Өзүнчө отурганда "Аттиң жаштык. Өмүрдү бекер коротпой жыргалын көрсөм да болмок экен го. Жыйырмага жетелекте турмушка чыктым. Кызганчаак күйөөмдүн азабынан оңдуу да той-топурга барып, майрам шаанисин көрбөдүм. Ошентип жүрүп кантип 110 кг болгонумду. Кантип элүүдөн өткөнүмдү да билбей калдым. Аттиң. Дагы бир жашаар болсомчу" деп коет ичтен.
Бул маалда Кутмандын кызыл жигулиси шаар аралап зыпылдап бараткан. Машинадагы магнитафонуна тандап, акыркы чыккан модалуу ырлар жазылган кассетаны койду. Өзү да көздөрү жайнап жүрөгү алеп-желеп.
Бул биринчиси эмес. Акыркысы экенин да Кудай билет. Бул бир оору. Оору болгондо да дарылаар дарыгери жок. Ичээр дарысы жок оору. Ооруганына канча болду... Кеп өткөн мезгилде эле бекен. Мезгилден ашкан ажымулук жок тура. Өтө берет экен. Жериң айлана берет экен. Күн чыгып, батып, түн кирип, таң ата берет экен. "Кутман" деген, "Шуру" деген эки пенде, кичинекей тоголок баштарына аалам алкагына сыйгыс түйшүктү батырып алып, кыйналып жүрүшкөндөрү менен иши жок болот экен. Анан калса бул экөөнү ким зордоптур десең. Эч ким. Өздөрү. Ал түгүл бири-бирин да күчтөгөн эмес.
Ар кимисинде укук бар ушул түйшүктөн кутулалычы? - деп тескери басышка. Жок. Антишпейт. Торго чалынып калып "чыгам" деп жулуна берип чарчаган куш анда-санда канат сермеп, секирип койгону болбосо, тагдырга көнүп отуруп калгансып, экөө да "кой, бул ишибиз жарабайт, токтотолу" деп ооз учтарынан айтып коюшкандары менен токтогону кана.
Эки айча жолугушпай калды эле, эмне болду, экөө эки жерде делдиреп калышты. Айланада эмне болуп жатат, дүйнөдө эмне болуп жатат иштери жок делдирешти.

#25 03 October 2012 - 17:58
Кутмандын келинчеги чоң кызматчынын кызы. Кутман окууну бүтөөрү менен республикалык текшерүүчүлүк кызматына орношуп калганы, иштегенине үч жыл өтпөй жатып килейген бөлүмгө башчы болгону да кайындарынын түрткүсү.
Эң башкысы келинчеги Кутманды өзгөчө сыйлайт. "Мен чоңдун кызымын. Менин аркам менен киши болуп жүрөсүң", - дегендей мамиле жасап, айрым бир акылы тайкы аялдарча бой көтөрүп, басынтып сүйлөмөйү, тели-теңтуштары болобу, чоочун чөйрө болобу, тууган-тушкандарынын арасында болобу өз ордун билип, жөнү менен зымпыйып жүрөт. Он жылдык чогуу өмүр сүрүшүндө эки уул, эки кыздуу болушту. Үйдө экөөнүн ортосунда ушунча жылдын ичинде унчукпай таарынышып калуу болбосо, кер-мур айтышып, көңүл калтырышуу да болбоду.
Кутмандын чыртылдаган кыялына көп учурда Салтанат теңеле бербей унчукпай кутулат же "Биздин балдардын атасыныкы туура. Эсепчи эмеспи, баарын астына ала эсептеп, ойлоп туруп айтат" - деп көтөрө чалып мактап да коет. Ал түгүл Кутмандын мактоону жактыраарын билип "Эл эртеңкисин айта албай кыйналса, Кукен беш жылды астына ала айтат" деп да күчөтүп коймою бар.
Кутмандын табышкерлиги, жеке оокатка кыйындыгы чын. Ишине жараша үй жайы, күткөн тели-теңтуштары, катышы күчтүү. Бир чети кайнатасынын баркы, бир чети өзүнүн да адамдын ичи-койнуна кире билген жугумдуулугу, өз кесибин мыкты билген тыңдыгы шайкеш келип калган.
