Суперстан: Библияга (Християндарга) суроом бар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Библияга (Християндарга) суроом бар

#541 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 21:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Delicacy (08 Октябрь 2012 - 21:31) жазган:

телпондо жудоп калат экемда. Анан не Библияда типа кичи пейил бол деген строчкалар жокпу?

Телефондон кирип жатам дебейсиңби. Анан мурда жазылган деген сөз анчалык төрөпейилдикке деле жатпайт деп ойлойм. Жеканыкын болсо туура деп айта албайм, сөзүнүн "десе дей берсин" деп башталганы эле таза ниет менен суроо бергиси келип жатканынан шек туудурат. Анан "Библия мындай дейт" деп алып, өз ичимен чыгарып жазганга менде кандай зарылчылык болушу мүмкүн? Антип шекигендей анда негиз деле жок. Эптеп кылдан кыйкым издөөнүн аракети экени айкын. Анчалык кызыккан адам кадимкидей эле суранса айтып бериш кыйынга турбайт. Болгону мен Библиядан окуп жатып, жагып калган жерлерди, же бул жердеги сөзгө жараша эстегенимди издеп таап, көчүрүп, коюп жатканда, жазылган ордуларын атайылап карабайм. Керек болгон учурда таап алыш оңой эле.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#542 Пользователь офлайн   nazi25   08 Октябрь 2012 - 21:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 399
  • Катталган: 11 Апрель 12
  • Соңку аракети: 06 Янв 2021 21:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:тынчтык

Мен ушул sestraнын суроолоруна кандай жооп жазат экен деп,кызыктым эле.Окунучтуу. Дегеле бардык суроолорго канааттырарлык жооп жок.
Ачуусун жене алган адам кучтуу!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#543 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 21:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Инжилчи Машайакчы баптист Жыйынынын мучосу болом
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#544 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 22:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения nazi25 (08 Октябрь 2012 - 21:54) жазган:

Мен ушул sestraнын суроолоруна кандай жооп жазат экен деп,кызыктым эле.Окунучтуу. Дегеле бардык суроолорго канааттырарлык жооп жок.

Сестранын суроолоруна жооп болгон. Кызыгып жатсаң табасың. Силер канааттанган жооптор бар бөлүмдөр толтура эле болуш керек. Аларга да канааттанбай, бул жерден жооп издеп, анда да таппай жатсаңар анда көйгөй өзүңөрдө.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#545 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 22:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Бул жерде "суроо" деген мааниге жооп берерлик суроолор чанда болот ))), көпчүлүгү жөөлөп, көөлөп эле кепке маани бербеген куручабуулдар.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#546 Пользователь офлайн   Delicacy   08 Октябрь 2012 - 22:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 22:02) жазган:

Сестранын суроолоруна жооп болгон. Кызыгып жатсаң табасың. Силер канааттанган жооптор бар бөлүмдөр толтура эле болуш керек. Аларга да канааттанбай, бул жерден жооп издеп, анда да таппай жатсаңар анда көйгөй өзүңөрдө.



сиз кызык экенсизго баарын эле куноолоп! Эгер чынында дин жолунда болсонуз башкаларды куноолоп,озунузду акылдуу таза сезбей толк чыгарып жазында. Эгер тушунбосо биринчи жазганынызга анда экинчи жолу жазын майдалап,кененирээк кылып! Сиз м.н жаман айтышуу ниетинде эмесмин! Жон гана баарыбызды куноологонду токтотунуз!
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#547 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 22:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Бардык шаарлардын тургундары келип, көп эл чогулуп калганда, Ыйса үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөй баштады: «Себүүчү өз үрөнүн себүү үчүн чыкты. Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түшүп, тапталып калды. Канаттуулар аларды терип жеп кетишти. Кээ бир үрөндөр таштак жерге түштү. Үрөн өнүп чыккандан кийин, нымдуулук жетишпей, куурап калды. Кээ бир үрөндөр тикенектин арасына түштү. Өсүп келе жатканда, аларды тикенек басып салды. Кээ бир үрөндөр жакшы жерге түштү. Өсүп чыгып, жүз эсе түшүм берди». Ыйса муну айткандан кийин, үнүн бийик чыгарып: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди. Шакирттери Андан: «Бул үлгү-насаат аңгеменин мааниси кандай?» – деп сурашты. Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге Кудайдын Падышачылыгынын жашыруун сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, ал эми башкаларга үлгү-насаат аңгеме менен айтылат, алар карап турса да көрүшпөйт, угуп турса да угушпайт. Бул үлгү-насаат аңгеменин мааниси мындай: үрөн – Кудайдын Сөзү. Жол боюна түшкөн үрөндөр сөздү уккан адамдарды билдирет, бирок кийин шайтан келет да, алар ишенбесин, куткарылбасын деп, жүрөктөрүнөн сөздү алып кетет. Таштак жерге түшкөн үрөндөр сөздү угуп, кубанып кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок алардын тамыры жок болгондуктан, убактылуу гана ишенип, сыноо убагында ишенимден четтеп кетишет. Ал эми тикенектин арасына түшкөн үрөндөр сөздү угуп, бирок жемиш бербеген адамдарды билдирет. Алар нары басары менен түйшүккө батып, байлыкка азгырылып, жашоонун ыракатына берилип кетишет. Жакшы жерге түшкөн үрөндөр болсо мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угуп, жакшы, таза жүрөктөрүндө сактап, чыдамдуулук менен жемиш беришет». Ыйса муну айткандан кийин, үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун! Эч ким чыракты күйгүзүп, аны идиш менен жаппайт, же керебеттин астына койбойт, тескерисинче, үйгө киргендерге жарык берсин деп, чыракпаяга коёт. Анткени ачыкка чыкпай турган жашыруун нерсе болбойт, билинбей, ачылбай кала турган сыр болбойт. Ошондуктан кандай угуп жатканыңарга көңүл бөлгүлө! Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, бар деп ойлогону да тартылып алынат».
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#548 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 22:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Delicacy (08 Октябрь 2012 - 22:08) жазган:

сиз кызык экенсизго баарын эле куноолоп! Эгер чынында дин жолунда болсонуз башкаларды куноолоп,озунузду акылдуу таза сезбей толк чыгарып жазында. Эгер тушунбосо биринчи жазганынызга анда экинчи жолу жазын майдалап,кененирээк кылып! Сиз м.н жаман айтышуу ниетинде эмесмин! Жон гана баарыбызды куноологонду токтотунуз!

Кызыктар дүйнөсүндө! ))).
Жакшылап окусаң, мен эч кимди күнөөлөгөн жокмун, өз сөздөрү өздөрүнүн күнөөсүнө күбө.

Жогоруда эле бирөө айтып жатат, сестранын суроолорунун жообун окуюн дедим эле, өкүнүчтүү (өкүнүп ийишкенин айтайын :) ). жооп жок деп, бар жоопту жок десе мен күнөөлүү эмесмин да. Азыр мурдагы бир жообумду көчүрүп келейин, анда бул кызыктар дүйнөсүндө (силердин чабуулуңарды айтам, кызыктар дүйнөсү деп :) )дагы эмне кызык болор экен көрөбүз :).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#549 Пользователь офлайн   Delicacy   08 Октябрь 2012 - 22:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 22:17) жазган:

Кызыктар дүйнөсүндө! ))).
Жакшылап окусаң, мен эч кимди күнөөлөгөн жокмун, өз сөздөрү өздөрүнүн күнөөсүнө күбө.

Жогоруда эле бирөө айтып жатат, сестранын суроолорунун жообун окуюн дедим эле, өкүнүчтүү (өкүнүп ийишкенин айтайын :) ). жооп жок деп, бар жоопту жок десе мен күнөөлүү эмесмин да. Азыр мурдагы бир жообумду көчүрүп келейин, анда бул кызыктар дүйнөсүндө (силердин чабуулуңарды айтам, кызыктар дүйнөсү деп :) )дагы эмне кызык болор экен көрөбүз :).



мен сизге чабуул жасаган жокмун! Сиздей озунун чойросундо билимдуу эсептелген адамга дин жаатында чабуул жасашка алсызмын! Мен оз оюмду билдиргим келди! Жанада сиз библиянын созун жамынып коп адамдарды (катарда менида) туркой,акылсыз кылганыныз эсимде!
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#550 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 22:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Сестра менен болгон маек, "жооп ала албай" жатат:) бирок ушундан кийин деле "жооп жок" кылууга далалат кыларыңар мүмкүн экенин билем. Чындыкты тааный алгандарга арналат.

сиздин билдируунуздорду окуп, сиз (свидетель иеговы) деген чечимге келдим. менин жеке сизге суроолорум бар:
1 сиз кимге ишенесиз? б.а. кудайыныз ким?
2 кандай жол менен кудайынызга сыйынасыз?
3 cиз окуган библиянын автору ким? ким болгон, кандай адам болгон? кайсы заманда, кайсы жерде жашаган? ал библияны кыргыз тилине ким которгон?
калганын жоопторду алган сон баштасак.

Жооп бергичекти буларды да жаза кетиптир сестра, “жаза бериптир” дегенин бир байкап койгула, анан мен буга “акылдуусунуп” жаткан боломбу ошондо, өзүңөргө жооп берип койгула. Мага жооп керек деле эмес, ансыз да силерди түшүнүп турам.

бул суроолорду берген себебим "библия мындай дейт, библия тигиндей дейт", - деп к месту и ни к месту жаза бериптир, же мен жашыруун подтекстин тушунгон жокмунбу? талашты ирети менен баштасам дегем, христианиндер, атеисттер менен дискуссия жургузуу - моя слабость.
Дебиге кайрылуу. Ахмад Дидад менен Анис Шурууштун 1985 - ж Лондондо откон таймашын карап корунузчу. балким бир жакшы натыйжа чыгар. ал жерден байкайттырсыз, А.Дидад (муслим) из Корана, из хадисов доказательства вашим христианским заблуждениям не приводит, а наповал разрушает христианские убеждения, доводы вашей же библией. вы сами себе противоречите!

Кайсы сөздүн орду кайсы экенин аныктагыч сиз эместирсиз. Олуп-чолуп окуй калып, өзүңөрдү көтөрө чалып "жаза бергениңерде" өзүмө Ыйсанын момундугун үлгү кылуу менен, жооп бергенге арзый тургандарына жооп кылып жүрөм. Туура сөздөн жыйынтык чыкпаса, маанисиз сөздөргө маани бербей эле жолумду андан ары уланта берем. Ахмад Дидат деп эле калат экенсиңер. Анын жаны кейип, онтоп жатканын көрсөткөн бир видеону көрдүм эле. Андан "Кудай ушунун кейпин кийгенден сактасын" деген гана натыйжа чыгармакмын. Анан дагы бир эки адамдын талашынан натыйжа чыгарган "слабость" жок менде. Кызыктырган суроолорумдун жообун түпкү булактардан тапканга аракет кылам. Себеби ошондо гана чындыкка негизделүүгө болот.
Өз көзүнө ишенген адамдарга бул жерде ким өзүн кандай жагынан көрсөтүп жаткандыгы, Кудайга ишенебиз деп коюп, эмнелерге гана барып жаткандыгы айкын көрүнүп турат. Мынча кайрылып калган экенсиз, мурда эле берилген жоопторду кайталайын. Маек кандай уланат, көрө жатарбыз.


мен Инжилчи Машайакчы Баптист болом.

1. Мен аалам жердин Эгедери - Кудайга ишенем. Кудайым - Кудай!

2. Инжилдеги аят менен жооп берейин, Чыныгы табынуучулар Атага рух менен, чындык боюнча табына турган убакыт келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Ата да Өзүнө ошондой табынуучуларды издейт. Кудай – Рух. Ага табынуучулар да рух менен, чындык боюнча табынуулары керек».
3. Мен окуган Библиянын Автору - Кудай. Библиядагы мына бул аяттардын негизинде айтып жатам: Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу.

Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек. Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан.

Ал эми Ыйык Рухтун жетегинде болгон ыйык адамдар 40 ка жакын. Ыйык Жазуу 1500 жылдын аралыгында жазылган. Ошого жараша аны жазгандар ар кайсы замандын өкүлдөрү, ар кайсы өлкөнүн тургундары болгон. Библияны кыргыз тилине Ыйса Машайакка ишенген, Ыйык Рухтун жетегинде жашаган адамдар которгон.

демек сиздин кудайыныз - рух (святой дух) ?! анда сиз атап кеткен атасы, баласы ким?

Ооба, Библияда кандай айтылса ошондой, Кудай - Рух. Ата - Кудай. Уулу - Ыйса.
Ушул сөзүңүздүн төркүнүн, жаңылбасам, түшүнүп турам. Мени таң калтырганы, адамдардын Кудайды өзүлөрүндөй көрүп ой жүгүрткөндөрү. Адам үчүн мүмкүн эмес нерсе Кудай үчүн да мүмкүн эмес болбойт эч качан. Кудай бир эле убакта Ата да, Уул да, Рух да боло алат. Кааласа башкача да боло алат. Дөөт пайгамбар мындай деген: Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат.


бул дуйнону, жан - жаныбарды, адамды жараткан ким? библияныз эмне дейт? кантип жаратылган, библия кандайча суроттойт?

Бул дүйнөнү, жан-жаныбарларды, адамды Кудай жараткан. Библиям ушундай дейт. Кудайдын Сөзү менен жаратылган.

