Суперстан: Кесарево кесүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кесарево кесүүсү

#1 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Коомубуздагы ушул көйгөйдү талкуулоо максатында тема ачуу оюу болгон эле менде мурда. Кийин унутуп калгандыктан түзбөй калыптырмын. Азыр жаңы бир ошол маселеге байланыштуу макала көрүп калып бул жакка көчүрүп келүүнү туура таптым.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Бир-эки жылдан бери маал-маалы менен коомубуздагы көйгөйлүү маселелерди талкуулап жүргөн тобубузга, Бишкекте жайгашкан телекомпаниянын кызматкери Таирбек байкебиз “кесарево сечение” деп аталган көрүнүш тууралу даярдалган телеберүүнү сунду. Чындыгында бул тема ар бирибиз тарабынан белгилүү бир деңгээлде талкууланып келе жаткандыгы ортого чыкты.

Ошол жерде отурган бала-чакасы бар байкелердин жарымынын балдары “кесарево” хирургиялык ыкмасы аркылуу жарык дүйнөгө келгендиги маалым болду. Бул темага байланыштуу алгачкы макалабызда талкууга катышкан адамдардын үй-бүлөлөрүндө болуп өткөн окуяларды берүүнү туура көрдүк. Этикалык себептерге байланыштуу байкелерибиздин аттарын өзгөрттүк.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Телерадиокомпанияда кызмат кылган Таирбек байкебиздин келинчеги Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн бирине келгенде кадимкидей эле жол менен төрөй ала тургандыгын айтышкан, бирок башкы дарыгердин жүз ишараты (мимикасы) менен токтотулуп, кесарево кылуу керек деген сөз айтылган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин байкебизге кесарево кылууга уруксат берген кагазга кол коюуну сунушташкан, ал баш тарткан соң түшүнүксүз ызы-чуу иштер, жемелөөлөр болуп жатып, кырдаал курчутулуп, бир топ убакыт өткөн. Ал убактын ичинде төрөткө келген келиндин суусу агып баштап, акыры кол коюлбаганына карабастан кесарево кылынган. Таирбек байкебиз тасмага түшүрүү тобун чакырып, фактыларды ортого коюп бергенден кийин, кабардын жайылышын алдын алуу максатында, дарыгерлер тарабынан ири суммадагы акча сунушталган. Таирбек байке бул сунуштардан баш тартып, телеберүү даярдаган. Акыр аягы бул төрөт үйүнүн дарыгерлеринин жоон тобу өз кызматтарынан четтетилген. Ал жерде жаткан энелер башында нааразылыктарын билдиришип “акчасыз адамды сөзсүз кесарево кылышат, анткени ал үчүн батыштын уюмдары акча төлөп беришет, тыйын бербесең карашпайт” деген сыяктуу түрдүү окуяларды айтып беребиз дешкен, бирок кийин “өзүбүздү же балдарыбызды өлтүрүп салбасын” дешип баш тартышкан. Бул нерсе дарыгерлердин мерездигинин канчалык ашкере болуп кеткендигин далилдеп турат.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Социология жана политология боюнча жогорку окуу жайларда сабак берген, расмий маалыматтарга шексиз ишенген Баатыр байкебиз өз турмушунан төмөнкү фактыларды келтирди: “Менин үч балам бар, үчөө тең кесарево жолу менен төрөлүштү. 2002-жылы биринчисин төрөөрдө каршы чыкканга аракет кылдым, бирок дарыгерлер менен кайындарым тарабынан чоң баскы болуп, аргасыздан кол коюп бергем. Төрөттөн кийин келинчегимдин кеминде үч жыл төрөбөшү керектигин айтышты. Кийинки балдарымды да Таир байкеникиндей эле “жамбашы кууш, бала болсо чоң” дешип кесарево кылып алышты. Анан акча жагын айтсам, биринчи баламды кесарево кылган үчүн 5 миң сом алышкан, экинчимдики 10 миң, үчүнчүсүнүкү 16 миң болду. Дарыгерлердин оройлугун көрүп туруп акчаны алгандыктары тууралуу квитанция же башка тастыктоочу документтерди сурагандан да коркосуң, бир нерсе кылып жибербесин деп. Ошондуктан кесарево кылыш дарыгерлер үчүн эки тараптан киреше алып келет экен, анан да алар үчүн кооптуулугу азыраак, анткени бала тирүү калып майып болуп калса да, чарчап калса да түрдүү шылтоолорду айтып кутулуп кетүү оңойураак”.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Курулуш компаниясында иштеген Зарлык байке “кесарево окуяларын” улай: “Менин эки уулум бар, экөөнү тең кесарево кылып алышты. Келинчегим толгоосу келип, улам күчөп барган убакта жеткирдим. Төрөтканада болсо, тескерисинче “успокаивающий” укол сайып, бир тоголок шарикке мингизип коюшту. Бул толгоону жандырат экен. Толгоосу токтоп калган соң бала кыйналат дешип кесаревону сунушташты. Каршы чыктым, саламаттык сактоо министирлигинде агам бар деп да айттым, бирок жардам берген жок. Биринчи балам майып болуп калды. Жыл сайын түрдүү диагноздорду коюп жатып, акыры аутизм деген диагноз коюп беришти. Бул менин билишимче дарыгерлердин суктугуна, айлыктарынын төмөндүгүнө жана сырт тараптан таңууланган программаларга байланыштуу болуш керек. Анткени сырт жактан акушердик аспаптар деп, жалаң гана кесарево кылчуу нерселер келет экен”.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Диний кызматты аркалаган жашы кырк бештен ашып калган Эдил байке: “Батыш тарабынан таңууланган “Үй-бүлөнү пландоо” программасынын ичиндеги негизги бөлүктү түзгөн кесарево ыкмасы 2000-жылдардан кийин ишке аша баштаган болушу керек, анткени биздин балдар төрөлүп жаткан кезде бул тууралуу сөз да болчу эмес. Мен Москвада командировкада жүргөн кезимде келинчегимдин биринчи төрөтү болгон. Үйдө эч ким жок, суусу толугу менен агып түшүп калган кезде, бейтапканага кайнежем менен барышкан. Төрөттү күчөткөн уколдорду сайып баланы кабыл алышкан. Кесарево кылганда аял киши психологиялык трамва алат, кесилген жерлери калыбына келгенче төрөт аралыктары алыстатылып, “фертильный” делген жеңил төрөй алчу убагынан өтүп кетип аз бала төрөйт.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Алла Таала тарабынан коюлган жолдо баланын дүйнөгө келиши эне үчүн да, ымыркай үчүн өтө пайдалуу экендиги илим жана турмуш менен далилденген. Кээ бир жеке менчик төрөөтканаларда физикалык машыгуулар жана төрөөрүнө үч-төрт ай калганда ундан жасалган жана майлуу тамактарды жебеши керектиги сунушталат. Себеби бала ошол акыркы айларда салмак алып баштайт экен. Негизинен кесаревосуз төрөш үчүн кеңеш берүү аначы-айымдарга тыюу салынган сыяктуу”.


... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Бул жыйында төрагалык кылган Жаркынбек агабыз бул күнкү отурушту жыйынтыктап: “Кесарево ыкмасы байыркы Римде, ак сөөктөрдүн аялдарына колдонулган ыкма катары биринчи ирет эскерилет. Бирок аны төрөттө альтернатива катары эмес, төрөттүн ордуна пайдаланылган делет.

Биринчиден – кесарево кылуу дарыгерлер үчүн киреше алып келет. Алар бул ыкманы колдонуу үчүн: суусу кетип калды, кууш жамбаш жана баланын чоңоюп кетүүсүн шылтоо кылышат. Балким алар менен коомдук келишим кылыш керек, силерге канча акча берилсе кесаревону эң акыркы, айласыздан болгон чара катары карайсыздар деп.

Экинчиден – бул маселени кесипкөйлөр менен кеңири карап чыгыш керек экен. Анткени кесаревого каршы болгон дарыгерлер да аз эмес болуш керек.

Үчүнчүдөн – бул проблема ар тараптуу талкууга алынышы керек. Себеби анын глобалдык, саясий-экономикалык, коомдук, кесиптик, үй-бүлөлүк жана жеке инсандык тараптары көп экен.

Төртүнчүдөн – статистикалык маалыматтар да каралышы керек, мисалы төрөттөрдүн 6%ы гана кесарево ыкмасы менен кылынат деген сан өтө төмөндөтүлгөн сан окшойт. Андан кийин бул ыкманы колдонбой жаткан региондор, дарыгерлер жана клиникалар болсо алардын да статистикасын алыш керек”, – деди.


... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Чыныгы мусулман бир балээге кабылган болсо башкалардын ошондой балээге кабылышын каалабайт. Ошондуктан биз бул көйгөйдү коомчулукка алып чыгууну туура көрдүк жана колдон келишинче бул теманы кесипкөйлөр менен бирге изилдеп, тиешелүү чаралардын көрүлүшүнө түрткү болууга бел байладык. Сиздерден да саламаттык сактоо тармагын таш-боорлук жана мерестик уйкусунан ойготууга жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Бул тема кийинки жумада, азыркы кезде кесаревосуз балалуу болгон адамдардын окуялары менен улантылмакчы.

