Эгемендуулуко жетишкенибизден бери билим беруу тармагында кандай реформалар болду жана мындан ары кандай реформалар болмокчу? Же реформалоого муктаждык жокпу?
Кандай реформалар болмокчу?
#2 02 April 2013 - 12:02
Суроого министрликтин басма сөз кызматынын адиси Керез Жукеева жооп берди:
Алгач жетишкендиктер тууралуу кененирээк токтолууга, анан билим берүүнүн башка багыттары тууралуу сөз кылууга уруксат этиңиздер.
2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясы- 2012-жылдагы орто мөөнөттөгү перспективаларды аныктап, билим берүү системасында, башкаруу чечимдеринде, реформаларды ишке ашырууда комплекстүүлүктү жана ыңгайлуулукту пайда кылды.
Кыргыз Республикасындагы 2012-2020-жылдардагы билим берүү Стратегиясынын өнүктүрүү долбоорунун негизиги максаты-билим берүү системасынын туруктуу өсүшүнө шарт түзүү болуп саналат. Мында сапаттуу жана натыйжалуу билим берүү үчүн ички жана тышкы ресурстарды толук пайдалануу керек.
Ошондуктан, Стратегиялык туруктуу өнүктүрүү-деген түшүнүк, өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №14-Указы менен бекитилген (2013-2017-жылдардагы) Президенттин Стратегиялык өнүктүрүүсүнүн инструменти болуп калмакчы.
Стратегиялык туруктуу өнүктүрүү 2012-жылы башталган. 2012-2014-жылдардагы План иш аракеттерди жүзөгө ашырууга 180 иш чара аткарылган.
Алгачкы иштин жыйынтыгын чыгарып жатып, биз алдыга туура кадам таштаганыбызды сездик. Бул багытта 149 иш чара өткөрүлдү. 2013-2014-жылдары аткарылган иштердин тармактары улам кеңейип дагы улантылмакчы.
Ошол эле учурда, анализ көрсөткөндөй, 2012-жылдагы иш чаралар үсүл-кесил гана аткарылды же 36 пайызга, андыктан, 2013-жылы Стратегияны өнүктүрүү маселесинде бардыгыбыз жапа-тырмак системалуу киришмекчибиз.
Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүүнү дайыма көңүл борборунда кармайт. 2012-2014-жылдардагы Стратегиянын Пландарына шайкеш жеткинчектердин мектепке болгон психологиялык- педагогикалык даярдыгын калыптандыруу эске алынган. Министрлик жеткинчектерди мектепке даярдоодо100 сааттык программанын ордуна 240 саттык программаны иштеп чыгып, программа жеткинчектерге көп мүмкүчүлүктөрдү ачарына ынандык. Натыйжада, жалпы эсептегенде, 102 606 биринчи кластын окуучуларынан 2012-2013-окуу жылында даярдоо программасынан 98 110 адам, анын ичинен, 53 405 бала 240 сааттык программадан өтүшкөн.
2012-жылы Министрлик мектептерде билим берүү жаатында ишенимдүү кадамдарды таштады. Келечекте ал иштин натыйжалуугун жана сапатын жогорулатууну күчөтөт. Каржы министрлиги менен пайдалуу келишимдер ишке ашырылды. Билим берүүнү натыйжалуу каржылоонун мониторинги билим берүү Министрлиги тарабынанан өткөрүлөт. Мыйзамда белгиленгендей, Министрлик мамлекет алдында билим берүүнүн сапатына жооптуу. Ошондуктан, 2013-жылдын апрель, май айларында Министрликтин кызматкерлери иштеп чыгышкан мектептерди каржылоо агымдарынын укуктук-ченемдик актылары өзгөртүлөт, 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап, жаңы система ишке киргизилет. Ушул себептен, билим берүү уюмдары, турган жери, милдеттенмелери, ремонту менен кошо (мейли мамлекеттик жана муниципиалдык болсун) азырынча, Министрликтин Курулуш Монтаждоо Башкармалыгынын карамагында кала берет.
Аймактык жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө, биринчи кезекте, мугалимдердин айлыгына жоопкерчиликти күчөтүү максатында билимдин сапатын көзөмөлдөө жана каржылоо Борбору уюштурулат. Биздин көз карашыбызда, борбордун мындай аталышы, мектептерде билим берүү системасынын өсүшү менен бирге, каржылоо принциптеринин өзгөрүшү менен бекем байланышта болмокчу.
Каржылоо агымдарынын өзгөрүшү-категориялык гранттардын жоюлушуна алып келет да, ченемдик казыналык каржылоодон жан башына каржылоо жолу ачылат.
2014-жылдан баштап, Республикабыздын баардык дубандары-ченемдик казыналык каржылоого өтүшөт. 2012-жылы бул принцип Бишкек жана Ош шаарларында өнүктүрүлгөн, кезекте-Ош, Жала-Абад, Нарын, Талас дубандары турат. Ушул себептен, азыр керектөөлөр боюнча каржылоо үчүн чек арада жана алыскы аймактарда жайгашкан мектептердин тизмеси түзүлүүдө.
Албетте, кайсы гана жаңы иш болбосун анын өз кыйынчылыктары болбой койбойт, ал мектептин администрациясын өзгөртүү зарылчылыгында жана көп тармактуу көйгөйлөрдө кездешет.
Ченемдик казыналык каржылоо өлкөбүздүн масштабында «ар бир окуучуну каржылоо кайдан чогулат?» деген суроого жөнөкөй жооп табылат. Бул мектеп окуучуларынын окуусун оптималдаштырууда жана мектептин өз алдынча аракеттенүү деңгээлин жогорулатууда, буйрутмалык казыналык каражаттарды пайдаланууда жана балдарды окутууда жакшы натыйжа бере турган жоопкерчикти көтөрөт.
Орто кесиптик билим берүү тармагы жогорку кесиптик билим берүүнүн көлөкөсүндө калат көп учурда. Ошондуктан, азыркы учурда, окуу программаларын оптималдаштыруу жүрүүдө, кыска циклдеги окутуу программасы пайда болду, мында студенттер кыска мөөнөттүн ичинде билимге ээ болушуп, эмгек рыногуна убакытка уттурбай эртерээк чыгышып, өндүрүштөгү жана бизнес структурадагы өз кесибине дасыккан кадрлардын катарын толукташат.
СПОлор үчүн 2013-жылы жаңы муундун Стандартын иштеп чыгуу-бул тенденциянын бекемдеп, жумуш берүүчүлөр менен байланышты күчөтөт, (анын ичинде УМОнун мүчөлөрү дагы бар). Билим берүүчү программалары эмгектин керектөө рыногу менен мындан аркы тыгыз байланышын тереңдетет.
2012-жылдын 1-сентябрынан тартып, Кыргызстан эки тепкичтүү билим берүү системасына өткөн, ал жогоруда айтып өткөндөй-бакалавриат жана магистратура. Бакалавриат толук кандуу даярдык базасы менен даярдап, ошол эле учурда, иштеп, окуусун магистратурадан уланта берсе болот.
Мындай жогорку кесиптик билим берүүчү уюм-эл аралык билим берүү мейкиндигинде мамлекеттик билим берүү стандартын гармониялуу түрдө өнүктүрөт.
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында ШОС, ЕврАзЭС жана түрк тилдүү Кызматташтык Кеңешине мүчө болгон мамлекеттер менен 3 жолу жолгушуу өткөндүгүн жогоруда айтып өттүк, ЕврАзЭСтин алкагында «Бирге жашоону үйрөнөбүз» деген эл аралык форум өткөрүлсө, ал эми түрк тилдүү билим берүү министрлеринин кызматташтык Кеңешинин саммитинде түрк Академиясынын долбоорлору ишке чегерилди.
2012-жылы акыркы жылдарда биринчи жолу КРнын билим берүү жана илим министрлигинин жана аймактык, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө кызматкерлердин потенциалын көтөрүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылды. Министрликтин Аппаратынын кызматкерлери үчүн 3 айга созулган окуу 2 багытта өткөрүлдү, биринчи багыт-кызматкер өзүнүн компетенциясын канчалык деңгээлде билет, экинчи багыт-өзү иштеген кызматтын спецификасын тереңдетип окуп-үйрөнүү.
SWАрка өтүү үчүн адам ресурстары башкарунун жалпы системасын түзүүдө өтө зарыл, SWАр-болсо, индикаторлор системасын шарттарын аткарууну ар бир башкармалыктан, бөлүмдөрдөн, секторлордон аткарылган иштер тууралуу отчетту катуу талап кылат.
Министрликтин кызматкерлерин окутуудан башка дагы, билим берүүнүн бардык катмарын камтыган, 2012-2014-жылдарагы билим берүүнү өнүктүрүүнүн Стратегиясынын иш Пландарынын аткаруу боюнча аймактык жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен эки семинар өткөрүлдү.
Жогорудагыдай жетишкендиктер- билим берүүнүн пайдубалын бекемдеп, билим берүү процессинин системалуулугун арттырат.
Билим берүү реформасынын башка маселесине өтүүдө-2012-жылы мектепке чейинки жана чоңдорго билим берүүдө активдүү иштер жасалганын белгилей кетүү керек.
Мектепке чейинки билим берүү маселеси кичинекейлер үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан, 2012-жылы «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга камкордук» деген аталыштагы мамлекеттик стандарт когнитивдүү процесстерди өстүрүүгө, балдардын тышкы дүйнөнү кабылдап, ага аралашуусуна, 6 жашынан баштап, мектепке окууга барууга даярдоодо психологиялык- педагогикалык даярдык менен камсыз кылынат.
Балдар бакчасына барбаган балдарга мектепке чейинки даярдык күчөтүлүшү керек.
Кайталанып айтылып келе жаткандай, мектепке чейинки даярдык өзгөчө маанилүү компенсациялык механизм.Балдарды кызыктуу дүйнөгө жетелеп, бирине-бири окшобогон оюндар менен ойнотуп, ошол эле учурда, окууга машыктырып, билим берүү жана турмушка даярдоо бирдей шартта жүргүзүлөт.
2012-жылдын 30-августунда балдарды мектепке даярдоо боюнча 240 сааттык программаны каржылоо тууралуу №601-токтомго кол коюлган. Анда мугалимдердин айлык акысына каражаттар изделип, анын ичинде, каражаттар- каражаттарды инвестирлөөдөн, окуу пландарын топтоштуруудан (оптималдаштыруудан) жана башка үнөдөөдөн табылды.
2012-жылы бир жылдык 480 сааттык программа иштелип чыкты, ал 2013-2914-окуу жылында пилотко чыгарылат.Бирок, бул багытта 240 саат менен иштеген мугалимдерге акы төлөп берүү жагынан кыйынчылыкка дуушар болдук. Ошондуктан, мугалимдерге акы төлөөнү бүгүнкү күндүн талуу маселеси катары сиздердин назарыңыздарга коймокчубуз. Буга 6 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты керектелет.
Экинчи бир чоң көйгөй-бул мугалимдерди даярдоо жана кайрадан даярдоо болуп саналат. Биринчи класстын окуучулары менен системалуу түрдө иштөөгө караганда, мектепке чейинки жеткинчектер менен иштөө өтө татаал. Андыктан, мугалим ар кандай оюн ойнотуу ыкмаларын жана интерактивдүү тажырыйбаларды абдан жакшы, жеткиликтүү билиши керек.
Мында эң башкы нерсе-балдар сабакка жалкоолонбой, көңүлдөнүп келиши-алардын мектептен жакшы окуусуна, турмуштан шыдыр жол табуусуна шарт түзөт.
Дагы бир сиздердин көңүлңүздөрдү бурчу нерсе-мектепке чейинки билим берүү тууралуу сөз болгондо, мамлееттик же жеке менчик балдар бакчасындагы алтернативалык формасын туруктуу камсыз кылуу-бул биздин ишибиздин уландысы.
Жогоруда айтылган иштердин эң маанилүү бөлүгү-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү, быйыл 2013-жылы аталган иштерге жергиликтүү бийлик активдүү катышат деген ойдобуз. Анткени, айыл менен шаар жериндеги жер, ресурстар, коомдук өндүрүш же бизнес жергиликтүү бийликке тиешелүү болуп, өздөрүнүн карамагындагы иштерге жооп беришет, демек, ал жерде жайгашкан балдар бакчасы коомчулуктун максималдуу жардамына муктаж.
Андан тышкары, Мыйзамдын алкагында мамлекеттик жана жеке менчик кызматташуу тууралуу жергиликтүү бийлик 2012-жылы иш баштаган, жергиликтүү бийлик (шаар, аймак) ал ишти улантып, чоң курулуштарды, тагыраак айтканда, мектепке чейинки мекемелерди курууга чамасы жеткен (Дордой, АКБ Кыргызстан, Шоро ж.б.) ишкерлерге жер бөлүштүрүп берүүнү сунушташса, бир топ маселе чечилмек.
Башкаруучу өнүктүрүү потенциалынын ийне-жибине чейин ар бир администраторго, ар бир педагогго жүрүп жаткан реформанын зарылдыгы тууралуу жеткирүүсү милдеттүү, ошондо гана ар бир кызматкер билим берүү системасында өзүнүн ордун туура табат.
Жалпы билим берүү жаатында реформаны ишке ашырууда Республикабыздын мугалимдер армиясы чоң күч. Бирок, прогресс учурунда кадр маселесин чечүү тууралуу гана сөз болбостон, аларга кесиптик терең билим берүү, аларды кесипке даярдоо, билимин жогорулатуу жана адам ресурстарын башкаруу тууралуу да кеп кылууга арзыйт.Билим берүүнүн туруктуу өсүүнө күмөн санагандар да бар.
Ошондуктан, билим берүүнү башкарууда өзгөрүүлөрдү жана ийгиликтерди чагылдырган кадрлар менен иштөө үчүн так жана келечектүү пландар талап кылынат. Муну ишке ашырууда практиктердин айтымында, кеминде 7 жыл керектелет. Ага карабай, жакшы жагдайды азыртадан түзүп, мугалим менен окуучу өздөрүн бардык жагынан жетишкен, келечектүү адам катары сезишкендей жагдай түзүү бүгүнкү күндүн талабы. Мында башкаруучу- жетекчи өзүнүн ыйгарым укуктарын балдарды тарбиялоого бөлүштүрүшү керек.
Жаңы формациядагы заманбап мектепке бардык жагынан шайкеш келиши керек.

#3 08 May 2013 - 13:13
Реформалоо болуп жатат кордук, бирок балдарды 0 классты окутуп бир жыл кыйнаганы жаккан жок ошондо 12 жыл окуйт экен, тажап кетет го
. 0-класска бербей эле сразу 1-класска берсе болобу ыя? Облонодогулар оздору дагы жакшы тушунушпойт эмне деп айтып жатканын айтаарын айтып алып ошондой болуш керек деп.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...

Супер-Инфо
super.kg
видео