Ислам динин окуп билип тааныбагандан кийин ар кандай создорду жазаардан алдын терен ойлонуп иш кылсак эми узун койнок кийип сакал койсо эле алар эч убакта араб же пакистандык болуп калбайткоо же бироо жаримга алардын зыяны тийбесе кандай кийинет алардын оз эрки аларда кыргызстандын жараны кыргыздын улутук киймин кийиш керек деп тошун койгулаган улан кыздар оздору кыргыздын улуттук кийимдерин кийет болду бекен?
Кыргыз жигиттеринин сүннөт деп сакал өстүрүп, ыштан, көйнөк кийгенине кандай карайсыздар?
#122 11 October 2012 - 13:19
"Сөздүн көркү - макал, беттин көркү - сакал" дейт элибизде. Илгерки заманда ар бир киши сакалы чыккандан кийин тим койчу экен. Азыркы заманда талап башка. Сакал коюп жүрүшкө туура келбеген кесиптер бар. Эгер жарашса, сакал-мурутту серпип, күзөп багып жүрсө эмнеге болбосун!
Кайра да кайталайм: койгон сакал-мурутуң өзүңө жарашып, чырайыңа сулуулук берип турсун! Антпей, сапсайтып, сасытып коё бергендер өздөрүнүн наадандыгын эле көрсөтөт. Сакал коюш - динчилдиктин белгиси эмес! Ошондой эле, арабдын же пакистандыктын узун көйнөгүн жана баш кийимин кийип, жылаң бутуна кепич илип алып тарпылдап басып жүргөндөр динге элди чакыргандын ордуна элдин кыжырын келтирип жатышат. Ар кайсы элдин өз шартына ылайык улуттук кийими болот. Ошону кийиш керек! Айрым кыргыз кыз-келиндери паранжы жамынып, кээ бир эч жерин көргөзбөй тумчулап алганын көрүп жүрөбүз. Бул - караңгылыктын,
наадандыктын эле белгиси! Кыргыз элинде аялдар эркек менен тең укукта болуп, эч качан бетин жапкан эмес! Кымбаттуу кыргыз жаштары! Артка, орто кылымга кетенчиктебей,
алга умтулгула!
Билимге, маданиятка,
азыркы технологияларга ээ болгула.
#123 15 October 2012 - 02:13
Сакалдуулар аман болсун бирок кээбирлери жарашпаса да саналуу гана сакалдарын коюп алгандары бар мына ошолор такыр жакпайт!Менин билишимче сакал койгон адам жаман ыплас создордон оолак болушу керек азыркы саналуу сакал койгондор оозуна келген создорду суйлоп сакалдын баркын кетиришет.Андан да узун койнок кийип молдолордун кейпин жамынып алып коомдук унаада сагызды чалпылдатып чайнагандарды коруп зээним кейийт!
#124 22 October 2012 - 18:17
jakshi jazipsin da birok ushu 'jurogu taza bolso boldu' degen soz tuura emes,chindikka da jakindabayt,sen ele emes namaz okubagan kobu aytat,namaz okubaym,jurogum taza bolup,ichimde Kudayga ishensem boldu da dep...koygulachi,bolbogon soz!Bul,universitetke barip,meni ishke algila,ozum ayabay matematikani jakshi bilem,birok DİPLOMmum jok degen ele soz...namaz dindin turkugu...ii anan bul shtan menen koynok arabdardin eldik kiyimi,prezidentibiz A.Atambaev aytkanday arab madaniyati menen dindi biri birine aralashtirbay musulman dinin ozdoshturoylu
все что ни делается все к лучшему :(
#125 24 October 2012 - 01:49
#126 24 October 2012 - 16:21
Sakalchan bolboso da uzun koinok,ywtan kiygen kl balamdy korup tan kalgam...kyzyktai ele korunot eken,birok bir jagynan jakwy kylyptyr dep koidum..
#127 06 November 2012 - 18:11
ошол сакал остуруп ыштан деп атасынарбы ошондой кийингендер тушунуп атат бекен аны эмнеге кийгенин ,анткени акыркы убактарда дин жамынып оздорун даабатчы же дагы ушул сыяктуу дин адамымын деген террористер болуп чыгып ататко,метролорду,
эл топтолгон жерлерди жардыруу кайдан дин кызматкери болсун,андыктан келгиле кимдин тууган ууругу, ага иниси бул жолду тандап атса айткыла жети олчоп бир кесишсин кеч болуп кала элегинде
#128 06 November 2012 - 18:19
Сакал коюуунун коп эле пайдасы барбы дейм,, бирок азыркы замандын адамдары коп деле жактыра бербейт го.... тыкан алып жургондор жагат анан сапсыйтып кээбирлери коюп алат го аларда чынында анча жактыра бербейм... Азыр мен сакал тууралуу деле ойлобойм, башка ойлоно турган нерсе толтура... себеби Аллахтын астына барганда сакал эмне койбодун деп сурабайт да.... кылган ишибизден жана суйлогон созубуздон,
жашап откон омурубуздон суралсак керек ... бул менин оюм
Аллаху Акбар туура айтасыз
Жамалымы сагынып
#129 06 November 2012 - 18:28
Ким койсо да Маладец Аллах Ыраахы Болсун, Колунан келгенин кылсвн, Пайгамбарыбыз С.а.в. суннотун тирилтип озунун акыретине пайда алып келип атат. жакпадым дегендердин дагы оз оозу оз жообу.... Маладец Мусулмандар,
Тырп еткендин баарын Ислам дини Мусулмандардан корккула
Жамалымы сагынып
#130 06 November 2012 - 19:39
сакал койсо ар кимдин оз эрки. Бирок абдышукур нарматов деле дин жагынан билими кучтуу адам. анын озунун сырт келбетин алып журуусу баарына жакса керек деп ойлойм.