Макаланы даярдаган Эсен Ырыскелди Жарыяланган күнү: 18-10-2012 Кыргызстан муфтиятынын официалдуу сайтынан алынды

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 18 Октябрь 2012 - 16:32

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 16:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Эми, талкуу үчүн суроо:

1. Деги эмне эле болуп баратабыз?
2. Эгер силерде ушундай кырдаал жарала турган болсо эмне кылмакчысыңар?
3. "Бул кесүүнүн артында "жер жүзүндөгү калктын санын азайтуу" деген балакет программанын саясаты жатат окшойт" деген ойго эмне демекчисиңер?
4. Мамлекет ушундан кабары барбы же табакташпы ?

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 18 Октябрь 2012 - 16:37

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Delicacy   18 Октябрь 2012 - 16:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

1. Баарыбыз десек болбойтко бирок арабызда адамдык боорукердик, Аллах алдында коркуу деген сезимдерди унутуп койгон мекендештерибиз ото коп. Жана акыркы кундору акчанын кулу болуп калган адамдар быжырап козу карындай кобойуп кетпедиби.

2. Мен билбейм эмне кылышты. Бирок туура эмес болуп менин аялым же наристеме зыян тийсе мыйзамсыз болсода энелерин 2-жолу таанытам.(кудай сактасын)

3. Менимче ошондой болуп жататко. Акъркы кундору АКШ баштаган бир нече державалар 'калктын санын козомолго алып,системалаштыруу' керек деп сайрап калышты.


4. Мамлекет дебейин бирок ушул тараптагы министирлер табакташ эле болсо керек. Ойлоп корсок ушул багытка болунгон акча ошол министирлердин колунан ототда.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   solnyshko   18 Октябрь 2012 - 17:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 868
  • Катталган: 20 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Июл 2025 20:23
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыялдарда жашайт...

Просмотр сообщения Таллас (18 Октябрь 2012 - 16:35) жазган:

Эми, талкуу үчүн суроо:

1. Деги эмне эле болуп баратабыз?
2. Эгер силерде ушундай кырдаал жарала турган болсо эмне кылмакчысыңар?
3. "Бул кесүүнүн артында "жер жүзүндөгү калктын санын азайтуу" деген балакет программанын саясаты жатат окшойт" деген ойго эмне демекчисиңер?
4. Мамлекет ушундан кабары барбы же табакташпы ?



1)Акча-деген нерсе адамдарды ар нерсеге алып барат да...
2)Эгер мен ушундай кырдаалга туш болсом(Кудай сактасын),жаным кыйналып өлөйүн деп атсам,анан врачтар:баландын башы чон экен ,же сен өзүң төрөй албайсың" дешсе,аларды угуп,кечерового макулдугумду беремин да.
3)"Калкты азайтуунун негизинде кылынат мындай методдор" дегенге толугу менен кошула албайм.Себеби, кээ бирки аялдарга,чынынды кесерово кылышы туура келет(без выходное положение дегендей)
4)Мамлекет кабары жок!Они заняты более чем то интересным и выгодным(кресло, бийлик талашмай,бири- бирин чукумай)

Негизи толгоого чыдаш кыйын деп айтышат. Менин эжем 2чи баласын ушундай жол менен төрөгөн.Себеби узиден карап,"баласынын башы аябай чон,өзү төрөй албайт" деп врачтар,каршы болуп туруп алышкан.Анан алардын айтканын угуп,макул болгонбуз.Экинчи эжем,көп убакыт толгонуп,толгоого чыдабай,акыры врачтарга озу айткан"кесерово кылып алгыла,чыдабайм" деп.Хотя ал эжем өзү врач,кийинкиси кандай,эмне болоорун түшүнөт,билет эле.Бирок врачтар"бир жакшынакай эле өзүң төрөйсүң" деп, "естественным путем"төрөтүшкөн. Негизи алардын арасында бар жанакындай врачтар,акча десе жата калышып,ооздоруна толтуруп сүйлөшүшөт. Адамгерчиклик сапаты жок,бирок баардык врачтар эмес.(мен ушинтип ойлойм)

Только злые люди, зла боятся!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   aote   18 Октябрь 2012 - 17:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 407
  • Катталган: 23 Июль 11
  • Соңку аракети: 25 Июн 2014 21:40
  • Жынысы:Эркек

