Жакында кытай кафесине барып келели деп досума айтсам ал «Кытай кафесине барбай эле койолу. Ал жактан жеген тамак арам. Койдун этинен жасалган тамак жесен да койдун этин кескен бычак мурда донуздун же башка харам жандыктардын этини кескен болушу мүмкүн» - дейт. Анан кафеге баралбай калдык ушинтип. Ушул арамбы?
Эттин адал болуусунун шарттары бар. Койдун эти болсо эле адал боло бербейт. Ошол койду ким сойгонуна да каралат. Эгер мусулман же християнин же яхудий оз дининде көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык сойгон болсо ал адал болот. Ал эми ташка, буддага, асманга, жерге, тоого ж.б ларга сыйынгандардын сойгон эти арам деп эсептелет. Алардын өсумдуктөрдөн даярдаган салаттарын жегенге болот.
Эми кытай маселесине келсек, бул учурда кытайдын кайсы динде экендигине каралат. Эгер мусулман, християнин, яхудий болсо жегенге болот. Анан отко, итке сыйынган болсо болбойт.
Ал эми жылан, бака, ташбака, ит, мышык ж.б лардын эти аны ким сойгонуна карабай арам деп эсептелет.

Супер-Инфо
super.kg
видео




