Келинчеги экөө чогуу окуп, үч жылга чукул сүйлөшүп жүрүп баш кошушту. Бири-бирин көрбөсө тура албай, лекцияда да чогуу отуруп, китепканага барса да чогуу барышып, кечелерде да ээрчишип жүрүшүп, курсташтарынын арасында "Ынтымактуу сүйүүнүн символу" деген тамашалуу атка да ээ болушкан. Ушунун баары өчтү дейсиңби. Жок. Кутмандын басса-турса эсинде. Алгач эркектик кызыкчылык өңдөнүп башталган окуя, аягы улам чиеленишээрин билиптирби.

#26 03 October 2012 - 18:32
Экөө ак жамгыр болуп төгүлүп, ак булут болуп сөгүлүп сүйлөшө алышат. Тим эле эзилип калышат. Кутман мына ушуга таң. Аялына айтпаган сырларды бүт ушул Шуруга айтат. Арманын да төгөт, кубанчын да төгөт. Экөөнө убакыт деген кандай өтүп атканы билинбейт. Жолугушса күн батат. Бир караса таң атат. Эң жаманы кайра ажыроо.
Шуру "Сиз кечиктиңиз го?", - дейт. Кутман үнсүз жатат да "Эми кетейин" - дейт. Мына ушул эки сөз экөө үчүн дүйнөдөгү эң жаман сөз.

#27 03 October 2012 - 18:36
Эрдине биринчи эрди тийгенде кыздын денеси ток ургансып дыр-дыр титиреп турду. Кутман ошондо эле Шуруну өзү ойлогонундай али эч ким ооз ачып өбө элек экенин билген. Ан сайын сугу артып үзүлүп түшпөдүбү.
- Эмне кылдыңыз агай... Эми эмне болот агай, - деп көзүнөн мөлт-мөлт жаш аккан кыздын...
- Кечир мени... Сенин астыңда түбөлүк күнөөлүмүн. Өзүм-өзүмдүн алым жетпей калды - деп мөгдүрөй түшкөн Кутманды башынан имере тартып көкүрөгүнө кыса кучактап:
- Жок. Мен өзүм күнөөлүмүн. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Сиз өзүңүздү өзүңүз кыйнабаңызчы - дегени күнү бүгүнкүдөй эсинен кетпейт.

#29 03 October 2012 - 18:46
сизге чоон рахмат! "Ким билет атаман”аттуу чыгарманы билгендер болсо илип койунуздарчы.
Бул чыгарманы да чыдамсыздык мн кутом
#30 03 October 2012 - 19:51
Шуру турмушка чыгып бир айдан ашыкча араң жашап, анан ажырашып баса бериптир.
- Жашай ала турган эмесмин. Тийген күйөөм деле татынакай неме. Мага жагыш үчүн тим эле миң алекетке түшөт. Күндүзү баары жакшы. Ал түгүл тамашалашып сүйлөшүп, ойноп да калабыз. Кечтен баштап баары башталат. Жатаарга жакындаган сайын тим эле өзүмдү коерго жер таппай калдастайм. Орунтук салынып, "жат-жатка" келгенде ар нерсеге шылтоолоп, үй жыйнамыш, идиш-аяк жуумуш болуп, түн ортосу оогуча кыбырайм. Бир төшөктө жата албай денем дирилдейт. Кучактап өпкүлөп, жалынып-жалбарып жатса да мени зордуктап жаткансып, бакырып тура качкым келет. Бирге болгон күндөрдүн бир күнүндө да сени менен жаткандагыдай рахат ала-албадым. Кыйналганымды айтпа. Ал байкуш, өзү медик неме мени "ачсам" деп ойлоп, таң аткыча тим эле эзип салат.
Күн сайын жалдырайм "Жөн эле сүйлөшүп жаталычы?" деп. Ушинтип көнөсүң деп ал болбойт. Кайдан билсин, менин жүрөгүм эмне деп жатканын.
Акыры аны да кыйнап, өзүмдү да кыйнай бербейин дедим да баса бердим. Сени менен өткөзгөн үч жылдан бери сага аябай көнүп алыпмын. Сенден башка эркек менен кучакташып жатканды элестете да албайт экенмин, -деп көзүнүн жашын сызылтып ыйлап жатып айтып берди.
Кутмандын жүрөгү тызылдап-тызылдап ооруп, "Аттиң, жашап кетсе балким экөөбүздүн байланыш үзүлөт беле? "Турмушка чыгыптыр" , - десе унутмакмын да" - деп ичтен ойлогон менен кайра ажырашып баса бергенине бир эсе кудуңдап, кубанып да жатты.
- Көлгө барып эс алып келбейлиби? - деди Кутман күтүүсүз. Шурунун көңүлүн көтөрсөм деген ниет менен айтты.
- Көлгө дейсизби? Кышта деле эс алса болобу?
- Болот. Эмне үчүн болбосун. Ак-Сууга барып ысык сууга түшөбүз. Көлдүн кышкы сулуулугу кандай, көрсөтөм.
- Качан?
- Кааласаң эртең, жок, бүрсүгүнү жөнөп кетебиз. Эртең мен Көлдөгү досторго телефон чалып, жакшы орун даярдаттырып коем.
- Канча жүрөбүз?
- Бир жума жүрсөк болот го дейм.
- Чын элеби?
- Чын. Эмнеси бар экен. Эс алса эс алып коебуз да.
- Эртең башка жумуштарыңыз чыгып калбайбы дейм да.
- Жок. Азыр жумуштар деле көп жок. Керек болсо командировка алып алам. "Түптө бир группа балдар текшерүү жүргүзүп жатышат. Ошолорду көрүп келейин" деп коем.
- Аялыңызга эмне дейсиз?
- Аялыма деле ошону айтам да.
- Өткөн жылдагыдай мен да барам дебейби?
- Жок. Азыр жумушка чыккан. Бошой албайт.
- Койчу, өзү чоңдун кызы болсо. Кааласа баса берет да.
- Барбайт. Барбайсың дейм.
- Чын эле ошентип айта аласызбы? Кичине какшык жылдырды эле Кутман чычалай түштү.
- Атасы чоң болсо өзүнө. Менин үй-бүлөм менен иши жок. Аялым мага "чоңдун кызымын" - дей албайт. "Дың" деп көрбөйт бекен...
Шуру кыткылыктап күлүп жиберди.
- Эмне күлөсүң?
- Бүгүн баатыр болуп жатасыз. Эртең эмне шылтоо айтаарды билбей кыйналасызбы - деп күлүп жатам.
- Шылтоосу жок эле барабыз. Андан көрө өзүң бошсуңбу?
- Мен сиз кайда десеңиз да кете берем, - деди да мойнуна ороло өпкүлөп кирди.
- Сизди кандай гана сагындым дейсиз. Түн уйкумдан айрылдым. Бассам-турсам эсиме сиз экөөбүз өткөргөн күндөр келе берет. Кандай гана таттуу мезгилдерди өткөздүк ээ? Мен өмүрүмдү сизсиз элестете да албайт экенмин. Кайрадан экөө айкалыша жуурулушуп кетишти.
Кутмандын мойнунан, көкүрөгүнөн куюлган терин сүлгү менен аарчыган Шуру жалынып-жалбарып жиберди.
- Жаным менин. Дүйнөдө сиз болсоңуз болду. Башка мага эч нерсенин кереги жок. Кутман демигип үн деген жок. Тим эле тоону томкоруп салгансып чалкасынан оодарыла, магдырай жатып калды. Көздөрүнөн, алкымынан өпкүлөгөн Шуру:
- Билесизби? Баягы аялыңызды, балдарыңызды алып жайлоого кеткенде, экөөбүз күн сайын кечинде сиздин үйүңүздө кездешчү элек го. Мына ошондогудай жыргал күндөрдү өткөзө элекмин. Баса, менин алмурутум соолбой өсүп жатабы?
- Оо-уу, ал алмурут азыр аябай чоң болгон. Тим эле түшүмүн кайра жайга чейин жеп бүтө албай калабыз.
- Ошол алмуруттан мага деле апкелип турбайсызбы?
- Макул. Бүрсүгүнү Көлгө баратканда бир баштык ала чыгайын, ичиң өткүчө жейсиң.
Шуру дагы жыргап кыткылыктай күлдү.
- Менин ичим өтсө сиздин эле шоруңуз. Улам жол боюна машинаңызды токтотуп убара болосуз.
- Анда жолдон бербейм. Жеткенде берем.
- Баары бир ичим өтсө сизге кыйын болот.
- Эмнеге?
- Иш кыла албай каласыз да. Өзүңүз айткандай таң ашып жүрүп кайра келесиз.
- Анда алмурут алпарбайм.
- Жок, ала келиңиз. Мен аздан жейм.
- Ичиңди өткөрбөйсүңбү?
- Жок. Өткөрбөйм.
- Чын айтасыңбы?
- Чыпчын.
- Болуптур, жибидим. Экөө кайра эзиле жытташып калышты. Болбогон эле бир нерселерди сүйлөшүп жатса да экөө бири-биринен тажашчу эмес.

#31 03 October 2012 - 20:04
урматтуу окурмандар ушул чыгарманы Жанызактын китепканасынан толук окуй аласыздар, кандай чыгарма болсо баарын тапса болот
#32 03 October 2012 - 22:03
Экөөнүн Көлгө эс алганы келгенине жумага чукулдап калды. Алгачкы төрт күнү кандай өтүп кеткенин да билбей калышты. Мына кетер күнүбүз жакындады дегенден бери Шурунун көңүлү бузулду.
Деги эле турмушка чыгып кайра ажырашып келгенден бери мүнөзү өзгөрдү. Туруп-туруп эле ыйлайт. Кайра сооронот. Эч нерсеге көңүлү жок болуп калат. Кайра ашыкча шайыр болуп кетет. Мурда шампан менен винодон бөлөк ичпечү эле эми арак, коньяк дебей иче берчү болуптур.
Кутман да үч-төрт күн үйүнөн алыс болгонго үйүн, балдарын сагына баштады. "Ойнош оттой ысык, бирок, баарыбир аялыңа жетпейт" деп коет ичинен. "Ак уул, кызыл кыз төрөп. Эмне десең аткарып, көңүлүңдү калтырбай сыйлап турган аялыңа кайдан жетсин" дейт. Ойго батып жатып.
Шуруга чейин деле нечен аялдар менен болгон. Бирок, бирине да мынчалык байланган эмес. Балким, Шурунун этегин ачкан биринчи эркеги болгондугу үчүндүр.
Шурунун астында чоң күнөөсү да бар. Мөлтүрөгөн жаш кыздын нарксыз сулуулугу азгырдыбы. Балким "кызмын" деп секиргенине ишенбедиби ким билсин, алгач экөө таанышканда "аялым экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Бойдокмун" деп койгон.
Экөө жаздын күнү таанышты. Жамгыр тим эле чака менен куйгандай төгүп турган.
- Чоң кыз, түшүңүз, болбосо жамгырга агып кетесиз, - деп жапжаңы жаркыраган "Жигулинин" эшигин ачып, күлө караган бакыраң көз, кара мурут сулуу жигитти көргөндө, Шуру машинага кандай отурганын да билбей калды. Көйнөгү этине жабышып, тим эле өтмө катар суу болуп кеткен болчу. Эртең менен күн ачык турган. Түштөн кийин бир паста бүркөлө калып төгүп кирсе боло. "Эми кантип автобуска же троллейбуска түшөм" деп турган.
Күн ысык болгонунан жука көйнөк кийип алган эле. Башкадан да тим эле төшү тикчийип, чыйрыкканга үрптөрү да чыгып, көйнөгүнө жабышат. Көпчүлүк учурда бузгалтер тартынбай жүрө берүү адаты боло турган.
Машинасына отурган перидей сулууну көргөндө, Кутман өзүн жоготуп, алгач сүйлөй да албай калды.