Kerarevo ne?keeniri maalimat berip ketiniz,suranich?kanday ziyan jana payda jaktaryn?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   zhiza   18 Октябрь 2012 - 17:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Кесуу жолу менен торотуу бул - аял адам,озу тороого мумкунчулук такыр калбай калгандагы аргасыздан колдонулуучу ыкма.Биринчи жолку торооту кесуу жолу менен болгон болсо,калган торооттору дагы кесуу жолу менен болбойт деп,эч ким кепилдик бере албайт...Бирок, бул ыкманы врачтар оз кызыкчылыктары учун пайдаланып жаткан болсо,демек алар адам омуруно кол салган макулуктар. ...Врачтардын кесарево кылганы учун кошумча акча алгандарын билчуу эмес экемин,ал эми бул учун, кошумча айлык кошулаарын уккан жайым бар...Эмне демекмин...." Кысасы кыяматка кетет".Кыса - тируучулуктогу кордук,азап, кыямат тозок,тиги дуйнонун азабы - тозогу. Соз маанисинде бироого азап,кордук корсотсон,аны менен тынч калбайт,бирде болбосо да,бирде айланып,оз башына токмок ойнотот.Тиги дуйнодо да анын эсеби берилет...Бироону кор тутпа,ал учун ызасын албай койбойт...Бир куну,алардын да оз кызы,оз келини башка бироонун колунан бычак мизине алынат.Гиппократтын анты ургурлар!
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Elvira Karaeva   18 Октябрь 2012 - 17:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

"Ымыркайдын башы чоң, эненин жамбашы кууш" деген врач сөрөйлөр "Манасты" окушпаган окшойт. Эпосто баатыр үч жаштагы баладай төрөлгөн деп айтылат, демек салмагы чоң болгон. Анда Чыйырдынын жамбашы ээн-талаа беле?! Эптеп акча табуунун, төрөттү ары-бери бүтүрүп салуунун эле амалы.

Кечирим сурайм, иттик дагы менден кетти!

Билдирүүнү түзөткөн: Elvira Karaeva: 18 Октябрь 2012 - 18:17

"Касыңды кучактасаң - дос табасың,

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Барс   18 Октябрь 2012 - 18:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ошондо эми Каныкей кайсы баатырды төрөп салып жатат?..Сүрөт
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Aydashka   18 Октябрь 2012 - 18:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Биздин врачтар табигый жол менен эле аман-эсен тороп ала турган кыз-келиндерди деле "кесарево" жолу менен торотобуз деп суйрой беришет экен,кызыл-жаян кылып тобоо.Чет өлкөдө аялдын же баланын табыгый жол менен төрөлүшүнө коркунуч себептер болгондо гана кесилет.Кесерево болгон соң эки жыл өткөндөн кийин,кадимки табигый жол менен кайра төрөсө боло берет.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 18:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Барс (18 Октябрь 2012 - 18:10) жазган:

Ошондо эми Каныкей кайсы баатырды төрөп салып жатат?..Сүрөт


Программированиеде рекурсия деген түшүнүк бар. Бул өзүн өзү чакыруучу функциялар деген мааниде.. Бирок, жогорку посттун ээси бир шашмалык.. анан жаштык кылып койду го дейм :)
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Таллас   18 Октябрь 2012 - 18:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

"Бая СССР доорунда ", - деп эле кошуналар мал тосуп турушканда кеп кылышкандай. . СССР доорунда кесарево деген балакет мынча жайылган эмес эле. Мисалы, теманын автору көп бир туугандуу. Ошолордун бири дагы кесаревонун "к" тамгасы жок эле төрөлүшкөн.

Дагы бир нерсе эске түшүп кетти. Бир классташ кыздын жамбашы берекелүү эле. Аны башка кыздар сөз кылып.. эле жатышчу: "Кара.. тиги-бу", деп (менимче, көз артышчу болушу керек :) ). Эми ойлоп "Ошондой берекелүүлөргө эле жакшы экен да-а", - деп койдум.

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Elvira Karaeva   18 Октябрь 2012 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Таллас (18 Октябрь 2012 - 18:17) жазган:

Программированиеде рекурсия деген түшүнүк бар. Бул өзүн өзү чакыруучу функциялар деген мааниде.. Бирок, жогорку посттун ээси бир шашмалык.. анан жаштык кылып койду го дейм :)


Мда! Терминдерди аралаштырып, катуу актапсың го. Айтканыңдын жөнү бар, шашмалык деле эмес, Манас десе, биринчи Каныкейге багыт алып кеттим окшойт...

Тема боюнча: Аялдын эң чоң бактысы бул бала да. Анан 3 бала деп чектөө, бул бакытты чектөөгө барабар. Жакшылап бул теманы талкууласак, балким, боюнда бар аялдар жакын арада төрөтканалардын алдында митинг өткөрүп чыгар...)))
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 31 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 31, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 01:05

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: