Delicacy (08 Октябрь 2012 - 21:31) жазган:
Телефондон кирип жатам дебейсиңби. Анан мурда жазылган деген сөз анчалык төрөпейилдикке деле жатпайт деп ойлойм. Жеканыкын болсо туура деп айта албайм, сөзүнүн "десе дей берсин" деп башталганы эле таза ниет менен суроо бергиси келип жатканынан шек туудурат. Анан "Библия мындай дейт" деп алып, өз ичимен чыгарып жазганга менде кандай зарылчылык болушу мүмкүн? Антип шекигендей анда негиз деле жок. Эптеп кылдан кыйкым издөөнүн аракети экени айкын. Анчалык кызыккан адам кадимкидей эле суранса айтып бериш кыйынга турбайт. Болгону мен Библиядан окуп жатып, жагып калган жерлерди, же бул жердеги сөзгө жараша эстегенимди издеп таап, көчүрүп, коюп жатканда, жазылган ордуларын атайылап карабайм. Керек болгон учурда таап алыш оңой эле.