- Кайда барасыз?
- 10-микрорайонго. ..
- А-а жолубуз бир экен. Үйү теңирден тескери жакта болсо да, калп эле "жолубуз бир экен" деп койду.
- Студентсиң го?..
- О-оба... - Кайсында?
- Экономфак.
- У-у кесиптеш турбайбызбы.
- Сиз да экономфакты бүттүңүз беле?
- Ооба. Кайсыл курстасыз?
- Үчүнчү.
- О-о мезгили келген экен.
- Эмненин мезгили келиптир.
Кыз түшүнбөй калды.
- Турмушка чыгуунун.
- О-й мен дагы... Коюңузчу... Али эрте.
- Жигитиңиз бизди көрсө эмне дейт? Мени сабабайбы?
- Коркпоңуз. "Жигит болом" дегендер көп. Көңүлдөгүсү жолуга элек.
- Биздейлерчи? ..
Шуру көздөрүн бакырайта таң кала тиктеди.
- Коюңузчу. Сиздин үй-бүлөңүз бар болсо керек.
- Эмне чекемде "үй-бүлөлүү" - деп жазылып турабы?
"Бырс" күлүп жиберди.
- Жок. Мен эмнегедир ошондой ойлоп кеттим.
- О-о Кудай, сендей сулуу кыздар мен жөнүндө "ушинтип ойлой баштаса, анда өмүр бою бойдок өтөт окшоймун" деп көктү карап сыйынып койду.
Ошентип, андан кийин да жөн эле өтүп бараткан киши болуп Шуруну аңдып туруп, сабактан чыкканда үйүнө эки-үч жеткирди. Анан ресторанга, тоого башталып кетти. Башында "убайын көрүп бир чардап алсак, куйрукту түйүп баса берем" деп ойлогон.
Каалаганына жетти. Бирок ажырап кете албады. Кийин, "Аялым менен элдешип алдым. Аялымдын ата-энеси чоңдор. Кызматтан кетиртебиз. Каматабыз деп жатышат" - деп үлдүрөдү эле, Шуру үн деген жок. Жер жеберине жете тилдеп "Акмак, мени алдадың. Актыгымды буздуң. Эми кантип турмушка чыгам. Мен сага алат деп ишенбедим беле" деп чатак чыгарат го деген. Андай болбоду.
Кичинеге үнсүз бозоруп турду да, "Канча балаңыз бар эле?" деди. "Бир уулум, эки кызым бар болчу" дегенди укканда. "Туура кылыпсыз. Балдарыңызды тирүүлөй жетим кылбай элдешкениңиз жакшы" деп басып кетти. Анан бир айча кабарсыз болуп кетишти. Кайра табышышты. Ошондон бери ушул. Үч жыл зымырап өтүптүр. Бир да жолу Кутманды "сен менин баео балалыгымдан пайдаланып алдадың" деген жок. Кутман кызып алып "мени кечирип кой..." деп сөз баштап келатканда "Жок. Күнөө сенде эмес. Менин өзүмдө. Күчкө салган жоксуң. Өз эрким менен болдум. Азыр деле байланышты үзүп басып кетсем өз эрким. Сиз мени "кетпе, башкага турмушка чыкпа!" - деген жоксуз. Деги эле бул темада сүйлөшпөйлүчү" , -деп койгон.
Кутман эч убакта аялы менен ажырашпаганын, жөн гана Шуруга "жетпей калам" деп коркуп, ойлоп чыгарган калпы экенин батынып айта албады. "Эгер менин аялым балдарым бар экенин, чогуу жашаарымды билсең ушундай мамиле түзөт белең?" деген суроону сурай албады.

#33 03 October 2012 - 22:17
Мына бүгүн түш оой кетебиз дегенде кар бурганактап жаап кирди. Шурунун кеткиси келбей:
- Бүгүн кетпей эле коелучу. Жол тайгак. Эртең эртең менен чыгалы -деди жалооруп.
- Кой Шуружан. Эртең жекшембиге жумушка чыгып калышым керек. Чоңдорума да телефон кагып, эртең жумушка чыгам - деп койдум. Анын үстүнө аялым да "Командировкаң узарып кетти го" деп тынчсызданып жатат, - дегенди айтып жиберди да "Аялымды бекер айттым" деп ичтен өкүнүп калды.
Күн ара үйүнө да телефон чалып, сүйлөшүп коюп жатканы чын болчу. Бүгүн эртең менен аялы менен сүйлөшсө "Командировкаң бүтөйүн дедиби? Күн сайын эле жаман түштөрдү көрчү болдум. Түндө да жаман түш көрүп, уктабай чыктым. Кичүү балаң да сыркоолоп, састымоо тийип калыптыр. Аталап ыйлап жатат. Сагынса керек" дегенде, "Бүгүн түндөп болсо да барып калам" деп койгон эле.
Шуру үнсүз отурду да, анан өзү туруп барып коньяктан куюп туруп ичип жиберди да:
- Кутман агай, сизден биринчи жолу суранып жатам. Дагы бир күн калалычы? - деди.
- Шуружан, шаарга баргандан кийин деле жолуга беребиз. Азыр чыга берели. Шаарга эрте жетсек баягы өзүбүздүн мейманканага барып жатып алабыз да, эртең мен жумуштан кечикпей барам. Бүгүн да экөөбүз чогуу болобуз. Туура айтамбы? Жөн эле өжөрлөнө бербечи алтыным. Акылдуу жансың го. Мени кыйнай бересиңби? Кудай ушуну кут кылсын дебейлиби -деп алдаганга өттү.
Шуру башка сүйлөгөн жок. Үнсүз кийимдерин жыйнады.
Анан Кутман алперген узун кызыл көйнөгүн кийди. Күзгүнүн астына отуруп алып аябай жасанды.
Колдоруна алтын шакектерин, алтын чынжырларын тагынды. Кутман үнсүз күтүп отурду. "Сүйлөп кыжырына тийбейинчи" - деди. Кантсе да турмушка чыгып ажырашканга катуу сокку алып, оңоло албай атканын, али өзүнө келе албай атканын билип турду.
Кантсин, Кутмандын да өз жолу турган. Андан чыга алмак эмес. Ансыз да "аялым билип калса эмне болом?" деп ойлогондо, жүрөгү алкымына тыгылса да көздү жуумп, минтип жумалап ойноп кетип жүрөт.
"Баары бүттү дегенде" коньяктан дагы куюп ичти да, жеңил пальтосун кийбестен колуна илген калыбында;
- Мен даярмын. Жүрүңүз кеттик, - деп эшикке чыга жөнөдү.
Эки чоң сумканы көтөргөн Кутман артынан чыкты. Машинасы эшик алдында турган. Бул үй шаардын чет жагындагы жеке менчик мейманкана болчу. Шурунун сулуулугуна суктанган үйдүн ээси шилекейин жутууга жарабай, жалдырап карап кала берди.

#34 03 October 2012 - 22:25
урматтуу окурмандар ушул чыгарманы Жанызактын китепканасынан толук окуй аласыздар, кандай чыгарма болсо баарын тапса болот
Эмне сен жарнамалап жатасын? Биз балким ушул жерден окугубуз келеттир... Сен кайдан билесин?!
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#35 03 October 2012 - 22:31
Бапалактаган кар бирде күчөнө, бирде басаңдайт. Жол шалбырап ээрип, тайгак болгон жок.
Экөө үнсүз келатышты. Магинтафондо жеңил музыка. Шуру көйнөкчөн отургандыктан, машинанын печкасынын жылуулугун күчөтүп койду да, өзү да күрмөсүн чечип артка таштап, костюмчан.
Заправкадан май куюп, кайра машинага отурган Кутман, шылкыйып уктап калган Шуруну көргөндө, алгач маани бербеди. "Чарчаган неме. Анын үстүнө коньякка да кичине кызып калды. Уктап калса керек, - деп ойлоду.
Кичине жүргөндөн кийин колдорунун сырты көгүш тартып, оозунан ак көбүк чыгып жатканын көрүп чоочуй, машинасын жол жээгине токтотту да:
- Шуру... Шуружан, - деп түрткүлөй, уучуна кагаз мыкчыган колунан тартты. Жаманчылыкты сезип, жүрөгү дүкүлдөп чыкты.
- Шуру... Шуру дейм, - эми катуу жулкулдатты. Шылкылдап, жансыздай. Колун жазып "эмне болгон кагаз" деп сууруп алса, кат экен.
"Кутман, жаным. Мен сени гана сүйөм. Сенсиз жашай албайм. Эки ортодо кыйналгыча өлгөнүм артык, - деп чечтим. Мен бул дүйнөдө ашык окшоймун. Кош бол. Суранаарым мени өз колуң менен көөмп кой. Менин кайда кеткенимди эч ким билбейт. "Издебегиле" - деп кат таштагам. Өз колуң менен көм да, анда-санда келип мен жакшы көргөн роза гүлүн өзүң гана билген бейитиме коюп кетип тур. Башка суранычым жок. Сени бүт өмүрү менен сүйгөн Шуру" деп жазылыптыр.
- Шуру-у... Шуру дейм... Бул эмне кылганың. Кутман бакырып-бакырып жиберди. Шуруну кучактап бакырды. Колун жүрөгүнө салса, соккону билинер-билинмексен токтоп бараткансыйт. Бут астында түрлүү дарылардын сырты чачылып жатыптыр. Эмне дарыларды ичкенин кароого да дарманы жетпеди. "Тез доктурга алпарайын, балким аман калат" деп ойлоду.
Машинасын зуулдатып айдады. Бурулуштардан эки-үч жолу оодарылып да кете сактады. Бир саатча жүргөндөн кийин акылына келе баштады. "Догдурга алпарсам сурак башталат. Кимсиң? - дейт. Бул кимиң? - дейт. Милицияга билдиришет. Тирүү калса да мейли. Тирүү калбасачы? Түрмө. Бүт келечегинен айрылат. "Бир катындын азабынан" - деген сөзгө калат". Машинаны токтотуп, Шурунун кан тамырын кармады, билинер-билинбес ургансыйт. Шаарга жетерин Кудай билет. Айылдагы догдурларды билбейт.
Калчылдаган колдору менен арткы орунтуктагы коньякты алды да чоң стаканга толтура куюп тартып жиберди. Кичине өзүнө келип, бою жибий түштү. Машинасын жайлатып айдап калды. Миң-сан ой башты жей баштады. Жол боюндагы мүрзөлөр жакка бурулду. Көтөрүп чыкты. Онтогонсуган үн угулду. "Тирүү го" деп, кайра "каңырыш уктум окшойт" деди.
Коргондун ичине кырынан араң ашырып көтөрүп кийирди да, шалак узатасынан жаткырды. Дагы онтогонсуган үн чыкты. Эмне кылып жатканын да өзү жакшы билбеди. Кар бурганактап жаап жаткан. Коргондон кайра ашып түштү да, тамтаңдай машинасы жакка чуркады. Көмөлөнүп түштү. Чалына араң туруп кайра чуркады. Шаша машинасына отурду да "зуу" койду. "Кутма-ан токто-о" - деген####н үн чыкты. Тык токтотту. Эшикке чыгып, артын караса, эч нерсе көрүнбөйт. Айлана дым. Көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап келатат. Шуру, али тирүүбү же чын эле жүрөгү урбай үзүлүп кеттиби, аныгына жетпеди. Ал түгүл акыркы суранычын аткарып, өз колу менен көмбөдү. Анда-санда роза гүлүн алпарбады.
Жылдар өтүп, мезгил баарын учуруп кеткен. "Экинчи кайра эскербейм" деген. Мезгилиң да баарын алып кете албайт экен. "Унутам" десең эле баары унутулуп өчпөйт экен. Ушундай... Эми муну айтканда эмне да, айтпаганда эмне, аттиң күн ай...
АЯГЫ

#37 03 October 2012 - 22:57
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..

Супер-Инфо
super.kg
видео