#131 07 November 2012 - 12:15
Ыйлагысы келген бала атасынын сакалы менен ойнойт деген макал бар болсо керек эле!сакал-
бул эркектин корку!илгери сакалы жок адамды косо,катынга окшош бети деп шылдын кылышчы экен!ал эми азыр тескерисинче болуп калды!улуттук кийим мн суннот кийимдин айырмасын билбей кийинип жатабыз!
#132 18 November 2012 - 06:23
Сакалын бапсыйтып кое берген менен кам корулгон, жийиркентпеген сакалдын айырмасы болсо керек. Жакында бир классташ баланы коруп калдым. Мурда жакшынакай эле жургон,азыр узун туурасы билинбей семирип,сакалын жарым карыш кое берген бапсыйтып. Ал озу албурлуу, бою узун+ото толуп кеткендиктен жанына келсен тим эле 40тагы киши. Ии, сакалы ото жесткий, чымкый кара, анан дагы бул кулактан тиги кулака чейин бетте кенири кулачын жайып алган. Ото коркунучтуу,
ото жийиркеничтуу.
Ойлоп койдум, кантип ушундай сакалда периштелер журсун, пенде мага жакпай жатса деп. Жанагындай суннот койнок кийген, кебетеси тим эле тоо. Суйлогону мусулманчылык болгону менен агрессивдуу,
соз укпаган фанатиктерге окшоп калыптыр. Мусулман "момун"
деген созду унутпаса.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#133 18 November 2012 - 06:27
Жогорудагы Орозобек байкенин созуно толугу менен кошулам.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#134 19 November 2012 - 09:17
Эркек адам сакал койгону эле жакшы. Бирок узун сакал коюуга каршымын. Бул да болсо аялдардан айрымабыз. Айтайын дегеним; эркектер чач остуруп, сакалын кырып койсо аялдан айрымаланбай калып жатат. Аялдар болсо тескерисинен баратат.
Араб кийимдерин кийууго каршымын. Узун койнокту эркек кийип, эркек шымын аял кийип акыр заманды алып келбей эле коелу. Баары тескерисинен кетсе акыр заман жакындаганы эмей эмне?...
Араб кийимдерин кийууго каршымын. Узун койнокту эркек кийип, эркек шымын аял кийип акыр заманды алып келбей эле коелу. Баары тескерисинен кетсе акыр заман жакындаганы эмей эмне?...
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#135 22 November 2012 - 23:43
Жаш эле болуп узун койнок(кечиресиздер мага ошондой корунуп кетет кээде) кийип алышса дагы сакалдарын остуруп... общиим эле куник корунот(лично мага билбейм калгандарына кандай корунушун)Тан калам ай тан калам андан коро таза тыкан кийинип журушпойбу десен,чалынайын чалынайын дешпей.
#136 23 November 2012 - 16:05
Кыргыз жигиттери Сунноту бекем кармаганга каршы эмесмин анткени биз мусулманбыз,
бул жерде биринчи Сунноту тушунуп алышыбыз керек окшойт."Суннот"
-создук манисинде "Жол"Пайгамбар С.А.Вдын айткан создору ,кылган иштери,бир ишти макулдаганы,
же ал иштен кайтарбаганы.
Суннот сакал,чепкен м.н чектелбейт.
#138 24 November 2012 - 04:46
ошол сакал остуруп ыштан деп атасынарбы ошондой кийингендер тушунуп атат бекен аны эмнеге кийгенин ,анткени акыркы убактарда дин жамынып оздорун даабатчы же дагы ушул сыяктуу дин адамымын деген террористер болуп чыгып ататко,метролорду,
эл топтолгон жерлерди жардыруу кайдан дин кызматкери болсун,андыктан келгиле кимдин тууган ууругу, ага иниси бул жолду тандап атса айткыла жети олчоп бир кесишсин кеч болуп кала элегинде
Ит үрөө берет кербен жүрө берет демекчи.Алар эмне кылып жатса өзү үчүн,акырети үчүн кылып жатышат.Биз аларга сөз атпай өз акыретибизди ойлойлучу.Бири- бирибиз мн байлык мн жарышпай сооп иштер мн жарышалы.Канчалаган бекер сооп иштер турса кылбайбызда, жаман иштерди акчага сатып алып күнөө иш кылабыз жалганбы. Террористер Исламга жалган жалаа жапкандар,ушулар жаман көрсөтүп жатат.
#139 30 November 2012 - 01:51
Кыргыздарга сакал арап турктодой болуп чыга бербейт биз монголойидпиз!
Аларды туурабай эле кыргыздын жузу менен жургон жакшы!
#140 30 November 2012 - 23:15

Супер-Инфо
super.kg
видео
