эмне учун библия 1500 жыл чогултулуп жазылган, Иса, алейхи ссаляям, бул дуйнодо 33 жыл эле омур сургон да? кантип Исаны корбогон, анын созун укпаган адам 1500 жылдан кийин библия жазган?

Кудай каалагандай мезгилдин аралыгында жазылган. Ошончо аралыкта жазылып, Кудай менен адамзаттын ортосундагы мамилени көрсөткөн окуялар улам өнүгүп отурганы Библиянын Кудайдын Сөзү экенинин далили. Адамзат жашоосу жер үстүндө муундан муунга уланып келет, Кудай адамзат менен түзгөн мамилесин улам кийинки муун менен улантып, адамзат үчүн ойлогон ойлорун иш жүзүнө ашырып келет.

эмне учун Матфейдин, Петрдын, Луканын жазгандары бири-бирине топ келишпейт? жада калса библияны англис, орус, кыргыз тилдеринде алып, бир стихти салыштырсаныз маанилери такыр болок, эмнеге мындай?

Библияны Ыйсаны көрбөгөн, сөзүн укпаган адам 1500 жылдан кийин жазган деген маалымат сизде каяктан?

Кайсы аятты айтып жатасыз? Мен Библияларды карап көрүп анан жооп берейин.

мени мындай жооп каанаттырбайт, мага кудай жерди, айлана - чойрону, жан - жаныбарды, адамды кантип, канча убакытта жаратканы жонундо библия эмне дейт, толугу менен жазып бериниз. сиз окуган библия чынында кудайдын созу болсо, ал жерде созсуз мындай маалымат болуш керек.
дагы бир нерсени тактап кетейин, 1500 жылды азыркы 2012 - жылдан кемитип салабызбы, же кайсыл убакыттагы 1500 жыл бою жазылган?

Бул жерде сизди канаттандырууга милдеттүү адам болсо дагы, ал мен эмесмин Ошондуктан "мага" "мени" таризинде адептүүлүк чени менен жазууну сунуш кылам.
Библияда жаратылуу кандай болгону жазылган. Аны эмне кыласыз? Ушул суроонун жообуна жараша калганы болот.


Эмне жазылса ошону гана түшүнгөндө, кийинкисин түшүнүүгө жакшы болот. Айтылган маалыматтан улам, кемитип салуу зарылчылыгы келип чыккан жок го. Кайдан алыбатасыз аны?
Библиянын экинчи чоң бөлүгү болгон Жаңы Келишим б.з. 1-кылымында жазылган. Андан улам көчүрүлүп турган моноскриптер азыркыга чейин сакталуу. Библия толугу менен камтылган попирустун датасы 4-кылымды көрсөтүп турат. Ошондо биздин замандын 4-кылымына чейинки аралыктагы 1500 жыл. Арада адамдардын ишенимсиздигинен улам Кудай адамзатына эч нерсе билдирбеген узак убакыттар
да болгон.

ошол эле лука, фома, матфей, петр орто кылымда жашашкан да! христиан дини католицизм, протестанство, православие, бабтизм дагы башкаларга болунгондон кийин жашашкан. бири католик болсо, бири православный болгон, бири англиканская церковдон болсо, бири григорианскаядан болгон. силер, христианиндер, озунор 356 - жылы Римде Жалгыз Кудайга ишенебизби, же атасы, баласы, рух (святая троица) кылып учооно ишенебизби деп, бир добуш ашыкча болуп святая троицага сыйынууну чечкенсинер.

Сиз болсо калыс болуп карап отургансыз да ээ . Тим эле көрүп отургандай жазасыз да .
Тарыхтан кабар алганыңыз жакшы, бирок толук албаса ушинтип чалды-куйду болуп кетет.
Лука, Фома, Матфей, Петр орто кылымда жашашкан эмес. Католицизм, Григорий жыйыны 6-кылымда пайда болсо, протестантство, англикан жыйыны 16-кылымга таандык. 356 эмес, 326-жылда дүйнөлүк биринчи собордо Үч бирдиктүү Кудай бир Кудай деген чындык баса белгиленген. Ал жерде бир добуш ашыкча болбой эле Арианчылык окутуусу болуп тарыхта жазылып калган Арий аттуу Ливиялык адамдын гностицизмди жактаган ою гана четке кагылган. Калган бардык епископтор бир добуштан үчбирдиктүүлүктү эч кандай талашсыз бекемдешкен.


билгим келет. билген сон башка суроолор жаралат.
христианиндерге берчу суроолорум чачтан коп, аларды сурап келем, бирок бир дагы христиан динин туткан адам тынгылыктуу жооп бербейт: айланып - айланып, эмне деп жооп бергенин озу билбейт. ойлогом, библиядан билдируулорду жазган сон, ушул оной суроолорго жооп бересиз деп.

Сиздин жообуңузга жараша жооп берем деп жазылып турат. Суроонун оңой, кыйыны тууралуу сөз болгон жок. Бурмалап көнгөн кишилерге айла жок экен да. Билгиңиз келсе билмексиз. Инжилде мындай деп жазылган:
"...Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү, анткени Кудай аларга билдирген. Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт" .


Биле элек, мына билем деп жаткан нерселериңизден кийин кандай суроолор жараларын да билет чыгарсыз? . Кылтак коюунун далалаты экенин жок дегиңер барбы? Туура жоопко өзүңөр түз карагыңар келбей кыйпычыктап анан "эмне деп жооп бергенин билбей..." таризинде жасалма жалаа менен будалактап, (булардын ишенген кудайы кайсы экенин киши билбейт. Же жасалманы жарата берген жасалма кудайбы) чампалай баштайсыңар. Анын силерге бир нерсе жазып убара тартамбы, албетте жок! "жооп бере албай... тыты-пыты" деген ырыңарды андан ары ырдай бергиле. Улуу Соттун алдында жооп берер күнүңөр сөзсүз келет!

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 08 Октябрь 2012 - 22:46

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#551 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 22:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

"сиз кызык экенсизго баарын эле куноолоп! Эгер чынында дин жолунда болсонуз башкаларды куноолоп,озунузду акылдуу таза сезбей толк чыгарып жазында"

Бул чабуул эмес дегиңиз келеби? Макул дейин, анда "Толктон" "толк" чыгара албаганда деле мени кайра айыптап коюу :).
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#552 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 22:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Просмотр сообщения Delicacy (08 Октябрь 2012 - 22:24) жазган:

мен сизге чабуул жасаган жокмун! Сиздей озунун чойросундо билимдуу эсептелген адамга дин жаатында чабуул жасашка алсызмын! Мен оз оюмду билдиргим келди! Жанада сиз библиянын созун жамынып коп адамдарды (катарда менида) туркой,акылсыз кылганыныз эсимде!

Мен эч кимди акылсыз кыла албайм :). Андайга алсызмын. Өзүн акылдуу да, акылсыз да кылган ар ким өзү :).

Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 08 Октябрь 2012 - 22:55

Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#553 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Менин калканым – таза жүрөктөрдү куткаруучу Кудай.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#554 Пользователь офлайн   Delicacy   08 Октябрь 2012 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 22:52) жазган:

"сиз кызык экенсизго баарын эле куноолоп! Эгер чынында дин жолунда болсонуз башкаларды куноолоп,озунузду акылдуу таза сезбей толк чыгарып жазында"

Бул чабуул эмес дегиңиз келеби? Макул дейин, анда "Толктон" "толк" чыгара албаганда деле мени кайра айыптап коюу :).



бул чабуул эмес жооп болду урматтуум!
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#555 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 23:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Мен Теңирди чындыгы үчүн даңктайм, бардыгынан жогору турган Теңирдин ысымын мактап ырдайм.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#556 Пользователь офлайн   Delicacy   08 Октябрь 2012 - 23:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 22:54) жазган:

Мен эч кимди акылсыз кыла албайм :). Андайга алсызмын. Өзүн акылдуу да, акылсыз да кылган ар ким өзү :).



албетте сиз акылдуу да акылсызда кыла албайсыз! Бирок сиз адамдарды кемсинте да албайсыз,тагыраак айтканда акыныз жок! Айткым келгени ойлонуп адамдын шаанисине дак тушурбогудой кылып жазсаныз.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#557 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 23:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Туура эмести туура дебей койгонумду эле аброюна так келтирди деп жатпасаңыз, мен эч кимди кемсинткен эмесмин.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#558 Пользователь офлайн   Debi   08 Октябрь 2012 - 23:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Библия мындай дейт: Кудай мага күч берет, мага түз жол салат. Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлериме чыгарат.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#559 Пользователь офлайн   Delicacy   08 Октябрь 2012 - 23:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Debi (08 Октябрь 2012 - 23:15) жазган:

Туура эмести туура дебей койгонумду эле аброюна так келтирди деп жатпасаңыз, мен эч кимди кемсинткен эмесмин.



озунуздун жазгандарынызды талдап корунуз. Жараткан ыйман берсин.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#560 Пользователь офлайн   FarID   09 Октябрь 2012 - 01:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

"Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" бул кыргыз эл макалы. "Библияда ушундай кеп бар беле?" - деп жүрбөгүлө анан :)
Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (156 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 23:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: